Геморрой-
туз ичегинин аяк жагынын ички бетиндеги веналык(геморройлук)туйундордун куч келуудон улам сезгениши,чоноюшу,
кан агышы жана сыртка чыгышы.Негизи "геморрой "деген соз латын тилинен которгондо "кан агуу"дегенди тушундурот.
Статистика боюнча,жер жузундо ар бир жетинчи адам же болбосо калктын 15%ы геморройго чалдыгат.
Геморройдун белгилери;
Ич катуу.Ичтин узакка катышы,каткан зандын кыйынчылык менен чыгышы туз ичегинин дубалдарын кырып.жабыркатып кетет.Мындай учурда куч келген веналык туйундор кычкытек менен аз камсыз болуп,аларда кан уюп баштайт.
Кан агуу.Кан уюгандан веналык туйундор кенеет,чоноет,
шишийт.Ушундай абалдан улам туз ичегинин ички кондойу кичирейип кетет.Анан туз ичегинин кээ бир жерлеринде айрылуу пайда болуп,кан агат.
Кычыштыруу.
Жогорку корунуштор созсуз турдо кычыштыруу менен коштолот.
Ооруту.Веналык туйундордун жабыркашы отурганда,басып жургондо,дааратканага барганда чыдагыс оорутууну жаратат.
Геморрой туйундорунун чыгышы.Геморрой туйундорунун туйрулуп чыгып калышы-оорунун эн негизги белгиси.бул ар бир адамга белгилуу.
Геморрой тууралуу
#21 26 Июль 2014 - 12:27
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#22 26 Июль 2014 - 12:34
Геморрой турлору;
Онокот геморрой
1-стадия.Геморрой туйундору туйрулуп чыкпайт,бирок, куч келгенде кан агуу менен коштолот.
2-стадия.Куч келгенде геморрой туйундору чыгат жана озу ордуна келип калат.
3-стадия.Куч келгенде геморрой туйундору чыгат,бирок, аны кол менен калыбына келтирууго туура келет.
4-стадия.Бул стадияда геморрой туйундору куч келгенде гана эмес,чучкургондо чыга баштайт.

#23 26 Июль 2014 - 16:19
Менде да бар мындай койгой басып отуруп оор которгондо ооруйт бир нерсе туруп калгандай болуп канайт дагы кээде.ошондой болгондо вазелин койуп ал деди эле кайын эжем.бойумда барда айрыкча кыйын эле
#24 26 Июль 2014 - 23:29
Ушу геморрой ото азаптуу дарт да. Аялдарда кобунчо торот учурунда пайда болот экен. Анткени арткы тешиктин кан тамырларына куч келет экен кучон убагында. Кучон убагында чуть чыгып кала жаздаган абайлабасан азабып омур бою тартып калуубуз мумкун. Озубузду этият карайлы менин форумчу эже синдилерим.
Оор которбой, суука урунбай, ачуу нерселерден алыс болуп дегендей.
#25 27 Июль 2014 - 13:28
"Геморройду толук айыктырса болот"
Геморрой - бул көтөн чучуктун чыга беришиндеги кан тамырлардын кеңейип кетүүсүнөн келип чыккан илдет. Бул ооруну адамдар илгерки Гиппократтын убагында, тагыраак айтканда б.э.ч. I - II- кылымдарда эле билишкен. Геморрой деген сөз гректин сөзүнөн алганда "Гемморагия" - кан агуу дегенди билдирет. Азыркы медицинада бул оорунун кайсыл даражасын кандай жолдор менен дарылоо керектиги толугу менен изилденген жана аны толугу менен айыктырса болот. <br style="font-family: Arial; font-size: small;">
Геморройдун белгилери
Көпчүлүк убакта пайда болгону билинбей калат. Адатта геморройду чоң заарага барып, көчүгүнөн кан агып баштаганда байкашат. Кээ бир убактарда ачышкан-кычышкан сыяктуу белгилерден байкалат. Бирок, көбүнчө адамдар буга маани бербей жүрө беришет. Анан акырындык менен геморройдун түйүндөрү чоңоюп, чоң заарага барганда сыртка түйрүлүп чыга баштайт. Негизинен геморрой оорусунун 4 даражасы бар. Төртөөндө тең кан агышы да, акпашы да мүмкүн.
1. Геморрой түйүндөрү сыртка чыкпайт. Кичине кычышып, ачышкан белгилер байкалат.
2. Геморрой түйүндөрү чоң заарага барганда сыртка чыгып, өйдө турганда кирип кетет.
3. Геморрой түйүндөрү чоң заарага барганда сыртка чыгып, бирок, өзү кирбейт. Кол менен түртүп киргизишет.
4. Адам басып жүрсө деле геморрой түйүндөрү сыртка чыгып кетет.
Геморрой түйүндөрүндө токтоп, уюган кан жанында жайланышкан урук чыктагыч бездеги кандын токтоосуна шарт түзөт. Мунун негизинде геморрой оорусу пайда болгондо эркектер простатит оорусуна чалдыгуулары да мүмкүн. Аялдардын жыныс органдарында да кан токтоонун негизинде ар түрдүү оорулар пайда болот.

