азыр ДОБР таанымал ырчы жигиттердин бири...куйормандары да бир топ ...Бийлейли деген ыры абдан жагып журот ...ал эми Б.Борбиев менен да Шакарап))) деп ырдайт экен ващеле мааниси жок экен...уну жакшы, бирок кийингени "читсый РЭппер"дикиндей эмес...
онуго берсин!
Нукура кыргыз бала "ДОБР" Добр досум кайра чалчы
#42 02 Декабрь 2011 - 15:46
Кыргыз кызы
Сөзү: Добрдуку
Обону: Добрдуку
Теңелгис жүздөн бири, ичинде жок кири, Сөзү: Добрдуку
Обону: Добрдуку
Бал сымал таттуу ширин ар бир сөзүнүн бири.
Чагылган күндүн нуру чырайы жүзү сулуу,
Карагат көздөрүн жуумп ,ыймандуу Кудай кулу.
Тандаган тура жолун келечегине умтулган,
Акылы, эси жогору, чырайлуу жүздүү созулган.
Баарына бирдей мамиле жакшы-жаманын чанбаган,
Элине ыйман тилеген, ата-энесин сыйлаган.
Сыйынып Кудай деген жүрөгү менен ишенген,
Сыйы, урматы кенен улууну сиз деген.
Улуунун сөзүн уккан кичүүгө насаат берген,
Колун бетине жумган, бата алууну билген.
Баарына шүгүр караган, ач көзщдүгү жок адам,
Боорукерлигин аябаган, кечирим сурай алган.
Келбетиндей жүрөгү сулуу, ыймандуу кыздардан,
Бул кыз кырк чачы улуу кыздары кыргыздардын.
Кайырма:
Ыймандуу кыз, улуту кыргыз,
Ыйык жүзүнөн өчпөсүн жылдыз.
Мээримдүү кыз, улуту кыргыз,
Чырай жүзүнөн кетпесин жылдыз.
Жаратылыштын Кудай берген өзүнүн жүзү,
Жарашкан жүзүн булгабайт боёксуз чырай жүздүү.
Чаң жугузбайт өзүнө таза калпы жок сөзүндө,
Ыймандуулугу төрүнөн көрүнүп турат көзүнөн.
Жалкоолугу жок адам талыкпай эмгектенген,
Ата-энесинен алган тарбиясына бекем.
Мына эми азыр ар бир жигиттин оюнда,
Ыймандуу, таза кызга үйлөнгүм келет жолукса.
Кыргыздын кызы бузулбайт, каалабайм бузулушун,
Жаман жолго азгырылбайт ишенем бекем турушун.
Кармаган намысы бекем намыстуу билем ишенем,
Жаман нерседен чекеде тамеки чегип ичпеген.
Кудайым өзү колдосун чырайлуу кыргыз кыздарын,
Бузулгандары оңолсун, шайтандан алыстаткын.
Ичине ыйман кирип, акылы жогоруласын,
Кыргыз кызынын ар бири биз үчүн кымбат азыр.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#43 02 Декабрь 2011 - 15:47
Алга кыргыз
Сөзү: Добрдуку
Обону: Добрдуку
Мен Кыргызмын, мен, мен алга кыргыз калкым, Сөзү: Добрдуку
Обону: Добрдуку
Мен кыргызмын, улуу кыргыз бойдон келет калгым.
Кыргыз улут кыраан, кыраан жигиттерге бай келген,
Ырас, ырас эле кыргыз болуп жаралган экем.
Кылым карып бирок кыргыз кыргыз бойдон калган,
Мен миң өлүп, миң тирилген мен ушундай калкмын.
Баатыр Манас атам болгон ал менин гана атам,
Миң талашып, миң кырылгын Манас кыргыздан чыккан.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Кыргыз элим илгертен, баатырларга бай келген,
Кыраан, кыраан жигиттерди элим баалап даңк берген.
Кыргыз элим намыскөйлүү намысына бек турган,
Кылым карып жылдар өтүп алдын көздөй умтулган.
Баатырыбыз Манас чыккан баатыр болгон баласы,
Арасынан кыргызымдын чыккан Тайлак баатыры.
Аргай жеринен жеримдин ар ким жети жагынан,
Чыккан Байтик баатырыбыз Курманбегибиз, Шабдан.
