Азыркы заманда Кыргызстанда эң көйгөйлүү маселе бул жол кырсыгы болуп калды го.Күн сайын кырсык,эреже бузган,сүзүп кеткен деп.Жакында эле бүтүүчүлөр автокырсыкка учурап бир канчасы каза болду.Айдоочусу да жаш бала экен 7жылга камалды. Көпчүлүк кырсыктар жаш айдоочулардын айынаН болууда.Буга мен бирөөлөрдү толук күнөөлүү деп айта албайм.Бирок ошолорду тыя албаган ата-эне,окуткан мугалимдеринде чоң кемчилик бар.Ата-энелер өздөрү балдарын эркелетип жаш убагында машина алып берип рулга отургузуп коюшат.Анысы тажрыйбасы жок эле адам ташып такси кылып жүрөт.
Менден суроо же сунушпу кыскасы : айдоочулук күбөлүктү 25 жашка чыкканда гана ала турган кылса болобу? Себеби жаш кезде каны суюк,кызып турган чагы,токтоно албай чаңытып басып айдашат.Өпкөнү капоттун үстүнө коюп алышат жаштар. Кымбатыраак унаа минип калса болду,жол ошонуку. Ушул маселе боюнча бир чара көрүш керек да.Же башка варианттарын караштырса болобу?
Баракча 1 - 1
Айдоочулук күбөлүктү 25 жашка чейинкилерге берилбесин деген мыйзам чыгарса болобу?
#2 12 Август 2015 - 08:40
Туура, бул мамлекеттик деңгээлде карала турган маселе. Бул маселе боюнча мен да көп сунуштарды айткым келет. Чынында эң башкысы адамга ыйманг эле жетишпейт. жол эрежелерин билп туруп деле бузгандар четинен чыгат. анткени алардын жүрөгүндө жүгөрүнүн данындай да ыйман жок да. мындай адамдар бтргана жол эрежелерин бузбастан башка эрежелерди,
мыйзамдарды жада калса адамгерчилик тартиптерин да бузуп жүрүшөт.
Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
#3 12 Август 2015 - 13:53
Анда жашы жете электер жашырынып айдайбыз деп дагы бир балакетке кабылышпайбы?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#4 12 Август 2015 - 13:55
#5 12 Август 2015 - 14:17
Жакшы маселе талкууну которупсунор!
Бул чектоо жакшы! Эгер жургунчу ташып,каражат табам деген! Айдоочулук тажырыйбасы жок,жаштарды катуу козомолго алуу керек!
#6 15 Август 2015 - 13:51
#7 28 Август 2015 - 09:32
Aziyat (15 Август 2015 - 13:51) жазган:
Эгер мамлекетибиз катуу турса,законду күчүнө киргизсе акырындык менен баары көнөт эле.
Аны 25жашка чейин деп катуу кармагандан коро 20жаштан эле куболукту берип коррупцияга жол бербей мыйзам чегинде жазалап койсун бир эки 20-30минден токкондон кийин оздору эле кысыып айдап калат. Азыр акчан болсо адам сузупта акталып кетип атасын ошолорду эле карап койсо жашоо малина болот бизде мыйзам баарына бирдей эместа ошону бирдей кылып койсо ее кандай керемет
Билдирүүнү түзөткөн: atai9292: 28 Август 2015 - 09:39
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#8 28 Август 2015 - 14:28
жүрөгүндө жүгөрүдөй ыйманы болбосо 25 жаштан эмес 40 жаштап айдоочулук укукту алса да эреже бузат.
Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
#9 28 Август 2015 - 14:50
Айдоочулук куболукту адамдын жаш курагын чектеп эмес,билим беруудо сапатка басым жасаш керек..жол эрежелерин билууну жана сактоону катуу козомол кылуу керек..
Айдоочулук куболукту сатып алса болот деген ишенимди таптакыр жокко чыгаруу абзел.
Жолдо жургондо коопсуздук ременин биз алдыда гаи туруп калбасын деп гаилер учун тагынабыз..а озубуздун омурубуз тобокел экени менен ишибиз жок...
Жолдо журуунун эрежесин сактасак алда канча кырсыктар азаят эле...
Айдоочулук куболукту сатып алса болот деген ишенимди таптакыр жокко чыгаруу абзел.
Жолдо жургондо коопсуздук ременин биз алдыда гаи туруп калбасын деп гаилер учун тагынабыз..а озубуздун омурубуз тобокел экени менен ишибиз жок...
Жолдо журуунун эрежесин сактасак алда канча кырсыктар азаят эле...
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
Баракча 1 - 1