Фатиха сүрөсү.
.
Баардык ислам уламаларынын ою боюнча Фатиха сүрөсү 7аяттантурат.
Бул сүрө Куранда орду боюнча да, жана толук түрдө бир түшкөнү боюнча да биринчи сүрө. Сүрөдө Курандын жалпы түшүнүгү берилип жанатаухидди(жалгыз гана Кудайга сыйынуу) ырастоочу, динчил адамдарга жыргалчылыкты,
ал эми динсиз жана күнөөлүү адамдарга катуу жаза болоорун эскертүүчү,
Аллахка сыйынуу зарыл жана эки дүйнөдөгү бактылуулукка жол экенин ырастоочу сөздөр айтылат. Ошондой эле Аллахка моюн сунгандар жыргалчылыкта болоорун, ал эми баш ийбегендер зыян тартаары жазылган.
Фатиха мусулмандардын арасында эң көп колдонулган сүрө болуп, намаздынар бир рекетинде сөзсүз түрдө окулууга тийиш.
.
Транскрипциясы жана кыргызча мааниси
.
.
1:1بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمـَنِ الرَّحِيم
Бисмилляhи-р-
Рахмани-р-Рахим
.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1:2الْحَمْدُ للّهِ رَبِّ الْعَالَمِين
Альхамду лилляяхи раббиль 'аалямиин.
.
Ааламдардын эгеси болгон Аллага2мактоо!
.
1:3الرَّحْمـنِ الرَّحِيم
Аррахмани ррахиим.
.
Ал Мээримдүү, Ырайымдуу3.
.
1:4مَـالِكِ يَوْمِ الدِّين
Мяялики яумиддиин.
.
Кыямат Күндүн падышасы4.
.
1:5إِيَّاك نَعْبُدُ وإِيَّاكَ نَسْتَعِين
Ийякя на`буду ва ийякя наста'иин
.
1) Биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз5.
.
1:6اهدِنَــــا الصِّرَاطَ المُستَقِيمَ
Ихдинаа ссырааталь мустакыим.
.
Өзүң бизди туура жолго баштагын,
.
1:7صِرَاطَ الَّذِينَ أَنعَمتَ عَلَيهِمْ غَيرِ المَغضُوبِ عَلَيهِمْ وَلاَ الضَّالِّين
Сыраатал-лязийна ан`амта алейхим, гайриль магдууби алейхим ва ляддооллиин
.
1) (ошол) Сенин каарыңа калбагандар жана адашпагандарга Өзүң тартуулаган жол эле6.
Куран (Аллахтын китеби) Кыргызча котормосу Ыйык Куран (Кыргызча)
#1 17 Март 2014 - 01:43
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#2 17 Март 2014 - 01:51
2
Бакара 2чи-сүрөөсү
.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
Мединада түшкөн. Эки жүз сексен алты аяттан турат.
.
1.Алиф, лам, мим.
2.Бул эч шексиз китеп . Ал такыбалар үчүн туура жолду көргөзүүчү.
3.Алар кайыпка ишенишет, намаз окушат жана Биз аларга берген ырыскылардан сарп кылышат.
4.Алар сага түшүрүлгөнгө да, сенден мурунку түшүрүлгөндөргө да, Акырет күнүнө да ишенишет.
5.Алар өздөрүнүн Эгесинин туура жолунда. Дал ошолор ийгиликке жетүүчүлөр!
6.Чындыгында, каапырларга эскертесиңби, же эскертпейсиңби, баары бир – алар ишенишпейт.
7.Алла алардын жүрөгүн жана кулагын мөөрлөп бекитип салган, көздөрүнө парда тарткан. Аларга чоң азап бар.
8.Элдердин арасында кээ бирөөлөр: “Биз Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенебиз”,- дешет. Бирок алар ишенишпейт.
9.Алар Алланы жана ишенген ыймандууларды алдоого аракеттенет. Бирок алар өздөрүн гана алдашат, муну өздөрү да сезишпейт.
10.Алардын жүрөгүндө оору (бар). Алла алардын оорусун дагы да күчөтөт. Жалган сүйлөгөндөрү үчүн аларга оорутуучу азап бар.
11.Аларга: “Жер бетинде жамандык-бузуктукту жайылтпагыла”, - деп айтылса, алар: “Биз болгону жакшылык гана кылып жатабыз”, – дешет.
12.Оо, дал ошолор жамандык-бузуктукту жайылтуучулар. Бирок аны алар сезишпейт.
13.Аларга: “Башкалар ишенгендей эле ишенгиле! ” – деп айтылса, “Биз эмне, кем акылдар ишенгендей ишенебизби? ”, – дешет. Аныгында алар өздөрү кем акылдар. Бирок муну өздөрү билишпейт.
14.Алар ыймандууларга жолукканда: “Биз ишенебиз”, – дешет. Бирок өздөрүнүн шайтандары менен өздөрүнчө калганда: “Биз силер мененбиз, тиякта болгону – тигилерди шылдыңдап жатабыз”, – дешет.
15.Алла аларды шылдыңдайт . Алардын адашууларын андан бетер арбытат.
16.Булар адашууну туура жолго сатып алгандар. Алардын соодасы кирешесиз болду жана алар туура жолдо болбоочулар.
17.Алар от жаккан бирөөнө окшойт: Качан (от) айлананы жарык кылган кезде Алла анын нурун алып салды жана ал көөдөй караңгылыкта көрө албай калды.
18.(Булар) дүлөй, дудук, сокур жана алар туура жолго кайтышпайт.
19.(Алар) же асмандагы жамгырлуу булут өңдүү: Анда түнөргөн караңгылык, күн күркүрөө жана чагылган (бар), алар өлүмдөн коркуп манжаларын кулактарына тыгып алышат. Бирок, Алла каапырларды курчап алган!
20.Чагылган алардын көрүүсүн (көзүн) алып кетүүгө дапдаяр: Качан “жарк” дей түшкөндө алар басып жөнөшөт, караңгыласа туруп калышат. Эгерде Алла кааласа аларды дүлөй жана сокур кылып коймок. Акыйкатта, Алла бардыгына кудурети жетүүчү!
21.Эй, адамдар! Силерди да, силерге чейинкилерди да жараткан Эгеңерге сыйынгыла! Мүмкүн силер коркоорсуңар.
22.Ал (Алла) силерге Жерди килем кылып төшөдү, а асманды куруп койду. Асмандан суу жаадырып, аны менен силерге ырыскы кылып жемиштерди өстүрдү. Билип туруп, Аллага шериктерди кошпогула.
23.Эгер силер Биздин пендебизге түшүрүлгөнгө шектенсеңер анда ошого окшош сүрөө келтирип бергилечи?! Эгер сөзүңөр чындык болсо Алладан башка өз күбөлөрүңөрдү чакыргыла.
24.Эгер силер муну жасай албасаңар, чынында, силер муну эч качан аткара албайсыңар. Отуну адамдар менен таштар болгон оттон (тозоктон) сактангыла! Ал каапырлар үчүн даярдалган.
25.Ыймандуулар жана жакшылык иш кылгандар үчүн бактар бар экенин сүйүнчүлө! Бактардын алдында дарыялар агат. Аларга ырыскы катары жемиш тартууланганда алар: “Бул бизге мурун берилип жүргөндөр”, – дешет. Аларга ушуга окшоштор берилип келген . Алар үчүн анда таптаза жубайлар (болот) жана алар анда түбөлүккө калышат.
26.Чынында Алла чиркей же андан чоңураак нерсени мисал келтирүүдөн уялбайт. Ыймандуулар мунун Алладан экендигине толук ишенишет. Ал эми каапырлар: “Бул мисал менен Алла эмнени каалайт?” – деп айтышат. Ал (Алла) муну менен көптөрүн адашууга жана көптөрүн туура жолго алып келет. Тек гана муну менен бузукуларды жолдон адаштырат.
27.Убадалашкандан кийин Алла менен болгон келишимди бузгандар, Алла бириктирүүнү буйурган нерсени үзгөндөр жана жер үстүндө бузуктукту жайылтуучулар, дал ушулар – зыянга учуроочулар.
28.Силер Аллага кантип ишенбейсиңер? Мурун силер өлүк элеңер, Ал силерди тирилтти, анан силерди өлтүрөт, андан соң кайрадан тирилтет, анан силер Ага кайтарыласыңар.
29.Ал силерге Жер үстүндөгүлөрдүн баарын жаратты, андан соң асманга максат кылды , аларды жети асман кылып орноштурду. Ал бардык нерселерди Билүүчү!
30.Ошондо Эгең өзүнүн периштелерине: “Мен Жер үстүнө орун басар жаратамын”, – деди. Алар: “Анда (жерде) бузукулук жасай турган жана кан төгө турганды жаратасыңбы? Биз сени мактоо менен аруулайбыз жана Сени улуулайбыз”, – дешти. “Акыйкатта, Мен силер билбеген нерселерди билемин”, (- деди Алла).
31.Ал Адамга бардык нерселердин аттарын үйрөттү, анан периштелерге көрсөтүп: “Мага булардын аттарын айтып бергилечи, эгер силер туура болсоңор”, - деди.
32.Алар айтышты: “Сени аруулайбыз! Сен өзүң бизге үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Акыйкатта, Сен - Билүүчү жана Даанышмансың! ”
33.Ал (Алла) айтты: “Эй, Адам, аларга булардын аттарын атап бер”. Аларга (Адам) аттарын айтып бергенде, Ал айтты: “Мен силерге Асмандарда жана Жерде болгон кайып нерселерди, силер ашкере жана жашыруун жасагандарды да билемин” деп айтпадым беле?”
34.Мына ошондо Биз периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Алар Иблистен башкасы Адамга сежде кылышты. Ал (Иблис) баш тартып, менменсинди, ал каапырлардан болуп калды.
35.Биз: “Эй, Адам, сен аялың (экөөң) Бейиштен орун алгыла жана андан рахаттанып, эмнени кааласаңар жей бергиле, бирок бул даракка жакындабагыла! Анда (эгерде жакындасаңар) заалымдардан болосуңар”, -дедик.
36.Ошентип, шайтан аларды азгырды жана аларды орун алган жайынан чыгарды. Биз (аларга): “Бир-бириңерге душман болуп төмөн түшкүлө! Белгилүү бир убакытка чейин жер - силер үчүн мекен жана пайдалануу жайы болот”, -деп айттык.
37.Адам өз Эгесинен сөздөрдү жолуктурду жана Ал анын тообосун кабылдады. Акыйкатта, Ал тооболорду Кабыл кылуучу жана Мээримдүү.
38.“Бул жактан биргеликте түшкүлө! Эгер Менден силерге түз жол көрсөтүлүп, аны ким ээрчисе, аларга коркунуч да, кайгы-капа да болбойт”,- деп айттык.
39.Биздин аят-белгилерибизге ишенбегендер, ал жөнүндө жалган айткандар отту ээлөөчүлөр жана алар анда түбөлүккө калышат.
40.Эй, Исраил урпактары! Мен силерге кылган жакшылыгымды эстегиле жана Мага берген убадаңарды туура аткаргыла. Мен да силерге берген убадамды аткарайын. Менден гана корккула!
41.Силерде болгон нерсени тастыктоо үчүн жөнөткөн нерсеме ишенгиле, ага биринчи каршы чыгуучулардан болбогула. Арзыбаган баага Менин аяттарымды сатпагыла. Менден сактангыла!
42.Акыйкатка бузукулукту аралаштырбагыла жана билип туруп акыйкатты жашырбагыла!
43.Намаз окугула, зекет бергиле жана тизелерин ийгендер менен бирге тизеңерди ийгиле!
44.Силер Китепти (Тооратты) окуп туруп адамдарды жакшылыкка буйруп, а өзүңөрдү унутуп койосуңарбы? Акылга келбейсиңерби?
45.Сабырдуулук жана намаз аркылуу жардам сурагыла. Чындыгында намаз корккондордон башкалар үчүн өтө оор.
46.Алар өздөрүнүн Эгесине кездеше турганына жана Ага кайрылып бара тургандыктарына ишенишет.
47.Эй, Исраил урпактары! Менин силерге кылган жакшылыгымды, силерди ааламдагылардан артык кылганымды эстегиле!
48.Бирөө үчүн бирөө бир нерсени төлөй албай турган, андан колдоо кабыл кылынбай, акы алынбай, жардам берилбей турган күндөн корккула!
49.Биз силерди Фараондун элинен куткардык. Алар силерди жаман азап менен азапташты жана силердин балдарыңарды союшуп, аялдарыңарды тирүү калтырды. Мында силер үчүн Эгеңерден зор сыноо бар.
50.Биз силер үчүн деңизди кандайча жарып бергенибизди жана Фараондун тарапкерлерин чөктүргөнүбүздү өзүңөр көрүп турдуңар.
51.Биз Муса менен кырк түндү убадалаштык , ал кеткенден соң өзүңөргө музоону кудай кылып алдып, силер зулум кылуучулардан болдуңар.
52.Андан соң Биз силерди кечирдик, силер буга, мүмкүн, шүгүр кыларсыңар.
53.Биз Мусага Китеп жана ажыратуучу бергенбиз. Мүмкүн силер туура жолго түшөөрсүңөр.
54.Муса өз коомуна мындай деди: “Эй, элим! Силер музоону (кудай кылып) алуу менен өзүңөргө өзүңөр жамандык кылдыңар. (Ошондуктан) өзүңөрдүн Жаратуучуңарга кайрылгыла жана бири-бириңерди өлтүргүлө . Ушундай кылууңар Жаратуучуңардын алдында өзүңөр үчүн жакшыраак жана Ал силерге кайрылат; анткени Ал Кайрылуучу жана Мээримдүү.”
55.Силер : “Эй, Муса! Биз Алланы ачык көрмөйүнчө сага ишенбейбиз” - дедиңер. Силерди, карап турган абалыңарда чагылган урду.
56.Анан Биз силерди өлгөнүңөрдөн кийин тирилттик. Мүмкүн шүгүр кыларсыңар.
57.Биз силерди булут менен көлөкө кылдык, силерге (асмандан) ырыскы жана “салваа” түшүрдүк. Биз берген ырыскынын тазаларынан жегиле. Алар Бизге зыян кылышкан жок, бирок өздөрүнө зыян кылышты.
58.Биз (аларга): “Бул айылга кирип, көңүлүңөр каалагандардан кенен жеп, ичкиле. Бирок эшигинен сежде кылган абалыңарда киргиле да: “Кечир” , - дегиле. Биз силердин күнөөңөрдү кечиребиз жана жакшылыктарды көбөйтөбүз”, -дедик.
59.Ошондо бузукулар аларга айтылган сөздү башка сөзгө алмаштырышты. (Анан) Биз бузукуларга бузукулук (күнөө) кылгандары үчүн асмандан азап түшүрдүк.
60.Муса качан өз элине ичүүгө суу сураганда, Биз: “Тайагың менен ташты ур!” – дедик жана андан он эки булак атылып чыкты. Ар бир уруу өз булактарына ээ болду . Алланын ырыскыларынан жегиле, ичкиле, жер үстүндө жамандык, бузукулук кылбагыла!
61.Силер айттыңар: “Ээ, Муса! Биз бир түрдүү тамакка чыдабайбыз. Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, жерге өскөн жашылча өсүмдүктөрдөн: бадыраң, сарымсак, буурчак жана пияз берсин”. Ал (Муса) айтты: “Силер чындап эле жакшыны төмөн нерселерге алмаштыргыңар келип жатабы? Шаарга түшкүлө, ал жерден сураганыңарды табасыңар.” Ошентип, аларга кордук, кедейлик ташталды жана алар Алланын каарына калышты. Бул алардын Алланын аят-кабарларына ишенбегендиги жана пайгамбарларды адилетсиз өлтүргөндүктөрүнөн. Бул алардын баш ийбегендиги жана чектен ашкандыктарынан болду.
62.Акыйкатта, ыйманга келгендер, иудийлер, христиандар, сабилер Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенишсе жана жакшылык иш кылышса, аларга Эгеси тарабынан сыйлык бар, аларга эч кандай коркунуч да, кайгы-капа да болбойт.
63.Биз силер менен келишим түздүк жана силердин үстүңөргө тоону көтөрдүк . Биз силерге тартуулаганды бекем кармагыла. Андагы нерселерди бекем эске туткула, мүмкүн силер такыба болорсуңар.
64.Андан соң силер баш тарттыңар, эгер Алланын жакшылыгы жана мээримдүүлүгү болбогондо силер зыян тартуучулардан болмоксуңар.
65.Силердин араңардагы ишемби күндү бузгандарды билесиңер; Биз аларды: “Кор болгон маймылдарга айлангыла! ”, – дедик
66.жана Биз муну ошол убакыттагы адамдар үчүн, келечек муундар үчүн жана такыбаларга үлгү-насаат (болсун үчүн) кылдык.
67.Муса өзүнүн элине: “Алла силерге уй сойууну буйурду”, – деди. Алар: “Сен бизди шылдыңдап жатасыңбы?”, – дешти. Ал (Муса): “Наадандардан болуп калбоо үчүн Алладан сурайм”, – деди.
68.Алар айтышты: “Өзүңдүн Эгеңе кайрыл (Жараткандан сура), ал кандай уй экендигин бизге түшүндүрүп берсин”. Ал айтты: “Уй карыган да, жаш кунажын дагы болбосун, ал ушулардын ортосундагы уй болсун. Өзүңөргө кылынган буйрукту аткаргыла! –деди (Муса).
69.Алар (Мусага): “Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, ал бизге уйдун түсү кандай болуу керегин түшүндүрсүн”, - дешти. (Муса) айтты: ”Алланын айтканына карганда: “Ал уй көргөн көздү кубандырган, ачык сары түстүү болсун”.
70.Алар: “Өзүңдүн Эгеңе биз үчүн дуба кыл. Ал бизге уйдун кандай экенин түшүндүрсүн, анткени ал уй бизге күмөндүү болуп жатат. Эгер Алла кааласа биз туура жолдо болобуз”,- дешти.
71.(Муса) айтты: “Алланын буйругунда: Ал уй кордолуп жер айдабаган жана жер сугарбаган, айыбы жок, өз өңүнөн башка өңү болбогон болсун!” Алар: “Мына азыр сен чындыкты айттың”, - дешти. Ошентип, алар бир аз кыйналышып, аны союшту .
72.Бирөөнү өлтүрүп коюп, ал тууралуу өз ара талаш-тартышка түштүңөр, Алла силер жашырганды ачыкка чыгарат.
73.Биз аларга: “Аны союлган уйдун бир бөлүгү менен ургула!” – дедик. Ошол сыяктуу эле Алла өлүктөрдү тирилтет, силер акылыңарга келүүңөр үчүн силерге өз кереметтерин көргөзөт.
74.Андан соң силердин жүрөгүңөр таш сыяктуу, же андан да катуурак болуп калды. Анткени таштардын арасынан сызылып агып чыккан булактар бар, алардын арасында ташты жарып агып чыккандары да бар жана алардын арасында Алладан корккондугунан төмөн аккандары да бар. Алла силердин жасап жатканыңарды байкабай калбайт!
75.Чындап эле силер аларды ыйман келтирет деп үмүттөнүп-каалап турасыңарбы? Акыйкатта, алардын арасында бир бөлүгү Алланын сөзүн угуп турушуп, качан акыл калчагандан кийин аны өздөрү билип эле өзгөртүп ийишкен.
76.Алар качан ыймандууларга жолуккан кезде: “Биз ишенебиз ”, – дейт. А качан (өздөрү) бир-бири менен өзүнчө жолуккан кезде: “Алла силерге ачкан нерселер жөнүндө өз зыяныңарга Эгеңердин алдында далил кылуулары үчүн аларга айтып берип жатасыңарбы? Акылыңарга келбейсиңерби? ”-дешет.
77.Ырасында, Алла алардын жашырып жаткандарын жана алардын ашкере кылгандарын да билип турарын алар билишпейби? !
78.Алардын арасында өз Китебин билбеген, сабатсыздар өздөрүнүн курулай кыйалдарын гана билишет . Алар тек гана божомолдошот.
79.Арзыбаган акчага сатуу үчүн өз колдору менен китеп жазып алышып, анан аны: “Бул Алладан келген” – дегендерге азап болсун! Аларга колдору менен жазгандары үчүн азап болсун! Алар кылган кесиптери үчүн азап болсун!
80.Алар: “Бизди тозок оту бир нече күн гана күйгүзөт” - дешет. Аларга (минтип) айт: “Чын эле силер Алладан убада алдыңарбы? А Алла убадасын такыр өзгөртпөйт. Же силер Аллага карата билбеген нерселериңерди айтып жатасыңарбы? ”
81.Ооба! Ким жамандыктан пайда тапса жана күнөөгө чырмалып батса, анда алар отту ээлөөчүлөр. Алар анда түбөлүккө калышат!
82.А ыймандуулар, жакшылык иш кылгандар, алар Бейиш ээлери, алар анда түбөлүккө болушат.
83.Биз Исраил урпактарынын убадаларын алганбыз: “Силер Алладан башка эч кимге сыйынбагыла; ата-энеңерге жакшылык кылгыла, намаз окугула жана зекет бергиле”, – дедик. Андан соң силердин көбүңөр баш тартып, артка кетенчиктедиңер .
84.Биз силерден: “Силер бир-бириңердин каныңарды төкпөйсүңөр жана бир-бириңерди турак жайыңардан кууп чыкпайсыңар”, -деп келишим-убада алдык. Андан соң, силер өзүңөр тастыктап, күбө болгон элеңер.
85.Андан соң да силер бири-бириңерди өлтүрүп жатасыңар, өзүңөрдөн болгон бир жамаатты турак жайынан чыгарып салып жатасыңар, алардын үстүнөн күнөө жана душмандык кылууда бир-бириңе жардам берип жатасыңар . А эгер силерге туткундар келишсе, аларга силер акча төлөбөйсүңөр . Аларды кууп чыгууга силерге тыюу салынган болучу . Ырас эле силер Китептин бир бөлүгүнө ишенип, экинчи бир бөлүгүн четке кагасыңарбы? Силердин араңардагы мындай ишти кылганыңарга бул дүйнөдө кордук, ал эми Кыямат Күнүндө алар эң чоң азапка ташталат. Алла силердин эмне кылып жатканыңарды байкабай калбайт.
86.Алар бул дүйнөдөгү жашоону акыреттеги жашоосунун ордуна сатып алгандар, алардын жазасы жеңилдетилбейт, аларга жардам да берилбейт.
87.Биз Мусага Китеп бердик, анын артынан Пайгамбарларды жөнөттүк. Биз Марйам уулу Исага ачык-айкын кабарларды бердик жана аны ыйык Жебреил менен бекемдедик. Ырас эле силерге көңүлүңөр каалабаган нерсе менен элчилер келген сайын менменсине бой көтөрө бересиңерби? Алардын кээ бирөөлөрүн жалганчы дедиңер, бир тобун өлтүрдүңөр.
88.Алар: “Биздин жүрөгүбүз кулпуланган” – дешет. Жок! Алардын каапырлыктары үчүн аларга Алланын наалаты тийди. Алардын өтө аздары гана ыйман келтиришет.
89.А качан аларга Алладан алардагыны тастыктай турган Китеп келгенде, алар (иудейлер) андан мурун каапырларга каршы жеңиш суранып келишкен эле, а качан аларга билген нерсе келгенде, алар буга ишенишпеди. Каапырларга Алланын каргышы болсун!
90.Алла өзү каалаган пенделерине Өзүнүн ырайымы менен аяттарын жибергенине каршы чыгып, Алла жиберген нерселерге каапырлык кылып, өздөрүн сатышы кандай жаман. Анан каар үстүнө каар алып кайтышты. Каапырлар үчүн кордоочу азап бар.
91.Качан аларга: “Алла жөнөткөнгө ишенгиле”, – делингенде, алар: “Бизге жөнөтүлгөнгө ишенебиз”, – дешти да, анын артынан жөнөтүлгөндү танышат. Ал – алардагыны тастыктоочу акыйкат. Аларга : “Эмне үчүн ыймандуу болсоңор, анда мурда Алланын пайгамбарларын өлтүрөсүңөр? !” – деп айт.
92.Муса силерге ачык-айкын кабарлар менен келди. Бирок ал кеткенденин кийин силер музоого сыйынып алдыңар да, адашуучулардан болдуңар.
93.Биз силерден убада алып, силердин үстүңөргө Тур тоосун көтөрдүк : “Силерге Биз бергенди күч-кубат менен алгыла да, уккула!” – дедик. Алар: “Биз уктук, бирок баш ийбейбиз”, - дешти. Өздөрүнүн каапырлыгы менен алардын жүрөктөрү музоого ибадат кылууга сугарылан эле. “Эгер силер ыймандуу болсоңор, анда ыйманыңар буйруган нерсе кандай жаман” – деп айт.
94.“Эгерде, Алланын алдындагы акырет жайы башка адамарга эмес, силер үчүн гана болуп, чынчыл болсоңор анда өзүңөргө өлүмдү үмүт кыла бергиле,” – деп айт.
95.Бирок алар өз колдору менен кылган иштеринен улам аны эч убакта үмүт этишпейт. Акыйкатта, Алла – адашкандарды жакшы Билүүчү.
96.Чындыгында, сен адамдардын жана (Аллага) ширк келтиргендердин да жашоого өтө ач көз экенин байкайсың. Алардан бирөө ага миң жыл жашоо берилишин үмүттөнөөр эле. Бирок анчалык узун жашоо да аларды азаптан оолактата албайт. Акыйкатта, Алла алардын эмне кылгандарын Көрүүчү!
97.Айткын: “Жебреилге ким душман болсо... ” Анткени Алланын уруксаты менен ал аны түз жол, кубанычтуу кабар катары ыймандууларга алардын алдындагыны тастыктоо үчүн сенин жүрөгүңө түшүргөн.
98.Ким Аллага, Анын периштелерине, Анын пайгамбарларына, Жебреилге жана Микайилге душман болсо, акыйкатта Алла – каапырлардын душманы.
99.Биз сага ачык-айкын аяттарыбызды түргөнбүз жана ага анык адашкандар гана ишенбейт.
100.Ар качан алар убада беришкен соң, алардын бир бөлүгү аны таштап салышат . Балким алардын көпчүлүгү ишенишпейт.
101.Качан аларга, өздөрүндө болгонду тастыктоо үчүн Алладан Элчи келгенде, китеп берилгендердин бир бөлүгү Алланын Китебин билбеген өңдүү арт жактарына ыргытышты.
102.Сулаймандын падышалыгынын учурунда алар шайтандар окуганды ээрчишти. Сулайман каапыр эмес, бирок шайтандар каапыр болуучу. (Алар) адамдарды сыйкырга жана Бабилдеги эки периште: Харут менен Марутка түшүрүлгөндү үйрөтүшкөн. Бирок (алар): “Биз сыноодобуз. Каапыр болуп калбагыла! ” – деп айтмайынча, ал экөө эч кимге (сыйкырды) үйрөтүшкөн эмес. Алар болсо тигилерден эркекти аялынан кантип ажыратууну үйрөнүшкөн. Бирок алар Алланын уруксатысыз эч кимди ажырата алышкан эмес. Алар өздөрүнө пайда келтирбей, бирок зыян келтире турган нерсени үйрөнүшкөн. Алар мындай ишти кылгандарга акыретте эч кандай үлүш жоктугун жакшы билишкен. Эгер алар билишсе, сатып алгандары өз жандары үчүн кандай жаман!
103.Эгер алар ыйман келтирип жана такыба болушса, анда Алланын алдындагы сооп – эң мыкты, эгер аны билишсе.
104.Эй, ыйман келтиргендер! Пайгамбарга: “Рооинаа – бизге көз сал”, – деп айтпагыла, “Бизди кара”, – деп айткыла жана уккула! Каапырлар үчүн оорутуучу азап бар!
105.Китеп ээлеринен болгон жана көп кудайчылардан чыккан каапырлар силерге, силердин Эгеңерден жакшылык түшүүсүн жактырышпайт. Алла Өз мээримдүүлүгү менен кимди кааласа тандайт. Алла, улуу ырайымдуулуктун ээси.
106.Биз аяттарыбызды өзгөртсөк, же аны унуттурсак , анын ордуна андан жакшысын, же ага окшошун келтиребиз. Чынында эле Алла бардыгына кудурети жетээрин билбейсиңби?
107.Акыйкатта сен Асмандар менен Жердин бийлиги Аллада гана экендигин, Алладан башка силерде тарапкер да, жардамчы да жок экендигин билбедиңби?
108.Мүмкүн силер өзүңөрдүн пайгамбарыңардан, мурда Мусадан сурагандай суроону каалап жатасыңарбы? Бирок, эгер ким ыйманды ишенбөөчүлүккө алмаштырса, ал туура жолдон адашканы.
109.Китеп ээлеринен болгон бир топтор акыйкат баяндалган соң, көралбастык жана каапыр абалдарында силерди ыйманга келгениңерден кийин каапырга айландыргылары келишет. Алланын буйругу келгенче аларды кечиргиле, алардан жүз үйрүгүлө! Алла – баардык нерсеге кудурети жетүүчү!
110.Намазга тургула жана зекет бергиле! Ошондо өзүңөр үчүн мурда жасаган жакшылыгыңарды Алланын алдынан табасыңар. Албетте, Алла силердин эмне кылганыңарды Көрүүчү.
111.Алар: “Бейишке иудей же христиан болгондон башка эч ким кире албайт”, - дешет. Бул – алардын үмүт-тилеги гана! Аларга: “Эгер айтканыңар чын болсо, далилиңерди келтиргиле! ” – деп айт.
112.Жок! Ким жүзүн Аллага арнап бурса жана жакшылык кылуучу болсо, анын сыйлыгы Эгесинин алдында. Алардын үстүнөн коркунуч да, кайгы-капа да эч болбойт.
113.Китепти окуп алып деле иудейлер: “Христиандар түз жолдо эмес”, – дешет, ал эми христиандар: “Иудейлер түз жолдо эмес”,- дешет. Алардын ушул өңдүү сөздөрүн эч нерсени билбегендер да кайталашат. Алардын ортосундагы талашып жаткан нерселери туууралуу Алла Кыямат Күнүндө өз өкүмүн чыгарат.
114.Алланын ысымдары эскерилип, макталып жаткан Ага сыйынуучу жайларды кыйратып-бузууга аракеттенгенден да ашкан адашкан бирөө барбы?! Алар мечиттерге кокушкан гана алабда кирүүлөрү зарыл. Алар үчүн бул дүйнөдө кордук, ал эми акыретте чоң азап бар.
115.Чыгыш да, Батыш да Аллага гана таандык. Силер кайда гана бурулбагыла, ал жакта Алланын жүзү . Албетте, Алла –Камтуучу, Билүүчү!
116.“Алла өзүнө уул алды”, - дешти. Ага – аруулук! Жок!” Ага Асман жана Жердеги бардык нерселер таандык. Баары Ага баш ийет!
117.Ал – Асман менен Жердин Жаратуучусу. Ал бир нерсени кылууну кааласа: “Бол!” - дейт, болуп калат.
118.“Алла биз менен сүйлөшпөйбү, же бизге белги (далил) келбейби?” – деп билбегендер айтышат. Алардыкына окшогон сөздөрдү аларга чейинкилер да айтышкан болучу. Алардын жүрөктөрү бири-бирине окшош. Биз ишенген адамдар үчүн Өз белгилерибизди баяндадык.
119.Биз сени акыйкаттык менен кабарды жеткизүүчү, эскертүүчү кылып жөнөттүк жана сен от ээлери жөнүндө суралбайсың.
120.Иудейлер да, христиандар да, сен алардын динине ээрчимейинче ыраазы болушпайт. (Аларга): “Алланын жолу – акыйкат жол!” – деп айт. Эгер сага маалымат келген соң алардын көңүлдөрүн ээрчисең, анда сага Алладан тарапкер да, жардамчы да болбойт.
121.Биз Китеп бергендер аны татыктуу түрдө окушат; Алар ага ишенишет. Ага ишенбегендер болсо зыянга учурашат.
122.Эй, Исраил урпактары! Менин силерге берген ырайымдуулугумду эстегиле, акыйкатта, Мен силерди ааламдардагылардан артык кылдым .
123.Бир жан башка бир жандын күнөөсүн көтөрбөй турган, күнөөсүнө төлөм да алынбай турган жана колдоо да пайда бербей, жардам да кылынбай турган Күндөн корккула!
124.Ибрахимдин Эгеси (ага) буйруктарды берип сынады. Ал аларды аткара алды. (Эгеси) ага: “Мен сени элдерге өрнөк кылам!” - деди. “Менин урпактарымчы? ” – деди (Ибрахим). “Менин убадам адашкандарга жетпейт” – деди (Эгеси).
125.Ошентип, Биз бул /йдү адамдар жыйнала турган тынч жай кылдык жана: “Ибрахимдин ордун намаз окуучу жай кылып алгыла!” – дедик. Биз Ибрахим менен Исмаилге келишим кылдык: Менин /йүмдү айлануучулар менен анда тургандар жана намаз окуучулар үчүн тазалагыла.
126.Ибрахим айтты: “Эгем! Бул жерди тынч кыл. Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирген элин мөмө-жемиштерден ырыскылант. ” Ал (Алла) айтты: “А каапырларды болсо Мен азыраак гана пайдалантам. Андан соң аларды оттун азабына аргасыз кылам. (Ал) кандай жаман – кайтып баруучу жай!”
127.Ибрахим менен Исмайыл /йдүн дубалын түптөдү. (Алар): “Оо, Эгебиз! Бизден кабыл кыла көр! Албетте Сен Угуучу жана Көрүүчүсүң! ” (- дешти).
128.“Оо, Эгебиз! Бизди Өзүңө баш ийүүчүлөрдөн кыл жана биздин урпактарыбыздан да Өзүңө баш ийүүчү кыла көр. Ибадат кылуу жолдорун үйрөт. Биздин тооболорубузду кабыл кыла көр. Албетте, Сен тооболорду Кабыл кылуучу, Мээримдүүсүң! ”
129.“Оо, Эгебиз! Аларга өздөрүнүн арасынан Сенин аяттарыңды окуп, аларга жеткире турган, аларга китепти (Куранды), даанышмандуулукту үйрөтө турган жана аларды (ширктен) тазалай турган бир элчи жибер. Албетте, Сен Ызаттуу, Даанышмансың! ”
130.Өзүнө наадандык кылгандан бөлөк ким Ибрахимдин дининен баш тартат? Биз аны бул дүйнөдө тандадык, ал эми акыретте, албетте, ал эң жакшы иштерди жасоочулардан.
131.Ага анын Эгеси: “Мага моюн сун!” – дегенде, “Мен ааламдардын Эгесине моюн сундум” , – деди.
132.Ибрахим да, Йакуп да аны – балдарына осуят кылды: “Эй балдарым! Акыйкатта Алла силер үчүн динди тандап берди. Силер мусулман болмоюнча өлбөгүлө! ”
133.Силер Йакупка өлүм келген кезинде күбө болдуңар беле?! Ал өзүнүн балдарына: “Мен өлгөндөн соң силер кимге сыйынасыңар? ” – деди. Алар айтышты: “Биз сенин Эгеңе жана сенин аталарың – Ибрахимдин, Исмаилдин жана Исхактын Эгеси болгон бир Кудайга гана сыйынабыз, Биз – Ага баш ийүүчүлөрдөнбүз” – дешти.
134.Ал эл небак өтүп кетти; Аларга – өздөрү жасаган иштери, а силерге – өзүңөр жасаган иштериңер. Силер алардын эмне кылгандыгы жөнүндө суралбайсыңар.
135.Алар: “Иудей, же христиан болгула, туура жолду табасыңар”, – дешти. Силер: “Жок! Ибрахимдин дини таза , ал көп кудайчылардан болгон эмес”, – дегин!
136.Айткыла: “Биз Аллага, бизге жөнөтүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка, неберелерине жана да Муса менен Исага жөнөтүлгөнгө, бардык пайгамбарларга, Эгесинен жөнөтүлгөн нерселерге ишенебиз. Биз алардын арасынан эч бирөөсүн да ажыратпайбыз жана Ага моюн сунуучуларданбыз. ”
137.Эгер алар силер ишенип жаткандай ишенишсе, анда туура жолду табышкан болмок. Эгер алар моюн толгошсо, анда тек гана талаш-тартышта Алла сени аларга жетиштүү кылып коет. Ал – Угуучу жана Билүүчү.
138.Алланын дини... Дин жагынан Алладан ким мыкты?! Биз Ага гана сыйынуучуларданбыз!
139.Айткын: “Алла жөнүндө бизге каршы чыгасыңарбы? Ал биздин да Эгебиз, силердин да Эгеңер, бизге – өзүбүздүн жасаган амалдар, ал эми силерге – төзүңөрдүн жасаган амалдарыңар (таандык). Биз Ага ыкылас кылуучуларданбыз. ”
140.Ибрахим, Исмаил, Исхак, Йакуп жана (алардын) урпактары иудейлер, же христиандар болгон деп айтасыңарбы? ” “Силерби, же Алла билүүчүрөөкпү? ” – дегин. Өз алдындагы күбөлүк берүүнү Алладан жашыргандан да каттуу адашкан бирөө болобу? Акыйкатта, Алла силердин эмне кылып жатканыңарды байкабай калбайт.
141.Бул эл небак өтүп кетти; Аларга өздөрү жасаган иштери, силерге өзүңөр жасаган иштериңер (таандык). Силер алардын эмне кылгандыгы жөнүндө суралбайсыңар.
Экинчи бөлүм
142.Адамдардын кээ бир наадандары: «Алар жүз буруп келген Кыбыласын эмне үчүн таштап койушту ?» – деп айтышат. Аларга: «Чыгыш да, Батыш да Аллага таандык. Ал каалаганын туура жолго салат», – деп айткын.
143.Силер (башка) адамдарга күбө болууңар жана пайгамбар силерге күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо үммөт кылдык. Артка жүз буруп кеткендердин кимиси пайгамбарды ээрчирин билүүбүз үчүн силердин Кыбылаңарды Биз өзгөрттүк. Бул – Алла оң жолго баштагандардан башкаларына абдан оор (сезилет). Алла силердин ыйманыңарды жок кылбайт. Чындыгында, Алла адамдарга Ырайымдуу, Боорукер!
144.Биз сенин жүзүңдүн асманга бурулганын көрүп турабыз. Ошондуктан өзүң ыраазы болгон Кыбылага аны алмаштырабыз. Эми жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур. Кайсыл жерде болсоңор да, жүзүңөрдү ошол тарапка бургула. Чындыгында, китеп берилгендер негизинен Кыбыланын алмашуусун – Эгеңден келген бир чындык экендигин билишет. Алла алардын иш-амалдарынан кабарсыз эмес.
145.Китеп ээлерине ар кандай кереметтерди көрсөтсөң да, алар сенин Кыбылаңа жүз бурушпайт. Сен да алардын Кыбыласына жүз бурбайсың. Алардын айрымдары башкаларынын Кыбыласына да жүз бурушпайт .Сага ачык кабар келген соң, сен алардын каалоосун ээрчисең, албетте, анык заалымдардан (болосуң).
146.Биз китеп бергендер аны өз уулдарын тааныгандай эле таанышат. Анткени алардын бир бөлүгү Чындыкты билип туруп жашырышат.
147.Акыйкаттык бул – сенин Эгеңден (гана). Ошондуктан эч качан шектенгендерден болбо.
148.Ар кимдин өзүнүн бурулуучу тарабы бар. Жакшылыкта жарышкыла. Кайда болсоңор да Алла баарыңарды чогултат . Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү.
149.Сен кай тараптан чыксаң да жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур. Анткени бул – Эгеңден (келген) Акыйкат. Алла силердин амалыңардан кабарсыз эмес.
150.Сен кай тараптан чыксаң да, жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур. Адамдардын арасындагы заалымдардан башкалары силерге каршы далил келтире албашы үчүн кайсыл тарапта болсоңор да, жүзүңөрдү ал тарапка бургула. Силерге жакшылыктарымды толук берүүм жана туура жолдо болууңар үчүн алардан коркпогула, Менден (гана) корккула! Мүмкүн силер туура жолго түшөөрсүңөр.
151.Биздин аяттарыбызды окуп, силерди (күнөөдөн) тазалай турган, Китеп менен даанышмандыкты, силер мурда билбеген нерселерди үйрөтө турган бир элчини силердин араңардан жибердик.
152.Мени эстегиле , (ошондо) Мен да силерди эстейм . Мага шүгүр кылгыла . Мага каапырдык кылбагыла .
153.Эй, Ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла. Чындыгында Алла сабырдуулар менен бирге.
154.Алла жолунда өлтүрүлгөндөрдү «өлүктөр» деп айтпагыла. Жок! Алар – тирүү. Бирок силер сезбейсиңер.
155.Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен , ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды , түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө!
156.Аларга кайгы-балээ келгенде алар: «Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз» - деп айтышат.
157.Аларга Эгесинен ырайым, ыраазылык (бар) жана алар туура жолдогулар.
158.Сафа менен Марва – Алланын белгилеринен. Кимде-ким /йгө ажылыкка келип , же зыярат кылса, ага экөөсүн (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – Шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү.
159.Чындыгында, Биз ачык-айкын өкүмдөрдү жана туура жолду Китепте адамдарга баян кылынгандан кийин, аны жашыргандарга Алла наалат айтат. Ошондой эле каргыш айтуучулар да аларды каргашат.
160.Бирок тообо кылып, абалдарын оңдогондордун жана (Чындыкты ) баян кылгандардын күнөөлөрүн кечиремин. Жана Мен – Тооболорду кабыл кылуучу Мээримдүүмүн.
161.Чындыгында, каапырлар менен каапыр абалында өлгөндөргө Алланын, периштелердин жана жалпы адамдардын каргышы (болсун!).
162.Ал жерде алар түбөлүккө калышат. Алардын азабы жеңилдетилбейт, мүмкүнчүлүк да берилбейт.
163.Кудай – Жалгыз. Мээримдүү жана Ырайымдуу! Андан башка кудай жок!

#3 17 Март 2014 - 02:03
(БАКАРА) уландысы
.
164.Чындыгында, асмандардын жана жердин жаралуусунда, түн менен күндүн алмашуусунда, адамдарга пайдалуу болуп деңиздерде сүзүп жүргөн кемеде, Асмандан Алла суу түшүрүп, жерди өлгөндөрдөн (кайра) кийин тирилтүүсүндө, андагы ар түрдүү жаныбарлардын таралуусунда, шамалдардын багытынын өзгөрүшүндө, жер менен асмандын ортосундагы баш ийген булуттарда – акыл-эстүү адамдар үчүн Алланын белгилер бар.
165.Адамдардын айрымдары Аллага өзгөнү теңеп, аны Алланы сүйгөндөй сүйөт. Ыймандуулардын Аллага болгон сүйүүсү күчтүүрөөк. Заалымдар азапты көргөн кезде бүткүл кубат Аллага таандык экенин жана чындыгында Алланын азабы катуу экенин көрүшөт!
166.(Кыямат Күнү) ээрчитүүчүлөр ээрчигендерден ажырайт жана азапты көргөндө алардын өз ара байланыштары (толук) үзүлөт.
167.Ал ээрчүүчүлөр: «Аттиң, бизге кайтаар күн болсо кана. Алар бизден ажырагандай, биз да алардан ажырамакпыз» – дешет. Ушинтип, Алла алардын жасаган иштери өздөрүнө өкүнүчтүү экенин көрсөтөт. Андыктан, алар –Тозоктон чыгуучулардан эмес.
168.Эй, адамдар! Жер жүзүндө болгон адал нерселерден гана жегиле, шайтанды ээрчибегиле. Чындыгында ал силерге анык душман.
169.Cилерди жамандыкка, ыпластыкка жана Алла тууралуу силер билбеген маалыматты айтууга буюрат.
170.Аларга : «Алла түшүргөндү ээрчигиле! » – деп айтса, алар: «Жок, биз ата-бабаларыбыздан калган нерселерди ээрчийбиз», –дешет. Ата-бабалары эч нерсеге акыл калчап, туура жолго түшпөгөн болсо да ээрчишеби?! .
171.Каапырларлардын мисалы (мындай): үндү, кыйкырыкты угуп, (бирок анын маанисин) түшүнбөй турган (адам) сыяктуу: дүлөй, сокур , дудук – алар эч нерсени түшүнүшпөйт .
172.Эй, ыйман келтиргендер, Биз насип кылган ырыскылардан жегиле, Эгер чындап эле Ага сыйынчу болсоңор, Аллага шүгүр кылгыла!
173.Ал силерге өлүктүн этин , канды , чочконун этин, Алланын ысмы аталбастан союлган малдардын этин жешти арам кылды . Ким бузуку болбогон, чектен ашпаган абалда аргасыз болсо, анда – ал күнөө болбойт. Анткени Алла – Кечиримдүү, Боорукер.
174.Алла түшүргөн Китептеги жазууларды жашыргандар жана арзыбаган баага саткандар Отту жешет ; Кыямат Күнү Алла алар менен сүйлөшпөйт; аларды (күнөөлөрдөн) тазалабайт; алар үчүн – оорутуучу азап (бар).
175.Алар туура жолдун ордуна адашууну жана кечиримдин ордуна азапты сатып алгандар. Алар Отко кандай чыдашат?
176.Алла Китепти Чындык менен түшүрдү, ал эми китеп тууралуу талашкандар – албетте, алыс бөлүнүп-жарылууда.
177.Жүзүн Чыгышка, же Батышка буруу эле жакшылык эмес. Жакшылык бул – Аллага , Кыямат Күнүнө, периштелерге, Китептерге, пайгамбарларга ыйман келтирүү. Жакындарына, жетимдерге, кедейлерге, жолоочуга, тилемчилерге, күң-кулдарга жакшы көргөнүнө карабай мал-дүнүйөсүн бергендер, намаздарды толук окугандар, садака бергендер; эгер убада берсе убадасына тургандар; кедейликте, кырсыкта жана согушта сабырдуу болгондор. Ушулар – чынчылдар, мына ушулар – такыбалар.
178.Эй, ыймандуулар! Өлтүрүлгөндөр үчүн өч алуу (да) силерге буйрулду : азат (адам) үчүн – азат (адам); кул үчүн – кул; аял үчүн – аял (жазалансын). Ким анын тууганы тарабынан кечирилсе, анда, жакшылыкты ээрчип, жакшылыкча аткаруу зарыл. Бул – Алланын жеңилдиги жана Ырайымы. Ал эми ким андан кийин чектен ашса, анда ага – оорутуучу азап (бар).
179.Эй, акыл ээлери! Силер үчүн өч алууда – жашоо бар. Балким силер коркоорсуңар.
180.Силерди ичиңерден бирөөгө өлүм келсе, эгер ал (артында) мурас(байлык) калтырса, ал ата-энесине жана жакындарына тууралык менен осуят кылуу парыз кылынды(буйрулду) . Алладан коркуучуларга бул-милдет.
181.Ким осуятты уккандан кийин өзгөртсө , анда күнөө – өзгөртүүчүдө болот. Чындыгында Алла – (баарын) Угуучу, (баарын) Билүүчү.
182.Ким осуят кылуучунун каталык, же күнөө ишинен коркуп, аны менен мурас алуучулардын ортосун оңдоп койсо, анын күнөөсү болбойт. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
183.Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн.
184.(Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө тоуктап берет. Орозо тута албай турган адамдар жакырдын тамагын төлөйт. Ким андан ашыкча жакшылык кылса – ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшы.
185.Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо(туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Алланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирээрсиңер.
186.Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, “ Мен жакынмын. Качан Мага дуба кылса , дубасын кабыл кылам. Мага да жооп кылышсын! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар туура жолду табышаар,» (–дегин).
187.Силерге орозо түндөрүндө аялдарыңарга жакындоо адал кылынды . Алар силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер . Алла силер өзүңөргө кыянаттык кылып жатканыңарды билип, тообоңорду кабыл кылып, кечирди. Эми аларга жакындай бергиле, Алла силерге насип кылган нерсени тилегиле. Ак жип менен кара жип даана таанылган таңга чейин тамактана бергиле. Орозону кечке чейин кармагыла! Мечиттерде туруп калсаңар , олтурсаңар, алар(аялыңар) менен кошулбагыла! Булар – Алланын чектери. Ага жакындабагыла! Алла Өз белгилерин ушундай баяндайт, балким алар такыба болушар.
188.Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты өз ара арам жолдор менен жебегиле жана күнөө экенин билип туруп адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн жешиңер үчүн акимдерге алып барбагыла!
189.Алар сенден жаңы туулган ай тууралуу сурашат. «Ал – адамдар жана ажылык үчүн убакыт өлчөмү», – дегин. /йлөргө артынан кирүүңөр – жакшылык эмес. Ким такыба болсо ошол жакшылык. Ошондуктан үйлөрүңөргө эшигинен киргиле жана Алладан корккула. Балким кутулаарсыңар !
190.Силер согуш ачкандар менен Алла жолунда согушкула жана чектен чыкпагыла . Чындыгында, Алла чектен чыккандарды жакшы көрбөйт.
191.Аларды кайсыл жерде тапсаңар , ошол жерде өлтүргүлө. Силерди алар жайдан (Меккеден) кандай чыгарган(болсо), силер да аларды кууп чыккыла. Бузукулук – адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар өздөрү баштап Харам Мечитинин жанында согуш ачмайынча силер да ал жерде алар менен согушпагыла! Эгер алар согушса, силер да аларды өлтүргүлө. Каапырлардын жазасы – мына ушундай.
192.Эгер алар бузукулуктарын тыйышса, албетте, Алла – Ырайымдуу, Боорукер.
193.Бузукулук токтоп, дин толугу менен Аллага таандык болгонго чейин алар менен согуша бергиле! Эгер алар тыйылышса, анда душмандык жок. Душмандык – заалымдарга гана .
194.Ыйык айга – Ыйык ай .Ыйыктарда деле өч алуу бар. Ким силерге кол салса, силер да сокку ургула, бирок Алладан корккула! Алла –такыбалар менен бирге.
195.Алла жолунда (мал-мүлкүңөрдү) сарптагыла. Өзүңөрдү өз колуңар менен Отко таштабагыла. Чындыгында, Алла – жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт.
196.Ажылыкты жана Умраны Алла үчүн (толук) аткаргыла. Эгер жолдо тосулсаңар курмандыктын өзүңөргө жеңилин (кой) жөнөткүлө. (Ал) курмандык белгиленген жерге жеткенге чейин чачыңарды алдырбагыла. Эгер силерден бирөө оору болсо, же башында дарты болсо, анда (үч күн) орозо тутуу , же садака берүү, же курбандык чалуу (бир кой) менен акы төлөсүн. Качан коопсуз болгонуңарда , ким умраны ажылыкка чейин аткарган болсо , жеңил курмандык чалат. Ким (курмандык) таба албаса ажылыкта үч күн, эгер кайтсаңар жети күн – ошентип толук он (күн) болот . Бул (шарт) – үйү Харам Мечитинин жанында болбогондор үчүн. Алладан корккула жана билгиле: Чындыгында, Алланын азабы катуу.
197.Ажылык (бул) – белгилүү айлар . Ким ошол айлардын ичинде ажылык парзын аткарууга милдеттенген болсо, ажылыкта (аялына) кошулуу , күнөө кылуу, талашып-тартышуу(га болбойт). Эй, акыл ээлери! Жакшылыктардан эмне жасаган болсоңор Алла аны билет. (Ошондуктан) азык камдагыла ! Чындыгында, азыктын жакшысы – такыбалык. Менден корккула, эй, акыл ээлери!
198.Силер Эгеңердин ырайымын көздөгөн болсоңор, силерге күнөө болбойт. Качан Арафаттан кайтсаңар Машар-ьул-Харамда Алланы эстегиле . (Анткени) Ал силерди туура жолго чыгарды. Силер андан мурда адашкандардан болчусуңар.
199.Андан кийин элдер (ажылар) кайткан жерден (Арафаттан) кайткыла да, Алладан кечирим сурагыла. Чындыгында, Алла – Боорукер, Мээримдүү.
200.Качан ажылык ибадатыңарды бүтсөңөр Алланы атаңарды эстегендей эстегиле, же андан да артыгыраак (керек). Адамдардын арасынан кээ бирөө: “О Эгем, бизге үлүшүбүздү дүйнөдө бер!”-деп айтат. Ал Акыретте үлүштөн куру калат.

