Урматтуу форумчулар,
силерден сураныч илгери ырдалган бешик ырларынын текстин жазып коюнуздарчы.
Томонку бешик ыры сыяктуу ырларды :
Алдей, алдей, ак бобок,
Ак бешикке жат бобок.
Кунан койду сой бобок,
Куйругуна той бобок.
Алдей бопом ыйлаба,
Апакенди кыйнаба.
Баракча 1 - 1
Бешик ыры Алдей, алдей, ак бобок
#2 03 Октябрь 2016 - 11:58
Алдей алдей ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.
Алдей бөпөм ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба,
Атаң тойго кетиптир,
Ак кесе толгон эт келет.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толгон сүт келет,
Алдей бөбөк ыйлаба,
Эжекеңди кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Кырма табак кырдырба,
Кыруусу менен куйдурба,
Куру кыйнап эжеңди,
Кокуйлатып кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Садагасы кетейин,
Сарысына жетейин,
Ат тээп ийгенсип,
Томолонуп кетейин.
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.
Алдей бөпөм ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба,
Атаң тойго кетиптир,
Ак кесе толгон эт келет.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толгон сүт келет,
Алдей бөбөк ыйлаба,
Эжекеңди кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Кырма табак кырдырба,
Кыруусу менен куйдурба,
Куру кыйнап эжеңди,
Кокуйлатып кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Садагасы кетейин,
Сарысына жетейин,
Ат тээп ийгенсип,
Томолонуп кетейин.
Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 03 Октябрь 2016 - 12:03
Баракча 1 - 1