Чыккан экен баатырыбыз Атаке, Эр Табылды,
Кыраан күчтүү болгон экен Балбай деген баатырым.
Кожомкулдай күчтүү балбаныбыз чыккан кыргызда,
Баатыр энелерим болгон Курманжан Даткабыздай.
Эне баатыр Жаңыл Мырза менен чыккан Кыз Сайкал,
Айта берсек эч түгөнгүс азыр деле көп алар.
Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис,
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Жагабы жакпайбы сага улутум болсо кыргыз,
Мен кыргызмын жакшы көргөн беш бармак менен кымыз.
Күндөп, түндөп Манас айткан, укмуш черткен комузду,
Күлүк атты мендей чапкын көрдүңбү жэр кооздугун.
Мен кыргызмын Ала тоолук ак калпак баса кийген,
Бийик койгон өз тилимди өз элиме ийилген.
Кыргыз деген улутум менин кырылгыс эч качан,
Мага каршы чыкпа сендей миң душманымды кыргам.
Кыраан, кыраан жигиттерим менин эр жүрөк келген,
Мен кыргызмын намыскөйлүү намысыма бек келген.
Болом өтө конок пейил мейман тоском илгертен,
Кылам дегенимди кылган улут болом билбесең.
Кыргызымдан өнөр чыккан миң тарапка тараган,
Өнөрлөрүн өргө чапкан жазуучу акындардан.
Токтогулдай төкмө чыккан суудай төккөн ордунан,
Улуу Чыңгыз жазуучубуз чыккан дүйнө тааныган.
Акын чыккан Алыкулдай, Аалы, Жоомарт, Мидиндей,
Саякбайдай манасчыбыз чыккан экен элимде, эй!
Төкмө акын Жеңижоктойлордон канчасы чыккан,
Сүрөт тарткан Сүймөнкул Чокморовдой болгон адам.
Сүйүп күйүү эл жерине кылып кеткен кызматын.
Бекем эске тутуп алгын ал Исхак Разаковду,
Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис,
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Ала-Тоолук, улуу элиме эч бириң теңелгис
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#45 12 Март 2012 - 19:50
Добр ырчы тата уланга караганда абдан жагат ырлары дагы абдан мазмундуу.
#46 06 Май 2012 - 20:14
#47 30 Сентябрь 2012 - 11:33
Добрдун - "Алмаз ага" деген ыры да бар экен го
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#48 25 Декабрь 2012 - 15:26
жагат жакшы ырдайт ийгилик
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#49 21 Март 2013 - 17:44
Добрдун ырлары жагат. спортсмен дагы го патриот жигит ийгилик каалаймын.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#50 28 Март 2013 - 13:01
Алга кыргыз деген ыры патриоттук ыр
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#53 01 Апрель 2013 - 19:58
Мага Карындашым деген ыры жагып журот акыркы мезгилдерде
Ай айым карындашым акпасын коз жашын
Бактылуу бол жарын менен кол кармашып
Ата-энен жакшы берген тарбиясын
Журогуно сактап балдарына тапшыр...
Ай айым карындашым акпасын коз жашын
Бактылуу бол жарын менен кол кармашып
Ата-энен жакшы берген тарбиясын
Журогуно сактап балдарына тапшыр...
Сени менен бактылуумун)
#54 10 Апрель 2013 - 01:02
Эми болот да бала,балыкчынын таштары, ягуар ичкен жаштары деп ырдап коет,бир жолу.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#55 20 Май 2013 - 18:14
#56 20 Май 2013 - 20:05
Добр.. мунун ырлары анча деле жага бербейт... кээ бир ырларында "Манас"
менин гана атам деп коюп жүрөт..
#57 21 Май 2013 - 20:27
"Келгиле бийлейли"
деген ыры чет олконун бир ырына окшошуп кетет экен (же бул ырын которуп алганбы).Патриоттулука ундогон жакшы рептери бар.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#58 23 Май 2013 - 11:59
Добр крассавчик че.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#59 23 Май 2013 - 12:39
Добр чыгармачылык ийгилик сага мигрант деген ырын жакшы ырдаптырсын.
#60 04 Июль 2013 - 14:55
Кээ бир реперлерге караганда маанилуу жазат
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!