#4 17 Март 2014 - 02:15
.Бакра уландысы
.
200.Качан ажылык ибадатыңарды бүтсөңөр Алланы атаңарды эстегендей эстегиле, же андан да артыгыраак (керек). Адамдардын арасынан кээ бирөө: “О Эгем, бизге үлүшүбүздү дүйнөдө бер!”-деп айтат. Ал Акыретте үлүштөн куру калат.
201.Алардан бирөө айтат: “О Эгем,бизге дүйнөдө да жакшылык бер, Акыретте да жакшылык бер, бизди Тозок азабынан куткар!”
202.Мына ошолор… алар үчүн өздөрү кылган нерседен насип (бар). Алланын эсеби өтө тез.
203.Белгилүү күндөрдө Алланы эстегиле. Ким шашса – эки күндө , ага– күнөө жок. Ким кечиксе да күнөө жок. Бул (шарт) – (Алладан) корккон (мусулман) үчүн. Алладан корккула жана билгиле: Ага жыйналасыңар !
204.(Эй, Мухаммед! ) Адамдардын кээ бирөөсүнүн сөзү бул дүйнө жашоосунда сени таң калтырат . Ал Алланы өз дилиндеги нерсеге күбөгө тартат. Ал - катуу талашуучу.
205.Ал узаган соң, жер бетинде бузукулук кылуу үчүн эгиндерди, төлдөрдү кыйратууга аракет кылат. Алла бузукулукту жакшы көрбөйт.
206.Эгер, ага: «Алладан корк!» -деп айтылса, аны текеберлиги күнөө менен кармайт . Анын орду – Тозок. (Ал –) кандай жаман орун!
207.Адамдардын арасында Алланын ыраазылыктарына жетүүнү көздөп өз жанын да аябай тургандары бар. Алла пенделерине (абдан) Ырайымдуу.
208.Эй, момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолдоруна ээрчибегиле. Чындыгында ал силер үчүн ачык душман.
209.Силерге ачык-айкын далилдер келгенден кийин жолдон кайтсаңар, билип койгула: Алла – Мартабалуу, Даанышман.
210.Алар – булуттун саябанында өздөрүнө Алла жана периштелер келип, иштер аткарыларын карап турушабы?! Бардык иштер Аллага кайтарылат.
211.(Эй, Мухаммед! ) Исраилдин урпактарынан сура: Биз аларга канчалаган ачык белгилерди (кереметтерди) жибердик! Ким Алланын жакшылыгын (китептерин) ага келгенден кийин өзгөртсө , албетте, Алланын азабы катуу!
212.Каапыр болгондорго (бул) дүйнө жашоосу кооз кылынды. Алар ыймандууларды келекелешет. Чындыгында, такыбалар Кыямат Күнү алардан өйдө болушат. Ошондой эле, Алла (Өзү) каалаганын эсепсиз ырыскыга бөлөйт.
213.(Алгач ) адамдар бир эл болушкан . Ошондо Алла аларга кубандыруучу , эскертүүчү пайгамбарларды жиберди. Адамдардын ортосунда келишпеген нерселерде өкүм кылуу үчүн алар (пайгамбарлар) менен бирге Акыйкат Китебин жиберди. Ошол китеп берилгендер ачык далил келгенден кийин өз ара көралбастыктан улам бөлүнүштү . Ошондо Алла Өз каалоосуна ылайык ыйман келтиргендерди, алар талашкан чындыкка жеткирди. Алла (Өзү) каалаганын Түз Жолго багыттайт.
214.(Эй, Мусулмандар! ) Силерден мурункулардын башынан өткөн сыяктуу (сыноолор) келбестен туруп Бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы? Аларды ачарчылык, оорулар баскан жана титиретишкен . Ошондуктан, пайгамбар (Мухаммед а.с.), аны менен бирге ыйман келтиргендер: «Бизге качан Алланын жардамы… (келээр экен?)» – деп айтышты. Эй, чындыгында, Алланын жардамы жакын эмеспи !?
215.(Эй, Мухаммед! ) Алар сенден (Алла жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат. «Жакшылыктардан кайрымдуулук кылган нерсеңер ата-энеңер, туугандар, жетимдер, кедейлер жана жолоочу үчүн . Жакшылыктан эмне кылсаңар Алла аны Билүүчү» – дегин.
216.(Эй, момундар! ) Силерге жагымсыз болсо да, согуш парз кылынды. Силер эмнегедир жаман көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жакшы. Силер кандайдыр-бир нерсени жакшы көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жаман. Алла билет. Силер билбейсиңер.
217.Алар сенден арам (Ыйык) ай жана андагы согуш тууралуу сурашат. Айткын : «Ал айда согушуу – чоң күнөө. Бирок Алланын жолунан тосуу, Ага каапырдык кылуу, Харам Мечитине жолотпоо, анын жашоочуларын ал жерден кууп чыгаруу – Алланын алдында (андан да) чоңураак күнөө». Анткени бузукулук – өлтүрүүдөн да чоңураак күнөө. Эгер алардын колунан келсе силерди диниңерден кайтармайынча согуша берет, эгер алардын мүмкүнчүлүктөрү жетсе. Силерден (кимдир) бирөө дининен кайтып, каапыр абалда көз жумса, ошолордун сооп-амалдары бул дүйнөдө да, Акыретте да текке кетет. Алар – Тозок ээлери . Алар анда түбөлүк !
218.Чындыгында, ыйман келтиргендер, көчкөндөр , Алла жолунда күрөшкөндөр – Алланын ырайымын үмүт кылышат. Алла – Кечиримдүү, Боорукер.
219.Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Ал экөөндө – чоң күнөө (бар). (Бирок) адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар. Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсү чоңураак. (Эй, Мухаммед! ) Алар сенден (Алла жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат. «Ашыкчасын !» – деп айткын. Алла силерге өз аяттарын мына ушундай баян кылат. Мүмкүн силер ой жүгүртөрсүңөр.
220.Дүйнөдө жана Акыретте да (тигил экөөнүн пайдалуурагын аласыңар). (Эй, Мухаммед! ) сенден жетимдер тууралуу сурашат. Айткын: «Алар үчүн эң жакшысы – жакшы мамиле. Эгер аларга камкордук кылсаңар, анда алар силердин бир тууганыңар. Алла бузукуну түзөөчүдөн (ажырата) билет. Эгер Алла кааласа силерди сөзсүз чарчатмак». Чындыгында, Алла – Мартабалуу, Даанышман.
221.Мушрик аялдарга алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. Албетте ыймандуу күң, (азат) мушрик аялдан жакшы, эгер ал силерге жакса дагы. Мушрик эркектерге алар ыйман келтирмейинче турмушка бербегиле. Албетте ыймандуу кул – (азат) мушриктен жакшраак ал силерге жакса да. Алар Тозокко чакырышат. Алла – Бейишке, кечиримине Өз уруксаты менен чакырат. Ал адамдар (Жаратуучусун) эстөөсү үчүн Өз аяттарын баян кылат.
222.Сенден этек кир жөнүндө сурашат. Айткын: «Ал – жагымсыз нерсе». Этек кири келген убагында аялдардан оолак болуп тургулу . Алар таза болгонго чейин аларга жакындабагыла. Эгер алар тазаланышса, аларга Алла силерди буйруган жагынан келгиле. Чындыгында, Алла тообо кылуучуларды жана тазалануучуларды жакшы көрөт.
223.Аялдарыңар силердин эгин талааңар (болот). Эгин талааңарга каалаган тарабынан келгиле. Өзүңөр үчүн аткарып койгула . Алладан корккула! Чындыгында силер Ага жолугарыңарды билип койгула! Момундарга сүйүнчү кабар жеткиргин!
224.Өзүңөрдү жакшылык кылуудагы, такыба болууңардагы жана адамдардын ортосун жараштыруудагы антыңар үчүн Алланы калкан кылбагыла! Алла – Угуучу, Билүүчү.
225.Алла анттарыңардагы куру сөз үчүн жазалабайт , жүрөктөрүңөр жасаган иш үчүн жазалайт . Алла – Кечиримдүү, Боорукер.
226.Аялдарына жакындашпоо үчүн ант бергендер төрт ай күтүшөт. Ал эми анттарын бузушса , албетте, Алла – Кечирүүчү, Мээримдүү.
227.Ал эми алар ажырашууну (чындап) ниет кылышкан болсо , чындыгында, Алла –Угуучу, Билүүчү.
228.Талак берилген (ажырашкан) аялдар үч этек кир мөөнөтүн күтүшөт. Эгер алар Аллага жана Акырет күнүнө ишенишсе курсагындагы (жатынындагы) Алланын жаратканын жашыруулары (адал) эмес. Жарашууну (экөө тең) каалашса, анда аялдарын кайра алууга күйөөлөрү укуктуураак. Эркектердин аялдарында акылары болгон сыяктуу эле, аялдардын да күйөөлөрүндө белгилүү акылары бар. Аялдарга караганда эркектердин даражасы артыгыраак. Алла – Мартабалуу, Даанышман.
229.Талак (ажырашуу) эки ирет . Ошондуктан тууралык менен кармоо, же жакшылык менен ажырашуу (керек). Аларга бергениңерден бир нерсени (кайра) алуу адал эмес . Бирок экөөсү тең Алланын чегин сактай албай калуудан коркушса, же силер да ал экөөсү Алланын чегин сактай албоосунан корксоңор , анда аялдын күйөөсүнө төлөм берүүсүндө экөөнө тең күнөө жок. Мына ушул – Алланын чектери. Андан аша чаппагыла. Ким Алланын чегинен өтсө, мына ошолор – заалымдар.
230.Күйөөсү аялына талак берсе, андан ары ал башка күйөөгө тиймейинче адал эмес. Эгер ал ага талак берсе, экөөсү тең: «Алланын чектерин сактай алабыз» – деп ойлошуп, кайра жарашышса анда күнөө жок. Бул – Алланын чектери. Аны биле турган коом үчүн баяндайт .
231.Аялдарыңарга талак берсеңер, мөөнөтү жеткен учурда жакшылык менен кайра алып калгыла, же алардан жакшылык менен ажырашкыла. Аларга зыян берүү максатында кармап турбагыла . Кимде-ким ушул ишти жасаса, чындыгында өзүнө-өзү зулумдук кылган болот . Алланын аяттарын азил кылбагыла! Ошондой эле Алланын силерге берген жакшылыктарын, силерге насаат кыла турган Китепти жана даашымандыкты түшүргөнүн эстегиле! Алладан корккула, акыйкатта, Алла бардык нерсени Билүүчү экенин билгиле!
232.Аялдарыңарды талак кылсаңар, күтүү (идда) мөөнөтү бүткөн соң, алар өз күйөөсү менен (жашоого) жакшылык жолдо ыраазы болуп жарашышса жолтоо болбогула. Бул –Аллага жана Акырет күнүнө ыйман келтиргендер үчүн айтылган насаат. Бул – силер үчүн тазалык менен аруулук. Алла билет, а силер билбейсиңер.
233.Эмизүүнүн толук болушун каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет. Эненин тийиштүү азык-оокатын, кийим-кечесин жакшылык менен камсыздоо атанын милдети. Ар кимге чамасына жараша (милдет) жүктөлөт. Эне баласы себептүү, ата да баласы үчүн зыянга учурабасын. Ал эми мураскор да ушул сыяктуу (милдеттерге ээ). Эгер (наристенин) ата-энеси ыраазылык менен кеңешип ажырашууну чечишсе, анда экөөсүнө тең күнөө жок. Эгер балдарыңарды (бөтөн аялга) эмизүүнү кааласаңар, анда акысын жакшылап берсеңер – силерге күнөө болбойт. Алладан корккула жана билгиле: Чындыгында, Алла силер жасаган иштериңерди Көрүүчү!
234.Араңардан кайтыш болуп, аялдарын калтырып кеткендердин аялдары төрт ай он күн күтүшөт. Алардын белгилүү (күтүү) мөөнөтү бүткөндө, алар өздөрүнө жакшылык нерселерди жасашса, анда силерге күнөө жок. Алла жасаганыңардан Кабардар!
235.Ал аялдарга жуучулук сунушуңарды ачык айтсаңар, же купуя сактасаңар, андан күнөө болбойт. Алла, чындыгында, аларды эстегениңерди билет. Бирок, алар менен жашыруун убадалашпагыла. Бирок жакшы сөздү сүйлөшүүңөр мүмкүн. Күтүү мөөнөтү бүтмөйүнчө никелешүүнү ниеттенбегиле. Чындыгында, Алла – жүрөгүңөрдөгүнү да билээрин унутпагыла! Андыктан, андан сактангыла. Алла – Кечиримдүү, Жумшак экенин билгиле.
236.Силер аялдарыңарга жакындаганга чейин жана калың берүүдөн мурда ажырашсаңар, анда (ажырашуу) айып эмес. Бай байлыгына жараша, кембагал алына жараша жакшылык менен аларды ыраазы кылышсын! Бул – жакшылык кылуучуларга милдет.
237.Эгер аларга жакындоодон мурда ажырашсаңар, же калың берүүнү убада кылган болсоңор, убада бергениңердин жарымын (ага калтыргыла). Бирок аял (эркекти) кечирсе, же колунда нике түйүнү бар (талак ээси, эркек) кечирсе – ал башка. Бири-бириңди кечирүү – такыбалыкка жакыныраак. Ортоңордогу жакшылыкты унутпагыла. Алла – жасаганыңарды Көрүүчү!
238.Намаздарга жана орто намазга сак болгула. Аллага моюн сунган абалда тургула.
239.Эгер силер корксоңор , унаа үстүндө, же жүрүп баратып (намаз окугула). Коопсуз болгонуңарда силерге билбегениңерди үйрөткөндөй (кылып) Алланы эстегиле .
240.Араңарда кайтыш болуп, аялдарын калтырып кеткендер аялдарына бир жылга чейин үйүнөн чыкпай пайдалана турган нерсени осуят кылышсын. Эгер алар өздөрүнө жакшылык каалап (өз каалоосу менен) чыгышса, ал учурда силерге жоопкерчилик жүктөлбөйт. Алла – Ызаттуу, Даанышман!
241.Ажырашкан аялдардын тийиштүү (деңгээлде) (күйөөлөрү тараптан) камсыздалышы – такыбалар үчүн милдет.
242.Алла – акыл жүгүртүшүңөр үчүн силерге аяттарын ушундай кылып баяндайт.
243.Өлүмдөн коркуп өз үйлөрүнөн чыккан миңдеген адамдарды көрдүңбү ? Алла аларга: «Өлгүлө!» -деди. Андан кийин аларды (кайра) тирилтти. Чындыгында, Алла – адамдарга жакшылык кылуунун Ээси. Бирок адамдардын көпчүлүгү (Аллага) шүгүр кылышпайт.
244.Алланын жолунда согушкула жана Алла Угуучу, Билүүчү экенин билгиле!
245.Ким Аллага жакшы карыз берсе, Алла ага көптөгөн кошумчасын кошуп берет. Алла тар кылат жана мол кылат. Ага кайтарыласыңар!
246.Мусадан кийинки Исраил урпактарынын башчыларын билбейсиңби? Алар өз пайгамбарларына: «Бизге падыша шайлап бер. Алла жолунда согушабыз», – дешти. Ал : «Мүмкүн силерге согуш парз кылынса да, (баары бир) согушпайсыңар! » – деп айтты. Алар: «Биз бала-чакабыз менен журтубуздан куулуп чыгылган болсок , эмне үчүн Алла жолунда согушпайт экенбиз?! – дешти. Анан согушуу тууралуу (Алладан) өкүм келгенде, алардын аз бөлүгүнөн башкалары (согуштан) баш тартышты. Алла заалымдарды Билүүчү!
247.Аларга пайгамбары: «Алла силерге Таалутту падыша кылып жиберди», – деп айтты. «Биз ага караганда падышалыкка татыктуураак болсок, анан кантип ал бизге падыша болсун?! Ага байлык мол берилген эмес», - дешти. Ал: «Аны силерге Алла тандап, ага дене күчүн жана илимди мол берди» -деди. Алла өкүмдарлыкты (Өзү) каалаган адамга берет. Алла – баарын Камтуучу, Билүүчү.
248.Аларга пайгамбары: «Анын падышалыгынын белгиси – Эгеңер тараптан көңүлгө бейпилдик жана Муса менен Харундун үй-бүлөсүнөн калган калдыктар (буйумдар) бар периштелер алып жүргөн сандыктын силерге келүүсү». Чындыгында, эгер силер ыймандуу болсоңор, ушунда – силерге белги бар.
249.Талут аскери менен чыккан кезде: «Чындыгында, Алла силерди дарыя аркылуу сынайт. Ким андан ичсе – менден эмес . Ал эми кимде-ким андан ичпесе (же) колу менен кочуштап алып, аз гана алып ичсе – ал менден» -деди. «Алардын өтө азынан башкасы андан ичишти. Таалут жана аны менен (кошо) ыйман келтиргендер дарыядан өткөн соң: «Биз Жаалут жана анын аскерлерине тең келүүгө кудуретибиз жетпейт», - дешти. Алардын (ичинен) Аллага сөзсүз жолугарына ишенгендери: «Алланын каалоосу менен аз топ канчалган көп топту жеңген. Алла – сабырдуулар менен бирге» - дешти.
250.Алар Жаалут жана анын аскерлери менен бетме-бет келген кезде: «Эгебиз бизге сабыр бер, кадамдарыбызды бекем кыл, бизге каапыр элдин үстүнөн (жеңишке жетүүгө) жардам бер!» –деп айтышты.
251.Ошондо аларды Алланын жардамы менен жеңилүүгө дуушар кылышты. Даут Жаалутту өлтүрдү. Алла Даутка падышалык, даанышмандык жана (Алла Өзү) каалаган нерселерди үйрөттү . Алла адам баласынын бирин башкасы аркылуу коргобосо – жер жүзү бузулуп кетмек . Чындыгында Алла – бүткүл ааламдар үчүн (берилүүчү) жакшылыктын Ээси!
252.Ушулар – Алланын белгилери. Биз аларды сага чындык менен окуп беребиз. Акыйкатта, сен – элчилерденсиң!
Үчүнчү бөлүм
253.Алла элчилердин кээ бирин башкасынан артыгыраак жаратып, алардын айрымдары менен сүйлөштү. Кээ бирөөсүнүн даражасын (башкасынан) жогорураак кылды. Марйам уулу Исага кереметтерди берип, аны Жебреил аркылуу күчтөндүрдүк. Эгер Алла кааласа аларга далилдер (китептер) келген соң, пайгамбарлардан кийин алар согушпайт болчу. Бирок алар бири-бирине каршы чыгышты. Анан алардын кээ бирлери ыйман келтирип, калган бөлүгү (ыймандан) баш тартышты. Эгер Алла кааласа алар бири-бири менен согушпайт эле. Бирок Алла (Өзү) каалаганын жасайт!
254.Эй, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскыбыздан соодалашуу, достук, жан тартуу болбой турган Күн келгенге чейин Алла жолунда сарптагыла. Каапырлар – алар заалымдар.
255.Алла! Андан башка кудай жок. Ал – Тирүү, Түбөлүк! Аны уйкусуроо да, уктоо албайт. Асмандардагы жана жердеги нерселер Ага (гана) таандык. Анын алдында Өзүнүн уруксатысыз ким колдоочулук кыла алат?! Алардын алдындагыларды да, артындагыларды да билет. Алар Анын каалоосунан башка эч нерсе билишпейт. Анын күрсүсү (билими) асмандар менен жерди камтыйт. Ага ал экөөсүн сактоо – кыйын эмес. Ал – абдан Бийик, өтө Улуу!
256.Динде зордоо жок. Чындыгында, тууралык менен азгырыктын ажырымы айкын болду. Кимде-ким будпарастыктан баш тартып, Аллага ыйман келтирсе, ошондо ал (эч качан) кыйрабас бекем таянычка ээ болот. Алла – Угуучу, Билүүчү!
257. Алла – ыймандуулардын досу. Аларды караңгылыктан жарыкка чыгарат. Каапырлардын досу – аларды жарыктан караңгылыкка алып баруучу таагуттар . Алар – Тозок ээлери. Ал жерде түбөлүккө калышат.
258.Алла падышалык (ээлик) бергендигин Ибрахим менен анын Эгеси жөнүндө талашкан (адам) тууралуу билесиңби? Ошондо Ибрахим: «Эгем өлтүрөт жана тирилтирет», -деди. Ал: «Мен да тирилте да, өлтүрө да алам », -деп айтты. Ибрахим: «Чындыгында, Алла күндү Чыгыштан чыгарат, сен аны батыштан чыгарчы?!» –деди. Ошондо каапыр (Намрут) осол болду. Алла заалым элди Туура Жолго түшүрбөйт,
259.Же чатырлары кулаган кыштактан өткөн (адамды) билесиңби? «Буларды өлгөн соң Алла кантип тирилтет?! » – деп ойлоду. Алла аны жүз жылга өлтүрүп, анан тирилтип: «Канча (убакыт) жаттың?!» - деп сурады. Ал: «Бир күн же жарым күн (гана жаттым)» – деди. (Алла): «Андай эмес! Сен жүз жыл (өлүп) жаттың. Тамагыңа, суусундугуңа бир көз салчы: өзгөргөн эмес. Эшегиңди кара ... Сени адамдарга үлгү кылуу үчүн . Сөөккө кара , анын сөөктөрүн (мына) кандай кураштырып, эт менен каптадык»,–деди . Качан ага айкын болгондо ал: «Билем, чындыгында, Алла бардык нерсеге Кудуреттүү», – деди.
260.Ибрахим: «Эгем, өлүктү кантип тирилтесиң? Мага көргөзчү» - деген учурда, (Алла) айтты: «Ишенбейсиңби? ». (Ибрахим) айтты: Албетте (ишенем), бирок жүрөгүмдүн тынчтануусу үчүн (билгим келет). (Алла) айтты: «Канаттуулардан төрттү алып, (союп), этин аралаштырып, ар бир тоого алардын (этинен) бирден үзүм ташта. Андан кийин аларды чакыр. Алар сага дароо (жетип) келишет. Билгин: Чындыгында Алла – Мартабалуу, Даанышман».
261.Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандар – ар сабагында жүздөн дан (урук) алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош. Алла кимге кааласа көбөйтүп берет. Алла – Жоомарт, Билүүчү.
262.Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандарын кийин колко (милдет) кылууну, жагымсыздыкты эрчитпегендердин сооптору Эгелеринин алдында. Аларга коркунуч да , кайгы да жок .
263.Жакшы сөз жана кечиримдүүлүк, ыза ээрчитип келген садакадан жакшы . Алла – Бай жана Жумшак.
264.Эй, ыйман келтиргендер! Мал-мүлкүн элдер көрсүн үчүн сарптаган, Алла менен Акырет күнүнө ишенбеген (адамга) окшоп, садакаңарды колко кылып, же ыза менен бузуп албагыла. Ал – үстүндө топурагы бар жылма ташка окшош. Ага катуу жамгыр жааса, аны (түшүмүн жууп кетип) таш боюнча калтырат. Алар өздөрү кылган иштин эч бирине ээ боло алышпайт. Алла – каапыр элдерди туура жолго салбайт.
265.Мал-мүлкүн Алланын ыраазылыктарын көздөп сарптагандар жана өз напсилерин бекемдегендер – дөңсөөдөгү бакчага окшош: Ага нөшөр жааса эки эселеп түшүм берет. Эгерде жаабаса, (ага) себелеген жамгыр (деле жетиштүү). Алла – эмнени жасасаңар (да баарын) Көрүүчү.
266.Алдынан дарыялар агып турган бардык жемиштери бар курма жана жүзүм бакчасы болуп, балдары алсыз, өзү картайган кезде, бакчасын оттуу бороон каптап, өрттөнүп калышын силерден бирөө каалайт беле ? Ой жүгүртүүңөр үчүн Алла силерге аяттарын ушундай түрдө түшүндүрөт.
267.Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкан жакшылыктардан жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден сарптагыла. Өзүңөр көздөрүңөрдү жумуп араң гана кармай турган (жаман) нерселерди сарптоо үчүн тандабагыла . Алла – Бай, Макталуучу экенин билип койгула!
268.Шайтан кедейликти убада кылып, бузукулукка буйруйт. Алла силерге Өзүнүн кечиримин жана ырайымын убада кылат. Чындыгында, Алла – баарын Камтуучу, Билүүчү!
269.Ал даанышмандыкты кимге кааласа берет. Кимге даанышмандык берилсе, демек ага жакшылык мол берилди. Бирок муну акыл ээлери гана түшүнө алат.
270.(Алла жолунда) сарпталган ар бир садаканы, назир кылган ар бир сооп иштериңди Алла билет. Заалымдардын колдоочусу жок.
271.Эгерде садаканы ашкере кылып берсеңер- ал кандай сонун. Ал эми аны жашыруун жасап, кедейлерге берсеңер-ал силер үчүн андан да жакшы. Ал силердин жамандыктарыңарды өчүрөт. Алла – жасап жаткан ишиңерден Кабардар!
272.(Каапырларды) Туура жолго түшүрүү – сенин милдетиң эмес. Бирок, Алла кимди кааласа туура жолго салат. Жакшылыктан эмне сарптасаңар да , өзүңөр үчүн. Алланын ыраазылыгын гана көздөп сарптагыла! Жакшылыктан эмне сарптасаңар (ал) силер үчүн толук берилет жана силер адилетсиздикке кабылбайсыңар.
273.Алла жолунда курчалган кедейлердин Жер бетинде сапарга чамалары жетпейт. (Алар) каниеттүү болгондуктан билбеген киши бай деп эсептейт. Алардын (кедейликтерин) жүздөрүнөн тааныйсың. Алар адамдардан суранышпайт. Жакшылыктан эмнени сарптабагыла, чындыгында, Алла – аны Билүүчү!
274.Мал-мүлктөрүн күнү-түнү жашыруун да, ачык да сарптагандардын сооптору (алардын) – Эгелеринин алдында. Аларга (эч кандай) коркунуч жок, алар кайгырышпайт.
275.Сүткорлук кылгандар (Кыямат Күнү) мүрзөлөрүнөн жин тийген киши сыяктуу турушат. Ага – алардын: “Чындыгында соода сүткорлукка окшош”,-дегени себеп. Алла сооданы адал, бирок сүткорлукту арам кылды. Кимге Эгесинен насаат Сөз келген кезде, өздөрүн тыйышса, мурункулары (кечирилет), а иши Аллага таандык. Кимде ким (сүткорлукка) кайтса, алар – Тозок ээлери. Алар анда – түбөлүккө калышат.
276.Алла – сүткорлукту жокко чыгарып, садаканы арттырат. Алла ар кандай күнөөкөр-каапырларды жакшы көрбөйт.
277.Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, намазын орундатып , зекет бергендердин сооптору Эгелеринин алдында. Аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт.
278.Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула, эгер ишенсеңер сүткорлуктан калган нерсеңерди таштагыла .
279.Эгер (сүткорлукту таштоону) каалабасаңар, муну – Аллага, анын элчисине каршы согуш деп билгиле. Эгер (сүткорлукту таштап) тообо кылсаңар ошол учурдагы (бар болгон адал) мүлкүңөрдүн башы (пайдасы) өзүңөргө. Зулумдук кылбагыла, (ошондо) зулумдукка кабылбайсыңар!
280.Ал эми эгер ким кедейчиликтин кыйынчылыгында болсо, ал байыганга чейин күткүлө . Ал эми билсеңер: кайрымдуулук кылууңар – өзүңөр үчүн жакшыраак.
281.Аллага кайтып келе турган Күндөн корккула (сактангыла). (Ал Күнү) ар бир жанга, ар бир кылган иши үчүн толук акысы берилип, аларга зулумдук кылынбайт.
282.Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула! Анан да ортоңордо бир катчы адилеттүүлүк менен жазсын. Катчы Алланын ага үйрөтүүсү боюнча жазуудан баш тартпасын. (Карызды кайтаруу) милдеттендирилген (адам) айтып, ал (катчы) жазсын. (Жазган) Эгеси болгон Алладан корксун жана андан эч нерсе кемитпесин. Эгер карыз (киши) акылсыз, алсыз , же ал жазууга кудуретсиз болсо, андай учурда өкүлү адилеттүүлүк менен жазсын. Эркектерден эки күбөнү күбө катары катыштыргыла. Эгер эки эркек болбосо, андай учурда күбөлүккө өтүүгө өзүңөр ылайык көргөн бир эркек менен эки аял . (Аялдын) бирөөсү адашса, экинчиси аны түзөйт (эскерет). Күбөлөр чакырылган кезде баш тартышпасын . (Карыздын) аз же көп экенине карабастан белгилүү мөөнөткө жазып койуудан эринбегиле. Мына ушул – Алланын алдында адилеттүүрөөк жана күбөлүк үчүн бекемирээк, күмөнсүрөбөшүңөргө жакыныраак. Бирок өз ара кол алышып, жасалган нак соода болсо, аны жазуунун кажети жок. Соодалашкан кезде күбөлөндүргүлө. Катчы да, күбө да зыянга учурабасын. Эгер андай кылсаңар ал силер үчүн күнөө. Алладан корккула. Ошондуктан Алла силерге үйрөттү . Алла – бардык нерсени Билүүчү.
283.Эгер сапарда болуп, катчы таба албасаңар, андай учурда күрөө алынат. Эгер бири-бириңерге ишенсеңер ишенилген тарап аманатын тапшырсын. Ошону менен бирге Эгеси болгон Алладан корксун . Күбөлүктү (көргөнүңөрдү) жашырбагыла. Ким аны жашырса, жүрөгү күнөөкөр (болот). Алла – силердин жасаганыңарды Билүүчү!
284.Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Аллага таандык. Силер көңүлүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ашкере кылсаңар да, Алла ал тууралуу силерден (баары бир) сурак алат. Ал кимди кааласа кечирип, кимди кааласа азаптайт. Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү!
285.Элчи менен момундар Эгеси тарабынан түшүрүлгөнгө ыйман келтиришти. Баарысы Аллага, Анын периштелерине, Анын Китептерине, Анын элчилерине ишеништи. Алар: “Анын элчилеринин эч кимисин биз бөлбөйбүз” , “угуп, моюн сундук”, –дешти. Оо Эгем, Сенин кечиримиңди тилейбиз жана Сага гана кайтып барабыз.
286.Алла ар бир жанга мүмкүнчүлүгү жеткен гана милдетти жүктөйт. (Ар бир жандын) жасаган жакшылыгы – өз пайдасына, ал эми жамандыгы – өз зыйанына. “Оо Эгем, эгер унутуп, же жаңылып калсак бизди азаптай көрбө! Оо Эгем, бизге мурункуларга жүктөгөнүңдөй оор жүк жүктөй көрбө! Оо Эгем, бизге күчүбүз жетпегенди жүктөбө! Бизди (Оттон) куткар! Бизди кечир! Бизге ырайым кыла көр! Сен – биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер!

#5 17 Март 2014 - 02:18
3) ААЛИ ИМРАН
.
Аали Имран 3-сүрөөсү
Меккеде түшкөн. Эки жүз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1.Алиф, лам, мим .
2.Алладан башка кудай жок! Ал – Тирүү, Түбөлүк !
3.Ал сага Өзүнүн кол астындагынын чындыгын тастыктоо үчүн Китепти Акыйкат менен түшүрдү. (Ал) Тооратты жана Инжилди да түшүргөн.
4.Андан мурда адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн. Анан Ал Ажыратуучуну түшүрдү. Чындыгында, Алланын белгилерине ишенбегендерге – катуу жаза (бар). Чындыгында, Алла –Ызаттуу, Өч алуучу.
5.Чындыгында, Алла үчүн жерде да, асмандарда да жашыруун нерсе жок .
6.Ал – силерге энеңердин курсагында Өзү каалагандай келбет берген. Алладан башка кудай жок! Ал – Ызаттуу, Даанышман!
7.Ал – сага Китеп түшүрдү. Анда өкүмдүү айаттар (бар). Жана алар – Китептин өзөгү . Калган айаттар – сырдуу. Кимдердин жүрөктөрүндө (Куран тууралуу) кара ниети болсо, андагы сырдуу айаттарды бурмалоо жана бузукулук кылуу максатында аңдышат. Анын чечмелөөсүн Алла гана билет. Илимге бекем тургандар: “Биз ага ишендик! Баары – Эгебизден ”! – дешет. Акыл-эстүүлөр гана өрнөк алышат.
8.Оо, Эгебиз! Бизди туура жолго салгандан кийин биздин жүрөгүбүздү адаштырба. Бизге Өзүңдүн алдыңдагы Ырайымыңдан бер. Чындыгында Сен – Айкөлсүң!
9.Оо, Эгебиз! Чындыгында, Сен күмөнсүз болуучу Күндө адамдарды чогултуучусуң. Чындыгында Алла – Өз убадасына (эч качан) тескери чыкпайт !
10.Чындыгында, каапырлардын балдары да, мал-мүлкү да Алланын алдында эч нерседен сактап кала албайт жана алар – Тозоктун отундары.
11.Алардын абалы Фараондун абалына жана андан мурдагыларга окшош: Айаттарыбызды жалганга чыгарышкандыктан, Алла аларды күнөөлөрү менен (кошо) азапка салды. Алланын жазасы – катуу.
12.Ыймансыздарга : “Силер жакында жеңилесиңер жана Тозокко чогуласыңар! ” –деп айт. Ал – абдан жаман орун!
13.Эки беттешкен тайпада силер үчүн белги бар: Бир тайпа Алла жолунда салгылашса, экинчиси – каапыр абалда (согушат). Мусулмандарды алар өздөрүнө караганда эки эсе көп көрүшөт. Алла каалаганын Өз жардамы менен колдойт. Чындыгында мында – акыл-эстүүлөр үчүн өрнөк бар.
14.Адамдарга – айалдар, балдар, алтын-күмүштөн жыйналган казыналар, күлүк аттар, мал-мүлк жана эгинзарлар кооз көрсөтүлүп, аларга болгон сүйүү менен шөкөттөлдү. Бул (аталгандар) – ушул дүйнөдө пайдалуу нерселер. Бирок Алланын алдында – кайтып бара турган кооз жай бар.
15.(Сен адамдарга “Мен силерге мындан да жакшыраагын айтып берейинби?” – дегин. Такыбалар үчүн Алланын алдында алдынан дарыйалар агып туруучу бакчалар бар. Ал жерде алар (мусулмандар) түбөлүккө калышат. Анда Алланын ыраазылыгы жана таптаза жубайлар (болот). Албетте, пенделерин Алла Көрүүчү!
16.(Алар): “Оо Эгебиз, биз Сага ыйман келтирдик, күнөөлөрүбүздү кечире көр, бизди Оттон сакта” – дешкен.
17.Сабырдуу, чынчыл, Аллага баш ийүүчү, сарптоочу , таңда кечирим суроочуларды (Алла билет).
18.Акыйкатта Өзүнөн башка кудай жок экенине адилеттүүлүктү орнотуучу Алла Өзү, периштелер жана илим ээлери күбөлүк берди. Алладан башка кудай жок. Ал – Ызаттуу, Даанышман!
19.Чындыгында, Алланын алдында кабыл болуучу дин бул – Ислам. Китеп берилгендер өздөрүнө маалымат келгенден кийин өз ара көралбастыктын айынан талашып-тартышууга түшүштү. Ким Алланын айаттарына каршы чыкса, албетте, Алланын эсеп-жазасы тез!
20.Эгер алар сени менен талашса: “Өзүмдү жана мени ээрчигендерди Аллага толук тапшырдым ” –деп айткын. Китеп түшүрүлгөндөргө жана наадандарга : “Исламды кабыл аласыңарбы? ” - деп айт. Эгер Исламды кабыл алышса, анда, чындыгында туура жолго түшкөн болот. Ал эми кабыл кылбаса, анда... сага (эскертүүнү) жеткирүү гана (буйурулган). Алла – пенделерин Көрүүчү!
21.Алланын айаттарына ишенбегендер, пайгамбарларды акыйкатсыздык менен өлтүргөндөр жана адамдарды адилеттүүлүккө үгүттөгөндөрдү өлтүргөндөргө жан чыдагыс азап барын кабарла!
22.Мына ошолор дүйнөдө да, акыретте да жасаган амалдары текке кеткендер. Алар үчүн жардамчылар жок.
23.Китептерден үлүш берилгендердин ортосунда өкүм кылуу үчүн Алланын Китебине (кайрылууга) чакырылгандарды байкадыңбы? Алардын бир бөлүгү андан жүз үйрүп кетишти. Алар каршы чыгуучулар .
24.Алар: «Бизди эсептүү гана күн Тозок оту күйгүзөт» – деп ойлошкондуктан ошентишти. Аларды өздөрү ойлоп чыгарган нерселер дин жолунан адаштырды.
25.Биз аларды болоору анык Күндө жыйнаганыбызда эч кимге адилетсиздик кылынбастан (бул дүйнөдө кылган) эмгектери толук берилгенде (абалы) кандай болот?
26.Айткын: “Оо, Өкүмдарлык Ээси болгон Алла! Сен Өзүң каалаган адамга бийлик берип, каалаган адамыңдан (кайра) тартып аласың. Каалаган адамыңды ардактап, каалаганыңды кордойсуң. Жакшылык – Сенин колуңда. Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң!
27.Түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизесиң . Тирүүнү өлүктөн чыгарып, өлүктү тирүүдөн чыгарасың . Өзүң каалаганыңа эсепсиз ырыскы бересиң!
28.Ыймандуулар – ыймандуулардан башкаларды: каапырларды дос кылбасын. Кимде-ким муну жасаса (дос кылса), анын Алла менен эч кандай байланышы жок. Бирок, алардан сактануу үчүн (жасасаңар күнөө эмес). Алла силерди Өзүнөн сестендирет . Кайтуу – Аллага гана.
29.“Эгерде жүрөгүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ачык айтсаңар да, (баары бир) Алла аны билет. Ал – асмандагыларды да, жердегилерда да (жакшы) билет. Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү”!
30.Ар бир жан өзү кылган жакшылыкты да, жамандыкты да Кыямат Күнү даяр табат. Ошондо ар бир жан жасаган иши менен өзүнүн аралыгы абдан узак болушун тилейт. Алла силерди Өзүнөн сестентет ”. Ошондой эле, Алла – өз пенделерине абдан Ырайымдуу!
31.Анан дагы айт: “Эгер силер Алланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Алла силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет”. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
32.Айткын: “Алланы жана Анын элчисин ээрчигиле”! Эгер жүз бурушса, албетте, Алла – каапырларды жек көрөт!
33.Чындыгында, Алла Адамды, Нухту, Ибрахимдин урпактарын жана Имрандын урпактарын бүт дүйнөдөн тандап алды.
34.Анткени бир уруу – экинчи бир уруудан (тараган). Чындыгында, Алла – Угуучу, Көрүүчү!
35.Имрандын айалы: “Эгем, мен курсагымдагыны азат абалда Сага гана арнадым . Менден кабыл ал. Албетте, Сен – Угуучу, Билүүчүсүң! ” – деди.
36.Ал төрөгөн кезде: “Эгем, мен кыз төрөдүм”-деп айтты. Ал эми Алла анын кимди төрөгөнүн жакшыраак Билүүчү. Эркек – айал сыйактуу эмес. Анан: “Аны Марйам деп атадым. Аны жана анын урпактарын куулган шайтандан сактооңду Өзүңдөн сураймын”.
37.Анан Эгеси аны жакшы кабыл алды. Жакшы өсүү менен өстүрүп, Закарийаны ага кепил кылды. Ар качан Закарийа мечитке кирген кезде анын алдынан мол ырыскыларды көрчү. Ал : “Эй, Марйам! Бул сага кайдан?” –деп сурачу. Ал : “Бул – Алладан!” –деп жооп берчү. Чындыгында, Алла кимди кааласа ага сансыз ырыскы берет.
38.Закарийа Эгесине кайрылып: “Оо, Эгем! Мага жакшы перзент бер. Анткени, Сен – дубаны Угуучусуң! ”- деди.
39.Ал (Закарийа) мечитте намаз окуп жаткан кезде периштелер айтышты: “Алла сага Алланын (Өзүнүн) сөзүн тастыктоочу, жетекчи, өзүн айалдардан калкалоочу, жакшылардан пайгамбар (кылып) Йахйа аттуу перзент менен сүйүнчүлөйт”.
40.Ал айтты: “Оо Эгем, мен картайдым. Кантип менден бала төрөлсүн. Айалым да төрөттөн калган”. Ал айтты: “Алла эмне кааласа ошону жасайт!”.
41.Ал (Закарийа) айтты: “Оо Эгем! Анда мага бир белги бер”. Ал айтты: “Белги – сен үч күн адамдар менен ымдагандан башкача сүйлөшө албай каласың. Эртели-кеч Эгеңди көп эсте жана аруула”.
42.Периштелер айтышты: “Эй, Марйам! Алла сени тандады, тазалады. Сени дүйнөдөгү айалдардын ичинен тандап алды.
43.“Эй, Марйам! Аллага мойун сунуп, Эгеңе сежде кыл. Намаз окуучулар менен чогуу намаз оку!”
44.Бул – кайып байандардан. Биз аны сага айтып бердик. Алар кимиси Марйамды кепилдикке алаары тууралуу маселеде калемдерин ыргытышып, жаңжалдашкан кезде сен алар менен болгон эмессиң.
45.Периштелер: “Эй, Марйам! Чындыгында, Алла сени Өзү тарабынан бир сөз менен кубантат; анын ысмы Масих Иса Марйам уулу. Ал - дүйнөдө, акыретте, даңктуу жана Аллага жакындардан.
46.Ал бешикте жана эр жеткенде адамдарга сүйлөйт. Ал - жакшылардан.
47.Ал (Марйам): “Мага бир да адам жолобосо , менде кайдан бала болсун?” –деди. Ал айтты: “Ушундай! Алла эмне кааласа ошону жаратат. Эгер бир иштин болуусун кааласа, анда Ал: “Бол!”-дейт, ал дароо ишке ашат.
48.Ага Жазууну, даанышмандыкты, Тооратты жана Инжилди үйрөтөт.
49.жана аны Исраил урпактарына элчи кылат. “Чындыгында мен силерге Эгеңерден кереметтер менен келдим: Мен ылайдан чымчык жасап, ага Алланын уруксаты менен дем салсам, ага жан кирет; Алланын эрки менен тубаса сокурларды, ала-пес оорулууларды айыктырып, өлүктөрдү тирилтем; /йүңөрдө эмне жеп, эмне сактаганыңар тууралуу кабар берем. Чындыгында, ушунда, эгер ыйман келтирсеңер –– силер үчүн белги бар.
50.“Силерге алдымдагы Тооратты ырастоо, Эгеңерден арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылуучу белги жана силерге Эгеңерден кереметтер менен келдим. Алладан коркуп, мага мойун сунгула!”
51.“Чындыгында, Алла менин да, силердин да Эгеңер. Ага сыйынгыла. Ушул (анык) – туура жол.”
52.Иса алардан каршылык сезип: “Алла жолунда мага ким жардамчы болот?” –деди. Хаварийлер: “Биз Алла (үчүн) жардамчыбыз. Аллага ыйман келтирдик. Биздин (толук) мусулман болгонубузга күбө бол, –дешти , –
53.Оо, Эгебиз! Түшүргөнүңө (айанга) ыйман келтирип, элчини ээрчидик. Бизди күбө болуучулар менен чогуу кыл!”
54.Алар амалкөйлүк- куулук кылышты . Алла да (аларга каршы) амалдуулук кылды ! Алла – амалкөйлөрдүн эң мыктысы.
55.Алла мындай деди: “Эй, Иса! Сени Мен алуучумун жана өз тарабыма көтөрүүчүмүн. Андыктан каршы болгондордон сени тазартуучумун жана сени ээрчигендерди Кыйаматка чейин каршы болгондорго үстөмдүк кылып койом. Анан кайтаар жериңер – Мен тарап. Силер талашкан нерселер тууралуу ортоңордо өкүм кыламын.
56.Ал эми ыйманга келбегендердин өздөрүн дүйнөдө да, акыретте да катуу азаптаймын. Алар үчүн эч бир жардамчы жок.
57.Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардын сыйлыктары толук берилет. Анткени, Алла – заалымдарды жек көрөт!
58.Мына ошону сага айаттардан жана даанышман насааттардан окуп берүүдөбүз.
59.Алланын алдында Исанын өрнөгү Адамдын мисалы сыйактуу. Аны топурактан жаратып, анан ага: “Бол!” - деп буйруду эле, болуп калды!
60.Чындык – Эгеңден. Мына эми, күмөн саноочулардан болбо!
61.Ачык белги келгенден кийин Иса тууралуу сени менен талашкандарга: “Келгиле, балдарыбызды, балдарыңарды, айалдарыбызды, айалдарыңарды, өзүбүздү жана өзүңөрдү чакыралы. Жалбарып, Алланын каргыштарын жалганчыларга тилейли!” – деп айт.
62.Чындыгында, ушул байандар – шексиз чындык. Алладан башка кудай жок! Чындыгында, Алла – Мартабалуу, Даанышман!
63.Эгер алар жүз үйүрүшсө ... Алла – бузукуларды Билүүчү!
64.“Эй, Китеп ээлери ! Ортобузду (түзөп), өз ара бир келишимге келели: “Жалгыз Аллага кулдук кылалы, Ага эч нерсени шерик кылбайлы. Ошондой эле, Алладан башканы – бири бирибизди кудай кылып албайлы” – деп айткын . Эгер алар каршы болсо, анда :“Биздин мусулмандыгыбызга күбө болгула!” – дегиле.
65.Эй, Китеп ээлери! Ибрахим тууралуу эмнеге талашасыңар? Акылга келбейсиңерби: Чындыгында, Тоорат да, Инжил да андан кийин түшүрүлбөдү беле?!
66.Эй, силер маалыматыңар болгон нерсе тууралуу го талашып жатасыңар ! А эмне үчүн өзүңөр билбеген нерселериңер тууралуу дагы талашасыңар? Алла билет, а силер билбейсиңер.
67.Ибрахим иудей да, христиан да эмес, нагыз мусулман болчу. Шерик тутуучулардан да эмес эле.
68.Чындыгында, адамдардын Ибрахимге жакыны – аны ээрчишкендер; Ушул пайгамбар жана ыймандуулар. Алла –ыймандуулардын Коргоочусу!
69.Китеп ээлеринин бир тобу силерди адаштырууну каалашты. А, бирок алар өздөрүн гана адаштырышат. Аны өздөрү да сезишпейт.
70.“Эй, Китеп ээлери! Өзүңөр күбө болуп туруп , эмне үчүн Алланын белгилерине каршы чыгасыңар?”
71.“Эй, Китеп ээлери! Эмне үчүн чындыкты бузукулук менен алмаштырып, билип туруп Акыйкатты жашырасыңар. ”
72.Китеп ээлеринин бир тобу (өз ара): “Ыймандууларга түшүрүлгөнгө күндүн башында ыйман келтирип, анын айагында каршы чыккыла! “Балким алар кайтаар” ,–дешет.
73.Силердин диниңерди ээрчигендерге Сен : “Чындыгында, Алланын жолу – туура жол!” – деп айткын. (Алар): “Эгер силер аларды ээрчисеңер, анда силерге түшүрүлгөн нерселер алардын бирөөсүнө да берилгендигине ишенбегиле, же алар Эгеңердин алдында силерге (күнөөнү) жаап салышат”, - деп айтышат. (Сен): “Чындыгында, жакшылык – Алланын колунда, аны Өзү каалаганына берет”, – деп айт. Чындыгында, Алла – баарын Камтуучу, Билүүчү.
74.Ал каалаган адамына Өз ырайымын багыштайт. Алла – Улуу Ырайымдуулуктун Ээси!
75.Китеп ээлеринин кээ бирөөлөрүнө сен көп байлык аманатка берсең , аны сага толугу менен кайтарат. Ал эми айрымдары бир динар аманатка берсең, анын артынан түшпөсөң кайтарып беришпейт. Себеби алар: “Сабатсыз адамдарга биздин күнүбүз түшпөйт”, –деп айтышат. Алар Алла тууралуу билип туруп жалган айтышат.
76.Андай эмес! Ким өз убадасын аткарса, Алладан корксо ... Чындыгында, Алла такыбаларды сүйөт!
77.Чындыгында, Аллага берген убадаларын жана анттарын арзыбас акча үчүн соодалашкандардын Акыретте эч кандай үлүшү жок жана Кыйамат Күнү Алла аларга сүйлөбөйт, карап да койбойт . Аларды (күнөөдөн) тазартпайт, аларга – оорутуучу азап (бар).
78.Чындыгында, алардын арасынан бир топ Китепте болбогонду (силер) Китепте бар экен деп ойлооңор үчүн тилдерин буруп окушат. “Бул – Алладан!” - деп айтышат. Бирок, ал – Алладан эмес! Алар Алла тууралуу билип туруп жалган айтышат.
79.Алла бир адамга Китеп, даанышмандык жана пайгамбарлык берсе, а тигил болсо адамдарга: “Алланы койуп, мага кул болгула!” – деп айтуусу туура эмес. Анын ордуна: “Китептен окуп үйрөткөнүңөрдөй жана сабак алганыңардай Эгесине гана берилгендей болгула!” – (деп айтуусу керек эле).
80.Ал силерге периштелерди жана пайгамбарларды өзүңөргө кудай кылып алууга буйурбайт. Силерди мусулман болгонуңардан кийин, (кайра) каапырлыкка буйурмак беле?!
81.Алла пайгамбарларга : “Силерге Китеп, даанышмандык бердим. Анан силерге берилген нерселерди тастыктоочу (башка) элчи келет. Силер ага сөзсүз ишенип, ага жардам беришиңер керек!” – деп алардын убадаларын алган. Ал : “Менин келишимимди тастыктап, кабыл албайсыңарбы? ” – деп айтты. Алар: “Тастыктайбыз! ” – дешти. Ал : “Күбө болгула ! Мен да силер менен бирге күбө болуучуларданмын”, – деди.
82.Мындан кийин кимде-ким жүз үйүрсө – алар бузукулар.
83.Алланын дининен башка дин издешеби ? Ага асмандардагы жана жердин баары ыктыйардуу да, ыктыйарсыз да мойун сунат. Алар Ага кайтарылат.
84.“Биз Аллага жана бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка жана алардын урпактарына түшүрүлгөнгө, Мусага, Исага жана бардык пайгамбарларга, Эгебизден белек кылынганга ыйман келтиребиз. Биз аларды бирин артык, бирин кем көрбөйбүз. Ага (Аллага) гана өзүбүздү тапшыруучуларданбыз ”, – деп айткыла.
85.Кимде-ким Исламдан башканы дин катары тутунса, анын дини кабыл кылынбайт. Ал Акыретте зыйанга учуроочулардан.
86.Аллага ыйман келтирип, чындыгында, элчинин акыйкаттыгына күбө болуп, аларга ачык далилдер келген соң, каапырлык кылган коомду Алла кандай туура жолго салсын?! Алла заалым коомду туура жолго баштабайт.
87.Алардын жазасы – Алланын, периштелердин жана бардык адамдардын каргышы !
88.Ал жерде (тозокто) алар түбөлүккө калышат. Алардын жазасы да жеңилдетилбейт, (жазалоо) мөөнөтү да артка кечиктирилбейт.
89.Бирок (ыйман келтирип), тообо кылгандар жана (амалдарын) түзөгөндөргө Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
90.Чындыгында, ыйман келтиришкенден кийин каапыр болгондор жана да каршылыктарын күчөткөндөрдүн тообосу эч (качан) кабыл болбойт. Мына ошолор – Жолдон адашкандар.
91.Чындыгында, каапыр бойунча өлгөндөрдүн ар бири жер жүзү толо алтын төлөсө да эч качан алардын (төлөмдөрү) кабыл кылынбайт . Аларга жан чыдагыс азап (бар). Алар үчүн бир да жардамчы жок!
92.Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Алла жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар. Силер эмнеден кайрымдуулук кылган болсоңор, чындыгында аны Алла Билүүчү!
Төртүнчү бөлүк
93.Тоорат түшүрүлөрдөн мурда Исраил өзүнө-өзү арам кылган нерселеринен башка бардык тамактар Исраил урпактарына адал болчу. Аларга: “ Эгер айтканыңар чын болсо Тооратты алып келип окугула!” –дегин.
94.Ошондон кийин кимде-ким Алла жөнүндө жалган сөз таратса, – мына ошолор заалымдар!
95.Айткын: “Алла – Чындыкты Айтуучу! Ибрахимдин таза динин кармангыла! ” Ал – (Аллага) шерик кошуучулардан эмес!
96.Чындыгында, адамзат үчүн Меккеде алгач курулган /й – бүткүл аалам үчүн ыйык жана туура жол!
97.Анда ачык белгилер жана Ибрахимдин орду бар. Кимде-ким ага кирсе – тынчтыкта болот. Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Алла (ырааазылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү. Ким мындан жүз үйүрсө, чындыгында, Алла – ааламдагыларга Муктаж эмес!
98.“Эй, китеп ээлери! Алланын белгилерине эмне үчүн ишенбейсиңер? ! Алла силердин кылып жаткан иштериңердин баарына Күбө!
99.“Эй китеп ээлери, өзүңөр тууралыгына күбө болуп туруп, эмне үчүн кара ниеттикти көздөп, ыймандууларды Алланын жолунан тососуңар?! Алла силердин жасап жаткан ар бир ишиңерге кайдыгер эмес!” – деп айткын.
100.Эй, ыйман келтирген момундар! Эгер силер ыйман келтиргенден кийин китеп ээлеринин кээ бир тобуна мойун сунсаңар, алар силерди (кайра) каапырлыкка кайтарышат.
101.Силерге Алланын айаттары окулуп жатса, араңарда Алланын элчиси болсо, анан кантип силер кайра артка (каапырлыкка) кайтасыңар? ! Ким Алланын китебин бекем карманса, ал – туура жолго багыт алат.
102.Эй, ыйман келтиргендер! Алладан чыныгы коркунуч менен корккула жана мусулман абалда гана өлгүлө.
103.Баарыңар Алланын жибин (гана) карманып, бөлүнүп-жарылбагыла! Силер бири-бириңе душман болуп турган учурда жүрөктөрүңөрдүн аралыгын жакындаткан, Анын жакшылыгы менен бир тууганга айланганыңарды эстегиле! Тозоктун бир чуңкурунун жээгинде турган кезиңерде, Ал силерди андан куткарды. Силер туура жолго түшүшүңөр үчүн Алла Өз айаттарын ушундай кылып байандайт.
104.Силерден жакшылыкка чакырып, жакшылыкка үндөгөн жана жамандыктан тыйган бир коом болсун! Ошолор – (азаптан) кутулуучулар.
105.Өздөрүнө ачык далилдер келгенден кийин бөлүнүп-жарылып, каршылашкандардан болбогула. Мына ошолорго – улуу азап (бар)!
106.Кыйамат Күнү айрым жүздөр агарып, айрым жүздөр карарат. Ошондо жүздөрү караргандарга: “Ыйман келтиргенден кийин каапыр болдуңарбы? ! Ошол каапыр болгонуңар үчүн азабын таткыла!” (– деп айтылат).
107.Ал эми жүздөрү агаргандар Алланын мээриминде болушат. Алар анда түбөлүктүү калышат.
108.Ушулар – Алланын айаттары. Аны сага чындык менен окуп берип жатабыз. Алла – ааламдарга зуулумдук кылууну каалабайт.
109.Асмандагылар да, жердегилер да Аллага таандык. Бардык иштериңер Аллага кайтат.
110.Аллага ыйман келтирген, жакшылыкка үндөгөн, жамандыктан тыйган, (жалпы) адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар! Эгер китеп ээлери ыйман келтиришкенде, ал – өздөрү үчүн жакшы болмок. Алардын кээ бирлери ыймандуулар, ал эми көпчүлүгү бузукулар.
111.Алар силерге кайгыдан башка эч бир зыйанын тийгизе алышпайт. Эгер силер менен согушса, артын карай качышат. Аларга жардам берилбейт.
112.Кайда болсо да, аларга кордук соккусу урулат. Алла тараптан коргоо, же адамдар (мусулмандар) менен келишими болсо гана аларга сокку урулбайт. Алар Алланын каарына учурап, кедейчиликтин да соккусун тартышат. Анткени, алар Алланын айаттарына каршы чыгышты, пайгамбарларды адилетсиздик менен өлтүрүштү. Бул (азап) – алардын күнөөгө батып, чектен ашкандыгынан.
113.Китеп ээлеринин баары бирдей эмес. Алардын түн мезгилинде тике туруп, Алланын айаттарын окуп, сежде кылуучу бир тайпасы бар.
114.Алар Аллага, акырет Күнүнө ишенишип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуп, жакшылык иштерде атаандашат. Алар – жакшылардан.
115.Алар кандай жакшылык кылышпасын (Алла тарабынан) унутулуп калбайт. Алла – такыбаларды Билүүчү!
116.Чындыгында, каапырлардын мал-мүлкү, балдары Алладан (келүүчү) эч бир нерседен аларды куткарып кала албайт. Алар – тозок ээлери. Анда түбөлүккө калышат!
117.Алардын бул дүйнөдө жасаган кайрымдуулуктарынын мисалы: өздөрүнө зулумдук кылган коомдун эгин талаасынын түшүмүн кыйраткан айаздуу шамал сыйактуу. Алла аларга зулумдук (адилетсиздик) кылган жок! Алар – өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты!
118.Эй, ыймандуулар! Өзүңөрдөн башкаларды дос тутпагыла. Алар силерге кастык кылуудан тартынышпайт. Алар силердин балээге кабылышыңарды каалашат. Алардын кектешүүсү оозунан (чыккан сөздөн) ачык-айкын көрүнүп турат. Жүрөктөрүнүн түпкүрүндөгү тагы (кеги) абдан чоң. Чындыгында, силер түшүнүшүңөр үчүн Биз силерге белгилерди байан кылдык.
119.Силер аларды жакшы көрөсүңөр, (баары бир) алар силерди жек көрүшөт. Силер Китептин баарына ыйман келтиресиңер, алар бетме-бет келген учурда: “Ишендик! ” – деп, өздөрүнчө калган кезде ачууланып, бармактарын тиштешет. “Кара ниетиңер менен кошо өлгүлө!” – деп айт. Чындыгында, Алла – жүрөктөрдүн түпкүрүндөгүнү Билүүчү!
120.Силер кандайдыр бир ийгиликке жетсеңер, аларга жакпайт. Ал эми силерге кандайдыр бир жамандык келсе, ага алар кубанышат. Эгер сабыр кылып, такыба болсоңор, алардын кара ниеттигинен эч зыйан тартпайсыңар! Чындыгында, Алла – алардын кылып аткан иштеринин баарын Камтуучу!
121./йүңдөн эрте чыгып, момундарды согуш үчүн катарга тиздиң, Алла – баарын Угуучу, Көрүүчү!
122.Ошол учурда силерден эки топ кайратынан тайа түштү. Алла ал экөөсүнүн жардамчысы. Момундар Аллага гана тобокел кылышсын!
123.Чындыгында, Бадрда силерди ¬¬жеңишке жеткирген – Алла! Ал кезде силер күчсүз болчусуңар. Алладан корккула! Мүмкүн (силер эми) шүгүр кылаарсыңар? !
124.Момундарга : “Эгеңер силерге үч миң периште түшүрүп, жардам берди. Ошол жетишпейби? !” – деп айттың.
125.Ооба, эгер сабыр кылып, такыба болсоңор, Ал силерге дароо келип, Эгеңер силерге бирдей беш миң периште менен жардам кылат.
126.Алла аны силерди сүйүнтүп, аны менен (кошо) жүрөктөрүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жардам – Мартабалуу, Даанышман Алладан гана!
127.Каапырлардын бир тарабын кыйратуу жана аларды кордоп, ийгиликсиз кайтуусу үчүн (ушинтти).
128.Алла аларды кечиреби, же азаптайбы.. . Эч бир иш сенин эркиңде эмес! Чындыгында, алар – заалымдар.
129.Асмандагылар жана жердегилер – Аллага таандык. Ал каалаганын кечирип, каалаганын азаптайт. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
130.Эй, ыйман келтиргендер! Сүткорлуктун эсебинен жашабагыла! Алладан корккула! (Ошондо) мүмкүн кутулаарсыңар!
131.Каапырларга дайардалган тозоктон сактангыла!
132.Алладан коркуп, элчиге мойун сунгула! Балким (ошондо) ырайым кылынаарсыңар!
133.Эгеңердин кечиримине, такыбалар үчүн дайардалган кенендиги асман менен жердей болгон бейишке умтулгула!
134.Кеңиричиликте да, жетишсиздикте да Алла жолунда сарптагандар, ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор – (ушулар такыбалар)! Алла – жакшылык кылуучуларды сүйөт!
135.Ыпластык менен алектенгендер, өз жандарына зулумдук кылгандар, билип туруп жасаган (күнөө) иштерин улантышпаса, Алланы эстеп, күнөөлөрү үчүн кечирим сурашса... Алладан башка ким күнөөлөрдү кечире алат?!
136.Алардын сыйлары – Эгесинен кечирим жана алдынан дарыйалар агып турган бейиштер. Ал жерде алар түбөлүккө болушат. Амал кылуучулардын сыйлыктары кандай жакшы!
137.Силерден мурда ар түрдүү окуйалар өткөн. Жер жүзүн кезгиле. Жалганга чыгаруучулардын акыбети эмне болгонун көргүлө!
138.Бул – адамдарга эскертүү жана Такыбаларга – жол көрсөтүүчү насаат!
139.Алсырабагыла жана кайгырбагыла, эгер момун болсоңор, силер албетте, (каапырлардан) үстөм болосуңар!
140.Эгер силер жаралансаңар, тигил коомго да ошол сыйактуу эле жарадарлык жеткен. Ушул күндөрдү адамдардын арасында айлантып турабыз. Алла силердин ыймандууларыңарды аныктоо жана силерден шейит алуу үчүн (ушинтет). Алла – заалымдарды жек көрөт.
141.Ошондой эле Алла момундарды тазалоо жана каапырларды кыйратуу үчүн (согуш чыгарат).
142.Же силерден Алла үчүн күрөшүүчүлөрдү жана сабырдууларыңарды (Эгеңер) аныктабастан туруп Бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы?
143.Мурда өлүмгө жолугууну эңсечү элеңер, эми аны көрүп, карап турасыңар.
144.Мухаммед – Алланын элчиси гана. Андан мурун да элчилер өткөн. Ал өлсө, же өлтүрүлсө силер артка кайтасыңарбы? ! Ким артына кайтса ал – Аллага кымындай да жамандык кыла албайт. Алла – шүгүр кылуучуларды сыйлайт.
145.Алланын буйругу болмойунча эч ким өлбөйт! Ал (ажал) – жазылуу бир мөөнөт. Кимде-ким бул дүйнөнүн жакшылыгын кааласа аны ошого беребиз. Ал эми кимде-ким Акыреттин жакшылыгын кааласа – ага ошону беребиз. Шүгүр кылуучуларды – тез арада сыйлайбыз!
146.Канчалаган пайгамбарлар менен нечелеген Кудайга берилгендер согушушту. Алар Алла жолунда тарткан азаптан алсырашып, мойун сунушкан жок. Алла – сабырдууларды сүйөт!
147.Алардын сөздөрү: “Оо Эгебиз! Күнөөлөрүбүздү, ишибиздеги ысырапкорчулугубузду кечиргин, биздин кадамдарыбызды бекем кылып, каапыр коомго каршы (күрөштө) жардам бер!”-дешти.
148.Ошондуктан Алла аларга дүйнө жакшылыгын берип, Акырет жакшылыгынын эң көркөмүнө бөлөдү. Алла – жакшылык кылуучуларды сүйөт!
149.Эй, ыйман келтиргендер! Эгер силер каапырларга мойун сунсаңар, силерди артыңарга кайтарат, ошондо силер зыйанга учуроочуларга айланасыңар.
150.Ооба! Силердин колдоочуңар – Алла. Ал – эң мыкты Жардамчы!
151.Ыймансыздардын жүрөгүнө Алла Өз Китептеринде кабарлабаган шериктерди кошкондугу үчүн коркунуч салабыз. Алардын бара турган жайы – тозок. Залымдардын жайы –кандай жаман!
152.Силер аларды Алланын каалоосу менен талкалаган кезде, Алланын убадасы ишке ашты. Качан гана силер коркуп, буйрукка каршы чыгып, силер жакшы көргөн нерсени Алла өзүңөргө көрсөткөндөн кийин гана силер мойун толгодуңар. Силердин араңардан бул дүйнөнү каалоочулар жана акыретти каалоочулар да бар. Ал силерди сыноо үчүн алардан жеңилүү менен кайтарды. Бирок, Ал силерди кечирди. Алла – момундар үчүн ырайым Ээси!
153.Мына силер эч кимге карабастан артка качтыңар. Элчи болсо силерди алга чакырып жатты. Силердин кайгыңарга кайгы кошуп, өткөн нерсеге жана кабылганга өкүнбөшүңөр үчүн Алла силерди жазага кириптер кылды . Чындыгында, Алла – силердин жасап жатканыңардан Кабардар.
154.Анан, Ал силерге кайгыдан кийин, силердин бир бөлүгүңөрдү тынчтандыруучу уйку жиберди. Калган бөлүгүңөр өздөрү менен алек болуп, санаа тартып жатышты. Алар: “Бул иште бизге бир нерсе болбой калды”, – деп, Алла тууралуу адилетсиз наадандык ойлорго алдырышты. – “Бардык иштер –Аллага таандык”, –деп айткын. Алар дилдеринде сага ачык айтпаган нерселерди сакташат. Алар: “ Эгер бул иште биз үчүн бир нерсе болгондо, биз бул жерде өлүмгө учурабас элек”, –деп айтышат. Айт: “Эгер силер өз үйүңөрдө жатып деле, кимдин маңдайына өлүм жазылган болсо, ачыкка чыкмак . Алла силердин дилиңердегини сыноо жана жүрөгүңөрдөгүнү тазалоо үчүн (ушул окуйага кириптер кылды)”. Акыйкатта, Алла дилдердеги нерселерди Билүүчү!
155.Чындыгында эки тайпа бетме-бет келген кезде силердин араңардан артка кайткандар, алардын бузукулук аракетинен улам шайтан жаңылыштыкка түрттү. Алла аларды кечирди. Анткени, Алла –Кечиримдүү, Жумшак!
156.Эй, ыйман келтиргендер! Сапарга, же согушка бара жатып, кайтыш болгон туугандар тууралуу: “Эгер алар биз менен чогуу болгондо, өлмөк да эмес, өлтүрүлмөк да эмес” – деп жолдошторуна айткан каапырлардай болбогула! Акыйкатта, Алла – тирилтет жана өлтүрөт! Алла – силер жасап жаткан иштерди Көрүп туруучу!
157.Албетте, силер Алланын жолунда өлтүрүлгөн, же өлгөн болсоңор, – Алланын кечирими жана ырайымы алар жыйнап жаткан нерселерден жакшыраак.
158.Эгер силер өлтүрүлсөңөр, же өлсөңөр, анда албетте Алланын алдына чогултуласыңар .
159.Алланын ырайымы менен сен аларга жумшак мамиле кылдың. Эгерде сен катуу жүрөк, орой болгонуңда, анда алар сенин айланаңдан чачылып кетмек. Аларды кечир жана алар үчүн кечирим сура. Бирок иш тууралуу алар менен кеңеш . Эгер чечим кабыл алган болсоң , анда Аллага тобокел кыл! Алла Өзүнө тобокел кылгандарды сүйөт.
160.Эгер Алла силерге жардам берсе, анда силерди эч ким жеңе албайт. Ал эми Алла силерге жардам бербесе, анда Андан башка ким силерге жардам берет?! Ыймандуулар Аллага гана тобокел кылышсын!
161.Алланын элчиси (кимдир-бирөөнү) алдоого тийиш эмес. Эгерде кимде-ким алдаган болсо, ал Кыйамат Күнү Алланын алдына ошол алдаган нерсеси менен келет. Анан ар бир жанга өзү ээ болгон нерсесине жараша сый, же жаза берилип, аларга зулум кылынбайт.
162.Алланын ыраазылыгына жетүүгө умтулган адам, кантип эле Алланын каарына калган адамга окшосун? Анын бараар жери – Тозок. Ал жай – абдан жаман.
163.Алар Алланын алдында түрдүү даражаларда болушат. Алла эмне кылгандарын көрүп турат.
164.Алла алардын өздөрүнүн ичинен элчи жиберип, момундарга ырайым кылды. Ал аларга Анын айаттарын окуп берет жана аларды (күнөөдөн) тазалайт. Аларды мурда анык адашууда жүрүшкөнүнө карабастан Китепти окууга жана даанышмандыкка үйрөтөт.
165.Силерге кырсык келгенде : “Бул кайдан?” – дедиңер. Албетте, силер мындайдын эки эсесине туш болгонсуңар. “Бул силердин өзүңөрдөн ”, –деп айт. Чындыгында, Алла бардык нерсеге Кудуреттүү!
166.Момундарды аныктоо үчүн эки топ каршылашкан күнү силерге келген кырсык – Алланын каалоосу менен (болду)!
167.Ошондой эле (ал согуш) мунафыктарды билүү үчүн да (буйрулду). Аларга: “ Келгиле, Алла жолунда согушкула жана коргонууга тургула!” – деп айтылса, алар: “Эгер согушууну билсек, силердин артыңардан ээрчийт элек!” – дешти. Алар ал күнү ыйманга караганда каапырлыкка жакыныраак болчу. Алар жүрөктөрүндө болбогон нерсени ооздору менен айтышты. Алла алардын жашырган нерселерин жакшыраак билет.
168.Олтуруп алышып ага-инилерине: “Эгер биздин тилибизди алышса, алар өлүмгө дуушар болушмак эмес эле”, – деп айткандарга, “Айтканыңар чын болсо, өлүмдү өзүңөрдөн кайтарып көргүлөчү! ” – деп айт .
169.Алла жолунда өлтүрүлгөндөрдү, өлүк деп атабагыла. Алар – тирүү жана Эгесинин алдында ырыскыга бөлөнүшөт.
170.Алар Алланын мээрими менен өздөрүнө (Бейиште) берилген нерселерине кубанышкан абалда, арттарынан эрчибей калгандарды да: “Аларга коркунуч жок. Алар кайгырышпайт”, – деп сүйүнчүлөшөт.
171.Ошондой эле алар Алладан болгон жакшылыкты жана ырайымдуулукту сүйүнчүлөшөт. Чындыгында, Алла – момундардын сообун текке кетирбейт.
172.Алар (согушта) соккуга кабылгандан кийин да, Алла жана Анын элчисинин чакырыгына жооп беришет. Жакшы иштерди жасап, такыба болгондорго – улуу сыйлык (бар)!

#7 17 Март 2014 - 02:23
АЛИ ИМРААН уландысы
.
173.Аларга адамдар: “Мына, силерге каршы эл чогулду. Алардан корккула! ” – деп айтышканда, алардын ыйманы ого бетер күчөп: “Бизге – Алла жетиштүү! Ал – кандай жакшы Колдоочу! ”-дешкен.
174.Ошондуктан алар Алланын жакшылыгы жана айкөлдүгү менен эч бир жамандыкка кабылбастан, Алланын ыраазылыгына бөлөнүп кайтышты. Алла – Улуу берешендиктин ээси!
175.Чындыгында, шайтан өз досторун коркутат. Эгер момун болсоңор, алардан коркпогула, Менден корккула!
176.Алардын каапырлыкка карай умтулуусу сени кайгыга салбасын. Анткени, алар Аллага эч зыйан келтире алышпайт. Алла аларга Акыретте эч кандай үлүш кылбоону каалайт. Аларга улуу азап (бар).
177.Ыйманынын ордуна каапырлыкты сатып алгандар да Аллага эч кандай зыйан келтире алышпайт. Аларга оорутуучу азап (бар).
178.Алар жана алар сыйактуу каапырлардын мөөнөтүн узартканыбызды – өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун. Алардын күнөөлөрү дагы көбөйүүсү үчүн мөөнөттөрүн узартып койобуз. Алар үчүн кордоочу азап бар.
179.Алла жакшыдан жаманды ажыратканга чейин гана (сынайт). Силерди – момундарды ушул абалда калтырбайт. Алла силерге кайыпты билдирбейт, бирок элчилеринен каалаганын тандап, ошого гана билдирет. Аллага жана Анын элчилерине ыйман келтиргиле! Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор, анда силерге улуу сый (бар).
180.Алланын берешендигинен өздөрүнө берилген нерселерге сараңдык кылгандарды – алар үчүн жакшы деп ойлобогула! Жок, бул – аларга (абдан) жаман! Кыйамат Күнү алар эмнеге сараңдык кылышкан болсо, ошол нерсеси алардын мойнуларына (от болуп) оролот. Андыктан, асман жана жердин (бардык) мурастары Аллага таандык! Алла – жасаган иштериңерден Кабардар!
181.Чындыгында: “Алла кедей, а биз байбыз”, – дегендердин сөзүн Алла укту. Алардын айткандарын жана жазыксыз пайгамбарларды өлтүргөндөрүн жазып койобуз да, аларга: “Куйкалоочу азаптын даамын таткыла!” – деп айтабыз.
182.Бул (азап) – силердин колуңардын жасаганынан улам. Алла – Өз пенделерине адилетсиздик кылуучу эмес.
183.Алла бизге: “От жалмап кете турган курмандык алып келмейинче эч бир элчиге ишенбегиле”, –деген осуйат калтырган дегендерге (минтип) айт: “Силерге менден мурунку элчилер ачык далилдерди, ошондой эле айтканыңарды келтирди. Силер чынчыл болсоңор анда эмне үчүн аларды өлтүрдүңөр? !”
184.Сени алар “жалганчы” дешсе, чындыгында сага чейин далилдер , ачык Китеп жана барактар менен түшүрүлгөн элчилерди да, алар “жалганчы” дешкен.
185.Бардык жандар өлүм даамын татышат жана Кыйамат Күнү ар бириңерге сыйлыгыңар толугу менен берилет. (Ошондо) ким Тозок отунан куткарылып, Бейишке киргизилген болсо, мына ошол ийгиликке жетет. Дүйнө жашоосу – азгырыктардан гана пайдалануу.
186.(Эй, момундар! ) Силер мал-мүлкүңөр жана напсиңер аркылуу сыноодон өткөрүлөсүңөр, силерге чейин Китеп түшүрүлгөндөрдөн жана мушриктерден көптөгөн ыза кылуучу сөздөрдү угасыңар. Эгер сабыр кылып, Алладан корксоңор, анда бул – иштердин максатка жеткени.
187.Ошол убакытта Алла Китеп берилгендерге: “Аны адамдарга түшүндүрүүгө, жашырбоого убада бересиңерби? !” – деп , алардын убадасын алды. Бирок алар аны артына ташташып , арзыбаган акчага алмаштырышты. Алар сатып алган нерсе кандай жаман!
188.Аткарган иштерине кубанып, өздөрү жасабаган иштер менен мактанууну сүйгөндөр азаптан кутулат деп ойлобо. Аларга – оорутуучу азап (бар)!
189.Асмандар менен жердин кожойундугу – Аллага (гана) таандык. Алла –бардык нерсеге Кудуреттүү!
190.Асмандар менен жердин жаралуусунда жана түн менен күндүн алмашуусунда – акыл ээлери үчүн белгилер (бар).
191.Алар Алланы турган абалда, отурган жана жамбаштаган абалда да эстешет жана асмандардын жана жердин жаралуусу жөнүндө ой жүгүртүшүп: “Оо, Эгебиз! Сен муну максатсыз эле жаратканың жок. Сен Аруусуң! Бизди Тозок азабынан сакта!” (– дешет).
192.Оо, Эгебиз! Сен кимди Тозокко киргизсең, чындыгында аны кордойсуң. Заалымдардын эч бир жардамчысы жок.
193.Оо Эгебиз! Биз: “Эгеңерге ыйман келтиргиле”, – деп чакырган үн салуучуну угуп, ыйман келтирдик. Оо, Эгебиз! Биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, жамандыктарыбызды жашыр, жакшылар менен бирге өлүүнү насип эт.
194.Оо, Эгебиз! Бизге элчилериңе убада кылганыңды бере көр! Бизди Кыйамат Күнү шерменде кылба. Чындыгында, Сен убадаңа каршы чыкпайсың!
195.Ошондо алардын тилектерин Эгеси кабыл кылып: “Чындыгында, Мен силердин – эркек, же ургаачы болсун – амал кылуучуңардын амалдарын текке кетирбеймин. Силер бири-бириңерденсиңер. Көчкөндөрдүн , мекенинен куулуп чыгарылгандардын, Менин жолумда азап тарткандардын, согушкандардын жана өлтүрүлгөндөрдүн жамандыктарын кечип жиберем . Аларды алдынан дарыйалар аккан Бейишке киргиземин”, (– деди). Сыйлык – Алладан! Сыйлыктын жакшысы – Алланын алдында!
196.Каапырлардын шаарлар арасында айланып (сайакаттап) жүрүүсү сени азгырбасын.
197.Аз гана пайдалануудан кийин алардын орду – Тозок. (Ал–) кандай жаман орун!
198.Өз Эгесинен корккондорго – алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактары (тартууланат). Ошол жерде алар түбөлүккө калышат. Алар – Алланын коноктору. Алланын алдындагы жакшылык – такыбалар үчүн!
199.Чындыгында, Китеп ээлеринен Аллага ыйман келтирип, силерге түшүрүлгөн жана өздөрүнө түшүрүлгөн нерселерге Алладан корккон абалда ишенгендер да бар. Алар – Алланын айаттарын арзыбас баага сатышпайт. Алардын сыйлыктары –Эгесинин алдында! Чындыгында, Алла – тез Эсептөөчү!
200.Эй, ыймандуулар! Сабырдуу жана чыдамдуу болгула, катарга тургула жана Алладан корккула, мүмкүн кутулаарсынар.

#8 17 Март 2014 - 02:26
4) НИСА
Ниса 4-сүрөөсү
.
Мединада тшүрүлгөн. Жүз жетимиш алты аяттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1.Эй адамдар, силерди бир жандан жаратып, анан андан жуп кылып жана ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана айалдарды жараткан Эгеңерден корккула! Силер Анын (атын атоо) менен бири бириңден сураган Алладан жана карым-катнаштан корккула! Албетте, Алла силерди көзөмөлдөгөн эле.
2.Жетимдердин мал-мүлкүн өздөрүнө бергиле жана жакшыны жаманга алмаштырбагыла. Алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүн малыңарга кошуп жебегиле! Анткени ал – чоң күнөө!
3.А эгер силер жетимдерге адилетсиздик кылуудан корксоңор, анда өзүңөргө жаккан башка айалдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө үйлөнө бергиле. А эгер адилетсиздик болот деп корксоңор, анда бирөөнө гана, же болбосо кол астыңардагылар (менен чектелгиле). Бул зулум кылбооңорго жакыныраак.
4.(/йлөнгөн) айалдарыңарга калыңын чын дилден бергиле. Эгерде ал (айал) калыңдын (кайсы бир) бөлүгүн силерге ыйгарса, анда муну жей бергиле! Тамагыңар таттуу болсун.
5.Ысырап кылуучуларга Алла силерге ыроологон мал-мүлкүңөрдү бербегиле. Аларга андан тамак-аш бергиле, кийиндиргиле жана аларга жакшы сөздөр айткыла!
6.Жана жетимди сынап көргүлө , алар качан үйлөнүү куракка келгенде алардын акылы толгонун байкасаңар, аларга мал-мүлкүн бергиле жана аны (мал-мүлктү) алар (жетимдер) акылы толгон куракка жашы жетүүсүнөн коркуп, (андан мурун) ысырап кылып, шашылыш түрдө жеп койбогула! А ким бай болсо, анда жетимдин мал-мүлкүнөн өзүн кармасын. А эгер кедей болсо, анда жакшылык менен жесин. А силер жетимдин мал-мүлкүн өзүнө тапшырганда аларга күбө катыштыргыла. Эсепте Алла өзү жетиштүү.
7.Эркектерге ата-энеси жана туугандары калтыргандан үлүш бар. Айалга да ата-энеси, туугандары калтыргандан үлүш бар. Аз болсо да, көп болсо да парз кылынган үлүш (болуп эсептелет).
8.Туугандары , жетимдер жана кедейлер бөлүштүрүүдө келип калса, андан аларга да бергиле, аларга жакшы сөз айткыла!
9.Артында жаш наристелерин калтыруучулар коркушсун! Алладан сактанышсын! Ага жылуу-жумшак сөз айтышсын!
10.Албетте, жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер өз курсактарына отту жутушат жана тозоктун отунда азапталышат.
11.Алла силерге балдарыңар тууралуу да көргөзмө берет: (алуучу)Эркек бала болсо эки кыздын үлүшүнө барабар (алат). А эгер – айалдар экиден ашык болсо, анда ал калтыргандын үчтөн бир бөлүгү (берилет); а бир эле (кыз) болсо, анда ага (мурастын) жарымы (үлүшү) берилет. А эгер анын (маркумдун) баласы бар болсо, өлгөндүн ата-энесине алардын ар бирине ал калтыргандын алтыдан бир бөлүгү (берилет).А эгер анын баласы жок болсо, анда ага ата-энеси гана мураскер болот да, энеси үчтөн бир бөлүгүн алат. Эгер (маркумдун) эркек бир туугандары бар болсо, анда энесине мурастын алтыдан бир бөлүгү (калат). Керээз кылып калтырган осуйатын (аткаргандан) кийин, же карызын берген соң. Силердин ата-энеңердин, же балдарыңардын кимисинен көбүрөөк пайда экенин силер билбейсиңер. Ошондуктан Алла (мурасты) парз кылып койгон. Алла Билүүчү, Даанышман.
12.Эгер (ал айалдардын) баласы жок болсо, анда силерге айалыңар калтыргандын тең жарымы (калат). Эгер анын баласы бар болсо, анда силерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп жана карыздарды төлөгөн соң төрттөн бир бөлүгү (калат). Силердин жесир калган айалдарыңардан, эгер силерде бала жок болсо, анда силер калтыргандын төрттөн бир бөлүгү, а эгер силерде бала бар болсо, анда жесирлерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп бүткөндөн жана карыздарды төлөгөндөн соң, сегизден бир бөлүгү (калат). А эгерде эркекте ата да, бала да болбосо, же айалда түздөн-түз мураскорлор жок болсо, анда анын ага-(иниси) же эже-(сиңдиси) алардын ар бири алтыдан бир бөлүгүн алат. А эгер алар (мураскорлор) экиден көп болсо, анда мурастын үчтөн бир бөлүгүндө алар шериктеш болушат. Алланын көрсөтмөсү бойунча эч кимге зыйан келтирбей карыздарды төлөп бүткөн соң(берилет). Акыйкатта, Алла Билүүчү, Жумшак.
13.Булар Алланын чек аралары . Эгер ким Аллага жана Анын элчисине мойун сунса, Ал аларды алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына киргизет, алар анда түбөлүккө калышат. Бул – зор ийгилик!
14.А ким Аллага жана Анын элчисине баш ийбесе жана Анын чектеринен өтүп кетсе, Ал аларды отко киргизет. Алар анда түбөлүккө болушат жана алар үчүн кордоочу азап бар!
15.Силердин айалдарыңардан бузуктук ишти кылгандарга өзүңөрдөн (мусулмандардан) төрт күбөнү күбөлөндүргүлө! Эгер алар күбөлүк беришсе, анда айалыңарды өлүм келгенге чейин, же Алла аларга башка бир жолду көргөзмөйүнчө үйүңөрдө кармагыла.
16.А (эгер) силердин араңардан экөө бул бузук ишти кылышса, аларды жазалагыла, эгер алар өкүнүп, оңолушса, жазаны (кордоону) токтоткула. Албетте, Алла Кечирүүчү, Мээримдүү.
17.Күнөөнү билбестиктен жасап, кайра тезинен тообо кылып, өкүнгөндөргө, Алланын кечирими болот. Акыйкатта Алла Билүүчү, Даанышман.
18.Күнөөлөрдү жасап, анан алардын ичинен бирөөнө өлүм келген учурда ал: “Мен азыр өкүндүм, тообо кылдым!” – деп айтса,ага тообо жок. Ошондой эле каапыр бойдон өлүп калгандарга да (кечирим) жок. Аларга Биз катуу азапты дайардадык.
19.Эй ыйман келтиргендер! Силерге айалдарды күч менен мураска алуу дурус эмес жана аларга (айалдарга) берген калыңыңарды кайтарып алуу үчүн аларды (башка эрге тийүүдөн) тосуп турбагыла. Бирок алар ачык эле бузук ишке барышса, анда калыңыңарды кайтарып ала аласыңар. Алар (айалдар) менен жакшы, туура мамиледе болгула. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Силер жаман көргөн нерседен мүмкүн Алла андан көп жакшылыкты берээр.
20.Эгер силер бир айалды башка айал менен алмаштырууну кааласаңар, алардын бирөөнө (калыңга)мал- мүлк берген болсоңор, андан эч нерсени кайтарып албагыла! Ырасында, аны силер адилетсиздик жана ачык күнөө кылуу жолу менен тартып аласыңарбы?
21.Кантип эле силер, бири-бириңердин араңарда жакындык болгон соң жана алар (айалдар) силерден ишеничтүү - убада алышкандан соң , калыңдын бир бөлүгүн кайра кантип аласыңар?
22.Атаңар үйлөнгөн айалдарга үйлөнбөгүлө! Бирок бул иш (үйлөнүү) мурун болуп өткөн болсо (ал кечиримдүү). Акыйкатта бул өтө ыплас, каар, ачууга татыктуу жаман жол болгон!
23.Силерге энеңерди, кыздарыңарды, эже-карындаштарыңарды, тайэжеңерди, бир тууганыңардын, эжеңердин кыздарын, эмчек эмизген энеңерди, эмчектеш эже-карындашыңарды, айалыңардын энесин, силер менен жыныстык катнашта болгон айалыңардын силердин камкордугуңарга өткөн кыздарына никелешүү арам. А эгерде жыныстык катнашта али боло элек айалдарыңардыкы болсо, анда күнөө жок. Силерге ошондой эле өзүңөрдөн болгон балдарыңардын айалдарына үйлөнүүгө тыйуу салынат. Ошондой эле силерге бир эле мезгилде эки бир тууган эже-сиңдиге үйлөнүүгө да тыйуу салынат; а эгер бул иш мурда болуп өткөн болсо, ал кечиримдүү. Акыйкатта, Алла күнөөлөрдү Кечирүүчү жана Мээримдүү.
Бешинчи бөлүм
24. Күйөөсү бар айалды никелеп алууңарга да тыйуу салынган. Бирок колуңардагы күңдөрдү алсаңар болот. Бул силерге Алланын жазган буйругу. Мында айтылгандардан башкаларына абийириңерди сактап , бузуктук кылбай өз каражатыңар менен үйлөнүүңөр адал. А силер алардан (айалдардан) пайдаланганыңар үчүн аларга белгилүү өлчөмдө калың бергиле. Эгер силер белгиленгенден соң өз ара сүйлөшүп макулдашсаңар андан эч кандай күнөө жок. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман.
25. А эгер силердин араңардан кимдир бирөө эркин, абийири таза, ыймандуу айалдарга үйлөнүүгө алыңар жетпесе, анда момун айалдардын арасынан күңдөргө үйлөнө берсеңер болот. Бирок, момун кыз-келиндер болсун . Акыйкатта, Алла силердин ыйманыңарды билип турат. Бири-бириңерге никеде барабарсыңар. Аларга кожойунунун уруксаты менен татыктуу калың берип үйлөнө бергиле. Алар айагы суйук, же бир жашыруун ойнош күтүүчү болбой, силердин (андай) күнөө иштерге барбаган, абийири таза айалыңар болсун! Эгер алар ойноштук кылса, анда алардын жазасы – эркин айалдын жазасынын жарымына барабар болот. А эгер сабырдуу болсоңор, өзүңөр үчүн жакшы. Акыйкатта Алла Кечирүүчү, Боорукер!
26.Алла силерге ачык түшүндүрүүнү, мурунку пайгамбарлардын түз жолуна багыттоону жана силерди кечирүүнү каалайт. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман.
27.Алла силерди кечирүүнү каалайт. А өз каалоо-кумарларына ээрчигендер болсо силердин (акыйкаттан) бурулуп кетүүңөрдү каалашат.
28.Алла силерге жеңилдетүүнү каалайт. Анткени инсан алсыз кылып жаратылган.
29.Эй ыйман келтиргендер! Бир-бириңдин мал-мүлкүңдү арам жолдор менен жеп койбогула! Бирок, бул өзүңөрдүн ыраазычылыгыңар менен болгон соода болсо, анда жей бергиле. Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта, Алла силерге Мээримдүү.
30.Ал эми ким бул иштерди чектен чыгып, адилетсиздик менен жасаса, аны Биз жакында тозок отуна киргизебиз. Мындай кылуу Алла үчүн жеңил!
31.Эгерде силер тыйуу салынган чоң күнөөлөрдөн өзүңөрдү тыйып-сактасаңар, силердин кичине күнөөңөрдү кечиребиз жана силерди Бейишке киргизебиз.
32.Алла силердин бириңе, экинчиңерди артык кылганына суктанбагыла! Эркектерге өздөрүнүн эмгегине жараша үлүш. Айалдарга да өздөрүнүн эмгегине жараша үлүш. Алладан жакшылыгын сурангыла! Акыйкатта, Алла бардыгын Билүүчү!
33.Ата-эне, жакын туугандар жана кол алышып антташкан достор таштаган мал-мүлк ар бирине үчүн мураскорлорду кылдык. Аларга үлүштөрүн бергиле. Акыйкатта Алла бардык нерселердин үстүнөн Күбө болуучу.
34.Алла кээ бирин кээ биринен артык кылгандыгы жана өз малдарынан аларга (айалдарга) сарпташкандыктары себептүү эркектер айалдардын кожойуну. Аллага мойун сунуучу – ал, күйөөлөрүнө баш ийүүчү, Алланын сактоосу менен күйөөлөрү жокто абийирлерин сактоочу айалдар. Силерге баш ийбей койуудан корккон айалдарыңарга адегенде насаат айткыла! Алардын төшөгүн бөлүп койгула! Ургула! Эгер алар силергө мойун сунуп оңолушса, анда аларга каршы жол издебегиле! Акыйкатта, Алла Өтө Бийик, Улук!
35.Эгер силер жубайлардын араздашуусунан корксоңор, анда күйөө тараптан жана айал тараптан бирден калыс жибергиле! Эгер алар жараштырууну каалашса, анда Алла алардын ортосуна ынтымак салат. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Кабардар!
36.Аллага табынгыла жана Ага эч кимди шерик кылбагыла! Ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жакын тууган коңшуларга жана тууган эмес кошунага, кесиптеш жолдошко, жолоочуга жана сенин кол алдыңдагыларга жакшылык кылгыла! Акыйкатта, Алла текебер жана мактанчаактарды сүйбөйт,
37.сараңдангандарды жана адамдарды сараң болууга буйургандарды жана Алла аларга өз марттыгы менен тартуулагандарды жашырышкандарды (сүйбөйт). Биз каапырлар үчүн кордоочу азапты дайардап койдук.
38.Өзүнүн мал-мүлкүнөн адамдар көрсүн үчүн сарптагандар – Аллага жана акырет күнүнө ишенбегендер жана шайтанды жолдош кылып алгандар. Шайтан кандай жаман жолдош.
39.Алар Аллага жана Акыретке ишенип, Алла аларга берген ырыскыларды сарпташса, эмне болор эле? Анткени, Алла алар жөнүндө баарын билет.
40.Акыйкатта, Алла эч кимге кымындай да зулум кылбайт. А эгер жакшылык болсо, Ал аны эки эселеп көбөйтөт жана Өз алдынан улуу сыйлык берет.
41.Эгер Биз ар бир элден күбө алып келсек, а сени буларга каршы күбөлөндүрсөк (каапырлардын абалы) кандай болоор экен?
42.Ошол күндө ишенбей каапыр болгондор жана пайгамбарды укпагандар (өздөрүнүн) жер менен жексен болуп кетүүсүн каалашат да, Алладан бир да сөзүн жашыра албай калышат.
43.Эй, ыйман келтиргендер! Силөр мас болгон абалыңарда өзүңөрдүн эмне деп айтып жатканыңарды билмейинче намазга жолобогула! Ошондой эле, силер булганыч абалыңарда да жуунганга чейин (намаз окубагыла)! Бирок, сапарда болсоңор (суу жок болсо, тайамум менен намаз окуй бергиле)! Эгер оорулуу болсоңор же сапарда болсоңор, же бирөө ажатын бүтүрсө , же айалыңар менен катнашсаңар, анан жуунганга суу таппасаңар, таза топуракка тайаммум жасагыла: жүзүңөрдү жана колуңарды (ошол сүртүлгөн чаң менен) сылагыла! Албетте, Алла Кечирүүчү!
44.Ырас эле Китептен бир үлүш берилгендер адашууну сатып алышканын жана силердин жолдон адашууңарды каалашканын карап көрбөйсүңбү?
45.Алла силердин душманыңарды жакшы билет. Алла жетиштүү коргоочу жана Алла жетиштүү жардамчы.
46.Иудейлерден сөздү мындай деп бурмалап-бузуп сүйлөгөндөр бар: "Биз уктук жана баш ийбедик", "уга элегиңди угуп ал (укпа)", "рооинаа" - деп, сөздү бузуп, динге доо келтиришкен. А эгерде алар: "Биз уктук жана баш ийдик", "ук" жана "бизге кара", – деп сүйлөшсө, анда алар үчүн жакшы, ары туура болмок. Бирок Алла аларды каапыр болгондуктары үчүн каргышка калтырды. Алардын азыраагынан башкасы каапыр бойунча калды.
47.Эй, Китеп берилгендер! Биз бетиңерди сүргөнгө жана аларды артты көздөй бурганга, же Биз аларды ишемби күнүн бузгандарды наалатылагандай каргышка калтыргандан эртерээк Биз силерге силердегини (Тоорат, Инжил) тастыктоо үчүн жөнөткөнүбүзгө ишенгиле! Алланын буйругу ар дайым ишке ашат.
48.Акыйкатта, Алла Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка күнөөлөрдү эгер кимди (кечирүүнү) кааласа кечирет. А ким Аллага шерик кошсо, ал зор күнөөнү ойлоп тапканы.
49.Чын эле, сен өздөрүн «өтө тазабыз» деп билгендерди көрбөйсүңбү? ! Жок, Алла кимди кааласа, аны тазалайт. Аларга кымындай да зулум кылынбайт.
50.Алар Аллага кандай жалгандарды айткандарын карачы! Бул айкын күнөө болууга жетиштүү.
51.Сен Китептин бөлүгү берилгендердин "Жибт", менен "Таагуутка" ишенишкендиктерин жана каапырларга: "Ыйман келтиргендердин жолунан силердин жол туура дешкендерин көрбөйсүңбү? "
52.Булар Алланын каргышына калгандар. Ким Алланын каргышына калса, ага жардамчыны таппайсың!
53.Же аларда мүлктөн үлүшү барбы? (Алардын колунда эч кандай бийликтен үлүш жок. Кокус болуп калса,) анда деле адамдарга кымындай да беришмек эмес.
54.Мүмкүн алар Алла өз жакшылыгы менен адамдарга берген нерселери үчүн көрө албастык кылып жатышпасын? Анткени, Биз Ибрахимдин урпактарына Китеп жана акылмандык берип, аларга зор бийлик тартууладык.
55.Ошолордун ичинен ага ишенгендер да, алардын арасынан андан баш тарткандар да болду. Аларга тозоктун азабы жетиштүү!
56.Акыйкатта, айаттарыбызга ишенбегендерди Биз отко киргизебиз. Алардын терилери (тозокто) күйүп бүтөр замат (алар азапты татышы үчүн) Биз аны башка териге алмаштырабыз. Акыйкатта, Алла Ызаттуу, Даанышман.
57.А ыймандууларды Биз алдында дарыйалар агып турган Бейиш бактарына киргизебиз, алар анда түбөлүккө болушат. Анда алар үчүн таптаза жубайлар бар жана аларды дайыма көлөкөлүү жайларга киргизебиз.
58.Акыйкатта, Алла силерге тапшырылган аманатты анын ээсине тапшырууга буйрук кылат! Эгерде силер адамдардын ортосунда өкүм жүргүзсөңөр, анда адилеттүүлүк менен өкүм чыгаргыла. Албетте, Алла силерди үндөп жаткан нерсе кандай сонун! Акыйкатта, Алла Угуучу, Көрүүчү!
59.Эй ыймандуулар, Аллага баш ийгиле! Алланын элчисине баш ийгиле! Ошондой эле силердин араңардагы колуна бийлик берилгендерге баш ийгиле! Эгер бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, анда Аллага жана пайгамбарга кайтаргыла, эгер силер Аллага жана акырет Күнүнө ишенсеңер. Мына ушул эң жакшы жана мыкты көрсөтмө!
60.Сага (Мухаммед) жана сага чейинкилерге да ишенебиз деп ойлогондор өкүм чыгартуу үчүн катуу адашканга кайрылууну каалашканын көрбөйсүңбү? А, алар ага ишенбөөгө буйрулушкан эле! А, шайтан аларды жолдон азгырып, терең адашууга алып барууну каалайт.
61.Качан аларга: «Алла түшүргөн нерселерге жана Алланын элчисине кайрылгыла! » – деп айтылса, эки жүздүүлөрдүн сенден жүзүн буруп, кеткенин көрөсүң.
62.Качан аларга өз колдору менен кылган мурунку иштери үчүн кырсык келсе кандай (кыла алышат.) Андан соң сага келишет да, Алланын аты менен ант ичип: "Биз сага жакшылык жана ийгилик гана каалаган элек", – дешет.
63.Алла алардын жүрөгүндөгүнүн баарын билет. Сен да алардан жүзүңдү үйрү. Насаат кылып, таасирдүү сөз айт.
64.Биз пайгамбарды Алланын уруксаты менен гана мойун сунсун үчүн жөнөткөнбүз. А эгерде алар өздөрүнө адилетсиздик кылышса сага келишет да, Алладан кечирим сурашат, алар үчүн Алланын элчиси да кечирим сураганда, алар Алланын Тооболорду Кабыл Кылуучу, Мээримдүү экендигин табышаар элө.
65.О жок! Сенин Эгеңе ант, алар өздөрүндөгү талаш-тартышка сени калыс кылмайынча момун боло алышпайт. Андан соң алар сен кылган өкүмгө каршы болушпайт, ага толугу менен мойун сунушат.
66.А эгер Биз аларга: «Өз өмүрүңөрдү бергиле!» , же: «Турагыңардан чыккыла!» – десек, анда муну алардын азыраагы гана аткарышмак. А, эгер алар өздөрүнө айтылган насаатты аткарышса, анда өздөрү үчүн абдан жакшы жана ыйманы бекемирээк болмок.
67.Анда Биз аларга Өзүбүздүн алдыбыздан улуу сыйлыктарды берээр элек
68.жана аларды түз жолго салмакпыз.
69.А ким Аллага жана Анын элчисине баш ийсе, анда алар Алла Өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн: пайгамбарлар, ишенгендер, шейит болгондор менен бирге (болушат). Алар эң сонун шериктер!
70.Мына ушулар – Алланын мээримдүүлүгүнөн. Алла бүт бардыгын билип тургандыгы - жетиштүү.
71.Эй ыймандуулар! Этийат болгула! Жана чакан топ болуп, же чогуу бирге аттангыла.
72.Силердин араңарда согуштан калып калуучулар да бар. Эгер силерге кырсык жетсе алар: «Алла мага мээримдүүлүк көргөздү, алар менен бирге бар болгон жокмун» – деп айтар.
73.А эгерде силерге Алланын ырайымы жетсе, анда алар силер менен (мурун) эч кандай байланышы болбогон өңдүү: «Аттиң, мен да алар менен чогуу болгонумда, зор ийгиликке жетмек экенмин» – демек.
74.Акыретти бул дүйнө жашоосуна сатып алуучулар Алла жолунда согушка аттанышсын! Эгер ким Алла жолунда согушуп өлтүрүлсө, же жеңишке жетишсе, Биз ага жакында улуу сыйлыктарды ыйгарабыз.
75."Оо Эгебиз! Бизди зулум кишилер жашаган бул калаадан чыгаргын! Бизге Өзүңдүн алдыңдан бир башчы жана жардамчы кыл (жөнөт)" - деп айтып жаткан эркек, айал, балдардан болгон алсыздар үчүн эмнеликтен Алланын жолунда согушка чыкпайсыңар? !
76.Ыймандуулар алар Алла жолунда согушкандар, а ыймансыздар - шайтандын жолунда согушкандар. Шайтандын тарапкерлери менен
согушкула, анткени шайтандын айлакерлиги алсыз!
77.Ырас эле сен: "Колуңарды тарткыла! Намаз окугула, зекет бергиле..." а качан аларга согушууга буйрук берилгенде алардын арасынан бир бөлүгү адамдардан Алладан корккондой, (же андан да) катуураак корккондорду көрбөдүң беле?! Алар: "Оо Эгебиз! Бул согушту бизге эмне үчүн буйурдуң, аны (согушту) жакынкы мөөнөткө кое турсаң болмок?!" – дешет. (Аларга"Бул дүйнөнүн жыргалы аз. А акырет такыбалар үчүн эң жакшы. Кымындай да зулум кылынбайсыңар" .
78.Силер кайда болсоңор да, ал тургай бийик көтөрүлгөн коргондордун ичинде болсоңор да өлүм силерди таап алат. Эгер аларга жакшылык жетсе: «Бул Алладан», – дешет, а качан аларга жамандык жетсе: «Бул сенден» , – дешет. (Аларга«Баары Алладан» – деп айт. Бул коомго эмне болгон, сөздү такыр түшүнүшпөйт.
79.Сага жеткен жакшы нерсе, ал – Алладан; а сага жеткен жамандык – ал сенин өзүңдөн. Биз сени элдер үчүн элчи кылып жөнөттүк. Алла жетиштүү Күбө.
80.Ким пайгамбарга баш ийсе, албетте ал Аллага баш ийгени. А ким баш тартса, Биз сени алардын үстүнөн кароолчу кылып жөнөткөн эмеспиз.
81.Алар: «Биз баш ийебиз» – дешет. А качан сенин алдыңдан чыгышканда алардын бир тобу сен айткандан таптакыр башка нерселерди жашырып калышат. Алла алардын эмнени жашырып калып жаткандарын жазып алат. Алардан жүз үйүр! Аллага тобокел кыл! Алла толук жеткиликтүү өкүл.
82.Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү? ! Эгер ал Алладан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карама-каршылыктарды табышаар эле.
83.Качан тынчтык, же коркунуч кабар жеткенде, алар аны жарыйа кылып жиберишет. А эгерде алар бул тууралуу пайгамбарга, же өздөрүнүн жетекчилерине билгизгенде, аны жайылтуучулар алардан билишмек. Эгерде силерге Алланын жоомарттыгы менен мээримдүүлүгү болбогондо, анда силердин көпчүлүгүңөр шайтандын артынан ээрчип кетмексиңер.
84.Алланын жолунда согушкун. Ал өзүңө гана жүктөлөт, бир өзүңө жооп бересиң жана момундарды үгүттө! Мүмкүн Алла каапырлардын зыйанын токтотуп турат. Анткени Алла күч жагынан да, жазалоодо да баарынан күчтүү!
85.Ким бирөөнү жакшылык иштеринде колдосо, ага андан алуучу үлүш тийет, а ким жамандык иште көмөктөшсө, ага андан болгон жазадан үлүш тийет. Акыйкатта, Алла бардыгынын үстүнөн кудуреттүү.
86.Качан силерге салам берилсе, силер алардын саламынан жакшыраак алик алып саламдашкыла же анын өзүн эле кайтаргыла. Акыйкатта, Алла ар бир ишти Эсептөөчү.
87.Алладан башка кудай жок. Акыйкатта, болору шексиз болгон Кыйамат Күнүндө Ал барыңарды чогултат. Алланын сөзүнөн да сөзү чын ким?
88.Силер эмнеликтен эки жүздүүлөргө байланыштуу эки топко ажырап кеттиңер? Алла аларды кылган иштери үчүн төмөнгө кагып салган. Ырас эле силер Алла адаштырып койгондорду түз жолго салууну каалайсыңарбы? Анткени Алла кимди түз жолдон чыгарса, ал үчүн туура жолду таба албайсың.
89.Алар өздөрү каапыр болгон сыңары эле силердин да каапыр болуп жана каапырлыкта окшошуп калууңарды каалайт. Алла жолуна көчкөнгө чейин алардын ичинен дос күтпөгүлө! Эгер артка кайтышса, анда аларды туткундап алгыла да, тапкан жериңерде өлтүргүлө! Алардын ичинен дос да, жардамчы да албагыла!
90.Бирок алар баш калкалоо издеп силердин жана алардын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн элге барса же алар силер менен, же өздөрүнүн эли менен согушууну каалабай көкүрөктөрү кысылган абалда силерге келсе (тийбегиле). А эгер Алла кааласа силердин үстүңөрдөн аларга бийлик бермек да, алар силер менен согушууга чыкмак. А эгер алар силер менен согушпастан артты көздөй чегинип, же силерге элдешүүнү сунуш кылса, анда Алла силердин аларга каршы согушууңарга тыйуу салат.
91.Силерден да жана өзүнүн элинен да коопсуздукта болууну каалашкандарды дүрбөлөңгө чакырып, баштарын төмөн салган адамдарды көрөсүңөр! Эгер алар силерден кетпесе, же тынчтыкка келишпесе, силерден колдорун тартышпаса, анда аларды кармап алып, тапкан жериңерде өлтүрө бергиле! Биз силерге алардын үстүнөн ачык далил келтиребиз.
92.Силерге момундар момундарды каталык менен гана болбосо өлтүрүүгө тыйуу салынат. А ким эгер каталык менен өлтүрүп алса, ал адам мусулман кулду эркиндикке чыгаруу жана туугандарына бериле турган кун төлөөгө тийиш. Бирок алар кечирип жиберишсе (төлөбөйт). Өлтүрүлгөн силерге душман элдин арасынан келген болсо, анда өлтүргөн адам бир мусулман кулду азаттыкка чыгарууга милдеттүү. А, эгер ал (өлтүрүлгөн) силер менен тынчтык келишим кылган элден болсо, анда өлгөндүн туугандарына кун төлөп, бир мусулман кулду азаттыкка
чыгарууга тийиш. Эгер өлтүргөн адам кулду таба албаса, анда Алланын алдында тообо кылган катары үзгүлтүксүз түрдө эки ай бойу орозо тутууга тийиш. Акыйкатта Алла Билүүчү, Даанышман.
93.А эгер ким мусулманды атайлап өлтүрсө, анын жазасы Тозок. Анда түбөлүк калат. Ага Алланын ачуусу келип, Анын каргышына калат. Ага улуу азап дайардап койот.
94.Эй ыйман келтиргендер! Силер качан Алланын жолуна (согушка) жөнөгөнүңөрдө анда ажыраткыла! Силер менен саламдашкандарга бул дүйнө жашоосундагы ырахатты талап кылып: "Сен мусулман эмессиң", – деп айтпагыла! Албетте, Алланын алдында көп олжолор, табылгалар бар. Силер да мурун ушундай болгонсуңар, бирок Алла силерге өз мээримин көргөздү. Ошондуктан силер баамчыл болгула. Акыйкатта, Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
95.Дин үчүн болгон согушта катышпай үйүндө оорубастан калгандар Алланын жолунда өзүнүн малы жана жаны менен күрөшүп жүргөндөргө тең эмес. Алла жолунда өзүнүн малы жана жаны менен күрөшүп жүргөндөрдү бир себеп менен үйүндө отуруп калгандардан бир даража жогору кылды. Алла эки топко тең бейишти убада кылды жана күрөшкө чыккандарды себепсиз үйүндө отуруп калгандардан улуу сооп менен (артык) улуу кылды.
96.Андан даражалар, кечирим жана ырайым (болгон). Алла Кечиримдүү, Мээримдүү!
97.Акыйкатта, өзүнө-өзү зулум кылгандарга, алардын жанын алып жаткан периштелер: «Силер денеңерде кандай абалда болгон элеңер?» – деп сурашат. Алар: «Биз жер үстүндө алсыздардан элек», – деп жооп беришет. Периштелер: "Силер башка жакка көчүп кетишиңер үчүн Алланын жери силерге кенен эмес беле?" - дешет. Булардын баруучу жайы - Тозок. Ал – кандай гана жаман жай!
98.Бирок жол таап, айла-амал кылууга чамалары жетпеген алсыз эркектер, айалдар, жаш балдар эле.
99.Аларды Алла балким кечирээр. Анткени Алла Кечирүүчү, Боорукер!
100.Ким Алланын жолунда көчкөн болсо, ал жер үстүндө көптөгөн жайларды жана ырыскы табат. А ким Алланын ыраазылыгы жана Анын элчиси үчүн үй-жайын таштап көчкөн болсо, анан жолдо өлүмгө учураса - анын сыйлыгы Алладан болот. Анткени Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.
101.Силер жолдо болгон учуруңарда эгер каапырлардын жамандык жеткирүүсүнөн корксоңор, анда намазды кыскартып окуп койсоңор, күнөө болбойт. Акыйкатта, каапырлар силер үчүн анык душман!
102.Сен качан алар менен бирге болуп намаз окусаң, (колуна куралын) алган бир топ силер менен кошо турсун. А качан биринчи топ намазды окуп бүткөн соң, баары туруп арт жакка кетишсин, алардын ордуна намаз окуй элек экинчи топ келип, сени менен намазды бирге окушсун. Бирок, алар да сак болушуп, курал-жарактарын жанында тутсун. Каапырлар силердин куралыңарга, азыгыңарга бейкапар болушуңарды жана өздөрү күтүүсүздөн келип силерге кол салууну каалашат. Эгер силер жамгырдан улам кыйынчылыкка кептелип, же оору себептүү куралыңарды койуп койсоңор, андан күнөөлүү болбойсуңар. Бирок, сак болгула! Акыйкатта, Алла каапырлар үчүн кордоочу азапты дайардап койгон!
103.А качан силер намазыңарды окуп бүткөн соң туруп, олтуруп, же жаткан абалда Алланы эстегиле. А силер качан коркунучсуз, бейкут абалга жетсеңер намазыңарды окугула. Акыйкатта намаз белгиленген убакыттарга дайындалган.
104.Каапырлар менен болгон күрөштө эч качан алсыз начар абалыңарды көргөзбөгүлө! Эгер силер запкы жеп кыйналып жатсаңар, алар да дал силер өңдүү эле запкы чегүүдө, бирок ушул кезде алар Алладан ишенбеген нерсеге силер ишенип жатасыңар. Албетте, Алла – Билүүчү, Даанышман!
105.Биз адамдар арасында Алла көргөзгөндөй кылып өкүм жүргүзүүң үчүн сага акыйкаттык менен Китеп түшүрдүк. Сен кыйанаткерлерди колдоочу болбо!
106.Алладан кечирим сура! Анткени Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.
107.Өзүнө өзү кыйанат кылгандарга кийлигишпе! Акыйкатта, Алла кыйанаткер күнөөкөрлөрдү жакшы көрбөйт.
108.Алар адамдардан жашырышат. Бирок аларды Алладан жашыра алышпайт. Ал (Алла) алар ага жакпаган сөздөрдү жашыруун сүйлөшүп жатышканда алар менен бирге эле. Анткени Алла баарысын камтып, эмне кылгандарын камтуучу.
109.Силер бул дүйнөдө алар жөнүндө талашып тартышасыңар. А Кыйамат күнүндө Алла менен алар жөнүндө ким талашып тартыша алат? Же ким алар үчүн өкүл боло алат?
110.Ким күнөө иш жасап, же өз жанына зулумдук кылса, андан соң Алладан кечирим сураса, анда ал Алланын Кечиримдүү, Мээримдүү экендигин табат.
111.А ким күнөө жасаса ал өзүнө кылат. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман!
112.А ким эгер кичине күнөө , же чоң күнөө жасап, андан соң күнөөсүздү аны менен күнөөлөсө, ал өзүнө жалааны жана ачык күнөөнү жүктөгөнү.
113.Эгерде сага Алланын ырайымы жана мээрими болбогондо алардан бир тайпа сени туура жолдон чыгарууга камынмак. Бирок алар өздөрүн гана жолдон адаштырышат. Сага эч кандай зыйан кыла алышпайт. Анткени Алла сага Китепти жана даанышмандыкты берди. Сага билбеген нерселерди үйрөттү. Алланын сага көргөзгөн ырайымдуулугу улуу!
114.Кайыр-садага кылуу, же жакшылык иштерди жасоо, же адамдарды элдештирүү жөнүндө сүйлөшүп жаткандардан башка алардын арасындагы жашыруун сүйлөшүүлөрдүн көпчүлүгүнөн жакшылык жок. Ал эми ким бул иштерди Алланын ыразылыгына жетүүгө аракет кылып жасаган болсо, ага Биз зор сыйлык тартуулайбыз.
115.Ким өзүнө туура жол ачык айкын болгондон кийин пайгамбарга каршы чыгып, ыймандуулардын жолу менен ээрчибегендерди ал өзү кай тарапка бурулган болсо, ошол тарапты каратабыз жана аны тозокко ыргытабыз. Ал кандай жаман жай!
116.Акыйкатта, Алла Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка күнөө иш кылгандарды эгер кааласа кечирет. А ким Аллага шерик кошсо, ал аныгында узак адашууда болот.
117.Алар Андан башка айал затына жана ээнбаштанган шайтанга табынышат.
118.Алла аны каргышына калтырды. Ошондо шайтан айтты: «Мен Сенин пенделериңден токтоосуз өз үлүшүмдү аламын.
119.Аларды чындыктын жолунан кечиктирбестен чыгарам жана аларды аткарылбас жаман үмүттөргө азгырам, аларга малдын кулагын тешип койууга буйурам жана аларга Алланын жараткан нерсесин өзгөртүүгө буйрамын», – (деди). Ким Алланы таштап шайтанды өзүнө дос кылып алса, ал анык зыйанга учурайт.
120.Ал (шайтан) аларга убада берип, аларды үмүттөндүрөт. Бирок, шайтандын убадалары – болгону азгырык гана!
121.Алардын жайы – тозок жана андан кутула алышпайт.
122.А ыймандууларды жана жакшылык иш кылгандарды Биз алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына жакында киргизебиз. Алар анда түбөлүккө болушат. Алланын убадасы чын. Алладан башка кимдин сөзү туурараак.
123.Силердин каалооңорго же Китеп ээлеринин каалоосуна көз каранды эмес. Ким жамандык кылса ошонусуна жараша жазаланат. Ал өзүнө Алладан башка жакын колдоочуну да, жардамчыны да таба албайт.
124.Жакшы иштерди жасаган эркекпи, айалбы, эгер алар ыймандуу болушса, Бейишке киришет. Аларга кымындай да зулум кылынбайт.
125.Аллага жүзүн буруп, жакшылык иштерди кылган жана Ибрахимдин динине берилип ээрчигенден да дини мыкты бирөө барбы? Алла
Ибрахимди Өзүнө жакын дос кылып алган.
126.Аллага асмандагылар менен жердегилердин баары таандык. Алла бардык нерселерди камтуучу болгон.
127.Алар сенден айалдар жөнүндө өздөрүнө эмнелер буйурулганын сурашат. (Аларга) айт: «Алла силерге алар жөнүндө бул Китепте эмнелер жазылганы тууралуу, ошондой эле аларга буйрулган нерселерди силер аларга бербей койуу үчүн силер үйлөнүүнү каалаган жетим кыздар, алсыз балдар жөнүндө, жетимдерге адилеттүү мамиле кылууңар жөнүндө чечим чыгарат. Силер кандай жакшы иш кылсаңар да, Алла аны билүүчү.
128.Эгерде айал өзүнүн күйөөсү өзүнө тиешелүү милдеттерди аткарбайт деп, же ал андан баш тартуусунан корксо, анда алар өз ара макулдашуу түзүүлөрүндө күнөө жок. Албетте тынчтык келишими - жакшы. Көңүлдөр сараңдыкка тартылган. Эгер силер айалдарга жакшы мамиле кылсаңар, такыба болсоңор, анда албетте Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.

#9 17 Март 2014 - 02:31
НИСА уландысы
.
129.Канчалык кызыгып, умтулсаңар да айалдардын ортосунда адилеттүү болууга алыңар жетпейт. Аны арсар кылып таштап салып (тигинисине) такыр ооп кетпегиле! А эгер силер оңолсоңор жана такыба болсоңор, анда албетте Алла Кечиримдүү, Мээрбан!
130.А эгер жубайлар ажырашса, анда Алла өзүнүн жоомарттыгы менен алардын ар биринин ырысын бере берет. Акыйкатта Алла Ырайымдуу, Даанышман!
131.Аллага асмандардагы жана жердегилердин баары таандык. Биз чынында силерге чейинки Китеп берилгендерге да, силерге да Алладан коркууңарды насаат кылдык. Эгер силер каапыр болсоңор, анткени асмандар менен жердегилердин баарысы Аллага гана таандык. Алла Бай, Даңазалуу!
132.Аллага асмандагылар жана жердегилердин баары таандык. Алла Өзү жетиштүү Күбө!
133.Эй адамдар, эгер Ал кааласа анда силерди жок кылат да, башкаларды алып келет. Акыйкатта, Алла буга кудурети жетүүчү!
134.Ким бул дүйнөнүн сыйлыктарын кааласа, анда бул дүйнөнүн да, акыреттин да сыйлыктары Алланын алдында. Алла Угуучу, Көрүүчү!
135.Эй ыймандуулар! Өзүңөргө каршы, же ата-энеңер, же жакын туугандар болсо да Алла үчүн адилеттүүлүктү тургузуучу калыс күбө болгула! А эгер бай же кедей болсо, Алла экөөнөн тең артыгыраак. Адилеттүү болууңарда көңүлүңөргө ээрчибегиле. А эгер силер тайсалдасаңар же баш тартсаңар, анда Алла силердин эмне кылганыңардан толук кабардар.
136.Эй ыймандуулар! Аллага, Анын элчисине, Ал Өзүнүн элчисине түшүргөн Китепке жана Ал андан мурун түшүргөн Китепке ишенгиле! Ким Аллага, периштелерине, китептерине, элчилерине жана Кыйамат Күнүнө ишенбесе ал узак адашууда болот.
137.Акыйкатта, ыйман келтиргендер, анан каапыр болгондор, андан соң (дагы) ыйман келтирип, анан (кайра) каапыр болгондор өздөрүнө каапырлыкты гана күчөтүштү. Алла (эми) алардын күнөөлөрүн кечирип, же туура жолго салбас!
138.Эки жүздүүлөргө алар үчүн кор кылуучу азап бар экенин кабарла!
139.Момундардын ордуна каапырлар менен достошуп жаткандар, алар каапырлардан сый-урмат издеп жатышабы? Акыйкатта, бардык урмат- сый Аллага гана таандык!
140.«Эгер силер Алланын айаттарына каршы чыгып жана шылдыңдап
жаткандарын уксаңар, алар башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен бирге отурбагыла деп силерге Алла Өз Китебинде түшүрдү эле .
Антпесеңер, силер (да) алар өңдүүсүңөр ». Албетте, Алла эки жүздүүлөр менен каапырлардын баарысын тозокко жыйнайт!
141.Силердин эмне болоруңарды аңдып тургандар эгер, силерге Алладан жеңиш келсе: «Ырасында, биз силер менен бирге болбодук беле?" - дешет. А эгер каапырлардын үлүшү келсе, алар: "Биз силерге жардам кылууга аракеттенип жана силерди ыймандуулардан коргободук беле?" - дешет. Бирок силердин ортоңордо Кыйамат күнү Алла өкүм чыгарат. Алла эч качан момундардын зыйанына каапырларга жол бербейт.
142.Албетте, эки жүздүүлөр Алланы алдашат. А Ал болсо бул үчүн аларды жазалоочу! Алар качан намазга турганда адамдарга көрүнүү үчүн гана жалкоолонуп турушат. Алланы өтө аз эстешет.
143.Аларга да (момундарга), буларга да (каапырларга) кошула алышпай, ортодо арсар калышат. А Алла кимди түз жолдон адаштырса, ал үчүн туура жол таппайсың.
144.Эй ыймандуулар! Момундардын ордуна каапырларды дос тутпагыла! Алланын силерге каршы ачык далил келтиришин каалап жатасыңарбы?
145.Акыйкатта, эки жүздүүлөр Тозок отунун төмөнкү катмарында болушат. Сен алар үчүн жардам кылуучуну таппайсың.
146.Бирок алар тообо келтиришип, амалдарын оңдошсо, Алланын динин бекем кармашып, Алла үчүн диндеринде ыкыластуу болушса, алар момундар менен биргө болушат. Алла момундарга жакын арада зор сыйлык тартуулайт!
147.Эгер силер (Ага) шүгүр кылсаңар жана ишенсеңер, анда Алла силерди жазалап эмне кылат. Акыйкатта, Алла шүгүр Ээси, Билүүчү!
Алтынчы бөлүм
148.Зулумдукка дуушар болгон адамдан башкалардын жаман сөздү жарыйа айтуусун Алла сүйбөйт. Албетте, Алла Угуучу, Билүүчү.
149.Эгер силер жакшылыкты ачык, же жашыруун кылсаңар, же жамандыкты кечирсеңер, акыйкатта Алла Кечирүүчү, Кудуреттүү.
150.Акыйкатта, Аллага жана Анын элчилерине ишенбегендер жана Алла менен Анын пайгамбарынын ортосун ажыратууну каалагандар: «Биз кээ бирине ишенебиз да, кээ бирине такыр ишенбейбиз», – деп ортодо бир жолду карманууну каалашат.
151.Алар анык каапырлар. Биз каапырлар үчүн кордоочу азапты дайардадык!
152.Аллага, Анын элчилерине ишенгендер, алардан эч кимисин
ажыратып бөлүп салбагандар – Алла аларга жакында сыйлыктарын берет жана Алла Кечиримдүү, Ырайымдуу.
153.Китеп ээлери сенден өздөрүнө асмандан китеп түшүрүп берүүңдү сурашат. Алар андан мурун Мусадан да мындан чоңураагын сурашып: «Бизге Алланы даана көргөз», – дешкен. Чектен ашкандыктарынын кесепетинен аларды чагылган урду. Андан соң алар өздөрүнө ачык-айкын кабарлар келгенде музоого сыйына башташты. Биз муну да кечирдик. Мусага ачык далил бердик.
154.Биз убада алуу менен алардын үстүнө Турду көтөрдүк жана
аларга эшиктен сежде кылган абалыңарда киргиле дедик. Жана да: «Ишемби күнү чектен ашпагыла», – дедик да, алардан Биз катуу убада алдык!
155.Алар убаданы бузгандыктары үчүн, Алланын айаттарына ишенбөгендиктери, пайгамбарларды бөйкүнөө өлтүргөндүктөрү жана биздин жүрөктөрүбүз кулпуланып калган дөген сөздөрү үчүн, балким Алла алардын жүрөгүнө каапырдыгы себептүү мөөр басып салды. Алардын азыраагы гана ишенишет.
156.Алардын каапырлыгы жана Марйамга чоң жалаа жапканы себептүү (Алланын каргышына калышты). Алардын Исаны тааныбагандыктары үчүн.
157.жана алардын: “Биз Масихти - Марйам уулу Исаны, Алланын элчисин өлтүрдүк” , – деген сөздөрү үчүн (каргышка калышты). А алар аны (Исаны) өлтүрүшкөн да, асышкан да эмес. Бирок, бул аларга (Исага) окшотулуп гана көрүндү. Акыйкатта, Исанын өлтүрүлүшү жөнүндө ар түрдүү пикирде болуп жаткандарда ал тууралуу илим жок; алар бар болгону жоромолдорго гана тайанышат. Албетте, алар аны анык өлтүргөн эмес.
158.Жок, Алла аны Өзүнө көтөрүп алып кеткен. Алла Ызаттуу, Даанышман болгон эле.
159.Акыйкатта, Китеп ээлеринен болгондордун ичинен ал өлбөстөн алдын ишенбеген эч ким болбойт. А Кыйамат күнү аларга каршы күбө болот!
160.Иудейликти тутунгандардын кылган зулумдуктары үчүн Биз мурун аларга адал кылган таза нерселерди да арам кылып салдык. Алар Алланын жолунан башкаларды тоскондуктары үчүн (да).
161.Алар өздөрүнө тыйуу салынганына карабастан сүткордукту алгандыктары, акысы жок болсо да адамдардын мал-мүлкүн жегендиктери үчүн Биз алардын арасынан чыккан каапырларга оорутуучу азапты дайардадык!
162.Бирок, алардын ичинен илимге бекем туруктууларына, сага жөнөтүлгөнгө ишенгендерине, намаз окугандарына, зекет берүүчүлөрүнө, Аллага жана Кыйамат күнүнө ишенүүчүлөрүнө Биз жакында зор сыйлыктарды ыйгарабыз!
163.Биз сага, Нухка жана кийинки пайгамбарларга кабарлагандай эле жашыруун кабар кылдык. Биз Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка жана алардын урпактарына – Исага, Айупка, Йунуска, Харунга, Сулайманга жашыруун кабар кылдык. Даудга Забурду бердик.
164.Сага алар жөнүндө мурунтадан айтылган элчилерди жана Биз сага алар жөнүндө айтпаган элчилерди (да жөнөткөнбүз). А Алла Муса менен чындап сүйлөшкөн.
165.Элчилерди жөнөткөндөн кийин адамдар үчүн Аллага доо койбостуктары үчүн жакшы кабарларды сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү элчилерди (жөнөттүк). Акыйкатта, Алла Мартабалуу, Даанышман.
166.Бирок Алла сага түшүргөн нөрсеге Өзү күбө. Анткени Ал аны Өзүнүн илими менен түшүрдү. Периштелер да буга күбө. Алла (буга) күбөлүккө өзү жетиштүү.
167.Акыйкатта каапырлар ишенишпеди. Башкаларды да Алланын жолунан тосушту жана өтө узак адашууда калышты.
168.Чындыгында каапырлар жана заалымдарды Алла кечирбейт жана түз жолго да баштабайт.
169.Ал аларды тозокко алып барат, алар анда түбөлүккө болушат! Бул Алла үчүн жөңил.
170.Эй адамдар! Силерге силердин Эгеңерден акыйкат менен элчи келди. Ишенгиле! Бул силер үчүн мыкты. А эгер каапыр болсоңор, анда Аллага асмандагылар менен жердегинин баары таандык. Акыйкатта Алла Билүүчү, Даанышман.
171.Эй китеп ээлери! Силер диниңерде чектен ашпагыла! Алла тууралуу чындыктан башканы айтпагыла! Анткени Марйам уулу Иса – Алланын Элчиси гана. Жана да Марйамга салган Анын («Бол» – деген) сөзү жана Андан келген жан. Аллага жана Анын элчилерине ишенгиле! «/чөө» , – деп айтпагыла! (Алланы үчөө деп айтуудан) токтонгула! Бул силер үчүн жакшы. Акыйкатта Алла жалгыз Кудай. Ал перзенттүү болуудан таза. Ага асмандардагы жана жердегилердин баары таандык. Алла өзү жетиштүү күбө!
172.Масих (Иса) да, Аллага эң жакын периштелер да Аллага кул болууда бой көтөрүшпөйт. А ким Ага сыйынууда бойун көтөрүп текеберденсе, Ал алардын баарын жакын арада Өзүнө жыйнап алат.
173.Ыйман келтирген жана жакшылык иш кылгандардын сыйлыктарын Ал өзүнүн жоомарттыгы менен көбөйтүп толук берет. Ал эми менменсинип бой көтөргөндөрдү жана текеберденгендерди Ал катуу азап менен жазалайт. Ошондо алар өздөрүнө Алладан башка досту да, жардамчыны да таба алышпайт!
174.Эй адамдар! Силерге Эгеңерден далил келди жана Биз силерге айкын Нур түшүрдүк.
175.Ал эми Аллага ыйман келтиргендерди, Аны тутунгандарды Ал Өз мээрими жана жакшылыгына жакын арада киргизет жана Өзүнө карай түз жолго багыттайт.
176.Сенден чечим чыгарууңду талап кылышат. (Аларга"Алла Өзү силерге атасы да, баласы да жок (киши) жөнүндө чечим чыгарып берет. Баласыз бир адам өлүп, анын эжеси болсо, анда ага ал калтыргандын жарымы берилет. Ошондой эле, ал (эркек) да, эгер ал айалдын баласы болбосо (айал) калтыргандын баарын мураска алат. Эгер алар (эже-сиңди) экөө болсо, ал калтыргандын үчтөн бир бөлүгүн алышат. А эгер алар эркек, ургаачы бир туугандар болсо, эркекке эки айалдын үлүшү тийет. Алла силерге туура жолдон чыкпооңор үчүн (Өз көрсөтмөлөрүн) байандайт. Алла бардык нерселерди Билүүчү!

#10 17 Март 2014 - 02:37
6) АНЪАМ
Анъам 6-сүрөөсү
.
Меккеде түшкөн. Жүз алтымыш беш айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1.Асмандар менен Жерлерди жараткан жана караңгылык менен нурду кылган Аллага мактоолор! А каапырлар Аллага башкаларды теңешет.
2.Ал силерди топурактан жаратып, андан соң ар бирине мөөнөттү белгилеген. (Тирилүү) мөөнөтү да Анын алдында. Анан силер дале шектенесиңер.
3.Ал Асмандар менен Жердеги (жалгыз гана) Алла. Ал силердин жашырганыңарды да, ашкереңерди да билип турат. Ал силердин эмне кылып жатканыңарды да билет.
4.Эгесинен аларга кандай гана айаттар келбесин, алар андан жүз үйрүшөт.
5.Алар акыйкатта, өздөрүнө келген чакта жалганга чыгарышты. Жакын арада аларга шылдыңдаган нерсеси жөнүндө кабар келет.
6.Биз аларга чейин канчалаган муундарды жок кылганыбызды алар көрүшкөн жокпу? Биз силерге бербеген нерселерди жерде аларга бердик. Аларга асмандан мол жамгыр жаадырдык жана алардын алдынан дарыйаларды агыздык. Бирок Биз аларды күнөөлөрү үчүн ойрон кылдык жана алардын ордуна башка коомду жараттык.
7.Эгер Биз сага алар колдору менен кармап көрүү үчүн жазуу жазылган кагазды түшүрсөк, анда каапырлар: “Бул – кадимки эле сыйкыр”, – деп айтышмак.
8.Алар: “Ага (Мухаммедге) периште түшүрүлбөппү? ” – дешет. А эгер Биз периште түшүрсөк, анда алардын тагдыры чечилип калган болор эле да, аларга мөөнөт берилмек эмес.
9.Эгерде Биз периштени жөнөтсөк, анда аны эркек келбетинде кылып, аларга окшоштуруп коймокпуз.
10.Сенден мурун да пайгамбарларды шылдыңдашкан. Ошентип, аларга келекелегендиктери себептүү азап түшкөн.
11.“Жер кыдырып көргүлө да, жалганга чыгаргандардын жыйынтыгы кандай болгонун карагыла”, – дегин.
12.“Асмандар менен Жердегилер кимге таандык?“. “Аллага таандык”, – деп айт. Ал Өзүнө ырайымдуулукту парз кылды. Акыйкатта, эч шексиз болуучу Кыйамат Күнүндө Ал силерди жыйнап алат. Өз жанына зыйан кылуучулар – алар ишенбегендер .
13.Ага түндө да, күндүзү да жашоочулар (баарысы) таандык. Ал Угуучу жана Билүүчү.
14.“Асмандар менен Жердин Жаратуучусу болгон Алладан башка бирөөнү мен өзүмө сыйынуучу кылып аламбы? Ал ырыскы берет. А Өзү ырыскыга муктаж эмес”, – деп айткын . “Аллага (шерик) кошпогон, Аллага биринчи баш ийгендерден болуума буйрулдум”, – деп айткын!
15.“Акыйкатта, эгер өзүмдүн Эгеме күнөөкөр болуп калсам Улуу күндүн азабынан мен коркомун”, – деп айт.
16.Ал Күндө ким азапка кириптер болбосо, чынында Алла аны Өз ырайымына алганы. Бул анык ийгилик.
17.Эгер Алла сага кырсык жеткирсе, андан Өзү гана куткара алат. А эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, Ал бардыгына кудурети жетүүчү.
18.Ал Өз пенделеринин үстүнөн толук бийлик жүргүзүүчү. Ал Даанышман, Кабардар.
19.(Эй Мухаммед! ): “Кайсы нерсе күбө болууда улугураак?! ” – деп айт. “Силер менен менин ортомдо Алла күбө. Куран жеткен адамдарды жана силерди эскертүүм үчүн мага бул Куран берилди. Силер Алладан башка да кудайлар бар деп кантип күбөлүк бере аласыңар?! ” – дегин! “А мен күбөлүк бербеймин” , – деп айт. “Ал жалгыз Алла! Албетте мен силер шерик кылып жаткан нерсеңерден алысмын”, – дегин!
20.Биз Китеп тартуулагандар аны өз балдарын тааныгандай эле таанышат. А өз жандарына жамандык кылгандар, алар ишенишпейт.
21.Аллага жалганды жабыштыргандан , же Анын айаттарын жалганга чыгаргандан да ашкан заалым болобу?!
22.Биз алардын баарысын жыйнаган күнү Аллага башка кудайларды шерик кылгандарга: “Силердин кудай деп ойлоп жүргөн шериктериңер кайда”, – деп айтабыз.
23.Ошондо аларда эч бир шылтоо калбай, алар: “Эгебиз Алланын атына ант! Биз шерик кошкон эмеспиз”, – дешет.
24.Алар өздөрүнө кантип жалган айткандарын жана алар ойлоп чыгаргандар кантип жоголгонун кара!
25.Алардын арасында сага кулак салып угуп туруучулары да бар. Бирок Биз алардын жүрөктөрүнө тосмо кылып, кулактарын дүлөй кылып салганбыз. Алар ар түрдүү белгилерибизди көрүп турушса да, аларга ишенишпейт. Качан алар сени менен талашканы келгенде, каапырлар: “Бул албетте байыркылардын жомогу гана!” – дешет.
26.Алар пайгамбарды ээрчүүдөн башкаларды тыйышат. Өздөрү да алысташат. Бирок алар өздөрүн өздөрү гана кыйратышканын сезбей да калышат.
27.Эгерде сен аларды оттун алдына тургузулганын көргөн болсоң: “Аттиң, биз кайра артка кайтарылсак, анда биз Эгебиздин айаттарын жалганга чыгарбас элек жана момундардын катарында болор элек”, – дешет.
28.Жок, алар мурун эмнени жашырып келишкени айкын болду. Бирок алар артка кайтарылса, анда алар өздөрүнө тыйуу салынгандарга кайрадан эле барышмак. Анткени алар жалганчылар!
29.“Бул дүйнө жашоосунан башка жашоо жок. Өлгөндөн кийин кайра тирилбейбиз”, – дешти.
30.Эгер сен алардын Эгесинин алдында тургузулганын көрсөң: “Бул чындыкпы?” – деп сурайт. Алар: “Ооба, Эгебизге ант ичебиз! (Бул чындык экен) – дешет. Ал: “Каапыр болгонуңар үчүн азабыңарды таткыла!” – дейт.
31.Алла менен кездешүүнү жалган деп эсептегендер кыйамат кокусунан келип калганда чындап зыйанга учурашат. Ошондо алар өздөрүнүн күнөөлөрүн өз аркаларына көтөрүп алышып, кыскалык кылганыбызга аттиң-арман – бизге өкүнүч болсун дешет. Көтөрүп жүргөндөрү кандай жаман жүк.
32.Бул дүйнө жашоосу ойун гана. Алладан корккондор үчүн Акырет жашоосу эң сонун. Эми акылыңарга келбейсиңерби?
33.Алар айтып жаткан кептер сени кайгыртып жатканын Биз билебиз. Чындыгында алар сени жалганчы деп билишпейт. Бирок заалымдар Алланын айаттарын жокко чыгарышат.
34.Албетте, сенден мурун да элчилерди жалганчы дешкен. Алар мындай жалааларга жана кысымдарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Алланын убадаларын эч нерсе өзгөртө албайт. Акыйкатта, сага элчилердин кабары келди.
35.А эгер сага алардын жүз үйрүшү оор болуп жатса, аларга айат берүү үчүн жерде тешик, а асманга шаты табууга аракет кылып, аларга керемет катары алып кел. Эгер Алла каалаган болсо, алардын баарын түз жолго чогултаар эле. Наадандардан болбо!
36.Акыйкатта, угуп жаткандар кабылдоого жөндөмдүүлөр. Ал эми өлүк сыйактуу болгондор, Алла аларды тирилтет жана алар Ага кайтып барышат.
37.Алар: “Эмне үчүн Эгесинен айат түшпөй жатат?” – дешет. (Аларга “Алла айат жөнөтүүгө күч-кубаттуу”, – деп айт. Бирок, алардын көбү муну билишпейт.
38.Жер үстүндөгү айбанат жана канаттары менен учкан куш да силер өңдүү жандуулар. Биз Китепте эч нерсени таштап койгонубуз жок! Андан соң алар өздөрүнүн Эгесинин алдында жыйналышат.
39.Биздин айаттарыбызды жалган деп эсептегендер караңгылыктагы дүлөй жана дудуктар. Алла кимди кааласа жолдон чыгарат, кимди кааласа өзүнүн туура жолуна салат.
40.“Кабар бергилечи, Алладан жаза келгенде, же кыйамат болгондо силер эгер чынчыл болсоңор анда Алладан бөлөк кимди чакыра аласыңар”, – деп айт!
41.Ооба, силер Анын Өзүн гана чакырасыңар. Ошондо Ал эгер кааласа силер суранып жаткан нерседен куткарат. А силер ошол кезде Ага шерик кылганыңарды да унутасыңар.
42.Биз сага чейин башка элдерге да алар жалбарышы үчүн жакырчылык менен ооруу жөнөткөнбүз.
43.Аларга Биздин азабыбыз жеткен кезде алар жалыныштыбы? Бирок, алардын жүрөктөрү карарып калган эле. А шайтан алардын кылгандарын кооздоп көрсөттү.
44.А алар качан өздөрүнө эскертилгенди унутушканда, Биз алардын алдындагы бардык эшиктерди ачып койдук. Алар өздөрүнө берилгендердин баардыгына кубанып жатышканда, Биз аларды капысынан азапка алдык. Мына эми алардын үмүттөрү үзүлдү.
45.Зулумдук кылышкан коомдун акыры да кесилди . Ааламдардын Эгеси Аллага мактоолор!
46.“Айткылачы, эгерде Алла силерден угуу менен көрүүнү алып, жүрөгүңөргө мөөр басып салса, анда Алладан башка силерге буларды кайсыл кудай кайтарып бере алат?” – деп айт. Карап көрчү: Биз айаттарыбызды кандай гана кылып байандайбыз, а алар болсо жүз үйрүшөт.
47.“Айткылачы, эгер силерге Алладан күтүүсүздөн же ачык эле азап келсе, анда адашкан заалымдар гана кыргын болот?” – деп айт.
48.Биз элчилерибизди сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү кылып жөнөткөнбүз. Ким ишенсе жана жакшылык иштерди кылса, аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт.
49.Бирок Биздин айаттарыбызды жалганга чыгаргандар, бузук иштерди жасаганына жараша азапка кабылышат.
50.“Силерге Алланын казынасы менде деп айтпаймын. Кайыпты да билбейм, мен периштемин деп да айтпаймын . Мага кабар берилгендерге гана ээрчиймин”, – дегин! “Сокур менен көзү соо барабарбы? Ойлонуп көрбөйсүңөрбү? ” – деп айт.
51.Эгелеринин алдында чогулууларынан корккондорго Куран менен эскерткин. Аларга Кудайдан башка жакын да, колдоочу табылбайт. Кана эми алар Алладан коркушса?!
52.Эртеден кечке чейин Эгесине жалынып, Анын жүзүнө-ырайымына умтулуп жаткандарды кууп салба! Сен алар үчүн эч кандай жооп бербейсиң, алар да сен үчүн жооп беришпейт. Эгер аларды кууп чыксаң, заалымдардан болосуң.
53.«Биздин арабыздан Алла ушуларга жакшылык кылдыбы?» – деп айтуулары үчүн, алардын бири бирин Биз ушинтип сынайбыз. Алла шүгүр кылуучуларды Билүүчүрөөк эмеспи?
54.Силерге Биздин айат-белгилерибизге ишенгендер келгенде: «Силерге тынчтык болсун» – деп айтат. Силердин Эгеңер Өзүнө Өзү Мээримдүүлүктү милдет кылды. Албетте силердин араңардан кимде-ким билбестиктен жамандык иш кылса, анан тообо кылып оңолсо, ага, Ал – Кечиримдүү, Мээрбан!
55.Күнөөкөрлөрдүн жолу даана болуусу үчүн Өз айаттарыбызды ушинтип байандайбыз.
56.“Алладан башкага сыйынып жатканыңарга, менин сыйынышым акыйкатта тыйуу салган, Мен силердин каалооңорго ээрчибеймин . Антпесе мен адашууда калып, түз жолдо бараткандар менен бирге болбой калмакмын.
57.Мен өзүмдүн Эгемдин ачык айаттарында элем, а силер болсо аны жалганга чыгардыңар. Силер шашылып жаткан нерсе менин колумда эмес. Акыйкатта өкүм Аллада гана. Ал акыйкатка өкүм кылат. Ал өкүм кылуучулардын Эң жакшысы”, – деп айт.
58.Эгерде силер шашылып жаткан нерсе мени менен силердин ортоңордо болгондо иш эчак бүтмөк. Алла адашкандарды жакшы билет.
59.Кайыптын ачкычтары Анда гана. Ал кургакта жана деңиздерде эмне барын жакшы билет. Ага жалгыз жалбырактын түшүүсү да белгилүү. Жердин караңгылыгында жаткан бир үрөн дагы, жашылы да, кургагы да ачык Китепте бар .
60.Ал силерди түнкүсүн алып кетет . Ал силердин күндүзү эмне кылганыңарды билет. Анан Ал белгиленген мөөнөт бүткөндө силерди тирилтет. Андан соң Ага кайтарыласыңар. Мындан соң Ал силердин эмне кылганыңарды өзүңөргө кабарлайт.
61.Ал Өз кулдарынын үстүнөн Бийлик жүргүзүүчү. Ал силердин үстүңөрдөн Өзүнүн сактоочуларын жөнөтөт. Качан силердин бириңерге өлүм жеткенде, биздин элчилерибиз анын жанын алышат. Кынтык кылышпайт .
62.Андан соң алар өздөрүнүн чыныгы Эгеси Аллага кайтарылышат. Өкүм Анын гана колунда. Ал эсеп жүргүзүүдө өтө тез.
63.“Кургактагы жана деңиздеги коркунучтардан ким сактайт. Силер Ага ашкере да, жашыруун да сыйынып жатасыңар”, – деп айткын. “Эгер Ал бул коркунучтан бизди куткарса, анда биз шүгүр кылуучулардан болоор элек”, – дейсиңер.
64.“Алла силерди мындан жана түрдүү кайгылардан куткарат. А силер Ага шерик кылып жатасыңар” – деп айт.
65.“Ал силерге үстүңөрдөн же астыңардан азап жөнөтүүгө, же силерди (түрдүү ниеттеги) бир топ кылып аралаштырып койгонго жана бириңерге бириңердин жазасын таттырып койгонго Кудуреттүү! ” – дегин. Карачы! Алар түшүнүүлөрү үчүн айаттарыбызды кандай байандап жатабыз.
66.Бирок сенин элиң бул акыйкат болсо да, аны жалганга чыгарууда. (Аларга “Мен силерге коргоочу эмесмин”, – деп айт.
67.Ар бир кабар үчүн убакыт белгиленген. Жакын арада (муну) билесиңер .
68.Сен Биздин айаттарыбызды (шылдыңдап) сүйлөп жаткандарды көрөсүң. Анда алар башка сөзгө өтмөйүнчө алардан терс болуп кет. Бирок эгер шайтан сени унуттуруп койсо, анда ал эсиңерге түшөр замат ал адашкан коом менен олтурба!
69.Алладан корккондордун мойнунда элдин эсеп-кысабынан эч нерсе жок. Бирок алар сактануулары үчүн тигилер эскертүүгө тийиш.
70.Өздөрүнүн динин ойун тамаша кылып алгандарды жана бул дүйнөгө азгырылгандарды ташта ! Жан ээси жасаган нерсеси аркылуу азапка учурай тургандыгын, алардын эсине ар дайым сал! Алладан башка анда дос да, колдоочу да жок. Эгер ал өзү үчүн барын берип, кутулууну көздөсө, анысы да алынбайт. Булар өздөрү жасаган иш аркылуу азапталууга камалгандар. Алар үчүн кайнаган суу жана оорутуучу азап бар. Бул алардын каапыр болгондуктары үчүн.
71.“Кантип эле Алла бизди Өзүнүн Түз Жолуна салгандан соң, бизге эч бир жардам да, эч бир зыйанга да учурата албаган жана артыбызга (ширкке) кайтарылган, ошондой эле жерде шайтан алдап таң калып жүргөндө шериктери: “Келгиле” – деп Туура Жолго чакырылган адамдар сыйактуу Алладан башкага сыйынабызбы? . Акыйкатта Алланын Жолу – Туура Жол. Ааламдардын Эгесине мойун сунууга буйрулганбыз.
72.Намаз окугула жана андан корккула! Анткени силер Ага гана чогулуп барасыңар.
73.Ал Асман менен Жерди чындык менен жараткан. Ал качан (каалап): “Бол!” дегенде, ал болуп калат. Анын Сөзү - Акыйкат. Сурнай тартылган Күндө бардык бийлик Ага таандык. Ал жашыруундарды жана ачыктарды да Билүүчү. Ал Даанышман, Кабардар.
74.Ибрахим өзүнүн атасы Азарга мындай деди: “Чын эле сен буддарга кудай катары сыйынасыңбы? Аныгында мен сенин жана сенин элиңдин анык адашканын көрүп турам”.
75.Биз Ибрахимге ал ишенүүсү үчүн асман менен Жердин падышалыктарын көргөздүк.
76.Түн кирген кезде ал жаркылдаган жылдызды көрдү да: «Бул – менин кудайым», – деди. Ал (жылдыз) батып кеткенде, ал: «Өзгөрүп кетүүчүлөрдү сүйбөйм», – деди.
77.Айды көргөн кезде: “Менин кудайым ушул” –деди. Ал да батып кеткенде: “Эгерде Эгем мени Туура Жолго салбаса мен да адашкан коомдун катарында боломун”, – деп айтты.
78.Чыгып келаткан Күндү көргөн кезде: “Менин кудайым ушул, Ал (баарынан) чоң”, – деди. Ал да батып кеткенде: “Эй, менин элим! Силер шерик келтирип жаткандардан мен алысмын”, – деп айтты.
79.“Мен өзүмдүн жүзүмдү асман менен Жерди акыйкаттык менен жаратканга бурдум жана шерик кошчуулардан эмесмин”, – деди.
80.Бирок анын коому ага каршы чыгып, жаңжалдашты. Ал: “Мени Туура Жолго салган Алла тууралуу мени менен талашкыңар келип жатабы? Эгем каалаган нерседен Ага силер шерик кошуп жатканыңардан коркпоймун! Менин Эгемдин илими баардык нерселерди камтып алган. Эми эстебейсиңерби? ”
81.“Антүүгө Ал (Алла) силерге далил түшүрбөсө да силер Аллага шерик кошуудан коркпой жатканыңарда кантип мен силердин Аллага кошуп жаткан шеригиңерден коркомун? Эгер билсеңер, эки топтун кайсынысы тынчтыкка укуктуураак ”.
82.Ким ыймандуу болуп, ошол ыйманын зулумдук менен аралаштырбаса, ошолор үчүн тынчтык болот. Алар – Туура Жол табуучулар.
83.Ушулар Ибрахимдин элине берген Биздин далилдерибиз! Биз кимди кааласак анын даражаларын көтөрөбүз. Акыйкатта Эгең Даанышман жана Билүүчү!
84.Биз аны Исхакка жана Йакупка бердик жана аларды Биз Туура Жолго баштадык. А, ага чейин Биз Нухту жана анын тукумдарынан Даудду, Сулайманды, Айубту, Йусупту, Мусаны жана Харунду Түз Жолго салдык. Жакшылык кылуучуларды Биз ушинтип сыйлайбыз.
85.Закарийага, Йахйага, Исага, Илйаска… Булардын баары жакшы иштерди жасоочулардан.
86.Исмайылга, Алйасага, Йунуска жана Лутка. Биз булардын баарын (пайгамбарлык) менен ааламдардан улук кылдык.
87.Биз алардын аталарынан, урпактарынан, туугандарынан тандадык жана аларды Туура Жолго баштадык.
88.Бул – Алланын Жолу. Ал Жол менен Өз пенделелеринин арасынан кимди кааласа алып барат. А эгерде алар Ага шерик кошушса, анда алардын жасагандары текке кетет.
89.Алар – Биз Китеп, Даанышмандык жана пайгамбарлык бергендер. Эгер аларга ишенишпесе, анда Биз аларды четке какпаган элге тапшырабыз.
90.Алар – Алла Түз Жолго салгандар. Алардын Түз Жолун ээрчигин. “Мен силерден буга акы сурабайм. Бул – бүткүл ааламдар үчүн эскертме гана.
91.Алар: “Алла бир да кишиге эч нерсе түшүргөн эмес”, – деп сүйлөп жаткандар, Алланы таануу чегинде тааный албагандар. Адамдар үчүн Нур жана Туура Жолго баштоочу болгон, Мусага келген Китепти ким жөнөттү эле? Силер аны барактарга жазасыңар да, анын кээ бир бөлүгүн (гана) жарыйа кылып, көбүн жашырасыңар . Силер өзүңөр да, силердин аталарыңар да билбегениңерди үйрөнгөнсүңөр . (Аны түшүргөн) Алла”, – деп айт. Андан соң бузук нерселеринде жөн кой! Ойной беришсин.
92.Биз түшүргөн Китеп – бул куттуу, өзүнүн алдыңкысын тастыктоочу Китеп. Сен шаарлардын энесин жана анын айланасындагыларды эскертүүң үчүн (түшүрдүк). Акыретке ишенгендер ага да ишенишет. Алар намаздарын да дайыма окушат.
93.Аллага жалган айткандан, же эч кандай жашыруун кабар келбесе деле: “Мага жашыруун кабар келди”, – деп айткандан же: “Мен деле Алла түшүргөндөй нерсени жакында түшүрөмүн”, – дегенден да адашкан адам барбы? Эгер сен (бул) заалымдарды өлүм алдында жан талашуусун көрсөң (өлүм) периштелер аларга кол созушуп: “Жаныңарды чыгаргыла! Силердин акыңар жок болуп туруп Аллага жалган айтканыңар жана анын айаттарына текеберденгениңер үчүн бүгүн силерге кордоочу азап болот!” – дешет.
94.Силер бизге жалгыз-жалгыз , силерди алгач ирет жараткан өңдүү болуп келесиңер. Биз силерге бергендердин баарын артыңарга калтырасыңар. Силер кулчулугуңарда (Кудайга) шерик кылып ойлоп жүргөн колдоочуңарды силер менен бирге көрө албайбыз. Силердин араңардагы байланыштар үзүлгөн жана силер ойлоп жүргөн нерселер силерден жоголгон.
95.Акыйкатта, Алла урукту жана данекти жарып - өндүрүүчү, өлүктөн тирүүнү чыгарат, тирүүдөн өлүктү чыгаруучу. Мына ушуларды Алла жасоочу. Анан кантип артка буруласыңар?
96.Ал таңды аттыруучу жана түндү силерге эс алуучу орун кылды. Күндү жана айды силер эсеп кылууңар үчүн жаратты. Мунун баары Ызааттуу, Билүүчүнүн өлчөп койгондору.
97.Ал силердин кургакта жана деңизде жол табууңарга силер үчүн жылдыздарды жаратты. Биз айаттарыбызды ой жүгүрткөн коомдор үчүн мына ушинтип байандадык.
98.Ал силерди бир жандан жаратты. (Силер үчүн жатынды) орун жана (атаңардын белин) жай (кылды). Чынында түшүнгөн коом үчүн айаттарыбызды байандадык.
99.Ал асмандан жамгыр жаадырат. Биз аны менен өсүмдүктөрдөн бардык нерсени чыгардык. Андан жашыл өсүмдүктү, тизмектелген данды, курма дарагынын мөмөсүнүн чанагын жана (жалбырактарды) окшош, а мөмөлөрү окшош эмес жүзүмзарларды, зейтунду, анарды (өстүрөбүз). Алар бышып жетилип, түшүм бергенде мөмөсүнө карачы?! Акыйкатта, мунун баарында ыймандуулар үчүн белгилер бар.
100.Аларды Ал (Алла) жараткан болсо да, алар Аллага жинди тең кылышат . Алар (мушриктер) түркөйлүк менен Ага (Аллага) «уулдарды» жана «кыздарды» таңуулашат. Алар сапаттап жаткан нерселерден (Алла) Аруу жана Жогору.
101.(Ал) Асман менен Жердин жаратуучусу. Анын жары (жубайы) жок. Анан кайдан Анын баласы болсун?! Ал баарын жараткан жана бардык нерселерди Билүүчү!
102.Бул Алла силердин Эгеңер. Андан башка кудай жок. Бардык нерселерди Жаратуучу! Ага гана табынгыла! Ал бардык нерсени Сактоочу!
103.Аны көздөр көрө албайт. А, Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат. Ал Жумшак жана Кабардар!
104.Акыйкатта силердин Эгеңерден далилдер келди. Ким (акыйкатты) көрсө (анан ишенсе), ал өзү үчүн. Ал эми ким сокур болуп, (адашса), ал өзүнө зыйан. Мен силерге көзөмөлчү эмесмин. Алар: «Сен окуп, үйрөнгөнсүң», – деп айтпоолору жана түшүнө турган элге түшүндүрүүбүз үчүн,
105.Биз Өзүбүздүн айаттарыбызды ушинтип байандайбыз.
106.Сен Эгеңден келген (жашыруун) кабарларга гана эрчи! Андан башка кудай жок жана мушриктерден жүз үйүр!
107.Эгер Алла кааласа, алар Аллага шерик кошо алмак эмес. Бирок, Биз сени аларга көзөмөлчү кылган эмеспиз жана сен аларга өкүл дагы эмессиң.
108.Алладан башкаларга сыйынып жаткандарды тилдебе! Анткени алар да душмандык кылып, билбестиктен Алланы тилдеп койушат. Анан алардын Эгесине кайтуу бар жана Ал аларга жасаган иштеринин кабарын берет.
109.Алар эгер айат келсе: «Сөзсүз ишенээр элек» – дешип, Алланын аты менен ант ичишет. (Аларга «Албетте, айаттар Алланын алдында. Бирок айаттар келгенде да алардын ишенбей койуусун силер билбейсиңер! » – деп айт.
110.Биз алардын жүрөктөрүн жана көздөрүн оодарып салганбыз. Анткени, алар алгачкы эле жолу ишенишкен эмес. Биз аларды өздөрүнүн адашуусунда экиленип жүрө турсун деп, жайына койобуз.
8-бөлүм
111.Эгерде Биз аларга периштелерди жөнөтсөк, алар менен өлүктөр (тирилтилип) сүйлөшсө жана алардын алдына Биз бардык кереметтерибизди чогултсак да, Алланын каалаганынан башка алар баары бир ишенишпейт. Бирок наадандардын көпчүлүгү муну түшүнүшпөйт.
112.Биз ар бир элчиге адамдардан жана жиндерден шайтан душмандарды, бири бирине сөз кооздоп, азгырсын үчүн жасадык. А. Эгер Эгең кааласа алар мындай кылышмак эмес. Аларды жана алардын ойлоп чыгарышкан жалганын жөн кой!
113.Акыретке ишенбегендердин жүрөгү ага тартылуусу, алардын ыраазы болуусу жана жасаган нерселерин жасап жүрө берүүлөрү үчүн...
114.Мен бул Китепти ачык байандап, силерге жөнөткөн соң, Алладан башка бир өкүм кылуучуну издейминби? А, бул Китеп берилгендер анын Эгеңден чындык менен жөнөтүлгөндүгүнө ишенишет. Демек сен шектенүүчүлөрдөн болбогун!
115.Сенин Эгеңдин Сөздөрү чындык жана адилеттүүлүк менен бүттү. Анын Сөздөрү өзгөртүлүүгө мүмкүн эмес. Ал – Угуучу, Көрүүчү!
116.Эгер сен Жер үстүндөгүлөрдүн көбүнүн сөздөрүн уга берсең, алар сени Алланын Жолунан адаштырышат. Албетте алар өздөрүнүн гана күмөндөрүнө ээрчишет. Алар болгону жалганды гана чыгарышат.
117.Албетте, сенин Эгең, Өзүнүн Жолунан адашып бараткандарды да, Туура Жолдо бараткандарды да билет.
118.Эгер Анын айаттарына ишенсеңер, анда Алланын аты аталгандарды гана жегиле!
119.Алланын аты аталгандарды жебегидей силерге эмне болду? Анткени аргасыз болгон абалда, Ал силерге эмнелерди жешке тыйу салынганын ажыратып койгон. Көптөрү каалоолоруна азгырышып, илимсиздиктен башкаларды да Жолдон адаштырышат. Акыйкатта,Эгең чектен ашкандарды жакшы билет.
120.Ачык да, жашыруун да күнөөлөрдү таштагыла! Албетте күнөө кылгандар ошол кылган күнөөсүнө жараша жазаланат.
121.Алланын аты аталбагандарды жебегиле! Алар ыплас. Албетте шайтандар өз тарапкерлерин силер менен жаңжалдашууга азгырат. Эгер аларга баш ийсеңер, анда албетте мушриктерден болосуңар!
122.Өлүк болгон кезинде, Биз аны тирилттик жана адамдар арасында жүрө турган бир нур бердик. Караңгылыкта жүргөн жана андан чыга албаган бирөө сымал. Ошондой эле каапырларга да өздөрүнүн иштери кооз көрүнөт.
123.Ушинтип, Биз ар бир айылда амалкөйлүк кылуулары үчүн бузгунчулардын башчыларын жараттык. Бирок, алар өздөрүн өздөрү алдашат да, өздөрү муну сезишпейт.
124.Аларга айаттарыбыз келгенде: «Алланын элчилерине берилгендер бизге да берилмейинче, эч качан ишенбейбиз», – дешет. Алла Өз элчилигин кимге тапшырууну жакшы билет. Күнөө кылгандар Алланын алдында кор. Айлакерликтери үчүн Алладан катуу азапка дуушар болушат.
125.Алла кимди туура жолго салгысы келсе, анын көкүрөгүн исламга ачып коет. Ал эми кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн көккө көтөрүлүп бараткан адамдыкындай кылып кысылтып салат. Алла ишенгиси келбегендерди дал ушинтип жазалайт.
126.Бул жол сенин Эгеңдин туура жолу. Чынында, Биздин айаттарыбыздан насаат алууну каалаган коомго ачык байандадык.
127.Алар үчүн тынчтык журту Эгесинин алдында. Алардын кылгандары үчүн – Ал алардын кам көрүүчүсү.
128.Ал баарын жыйган Күнү (мындай дейт): “Эй жиндердин тобу! Силер өз айланаңарга көптөгөн элди топтодуңар. ” А алардын адамдардан болгон достору: “Эгебиз! Биз бири бирибизди пайдаландык. Бирок, азыр бизге Өзүң белгилеп койгон мөөнөт жетип келди”, – дешет. (Ал айтат): “Силердин ордуңар тозок. Эгерде Алла башканы каалабаса, силер анда түбөлүккө каласыңар”. Акыйкатта, сенин Эгең Даанышман, Билүүчү!
129.Ушинтип, Биз заалимдерди алардын кылган иштери үчүн бир бирине достоштурабыз.
130.“Эй жиндердин жана адамдардын топтору! Чын эле силерге Менин айаттарым жана ушул Күн тууралуу айтып эскерткен силердин өзүңөрдүн араңардан элчилер келген жок беле?” Алар: “Биз өзүбүзгө өзүбүз каршы күбөлүк беребиз”, - дешет. Бул дүйнөнүн жашоосу аларды азгырып кеткен. Өздөрүнүн каапыр болгондуктары тууралуу өздөрүнө каршы күбөлүк беришет.
131.Эгең анын жашоочуларын эскертпей туруп, адилетсиз түрдө (бир да) калааны жок кылып салбайт.
132.Ар бирин амалдарына жараша даражаларга коет. Эгең алардын кылып жаткан иштерин көңүл буруусуз калтырбайт.
133.Эгең - бай, мээримдүүлүк ээси. Эгер Ал кааласа силерди жок кылат да, силерди башка коомдун урпагынан жараткандай эле, силерден кийин каалаганын алмаштырат. силерди башкалар менен алмаштырат.
134.Акыйкатта силерге убада кылынгандар сөзсүз келүүчү. Силер эч нерсе кыла албайсыңар.
135.Айт: “Эй менин элим! Каалаганыңарды кыла бергиле. Мен дагы кылам. Жакын арада силер жайдын акыбетин билесиңер. Заалимдер эч качан ийгиликке жета алышпайт”.
136.Алар Алла үчүн Ал жараткан эгин-тегин жана малдарынан үлүш дайардашты жана мындай дешти: “Бул Алла үчүн, а бул – биздин кудайлар үчүн,” – деп эсептешти. Бирок, алардын кудайлары үчүн арналгандары Аллага жетпейт, а Алла үчүн арналгандар алардын кудайларына жетет. Алардын кылган өкүмдөрү кандай жаман.
137.Алардын кудайлары мушриктерге аларды кыйроого алып баруу жана алардын динин чаташтыруу үчүн өз балдарын өлтүрүүнү кооз кылып көрсөттү. Эгер Алла кааласа, алар мындай кылышпас эле. Аларды жана алардын ойлоп тапкан жалгандарын жөн койо тур!
138.Алар (айтты “Бул малдар жана талаа арам. Биз каалагандардан башка эч ким алардан тамактанбоосу керек. Жону арам кылынган да малдар бар. Алланын аты айтылбай турган да малдар бар”. Мунусу жалган. Жалаа жапканы үчүн жакында (Алла) алардын жазасын берет.
139.Алар : “Бул малдын курсагындагылар эркектерибиз үчүн адал, айалдарыбыз үчүн арам, а эгерде өлүк туулса, анда бул баарыбыз үчүн” – дешти. Ал алардын бул жалган сөздөрү үчүн жазасын берет. Акыйкатта, Ал Даанышман жана Билүүчү!
140.Түшүнбөстүктөн наадандык кылып, балдарын өлтүргөндөр зыйанга учурады. (Алар) Аллага жалаа жабышып, Алла ырыскы кылып аларга бергендерди арам дешти. Алар түз жолдон тайышты, Туура Жолдо болушпады.
141.Ал жөлөтүлгөн жана жөлөтүлбөгөн бактарды, курма дарактарын, түрдүү даамдары бар эгиндерди, зайтунду жана анарды, окшош жана окшош эместерди өстүргөн. Качан алар түшүм бергенде, алардан жегиле. Бирок, түшүм жыйноо учурунда анын бөлүгүнөн алууга акысы барларга бергиле . Ысырап кылбагыла. Ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт.
142.Ал малдардын бир бөлүгүн оор жүктөрдү ташуу үчүн, калганын майда жандык кылды. Алланын силерге дайардап бергенинен жегиле! Шайтандын жолдору менен жүрбөгүлө. Акыйкатта, шайтан силерге анык душман.
143.(Ал силер үчүн бул малдардан) сегиз жуп жаратты, эки жуп кой жана эки жуп эчки. Эми айт: “Ал силерге эки эркегин тыйуу салдыбы, же эки ургаачысынбы? Ага эки ургаачысынын курсагындагылар да кошулабы? Эгер чынчыл болсоңор билип жооп бергиле”.
144.Эки жуп төөдөн жана эки жуп уйдан. (Аларга) айт: “Алардын эки эркегин (арам кылдыбы), же эки ургаачысынбы? Ага эки ургаачысынын курсагындагылары да кошулабы? Же силер Алла буларды буйурганда күбө болуп турдуңар беле? Билбесе да адамдарды адаштыруу үчүн Аллага жалаа жапкандан ашкан заалым ким? Акыйкатта, Алла заалым коомду туура жолго салбайт.
145.“Мага билдирилгендерден мен тамак үчүн: өлгөн малдын эти, кан жана чочконун этинен башка арам кылынган нерсени таппадым, анткени булар чынында эле ыплас жана булганыч жана Алладан башканын аты аталгандары (сойулгандар дагы)” – деп айт. Ким аларга умтулбай жана Алланын тыйууларын бузууну каалабай, бирок аргасыз болуп калса , анда Эгең Кечиримдүү жана Мээримдүү.
146.Биз иудейлер үчүн бардык ача туйактуу эместерди; уйлар менен койлордун майларын; алардын жонундагы, ичиндеги жана сөөгүндөгү майларынан башкаларын (жешке) тыйуу салдык. Бул алардын чектен чыгуулары үчүн болгон жаза. Анткени Биз чындыкты айтуучубуз.
147.Алар сени жалганга чыгарышса айткын: “Эгеңер мээримдүүлүктүн ээси, бирок Анын жазасы күнөөлүү элден кайтарылбайт”.
148.Аллага шерик кошкондор: “Эгер Алла кааласа, биз да, аталарыбыз да шерик кошпойт элек жана эч кандай тыйуу салуулар болбойт эле”, – дешет. Биздин жазабызды татыганча, аларга чейинкилер да мына ушинтип жалганга чыгарышкан. “Эгерде ал жөнүндө силерде илим болсо, аны бизге көргөзгүлө. Божомолдоолорду гана ээрчийсиңер. Силер жалганчысыңар”
149.Аллада жетиштүү далилдер бар. Эгерде Ал кылууну кааласа, анда барыңарды туура жолдо алып барар эле.
150.Айт : “Алла буларды тыйуу салган деп күбөлүк бере турган күбөлөрүңөрдү алып келгиле”! Эгер алар күбөлүк беришсе да, сен алар менен бирге күбөлүк бербе! Биздин айаттарыбызды жалганга чыгарып, акыретке ишенбегендердин жана Эгесине шерик кошкондордун каалоолоруна ээрчибе!
151.Айт: “Келгиле, мен силерге Эгеңердин арам кылганын окуйун: “Ага шерик кошпогула; ата-энеңерди урматтагыла; кедейчилик себептүү өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө, Биз аларды да, силерди да ырыскыландырабыз; ачык да, жашыруун да бузукулук иштерге жакындабагыла; Алла (өлтүрүүнү) тыйуу салган жанды , өлтүрбөгүлө! Силер ойлонууңар үчүн, Ал силерге мына ушуларды насаат кылат”.
152.Жашы жетилгенге чейин, жашоосун оңдоо үчүн гана болбосо, жетимдин мал мүлкүнө жакындабагыла. Чен өлчөмдү жана таразаны туура алгыла! Биз жанга ал көтөрө алчудан артыкты жүктөбөйбүз. Жакындарыңар болсо да адилдикти айткыла! Алланын алдындагы милдетиңерди аткаргыла. Силер эстеп турууңар үчүн, Алла ушуну насаат кылат!
153.Ырасында, бул Менин туура жолум, эми аны менен гана жүргүлө; башка жолдор менен жүрбөгүлө, алар силерди Анын жолунан чыгарып салат. Силер такыба болууңар үчүн, Ал силерге ушуну насаат кылат.
154.Андан соң, Биз Мусага жакшылыктарды толук орундатканга, ар бир нерсени байан кылуу үчүн, туура жол көрсөтүү жана ырайымы үчүн Китеп бердик. Мүмкүн алар Эгесине жолугарына ыйман келтиришээр.
155.Бул Биз түшүргөн куттуу Китеп . Аны ээрчигиле жана такыба болгула. Мүмкүн Мээримге бөлөнөөрсүңөр.
156.“Акыйкатта, бизге чейинки эки элге гана Китеп түшүрүлгөн, биз болсо аны кандай түшүнүүнү билген эмеспиз”, – деп силер айтпооңор үчүн;
157.Же болбосо: “Эгер бизге Китеп түшүрүлгөндө, биз алардан да туурараак жол менен барар элек деп айтпооңор үчүн (түшүрдүк). Азыр силерге Эгеңерден ачык-айкын айаттар, туура жолду көргөзүүчү жана мээримдүүлүк келди. Алланын айаттарын жалганга чыгаргандан, андан жүз үйрүгөндөн өткөн заалымыраак ким бар? Айаттарыбыздан баш тарткандарды баш тартуулары себептүү жаман азап менен азаптайбыз!
158.Алар өздөрүнө периштелер келерин, Эгеңдин буйругу, же Эгеңден кай бир белгилердин келерин гана күтүшөбү? Эгеңден белгилердин кээ бири келген күнү, мурда ыйман келтирбеген, же ыйманы бойунча жакшылыктарды өзүнө таап албаган бирөөнүн ишеними анын жанына эч пайда бербейт. “Күткүлө, биз да күтөлү”, – деп айт.

#11 17 Март 2014 - 02:40
АНЪАМ уландысы
.
159.Өздөрүнүн дининде бөлүнүп жарылып, топторго айрылгандарга сенин тиешең жок. Акыйкатта, алар жөнүндө Алла чечим кылат. Ошондо Ал силер эмне кылганыңардан кабар берет.
160.Ким бир жакшылык кылса, ага андайдан он эсе бар. Ким бир жамандык кылса, ага ошондой гана жаза берилет. Алар зулум кылынбайт.
161.Акыйкатта, Эгем мени туура жолго, Ибрахимдин таза, түз динине салды. Ал шерик кошуучулардан болгон эмес.
162.“Менин намазым да, курбандыгым да, жашоом да, өлүмүм да ааламдардын Эгеси Алла үчүн – деп айт.
163.Анын шериги жок. Бул мага буйрук кылынган жана мен Ага баш ийгендердин биринчисимин. ”
164.Айт: “Ал бардык нерсенин Эгеси болгон соң, мен Алладан башка бирөөнү издейинби? Ар бир жандын кылганы өзүнө. Эч ким башка бирөөнүн жүгүн көтөрбөйт. Андан соң Эгеңерге кайтуу бар. Ошондо Ал өз ара талашканыңар тууралуу силерге билдирет”.
165.Ал силерди жер үстүнө орун басар кылган. Силерди берген нерселери менен силерди сыноо үчүн даражаларда бириңерди бириңерден жогору көтөрдү. Акыйкатта, Эгең жаза берүүдө өтө тез. Албетте Ал Кечирүүчү жана Мээримдүү!

#12 17 Март 2014 - 02:45
Мааида» 5-сүрөсү
.
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!
.
1. О, ыйман келтиргендер! Убадаңарды аткаргыла! Силерге (төмөндө) окуп бериле тургандарынан башка бардык жандыктар адал кылынды. (Силерге) Ихра болуп турган абалыңарда аң уулоо адал эмес. Аллах Өзү каалагандай өкүм кылат.
2. О, ыйман келтиргендер! Аллах арам кылган нерселерди, “шахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллахка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып турушу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокто (үзүүнү) жана Раббисинин пазилет, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, качан Ихрамдан чыксаңар аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүшүңөр, аларды Масжид - Аль-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душманчылык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу!
3. Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздалган учурда атырылган) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллахтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес. Дагы буттарга (мазарларга) атап союлган жандыктын эти жана «азлам» менен пал ачууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллах арам кылганды жасашыңар) – бузукулук. Мына бүгүн (Мекке фатх болгондон кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, нээмат-жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жешке мажбур болсо, Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.
4. Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза-пакиза тамак-аштар жана колго үйрөтүлгөн (ит, бүркүт, ителги сыяктуу) жаныбарлар кармап келген нерселер адал кылынды. Силер аларды Аллах силерге билгизген нерсе (илим-таалим) менен колго үйрөткөн элеңер. Эми, ошол жаныбарлар силер үчүн кармап келген нерселерди жей бергиле. Жана аларды агы-тып жатканыңарда Аллахтын ысымын эстегиле. Аллахтан корккула! Аллах тез Эсептешүүчү!
5. Бүгүн силерге (бардык) таза-пакиза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-пакиза аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты эгер махырын берип, зынаа кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо, анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот.
6. О, ыйман келтиргендер! Эгер намазга камдансаңар жүзүңөрдү, анан колуңарды чыканакка чейин (чыканакты кошуп) жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла жана да бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула. Эгер жүнүб (булганган) болсоңор - жуунгула. Ал эми, эгер оорулуу же сапарда, болсоңор же болбосо бирөөңөр ажатканадан келсе, же аялдарыңарды сылап-сыйпаласаңар жана, (даарат же гусул) үчүн суу таппай калсаңар, таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) аны менен бетиңерди анан колуңарды сылагыла. Аллах силерге машакат жаратууну каалабайт. Бирок, силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болушуңар үчүн силерге нээматтарын толук берүүнү каалайт.
7. Аллахтын силерге берген нээматтарын жана “уктук, моюн сундук” деген мезгилиңердеги Аны менен убадалашкан убадаңарды эстегиле. Аллахтан корккула! Албетте, Аллах жүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү.
8. О, ыйман келтиргендер! Аллах(тын ыраазылыгы) үчүн (сөзүңөрдө да, ишиңерде да) түз жана адилет туруп күбө болгула. Бир коомду жаман көрүүңөр, аларга адилетсиздик кылууга силерди мажбурлап койбосун! Адилет кылгыла! Ал такыбаага жакын. Аллахтан корккула! Албетте, Аллах силердин ишиңерден Кабардар.
9. Ыйман келтирип, салих (жакшы) амал кылгандарга Аллах кечирим жана улуу сооп-сыйлык болушун убада кылды.
10. Ал эми, каапыр болуп, Биздин (анык чындыкты чагылдырып турган) аяттарыбызды жалганга чыгаргандар Тозоктун гана элдери.
11. О, момундар! Аллахтын силерге берген нээматын эстегиле: бир мезгилде, (душман болгон) коом кол салганда, Аллах алардын колун силерден тыйган эле. Аллахтан корккула жана момун адамдар Аллахка гана тобокел кылышсын!
12. Аллах Исрайил урпактарынан бекем ант-убаданы алды. Жана Биз алардын он эки башчысын (ант менен мойнуна алган парыздарды аткаруусун көзөмөлдөөгө) жибердик. Аллах айтты: “Мен силер менен биргемин. Эгер силер намазды толук аткарып, зекетти берип, Менин Пайгамбарларыма ыйман келтирип, аларды урматтасаңар жана Аллахка жакшы карыз (садака) берсеңер, анда Мен силердин күнөөңөрдү өчүрүп, астынан дарыялар агып турган Бейиштерге киргиземин. Ал эми силерден кимде-ким ушундан (ант-убада бергенден) кийин деле, каапыр болуп кетсе, ал (билип туруп) түз жолдон адашыптыр.
13. Ант-убадаларын аткарбагандары себептүү (кийин) Биз аларга каргыш жаадырдык, жүрөктөрүн катырып салдык. Алар (Ыйык Китептеги) сөздү өз ордунан (башка маанидеги сөзгө) алмаштырып жиберишти. Жана алар өздөрүнө эскертилген нерседен (Тоораттан) бир (нече) эсесин унутушту. Жана да сен (оо, Мухаммад), алардын бардыгын кыянаттын үстүндө табасың. Бир аз гана бөлүктөрү андай эмес. Сен алардын(н каталарын) кечирип кой. Аллах эхсан (жакшы амал) кылуучуларды сүйөт.
14. “Биз – насаараларбыз” деген адамдардан да ант-убада алган элек. Алар дагы өздөрүнө эскертилген нерседен (Инжилден) бир бөлүгүн унутуп жиберишти. Натыйжада Биз алардын араларына тээ Кыяматка чейин (өз ара) душманчылык жана жек көрүүнү салып койдук. Жана Аллах аларга жакында жасаган кылмыштарынын кабарын берет (жана ошого жараша азапка дуушар кылат.)
15. Оо, китеп элдери! Мына, силерге Биздин Пайгамбарыбыз (Мухаммад) силер Китептен (Тоорат менен Инжилден) жашырып койгон көп нерселерди силерге баян кылып жана (башка) көп нерселерди(н сырын) ачпай, жөн койгон абалда келди. Силерге Аллахтан Нур (Мухаммад) жана анык Китеп (Кураан) келди.
16. Аллах ал (Китеп) менен, Өзүнүн ыраазычылыгына ээрчиген адамдарды (азаптан) саламатта болуу жолдоруна баштайт. Жана аларды Өз каалоо-уруксаты менен, (каапырлыктын) караңгылыктарынан (Исламдык) Нурга чыгарып, Туура Жолго баштайт.
17. “Аллах – бул Марямдын уулу Ыйса”-деген адамдар каапыр болушту. Айт: эгер Аллах
Марямдын уулу Ыйсаны, жана анын апасын жана жер жүзүнүн бардык адамдарын жок кылууну кааласа, Аллах тарабынан (келген бул балээнин) бир гана нерсесин кайтарууга кимдин кудурети жетмек?! Асмандар жана Жердин жана экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселердин падышалыгы (жалгыз) Аллахка таандык. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.
18. Яхудийлер менен христиандар: “Биз Аллахтын балдары жана сүйүктүүлөрү болобуз” - дешти. Айткын: “Анда эмне үчүн Аллах силерди күнөөңөр үчүн азаптайт?” Жок, силер деле Аллахтын жараткандарынан болгон (жөнөкөй эле) инсансыңар. Ал Өзү каалаган пендесинин (күнөөлөрүн) кечирет жана каалаганын азапка дуушар кылат. Асмандар, Жер жана ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин мүлкү Аллахка таандык. Жана Ага гана кайтуу бар.
19. Оо, китеп ээлери! Мына, (мурунку) Пайгамбарлардан кийин бир нече замандар өтүп, (силер Пайгамбарга өтө муктаж бир мезгилде) силерге Биздин Пайгамбарыбыз (Мухаммад) келди. (Келишинин себеби) силер (Кыяматта) “Бизге не бир Бейиш кабарчысы, не бир Тозок кабарчысы келген эмес” деп айта албасыңар үчүн. Силерге Бейиш-Тозоктон кабар берүүчү (Пайгамбар) анык келди. (Аны уккула). Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
20. Бир кезде Муса коомуна (мындай) деди: “Оо, коомум! Аллахтын силерге берген нээматтарын эстегиле! Бир кездерде Аллах силердин араңардан Пайгамбарларды, падышаларды чыгарды жана силерге ааламдардан эч кимге бербеген нээматтарды берди.
21. Оо, коомум! Аллах силерге (кирүүнү) парыз кылган (мына бул) Ыйык Жерге киргиле жана (коркоктук кылып) артыңарга кайтпагыла, зыян тартуучулардан болуп каласыңар».
22. Алар айтышты: “Оо, Муса”, анда бакубат, кайраттуу адамдар бар экен. Ошолор чыгып кетмейинче, биз ал жерге кире албайбыз. Эгер алар өздөрү чыгып кетишсе, анан биз киребиз”.
23. (Ошондо) Аллахтан корко турган, Аллах аларга (сабырдуулукту, эр жүрөктүүлүктү) нээмат кылып берген эки адам айтты: “Алардын үстүнө эшиктен кирип баргыла. Кирип эле алсаңар, силер жеңүүчү болосуңар. Жана эгер момун болсоңор, Аллахка гана тобокел кылгыла”.
24. Айтышты: «Оо, Муса, алар (бакубат адамдар) шаар ичинде болуп тарса, биз эч качан кир-бейбиз! Бара бер, өзүң, Раббиң экөөң согуша бергиле! Биз ушул жерде гана отурабыз! »
25. (Муса) айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүм менен бир тууганым(Харун)дан бөлөк эч кимге ээ боло албай калыптырмын! Эми, биз менен бул бузулган коомдун арасын ажыратып (аларды кылмышына жараша) жазала!»
26. Аллах (Пайгамбарынын дубасын кабыл кылып, мындай) деди: «Эми, аларга (бул шаарга кирүү) арам! Алар жер жүзүндө кырк жыл адашып-тентип жүрүшөт! Сен бул бузулган коом үчүн бушайман болбо!»
27. Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер: Бир кезде экөөсү (Аллахты ырааазы кылуу үчүн, кол астындагы нерселеринен) курмандык атап, ал курмандыктар биринен кабыл болуп, экинчисинен кабыл болбой калды. Ал (курмандыгы кабыл болбогон бала) айтты: “Мен сени өлтүрөмүн! ”. (Экинчиси) айтты: «Аллах такыбаа кишилердин гана курмандыгын кабыл алат.
28. Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол сунбаймын. Мен Ааламдардын Раббисинен коркомун.
29. Менин жана өзүңдүн күнөөң менен кай-тып, (Акыретте) тозок “ээлеринен” болуп калышыңды мен каалаймын. Заалымдардын жазасы - ушул!»
30. Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүрдү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал (эки дүйнөсү) күйгөн адамдардан болуп калды.
31. Аллах ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. (Заалым баланын көз алдында эки карга тытышып, бири өлүп калат. Өлтүргөн карга дароо тырмагы менен жер чукуп, шеригин көмөт. Ошондо) ал: «Оо, шорум курусун!» Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргачалык көмө албадымбы?” - деп бушайман кылуучулардан болуп калды.
32. Ушул (окуя) себептүү, Биз Исрайил урпактарына (төмөндөгүчө өкүмдү) парыз кылдык: «Кимде-ким (шарият буюрган) өчү болбогон же болбосо, жер бетинде бузукулук кылбаган бир (бейкүнөө) жанды өлтүрсө, дүйнөдөгү бардык адамдарды өлтүргөн сыяктуу (күнөөлүү) болот. Ал эми, кимде-ким бир жанга (аны өлтүрбөй коюу менен) жашоо берсе, бардык адамдарга жашоо берген сыяктуу (соопко ээ) болот. Аларга (Исрайил урпактарына) Биздин Пайгамбарларыбыз (эч ким каяша айта албай турган) далилдерди алып келди. Мына ушундан кийин деле, алардан көпчүлүгү жер жүзүндө аша чаап, чектен чыгып жатышат.
33.Аллахка жана Пайгамбарына каршы согушуп, жер бетинде бузукулук таратып жүргөн адамдардын жазасы – өлтүрүлүү же асып өлтүрүлүү, кол-буттары каршы-терши кылып (оң кол, сол бут же сол кол, оң бут) кесилүү же болбосо, (мекен туткан) жерден сүргүн кылынуу. Бул аларга дүйнөдө шерменде (болушу үчүн) жана Акыретте аларга улуу азап бар.
34. Ал эми, колго түшкөнгө чейин, өздөрү тооба кылып келишсе, билип койгула, Аллах -Кечиримдүү, Ырайымдуу.
35. Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллахтан корккула, Ага жакын болуунун жолдорун издегиле жана Анын жолунда жихад кылгыла. (Ошондо гана) силер жеңишке жетсеңер ажеп эмес.
36. Каапыр адамдар, жер жүзүндө болгон мүлктүн бардыгы, дагы ошончо кошумчасы менен алардын менчиги болуп, жана ошол мүлктөрүн Кыямат Күндүн азабынан кутулуу үчүн беришсе да, алардан кабыл алынбайт. Алар үчүн жан сыздаткан азап бар.
37. Алар (дүйнө-мүлк берип) Тозоктон чыгууну каалашат. Бирок, андан чыга алышпайт. Жана аларга түгөнгүс-түбөлүк азап бар.
38. Уурулук кылган эркек жана аялды, кылмышына жараша Аллах тарабынан (белгиленген) азап-жаза болуу үчүн колдорун кескиле! Аллах - Жеңүүчү, Даанышман.
39. Ал эми, ким заалымдыгынан (уурулугунан) кийин тооба кылып, (өзүн) оңдосо, Аллах анын тообасын кабыл алат. Албетте, Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.
40. (Оо, Мухаммад! ) Сен асмандар жана жер-де болгондун баары Аллахтын мүлкү экенин, Аллах каалаганын азаптап, каалаганы үчүн кечирим беришин билбедиңби? ! Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.
41. Оо, Пайгамбар! Ооздору менен “ыйман келтирдик” деп, жүрөктөрү ыйман келтирбеген мунафыктардан жана яхудийлерден болгон каапырчылык тарапка чуркап бараткандар сени кайгыга салбасын. Алар жалганды жана (бүт иш-аракети жалганга негизделген) башка коомду (яхудийлердин диний башчыларын) угушат. Алар (динбашчылар) болсо, сенин алдыңа келбейт, (элдерди адаштыруу үчүн Тоораттагы) сөздөрдү өз ордунан башкасына алмаштырышат. (Жана өздөрүнө кеңеш сурап келгендерге) “Эгер (силерге Мухаммад тарабынан өз каалооңорго ылайык келген) мына бул өкүм берилсе - алгыла. Ал эми, андай өкүм берилбесе - албагыла” дешет. Аллах кимдин бузулуусун кааласа, сен анын пайдасына Аллах тарабынан эч нерсеге ээ эмесиң. Алар – Аллах жүрөктөрүн тазалоону каалабаган адамдар. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик жана Акыретте чоң азап бар.
42. Алар жалганга кулак салуучулар, арамды сугунуучулар. Эгер алар сага (өкүм сурап) келсе, кааласаң - өкүм кыл, кааласаң - жүз бур. Эгер жүз үйрүсөң да, сага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Эгер өкүм кылчу болсоң, алардын арасында (ким болушуна карабай) адилеттик менен өкүм кыл. Аллах адилеттүүлөрдү сүйөт.
43. Алар эмне үчүн сенден өкүм сурап жатышат?! Алардын алдында Тоорат бар го! Анда Аллахтын өкүмдөрү бар эле го?! Кийин... ушундан кийин деле, тескери карап (өкүмдү аткарбай) кетишет. (Анткени,) Алар ыймандуу эмес!
44. Биз (Муса Пайгамбарга) ичинде Нур жана Туура Жол болгон Тооратты түшүрдүк. Аны менен яхудийлерге, Аллахка моюн сунган Пайгамбарлар, раббанийлер (элдерди Шарият боюнча тарбиялагандар) жана чоң аалым-уламалар өкүм кылышты. Себеби, Аллахтын китеби аларга аманат коюлган жана алар ал Китепке күбө болуучулар эле. (Оо, диний жетекчилер! ) Адамдардан коркпогула! Менден гана корккула! Жана Менин аяттарымды аз гана баага сатып жибербегиле! Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса... алар анык каапырлар!
45. Жана Биз аларга (яхудийлерге) анда (Тооратта): “Жанга-жан, көзгө-көз, мурунга-мурун, кулакка-кулак, тишке-тиш жана (башка) жарааттарга өч (алынат)” деп жазып койдук.Ал эми, кимде-ким өчүн (албай) кечирип жиберсе, бул (жакшылыгы) ал (кылмышкер) үчүн толук актоо болот. Жана кимде-ким Аллах түшүргөн (ушул) нерселер менен өкүм кылбаса... ошолор гана анык заалымдар.
46. Биз алардын (өткөн пайгамбарлардын) изинен, өзүнөн алдыңкы нерсени (Тооратты) тастыктаган Марямдын уулу Ыйсаны жиберип, ага, ичинде Нуру, Туура Жолу бар жана өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоо-чу, такыбаа кишилер үчүн насаат жана Туура Жол болгон Инжилди бердик.
47. Эми, Инжил эли анын ичиндеги Аллах түшүргөн нерселер менен өкүм кылышсын! Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор гана анык бузукулар!
48. (Оо, Мухаммад! ) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н ичиндеги бардык абзелдиктерди) ичине камтыган китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (Оо, адамдар!) Биз силердин бардыгыңар үчүн өз алдынча шарияттар жана жол-жоруктар кылдык. Эгер Аллах кааласа, бардыгыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парыздарда) силерди сынаш үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен жарышып жасагыла. Бардыгыңардын кайтууңар – Аллахка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (амалыңардагы) өзгөчөлөнгөн нерсеңердин кабарын берет.
49. Алардын (яхудийлердин) арасында Аллах түшүргөн нерсе (Кураан, Сүннөт) менен өкүм кыл! Алардын каалоо-кызыкчылыгына ээрчибе! Сени Аллах сага түшүргөн нерселердин кээ бирлеринен (өз каалоолоруна) буруп коюууларынан сак бол! Эгер (сенин өкүмүңдөн) жүз бурушса, билгин, Аллах аларга кээ бир айып-күнөөлөрү себептүү кайгы жеткирүүнү каалайт. Жана адамдардан көпчүлүгү (шариятка моюн сунбаган) бузукулар.
50. Алар (сенин өкүмүңө ыразы болбой) жаахилий (исламдан башка) өкүмдөрдү каалашат бекен?! Акылы тунук элдер үчүн Аллахтан да жакшы өкүм түзүп берүүчү ким бар?!
51. Оо, ыйман келтирген адамдар! Яхудийлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-биринин достору. Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек, ал - ошолордон! Албетте, Аллах заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт!
52. Анан сен (оо, Мухаммад), жүрөгүндө (мунафыктык) оорусу бар адамдардын, алар (яхудийлер) тарапка умтулуп: “(Эгер буларды дос тутпай койсок) бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз” дегендерин көрөсүң. Аллах жеңишти же болбосо, өз тарабынан (аларды шерменде кыла турган) бир ишти берип калгысы бардыр. Ошондо алар (эки жүздүү мунафыктар) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат.
53. Жана ыйман келтирген адамдар (эки жүздүүлөрдүн жосунсуз жоруктарынан кыжырданышып): “Кайра-кайра ант ичип: “Биз силер мененбиз”- дегендер ушуларбы?! дешет. Алардын иштери (дүйнөдө) текке кетти жана (Акыретте) зыян тартуучуларга айланышты.
54. Оо, момундар! Силердин араңардан кимде-ким өз дининен кайтса, жакын арада (аларды кетирип, ордуна) Аллах аларды сүйө турган, алар дагы Аны сүйө турган, ыймандууларга ырайымдуу, каапырларга каардуу, Аллахтын жолунда (мал-жандарын аябай) жихад кыла турган жана айыптоочу адамдардын айыптоолорунан коркпогон бир коомду алып келет. Бул – Аллахтын пазилети, аны каалаган пенделерине берет. Аллах (эхсан-жакшылыкта) Кенен жана Билүүчү.
55. (Оо, момундар! ) Силердин досуңар - Аллах, Анын Пайгамбары жана ыйман келтирген адамдар. Алар моюн сунган абалда намазды толук аткарышат жана зекетти беришет.
56. Жана ким Аллахты, анын Пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса (алар Аллахтын жамааты болуп саналат) Албетте, Аллахтын жамааты гана жеңүүчү!
57. Оо, момундар! Силердин диниңерди эрмек-шылдың кылып алган каапырлар менен силерден мурда Китеп берилгендерди дос тутпагыла! Эгер момун болсоңор, Аллахтан корккула!
58. Эгер аларды (азан айтып) намазга чакырсаңар, аны (намазды) да эрмек-келеке кылышат. Бул алардын акылсыз коом болгону себептүү.
59. Айткын: “Оо, китеп элдери! Бизди болгону, Аллахка ыйман келтиргенибиз үчүн, өзүбүзгө түшкөн жана мурда түшкөн китептерге ишенгенибиз үчүн жана көпчүлүгүңөр бузук болгонуңар үчүн эле жаман көрө бересиңерби? !
60. Айткын: “Силерге Аллахтын алдында мындан да жаманыраак жазалана тургандар жөнүндө айтып берейинби? Алар - Аллах каргыш жаадыргандар, каарына алгандар, аларды маймылдарга жана доңуздарга айланткандар жана Таагутка (Аллахтан башка «кудайга») сыйынгандар! Ошолор эң жаман орунда жана Туура Жолдон эң көп адашкандар!
61. Алар эгер силерге келишсе: “Ыйман келтирдик” - дешет. Бирок, Чынында, алар (алдыңарга) каапырлык менен кирип, каапырлык менен чыгышат. Аллах алардын жашырган нерселерин көбүрөөк Билүүчү.
62. Жана сен алардан (яхудийлерден) көпчүлүгүн күнөөгө, зулумга жана арамдан жегенге биринен бири өтүп чуркагандарын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман!
63. Алардын раббанийлери, (диний таалим берүүчүлөрү) жана (чоң) аалымдары аларды күнөө сөздөрдөн, арам жегенден кайтарышпайбы? ! Алардын иштери кандай жаман!
64. Яхудийлер “Аллахтын колу байлануу” (бакыл, сараң) дешти. Өздөрүнүн колдору байланып калсын! Жана сүйлөгөн сөздөрү себептүү каргыш-наалатка калышты. (Оо, Мухаммад! ) Сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Кураан, ага ишенишпегени себептүү) алардан көпчүлүгүнүн күнөөлөрүн жана каапырчылыгын көбөйтөт. Биз алардын арасына тээ Кыямат күнүнө чейин душманчылык жана жек көрүүнү түшүрдүк. Качан (мусулмандарга каршы) согуш отун тутандырышса, аны Аллах өчүрүп турат. Алар жер бетинде бузукулук таратып (кезип) жүрүшөт. Аллах бузукуларды сүйбөйт.
65. Эгер китеп элдери (Аллахка, периштелерине, бардык китептерине, бардык Пайгамбарларына, Акыретке жана тагдырга) ыйман келтирип, такыбаа болушса Биз алардын (өткөндөгү) күнөөлөрүн кечирип, сөзсүз “Наим” (деп аталган) Бейиштерге киргизебиз.
66. Эгер алар Тоораттын, Инжилдин жана Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерселердин өкүмдөрүн толук аткарганда, үстүлөрүнөн (асмандан) жана астыларынан (жерден) ырыскыларды (мол) жешет болчу. Алардын арасында (Тоорат, Инжил өкүмдөрүнө) ылайык жашагандары бар. Бирок, көпчүлүгү өтө жаман иштерди жасашат!
67. Оо, Пайгамбар! Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсени (Ислам динин, бардык элдерге) жеткир! Эгер муну аткарбасаң, Аллахтын элчилигин жеткирбеген болосуң! (Элчиликти жеткирүүдө эч кимден коркпо). Сени адамдардан Аллахтын Өзү сактайт. Аллах каапыр коомду Туура Жолго баштабайт.
68. Айткын: “Эй, китеп элдери! Силер качан Тооратка, Инжилге жана силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн (бардык) өкүмдөргө толук моюн сунмайынча эч бир динде эмессиңер. (Оо, Мухаммад! ) Сага Раббиңден түшүрүлгөн нерсе (Кураан) алардан көпчүлүгүнүн күнөө-каапырчылыгын көбөйтүшү шексиз. Сен каапыр коомдорго капа болбо.
69. Албетте, момун-мусулмандар, яхудийлер, сабиий жана христиандардан кимде-ким Аллахка, Акыретке ыйман келтирип, салих (жакшы) амалдарды жасаса, аларга коркунуч да болбойт, кайгы-капага да батышпайт.
70. Биз Исрайил урпактарынан ант-убадасын алып, Пайгамбарларды жибердик. Ар качан аларга бир Пайгамбар напсилери каалабаган өкүмдү алып келсе, кээ бирөөлөрүн “жалганчы” дешип, кээ бирөөлөрүн өлтүрүп жиберишти.
71. Жана “Бизге фитна (азап) болбойт” деп ойлошуп, (чындыктын алдында) сокур-дүлөй болуп алышты. Кийин (тообо кылышканда) Аллах алардын тообаларын кабыл алды. (Бирок) кийин алардан көпчүлүгү кайрадан сокур-дүлөй болуп алышты. Аллах алардын кылмыштарын көрүүчү.
72. “Аллах – бул Марямдын уулу Ыйса” дегендер анык каапыр болушту. Чындыгында, Ыйса-Масих аларга: “Оо, Исрайил урпактары! Менин жана силердин Раббиңер болгон Аллахка гана ибадат кылгыла! Кимде-ким Аллахка (мениби же башканыбы) шерик кылчу болсо, Аллах ага Бейишти арам кылат жана жайы Тозок болот. Өзүнө зулум кылуучуларга жардамчы (аларды тозоктон куткаруучу) болбойт!
73. “Аллах – үчөөнүн үчүнчүсү” дегендер да анык каапыр болушту! Жалгыз Кудай - Аллахтан башка бир да (сыйынууга татыктуу) кудай жок! Эгер сүйлөгөн (ката) сөздөрүнөн кайтышпаса, алардын арасынан каапыр болгондорун жан ооруткан азап кармайт!
74. Аллахка тооба кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы? ! (Эгер ошентчү болсо) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.
75. Марямдын уулу Ыйса болгону, бир Пайгамбар. Андан мурун да Пайгамбарлар өткөн. Анын апасы «сиддика» (айкын илимдүү, таза ыйман-ибадаттуу) аял болгон. Алардын экөө тең тамак-аш жеп жүрүшкөн. Биз аларга Өз аяттарыбызды кандай баяндап бергенибизди жана (ушуга да карабай) алардын (Аллах жөнүндө) кандай дооматтарды ойлоп чыгаргандарын көрүп койгун.
76. Айткын: “(Оо, христиандар! ) Силер Аллахтан башка, силерге пайда да, зыян да бере албаган нерселерге сыйынасыңарбы? ! Аллах Угуучу, Билүүчү!»
77. Айткын: “Оо, китеп элдери! Диниңерде кыянаттык менен чектен чыкпагыла! Мындан мурун адашкан, көп адамдарды адаштырган жана түз жолдон тап-такыр адашып кеткен коомдун каалоолоруна ээрчип кетпегиле.
78. Исрайил урпактарынан каапыр болгондору Дауд жана Марямдын уулу Ыйсалардын тили менен каргышка калышкан! Бул (каргыш) күнөө кылгандары жана чектен чыккандары себептүү болду.
79. (Дагы) алар жасап жаткан күнөө иш-терден бири-бирин кайтарышкан эмес. Бул иштери кандай жаман жорук!
80. Алардын көпчүлүгү каапырларды дос кылып алганын көрөсүң. Өз баштарына өздөрү келтирип алган нерсе - Аллахтын аларга болгон жек көрүүсү кандай жаман! Жана алар азапта түбөлүк калышат!
81. Эгер алар Аллахка, Пайгамбарга жана Пайгамбарга (Аллах тарабынан) түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиришкенде, каапырларды дос кылып алмак эмес. Бирок, алардын көпчүлүгү (каапырды дос туткан) бузукулар.
82. (Оо, Мухаммад! ) Сен, момундарга адамдардын эң катуу душман болгондору - яхудийлер жана мушриктер экенин көрөсүң. Ал эми, “Биз - христиандарбыз” дегендерди болсо, момундар үчүн жакыныраак дос экенин көрөсүң. Мунун себеби алардын арасында (яхудийлер сыяктуу орой болбогон) дин аалымдары жана кечилдери бар. Жана алар текеберленишпейт.
83. Алар Пайгамбарга түшүрүлгөн нерсени (Кураанды) уккан кезде, өздөрүнө тааныш болгон акыйкат(ты угушканы) себептүү, көздөрү жашка толгонун көрөсүң. (Анан алар): “Оо, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик! Бизди (Аллахтын жалгыздыгына эң туура) күбөлүк берүүчүлөрдүн (мусулмандардын) катарына жазып кой!
84. Бизге эмне болгон экен, Аллахка (туура) ыйман келтирбей жана бизге келген акыйкатка ишенбей туруп эле, Раббибиз бизди салих (жакшы) коомдор (мусулмандар) менен бирге Бейишке киргизүүсүн үмүт кылып жүрүптүрбүз? !” - дешет.
85. Аллах аларды, (жүрөктөн) айткан сөздөрү (ыймандары) себептүү, астынан дарыялар аккан Бейиштер менен сыйлады. Алар анда түбөлүк калышат. Бул - жакшы амал кылуучу адамдардын сыйлыгы!
86. Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып жүргөн адамдар – тозок ээлери!
87. Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллах силерге адал кылган пакиза нерселерди (өзүңөргө) арам кылып албагыла! Жана чектен чыкпагыла! Аллах чектен чыккандарды жакшы көрбөйт!
88. Аллах силерге ырыс кылып берген адал-пакиза нерселерди (өзүңөргө арам кылып албай) жей бергиле. Өзүңөр ыйман келтир-ген Аллахтан корккула!
89. Аллах силерди алаңгазарлык менен (ойлонбой) ичкен антыңар үчүн азаптабайт. А, бирок, жүрөгүңөргө бекем түйгөн антыңар үчүн (эгер аткарбасаңар) азаптайт. Эми анын (ант ичип, аткарбай койгондун) төлөмү үй-бүлөңөрдү тамактандырган орточо тамак менен он кедейди тойдуруу же кийинтүү же болбосо, бир кулду азат кылуу. Ким муну(н кара-жатын) таппай калса, үч күн орозо кармоо. Ушул - ичкен жана бузуп койгон антыңардын төлөмү. Бирок, антыңарды сактагыла! Шүгүр кылуучу (пенделерден) болушуңар үчүн Аллах силерге аяттарын ушинтип баян кылат.
90. Оо, ыймандуу адамдар! Арак, кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган буттар жана «азлам» (пал ачуу таякчалары) шайтандын иштеринен болгон ыпластык! Андан сак болгула, (тозоктон) кутулсаңар ажеп эмес.
91. Арак жана кумар себептүү шайтан силердин араңарга жек көрүү жана душманчылык салууну жана силерди намаздан, Аллахты эскерүүдөн тосууну каалайт! Эми, кайтасыңарбы? !
92. Жана (Оо, момундар) Аллахка, Пайгамбарга моюн сунгула. (Экөөнө күнөөкөр болуудан) абайлагыла! Эгер, жүз бурсаңар, билип алгыла: Биздин элчибиздин мойнунда анык жеткирүүдөн башка вазыйпа жок.
(Кээ бир мусулмандар «Арак арам боло электе аны ичип жүргөн бурадарларыбыздын абалы кандай болот эми?» деп кайгыра баштаганда, алардын маселесине жооп иретинде төмөнкү аят түшкөн
93. Ыйман келтирип, салих амалдарды кылып жүргөн адамдар үчүн- эгер такыбаа, ыймандуу, жакшы амал кылган киши болсо - мурун (арактын) даамын сызып койгонунда күнөө жок. Кийин (арамдыгы жөнүндө аят түшкөн соң) такыбаа, ыймандуу болушса, кийин дагы такыба(раак) болуп, жакшы иштерди жасаса, Аллах жакшы иш жасагандарды сүйөт.
94. Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллах, эч ким көрбөгөн жерде Өзүнөн корккон кишини билиш үчүн силерди колуңар жана найзаңар жете турган бир аз олжо менен сынайт. Ушундан соң ким чектен чыкса, ага жан ооруткан азап бар.
95. Оо, ыйман келтирген адамдар! Ихрамда болгон абалыңарда аңчылык кылбагыла! Силерден кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек сүрөтүндө тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адил киши калыс өкүмдарлык кылат. Же болбосо (экинчи жазасы) - мискин-кедейлерди тамактандыруу
Же болбосо, өз ишинин убал-зыянын татуу үчүн ошого тең орозо тутуу. Өткөн күнөөлөрдү Аллах кечирет. Жана ким чектен чыкса, Аллах андан өч алат. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу!
96. Силерге деңиздин олжосу жана (өлүп, жээкке чыгып калган) даам-тамагы (ихрамда болсоңор да) адал кылынды. Силерге жана башка мусапырларга пайда болсун үчүн. Бирок, ихрамдагы кезиңерде, силер үчүн кургактыкта аң уулоо арам кылынды. (Кыяматта) Анын алдына чогула турган Аллахтан корккула!
97. Аллах Каабаны – Байт аль-Харамды, согуш арам кылынган айларды, Аллахка арналган белек-жандыктарды жана (ал жандык-тардын мойнуна асып коюлган) мончокторду адамдар үчүн тууралыктын негизи кылып койду. Бул (нерсе) Аллах асмандар жана жердеги нерселерди билишин билип коюуңар үчүн. Аллах ар бир нерсени Билүүчү!
98.Билип койгула, Аллах – катуу азап берүү-чү жана Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.
99.Пайгамбардын вазыйпасы (динди) жеткирүү гана. Ал эми, жашыруун жана ашкере кылган ишиңердин баарын Аллах билет (жана ошого жараша эсептешет).
100. Айт: «Эгер сени ыпыластыктын көптүгү кызыктырса да, “ыпыластык менен тазалык эч качан тең болбойт. Оо, акылмандар! Аллахтан корккула, жеңишке жетээрсиңер”.
101. Оо, ыйман келтиргендер! Ар нерсени сурай бербегиле. (Жообу) билингенде өзүңөргө оор кылып аласыңар. Эгер алар жөнүндө сурасаңар, Кураан түшүп жаткан мезгилде силерге маалым болот. Чынында, Аллах ал нерселерди (унчукпай коюу менен) кечирген болчу. Аллах - Кечиримдүү, Жум.
102. Аларды (пайдасыз суроолорду) силерден мурунку адамдар (көп) сурашып, каапырларга айланып калышты.
103. Аллах “бахийраны” да, “саибаны” да, “васийланы” да, “хамийди” да (силерге дин буйругу) кылган эмес. Бирок, каапыр болгон адамдар Аллахтын атынан жалган айтышат. Жана алардан көпчүлүгү акылсыз адамдар.
104. Эгер аларга: “Аллах түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана Пайгамбар(айткан буйруктар)га келгиле” деп айтылчу болсо, алар: “Ата-бабаларыбызды эмненин үстүндө тапкан болсок - ошол бизге жетиштүү” - дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсени билбеген жана Туура Жол таппаган болсо да (ошенте беришеби)?!
105. Оо, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөргө өзүңөр жооп бересиңер! Эгер Туура Жолго түшүп калган болсоңор, адашкандар силерге зыян жеткире албайт. Бардыгыңардын кайтууңар - Аллахка. (Ошондо, Аллах) Силерге бардык ишиңердин кабарын берет.

#13 17 Март 2014 - 02:56
МААИДА уландысы
.
106. Оо, момундар! Силерден бирөөңөргө өлүм (белгилери) келип, осуят убактысы болгондо, өзүңөрдөн эки адил адам араңардагы (осуятыңарга) күбө болсун! Же болбосо, (эгер мусулман адам табылбай калса) силерден башкалардан (яхудий же христиандардан) экөөсү
(күбө) болсун, эгерде (башка) жерде сапарда болсоңор жана силерге өлүм кайгысы жетип калчу болсо. Ал эки (дини башка) күбөнү намаз (ибадат) кылып бүткөндө кармайсыңар (намаздын урматынан күбөлүктөрүндө жалган айтпас үчүн). Эгер алардан шектенчү болсоңор, (силердин талабыңар менен) “Биз бул күбөлүктү (эч кандай) баага сатып жибербейбиз, эгер тууган-туушканыбыз болсо да. Биз Аллах үчүн берген күбөлүгүбүздү жашырбайбыз. Эгер жашырчу болсок, анда күнөөлүүлөрдөн болуп калабыз” - деп ант ичишет.
107. Эгер жанагы эки (дини башка) күбөнүн кыянат кылганына кандайдыр белги болуп калса, ал экөөсүнүн ордуна (өлүктүн) жакындарынан эки адам күбө болууга көбүрөөк акылуу. Алар дагы: “Биздин күбөлүгүбүз ал экөөсүнүн күбөлүгүнө караганда акыйкат. Биз (бул күбөлүгүбүздө) акыйкаттын чегинен чыкканыбыз жок. Эгер чыксак, анда заалымдардан болуп калабыз” - деп, Аллахтын атына ант ичишет.
108. Ушул (кылганыңар) - туура күбөлүк берилишине же болбосо, ичкен анттарынан кийин, ал антты (өлүктүн жакындары) кабыл албай коюусунан коркууларына жакыныраак өкүм. Аллахтан корккула жана угуп алгыла: Аллах моюн сунбаган - фасык (бузук) адамдарды Туура Жолго баштабайт.
109. (Кыямат) Күндө Аллах Пайгамбарларды чогултуп: “(Даават кылган элиңер тарабынан) эмне жооп алдыңар?” - деп сурайт. Алар: “(Оо, Рабби!) Билбейбиз. Кайып нерселерди Өзүн гана Билүүчүсүң” - дешет.
110. (Оо, Мухаммад! ) Эстегин, Аллах айтты: “Оо, Марямдын уулу Ыйса! Менин сага жана апаңа берген нээматымды эстегин. Анткени, Мен сени Ыйык Рух (Жебирейил периште) менен кубаттаганымда, адамдарга бешикте (апаңды актап) жана чоңойгонуңда (элдерди Аллахтын Жолуна даават кылып) сүйлөгөнсүң.
Эстегин, бир кезде, Мен сага Китепти, Хикматты (Шарият сырларын), Тооратты жана Инжилди үйрөттүм. Дагы бир кезде: Менин уруксатым менен, ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөгөнүңдө, ал (жандуу) куш болуп калды. Менин уруксатым менен сокурларды, пес (ала) оорулуларды айыктыргансың. Менин уруксатым менен өлүктөрдү (тирилтип, мүрзөлөрүнөн) чыгаргансың жана Мен сени Исрайил урпактары (яхудийлер) коомунан сактадым. Сен аларга (ушунча) моожизаларды алып келсең да, алардын арасынан каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкырдан башка нерсе эмес” - дешкен.
111. Биз (сага) шакирт болгондордун жүрөгүнө: “Мага ыйман келтиргиле, Пайгамбарыма ишенгиле! ” - деп илхам салганыбызда, алар: (Оо, Рабби!) Биз ыйман келтирдик” Өзүң күбө бол: Биз - мусулмандарбыз! ” - дешкен.
112. Дагы бир кезде шакирттер айтышты: “Оо, Марямдын уулу Ыйса! Раббиң бизге асмандан (ичинде тамак-ашы менен) бир дасторкон түшүрүп бере алабы?” (Ыйса) айтты: “Эгерде ыймандуу болсоңор Аллахтан корккула,! ”
113. Алар айтышты: “Биз (шек келтиргенибиз жок, болгону) андан жеп, жүрөктөрүбүз канааттансын дедик жана сен бизге туура сүйлөгөнүңдү билип, ага (дасторконго) күбө болууну гана кааладык”.
114. Марямдын уулу Ыйса айтты: “Оо, Раббибиз! Бизге асмандан дасторкон түшүрө көр! Ал бизге: абалкыларыбызга да, акыркыларыбызга да майрам жана Сенден бир моожиза болуп калаар! Жана бизге ырыскы бергейсиң! Өзүң эң жакшы ырыс берүүчүсүң! ”
115. Аллах айтты: “Мен аны силерге түшүрөмүн. Бирок, андан кийин ким каапыр болсо, Мен аны, ааламда эч кимге бербеген азап менен азаптаймын! !!
116. Жана бир кезде Аллах айтты: “Оо, Марямдын уулу Ыйса! Сен адамдарга: “Аллахты таштап, мени жана апамды кудай кылып алгыла” - деген белең?! (Ыйса) айтты: “Оо, Раббим! Сен (шериктен) Аруу-Тазасың! Менин акым жок нерсени айтуу мага туура келбейт! Эгер айтканымда, Сен аны билмексиң. Сен менин жүрөгүмдө болгонду билесиң. Бирок, мен Сенде болгон нерсени биле албаймын. Сен - кайыптарды да эң жакшы Билүүчүсүң!
117. Мен аларга өзүң буюрган (төмөнкү) сөздөрдү гана айткамын: “Менин жана силердин (жалгыз) Раббиңер - Аллахка гана ибадат кылгыла!” Мен алардын ичинде турган (ар бир) мезгилде алардын үстүндө (Сенден башкага сыйынышпасын деп) күбө болуп турдум. Ал эми, Сен мени(н жердеги жашоо мөөнөтүмдү бүтүрүп, Өзүңө көтөрүп) алганың- аларга Өзүң күзөтчү болуп калгансың. Өзүң бардык нерселерге Күбөсүң.
118. Эгер аларды азапка салсаң - Өзүңдүн пенделериң. Эгер кечирсең - Өзүң Кудуреттүү, Даанышмансың! ”
119. Аллах айтты: «Ал (Кыямат) Күндө ыйманы чын адамдарга чынчылдыгы пайда берет. Аларга, түбөлүк кала турган жана астынан дарыялар агып турган Бейиштер бар! Аллах алардан, алар Аллахтан ыраазы болушат. Бул -эң улуу жеңиш!
120. Асмандарда, Жерде жана экөөсүнүн арасында болгондун баары Аллахтын мүлкү! Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттуу!

#14 17 Март 2014 - 03:00
Арааф 7чи-сүрөөсү
.
Меккеде түшкөн, 206 аяттан турат
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1.Алиф, лам, мим, сад .
2.Бул – сага түшүрүлгөн Китеп, андыктан көңүлүңдө кысылуу болбосун. Бул аркылуу эскертүүң жана момундарга насаат үчүн (түшүрүлдү).
3.Эгеңерден силерге түшүрүлгөнгө моюн сунгула да, Андан өзгөнү дос тутуп, ээрчибегиле! Силер аз гана насаат аласыңар .
4.Канчалаган кыштактарды жок кылдык, аларга азабыбыз түндөсү жана түшкү тыныгуу учурунда келди.
5.Аларга азабыбыз келген кезде: “Биз чындыгында заалымдардан болдук”, – деген гана сөздү айтышты.
6.Өздөрүнө элчи жиберилгендерди суракка тартабыз жана элчилерди да суракка алабыз.
7.Аларга толук билим менен баян кылабыз. Биз аларга жашыруун эмеспиз .
8.Ал Күнкү таразалоо – чындык. Кимдин таразасы оор болсо , мына ошолор – (азаптан) кутулуучулар.
9.Ал эми кимдин таразасы жеңил болсо, демек, алар – өздөрүнө зыян алып келишти. Анткени, алар Биздин аяттарды ар дайым жокко чыгарышчу.
10.Биз силерге жердеги бийликти, кадыр-барк жана (жашоо үчүн зарыл болгон) каражаттарды бердик. Силер өтө эле аз шүгүр кыласыңар.
11.Биз силерди жаратып, жакшы келбет берип, периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Периштелер баарысы сежде кылып, бир гана Иблис сежде кылуучулардан болгон жок.
12. (Алла “Сага Мен буйрук кылганда, сени сежде кылуудан эмне тосту”, – деди. Ал: “Мен андан мыктымын: Мени оттон, аны ылайдан жараттың” – деди.
13.(Алла “Анда, андан түш! Сенин текеберленгениң дурус эмес. Чык (Бейиштен)! Сен кор болуучулардансың”, – деди.
14.(Иблис “Кайра тирилүүчү Күнгө чейин мага мөөнөт бер”, – деди.
15.(Алла “Ырасында мөөнөт берилгендерденсиң”, – деди.
16.(Иблис “Мени кууп жибергениң үчүн мен да аларга каршы Сенин Туура Жолуңда олтуруп аламын.
17.Анан аларга алды-артынан, оң жана сол тарабынан келемин да (адаштырамын), мына ошондо алардын көбүн (Сага) шүгүр кылуучулардын арасынан таппайсың”, – деди.
18.(Алла “Кордолуп, куулган абалда ал жерден чык! Алардан ким сени ээрчисе, силердин баарыңар менен Тозокту толтурамын”, -деди.
19.Эй, Адам! Сен жубайың менен Бейиштен орун алгыла! Экөөңөр каалаганча жегиле, ушул даракка гана жолобогула , (эгер жолосоңор) – заалымдардан болосуңар”, –дедик.
20.Ошондо Шайтан ал экөөнүн уяттуу жерлерин ачуу үчүн азгырды да: “Эгеңер силерди ушул дарактан , экөөң периште болуп, же түбөлүккө (Бейиште) калып кетишет деп, тыюу салган .
21.Чынында мен экөөңөргө насаатчыларданмын”, – деп ант ичти.
22.Ошентип ал экөөн азгырды. Ошондо экөө дарактан даам татып, уяттуу жерлери ачылып калды. Экөөсү Бейиш жалбырактарынан үстүлөрүнө жамына башташты. Эгелери экөөсүнө: “Экөөңөрдү ушул дарактан тосподум беле?! Шайтан – силерге ачык душман экенин айткан элем го!” – деп айтты.
23.“О, Эгебиз! Биз өзүбүзгө зулум кылдык. Эгер Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, анда биз, – албетте, зыянга учуроочулардан болобуз!” –деп айтышты .
24.(Алла “Бейиштен бири бириңерге душман болуп түшкүлө. Силерге Жерде белгилүү мөөнөткө чейин жашоону жана пайдаланууну (буйрудук),
25.Ал жерде төрөлүп, ошол жерде өлүп, андан кайра чыгарыласыңар”, -деди.
26.Эй, Адамдын урпактары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк. Бирок, такыбалыктын кийими – эң жакшы (кийим). Бул – Алланын белгилеринен. Мүмкүн түшүнөрсүңөр!
27.Эй, Адам баласы! Шайтан ата-энеңердин уяттуу жерлерин көрсөтүү үчүн кийимдерин чечип, Бейиштен чыгарган сыяктуу силерди да азгырбасын! Ал жана анын тарапкерлери , силер аларды көрө албаган тараптан көрө алышат. Биз шайтандарды ыйман келтирбегердерге дос кылып койдук.
28.Алар бузукулук кылышкан кезде: “Аталарыбызды ушул жолдо таптык. Муну бизге Алла буюрган”, – дешет . (Эй, Мухаммед): “Чындыгында Алла бузукулукка буюрбайт. Билбеген нерсеңерди Алланын атынан айтпагыла! ” – деп айткын.
29.“Эгем адилеттүүлүккө буйруйт. Ар бир мечиттин алдында жүзүңөрдү кыбылага түздөп, диниңерди Аллага берилип, Андан тилегиле! Силерди оболку жаратканындай , Ага кайтасыңар.
30.Бир тайпа Туура Жолго түшүп, бир тайпа адашууга татыктуу болду. Чындыгында, алар Алланын ордуна шайтандарды дос тутуп, бирок өздөрүн туура жолдобуз деп эсептешет.
31.Эй, Адамдын урпактары! Ибадатка эң мыкты кийимиңерди кийгиле. Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени Алла ысырапкорлорду жакшы көрбөйт.
32.“Алла өз пенделерине чыгарган Алланын кооз нерселерин (кийимдерин) жана Ал берген жакшы насиптерди (ырыскыларды) силерге ким арам кылды?” – деп айткын. “Бул жакшы нерселер, чындыгында, бул дүйнөдө ыйман келтиргендер үчүн (гана жаратылган, бирок башкалар да андан пайдаланышат). Акыретте болсо бул момундарга гана таандык” – деп айт. Билген коомго Биз аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.
33.“Акыйкатта, Эгебиз ачык жана купуя ыпластыктарды (жасоону), каапырлыкты, адилетсиздикти, Аллага Ал Өзү эч бир белги түшүрбөгөн шериктерди кошууну жана Алла тууралуу өзүңөр билбеген (жалганды) айтууну арам кылды”, – дегин.
34.Ар бир коомдунбелгилүү бир мерчеми бар. Алар ошол мерчем келген кезде бир саамга да кечиктирилбейт жана тездетилбейт.
35.Эй, Адам перзенттери! Эгер силерге өз ичиңерден Менин аяттарымды түшүндүрүп берүүчү элчи келсе, ошондо кимдер такыба болуп, өзүн оңдосо, ошолорго (Кыяматта) коркунуч да, кайгы да болбойт.
36.Аяттарыбызды четке кагып, каршы чыккандар – текеберлер, ошолор ¬ – Тозок ээлери . Ал жерде алар түбөлүккө калышат.
37.Алланын аяттарын четке каккан жана Ал тууралуу жалган айткан адамдан заалымыраак ким бар?! (Бирок) алар Китепте жазылган үлүштөрүн алышат. Анан Биздин элчилер алардын жанын алуу үчүн келишип: “Алланы коюп, башкага сыйынган нерселериңер кана?” – дегенде: “Алар бизди таштап кетти”, –деп өздөрүнүн каапырлыгын моюндарына алышат.
38.Ал : “Силерден мурда өткөн адамдардын жана жиндердин коомунун катарында – Тозокко киргиле!” – дейт. Ар бир тайпа тозокко кирген учурда бири-бирине наалат айта башташат. Ошондо алар тозокко жыйналышканда акыркылар алгачкыларга айтышат: “Оо, Эгебиз! Тигилер бизди азгырышкан. Ошолорго эки эсе азап бер!” Алла: “Баарыңарга эки эседен. Бирок силер билбейсиңер! ” – дейт.
39.Ошондой эле, алгачкылар кийинкилерге : “Силердин бизден эч кандай артыкчылыгыңар жок”, –дешет. “Эми кылган ишиңердин азабын таткыла”, –(дейт, Алла).
40.Чындыгында, ким Биздин аяттарды четке какса, текебер болсо, аларга асмандардын дарбазалары ачылбайт жана төө ийненин көзүнөн өткөнгө чейин Бейишке киришпейт. Күнөөкөрлөрдү ушундай жазалайбыз.
41.Тозок алардын төшөнчүсү да, жамынчысы да болот. Заалымдардын жазасын ушунтип беребиз.
42.Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар – Бейиш эли жана алар ал жерде түбөлүккө калышат. Биз ар бир жанга ал көтөрө албаганды жүктөбөйбүз.
43.Алардын жүрөктөрүндөгү кайгыларды Биз алып салабыз. Алардын алдынан дарыялар агып турат жана алар: “Бардык мактоо бизди туура жолго салган Аллага болсун! Эгер Алла бизди туура жолго салбаганда, туура жолду таба албайт элек. Акыйкатта, Эгебиздин элчилери чындыкты айтышкан”, – дешет. Анан аларга: “Мына, Бейиш бактары! Силер өзүңөр жасаган иштериңер үчүн ушунун мураскору болдуңар”, – деген үн чыгат.
44.Бейиш эли Тозок элине кайрылып: “Эгебиз, бизге убада кылгандарын биз чындык деп, кабыл алдык. Силер да Эгеңердин убадасынын чындык экенине ишендиңерби? ” – деп сурашат. Алар : “Ооба”, – дешет. Ошондо алардын арасынан бирөө: “Алланын каргышы – заалымдарга !” – деп, жар салат.
45.Алар Алланын жолунан (адамдарды) тосуп, ал жолду бурмалагандар Акыретке да ишенишпейт.
46.Алардын ортосунда тосмо дубал бар. “Арааф” –тосмонун өйдө жагында баарын белгилеринен тааныган адамдар бар. Алар бейиш ээлерине : “Силерге Алланын тынчтыгы болсун!” – деп үн салат. Алар – али Бейишке киришкен эмес. Бирок үмүт кылып тургандар.
47.Качан алардын көздөрү Тозок жакка бурулган кезде: “Оо, Эгебиз! Бизди заалым-каапыр адамдар менен чогуу кыла көрбө!” – дешет.
48.Араафтагылар тозоктогуларды белгилеринен таанып: “Силердин текеберлигиңер жана жыйнагандарыңар пайда бербедиби?” – деп кыйкырып сурашат.
49.(Алла момундарга тозоктогуларды көрсөтүп) аларга : “Алланын ырайымы тийбейт”, – деп ант ичпедиңер беле? Бейишке киргиле ! Силерге (эми) коркунуч да кайгы да жок,” – делинет.
50.Тозоктогулар Бейиштегилерге: “Алланын силерге берген сууларынан жана ырыскыларынан бизге да бергилечи” – деп кыйкырышат. Алар: “Ырасында, Алла ал экөөсүн тең каапырларга арам кылган”, – дешет.
51.Алар – диндерин оюн-зоокко айландырышып, дүйнө жашоосу азгыргандар. Алар ушул күнгө жолугаарын унутуп, аяттарыбызды четке каккандай, эми Биз да аларды унутабыз .
52.Ырасында, Биз ыйман келтирген коом үчүн Туура Жол менен акыйкаттын ичинде бир Китеп (Куранды) түшүрдүк. Ал – айра таанытуучу (Китеп).
53.Алар анын натыйжасын гана күтүп жатышат. Анын натыйжасы келген (Кыямат) Күнү, аны эстеринен чыгаргандар: “Эгебиздин элчилери чындыкты алып келишкен болчу. Эми бизди колдоочу бар бекен? Же дүйнөгө кайра кайтарылар бекенбиз? Ошондо кылган иштерибизден башкача (жакшы) иштерди жасамакпыз”, – дешет. Алар өз жандарына өздөрү кыянаттык кылышты. Аларды өздөрү ойлоп тапкандары адаштырып, кайгыга салды.
54.Чындыгында, силердин Эгеңер – Алла! Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратып, Аршка ээ болду. Бирин-бири кубалап, күндүздү каптаган түндү, күн менен айды жана жылдыздарды Өз амирине багындырды. Акыйкатта, жаратуу жана бийлик жүргүзүү – Ага таандык. Ааламдардын Эгеси Аллага улуктук!
55.Аллага жалбаруу менен купуя кайрылгыла. Албетте, Ал чектен ашкан текеберлерди жакшы көрбөйт.
56.Жер жүзүндөгү жашоо оңолгон соң бузукулукту таратпагыла жана Ага коркунуч, үмүт менен кайрылгыла . Акыйкатта, ким жакшы иштерди жасаса, ага Алланын ырайымы жакын.
57.Ал (Алла) – Өз ырайымынын жарчысы катары шамалдарды жиберет. Чындыгында, оор булуттарды көтөргөн шамалдарды өлүү чөлкөмдөргө жиберип, ал аркылуу суу түшүрүп , тирилтип, түрлүү жемиштерди чыгарабыз. Мына ушундай эле өлүктөрдү да тирилтебиз. Балким, акылыңарга келээрсиңер!
58.Жакшы жердин өсүмдүктөрү Алланын каалоосу менен чыгат. Кунарсыз жерге болсо аз нерсе чыгат . Шүгүр кылуучу элге аяттарыбызды ушинтип баян кылабыз.
59.Ырасында, Биз Нухту өз элине пайгамбар кылып жибердик. Ошондо ал: “ О элим! Аллага ибадат кылгыла. Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Албетте, мен силерге келе турган Улуу Күндүн азабынан коркомун”, – деди.
60.(Нухтун) элинин башчылары: “Чындыгында, биз сенин катуу адашканыңды көрүп турабыз”, – дешти.
61.“Эй, элим! Менде эч кандай адашуучулук жок. Мен – ааламдардын Эгеси тараптан (жиберилген) бир элчимин”, – деди.
62.“Силерге Эгеңер жибергендерди жеткирип, силерди (жакшылыкка) үгүттөймүн. Ошондой эле, Алланын сыпаттарынан силер билбегендерди билем.
63.Такыба болуп, ырайым кылынууңар үчүн Эгеңер тараптан өз ичиңерден (тандалып) бир эскертүүчү келип, силерге насаат айтса, ошого таңыркап жатасыңарбы? ”
64.Ошондо алар аны жалганчыга чыгарышты. Биз (Нухту) жана анын кемесинде болгондорду куткарып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандарды сууга чөктүрүп жибердик.
65.Аад элине өз тууганы Худду жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллага (гана) ибадат кылгыла! Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Коркпойсуңарбы ?!” – деди.
66.Элинин каапырлары: “Сенин акылдан адашканыңды көрүп турабыз. Биз сени жалганчы катары билебиз”, – дешти.
67.Ал: “Эй, элим! Менде акылдан адашуу жок. Мен – ааламдардын Эгесинен (келген) элчимин .
68.Мен силерге Эгемден (келген) кабарларды жеткиремин. Мен силер үчүн ишеничтүү насаатчымын.
69.Силер эмнеге өз Эгеңерден өзүңөрдөн чыгарылган эскертүүчү аркылуу кабар келсе таң каласыңар? Эсиңерде болсун: Ал силерди Нухтун коомунан кийин (жердеги) өз орун басары кылды жана силерди күч тарабынан артык кылдык. Алланын жакшылыктарын эстегиле! Мүмкүн кутулаарсыңар!
70.Алар: “Сен бизди жалгыз гана Аллага ибадат кылып, ата-бабаларыбыз табынгандарды ташташыбыз үчүн келдиңби? Эгер чындыкты айтып жаткан болсоң, анда бизге убада кылып жатканыңды алып келчи, (көрөлү)?!” – дешти.
71.(Худ “Эгеңердин каары жана азабы силерге жакында түшөт!” Силер жана ата-бабаңар атаган, Алла эч кандай далил жибербеген ысымдар (буддар) тууралуу мени менен талашасыңарбы? ! Күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөйүн”, – деди.
72.Биз аны жана аны менен болгондорду Өзүбүздүн мээрим менен куткарып калдык. Биздин аяттарды жалганга чыгарып, ыйман келтирбегендердин баарын жок кылдык.
73.Ал эми Самуд элине алардын тууганы Салихти (пайгамбар кылып) жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллага (гана) ибадат кылгыла! Силердин Андан башка Кудайыңар жок! Силерге Эгеңерден өзгөчө керемет келди. Мына, Алланын ингени силер үчүн – бир керемет. Ага тийбегиле, Алланын жеринде оттосун. Ага бир жамандык кылып жүрбөгүлө. Антсеңер, силерди оорутуучу азап алат”, – деди.
74.Эсиңерде болсун: (Аад элинен) кийин силерди Алла Өз орун басары кылып, жерден орун берди. Анын (жердин) өрөөндөрүнө хансарайларды куруп, тоолорго үй кургула. Алланын жакшылыгын унутпагыла жана бузуку-ыпластык менен жер бетин булгабагыла!
75.(Самуд элинин) ак сөөктөрү, ыйман келтирген алсыздардан : “Силер Салих өз Эгесинин пайгамбары экенин билесиңерби? ” – деп сурады. Алар: “Чындыгында, биз ал эмне менен жиберилгенине ыйман келтиребиз! ” – дешти.
76.Текебер ак сөөктөр: “Чындыгында, биз силер ыйман келтирген нерсени четке кагабыз!” – дешти.
77.Алар өз Эгелеринин буруктарына кулак салышпай, ингенди мууздап салышты да: “Эй, Салих! Эгер сен пайгамбар болсоң, кана бизге алып келчи!” – дешти.
78.Таң эрте менен аларды жер титирөө каптап, өз турактарында бүк түшүп (өлүп) жатышты.
79.Ошондо Салих алардан баш тартты да: “Эй, элим! Мен Эгемдин эскертүүсүн жеткирип, эскерткен болчумун. Бирок силер ак ниет насаатчыларды сүйбөйсүңөр”, – деди.
80.Лут элине айтканын эсте: “Кантип силер мурда жер жүзүндө болбогон ыпластыкты жасайсыңар?
81.Чындыгында, силер аялдардын ордуна эркектерге кумардануу менен келесиңер. Силер, чындыгында, чектен ашкан коомсуңар”, – деди.
82.Бирок анын элинин жообу төмөнкүчө болду: “Аларды шаардан кууп чыккыла. Булар – өздөрүн тазасынган адамдар”.
83.Биз аны, үммөттөрүн – анын аялынан башкаларын – сактап калдык. Ал (аялы) калгандар менен чогуу эле .
84.Биз алардын үстүнө таштарды (жамгырдай) жаадырдык. Кара: Күнөөкөрлөрдүн акыбети кандай бүттү!
85.Мадиян элине алардын тууганы Шуайбды (пайгамбар кылып) жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллага (гана) ибадат кылгыла! Силердин Андан башка кудайыңар жок! Силерге Эгеңерден ачык белги түштү” – деди. Таразаны жана өлчөмдү толук сактагыла , адамдардын нерселерине зыйан кылбагыла, жерде, ал түзөлгөн соң, бузукулук жасабагыла. Эгер ыймандуу болсоңор, бул – силер үчүн жакшы.
86.Аллага ыйман келтиргендерди коркутуп, Алла жолун тосуп, аны (динди) бурмалоо үчүн баардык жолдордо олтурбагыла ! Эстегиле: Силердин аз кезиңерде (Алла) көбөйттү жана бузукулардын акыбети кандай болгонун карагыла.
87.Эгерде силерден бир тайпа Мен жиберген нерсеге ишенсе жана дагы бир тайпа ишенбесе, Алла биздин ортобузда өкүм кылганга чейин ага сабыр кылгыла. Ал – өкүм чыгаруучулардын эң Мыктысы!
9-бөлүм
88.Аны коомунун текеберлери: “ Эй, Шуайб, чындыгында сени же сени менен ыйман келтиргендерди айылыбыздан чыгарабыз, же силер биздин динге кайтасыңар”, – деп айтышты. (Шуайб “Эгер (силердин диниңерди биз) жаман көрсөк дагыбы?!
89.Эгерде силердин диниңерге Алла бизди андан куткарган соң кайтсак, анда , чындыгында, Алла тууралуу жалган айтып, Ага жалаа жапкан болобуз. Биздин Эгебиз Алланын каалоосу болмоюнча биз үчүн артка кайтуу болбойт! Биздин Эгебиз Өз илими менен баардык нерселерди камтыйт. Аллага тобокел кылдык. Оо, Эгебиз! Биздин ортобузду жана коомубуздун ортосун акыйкат менен ачкын . Сен ачуучулардын эң Мыктысысың! ” – деди.
90.Анын коомунан каапыр болгондор: “Эгер силер Шуайбды ээрчисеңер, анда силер зыянга учурайсыңар! ” – дешти.
91.Аларды жер титирөө талкалады . Алар өз журттарында жер астында, бүк түшкөн абалда таңды тосушту .
92.Шуайбды жалганга чыгаргандар, ал жерде (эч качан) болбогондой. .. (абалга келишти). Шуайбды жалганга чыгаргандар зыянга учурашты.
93.Алардан жүз буруп: “Эй, элим! Чындыгында, Эгемдин баянын силерге жеткиздим, силерге насаат кылдым. Каапыр журт үчүн эмнеге кайгырмак элем?” – деди
94.Эгер ар кандай шаарга бир элчи жиберсек, ал жердин тургундарын каатчылык, оорууга кириптер кылдык. Мүмкүн алар жалбарышаар .
95.Андан соң алардын көңүлдөрү жайланышы үчүн жамандыктын ордун жакшылык менен алмаштырдык. Алар: “Ата-бабаларыбыздын башына да тарчылык жана кеңчилик түшкөн”, – дешти. Анан Биз капилет алганыбызда алар (кырсыктын келгенин) сезбей да калышты .
96.Эгер, чындыгында, айылдардын тургундары ыйман келтиришкенде, такыба болушканда Биз аларга берекелерди асмандан жана жерден да ачмакпыз (жибермекчибиз). Бирок (аяттарды) жалганга чыгарышты. Аларды өздөрү кылган күнөөсүнөн улам алдык .
97.Чындыгында, шаар-кыштактардын тургундары уктап жатышканда Бизден балээ келишинен коопсуз болушканбы?
98.Же шаар-кыштактардын тургундары алар ойноп жаткан шашкеде Биз тараптан кырсык келишинен бейкапар беле?
99.Эмне, Алар Алланын (аларды жазалоо тууралуу) амалынан өздөрүн тынч сезиштиби? Кыйратылган коомдон башкалары эч кимиси өзүн Алланын амалынан тынчмын деп санай албайт!
100.Жерди мурдагы ээлеринен мурас кылып алгандарды качан кааласак жазалаарыбыз, укпай турган кылып алардын жүрөктөрүн мөөрлөп койорубуз аларга маалым эмеспи?!
101.Булар – Биз сага кабарлаган шаар-кыштактар. Ал жерлерге ачык белгилер менен элчилер келишкен. Бирок алар мурда жалганга чыгарып келген нерсеге ыйман келтиришпеди. Алла каапырлардын жүрөктөрүн ушундай кылып мөөрлөйт.
102.Алардын көбү убадага турушпайт. Алардын көбү, чындыгында, бузукулар.
103.Андан кийин Мусаны Фараонго жана анын тобуна кереметтер менен жибердик. Ошондо алар кереметтерге зулумдук кылышты . Бузукулардын акыбети кандай болгонун көр!
104.Муса: “Эй, Фараон! Чындыгында мен ааламдардын Ээсинен (келген) элчимин.
105.Аллага акыйкатты гана айтууга милдеттүүмүн. Силердин Эгеңерден ачык белгилер менен келдим. Мени менен кошо (кетүүсү үчүн) Исраил коомун жөнөт ,-деди.
106.Ал (Фараон): “Эгер сен ачык белги менен келсең, чынчылдардан болсоң аны көрсөт!” – деди.
107.Муса таягын ыргытты. Ал даана ажыдаарга айланды.
108.Ал (Муса) колун (чөтөгүнөн) чыгарды. Ал карап тургандарга аппак болуп көрүндү.
109.Фараондун коомунан бир тайпа: “Бул , чындыгында, билимдүү сыйкырчы,
110.ал силерди жериңерден чыгарууну каалайт. Эмнеге буйурасыңар? ” – деди.
111.Алар: “Аны, анын агасын кармагыла жана шаарларга жыйноочуларды жибер,
112.алар бардык билимдүү сыйкырчыларды сага алып келишсин! ” – дешти.
113.Сыйкырчылар келишип, Фараонго; “Чындыгында эгер биз жеңсек, бизге сыйлыктар барбы?” – дешти.
114.(Фараон) айтты: “Ооба. Чындыгында, (жеңсеңер мага) силер жакындардан болосуңар.
115.(Сыйкырчылар) айтышты: “Эй, Муса! (оболу) сен ыргытасыңбы же биз ыргыталыбы? ”.
116.(Муса): “Ыргыткыла! ”, –деди. Алар ыргыткан кезде адамдардын көздөрүн сыйкырлап, чоң сыйкыр менен келишип, адамдарды коркунучка кабылтышты.
117.Мусага: “Таягыңды ыргыт!” – деп аян бердик. Ошондо (Мусанын) таягы алардын кылган жалганын жута баштады.
118.Ошондо чындык аткарылып, алардын жасаган (сыйкырлары) текке кетти.
119.Ошентип, алар жеңилип, кор болуп кайтышты да,
120.анан сыйкырчылар сеждеге дароо жыгылышты.
121.Алар (сыйкырчылар): “Ааламдардын Эгесине ыйман келтирдик
122.Муса менен Харундун Эгесине!” – дешти.
123.Фараон: “Мен силерге уруксат бере электе эле Ага (Аллага) ыйман келтирдиңерби? !” – деди. Чындыгында бул – шаардын тургундарын чыгарып (эзүүдөн) куткарып жиберүүңөр үчүн жасалган амалкөйлүк. Бирок жакында силер эмне болоорун көрөсүңөр,
124.Сөзсүз, колу-бутуңарды кайчылаштырып кесип, баарыңарды асамын”, – деди.
125.(Сыйкырчылар “Биз сөзсүз Эгебизге кайтуучуларданбыз.
126.Сен бизден Эгебиздин аяттарына ыйман келтиргенибиз үчүн өч аласыңбы?! Эгебиз, бизге сабырдуулук берип, мусулман абалда өлтүр!” – деп айтышты .
127.Фараон коомунун башчылары: “Мусаны жана анын элин жер жүзүндө бузукулук кылуусуна, сени да, кудайларыңды да таштоосуна жол бересиңби?” –дешти. Фараон: “Балдарын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырабыз. Биз алардын үстүнөн өкүмдарбыз”, –деп айтты.
128.Муса элине: “Алладан жардам тилеп, сабыр кылгыла! Чындыгында Жер Аллага таандык. Ал, аны пенделеринен каалаганына мураска берет. Акыбети такыбалар үчүн (жакшы).
129.“Бизге сен келээриңден мурда да, сен келгенден кийин деле кыйналдык”, –деп айтышты . “Эгеңер душманыңарды өлтүрүп, силерди жерге орноштурсун! Анан силердин да кандай иштээриңерди көрөт”, –деп айтты .
130.Чындыгында, Фараондун элин каатчылык жылдар жана жемиштерди кемитип, колго алдык. Мүмкүн насаат алышаар.
131.Аларга бир жакшылык келсе: “Бул биздин (акыбыз)”, –деп, ал эми бир жамандык келсе, Муса жана аны менен бирге болгондорго жоромолдошту. Билип койгула: Алардын бактысыздыгы Аллага таандык. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт.
132.Алар: “Бизди сыйкырлоо үчүн канча керемет келтирсең деле, сага ишенбейбиз”, –деп айтышты.
133.(Ошондуктан) аларга топон суу, чегиртке, бит, бака жана канды айкын белги-керемет түрүндө жибердик . Ошондо деле алар текебер, күнөөкөр коом боюнча калышты.
134.Аларга азап келген кезде (гана): “Эй, Муса! Эгеңе сага берген убадасы боюнча жалбарып сура. Эгер бизди азаптан куткарсаң, сага ишенебиз да, Исраил урпактарын сени менен (кошо) бошотобуз”, – дешти.
135.Белгилүү мөөнөткө чейин жете турган кылып алардан азапты алганыбызда алар убадаларын (кайра) бузушту.
136.Аяттарыбызды жалганга чыгарып, ага кайдыгер мамиле кылгандыктан аларды деңизге чөктүрүп өч алдык .
137.Кыйналган коомду биз жердин чыгыш тарабына да, батыш тарабына да мураскор кылдык да анда береке бердик. Алардын сабыр кылуусунан улам Эгеңдин Исраил урпактарына айткан жакшы сөздөрү орундалды. Фараон менен анын элин, бийиктетип жасап жаткандарын талкаладык.
138.Исраил урпактарын деңизден (аман) өткөрдүк. Анда алар буддарына чокунган коомго келип: “Эй, Муса! Булардын кудайлары сыяктуу бизге да кудай жасап берчи”, – дешти. (Муса “Чындыгында силер наадан коомсуңар”, –деди.
139.Сөзсүз алардын диндери жокко чыгарылып, алардын жасаган иштери текке кетет.
140.Бүткүл ааламдан силерди артык кылган Алладан башка Кудайды издейинби?!
141.Силерди катуу азап менен кыйнаган, балдарыңарды мууздап, аялыңарды тирүү калтырган фараондун коомунан куткардык. Ушунда силер үчүн Эгеңердин улуу сыноосу бар.
142.Мусага отуз түн убада кылып, ага он күн менен толуктадык, ошентип Эгесинин белгилүү мөөнөтү кырк түн менен толукталды. Муса агасы Харунга: “Элимдин арасында орун басарым бол. (Аларды) түзөп, бузукулардын жолун жолдобо”, – деди.
143.Муса белгилүү чегибизге келип, Эгеси ага сүйлөгөндө: “Эгем, мага Өзүңдү көрсөт, Сени көрөйүн”, – деди. (Алла “Мени эч качан көрө албайсың. Бирок, тоого кара. Эгер ал ордунда тура алса, сен да Мени көрөсүң”, – деди. Ошентип Эгеси тоого Нурун көрсөткөн убакта ал талкаланып кетти . (Аны көрүп), Муса эстен танып жыгылды. Эсине келээр замат: “Сен Аруусуң! Сага тообо кылдым! Мен ыймандуулардын алгачкысымын”, – деди.
144.(Алла “Эй, Муса! Чындыгында сени адамдардан элчилигиме жана сүйлөшүүмө тандап алдым. Сага бергендеримди ал да , шүгүр кылуучулардан бол”, – деди.
145.Биз ага (Мусага) тактайларда баардык нерселерден насаат жана түшүндүрмө жаздык. Аны бекемдик карманып, элиңе анын көркөм нускаларын алуусун буйрук кыл. Сага бузукулардын журтун көрсөтөбүз.
146.Жерде орунсуз текеберленгендерди Өз кереметтеримден четте калтырам. Эгер алар Биздин бардык аяттарды көрүшсө да, ага ишенишмек эмес. Эгер алар Туура Жолду көрүшсө да, ага түшүшпөйт. Ал эми адашма жолду көрүшсө, аны жол кылып алышат. Бул – алардын белгилерибизди жалганга чыгарып, (акыйкаттан) кайдыгер калгандыгы.
147.Белгилерибизди жана Акыретте жолугушууну жалганга чыгаргандардын амалдары жоюлуп , жасаган иштери үчүн жазаланышат.
148.Ошентип Мусанын коому Муса кеткенден кийин жасалгалардан үн чыгуучу музоо айкелин жасап алышты. Музоо аларга сүйлөбөсүн жана Туура Жолго баштай албашын билишпейби? ! Алар аны (кудай) тутушуп, заалымдардан болушту.
149.Алар катуу өкүнүшүп , анык адашкандыктарын көрүшүп: “Эгебиз бизди ырайым кылып, кечирбесе, зыян тартуучулардан болобуз” – деп айтышты.
150.Муса өз коомуна ачууланып, кейиген абалда кайтып келип: “Менден кийин, кандай жаман иш кылдыңар. Эгеңердин буйругуна шаштыңарбы? ” – деп, (колундагы) жазуусу бар тактайларды таштап, агасынын башынан чапчып, өзүнө карай тарткылады. (Харун “Эй, энемдин уулу! Чындыгында бул коом мени басынтып, өлтүрмөкчү болду. Мени душмандарга мыскыл кылба жана мени заалым коом менен бирге санаба”, – деди.
151.(Муса “О Эгем, мени жана агамды кечир! Бизди ырайымыңа бөлө! Сен, ырайымдуулардын Ырайымдуусусуң!
152.Албетте, музоону кудай катары тутунгандарга Эгеси тарабынан каар жана дүнүйө жашоосунда жакында кордук жетет. Ойлоп табуучуларды мына ушунтип жазалайбыз.
153.Жаман иштерди жасагандар, андан кийин тообо кылып, ыйман келтиришсе, чындыгында, Эгең – аларга Кечиримдүү, Боорукер!
154.Мусанын ачуусу басылып, тактайларды алды. Анын бир нускасында; Эгесинен корккондор үчүн Туура Жол жана ырайымдуулук (бар болчу).
155.Муса Биз белгилеген убакытка өз коомунан жетимиш киши тандады. Аларды Жер силкинүү каптаганда, (Муса “Эгем! Эгер Сен кааласаң аларды да, мени да мындан мурда жок кылмаксың. Арабыздагы наадандардын кылыктарынан улам бизди жок кыласыңбы? Бул сенин сынооң гана. Аны менен каалаганыңды адаштырып, каалаганыңды Туура Жолго баштайсың. Сен – биздин Кожоюнубузсуң. Бизди кечирип, ырайым кыла көр. Сен – кечирүүчүлөрдүн эң мыктысысың!
156.Бизге бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык жаза көр. Чындыгында биз сага жүз бурдук», – деп айтты. (Алла «Каалаганымды азабыма кабылтамын. Ырайымым (болсо) бардык нерсени камтыйт. Аны такыбаларга, зекет бергендерге жана аяттарыбызга ишенгендерге жакында бекемдеймин”, – деди.
157.Алар алдыларындагы Тооратта жана Инжилде жазылганды табышып, сабатсыз пайгамбар-элчини ээрчишет. Ал – аларды жакшылыкка буюруп, жамандыктан тыят. Жакшы нерселерди адал, жаман нерселерди арам кылат. Алардын үстүндөгү оор жүктөрдү жеңилдетип, чиеленген нерселерди чечет. Ага ишенгендер аны урмат кылып, жардам беришкендер жана ага түшүрүлгөн нурду ээрчигендер, мына ошолор – (Тозоктон) кутулуучулар!
158.“Эй, Адамдар! Мен силердин баарыңар үчүн Алланын элчисимин. Асмандар менен жердин кожоюндугу – Аллага (гана) таандык! Андан башка кудай жок. Ал – тирилтет жана өлтүрөт. Аллага жана Алланын сөздөрүнө ишенгиле, жиберилген сабатсыз пайгамбар-элчисине ишенип, аны ээрчигиле. Балким, Туура Жолду табаарсыңар.
159.Мусанын коомунан да Туура Жолго баштоочу жана аны менен адилеттүү иш жасоочу бир тайпа болгон.
160.Биз Исраил урпактарын он эки топ-урууга бөлдүк. Мусадан анын коому суу сураган кезде ага: “Таягың менен ташты ур!” – деген аян бердик. Ошондо таштан он эки булак чыгып, ар ким өз булагын таанып алышты. Аларга булутту көлөкө кылып, өздөрүнө “манна , салваа ” түшүрдүк: “Силерге Биз берген ырыскылардын тазасынан жегиле”, – (дедик). Алар Бизге зулумдук кылышкан жок. Өздөрүнө гана зулумдук кылышты.
161.Ошондо аларга: “Ушул кыштакта жашап, каалаганыңарча жегиле жана (Алладан) кечирим сурап, эшиктен сежде кылып киргиле! Күнөөңөрдү кечирип, жакшылык кылуучулардан артыкча (сыйлык) беребиз”, – деп айтылды.
162.Алардын заалымдары өздөрүнө айтылган сөздү башкага алмаштырышты. Алар зулумдук кылгандыктан үстүлөрүнө балээ жибердик.
163.Алардан деңиз жээгинде жайгашкан кыштак тууралуу сура. Алар ишемби күнү чектен чыгышчу. Аларга ишемби күнү балыктар көрүнүп көп келип, башка күндөрү келчү эмес. Аларды бузукулук кылгандыгы себептүү ушундай сынадык.
164.Алардан бир тайпа: “Алла катуу азаптап, (акыры) жок кыла турган коомго эскертүүнүн эмне кажети бар?!” – дешти. “Эгеңерден кечиримин тилейли, мүмкүн алар такыба болуп калышаар ”, – деп айтышты.
165.Өздөрүнө берилген эскертүүнү унуткан кезде жамандыктан тоскондорду (азаптан) куткардык. Андыктан заалымдарды бузукулук кылгандыгы себептүү катуу азапка кабылттык.
166.Аларды тыюу салынган нерселерде чектен чыккандыгы үчүн “маймыл болуп, кор болгула!” – деп буйрудук.
167.Эгең аларды кыямат Күнүнө чейин жаман азап менен кыйнай турган бирөөлөрдү , албетте, жибере турганын аларга билдирди. Чындыгында, Эгең – тез Жазалоочу жана Кечиримдүү, Боорукер!
168.Аларды жер бетинде (ыдыратып) тайпаларга бөлүп салдык. Алардын жакшылары да, жамандары да бар. Аларды жакшылык менен да, жамандык менен да сынайбыз. Мүмкүн (каапырлыктан) кайтышаар.
169.Алардан кийин Китепке мураскор болууга да жана ушул сапатсыз дүйнөнүн буюмун (сугалактык менен) басып алууга да умтулган коом келет жана алар: “Балким биз кечирилебиз, –дешет. Ушул байлык аларга берилгенде, алар деле алышмак”, – дешет. Аллага байланыштуу чындыкты гана айтуу боюнча Тооратта алардан убада алынган болчу. Алар андагы нерселерди (аяттарды) окушпадыбы? Чындыгында акырет журту – такыбалар үчүн жакшы. Акылга келбейсиңерби?
170.Китепти карманып, намазды толук аткарышат . Чындыгында биз жакшы иштерди жасоочулардын сообун текке кетирбейбиз.
171.Тоону көлөкө түрүндө Исраил урпактарынын үстүнө көтөрдүк. Алар аны түшүп кетет деп ойлошту. (Аларга “Силерге бергенди бекем кармап, анын ичиндегилерди түшүнгүлө, балким такыба болорсуңар”, (–дедик).
172.Кыямат Күнү: “Мындан кабарыбыз жок болгон” –деп, айтпооңор үчүн Эгең Адамдын перзенттеринин жонунан (белинен) өздөрүнүн урук-тукумун чыгарып, анан: “Мен силердин Эгеңер эмесминби?” (–деди). Алар: “Ооба, Сен биздин Эгебиз экениңе күбөлүк бердик” – дешти.
173.Же: “Мурунку ата-бабабыз (Аллага) шерик тутушкан, биз да алардын урпагыбыз. Бузукулардын жасаган жамандыгын себеп кылып бизди жок кыласыңбы?” (– деп айтпашыңар үчүн).
174.Аларга аяттарыбызды (ушундай) ачык баяндайбыз. Мүмкүн алар (ыйманга) кайтышаар?
175.Аларга Биз түшүргөн аяттар кыйгап өткөндүктөн шайтан ээрчип алып, адашуучулардан болгон адам тууралуу айтып бер.
176.Эгер Биз кааласак муну менен анын даражасын жогорулатып койор элек. Бирок ал ушул (убактылуу) дүйнөгө абдан берилип, өз каалоосун эрчиди . Ал итке окшош: Эгер куусаң тилин салаңдатат , жөн койсоң да тилин салаңдата берет. Алланын аяттарын четке каккан адамдардын мисалы дал ушундай. Ушул баянды айт, алар ойлонушсун.

#15 17 Март 2014 - 03:05
АРААФ уландысы
.
177.Аяттарыбызды жалганга чыгарып, өздөрүнө зулумдук кылган адамдардын мисалы кандай жаман!
178.Алла кимди Туура Жолго салса, ал Туура Жолго түшүүчү. А, кимди адаштырса, алар – кыйроочулар.
179.Биз адамдардын жана жиндердин көпчүлүгүн Тозок үчүн жараттык: Алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен түшүнүшпөйт; алардын көздөрү бар, аны менен көрүшпөйт жана алардын кулактары бар, аны менен угушпайт. Алар айбан сыяктуу, же андан да жаман (адашуучу). Ошолор кайдыгер калгандар.
180.Алланын керемет ысымдары бар, Ага ошол ысымдар менен жалбаргыла. Алланын ысымдарын булгагандардан узак болгула. Алар өздөрү кылгандарынын азабын тартышат.
181.Биз жараткан адамдардан адилеттүүлүккө чакырып, өздөрү да адилеттүүлүк менен иш жасай турган бир тайпа бар .
182.Биздин аяттарыбызды жалганга чыгаргандарды алар күтпөгөн жактан (балээ жиберип) акырындап алабыз .
183.Мен алардын (өлүмү келүүчү) мөөнөтүн узартып койом. Чындыгында, Менин айлакерлигим күчтүү!
184.Алар ойлонушпадыбы? ! Алардын жолдошу акылсыздардан эмес! Ал – даана эскертүүчү!
185.Алар асмандар менен жердеги чыныгы Өкүмдарлык Алланыкы экенин, анткени мунун баарын Алла жаратканын жана алар өздөрүнүн ажалдары жакын экендигин ойлошпойбу? ! Алар эми мындан кийин дагы кайсыл сөзгө ишенишет?!
186.Алла кимди адаштырса, ага Туура Жолду көрсөтүүчү жок. (Алла) аларды өздөрүнүн адашуусуна айран кылган абалда калытрат.
187.Сенден Кыямат качан болоорун сурашат. ( Сен аларга “Чындыгында, анын маалыматы Эгемдин алдында. Анын убактысын Ал гана ачыкка чыгарат”, – дегин. Ал (Кыямат) асмандар жана жер үчүн да оор болот. Ал капилет келет. Алар сенден сен аны билип тургансып сурашат. Сен айт: “Чындыгында, анын маалыматы Эгемдин алдында. Бирок көптөгөн адамдар аны билишпейт ”.
188.Мен өзүмө, Алланын каалоосу болмоюнча пайда да, зыян да алып келе албаймын. Эгер мен кайыпты билгенимде, чындыгында, өзүмө жакшылыктан көбөйтмөкмүн. Жамандык мага тиймек эмес. Мен, чындыгында, ыйман келтирген элдер үчүн (Тозокту) эскертүүчү жана (Бейишти) сүйүнчүлөөчүмүн.
189.Ал силерди бир жандан жаратып, үйүр алуусу үчүн андан жубайын жаратты. Жубайына кошулганда анын боюна жеңил түрдө (бала) бүттү. Ошондо аны менен жүрүп оорлошкон кезде , экөөнүн Эгеси болгон Аллага жалбарышты: “Эгерде бизге жакшы перзент берсең чындыгында биз шүгүр кылуучулардан болот элек”.
190.Ал экөөнө жакшы бала берген соң, алар (Аллага) шериктерди кошушту. Алла алардын шерик туткан нерселеринен өйдө .
191.Эч нерсени жаратпаган, (тескерисинче) өздөрү жаратылган нерсени (Аллага) шерик кылышабы?!
192.Өздөрүнө да, башкаларга да жардам кыла албайт!
193.Эгер аларды түз жолго чакырсаңар силерди ээрчибейт. Аларды чакырасыңарбы же унчукпай койосуңарбы, силерге баары бир.
194.Чындыгында Аллага кошулган шериктер – өздөрү силер сыяктуу эле пенделер. Болбосо, эгер силер чынчыл болсоңор, аларды чакырып көргүлөчү, алар силерге жооп берээр бекен?
195.Алардын (буддардын) баса турган буттары кармай турган колдору, көрө турган көздөрү, уга турган кулактары барбы? (Аларга “Колдоочуларыңарды чакыргыла да, бир да көз ирмем убакыт бербестен, мага каршы амалкөйлүк жасагыла! ” – деп айткын.
196.Чындыгында, менин кожоюнум – Куранды түшүргөн Алла. Ал жакшы адамдарга да кожоюндук кылат.
197.Алладан башкага сыйынган нерселериңер силерге да, өздөрүнө да жардам бере алышпайт.
198.Эгер аларды түз жолго чакырсаң угушпайт. Алардын сага карап турганын көрөсүң, бирок алар көрүшпөйт .
199.Кечиримдүүлүктү ал , аларды тууралыкка буйур! Наадандардан жүз үйүр.
200.Эгер шайтандан келген азгырык сени азгырмакчы болсо, Алла менен сактан . Чындыгында Ал –Угуучу, Билүүчү!
201.Такыбаларды шайтан азгырса, алар (Алланы) эске алып , (Туура Жолду) көрүшөт.
202.(Каапырларды) алардын туугандары (шайтандар) азгырып, күнөөгө батыруудан эч тыным алышпайт.
203.Эгерде аларга керемет келтирбесең: “Эмнеге аны жасабадың?” – дешет. Айт: “Мен мага Эгем тарабынан келген кабарларды гана ээрчиймин. Бул (Куран) – Эгеңерден келген аяттар. Ал – ыйман келтиргендер үчүн Туура Жол жана (Алланын) Ырайымы.
204.Эгер Куран окулса, ырайым кылынышыңар үчүн аны унчукпастан (туруп) уккула!
205.Эгеңе өз ичиңден купуя түрдө, үнүңдү катуу чыгарбастан, эртең менен жана кечинде жалбар, корккон абалда эстегин. (Алланы эстөөдөн) кайдыгерлерден болбогун.
206.Чындыгында, Эгеңдин алдында (периштелер) Ага кулчулук кылууда текеберденбей Алланы аруулашат жана сежде кылышат !

#16 17 Март 2014 - 03:06
8) Анфал 8-сүрөөсү
.
Мединада түшүрүлгөн. Жетимиш беш аяттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1. Алар сенден олжолор [1]жөнүндө сурашат. “Олжолор Аллага жана Элчисине таандык. Эгер силер момун болсоңор, Алладан корккула, араңарды оңдогула [2], Аллага жана Анын Элчисине баш ийгиле!” – деп айткын.
2. Чынында момундар, Алла(нын аты) эскерилгенде [3]жүрөктөрү корккондор, аларга Анын аяттары окулганда, ыйманы күчөйт жана өздөрүнүн Эгесине гана тобокел кылышат.
3. Алар намаз окушат жана Биз берген ырыскылардан (Алла жолуна) сарпташат.
4. Булар анык ыймандуулар. Аларга Эгесинин алдында даражалар, кечирим жана кереметтүү ырыскылар бар.
5. Мына ушундай, [4]момундардын бир бөлүгү жактырышпаса да, Эгең сени акыйкаттык менен үйүңдөн алып чыккан. [5]
6. Билингенден [6]кийин да аларды өлүмгө айдап жаткан жана алар аны (өлүмдү) көргөн өңдүү сени менен акыйкат жөнүндө жаңжалдашат.
7. Ошол кезде Алла эки топтун бири силердики болорун убада кылган эле. Куралсыздары силердики болуусун кааладыңар эле. Бирок Алла Өз сөзү аркылуу чындык бекемделишин жана каапырлардын арты кыркылуусун каалады.
8. Күнөөкөрлөр [7]жек көрсө да, акыйкат чынга айлансын, жалганчылык жок болсун үчүн!
9. Силер Эгеңерден жардам сураган учурда Ал силерге жооп кылып: “Акыйкатта, Мен силерди сап-сап болгон миңдеген периштелер менен колдойм”, – (деди).
10. Алла шексиз түрдө силердин жүрөгүңөрдү тынчтандыруу үчүн муну силерге сүйүнчүлөдү. А жардам Алланын кашында. Акыйкатта, Алла Ызааттуу жана Даанышман.
11. Ал Өз мээримдүүлүгү катары силерге тынчтандыруу үчүн куш уйку берди. Ал силерди тазалоо, шайтандын азгырыгынан куткаруу, жүрөгүңөрдү байланыштыруу жана басыгыңарды бекемдөө үчүн асмандан жамгыр жаадырды.
12. Качан сенин Эгең периштелерге: “Акыйкатта Мен силер мененмин. Ыймандууларды бекемдегиле! Мен каапырлардын жүрөгүнө коркунуч салам. Алардын баштарына жана манжаларына ургула!”
13. Бул алардын Аллага жана Элчисине каршы чыккандары үчүн. Кимде-ким Аллага жана Элчисине каршы чыкса, анда Алла жазалоодо катуу.
14. Мына ушуну таткыла! Албетте, от азабы каапырлар үчүн.
15. Эй ыймандуулар! Согушта катарлашкан каапырлар тобу менен кездешкен кезде артка чегинбегиле.
16. Ким эгер ошол күнү согушууга ыңгайлуу абалды ээлөө үчүн, же (өздөрүнөн) башка топко кошулуу үчүн гана артка чегинбесе, анда ал Алланын каарына калат. Анын жайы тозок, ал кандай жаман.
17. Аларды силер өлтүрбөдүңөр, Алла өлтүрдү. Аларга (кум) чачканыңда [8], сен чачпадың, момундарды жакшы сынак менен сыноо үчүн – Алла чачты. Албетте, Алла Угуучу, Билүүчү.
18. Бул ушундай. Акыйкатта, Алла каапырлардын айла-амалдарын алсыз кылуучу.
19. Силер [9]жеңиш тиледиңер эле, тилегиңер силердин зыяныңарга келди. Эми силер тыйылсаңар, ал силер үчүн жакшы. Эгер кайталасаңар, Биз да кайталайбыз. Силердин тобуңар көп болсо деле, силерге жардам кыла албайт. Албетте, Алла момундар менен бирге.
20. Эй ыймандуулар! Аллага жана Элчисине моюн сунгула! Куранды угуп туруп, Пайгамбардан жүз үйрүбөгүлө!
21. “Уктук!” – дешип, укпагандар сыяктуу болбогула.
22. Чынында, Алланын алдында жандуулардын эң жаманы акыл калчабаган дүлөйлөр жана дудуктар.
23. Эгерде Алла алардан бир жакшылык байкаса, аларды уккудай кылар эле. Бирок, аларга угузса да, алар жалтактана баш тартышаар эле.
24. Эй ыймандуулар! Силер үчүн жакшылык алып келүүчү нерсеге чакырып жатканда Аллага жана Элчисине ээрчигиле. Жана да Алла инсан менен анын жүрөгүнүн араларында экендигин [10], силер Ага кайтып бара тургандыгыңарды билгиле.
25. Силердин араңардагы келе турган чуудан сактангыла. Алланын катуу жаза берерин билгиле!
26. Силер жер жүзүндө аз санда алсыз болгонуңарды эстегиле. [11]Силер адамдар бизди багынтып алат деп коркчу элеңер. Силер шгүр келтирүүңөр үчүн, Алла силерге (Мединадан) жай берди жана Өзүнүн жардамы менен кубаттандырды. Силерге мол ырыскы улады.
27. Эй ыймандуулар! Аллага жана Анын Элчисине кыянат кылбагыла. Силерге тапшырылган аманатка билип туруп кыянаттык жасабагыла!
28. Билгиле! Силердин мал-мүлкүңөр жана бала-чакаңар азгырма сыноо гана, а Алланын алдында зор сыйлыктар бар.
29. Эй ыймандуулар! Эгер силер Алладан корксоңор Ал силерге жаман-жакшыны айырмалоочуну [12]берет, жамандыгыңарды тазалап, күнөөңөрдү кечирет. Алла Улуу ырайымдын ээси.
30. Каапырлар сени камакка алуу, өлтүрүү, же кууп чыгуу үчүн айла-амал ойлошкон кезди (эстегин). Алар айла-амал кылышканда, Алла да айла-амал кылды, Алла амалкөйлөрдүн эң мыктысы.
31. Аларга Биздин аяттар окулганда: “Биз мурда эле укканбыз. Эгер кааласак биз да ушундай айта алабыз. Бул байыркылардын эле жомогу”,– дешет.
32. Качан алар: “О Эгебиз! Бул Сенден келген акыйкат болсо, анда төбөбүзгө таштан жаан жаадыр, же бизге оорутуучу азап келтир”, - дешкен(эсте) [13].
33. Бирок, Алла аларды сен [14]алар менен болгон кезде жана алар кечирим сурап жаткан учурда жазалабайт.
34. Алар ыймандууларды Ыйык Мечитке [15]киргизбей жатса, эмне үчүн Алла аларды жазалабасын? ! Алар (каапырлар) анын сактоочулары эмес, акыйкатта анын ээлери такыбалар гана. Бирок, алардын көбү муну билишпейт.
35. Алардын [16](Алланын) /йүндөгү намаздары – ышкыруу жана тизилүү гана. (Эми) каапыр болгондугуңар үчүн мына ушундай азапты таткыла!
36. Акыйкатта, каапырлар өздөрүнүн мал-мүлкүн адамдарды Алланын жолунан чыгаруу үчүн жумшашат. Алар сарпташат. Анан анысы өкүнүчкө айланат. Мындан соң жеңилүүгө дуушар болушат. А каапырлар тозокко чогултулат.
37. Алла жаманды [17]жакшыдан [18]ажыратуу үчүн жана жаманды биринин үстүнө бирин үйүп, тозокко салуу үчүн. Аныгында алар зыянга кабылуучулар.
38. Каапырларга айт: “Эгер алар тыйылышса [19], мурунку кылыктары (мурдагы күнөөлөрү) кечирилет. А эгер кайтышса [20], аларга карата мурунку элдерге колдонулган жаза ишке ашырылат.
39. Алар менен эч бир ширк [21]калбаганга чейин жана дин толук Алла үчүн болгонго чейин согушкула. Эгерде алар тыйылышса, албетте Алла алардын кылгандарын толук Көрүүчү.
40. Эгер алар баш тартышса, анда, албетте Алла кожоюнуңар экенин билгиле. Ал кандай сонун Колдоочу жана кандай жакшы Жардамчы!
10-жуз
41. Эгер силер Аллага, жакшы менен жаманды айырмалоочу, [22]аскерлердин эки тобу беттешкен күнү Биз пендебизге (акыйкат менен бузукулукту ажыраткан күндү) ачканга ишенсеңер, согушта алган олжоңордун бештен бири Аллага, Элчисине, жакын туугандарына, жетимдерге, мискиндерге, жолоочуларга тийиштүү экендигин билгиле. Алла бардык нерсеге кудуреттүү.
42. Качан силер өрөөндүн тигил [23]тарабында болуп, алар бул [24]тарабында болгондо, а кербен силерге жакын эле. Эгер силер бири бириңер менен макулдашсаңар да, белгиленген мөөнөттү өткөрүп ийген болот элеңер. Бирок, Алланын буйруганы ишке ашты. Анык далилдер боюнча өлө тургандар өлдү, а анык далилдер боюнча тирүү кала тургандар тирүү калды. Албетте, Алла Угуучу жана Билүүчү.
43. Ошондо Алла сага түшүңдө аларды аз кылып көргөздү. Эгерде аларды сага көп кылып көрсөткөн болсо, албетте апкаарыйт элеңер жана бул иш боюнча талашып тартышмаксыңар. Бирок Алла силерди куткарды. Акыйкатта, Ал көкүрөктөгүнү [25]билүүчү.
44. Силер бир-бириңер менен кездешкенде, Алла Өзү буйурган ишти орундоо үчүн аларды көздөрүңөргө аз кылып көргөздү, Ошондой эле, силерди да алардын көздөрүнө аз кылып көрсөттү. (Бардык) иштер Аллага кайтарылат.
45. Эй ыймандуулар! Ийгиликке жетүүңөр үчүн душман менен беттешкенде бекем болгула жана Алланы көп эстегиле!
46. Аллага жана Элчисине баш ийгиле; коркпооңор, кубатыңар кетпеши үчүн талашып-тартышпагыла. [26]Сабырдуу болгула. Чынында, Алла сабырдуулар менен бирге.
47. Адамдарга өздөрүнүн артыкчылыгын көргөзүү үчүн үй-жайларын калтырып, Алланын жолунан тосуп, мактанып чыккандар өңдүү болбогула! Алла алардын эмне кылып жаткандарын Билүүчү.
48. Ошондо шайтан алардын кылыктарын кооздоп көрсөттү да: “Бүгүн адамдардан силерди жеңүүчү жок. Чынында, мен силерге жардамчымын”, – деди. Эки топ аскер беттешкенде, ал (шайтан) терс бурулду да: “Мен силерден оолакмын. Мен силер көрбөгөндү көрүп турамын [27]. Акыйкатта мен Алладан коркомун. Алланын жазасы катуу”, – деди.
49. Ошондо эки жүздүүлөр жана жүрөгүндө дарты барлар [28]: “Алардын дини өздөрүн азгырып кетти”, – дешти. Бирок, ким Аллага тобокел кылса, албетте Алла Ызааттуу, Даанышман.
50. Периштелер каапырларды бет менен жонго уруп: “Куйкалоочу жазаны таткыла!” – деп, алардын жанын алып жатканын көргөнүңдөбү.
51. Бул [29]силердин өз колуңар менен кылганыңар үчүн. Алла пенделерине зулум [30]кылуучу эмес.
52. Жоруктары Фараондун эли жана андан мурунку элдердики сыяктуу. Алар Алланын аяттарына каапырлык кылышкан. Алла аларды күнөөлөрү үчүн жазалады. Акыйкатта, Алла Кубаттуу жана азабы катуу.
53. Алла бир коомго берген жакшылыктарын ал коом өздөрүн өзгөртмөйүнчө өзгөртпөйт. Албетте, Алла Угуучу, Билүүчү.
54. Жоруктары Фараондун эли жана андан мурунку элдердики сыяктуу. Алар Эгесинин аяттарын жалганга чыгарышты. Аларды күнөөлөрү себептүү кыйратып, Фараондун коомун сууга чөктүрдүк. Алардын баары заалым болушкан эле.
55. Акыйкатта, Алланын алдында жандуулардын эң жаманы каапырлар. Алар эч качан ыйман келтиришпейт.
56. Сен алар менен келишим түзгөндөн кийин, алар ар качан аны бузушат. Алар Алладан коркушпайт.
57. Сен алар менен согушта беттешкенде, алардын артынан ээрчигендерге сабак болгудай катуу жазала! Балким, эстерине келишээр.
58. Эгер сен кыянаттарынан корксоң, алар менен болгон келишимди тегиз үз. Акыйкатта Алла кыянаткерлерди сүйбөйт.
59. Каапырлар озуп кеттик деп ойлошпосун. Албетте, алар алсырата алышпайт. [31]
60. Алланын душманын, өз душманыңарды жана башка силер билбеген, бирок Алла билген душмандарыңарды коркунучта кармоо үчүн аларга каршы күч-кубат жана атчандарды толук даярдыкта кармагыла! Силердин Алла жолуна сарптаганыңар өзүңөргө толук кайтарылат. Адилетсиздик кылынбайт.
61. Эгер алар тынчтыкка келишсе, сен да тынчтыкка кел жана Аллага тобокел кыл. Шексиз, Ал Угуучу, Билүүчү.
62. Эгер алар сени алдоону каалашса, албетте Алла(нын өзү) сага жетиштүү (коргоочу). Ал Өз жардамы жана момундардын жардамы менен сени бекемдеди.
63. Ал алардын жүрөктөрүн бириктирди. Эгер сен жер үстүндөгүлөрдүн баарын берсең дагы алардын жүрөктөрүн бириктире албас элең. Анткени менен, Алла аларды бириктирди. Албетте, Ал Ызааттуу, Даанышман.
64. Эй пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген момундарга Алла (толук) жетиштүү.
65. Эй пайгамбар! Момундарды согушка кызыктыр. Эгер силерден сабырдуу жыйырма киши болсо, эки жүздү жеңет. А эгер силерден жүз киши болсо, каапырлардын миңин жеңет. Анткени, алар (каапырлар) акыйкатты түшүнбөөчүлөр.
66. Азыр, Алла силерден (жүктү) жеңилдетти. Анткени Ал силердин алсыздыгыңарды билет. Андыктан, силерден сабырдуу жүз киши болсо, эки жүздү жеңет. А эгер силерден миң болсо, Алланын уруксаты менен эки миңди жеңет. Алла сабырдуулар менен бирге.
67. Эч бир пайгамбарга жер жүзүндө жоодон өктөм болгонго чейин туткун кармоо [32]мүмкүн эмес. Силер дүйнө пайдасын ойлойсуңар. А Алла (силерге) акыретти каалайт. Алла Ызааттуу, Даанышман.
68. Эгер Алладан жазуу (өкүм) болбосо, алгандарыңар [33]үчүн силерге зор жаза келээр эле.
69. Олжо түрүндө алган адал, таза нерселерди жегиле жана Алладан корккула. Акыйкатта, Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.
70. Эй пайгамбар! Колуңардагы туткундарга: “Эгер Алла жүрөктөрүңөрдө бир жакшылык бар экенин билсе, силерге өзүңөрдөн алынгандан да артыгын берет. Жана силерди кечирет. Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү! ” – дегин.
71. Эгер (туткундар) сага кыянат кылууну каалашса, чынында алар мурда Аллага да кыянат кылышкан эле. Андыктан, сени аларга үстөм кылды. Алла Билүүчү, Даанышман.
72. Чынында, ыйман келтирип, жер которуп [34], мал-жаны менен Алла жолунда күрөшкөндөр жана аларга үй-жай берип жардамдашкандар – бири бирине дос! Ал эми ыйман келтирип, көчө албагандарга, алар көчкөнгө чейин силер (менен) алардын ортосунда жакындык жок. Эгер алар силерден дин жайында бир жардам сураса, жардам кылуу силерге милдет. Бирок, алар силер менен келишим түзгөн элде болсо, анын жөнү башка. Алла силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп турат.
73. Каапырлар бири бирине дос!. Эгерде бирикпесеңер жер жүзүндө чуу жана зор бузукулуктар болот.
74. Ыйман келтирип, жер которушкандар, мал-жанын аябай Алла жолунда күрөшкөндөр менен аларга үй-жай берип жардам кылгандар – булар нагыз момундар. Аларга кечирим жана кең ырыскы бар.
75. Кийин ыйман келтиргендер, жер которгондор жана силер менен бирге дин үчүн күрөшкөндөр, алар – силерден. Бирок, кандаш бир туугандар Алланын Китеби [35]боюнча бири бирине жакын [36]. Акыйкатта, Алла бардыгын Билүүчү.

Билдирүүнү түзөткөн: vankuver: 17 Март 2014 - 03:10
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#17 17 Март 2014 - 03:12
Тавба 9-сүрөөсү
.
9-сүрө «Тавба »
Мединада түшкөн. Жүз жыйырма тогуз айаттан турат
.
1.(Бул) Алладан, Анын элчисинен мушриктерге эскертүү.
2.(Эй, мушриктер! ) Жер жүзүн төрт ай кыдыргыла. Чындыгында Алладан кутула албашыңарды жана Алла каапырларды кордоорун билгиле.
3.Чоң ажылык күнү Алладан жана Анын элчисинен элге бир жарыйа: Чындыгында Алла, Анын элчиси мушриктерди четке кагат. Эгер тообо кылсаңар өзүңөр үчүн жакшы, ал эми баш тартсаңар Алладан эч кутула албайсыңар. (Эй, Мухаммед! ) Каапырларга сыздатуучу азап бар экенин кабарла.
4.Бирок, келишим түзүшкөн мушриктерден кийин силерге бир да кемчилик каалабаса, бирөөгө көмөк кылбаса , анда алардын келишимдерин мөөнөтүнө чейин бүтүргүлө. Чындыгында, Алла такыбаларды жакшы көрөт.
5.Ыйык айлар чыккандан кийин, мушриктерди кай жерде көрсөңөр да өлтүргүлө. Аларды туткундагыла жана курчоого алгыла. Аларды кармоодо ар бир жолго тургула. Эгер алар тообо кылышса, намазды толук аткарышса, зекет беришсе, анда алардын жолун бош койгула. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
6.Эгер мушриктерден бирөөсү сенден башбаанек сураса, анда ага Алланын сөзүн тыңшаганга чейин башбаанек бер. Анан аны коопсуз жерге жеткир. Бул – алардын билбей турган коом экендигинен.
7.Алла жана Анын элчисинин алдында мушриктер менен кандай келишим болушу мүмкүн?! Бирок Ыйык Мечитте силер менен келишим түзгөндөрдөн башкалары менен . Алар силерге жакшы мамиле кылса, силер да алар менен жакшы мамиледе болгула. Чындыгында, Алла такыбаларды сүйөт.
8.Кантип ? Эгер алар силерге үстөмдүк кылса, силер менен тууган экендигине да, өздөрү түзгөн келишимдерге да карап олтурбайт. Алар силерди оозу менен гана ыраазы кылат. Бирок жүрөктөрү (өздөрү) айтканын чанат жана алардын көпчүлүгү бузукулар.
9.Алар – Алланын айаттарын арзыбаган баага сатып, анын (ислам дининин) жолуна тоскоол болушат. Алардын жасаган иштери кандай жаман!
10.Алар момундарга берген анттарын да, түзгөн келишимин да аткарышпайт. Мына ушулар – чектен чыккандар .
11.Эгер алар тообо кылып, намазын толук аткарып, зекет беришсе, анда алар силердин диндеш тууганыңар. Биз билген адамдарга гана айаттарыбызды байан кылабыз.
12.Эгер алар убадалашкандан кийин өз анттарын бузуп, диниңерге тил тийгизсе, анда каапырлыкка жетекчи болгондор менен согушкула. Анткени алардын анты – ант эмес. Балким, алар (жамандыктан) тыйылышаар?
13.(Эй, момундар! ) Анттарын бузган, пайгамбарды журтунан кууп чыгарууга умтулган жана силерге биринчи болуп кол салган коомго каршы эмне үчүн согушпашыңар керек? Алардан коркосуңарбы? Эгер ыйман келтирген болсоңор, анда Алладан гана коркуу зарыл!
14.Алар менен согушкула! Алла аларды силердин колуңар менен азаптап, кордосун. Аларга каршы (Алла) силерге жардам берет. Ошондой эле, ыйман келтирген коомдун көөдөндөрүн ачат .
15.Алардын жүрөктөрүндөгү ачуусун таркатат. Алла кимди кааласа, тообосун кабыл кылат. Алла – Билүүчү, Даанышман!
16.Силердин араңардан согушкандарды, ошондой эле Алладан, Анын элчисинен жана момундардан башкаларды дос тутпагандарды Алла аныктабаган бойунча калтырып койот деп ойлойсуңарбы? Алла – силердин жасап жаткан аракеттериңерден Кабардар!
17.Мушриктер өздөрүнүн каапырлыгына күбө боло туруп, Алланын мечиттерин куруулары – жарабаган иш. Алардын амалдары текке кетип, алар Тозокто түбөлүккө калышат.
18.Алланын мечиттерин Аллага, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Алладан гана корккон (адам) курат! Мүмкүн алар Туура Жолдо болушар.
19.(Эй, мушриктер! ) Силер ажыларга суу берип , Ыйык Мечитке ээлик кылуучуларды – Аллага, акырет күнүнө ыйман келтирип, Алла жолунда согушкан адамдар менен теңейсиңерби? Алар Алланын алдында тең эмес! Алла – заалым коомду Туура Жолго багыттабайт.
20.Ыйман келтирип, жер которуп , Алла жолунда мал-мүлк, жандары менен согушкандар Алланын алдында улуу даражага ээ. Мына ушулар – бактылуу болуучулар.
21.Эгеси Өзүнүн ырайымдуулугу, ыраазылыгы жана туруктуу жакшылыкка ээ болгон бактар менен кубантат.
22.Алар анда түбөлүкө калуучулар. Чындыгында, Алланын алдында улуу сыйлык (бар).
23.Эй, момундар! Эгер атаңар жана агаларыңар ыймандан көрө каапырлыкты жакшы көрүшсө, аларды жакыным деп эсептебегиле. Ким аларды дос санаса, анда алар – зулумдук кылуучулар!
24.“Эгер атаңар, балдарыңар, бир туугандарыңар, жубайыңар, досторуңар, тапкан мал-мүлкүңөр, токтоп калуусунан корккон соодаларыңар жана жакшы көргөн үйлөрүңөр силер үчүн Алладан, анын элчисинен жана Анын жолунда согушуудан артыгыраак көрүнсө, анда Алланын амири келгенге чейин күткүлө!” – деп айт. Алла – бузуку коомду Туура Жолго баштабайт!
25.Чындыгында, Алла силерге көп жерлерде жардам берди. Ошондой эле Хунайн күнү да (жардам берген). Ошондо саныңардын көптүгүнө таң калдыңар . Бирок ал силерден эч нерсени кайтара алган жок. Ошондой эле ал жер кенен болгону менен силерге тарлык кылып, артыңарга карап качтыңар.
26.Анан Алла Өз элчисине жана момундардын жүрөгүнө бейпилдик салып, силер көрө албаган аскер жиберип, каапырларды азапка салды. Мына каапырлардын жазасы!
27.Бирок , Алла кимге кааласа ошого ырайым кылат. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
28.Эй, ыйман келтиргендер! Чындыгында мушриктер – ыплас (болушат). Ушул жылдан кийин алар Ыйык Мечитке жолошпосун! Эгер кедейликтен корксоңор, Алла кааласа силерди Өз артыкчылыгы менен байытат. Чындыгында, Алла – Билүүчү, Даанышман!
29.Китеп берилгендерден Аллага, акырет күнүнө ыйман келтирбегендер жана Алланын, Анын элчисинин арам кылган нерселерин арам катары тааныбагандар, ошондой эле Чыныгы Динди тутунбагандар менен өздөрүн кор тутуп, салык төлөмөйүнчө согушкула!
30.Иудейлер: “Узайр – Алланын уулу”, – дешет. Христиандар болсо: “Иса – Алланын уулу”, – дешет. Бул – мурдагы каапырлардын айтканына окшоштуруп, ооздору менен айткандары. Аларды Алла жок кылсын! Кантип (акыйкаттан) кайтып кетишет?!
31.Алар иудей илимдүүлөрүн, христиан кечилдерин жана Марийам уулу Исаны Алладан башка кудай катары кабылдашат. Чындыгында алар жалгыз Кудайга ибадат кылууга буйурулган. Андан (Алладан) башка кудай жок. Ал – алардын шеригинен аруу!
32.Алар өз ооздору менен Алланын нурун өчүргүлөрү келет. Бирок алар (Ислам динин) канчалык жек көрүшпөсүн, Алла Өз нурун толук кылат .
33.Ал Өз элчисин Туура Жол, Чыныгы дин менен – мушриктер жек көрүшсө деле – бүткүл диндердин үстүнөн үстөмдүк кылууга жиберген.
34.Эй, момундар! Иудей илимдүүлөрү менен христиан кечилдеринин көпчүлүгү адамдардын мал-мүлкүн бузукулук менен жешет жана Алланын жолунан тосушат. Алтын, күмүштү жыйнап, Алла жолунда сарптабагандарга сыздатуучу азапты сүйүнчүлө”!
35.Кыйамат Күнү алар Тозок отунда кызытылып, аны менен алардын маңдайлары, капталдары жана жондоруна так басылып: “Мына, өзүңөр үчүн жыйнаганыңар! Эми жыйнаганыңардын даамын таткыла!” ( – деп айтылат).
36.Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Алланын Өзүнүн Китебинде айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү – ыйык айлар . Мына ушул (ислам) – бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла . Мушриктер силер менен согушкандай, силер да алар менен согушкула. Билип койгула: Чындыгында, Алла – такыбалар менен бирге!
37.Акыйкатта (ыйык) айды кечиктирүү – каапырлыкты арттыруу. Аны менен каапырлар Жолдон адашышат. Алар, Алланын арам кылган айларынын санын толуктоо үчүн , аны бир жыл арам кылып, бир жыл адал кылышат. Ошентип, Алланын арам кылганын адал деп билишет. Алардын жаман иштери өздөрүнө кооз кылып көрсөтүлүп койулду. Алла – каапырларды Туура Жолго багыттабайт.
38.Эй, момундар! Силерге эмне болду? “Алла жолундагы согушка чыккыла!” – деп айтылса, салмактарыңарды жерге салдыңар . Акыретке караганда дүйнө жашоосу жакшы көрүнүп жатабы? Дүйнө жашоосунун пайдасы – акыретке салыштырмалуу өтө аз.
39.Эгер согушка чыкпасаңар, Алла силерди сыздатуучу азап менен азаптап, ордуңарга башка коомду алмаштырат. Силер Аллага эч бир зыйан жеткире албайсыңар! Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү!
40.Силер ага жардам бербесеңер деле, аны каапырлар (Меккеден) чыгарып, үңкүрдө, экөөнүн бири болгон убакта да, ага Алла жардам берген. Ошол кезде жолдошуна : “Кайгырба! Чындыгында, Алла биз менен бирге”, – деп айтты. Алла ага Өз бейпилдигин түшүрүп, силер көрө албаган аскерлер менен кубаттады. Ошентип, каапырлардын сөзүн төмөн кылды . Алланын Сөзү жогору. Алла – Мартабалуу, Даанышман!
41.Жеңил, же оор болгонуна карабастан согушка чыккыла да, Алла жолунда мал-мүлкүңөр жана жаныңар менен согушкула! Эгер билсеңер, силер үчүн жакшысы ушул.
42.Эгер жакын жерде ишенимдүү олжо жана жеңил жүрүш болсо , алар сени ээрчишмек. Бирок аралык аларга алыс көрүндү. Алар Алланын ысмы менен: “Эгер мүмкүнчүлүгүбүз болсо, силер менен кошо чыкмак элек”, – деп ант ичип, өздөрүн өздөрү кыйратышты. Алла алардын жалганчы экенин билет.
43.Алла сени кечирет. Бирок сен эмне үчүн алардын кимиси чындыкты, кимиси жалганды айтып жатканын аныктабастан эле (жүрүштөн) калууга уруксат бердиң?
44.Аллага, акырет күнүнө ыйман келтиргендер, Алла жолунда мал-мүлкү менен жандарын согушууга арнагандар сенден (жүрүштөн калуу үчүн) уруксат сурашпайт. Алла – такыбаларды Билүүчү.
45.Ким Аллага, акырет күнүнө ишенбесе жана жүрөгүндө шектери болуп, күмөндөрүндө олку-солку болгондор гана уруксат сурашат.
46.Эгер мунафыктар согушка чыгууну кааласа, ал үчүн дайардык көрүшмөк. Бирок Алла алардын (жүрүшкө) чыгышын каалабай, тосуп койду да: “(үйүндө) олтургандар менен чогуу олтура бергиле”, – деп айтылды.
47.Эгер алар силер менен (жүрүшкө) барышканда силердин ортоңордо бузукулукту гана көбөйтмөк. Анткени алар ар дайым ушак чыгарууну көздөшүп, силердин ичиңерде баш-аламандык чыгармак. Алардын араларында тыңчылары да бар. Бирок, Алла заалымдарды жакшы билет.
48.Чындыгында, алар мурда да баш-аламандык чыгарууну көздөп, иштериңерди тескери натыйжага алып келген. Акыры, алар жек көрсө да акыйкат келип, Алланын амири үстөмдүк кылды.
49.Алардын ичинен кээ бирлери: “Мага калууга уруксат бер, мени азгырыкка алып барба”, – дешет. Байкагыла: чындыгында эле, алар (шайтанга) азгырылгандар. Акыйкатта, Тозок каапырларды ороп алат.
50.Эгер сага бир ийгилик келсе, алар аны жактырышпайт. А эгер сага бир кайгы келе турган болсо: “Биз мурда эле (ушундай болорун билип) өз ишибизди тууралап алган элек”, – дешет да сүйүнүп кайтышат.
51.“Бизге Алланын жазганы гана болот. Ал – Биздин Эгебиз. Момундар Аллага тобокел кылышсын! ” – дегин.
52.Аларга: “Силер бизге эки ийгиликтин биринин келишин күтөсүңөрбү? Биз силерге Алладан жаза келерин, же биз аркылуу силерге бир азап жиберерин күтүп жатабыз. Анда, силер күткүлө, силер менен чогуу биз да күтөбүз”, – деп айт.
53.Аларга: “Мал-мүлкүңөрдү мейли ыктыйардуу түрдө, мейли ыктыйарсыз болсун сарп кылгыла. Бирок, силердин кайрымдуулугуңар баары бир (Алла тарабынан) кабыл кылынбайт. Анткени, силер бузуку коомсуңар! ” – дегин.
54.Алардын кайрымдуулугун өздөрүнөн кабыл болушуна кедерги болгон жагдай (төмөнкүдөй): Аллага, Анын элчисине каршы чыгышкандары, намазга өтө жалкоолук менен келишкени жана өтө жек көрүү менен мал-мүлк сарп кылышкандыгы.
55.Алардын мал-мүлкү жана балдары сени суктандырбасын! . Чындыгында, Алла ошол аркылуу аларды дүйнө тиричилигинде азапка салууну, (Аллага) каапыр абалда жандарынын чыгышын каалайт.
56.Алар: “Ырас, биз да силерденбиз ”, ¬– деп Алланын аты менен карганышат. Бирок, чындыгында алар силерден эмес. Алар – коркок коом.
57.Эгер алар (согуш учурунда) кандайдыр бир башбаанек табышса, же үңкүрлөр, же болбосо кирерге бир тешик көрүнсө, ошол тарапка шашыла умтулушмак.
58.Алардын кай бирлери садаканын айынан сени (артыңдан) айыпташат: Эгер алардын өздөрүнө садака берилсе ыраазы болушат, а эгер берилбей калса ачууланышат.
59.Андан көрө алар Алланын, Анын элчисинин өздөрүнө бергенине (садакасына) ыраазы болушса жана: “Алланын Өзү бизге жетиштүү! Жакында Алла, Анын элчиси өз жакшылыгын тартуулашат. Чындыгында биз Аллага гана кайрылабыз! ” – дешсе ...
60.Акыйкатта, садакалар – Алла жүктөгөн парз: Колу жука кедейлерге, колунда жок жакырларга, аны жыйноочуларга , көңүлдөрүн алуу керек болгондорго , (мусулман) кулдарды бошотууга, карыздууларга, Алланын жолундагыга жана (мусулман) мусапырларга берилет. Алла – ар нерсени Билүүчү, Даанышман!
61.Алардын кай бирлери пайгамбарга : “Ал – бир кулак ” – деп анын көңүлүн сындырышат: “Ал – силер үчүн жакшы кулак. Аллага өзү ыйман келтирип, момундарды тастыктайт. Демек – ыйман келтиргендер үчүн ырайым. Ким Алланын элчисине жапа чектирсе, ага оорутуучу азап бар.
62.Аллар силерди ыраазы кылуу үчүн Алланын аты менен ант ичишет. Эгер алар (Аллага) ыйман келтирген болсо, анда Алланы, Анын элчисин ыраазы кылуулары керек.
63.Алар кимдир бирөө Аллага, же Анын элчисине каршы чыкса, ал үчүн түбөлүктүү, жан чыдагыс азаптуу тозок бар экенин билишпейби? Эң улуу кордук ушул (–Тозок)!
64.Эки жүздүүлөр өздөрүнө байланыштуу алардын жүрөгүндөгүлөрдөн кабар берүүчү бир айат түшөбү деп коркушат. “(Азырынча) шылдыңдап тургула! Акыйкатта, Алла силер корккон нерсени ачыкка чыгарат!” – деп айткын.
65.Эгер алардан сурасаң: “Биз жөн эле тамашалап, ойноп койдук”, – дешет. Аларга: “Алланын айаттарына, Анын элчисине күлө турган болуп калдыңарбы? !” – дегин.
66.Кечирим сурабагыла! Силер ыйман келтирген соң, кайра каапыр болдуңар! Эгер Биз бир тайпаңарды кечирсек, башка бир тобуңарды күнөөсүнөн улам жазалайбыз.
67.Мунафык эркектер менен мунафык айалдар – бири-биринен . Алар жамандыкка чакырып, ийгиликтен тосушат. Алардын колдору ар дайым жумук . Алар Алланы унутушкан. Ошондуктан Алла да аларды унуткан . Акыйкатта, мунафыктар – бузукулар.
68.Алла мунафык эркектер менен мунафык айалдарга жана каапырларга , алар эч качан чыкпай турган Отту (Тозокту) убада кылды. Ошол аларга жетиштүү. Аларга Алланын каргышы тийген. Аларга түгөнбөс азап бар.
69.Силер өзүңөрдөн мурдагылар сыйактуусуңар! Алар силерден да күчтүү жана алардын мал-мүлкү жана балдары (урук-тукуму) да силердикинен көп эле. Алар бул дүйнө жыргалдарынан кеңири пайдаланышты. Силер да мурдагылардай эле бул дүйнө жыргалдарынан кем болгон жоксуңар. Ошондуктан жамандыкка алар кандай сүңгүшсө, силер да так ошондой сүңгүдүңөр. Алардын дүйнөдөгү да, акыреттеги да амалдары текке кетти. Алар ошондой, зыйан тартуучулар!
70.Аларга өздөрүнөн мурунку Нух, Аад, Самуд коомдору, Ибрахим эли, Мадйан эли, ошондой эле ойрон болгон шаарлардын кабарлары жетпедиби? Ошолорго да пайгамбарлары өтө көп далилдерди келтиришкен . Алла аларга зулумдук кылган жок. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты.
71.Момун эркектер менен момун айалдар – бири-бирине көмөкчү. Алар жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат . Ошондуктан алар намаздарын толук аткарышып, зекет биришип, Аллага, Анын элчисине мойун сунушат. Ошолорду Алла Өз мээримине бөлөйт. Акыйкатта, Алла – өтө Ызаттуу жана Өкүмдар!
72.Алла момун эркектер менен момун айалдарга алдынан дарыйалар агып турган, алар ал жерде түбөлүктүү калуучу, Адн бактарында кооз турак-жайларды убада кылды. Бирок, Алланын ыраазалыгы – эң улуу! Бул – улуу ийгилик.
73.Эй, пайгамбар! Каапырлар жана мунафыктар менен күрөш! Аларга катаал мамиле кыл. Алардын кайтып келээр жайы – Тозок. Ал кандай жаман орун!
74.Алар: “Айтпадык! ”, – деп Алланын ысмы менен ант ичишет. Ырасында, алар каапырлык сөздөрдү көп сүйлөшөт. Алар мусулман болгондон кийин да (кайра) каапырга айланышат. Ошондой эле алар эч качан кол жеткис нерселер тууралуу кыйалданышат . Алар Алланы жана Анын элчисин ырайымы менен байыткандыгы үчүн жек көрүшөт. Эгер алар тообо кылышса, ал өздөрү үчүн жакшы. А эгерде алар (тообо кылуудан) баш тартышса, анда Алла бул дүйнөдө да, акыретте да аларды азапка салат.
Ошондуктан аларга жер жүзүндө колдоочу да, жардамчы да жок.
75.Алардан айрым бирөөлөр: “Эгер Алла бизге Өз берешендигинен (байлык) берсе, албетте, биз садака берген жакшы адамдардан болоор элек”, – деп Аллага ант беришкен.
76.Ошондо Алла аларга Өз берешендигинен (байлык) берген кезде, алар Алланын бергендерине сараңдык кылышты. Баш тартышты . Алар – жүз үйүрүүчүлөр.
77.Эми алар Аллага берген өз убадаларына өздөрү каршы чыгышып, жалган сүйлөгөнү үчүн Өзүнө жолуга турган күнгө чейин алардын жүрөктөрүнө эки жүздүүлүк салып койду.
78.Алардын сырларын, шыбырашып сүйлөшкөндөрүн Алла анык билээрин билишпейби? Чындыгында, Алла – кайыптарды Билүүчү!
79.Cадака берүүгө умтулган момундарды шылдыңдаган (мунафык) адамдарды жана маңдай тери менен тапканын гана бергендерди келекелегендерди Алла шылдыңдайт . Алар үчүн сыздатуучу азап (бар).
80.Мунафыктар үчүн (Алладан) кечирим сурасаң да, сурабасаң да, ал тургай жетимиш жолу кечирим сурасаң да, Алла аларды эч кечирбейт. Бул алардын Аллага, Анын элчисине каршы чыкканынан. Алла – бузуку коомду туура жолго багыттабайт.
81.Алар Алланын элчисине каршы чыгып, согушка барбай олтуруп калганына сүйүнүштү. Алла жолунда мал-мүлкү жана жандары менен согушууну жек көрүштү. Алар: “Бул ысыкта согушка чыкпагыла! ”– деп айтышты. Эгер түшүнсө: “Тозок оту мындан да ысык”, – деп айт.
82.Эми алар жасаган иштеринин жазасы үчүн аз күлүп, көп ыйлашсын!
83.Эгер Алла сени мунафыктар тобуна кайра кайтарып алып барса, сенден катышууга уруксат сурашса: “Эми эч качан мени менен бирге чыкпайсыңар да, мени менен бирге душманга каршы согушпайсыңар! Анткени силер алгачкы ирет ордуңарда олтурууну жакшы көргөнсүңөр. Мына эми артта калуучулар менен бирге олтура бергиле”, – деп айткын.
84.Алардан бирөөсү өлсө эч качан (жаназа) намазын окуба да, мүрзөсүнүн башында да турба. Анткени алар Аллага жана Анын элчисине каршы чыгып (каапырлык кылып) бузуку абалда өлүштү.
85.Сени алардын мал-мүлкү жана балдары суктантпасын. Чындыгында Алла муну менен аларга дүйнө жашоосунда азапты жана алардын жандарынын каапыр бойунча чыгышын каалайт.
86.Аларга: “Аллага ыйман келтирип, Анын элчиси менен бирге согушкула”, – деп айтылган сүрө түшүрүлсө, алардын байлары сенден уруксат сурап: “Бизди жөн кой, олтуруучулар менен бололу”, – дешет.
87.Алар артта калуучулар менен бирге болууну каалашты. Алардын жүрөктөрүнө мөөр басылган, ошондуктан түшүнүшпөйт.
88.Бирок, элчи жана аны менен чогуу ыйман келтиргендер мал-мүлкү жана жандары менен согушушту. Мына ушуларга жакшылыктар (буйрулду). Мына ушулар (Тозоктон) кутулуучулар.
89.Алла аларга алдынан дарыйалар агып турган, алар анда түбөлүк кала турган бактарды дайардап койгон. Мына ушул–улуу ийгилик.
90.Көчмөн араптардан себептүүлөр өздөрүнө уруксат сурап келишти. Аллага, Анын элчисине жалган жалаа жабышкандар (үйлөрүндө) олтуруп кала беришти. Алардын каапырларына сыздатуучу азап (бар).
91.Алла менен Анын элчисине ишенимдүү болгон алсыз, оорулуу, кайрйымдуулук кыла албагандарга күнөө жок. Эгер алар Алла жана Анын элчиси үчүн ыклас кылышса. Жакшылык кылуучуларды (жазалоого) жол жок. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
92.Согушка унаа сурап келгендерге: “Мен анда силерге унаа таап бере албайм!” – деп айтканыңда, өздөрү да (согуш үчүн) сарптай турган нерсе таба албай, көз жаштарын армандуу төгүп кайткандарга да күнөө жок.
Он биринчи бөлүм
93.Бул жазалоо – өздөрү бай болуп туруп, сенден (үйүндө) калуучулар менен чогуу калуу үчүн уруксат сурагандарга тиешелүү. Алла алардын жүрөктөрүн бүтөп (мөөрлөп) койгон. Ошондуктан алар билишпейт.
94.(Согуштан) кайтып, аларга барсаңар, силерден кечирим сурашат. ( Аларга «Кечирим сурабай эле койгула. Биз силерге эч качан ишенбейбиз. Чындыгында, Алла бизге силер тууралуу кабар берди. Алла да, Анын элчиси да силердин ишиңерди көрүп турат. Кийин , көмүскө-кайыпты да, көрүнөө-ачыкты да Билүүчү Аллага кайтып келесиңер. Ал силердин кылган ишиңерден өзүңөргө кабар берет.
95.Силер аларга кайра келген кезде алардан жүз үйүрүшүңөр үчүн Алланын аты менен ант ичишет. Алардан жүз үйүргүлө! Алар чынында эле ыплас (адамдар). Арам иштерди кылышканы үчүн алардын орду Тозокто.
96.Алар силерге жагынуу үчүн ант ичишет. Эгер силер алардан ыраазы болсоңор да, Алла (алар сыйактуу) бузуку коомдон ыраазы болбойт.
97.Көчмөн арабдар – каапырлыкта жана мунафыктыкта абдан катуу. Алар Алланын Өз элчисине түшүргөн чек араларын билишпей калууга ылайыктуураак. Алла – Билүүчү, Даанышман!
98.Көчмөн арабдардан Алла жолунда бергендерин зыйан эсебинде карай тургандары бар. Ошолор силерге жаман доорлордун келишин каалашат. Доорлордун жаманы алардын өздөрүнө келет. Алла – Угуучу, Билүүчү!
99.Көчмөн арабдардан Аллага, акырет күнүнө ишенген, сарптаган каражаттарын Аллага жакындык, пайгамбардын жакшы тилектерине шайкеш келген иш катары караган адамдар да бар. Мына ушул чындыгында – (Аллага) жакындык. Алла аларды Өз ырайымына бөлөйт. Акыйкатта, Алла –Кечиримдүү, Мээримдүү!
100.Жер которгондордон , ансарлардан алгач ыйман келтиргендер жана жакшы иштерде аларды ээрчигендерден Алла ыраазы болду. Алар да Алладан ыраазы болушту. Ошондуктан, Алла алар үчүн ичинде түбөлүккө кала турган, алдыларынан дарыйалар агып туруучу Бейиштерди дайардап койгон. Бул – эң чоң ийгилик !
101.Силердин айланаңарда көчмөн арабдардан эки жүздүүлөрү да бар. Ошондой эле Мединалыктардан да эки жүздүүлүкө чумкуп киргендери бар. Аларды сен билбейсиң, Биз билебиз. Аларды эки эсе кату азапка кабылтабыз. Андан кийин алар андан да чоң азапка салынат.
102.Кээ бирөөлөрү өз күнөөлөрүн мойундарына алышат. Бирок, алар жакшы иш менен жаманды аралаш кабылдашат . Алла алардын тооболорун балким кабыл кылаар. Акыйкатта, Алла – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
103.Алардын мал-мүлкүнөн садака ал да, ошол аркылуу аларды тазартып, жакшылыгын арттыр. Аларга (Алладан ыйман сурап) дуба кыл. Анткени, сенин дубаң – аларга Ырайым. Алла –Угуучу, Билүүчү!
104.Пенделеринин тообосун, садакаларын кабылдай турган бир гана Алла экенин алар билишпейби? Чынында, Алла – тооболорду Кабыл кылуучу, Ырайымдуу!
105.Аларга: “Жасай турганыңарды жасагыла. Ишиңерди Алла, пайгамбар жана момундар жакында көрөт. Жашыруун менен ашкерени Билүүчү Аллага кайтарыласыңар да, ошондо Алла силер эмне иш кылганыңардан кабар берет”, – дегин.
106.Согуштан калып, Алланын буйругун күтүп аткандар … Алла аларды, же азапка салат, же тооболорун кабыл кылат. Алла – Билүүчү, Даанышман!
107.(Исламга) зыйан тийгизүү, каапырлык кылуу, мусулмандардын арасын ыдыратуу жана мурдатан эле Алла менен Анын элчисине каршы согушуп келе жаткан адамдарды тосуп алуу үчүн мечитти кургандар , албетте: “Жакшылыкты гана каалаган элек”, – деп ант ичишет. Ошондой, Алла алардын ашкан жалганчы экенине күбө.
108.Ал мечитте эч качан намаз окуба. Алгачкы күндөн бери такыбалык негизинде салынган мечитте намазга турууң сен үчүн ылайыктуу. Ал жерде (күнөөдөн) абдан тазарууну чындап ниет кылган кишилер бар. Алла да абдан тазаларды сүйөт.
109.Алладан корккон такыбалык менен, Алланын ыраазылыгына шайкеш мечит курган адам мыктыбы, же кулай турган жардын жакасына мечит куруп, аны менен кошо өзү Тозокко кулай турган адам жакшыбы? Алла адашкандарды Туура Жолго багыттабайт.
110.Ошондуктан, алардын курган мечиттери, өздөрүнүн жүрөктөрү талкаланганга (өлгөнгө) чейин ырастыгы күмөн бойунча кала берет. Алла – Билүүчү, Даанышман!
111.Акыйкатта, Алла момундардын жанын жана мал-мүлкүн Бейишке алмаштырган. Алар – Алла жолунда согушуп өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт. Буга байланыштуу чыныгы убада Тооратта, Инжилде жана Куранда бар. Өз убадасын Алладан артык орундата ала турган ким бар? Ошондуктан ушул соодалашууга кубангыла! Анткени бул – зор ийгилик!
112.Тообо кылуучулар, ибадат кылуучулар, Алланы даңктоочулар, орозо тутууучулар, (намаз окуп) рүкү, сежде кылуучулар, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуучулар жана Алланын чектерин сактоочулар (– ушулар Бейиш ээлер). Момундарга сүйүнчүлө!
113.Пайгамбарга жана момундарга тозок ээлери экендиги билингенден кийин, эгер жакындары болсо да мушриктер үчүн (Алладан) кечирим суроого болбойт.
114.Ибрахимдин атасы үчүн (Алладан) кечирим тилегени – ага берилген убада бойунча болгон. (Ибрахимдин) өзүнө атасынын Аллага душмандыгы билинген соң, атасын таштап чыгып кетти. Чындыгында, Ибрахим ары кичи пейил , ары жумшак мүнөздүү эле.
115.Алла кайсыл-бир элди Туура Жолго салгандан кийин, алар сактаган нерселерин ачык билдирмейинче аларды адаштырбайт. Чындыгында, Алла – бардык нерсени Билүүчү!
116.Акыйкатта, асмандар менен жердин кожойундугу Аллага гана таандык. Ал – өлтүрөт жана тирилтет. Силер (–момундар) үчүн Алладан башка жардамчы да, колдоочу да жок!
117.Чындыгында, Алла момундардын бир бөлүгүнүн жүрөктөрү адашууга ыктаган (оор мезгилден) кийин пайгамбарды ээрчиген Мухажирлер менен Ансарлардын тооболорун кабыл кылып, пайгамбардын ырайымына алып келди. Алла аларга ырайымдуу, боорукер болгондуктан алардын тооболорун кабыл кылды.
118.Согуштан калган үчөөнүн да тооболору кабыл кылынды . Аларга жер кенен туруп, абдан тарып кеткен болчу. Алардын жүрөктөрү кысылып кеткен эле. Алладан башка эч кандай сактап калуучу жок экенин аңдашты. Ошондон кийин Алла алардын тооболорун кабыл кылды. Чындыгында, Алла – тооболорду кабыл кылуучу, Мээримдүү!
119.Эй, момундар! Алладан коркуп, чынчыл адамдар менен бирге болгула.
120.Мединалыктардын жана алардын айланасындагы көчмөн арабтардын Алланын элчисинен артта калуусу, анын жанынан өз жандарын артык көрүүсү – жарабаган иш. Анткени алар Алла жолунда чөлгө дуушар болушуп, чаңкашса, чарчашса, ач калышса, каапырларды ызаландыра турган бир жерден өтсө жана душманды жеңсе, аларга ошол себептүү гана жакшы амал жазылат. Алла – жакшы иш кылгандардын сообун текке кетирбейт.
121.Алар Алла жолунда чоң же, кичи болсун, бир нерсе сарп кылышкан болсо, же бир өрөөндү басып өтсө, Алла алардын көркөм амалдарына сыйлык берүү үчүн сооп жазат.
122.Акыйкатта, момундардын баары толугу менен жоого аттануулары шарт эмес. Ар бир тайпадан дин илимин үйрөнүп, алар (жоодон) кайтып келген кезде, алардын такыба болуусу үчүн эскертишип туруулары керек эмес деп ойлойсуңарбы?
123.Эй, момундар! Айланаңардагы каапырлар менен согушкула! Алар силерден катаал мамилеге кабылсын. Чындыгында, Алла такыбалар менен бирге экенин билгиле!
124.Бир сүрө түшүрүлгөн кезде алардан: «Бул кимиңердин ыйманын арттырмак эле?» – дечү адамдар да бар. Ал сүрө – момундардын ыйманын арттырат, ошолор кубанышат.
125.Ошондуктан ал сүрө жүрөктөрүндө дарты болгондордун жамандыктарынын үстүнө жамандык арттырат, алар каапыр тейде өлүшөт.
126.Мунафыктар ар жылы бир же эки ирет (Алла тарабынан) сыналып жатканын көрүшпөйбү? Ошондо деле алар тообо кылышпайт, насаатты да (кабыл) алышпайт.
127.Эгер сүрө түшүрүлбөсө, бири бирине карап: “Силерди көрө турган бирөө барбы? “ – деп, анан өздөрү терс бурулуп кетишет. Алардын жүрөктөрүн (Алла) тескери оодарып койгон. Анткени алар түшүнбөгөн коом.
128.Чындыгында, силерге өз араңардан (чыккан) ызаттуу элчи келди. Ага силердин түйшүгүңөр оор келсе да, ал силерге өтө камкор. Момундарга мээримдүү, боорукер.
129.(Эй, Мухаммед! ) Эгер алар сенден жүз үйрүсө: “Мага Алла жетиштүү. Андан башка Кудай жок. Ага тобокел кылдым, Ал – Улуу Арштын Кожойуну”! – деп айт.

#18 17 Март 2014 - 03:14
Йунус 10-сүрөөсү
.
10-сүрө «ЙУНУС»
Меккеде түшүрүлгөн. Жүз тогуз аяттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1. Алиф, лам, раа [1]. Мына булар даанышман Китептин [2]аяттары.
2. Адамдарды эскертүү жана ыймандууларга кылган жакшылыктары, Эгесинин алдында чоң кадырга ээ боло тургандыгын сүйүнчүлөө үчүн өздөрүнүн араларынан бир кишиге Биздин кабар жибергенибизге да таң калышабы? Каапырлар: “Ал анык сыйкырчы”, – дешет.
3. Акыйкатта, силердин Эгеңер Алла асмандар менен жерди алты күндө жараткан, андан соң Аршка ээлик кылып [3], келечек ишке өкүм чыгарат. Андан уруксатсыз эч ким коргоочу [4]боло албайт. Мына ушул – Алла, - силердин Эгеңер. Ага (гана) сыйынгыла. Эсиңерге келбейсиңерби?
4. Ага баарыңар чогуу кайтасыңар. Бул Алланын убадасы – акыйкат. Акыйкатта, Ал баарын баштап жараткан. Анан ыйман келтирип, жакшылык кылгандарды адилеттүүлүк менен сыйлоо үчүн аны кайта тирилтет. А каапырларга каапыр болгондуктары себептүүкайнаган суусундук жана орутуучу азап бар.
5. Ал Күндү жарык, ал эми Айды нур кылды. Силердин жылдарды менен убакытты билүүңөр үчүн алардын орундарын белгиледи. Алла буларды чындык менен жаратты. Ал түшүнгөн адамдарга Өзүнүн аяттарын баяндайт.
6. Акыйкатта, түн менен күндүн алмашуусунда, Алла асмандар менен жерде жараткандарда такыба адамдар үчүн белгилер бар.
7. Акыйкатта, Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөр, бул дүйнө жашоосуна маашырлана көңүлдөрү жай тапкандар – Биздин аяттарыбыздан бейкапар болгондор.
8. Алар өздөрүнө даярдагандары үчүн – орундары тозок.
9. Акыйкатта, ыйман келтирип, жакшылык кылгандарды ыймандары себептүү алдынан дарыялар аккан, ырахаттуу Бейиш жолуна салат.
10. Алардын андагы сыйынуулары: “О жараткан Алла, биз Сени Аруулайбыз! ”; саламдашуулары: “Салам! – Тынчтык” (болот), “Ааламдардын Эгеси Аллага мактоо!” – деп дубаларын аякташат.
11. Эгерде Алла адамдарга жакшылыктын келишин каалаган өңдүү, жамандыктын келишин да тездетсе, анда алардын жашоосу (эбак) бүткөн болор эле. [5]Бирок, Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөрдү өздөрүнүн адашуусунда экилентип таштап коёбуз.
12. Качан инсанга кайгы жеткен кезде, ал жатып да, олтуруп да, туруп да Бизге жалына баштайт. Биз аны кайгыдан куткарганыбызда, ал Бизден жамандыктан куткарууну сурабаган өңдүү мурунку жолу менен кете берет. Ушундай болуп чектен ашкандардын иштери өздөрүнө көркөмдүү сезилет.
13. Биз силерге чейинки заалымдык кылган көптөгөн элдерди жок кылганбыз. Алардын пайгамбарлары далилдер менен келишкенде да, алар ишенбеген боюнча кала беришкен. Күнөөкөр коомдун жазасын Биз ушинтип беребиз.
14. Силер кандай кыларыңарды байкап көрүү үчүн Биз силерди Жер үстүндө алардын орун басарлары кылдык.
15. Качан аларга Биздин айкын аяттарыбыз окулганда, Биз менен кездешүүнү үмүт этпегендер мындай дешет: “Бизге Курандын ордуна башка китепти алып кел, же аны өзгөрт.” Аларга: “Аны мага өзгөртүүгө болбойт. Мен болгону мага кабар кылынган нерсени гана ээрчиймин. Мен эгер Эгемдин буйругун аткарбасам, Улуу күндүн азабынан коркомун”, – дегин.
16. “Эгер Алла каалаган болсо, анда мен муну силерге окубас элем, ал жөнүндө силерге үйрөтпөс да элем. Чынында, мен буга чейин силер менен бүтүндөй бир жашоону өткөздүм. Эмнеликтен акылыңарга келбейсиңер? ” – деп айт.
17. Аллага жалаа жапкандардан, же Анын аяттарын жалганга чыгаргандан да ашкан заалим барбы? Албетте, күнөөкөрлөр ийгиликке жете албайт.
18. Алар Алланын ордуна өздөрүнө зыян да, пайда да келтире албагандарга сыйынышат да: “Мына биздин Алланын алдындагы коргоочуларыбыз” - дешет. (Аларга “Асмандар менен жерде Ага белгилүү болбогон нерсени Аллага кабар берип жатасыңарбы? ” - де. Ага мактоолор болсун! Ал силер кошкон шериктериңерден Таза жана Улуу.
19. Мурун адамдар бир эл эле, анан алар бөлүнүштү. Эгер Эгең тараптан сөз өтпөгөндө, алардын ортосундагы талашып-тартышып жаткандары тууралуу иш чечилип калмак болчу.
20. Алар: “Анын Эгесинен ага бир керемет [6]түшүрүлдүбү? ” – дешет. Аларга: “Акыйкатта, көмүскөлөр Аллага таандык. Күтө тургула, мен дагы силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн”, – де.
21. Инсандын башынан жамандык өткөндөн кийин, Биз Өз мээримдүүлүгүбүздү таттырган кезде, Биздин аяттарыбызга каршы айла-амалдарды ойлой баштайт. (Аларга “Алла айла-амалдарды табууда абдан тез”, – дегин. Албетте, Биздин элчилерибиз [7]силердин айла-амалдарыңарды жазып турат.
22. Ал силерди кургакта жана деңизде жүргүзөт. Силер кемеде болгонуңарда кеме аларды сыдырым соккон жел менен алып барат, алар бирге сүзүп кубанышат. Качан аларга катуу шамал жетип, килейген толкундар ар тараптан ургулай баштаганда, алар өздөрүн өлүмгө дуушар болчудай сезишип, чын ишеним менен Аллага жалбара башташат: “Эгер Сен бизди куткарсаң, биз шүгүр кылуучулардан болобуз!” (– дешет).
23. Ал аларды куткарган кезде, алар жер үстүндө адилетсиз иштерди кылат. Эй, инсандар! Силердин кылган жаман ишиңер (ээн-баштыгыңар) өзүңөр үчүн гана. Ал (ишиңер) болгону бул дүйнө менен ырахаттануу. Андан соң силердин кайтып келээриңер Биз (жак). Жана ошентип Биз силерге эмне кылганыңардан кабар беребиз.
24. Чынында, дүйнө тиричилиги Биз асмандан жаадырган жаан сыяктуу. Аны менен Жер үстүндө көптөгөн өсүмдүктөр аралашып өсөт да, аларды адамдар жана малдар жейт. Качан жер жүзү кулпуруп, кооз болуп турган кездерде, анын жашоочулары муну биз пайдаланабыз деп ойлошот. Ошондо, түнкүсүбү же күндүзүбү, аларга Биздин өкүм-буйругубуз жетет. Анан Биз аларды алар кечээ өсүп-гүлдөп турбаган өңдүү бастырылган эгин талаасындай кылып салабыз. Биз аяттарыбызды акыл жүгүрткөндөргө мына ушинтип түшүндүрөбүз.
25. Алла тынчтык жайына чакырат жана каалагандарын туура жолго багыттайт.
26. Сооптуу иш кылгандарга жакшылык жана андан артыгы да бар. Алардын жүздөрүн каралык да, кайгы да каптабайт. Ошолор Бейиш ээлери, алар анда түбөлүккө калышат.
27. Жамандык кылгандарга жамандыгына ылайык жаза берилет, алардын жүзүн кайгы каптайт. Алланын алдында аларга коргоочу да болбойт. Алардын жүздөрүн түн караңгылыгындай каралык каптайт. Ошолор тозок ээлери, алар анда түбөлүккө калышат.
28. Ошол Күнү Биз алардын баарын жыябыз. Ошондо, Аллага шерик кошуп жүргөндөргө: “Силер жана силер шерик кылып [8]жүргөндөр ордуңарга (тургула)”, – дейбиз. Ошентип Биз аларды ажыратабыз. А Аллага шерик кылынып жүргөндөр [9]: “Силер бизге табынган эмессиңер,
29. биздин ортобузда Алла жетиштүү күбө. Силердин бизге табынып жүргөнүңөр тууралуу биз билген эмеспиз”, – дешет.
30. Анда ар бир жан бул дүйнөдө өзүнүн кылгандарынан түйшөлөт жана чыныгы ээси болгон Аллага кайтарылат. Ал эми алар ойлоп тапкандар [10]аларды таштап кетет.
31. “Силерге асмандан жана жерден ырыскыны ким берет? Угууңарды жана көрүүңөрдү ким башкарат? Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарат? Ким баарын башкарат?” – де. Ошондо алар: “Алла”, – дешет. “Анда эмне үчүн Андан коркпойсуңар”, – де.
32. Бул Алла – силердин чыныгы укуктуу Эгеңер. Акыйкаттан соң бир гана адашуудан бөлөк эмне болмок эле? Эмне үчүн баш тартасыңар?
33. Ушинтип, бузукулук кылгандарга Эгеңдин: “Алар ыйман келтиришпейт”, – деген сөзү чындыкка чыгат.
34. “Силердин шерик кылып жүргөндөрүңөрдүн арасында алгачкы ирет жаратып, анан аны кайра кайтара [11]тургандар да барбы?” – дегин. “Алла алгачкы жаратууну ишке ашырат, анан аны кайра кайтарат [12]. Кандайча баш тартасыңар? ” – деп айт.
35. “Аллага шерик кошкондоруңардын арасында акыйкатка багыттай тургандары барбы?” – деп айт. “Алла гана акыйкатка багыттайт. Өзү жол таппаган жана башкаларды да жетектей албагандарга караганда акыйкатка алып бара тургандын артынан ээрчүүгө татыктуу эмеспи? Силерге эмне болду? Кандай өкүм кылып жатасыңар?” – дегин.
36. Алардын көпчүлүгү жоромолдорду гана ээрчийт. Албетте, жоромолдор акыйкаттын алдында эч нерсеге арзыбайт. Акыйкатта, Алла алардын кылгандарын Билүүчү.
37. Бул Куран Алладан башканын оюнан чыгарылган эмес. Ал (Куран) мурункуларды тастыктоо жана Китепти түшүндүрүү үчүн жөнөтүлгөн. Анда шек жок, (ал) ааламдардын Эгесинен келтирилген.
38. Алар: “Ал аны ойлоп тапкан”, – дешеби? “Ага окшогон бир сүрө келтиргиле жана эгер чын болсоңор Алладан башка жактырган бирөөнү чакыргыла”, – деп айт.
39. Жок, алар өздөрүнүн билими жетпегендиктен жана маңызын түшүнбөгөндүктөн жалганга чыгарышууда. Аларга чейинкилер да ушинтип жалганга чыгарышкан. Адашкандардын акыры кандай болуп бүткөнүн карап көрчү?!
40. Алардын ичинде ишенгендери [13]да, (ага) ишенбегендери да бар. Эгең бузукуларды жакшы билет.
41. Сени жалганга чыгарышса: “Менин кылгандарым өзүмө, силердин кылганыңар өзүңөргө. Силер мен кылгандан оолаксыңар, мен да силер кылгандардан оолакмын”, – де.
42. Алардын арасында сени угуп тургандар [14]да бар. Бирок, алар акыл калчабаса, дүлөйлөргө угуза аласыңбы?
43. Алардын арасында сени карап тургандар да бар. Бирок сокурлар көрө албаса, сен аларга жол көрсөтө аласыңбы?
44. Акыйкатта, Алла адамдарга эч заалымдык кылбайт. А адамдар өздөрүнө өздөрү заалымдык кылышат.
45. Ал баарын жыйнаган Күнү [15]алар жер үстүндө бир күндүн ичинде бир эле саат болгондой [16]сезишет. Бирин бири таанышат. Алла менен кездешүүнү жалганга чыгаргандар жана туура жолдо жүрбөгөндөр зыянга учурашат.
46. Биз сага коркутуп жаткандарыбыздын бир бөлүгүн көрсөтөбүз же сени ага чейин жайгарабыз. Баары бир алардын кайтып келүүсү бизге (гана). Андан соң Алла алардын кылгандарынын баарына күбө болот.
47. Ар бир элге өзүнөн элчи бар. Аларга өздөрүнүн пайгамбарлары келген күнү алардын араларында талаш болгондор адилеттүү түрдө чечилет жана алар таарынышпайт.
48. Алар: “Эгер сен чын болсоң, анда бул убадалар качан аткарылат?” – деп сурашат.
49. “Эгер Алла каалабаса, мен өзүмө жакшылык да, жамандык да кыла албайм. Ар бир эл үчүн өз мөөнөтү [17]бар. Ал келген кезде алар аны бир саат жайлата да, узарта да алышпайт”, – де.
50. “Айткылачы! Эгерде Анын азабы силерге түндө, же күндүз келсе, анда анын келишин тездетүүнү бузукулар эмне үчүн каалап жатышат?” – де.
51. Ал силерге келген күнү ишенесиңерби? Азыр (көрүп), ишендиңер. Чынында, силер аны тездетүүнү каалаган элеңер.
52. Андан соң заалымдарга: “Түбөлүк азапты таткыла! Өзүңөр кылганыңарга гана жараша жаза берилдиби?” – делинет.
53. Жана алар сенден: “Ушулар чындыкпы?” – деп сурашат. “Эгемдин аты менен ант ичем, ооба, бул акыйкат. Силер анын алдында алсызсыңар”, – де.
54. Заалымдык кылган ар бир жан (азапка кабылганда) жер жүзүндөгү бардык нерселер өзүнүкү болсо аны төлөп, кутулгусу келет. Алар жазаны көргөндө катуу өкүнүшөт. Алардын араларында адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзүлөт. Аларга зулум [18]кылынбайт [19].
55. Ооба! Асмандар менен жердегилердин баары Аллага таандык. Ооба! Албетте, Алланын убадалары чындык. Бирок, алардын көпчүлүгү муну түшүнбөйт.
56. Ал жашоо берет, өлтүрөт жана силер Ага кайтасыңар.
57. Эй, адамдар! Силерге Эгеңерден үгүт-насаат, жүрөктөрдөгүнү айыктыруучу, ыймандуулар үчүн туура жол жана мээрим келди.
58. “Алар Анын жакшылыгы [20], ырайымы [21], мына ушуга кубанышсын. Анткени, бул алар өздөрүнө чогулткандан жакшы”, – деп айт.
59. “Айткылачы: Алла силерге марттык менен ырыскы бөлүштүргөнүн көрбөйсүңөрбү? Эмнеликтен силер анын бирин арам деп [22], башкасын адал кылдыңар?” – де. “Алла буга уруксат бердиби, же силер Аллага жалаа жаап жатасыңарбы”, – дегин.
60. Аллага жалган жалаа жапкандар Кыямат күнү тууралуу эмне ойлошот? Акыйкатта, Алла адамдарга мээримдүү. Бирок, алардын көбү Ага шүгүр кылышпайт.
61. Сен кандай абалда болсоң да, Курандан эмнени окусаң да, силер эмнени кылсаңар да Биз күбө болуп турабыз. Себеби, силер ага [23]чумкуп киресиңерби? Силердин Эгеңерден жер үстүндө да, асмандарда да кыпындын салмагындай эле, же андан азыраак, же андан көбүрөөк болсо дагы эч нерсе жашыруун эмес. Мунун баары ачык Китепте [24]жазылган.
62. Ооба! Албетте Аллага жакын болгондор чоочулашпайт да кайгырышпайт.
63. Ыймандуулар жана такыба болгондор,
64. Алар үчүн бул дүйнөдө жана акыретте сүйүнүчтүү кабар бар. Алланын убадалары эч өзгөрүлбөйт. Бул улуу ийгилик.
65. Алардын сөздөрү сени кайгыртууга тийиш эмес. Акыйкатта, бардык ызааттуулук Аллага гана таандык. Ал Угуучу, Билүүчү.
66. Ооба! Акыйкатта, асмандар менен жердегилердин баары Аллага таандык. Алладан башка шерик келтирилгендерге табынып жаткандар эмнени көздөшөт? Алар божомолдорду гана ээрчип жүрүшөт. Алар жалганды гана айтышат.
67. Ал силердин эс алууңар үчүн түндү, көрүүңөр үчүн күндүздү кылган. Албетте, мында уга турган адамдар үчүн аят-белгилер бар.
68. Алар: “Алла Өзүнө уул алды [25]”, – дешет. Ал (андан) таза! Ал Бай [26]. Ага асмандардагылар менен жердегилердин баары таандык. Силерде болсо эч кандай далилдер жок. Аны билбей туруп, Алла тууралуу айта аласыңарбы?
69. “Акыйкатта, Аллага жалган жалаа жабуучулар ийгиликке жете алышпайт” – дегин.
70. Бул дүйнөдө жыргал, андан соң алардын Бизге кайтуулары бар. Ошондо Биз каапыр болгондору үчүн катуу азап таткыдай кылабыз.
71. Сен аларга Нухтун баянын окуп бер. Ал элине мындай деди: “О элим! Эгер менин силердин араңарда болгонум жана силерге Алланын аяттарын эскерткеним оор болуп жатса, анда мен Аллага тобокел кылдым. Өзүңөрдүн кудайларыңар менен ишиңерди чогулткула. Силердин ишиңер жашыруун калбасын. (Өз ниетиңерди жашырбастан) мага кечиктирбей өкүм чыгаргыла.
72. Эгер силер менден кетсеңер, мен силерден сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгым Алладан гана. Мага ыймандуулардан болуу буйрулган”.
73. Алар аны жалганчы деп жарыялашты. Биз аны жана аны менен кемеде бирге болгондорду куткардык. Биз аларды орун басарлар кылдык жана Биздин аяттарыбыздан баш тарткандарды сууга чөктүрдүк. Эскертилгендердин акыры кандай болуп бүткөндүгүн карачы!
74. Нухтан кийин Биз ар бир элге өзүнүн пайгамбарларын жөнөттүк. Алар айкын далилдер менен келишти. Мурда да жалганга чыгаргандыктары үчүн алар ыйман келтиришкен эмес. Чектен чыккандардын жүрөктөрүн мына ушинтип мөөрлөйбүз.
75. Андан соң Мусаны жана Харунду Биздин аяттарыбыз менен Фараонго жана анын жан-жөкөрлөрүнө жөнөттүк. Бирок, алар текеберленишип күнөө кылуучу коомдон болушту.
76. Бизден акыйкаттык келгенде алар: “Бул анык сыйкыр”, – дешти.
77. Анда Муса: “Силерге акыйкаттык келгенде, ал тууралуу ушундай дейсиңерби? Ушул да сыйкырбы? Сыйкырчылар мындай ийгиликке жете албайт”, – деди.
78. Алар: “Сен бизди ата-бабаларыбыз карманган нерселерден кайтаруу жана жер жүзүндө бийлик экөөңөрдүн колуңарда болуу үчүн келдиңби? Биз, экөөңөргө [27]ишенбейбиз”, – дешти.
79. Фараон: “Мага бардык илимдүү сыйкырчыларды келтиргиле! ” – деди.
80. Сыйкырчылар келгенде Муса аларга: “Ыргыта турганыңарды ыргыткыла! ” – деди.
81. Алар ыргытышканда [28], Муса: “Силер келтирген нерсе сыйкыр (гана)! Албетте Алла аны жок кылат. Акыйкатта, Алла бузукулардын ишин оңдобойт”, – деди.
82. А Алла күнөөкөрлөр үчүн жек көрөөрлүк болсо да, Өзүнүн сөзү менен акыйкатты бекемдейт.
83. Бирок, анын элинин ичинен Фараон жана анын жан жөкөрлөрү жазага тартпасын деп корккондору себептүү азыраагынан башкасы Мусага ишенбеди. Акыйкатта, Фараондун жер үстүндө зор бийлиги бар болуучу жана ал чектен чыккандардан эле.
84. Муса: “Эй элим! Эгер Аллага силер моюн сунуучу болуп, ишенсеңер Ага тобокел кылгыла”, – деди.
85. Алар: “Биз Аллага тобокел кылдык. Эгебиз, бизди заалым эл үчүн азгырык-сыноо кылба,
86. бизди каапыр элден Өз мээримиң менен куткар!” – дешти.
87. Биз Мусага менен анын тууганына: “Өз элиңер үчүн Мисирде [29]үй кургула, аны сыйына турган үй кылып алгыла жана намаз окугула. Жана ыймандууларга сүйүнчү кабарды жеткизгиле”, – деп аян бердик.
88. Муса: “О Эгебиз! Сен Фараонго жана анын жан жөкөрлөрүнө бул дүйнөдө кооздук менен мол байлыкты бердиң. Эгебиз, ошондуктан алар башкаларды адаштырып, туура жолуңдан чыгарып жатышат. Эгебиз, алардын байлыктарын жок кыл да, жүрөктөрүнө катуу мөөр бас! Алар катуу азапты тартканга чейин ыймандуу болушпайт”, – деди.
89. Анда Ал (Алла) айтты: “Силердин дубаңарга жооп берилди. [30]Туруктуу болгула жана наадандардын жолуна ээрчибегиле! ”
90. Биз Исраил уулдарын деңизден өткөрдүк. А Фараон жана анын аскерлери өч жана душмандык менен алардын артынан ээрчип жөнөштү. Ал (фараон) чөгүп бараткан кезде: “Исраил уулдары ишенген бир Кудайдан башка кудай жок деп ишенемин жана мен Ага моюн сунуучуларданмын”, – деди.
91. “Азыр гана!(бы?) Сен мурун көгөргөн бузукулардан элең...”
92. Бүгүн Биз кийинки муундарга үлгү болсун үчүн сенин денеңди (сактап) куткарабыз. Бирок, көп элдер Биздин аяттарыбыздан бейкапар.
93. Биз Исраил уулдары үчүн кереметтүү калааларды курдук жана аларга таза ырыскыларды бердик. Аларга ачык билим келгенге чейин, алар бир-бири менен бөлүнүшпөдү. Акыйкатта, Эгең Кыямат күнү алардын ортосундагы пикир келишпестиктери тууралуу териштирет.
94. Эгер сага түшүргөндөрүбүздөн күдүктөнсөң, сенден мурунку Китеп окугандардан сура. Чынында сага Эгеңден Акыйкат келди. Андыктан күдүктөнүүчүлөрдөн болбо!
95. Алланын аяттарын жалганга чыгаруучулардан болбо. Антсең, зыянга учуроочулардан болосуң.
96. Акыйкатта, ыймансыздар – үстүнөн Эгеңдин сөзү акыйкатталган.
97. Бүткүл аяттарыбыз келсе да, алар оорутуучу азапты көргөнчө (ишенишпейт).
98. Йунустун элинен башка ыйман келтирген жана ыймандары пайда берген айыл болгонбу? Алар ишенген кезде Биз аларды бул дүйнө тиричилигиндеги кордоочу жазадан куткардык жана аларды белгилүү мезгилге чейин пайдалангыдай кылдык.
99. Эгер Эгең кааласа жер жүзүндөгүлөрдүн баары ыйманга келишээр эле. Сен адамдарды ыйман келтирүүгө зордойсуңбу?
100. Эч бир жан Алладан уруксатсыз ыймандуу боло албайт. Ал акыл жүгүртпөгөндөрдү жазага тартат.
101. “Көргүлө! Асмандар менен жерде эмнелер бар?” – де. Ыймансыз коомго аяттар да, элчилер да пайда бербейт. Алар ыйман келтиришпейт.
102. Алар мурунку каапырларга жеткендерден да башка бир нерселерди күтүп турабы? Аларга: “Күтүп тургула! Мен да силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн”, – деп айт.
103. Ошондо Биз Өзүбүздүн пайгамбарларды жана ыймандууларды куткарабыз. Акыйкат ушундай болот. Момундарды куткаруу Бизге таандык.
104. “Эй адамдар! Силер менин диниме шек саноочу болсоңор, мен Алладан башка силер табынгандарга табынбаймын. Мен Аллага гана табынамын, Ал силерди өлтүрө алат. Мага момундардан болуума буйрук кылынган”, – дегин.
105. Жүзүңдү туура динге бур жана мушриктерден [31]болбо.
106. Бир Алладан башка сага пайда да, зыян да келтире албаган эч кимге табынба. Антпесең, сен заалымдардан болосуң.
107. Эгер Алла сени бир кырсыкка учуратса, Андан башка эч ким куткара албайт. Эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, Анын мээримдүүлүгүн эч ким токтото да албайт. Ал Аны Өз пенделеринин ичинен каалагандарына берет. Ал Кечирүүчү, Боорукер.
108. О адамдар! Силерге Эгеңерден акыйкат келди. Ким туура жол менен барса, ал өзүнө пайда келтирет. Ким адашса, өзүнө гана зыян жеткирет. Мен силер үчүн өкүл [32]эмесмин.
109. Өзүңө кабар кылынгандарга ээрчи жана Алла өкүм кылганга чейин сабырдуу бол. Анткени, Ал өкүмдарлардын эң мыктысы.

#19 17 Март 2014 - 03:16
Хууд 11чи-сүрөөсү
.
Меккеде түшкөн. Жүз жыйырма үч айат
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1. Алиф, лам, ра [1]. Бул (Куран) – айаттары бекитилген жана Даанышман, Билүүчү (Алла) тарабынан ачык байан кылынган Китеп.
2. Алладан башкага сыйынбагыла! Чындыгында, Мен силерге Ал [2]тараптан эскертүүчү жана Кубандыруучумун.
3. Эгеңерден кечирим тилеп, Ага тообо кылгыла. Ал силерди белгилүү мөөнөткө чейин көркөм түрдө [3]пайдаландырат да, ар бир жакшылык ээсине сыйлык берет. Эгер (Алладан) жүз бурсаңар, чынында, силер үчүн Улуу Күндүн азабынан коркомун.
4. Кайтуучу жериңер Алла тарап. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
5. Эсиңерде болсун: Алар [4]Андан [5]жашынуу үчүн көкүрөктөрүн кумтулап алышат [6]. Билгиле: Алар кийимдерин оронгон кезде да ашкере жана көмүскө жасаган иштерин жакшы билет [7]. Акыйкатта, Ал – көөдөндөгүлөрдү Билүүчү!
Он экинчи бөлүм
6. Жер бетиндеги бардык жан-жаныбардын ырыскысы – Алладан келет. Ал алардын туруктуу [8]жана убактылуу [9]ордуларын билет. Баарысы Ачык Китепте [10](жазылуу).
7. Ал кимиңер жакшы амал кылышыңарды сыноо үчүн асмандар менен жерди алты күндө жаратты жана Анын Аршы суу үстүндө эле [11]. Аларга :“Силер өлгөндөн кийин тирилесиңер”, – деп айтсаң, каапырлар: “Чындыгында, бул – даана сыйкыр”, – дешет.
8. Эгер алардан азапты белгилүү мөөнөткө чейин кечиктирсек, алар: “Эмне үчүн кечигүүдө?” – дешет. Аларга азап келген күнү, [12]тосулбайт. Алардын шылдыңдаган нерсеси, өздөрүнүн баштарына түшөт.
9. Эгер Биз адам баласына ырайым кылып, аны [13]андан алсак, үмүт үзүүчү каапырга айланат.
10. Ага жеткен кыйынчылыктан кийин, жакшылыктарыбызды жиберсек: “Ал жамандыктар менден кетти!” – деп, аша сүйүнүп [14], мактанат.
11. Бирок сабыр кылып, жакшы иштерди жасагандар үчүн кечирим жана улуу сыйлык (бар [15]).
12. Мүмкүн сен алардын: “Эмнеге ага [16]казына түшүрүлбөйт, же аны менен бирге периште келбейт” – деп айткандарына көкүрөгүң кысылып, өзүңө айан кылынган нерсенин кээ бирин балким таштагың келээр? Чындыгында, сен [17]эскертүүчү ганасың. Алла – бардык нерсеге Көзөмөлчү!
13. (Алар “Аны [18]өзү ойлоп тапты”, – деп айтышты. Аларга: “Эгер айтканыңар чын болсо, Алладан башка каалаганыңарга (буддарыңарга) кайрылып, ойдон чыгарып болсо да ушул сыйактуу, же ушуга окшош он сүрө түшүрүп көргүлөчү”, – деп айт.
14.Эгер чакырган, кайрылган нерсеңер силерге жооп бербесе, анда, чыны менен эле бул Куран Алланын илиминен түшүрүлгөнүн жана Алладан башка кудай жок экенин билгиле. Мойун сунасыңарбы? ” – деп айт.
15.Ким дүйнө жашоосун жана анын кооздуктарын кааласа, дүйнөдөн алар каалаган нерселеринин баарын ушунтип беребиз: алар бул жерде эч нерседен кем болушпайт.
16. Бирок, аларга акыретте Тозок отунан башка эч нерсе жок. Дүйнөдө жасаган амалдарынын баары текке кетет. Алардын кылгандары бошко кетүүчү нерселер.
17. Эгеңдин өзгөчө далили, ага кошумча күбөсү да болгон мурунку жол көрсөткүч жана ырайым түрүндөгү Мусанын Китебине ээ болгондор – мына ошолор ага [19]ишенгендер. Элдерден ким ага [20]каршы чыкса анда, анын убада кылынган жери – От. Сен да андан күдүктөнбө. Ырасында, ал – Эгеңден (келген) Акыйкат. Бирок адамдардын көбү (ага) ишенишпейт.
18. Аллага жалган жалаа жапкандан да заалымыраак ким бар? Мына ошолор Эгеңердин алдына алынып келинет да – күбөлөрү: “Мына ушулар Эгесине жалаа жапкандар! ” – дешет. Эсиңерде болсун: Алланын каргышы – заалымдарга эмеспи?!
19. Алар Алланын жолунан тосушат да, кыйшык [21]жолду издешет. Алар акыретке ишенбегендер.
20. Алар жер жүзүндө [22]Алланы алсырата алышпайт. Анткени алардын Алладан башка жардамчылары жок. Алардын азаптары (улам) көбөйтүлүп турат. Алар көрө да, уга да алышпайт.
21. Мына ошолор өздөрүнө зыйан кылуучулар. Алардын жасалма кудайлары тигилерден жоголуп кеткен.
22. Алар акыретте зыйанга учуроочулар экени шексиз.
23. Чындыгында, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар, Эгесине мойун сунгандар, мына ошолор – Бейиш ээлери. Алар анда [23]түбөлүк калышат.
24. Эки топтун [24]мисалы – дудук, сокур [25]– көрүүчү, угуучунун [26]мисалындай. Кантип эле ушул экөө тең болсун?! Эсиңерге келбейсиңерби? !
25. Албетте, Биз Нухту өз коомуна жибердик. (Ал “Мен силерге чыныгы эскертүүчүмүн,
26. Аллага гана сыйынгыла! Чындыгында мен силер үчүн сыздатуучу Күндүн азабынан коркомун”, – дегин.
27. Анын коомунун каапыр башчылары: “Биз сени өзүбүз сыйактуу эле адам катары тааныйбыз. Сени эң кадырсыз жана кор болгон [27]адамдар ээрчишкенин көрүп турабыз. Ошондуктан биз силердин эч бир артыкчылыгыңарды да көрбөй жатабыз. Биз силерди жалганчы гана деп эсептейбиз”, – дешти.
28. Нух: “Эй, элим! Көрдүңөрбү? Эгебиз тараптан өзгөчө бир далилге ээ болсом, анан Ал Өзү мага ырайым берип, ал силерге көрүнбөсө да силер Аны жок деп ойлосоңор, биз силерге (динди) зордоп кабыл алдыра алмак белек?
29. Эй, элим! Мен силерден мал-мүлк сурабаймын. Менин акым бир гана – Алладан. Мен ыйман келтиргендерди кубалоочулардан эмесмин. Анткени, алар – Эгелерине (акыретте) жолугуучулар. Бирок, мен силердин наадан (эл) экениңерди көрүп турам”
30. Эй, элим! Эгерде мен аларды кубаласам, анда мени Алладан ким коргоп кала алат? Эсиңерди жыйбайсыңарбы? !
31. Мен силерге: “Жанымда Алланын казыналары бар деп айтпаймын жана көмүскө-кайыпты да (ал маалыматтарды) билбеймин. Мен периште да эмесмин. Ошондуктан, силер көзүңөргө илбегендерге [28]: “Алла силерге жакшылык жибербейт”, – деп да айтпаймын. – Алла – алардын дилиндегилердин баарын жакшыраак билет. Андай кылсам [29], анда мен заалымдардан болуп калам”, (–деди).
32. Алар: “Эй, Нух! Сен биз менен жаңжалдашып көпкө талашып-тартыштың. Эгер сөзүң чын болсо, өзүң бизди коркутуп жаткан нерсеңди бизге жиберчи!” – дешти.
33. (Нух “Аны кааласа, бир гана Алла жиберет. Силердин ага чамаңар да келбей калат [30].
34. Эгер Алла силерди адаштырууну кааласа, мен силерге [31]насаат айтсам да, ал силерге пайда бербейт. Ал (Алла) – силердин Эгеңер [32]. Ага кайтып барасыңар” [33], – деди.
35. [34]Же алар: “Куранды өзү эле жазып койгон”, – дешеби?! Аларга: “Эгер аны мен жазган болсом, анын күнөөсү мага тийет. Андыктан, мен силер иштеген күнөөлөрүңөрдөн оолакмын”, – деп айткын.
36. Ошентип, Нухка: “Элиңдин ыйман келтиргендеринен башкалары (эч качан) ишенишпейт. Эми алардын жасаган иштерине кейибе”, – деген айан түшүрдүк.
37. (Биздин) көз алдыбызда, айаныбыз менен кеме жаса. Зулум кылгандар (каапырлар) үчүн [35]Мага кайрылба! Эми алар (Топон сууга) чөктүрүлөт”, –дедик.
38. [36]Кемени жасап жатканда элинин бийлери жанынан өткөн сайын аны келекелеп жатышты. (Нух) аларга: “ Эгер силер бизди шылдыңдасаңар, биз да силерди өзүңөр шылдыңдагандай кылып шылдыңдайбыз”, – деди.
39. Кордуктуу азап кимге келээрин жана туруктуу жабыр кимдин башына түшөөрүн тез арада билесиңер.
40. Биздин буйругубуз менен тандырдан [37]суу оргуштап чыкканда (Нухка “Ар бир жаныбардан бирден жуп кылып, ыйман келтиргендерди жана өз үй-бүлөңдүн өкүм чыккандарынан [38]башкаларын алып кемеге чык”, – дедик. Чындыгында, аны менен ыйман келтиргендер абдан аз (болчу).
41. (Нух “Кемеге олтургула! Анын жүрүшү да, токтошу да Алланын ысмы менен! Чындыгында, Эгем – Кечиримдүү, Ырайымдуу! ” – деди.
42. Ал кеме аларды тоолордой болгон толкунда алып жүрдү. Нух айрыларда [39]уулуна: “Эй, уулум! Биз менен бирге кемеге олтур. Каапырлардан болбо!” – деп чакырды.
43. Уулу: “Мени суудан сактай турган тоого чыгамын!” – деди. Анда атасы: “Алла ырайым кылгандардан башкаларга бүгүн Алланын буйругунан сактап калар эч нерсе жок!” – деди. Ошондо экөөсүнүн ортосун толкун каптап, ал [40]чөктүрүлүүчүлөрдөн болду [41].
44. “Эй, Жер! Сууңду тарт [42]! Асман сен да токто [43]!” – деп айтылды да, суу тартылып, иш орундалды [44]. Ал эми кеме Жудий тоосуна токтоду. “Заалымдар жок болсун!” – деп айтылды.
45. Нух Эгесине кайрылып: “О Эгем! Чындыгында уулум менин үй-бүлөмдөн эле го. Албетте, Сенин убадаң сөзсүз аткарылат. Сен өкүмдарлардын Өкүмдарысың! ” – деди.
46. (Алла “Эй, Нух, ал сенин үй бүлөңдөн эмес. Анткени анын жасаган иши дурус эмес. Ошондуктан билбеген нерсеңди Менден сураба. Наадандардан болбошуңду насаат кыламын”,–деди.
47. (Нух “О Эгем, чындыгында билбегенимди Сенден суроодо Өзүң менен сактанам. Эгер мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыйанга учуроочулардан болом” – деди.
48. “Эй, Нух! Өзүң менен бирге болгон топторго: “Биз тараптан тынчтык жана береке менен кемеден түш”, деп айтылды. Башка бир коомду дүйнө (жыйноо) менен алек кылып, анан аларды Биз тараптан сыздатуучу азап ороп алат.
49. Мына ушулар кайып байандардан. Аны сага жашыруун кабар кылдык. Мындан мурда аны сен да, коомуң да билген эмес эле. Андыктан сабыр кыл. Чындыгында, ийгилик – такыбалардыкы.
50. Аад коомуна тууганы Худду [45]жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллага гана сыйынгыла! Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Чындыгында, силер – абдан жалганчы элсиңер.
51. Эй, элим! Мен силерден акы сурабаймын. Менин эмгегим – мени Жаратканга гана таандык. Акыл жүгүртсөңөрчү?
52. Эй, элим! Эгеңерден кечирим сурап, Ага тообо кылгыла. Силерге асмандан жамгыр жаадырып, күчүңөргө-күч кошот. Андыктан күнөөкөр болуп, (ыймандан) баш тартпагыла”, – деп айтты.
53. Алар: “Эй, Худ! Сен бизге (жетээрлик) далил келтире алганың жок. Биз сенин сөзүң менен кудайларыбызды таштабайбыз жана сага ишенбейбиз”, – дешти.
54. Алар: “Сага кээ бир кудайларыбыздын жамандыгы жетиптир деп айтабыз”, – дешти. Худ: “Чындыгында мен Алланы күбө кыламын. Мен силердин Аллага кошкон шериктериңерди четке кагарыма өзүңөр да күбө болгула.
55. Андан [46]башка (кудай жок). Баарыңар Мага болгон айла-амалыңарды жасай бергиле. Андан соң, мөөнөт бербегиле [47].
56. Чындыгында, менин да, силердин да Эгеңер болгон Аллага тобокел кылдым [48]. Кандай гана жан болбосун, Алла – анын дал көкүлүнөн кармайт [49]. Ырасында Эгем – Туура Жол үстүндө.
57. Эгер (ыймандан) жүз үйрүсөңөр да, мен өзүм аркылуу (жиберилген) насааттарды силерге жеткирдим. Эгем ордуңарга башка коомду алмаштырса, силер Ага эч бир зыйан кыла албайсыңар. Чындыгында, Эгем – бардык нерсени Сактоочу!
58. Буйругубуз келген кезде Худ менен ыйман келтиргендерди ырайымыбыз менен куткардык. Аларды оор азаптан куткардык.
59. Ошол Аад эли Эгеңдин айаттарына каршы чыгып, Анын элчилерине мойун сунбай, зөөкүр текеберлердин буйруктарына баш ийишти.
60. Бул дүйнөдө да, Кыйамат Күнүндө да аларды каргыш коштоп жүрөт. Эсиңерде болсун: Аад эли Эгеңерге каршы чыкты. Эсиңерде болсун: Худдун коому Аад ырайымдан алыс калды!
61. Самуд элине өздөрүнүн тууганы Салихти (пайгамбар) кылып жибердик. (Ал “Эй, элим! Аллага гана сыйынгыла. Силердин Андан башка эч бир Кудайыңар жок [50]. Ал силерди жерден жаратып, анда өмүр сүргүздү. Эми Андан кечирим сурагыла. Ага тооба кылгыла. Чындыгында, Эгем (бизге) жакын. Ал тилектерди кабыл кылуучу”, – деди.
62. Алар: “Эй, Салих! Сен мындан мурда биздин арабызда үмүт кылдырган [51]адам элең. Эми ата-бабаларыбыз сыйынган нерсеге бизди сыйынуудан тыйасыңбы? Ырасында, сенин бизди чакырган нерсеңе [52]күмөн менен карайбыз, ары такыр ишенбейбиз”, – дешти.
63. (Салих “Эй, калкым! айткылачы, эгер мен Эгем тараптан ачык далилдүү болсом, Ал Өзү тараптан мага ырайым кылган болсо, анан мен Ага каршы чыксам, анда мени Алладан ким коргоп кала алат? Андай болгондо силер мага адашуудан бөлөк эч нерсе алып келе албайсыңар”, – деди.
64. “Эй, коомум! Мына бул Алланын ингени [53]– силерге [54]керемет. Ошондуктан ага тийишпегиле, Алланын жеринде (кенен-кесир) оттоп жүрсүн. Ага жамандык кылбагыла. Эгер жамандык кылсаңар, анда заматта азапка кабыласыңар”, – деди.
65. Бирок алар [55]аны [56]союп салышты. (Ошондо Салих “Журтуңарда үч күн [57]жашап тургула. Бул – жалганга чыкпай турган убада!” – деди.
66. Ал буйругубуз келген кезде Биздин ырайымыбыздан Салих жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди [58]ошол күндүн оор кордугунан куткарып калдык. Албетте, Эгең – Күчтүү, Ызаттуу!
67. Заалымдык кылгандарды добуш алып [59], өз журттарында үстөмөн түшкөн бойунча тыптыйпыл болушту.
68. Ал жер эч качан, эч ким жашабагандай тыптыйпыл кылынды. Эсиңерде болсун: Чындыгында Самуд эли Эгесине [60]каршы чыкты. Билип койгула: “Самуд элине [61]ырайым кылынбайт!
69. Чындыгында, элчилерибиз [62]Ибрахимге жагымдуу куш кабар менен салам беришти. Ибрахим аларга: “Салам!” – деди да, дароо музоонун куурулган этин (дасторконго) алып келди [63].
70. (Ибрахим алардын колдору этке эч бир тийбегенин көрүп, чоочуркап, шекшиди. Алар: “Коркпо!” Чындыгында, биз Лут коомуна жиберилдик”, – деди.
71. Ибрахимдин жанында турган айалы күлүп жиберди. Ошондо ага [64]Исхак, Исхактан кийин Йакупту сүйүнчүлөдүк [65].
72. (Ибрахимдин жубайы): “Оой, мен – кемпир, күйөөм – чал болсо, анан кайдан төрөмөк элем. Албетте, бул – таң калыштуу нерсе”, – деди.
73. (Периштелер ага): “Сен Алланын амирине таң каласыңбы? Алланын ырайымы менен берешендиги силерге болсун! Чындыгында, Алла – мактоого татыктуу, өтө Улуу!”,–дешти.
74. Ибрахимден коркуу (сезими) кетип, ага кубаныч (сезими) келген кезде Биз менен [66]Лут эли тууралуу талашып тартыша баштады [67].
75. Чындыгында, Ибрахим жумшак мүнөздүү, камкор, сыпаа (адам эле).
76. (Периштелер “Эй, Ибрахим! Мындан баш тарт [68]. Анткени Эгеңдин буйругу келген. Шексиз, аларга кайтарылбай турган апаат келет”, (–дешти).
77. Элчилерибиз (жаш жигиттердин кейпинде) Лутка келген кезде ал [69]тынчсыздана жана кайгыра баштады да: “Чындыгында, бул оор күн”, – деди.
78. (Луттун) коому [70]ага чуркап келишти. Чындыгында алар мурдатан эле ыплас иштер менен алек болушчу. (Лут аларга “Эй, калкым! Мына, кыздарым, алар силер үчүн тазараак. Алладан корккула. Конокторумдун алдында мени шерменде кылбагыла. Араңарда туура ой жүгүрткөн бир да адам калган эмеспи?” – деди.
79. Алар айтышты: “Сенин кыздарыңда биздин жумушубуз жок. Ырасында, сен биздин эмнени каалаганыбызды жакшы билесиң”, – деди.
80. (Лут “Аттиң, менин силерге өтө турган бийлигим, же тайанычым болгондо кана?” – деди.
81. (Периштелер “Эй, Лут! Чындыгында биз Эгеңдин элчилерибиз. Алар сага эч качан тийише алышпайт. Түндүн бир оокумунда үй- бүлөң менен дароо жолго чык. Жубайыңдан башка эч кимиси артта калбасын. Анткени келе турган апаат ага да жетет. Алардын убадасы таң [71]. Таң жакын эмеспи?” – деди.
82. Аларга апаат маалы келген кезде ал жердин үстүн астына келтирдик [72]да, бышырылган [73]таштарды тынымсыз жаадырдык.
83. Бул – Эгеңдин алдында белигиленген эле. Мындай апаат – заалымдардан узак эмес [74].
84. Мадйанга [75]тууганы Шуайпты (пайгамбар кылып) жибердик. (Ал “Эй, элим! Аллага гана сыйынгыла. Силердин Андан башка эч бир Кудайыңар жок. Өлчөмдү [76]жана салмакты (таразадан) кемитпегиле [77]. Чындыгында, мен силерди жакшылыкта көрүп турам. Бирок, мен силер үчүн Кыйамат Күнүнүн ороп алуучу оор азабынан корком” – (деди).
85. “Эй, элим! Өлчөөнү, (таразада) тартууну толук аткаргыла, адамдардын нерселерин (акыларын) [78]кемитпегиле! Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла.
86. Эгер момун болсоңор, анда чындыгында силер үчүн Алланын калтырган (адал [79]) нерсеси жакшыраак. Мен силердин үстүңөрдөн кароолчу эмесмин”,–деди.
87. Алар: “Эй, Шуайб! Биздин ата-бабаларыбыз сыйынган нерсени таштоону, же өз мал-мүлкүбүздү кантип иштетүүнү эмне, сага намазың буйуруп жатабы? Чындыгында, сен өтө жумшак, туура жолдо болуучусуң”, – дешти.
88. (Шуайб “Эй, калкым! Айткылачы: Эгер мен Эгем тарабынан ачык далилдер үстүндө болсом [80], анан (Алла) Өз алдынан жакшы ырыскыларды жиберип жатса, мен силерге каршы чыгып, силерди тыйып жаткан нерсени өзүм жасоону каалабаймын. Мен алымдын жетишинче түзөтүүнү гана каалаймын. Менин ийгилигим – Аллага гана таандык. Ага тобокел кылдым жана Ага гана мойун сунамын.
89. Эй, элим! Мага каршы чыгышыңар – силерге Нухтун элине, Худдун элине, же Салихтин элине келгендей оор кыйынчылыктын келишине себепчи болбосун. Ошондой эле, Лут эли да силерден алыс эмес [81].
90. Эгеңерден кечирим сурагыла. Ага тообо кылгыла. Чындыгында, менин Эгем абдан Мээримдүү, өзгөчө Сүйүүчү!” – деп айтты.
91. Алар: “Эй, Шуайб! Биз айткандарыңдын көбүн түшүнбөйбүз. Анын үстүнө биз сени өзүбүздөн төмөн деп эсептейбиз. Эгер сенин туугандарың болбогондо [82]ташбараңга алып өлтүрмөкбүз. Анткени сен биз үчүн кадырлуу эмессиң!” – деди.
92. (Шуайб “Эй, элим! Силерге Алладан да туугандарым кадырлуубу? Алланы артыңарга таштап жатасыңар. Албетте, Эгем силер эмне кылып жатканыңарды билип, ороп алуучу!
93. Эй, калкым! Колуңардан келгенин жасагыла, мен да (колумдан келгенин) жасаймын [83]. Жакында кордук алып келүүчү азаптын кимге келе турганын жана кимдин жалганчы экенин билесиңер. Эми [84]күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөм”, – деди.
94. [85]Буйругубуз келген кезде Шуайбды жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди ырайымыбыз менен куткардык да, заалымдык кылгандарды өтө катуу чыккан үн менен алдык [86], алар үстөмөн түшкөн бойунча өз журттарында жок болушту.
95. Алар жерде эч качан алар жашабагандай (тыптыйпыл кылдык). Эсиңерде болсун: Самуд эли ырайымдан [87]оолак калгандай эле, Мадйан эли да ырайымдан четте калды.
96. Акыйкатта, Мусаны айаттарыбыз жана даана далилдер менен (пайгамбыр кылып) жөнөттүк.
97. Фараонго жана анын жан-жөкөрлөрүнө жиберсек, алар [88]Фараондун буйругуна баш ийишти [89]. Фараондун буйругу туура эмес болчу.
98. Фараон Кыйамат күнү өз элинин алдына түшүп, (баштап барып) аларды тозокко түшүрөт. Ал – түшө тургандардын (ичинен) эң жаман жер!
99. Бул дүйнөдө да, Кыйамат Күнүндө да каргыш аларды коштоп жүрөт. Ал – кандай жаман “белек”!
100. [90]Ушул – (кыйратылган) шаарлардын кабары. Сага аны (Биз) байан кылуудабыз. Алардын айрымдары али тирүү, айрымдары жер бетинен жок болгон.
101. Биз аларга зулумдук кылбадык. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты. Эгеңдин [91]буйругу келген кезде, алардын Алладан башкага жалбаргандары өздөрүнө эч бир пайда алып келген жок. Зыйандарын гана арттыргандан башка кымындай да ишке жарабады.
102. [92]Эгең аларды алганда [93], шаарлардын заалым элдерин ушунтип алат. Албетте, Анын соккусу [94]жан чыдагыс катуу.
103. Акыйкатта, бул айтылган байандарда акырет азабынан корккон адамдар үчүн насааттар бар. Кыйамат – бардык адамдар жыйнала турган жана күбө боло турган күн [95].
104. Ал эми Кыйамат Күнүн белгилүү бир убакытка чейин гана кечиктиребиз.
105. Ал Күн келгенде, Алланын уруксатысыз эч ким сүйлөбөйт. Алардын (адамдардын) шордуусу [96]да, бактылуусу [97]да бар.
106. Шордуулар Тозокто какшап ыйлашат, онтошот, озондошот.
107. Алар Тозокто асмандар менен жер канча турса ошончо [98]жылдап калышат. Бирок, Эгең кааласа... анда – башка [99]. Чындыгында, Эгең Өзү каалагандай жасайт.
108. Ал эми бактылуу болгондор, Бейиште болушат. Алар бейиште асмандар менен жер канча турса ошончо жыл жашап калышат. Бирок, Эгең кааласа... анда – башка. Бул [100]– эч качан түгөнбөгөн сыйлык.
109. Анда алардын [101]сыйынгандары тууралуу күдүктөнбө [102]. Алар ата-бабалары сыйактуу эле (өздөрү билип билбей) мурдатан сыйынып келгендерге сыйынышат. Албетте, Биз алардын шыбагаларын [103]кемитпестен беребиз.
110. [104]Ырасында, Мусага Китеп бердик. Ошондо да ал (Тоорат) тууралуу кайчылаш пикирлер болгон. Эгер Эгеңден Сөз [105]берилбегенде, анда аларга өкүм жиберилмек. Албетте, алар Курандан [106]шектенишүүдө.
111. Ант болсун! [107]Албетте, Эгең алардын бардыгынын жасагандарынын акысын толук кылып берет [108]. Чындыгында, Ал – алардын кылып жаткан иштеринен Кабардар!
112. [109]Сен жана сени менен бирге тообо кылган адамдар да силерге (Алладан) буйурулгандай Туура Жолдо [110]болгула! Чектен ашпагыла. Чындыгында, Ал [111]– жасап жаткан ишиңерди толук Көрүүчү!
113. Ошондуктан зулумдук кылгандарга ыктабагыла [112]. Антчү болсоңор анда, Тозок оту силерге да жетет. Силер үчүн Алладан башка дос жок. Анда [113]силерге жардам да болбойт!
114. [114]Күндүздүн эки тарабында [115], түндүн таңга ыктаган бөлүгүндө [116]намаздарды толук аткаргыла. Чынында жакшылыктар – жамандыктарды кетирет [117]. Бул – түшүнгөндөр үчүн эскертүү.
115. [118]Сабырдуу бол [119]. Чындыгында, Алла жакшы иш-амалдарды жасагандардын мээнетин текке кетирбейт.
116. Силерден мурдакы кылымдардагы акыл ээлери жер жүзүндөгү бузукулуктан тыйылышкан болсо... [120]Бирок алардын азыраагын гана куткардык [121]. Заалымдар өздөрүнүн жеке турмушунун жыргалчылыктарынын артынан сайа кууп түшүп алышты да, күнөөгө батышты [122].
117. [123]Эгең калкы түз жүргөн шаарлардын элин орунсуз жерден кыйратпайт.
118. [124]Эгер Эгең кааласа, адамдарды бир [125]коом кылып койор эле. Бирок (эми) алар түбөлүк карама-каршылыкта болушат [126].
119. Бирок, Эгең мээримин төккөндөр гана (Исламга кирет). Аларды ошол үчүн жаратты. Ошол үчүн Эгеңдин: “Албетте, Тозокту бүткүл жиндер жана адамдар менен толтурамын”, – дегени шексиз орундалат.
120. [127]Сага пайгамбарлар байанын дилиңди кубаттандыруу үчүн айтып бердик. Мында сага акыйкат жана момундар үчүн насыйкат, эскертүү келди.
121. [128]Ошентип ыйман келтирбей турган адамдарга: “Силер билгениңерди кыла бергиле [129]! Биз да өз ишибизди кыла беребиз [130]” – дегин.
122. Ошондой эле, күтө бегиле [131]. Биз да күтүүчүбүз [132].
123. Асмандар менен жер Аллага гана таандык. Бардык иштер Ага кайтарылат. (Аллага) сыйынгыла жана Ага гана тобокел кылгыла! Эгеңер – силер жасап жаткан иштерден кабарсыз эмес!

#20 17 Март 2014 - 03:18
Йусуф 12чи-сүрөөсү
.
Меккеде түшкөн. Жүз он бир айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1.Алиф, Лам. Ра [1]. Мына ушул айаттар ачыкка чыгаруучу [2]Китептен [3].
2.Чындыгында, биз аны арабча [4]Куран кылып түшүрдүк. Мүмкүн силер акыл калчаарсыңар?
3.Сага бул Куранды түшүрүү менен байандардын эң жакшысын айтып беребиз. Чындыгында, сен мындан мурун, албетте, бул тууралуу кабарсыз элең.
4.Ошол убакытта Йусуп, атасына [5]: “Атаке, мен түшүмдө он бир жылдыздын, күндүн жана айдын мага сежде кылып турганын көрдүм”, – деп айткан кезде
5.(Йакуп “О уулум! Түшүңдү (бир) туугандарыңа айтпа, (алар) сага айла-амал жасап [6]койушат. Чындыгында, шайтан адам баласына анык душман”, – деди.
6.Ошентип Алла сени тандап [7]алып, түштөрдү жорууну үйрөтөт. Ата-бабалырың Ибрахим, Исхактарга жакшылыктарын толук кылып бергендей, сага жана Йакуп урпактарына да толук кылып берет. Акыйкатта, Эгең – Билүүчү, Даанышман! ” –деди.
7.Чындыганда Йусуп менен анын туугандарынын байанында суроочулар [8]үчүн жакшы үлгүлөр бар.
8.Ошондо (Йусуптун) бир туугандары [9]: “Йусуп жана анын бир тууганын [10]атабызга бизден жакшы көрүнөт. Биз болсо мыкты топбуз. Албетте, атабыз анык адашууда” – дешти.
9.(Алардан) бири: “Йусупту өлтүргүлө, же (алыс) бир жерге алпарып таштагыла. Силерге атаңардын алды бош калат. Андан кийин силер мыкты иштерди жасоочу топ болосуңар”, – деди.
10.Алардын ичинен дагы бирөөсү: “Эгер менин айтканымды жасай турган болсоңор, Йусупту өлтүрбөй эле, аны бир кудуктун түбүнө таштап жибергиле. Жолоочулардын бири таап алар”, – деди.
11.Алар [11]: “О, атаке! Йусуп туурасында [12]сен бизге ишенбегендей, эмне болду? Биз, ырасында, ага камкор мамиледебиз [13]го”, – дешти.
12.“Эртең аны биз менен бирге жибер. [14]Тамактансын, ойносун. Чындыгында биз аны коргоочубуз [15]” – дешти.
13.Йакуп: “Чындыгында силердин аны алып кетишиңер мени убайымга салат. Кокус силер андан бейкапар болуп калганыңарда, аны карышкыр жеп кетүүсүнөн корком”, – деди.
14.Алар: “Ант болсун! Биз мыкты бир топ болуп туруп, аны карышкыр жесе, албетте, анда биз зыйанга учуроочулардан [16]болобуз”, – дешти.
15.Ошентип (убада берип) алар Йусупту алып кетишип [17], (анан) аны кудуктун түбүнө таштап жиберүүгө чечим кылышкан кезде Биз ага (Йусупка): “Бир туугандарыңдын ушул иштери тууралуу кабар бересиң. А алар болсо сезбей [18]калышат”, – деп кабарладык.
16.Алар [19]иңир кирген маалда аталарына ыйлаган тейде келишип:
17.“О атаке! Биз жарышып [20]кеткенде, Йусупту буйумдарыбыздын жанына калтырган болчубуз, ошол жерден карышкыр жеп кетиптир. Чын айтсак деле бизге (эмне үчүн) ишенбейсиң? ”, – дешти.
18.Ошентип алар анын көйнөгүн жалган канга [21](бойоп), алып келишти. Атасы: “Андай эмес. Силерге дилиңер бир (жаман) ишти көркөмдөгөн экен. Эми көркөм (нукура) сабыр керек. Айткандарыңарга [22]эми Алладан гана жардам тилеш керек болот”, – деди.
19.Жолоочулар келип, дароо суучуларын жиберишти, ал чакасын (кудукка) салып: “Ой, сүйүнчү! Мына бир эркек бала!” – деди. Алар аны соода буйумдарына кошуп бекитип койушту. Алла алардын эмне иш кылгандарын толук Билүүчү.
20.Алар аны абдан арзан баага, бир нече тыйынга сатып жиберишти. Анткени, алар Йусупка муктаж эмес эле.
21.Мисирде аны сатып алган адам өз айалына: “Муну жакшылап бак, балким бизге пайдасы тийип калар, же болбосо бала кылып аларбыз”, – деди. Ошентип Йусупту ошол жерге жайгаштырып, ага түш жорууну үйрөттүк. Алла өз ишинде үстөм [23], бирок адамдардын көбү аны билишпейт.
22.Ал (Йусуп) эрезеге жеткен кезде ага дааналык жана илим бердик. Жакшылык кылуучуларды ошентип сыйлайбыз.
23.Йусуп турган үйдүн айалы [24]анын көңүлүн өзүнө тартмакчы болду да эшиктерди бекитип: “Кана, кел бери!” – деди. Йусуп: “ Алла сактасын! Ал (күйөөң) – менин кожойунум. Мени жакшы орунга койду [25]. Чындыгында, заалымдар [26]кутулушпайт [27]” – деди.
24.Ырасында, айал ал тууралуу ойлоду [28]. Эгер ал (Йусуп) Эгесинин далилдерин көрбөгөн болсо, Йусуп да аны кааламак. Йусуптан жамандыкты, бузукулукту алыстатуу үчүн [29]Биз ошенттик. Анткени ал ыкластуу момун пенделерибизден эле.
25.Экөө [30]эшикке карай чуркады да, айал анын көйнөгүнүн артын айрып салды. Экөөсү тең эшик алдында айалдын күйөөсү менен бетме-бет келишип, айал күйөөсүнө: “Сенин жубайыңа жамандык ойлогон адамдын жазасы сөзсүз абак, же жан чыдагыс азап эмес беле?” – деди.
26.(Йусуп “Ал [31]көңүлүмдү өзүнө тартмакчы болду”, – деди. Айал жактан бир күбө [32]: “Эгер Йусуптун көйнөгү алдынан жыртылса, анда айал чын айткан болот, ал эми ал (Йусуп) жалганчылардан болот”, – деди.
27.“Анын (Йусуптун) көйнөгү артынан жыртылган болсо, анда айал жалган айткан болот да, ал чынчылдардан болот” – деп күбөлүккө өттү.
28.Ошондо анын көйнөгүнүн арт жагынан жыртылганын көргөн күйөөсү: “Бул, айалдар, силердин куулугуңар. Чындыгында, силердин айла-амалыңар аша көп.
29.Йусуп, мындан жүз үйрүп, жашыр [33]. Айалым, сен күнөөң үчүн Алладан кечирим тиле. Ырасында сен – ката кетирүүчүлөрдөнсүң”, – деди.
30.Шаардагы айалдар: “Жетекчинин айалы кызматчы баласын азгырууну көздөптүр. Чындыгында, ал айал (кызматчысын) жүрөгүнүн түпкүрүнөн сүйүп калыптыр. Албетте, биз аны даана адашуучулар катарында көрүп турабыз”, – деп сөз кылышты.
31.Ал [34]шаардык айалдардын өзүн жамандашканын уккан кезде, аларга чакыруу жиберип, алар сүйөнүп олтура турган жумшак олтургучтарды дайардады да, алардын [35]ар бирине бычак берип: “Чык, мобуларга көрүн”, – деди. Аны (Йусупту) көргөн кезде [36]айалдар таң калуудан улам өз колдорун кескилей башташты. Айалдар: “О, Алла! Бул адам эмес. Бул – бир кереметтүү периште го”, – дешти.
32.Ал [37]аларга: “Мына ушул силер мени келекелеген бала. Чындыгында анын көңүлүн мен кааладым. Ошондо да ал абройун сактап калды. Эгерде ал менин буйругумду мындан ары да орундатпай турган болсо, албетте, абакка салынып, кор болуучулардан болот”, – деди.
33.(Йусуп “О Эгем! Булар мени жасоого чакырган иштерин жасагандан көрө зындан жакшыраак. Эгер бул айалдардын айла-амалдарын менден алыстатпасаң, анда мен алардын азыгырыгына туруштук бере албай, наадандардан болуп калам”, – деп жалбарды.
34.Ошондо Эгеси [38]анын тилек-дубасын кабыл кылып. Алардын айла-амалдарын андан [39]алыстатты. Анткени Ал – баарынан Кабардар, Билүүчү.
35.Анан, алар далилдерди көрүшкөн соң, аны белгилүү бир мөөнөткө чейин абакка салуу маалым болду.
36.Йусуп менен кошо эки жигит абакка салынды [40]. Ал экөөнүн бири: “Мен түшүмдө жүзүм сыгып (шарап жасап) жатыпмын десе, экинчиси: “Мен төбөмө нан көтөрүп жүрүпмүн. Аны куштар жеп жатыптыр. Бизге бул түштөрдүн жорулушун айтып бер. Чындыгында, биз сени жакшылык кылуучулардан деп билебиз”, – деп айтты.
37.(Йусуп аларга “Силерге мен көргөн түшүңөрдүн чечилишин тамак келгенге чейин айтып беремин. Бул – мага Эгемдин үйрөткөндөрүнүн бир бөлүгү. Чындыгында, Аллага ишенбеген жана акырет күнүнө каршы чыккан бир элдин динин четке какканмын”, – деди.
38.Ата-бабаларым: Ибрахим, Исхак жана Йакуптардын динин кармандым. Биздин Аллага шерик кошуубуз эч бир жарабайт. Бул – бизге, өзгөчө бүткүл адам баласына Алланын ырайымы. Бирок адамдардын көбү (Аллага) шүгүр кылышпайт.
39.Эй, менин абакташ жодошторум! Ар башка кудайдын болгону жакшыбы, же бардык нерсеге Кудуреттүү, Жалгыз, Бир Кудайдын болгону ийгиби?
40.Силердин Андан [41]башка сыйынган нерселериңер –силердин ата-бабаңар ойлоп тапкан курулай аталыштар гана [42]. Алла аларга сыйынуу бойунча бир да далил түшүргөн эмес. Өкүмдарлык – бир гана Аллага таандык. Ал Өзүнө гана ибадат кылууну буйуруган. Мына ушу – эң туура дин. Бирок, адамдардын көбү билишпейт.
41.Эй, абакташ жолдошторум! [43]Бирөөң мурдагыдай эле кожойунуңа арак ташый бересиң [44]. Ал эми экинчиңер болсо, дароо дарга асылып, башын кузгун жейт. Мына, экөөң сураган түштүн жорулушу бүттү”, – деди.
42.Аман калат делгенине карап: “Кожойунуңдун жанында [45]мени айт”, – деди. Ошондо шайтан кожойунуна [46]айтууну унуттурду да, Йусуп абакта бир нече жыл жатып калды.
43.Бир күнү падыша: “Түшүмдө жети семиз уйду жети арык уй жеп жатканын, жети жашыл сабак [47]менен кошо жети куураган сабак көрдүм. Эй, кечилдер! Эгер түш жоруй алсаңар, анда менин ушул түшүмдү жоругула”, – деди.
44.Алар: “Бул абдан чаташкан түш экен. Ошондуктан биз мындай түштү жорууну билбейбиз”, – дешти.
45.Ал экөөсүнүн кутулуп чыкканы [48]бир далайдан кийин Йусупту эстеди да: “Мен силерге анын жорулушун айтып беремин. (Ал үчүн) мени дароо абакка жибергиле”, – деди.
46.(Ал абакка барып “Эй, чынчыл Йусуп! Бизге (түштөгү) жети семиз уйду жети арык уй жеп жатканын, жети жашыл сабак менен жети куураган сабактын жорулушун айтып берчи. Адамдар да билсин үчүн (бул түштүн) жорулушун аларга айтып барайын”, – деди.
47.(Йусуп “Жети жыл адаттагыдай эле эгин эгип, анан оруп алганыңардын баарын (кырманга) бастырып салбай, сабактары менен калтырып, бирок жей тургандарыңарды аз-аздан гана алып турушуңар керек.
48.Андан кийин жети жыл катуу ачарчылык келет. Аз-аздан сактаганыңардан, мурунтан ошол үчүн [49]жыйнап келе жатканыңардан жейсиңер.
49.Ал эми андан кийин адамдар жамгырга канып, ошондо жемиштердин суусун сыга турган (токчулук) жылдар келет”, – деди.
50.Муну уккан падыша: “Аны мага алып келгиле”, – деп буйурду. Чабарман ага келгенде, (Йусуп): “Кожойунуңа кайтып бар. Колдорун кесип алган [50]айалдардын абалдары эмне болгонун сурасын! Акыйкатта, Эгем алардын куулуктарын мыкты билет!” – деп айтты.
51.(Падыша айалдарды жыйнап [51]): “Йусупту азгырууну каалаган кезиңердеги абалыңар кандай болду эле?” – деп сурады. Айалдар: “Алла сактасын! Ага байланыштуу бир да жамандык билгенибиз жок”, – дешти. Башчысынын айалы: “Мына, чындык ачыкка чыкты. Аны азгырууну мен каалаган элем. Чындыгында ал (Йусуп) анык чынчылдардан”, – деди.
52.(Йусуп): “Муну [52]– ырасында ага [53]тымызын кыйанат кылбаганымды падыша билсин үчүн (жасатып жатам). Албетте, Алла кыйанатчылардын куулугун тууралыкка багыттабайт.
13-жуз
53.Албетте, мен өз жанымды [54]актабаймын [55]. Чындыгында напси адамды жамандыкка гана буйруйт. Бирок Эгем ырайым кылса, ал – башка (кеп). Албетте, Эгем – Кечиримдүү, Мээримдүү! ” – (деди).
54.Падыша: “Аны мага алып келгиле. Мен аны өзүмө жакын адамдардан кылып алайын”, – деди. Падыша Йусуп менен сүйлөшүп жаткан кезде: “Албетте, сен бүгүн [56]биздин алдыбызда ишеничтүү, улук орундасың”, – деди.
55.(Йусуп падышага): “Мени өлкөнүн казына башчылыгына дайында. Анткени мен аны кантип коргоону (сактоону) билемин”, – деди.
56.Ошентип Йусупту ошол жерге жайгаштырдык. (Ал) каалаган жеринде жүрө алат [57]. (Биз) каалаганыбызга ырайымыбызды жеткиребиз [58]. (Алла) жакшылык кылгандардын мээнетин текке кетирбейт.
57.Чындыгында, ыйман келтирип, такыба болгондордун акыреттеги сыйлыгы мындан да жакшы.
58.( [59]Ачарчылык келген жылдары) Йусуптун бир туугандары [60]келишип, анын алдына киришти [61]. Ошондо Йусуп аларды тааныды. Алар (болсо) аны таанышкан жок [62].
59.Йусуп алардын жүктөрүн дайардаткан учурда аларга: “Мага [63]аталаш бир тууган иниңерди [64]ала келгиле. Чындыгында мен силерге толук өлчөп бергенимди [65]жана меймандос адам экенимди көрүп турасыңар”, – деди.
60.Эгер силер аны мага алып келбесеңер, мен силерге өлчөп берээрим [66]жок жана мага жакындабагыла [67].
61.Алар: “Биз аны атасынан сурап алууга аракеттенебиз. Албетте, биз муну [68]аткарабыз”, – дешти.
62.Йусуп жигиттерине: “Алардын азык үчүн алып келген нерселерин [69]да жүктөрүнө кошуп койгула. Албетте, үйлөрүнө кайтып барышкан кезде, аны [70]билишип, мүмкүн кайра келишээр”, – деди.
63.Ошондо алар аталарына кайтып барышып: “О ата! Бизден өлчөө токтотулду [71]. Ошондуктан бир тууганыбызды [72]биз менен бирге жиберсең гана өлчөп [73]алабыз. Чындыгында, биз аны коргойбуз! ” – дешти.
64.(Йакуп “Мындан мурунку бир тууганын [74]силерге ишенгеним сыйактуу муну да силерге ишенип берейинби? Канткен менен Алла – толук Коргоочу жана Ал – ырайымдуулардын эң ырайымдуусу! ” – деди.
65.Алар жүктөрүн ачкан кезде өздөрүнө кайтарылган нерселерин табышты да (кубанып): “О ата! Эмне издейбиз [75]... мына нерселерибиз өзүбүзгө кайтарылыптыр. [76]үй-бүлөбүздү азык менен камсыз кылып, туугандарыбызды сактайбыз [77]”. Буга (бул акчага) дагы бир төө дан-азык сатып алууга болот. Чындыгында, бул өлчөп алып келгенибиз аз эле да [78]”, – дешти.
66.Аталары: “ Силерге өлүм эле жетпесе аны [79]милдеттүү түрдө алып келериңер тууралуу силер мага Алланын аты менен убада бермейиңерче аны мен силер менен чогуу жибере албаймын”, – деди. Ошентип алар аталарына убада беришкен кезде аталары: “Алла айтканыбызга күбө!” – деди.
67.Балдарына: “Эй, балдарым! Шаарга [80]бир капкадан [81]кирбестен, бөлөк-бөлөк капкалардан киргиле. Бирок Алланын буйругу болсо [82]мен силерден эч нерсени кайтара албаймын [83]. Өкүм – Аллага гана таандык. Ага гана тобокел кылдым [84]. Ага [85]тобокел кылуучулар – тобокел кылсын!” – деди.
68.Алар аталарынын буйругундай (кылып ар башка капкалардан) киришсе деле Алланын (жазган) тагдырынан эч нерсени кетире алышмак эмес. Бирок Йакуп өз дилиндеги бир зарылдыкты гана аткарды [86]. Анткени ал Биз үйрөткөн илимдин ээси эле. Бирок, аны адамдардын көбү билбейт.
69.Алар Йусуптун жанына кирген кезде, Йусуп бир тууганын (Банйаминди) өз алдына алып: “Мен – сенин бир тууганыңмын. Алардын жасагандарына кайгырба! ” – деди.
70.Йусуп алардын жүктөрүн (сатып алган буйумдарын) камдаганда, суу ичүүчү идишин бир тууганынын (Банйаминдин) жүгүнүн арасына (катып) койуп, алар жолго аттанаарда бирөө: “Эй, кербенчилер! Силер анык ууру экенсиңер! ” – деп үн салды.
71.Алар [87]тигилерге [88]бурулуп: “Эмне жоготтуңар? ” – дешти.
72.Беркилер: “Падышанын суу өлчөөчү идишин жоготтук. Аны таап келген кишиге бир төө жүк (берилет). Мен ага кепилмин”, – деди.
73.Алар: “Алланын аты менен ант беребиз! Чындыгында бул жерге бузукулук (жасоо) үчүн келбегенибизди билесиңер. Ошондуктан, биз – ууру эмеспиз”, – дешти.
74.Булар: “Эгер жалганчы болсоңор, анын жазасы эмне болсун?” – дешти.
75.Алар: “Анын жазасы – ал идиш кимдин жүгүнүн ичинен чыкса ошол өзү жазалансын. Биз заалымдарды ошентип жазалайбыз”, – дешти.
76.(Йусуп) өз бир тууганынын жүгүнөн мурун, тигилердин жүгүн тинттирип, акырында идишти өзүнүн бир тууганынын жүгүнөн алып чыкты. Йусуп үчүн мына ушундай айла кылдык. Анткени, (Йусуп) падышанын [89]мыйзамы бойунча бир тууганын алып кала алмак эмес. Бирок Алланын каалоосу (ушул). Биз каалаган гана кишинин даражасын көтөрүп койобуз. Ошентип ар бир илимдин ээсинин үстүндө бир Билүүчү [90]бар.
77.Алар: “Эгер бул (инибиз) уурулук кылган болсо, анда, албетте, анын тууганы [91]да мурда уурулук кылган эле”, – дешти. Ошондо Йусуп ал сөздү [92]жүрөгүндө сактап, аларга ачык айткан жок. (Ичинен “Силер абдан жаман орундасыңар [93]. Силер сыпаттап [94]жаткандарыңарды [95]Алла жакшы билет”, – деди.
78.Алар: “Эй, кожойун! Мунун кары атасы бар [96]. Ошондуктан анын ордуна (биздин) бирибизди алып кал. Чындыгында, биз сени жакшылык кылуучулардан экениңди көрүп турабыз”, – дешти.
79.(Йусуп): “Нерсебизди жанынан тапкан адамдан башкасын алып калуудан Алла сактасын. Андай кылсак, биз анык заалымдардан болуп калабыз”, – деди.
80.Алар Йусуптан күдөр үзүшкөн соң [97], өздөрүнчө шыбырашып, алардын эң жашы улуусу: “Билбейсиңерби? Атаңар силерден Алланын аты менен убада алган. Мурда Йусуптун жоголушуна да силер айыптуусуңар. Ошондуктан, мага атам уруксат бергенге чейин, же болбосо мен үчүн Алла бир өкүм кылганга чейин ушул жерден эч кетпеймин. Алла – өкүм кылуучулардын эң мыктысы”, – деди.
81.Силер атабызга кайтып баргыла да: “О ата! Уулуң чындыгында уурулук кылды. Биз билгенибизге гана күбө өтөбүз. Биз көмүскө кайыпты билүүчү эмеспиз,
82.Аны биз ичинде болгон шаардан жана биз кездешкен кербенден сура. Биз чынын айтып жатабыз” – дегиле!
83.(Йакуп [98]): “Андай эмес. Силердин напсиңер бир нерсени [99]кооздоп көрсөткөн экен. Эми мага көркөм [100]сабыр керек. Балким Алла алардын баарын [101]мага кайра алып келээр. Анткени, Ал – Билүүчү, Даанышман! ” – деди да,
84.Алардан терс бурулуп: “Оо, кайраным Йусуп!” – деп кайгыдан көздөрү агарып (тунарып), ачуусун кармап тим болду.
85.Алар аталарына: “Алланын аты менен ант ичебиз! Сен кайгыдан жок болгонго чейин, же өлүп тыптыйпыл болгонго чейин Йусупту жоктой бересиң!” – дешти.
86.(Йакуп): “Мен өзүмдүн кайгымды да, ыйымды да Аллага гана тапшырдым. Анткени (мен) Алладан [102]силер билбеген нерсени билемин.
87.Эй, уулдарым! Баарыңар Йусупту жана анын бир тууганын издегиле! Кансе да, Алланын ырайымынан күдөр үзбөгүлө. Анткени, Алланын ырайымынан каапыр болгон коом гана үмүт үзөт...” –деди.
88.Алар Йусупка кайра барышып, (анын алдына) киришип: “Эй, кожойун! Бизге жана үй бүлөбүзгө ачарчылык келди. Андыктан арзыбас аз нерсе (акча) менен келдик. Ошентсе да толук өлчөп бере көр. Ага кошумча бизге садака да бер. Албетте, Алла садака берүүчүлөрдү сыйлайт”, – дешти.
89.(Йусуп): “Силер билбестиктен Йусупка жана анын бир тууганына [103]эмне кылганыңарды билесиңерби? [104]” – деди.
90.Алар: “Сен өзүң чын эле Йусупсуңбу? ” – дешти. (Йусуп “Мен – Йусуп, а бул менин бир тууганым. Чындыгында, Алла бизге ырайым кылды. Эгер ким Алладан корксо [105], сабыр кылса [106], албетте, Алла жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт”, – деди.
91.Алар: Аллага ант беребиз! Чындыгында, Алла сени бизден артык кылып койду. Анткени, биз туура эмес ишти кылган элек”, – дешти.
92.(Йусуп “Бүгүн силерге жемелөө жок. Алла силерди кечирээр. Ал – мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсү!
93.Эми, мына менин көйнөгүмдү алпарып, атамдын бетине жапкыла, көзү айыгып кетет [107]. Анан бүт үй-бүлөңөр менен чогулуп мага келгиле!” – деди.
94.Кербен жолго чыккан кезде алардын атасы: “Эгер алжып калыптыр”, – дебесеңер мага, ырасында эле Йусуптун жыты келип жатат” – деди.
95.Тигилер: “Алланын аты менен ант ичебиз! Албетте, сен эски адашууңда элесиң”, – дешти.
96.Сүйүнчүлөп келишип, көйнөктү Йакуптун жүзүнө жабышканда анын көзү көрө баштады да: “Силерге Алла тараптан билбеген нерсени билемин”, – деп айтпадым беле?” – деди.
97.Уулдары: “Оо атаке! Биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилишин (Алладан) тиле! Биз, чындыгында эле ката кетирген экенбиз”, – дешти.
98.Йакуп: “Силер үчүн Эгемден кечирим сураймын. Анткени, Ал – Кечиримдүү, Боорукер! ”
99.Алар Йусуптун алдына барышкан кезде, ата-энесин дароо кабыл алып: “Алланын каалоосу менен Мисир жергесине сак-саламат кириңиздер! ” – деди да,
100.Ата-энесин өз тактысына чыгарып олтургузду. Баары Йусупка ийилип таазим кылышты [108]. Алла үчүн сеждеге жыгылышты. Йусуп: “Оо атакем! Мына байакы көргөн түштүн жорулушу. Чындыгында, аны Эгем акыйкатка чыгарды. Шайтан мени менен бир туугандарымдын ортосун бузган соң, мени абактан чыгарып, чөлдөн силерди алып келип, мага жакшылык кылды. Чынында, Эгем Өзү каалаган адамына абдан Мээримдүү! Ал – Билүүчү, Даанышман!
101.Оо, Эгем! Сен мага өкүмдарлык [109]бердиң жана түштөрдүн жорулушун үйрөттүң. Асмандар менен жердин Жаратуучусу болгон Сен дүйнөдө да, акыретте да Кожойунумсуң! Менин жанымды Сага мойун сунган абалда алып, жакшы иштерди жасоочуларга ээрчите көр!
102. [110]Бул байанда көмүскө-кайып кабарлардан билдирдик. Алар [111]иш жүзүндө биригип, (Йусупка) кыйанаттык кылууну ойлонгон кезде, албетте, сен алар менен болгон эмессиң.
103.Сен канчалык ынтызар болбогун [112], (баары бир) адамдардын көбү [113]ыйман келтиришпейт.
104.(Кылган жакшылыгың үчүн) алардан сен акы сурап жаткан жериң жок. Куран – бүткүл ааламга [114]татыктуу насаат!
105.Асмандар менен жерде канчалаган [115]далилдер бар. Бирок адамдар ага көңүл бурушпайт.
106.Алардын көбү Аллага ыйман келтиришпейт. Алар (Аллага) шерик кошушат [116].
107.Алар Алланын ороп алуучу азабынан, же капилет келчү Кыйамат Күнүнөн коопсуз бекен?
108. [117]“Менин жолум ушул – бир гана Аллага чакырамын. Мен жана мени ээрчигендер, ачык далил үстүндөбүз [118]. Алланы аруулаймын. (Ага) шерик кошуучулардан эмесмин” – деп айткын.
109.Сенден мурун да, шаарлардын калктарынын өздөрүнө эскертүү менен кишилерди [119]гана жибердик. Алар эмне, өздөрүнөн мурункулардын (күнөөсүнүн) акыр-айагы кандай бүткөнүн көрүшпөйбү? Албетте, акырет журту – такыбалар үчүн жакшы экенин түшүнбөйсүңөрбү?
110.Ал тургай пайгамбарлар [120]үмүт үзүп, алар чындыгында эле “жалганчы атыгып кеттик” деп ойлогон кезде, аларга жардамыбыз келип, (Биз) каалагандарыбыз [121](азаптан) куткарылган. Чындыгында, (Биз жиберген) балээлер каапыр коомдордон кайтарылбайт [122].
111.Албетте, пайгамбарлардын байанында акыл ээлери үчүн өрнөктөр бар. Куран – ойдон чыгарылган сөз эмес! Бирок, ал – өзүнөн мурда түшүрүлгөн китептерди тастыктап турат. Ошондуктан, ал (Куран) – ыйман келтирген коом (эл) үчүн ар нерсени ачык-айкын кылуучу [123]Жол жана Ырайым [124]!