#27 02 Октябрь 2014 - 14:30
"Геморрой оорусу алигиге зыян тийгизиши мумкунбу?"
темасы менен бириктирилди.
NARYN...777 , геморрой тууралуу ушул темадан талкуу кылыңыз.

#28 02 Октябрь 2014 - 16:55
По большому отургандан кийин, ваннадан муздак суу менен, 1 мунотчо жууп туру керек экен. Атайын душевой головканын эки режимде чачканын алуу керек. Ичке струя кылып чачса гидромассаж да болот дейт. Муздак суудан шишиктер жыйрылып кичирейет экен. Ошентип айыккандар бар деп окудум.
Билдирүүнү түзөткөн: abdumator: 02 Октябрь 2014 - 16:57
#29 17 Октябрь 2014 - 13:15
Именно геморой учун чоптон жасалган мазь бар гарантия жыргап эле каласын келип алып кет 0779657580
Аллах ар бир пенденин журогуно ыйман берсин
#30 30 Октябрь 2014 - 14:07
Геморрой деген эмне?
Геморрой-бул латын тилинен которгондо "Gemorrogia" - "кан агуу" дегенди туюндурат. Адам ичи катканда же ичи өтүп кайра- кайра дааратканага бара берип ыйынгандын негизинде артерия кан тамыры менен венанын ортосундагы кан тамыр көңдөйлөрү кеңейе берип кан топтолуп былжыр челди чоюп түз ичегинин ички бетин көздөй чыгып калат. Бул ички геморрой деп аталат. Ал эми топтолгон кан ичегинин тышкы бетин көздөй чыкса тышкы геморрой пайда болот. Адамдын анатомиясынын түз ичегисинин түзүлүшүндө тышкы жана ички бетинде 3 жерде уюткулуу жер бар. Мына ошол жерлерде геморрой бүртүкчөлөрү пайда болуп кан тамырлары кеңейип былжыр челди тээп, көтөн чучукка чыгып, акырындап чоңойот. Кийин адам чоң заара кылып ыйынуунун негизинде ички былжыр челдеги бүртүкчөлөр сыртын көздөй чыгып, геморрой түйүлдүктөрүн кабылдай баштайт.
Кантип дарылоо керек
Геморройду дарылоонун көптөгөн түрлөрү бар. Азыркы медицинанын жетишкен убагында оорунун 1-2-стадиясында атайы дары-дармектердин кошулган аралашмасынын жардамы менен дарыласа болот. Геморрой бүртүкчөлөрүнө жогорудагы дарыларды сайганда бүртүкчөлөрдү бырыштырып жок кылат. Андан сырткары күйгүзүү методикасы; инфрокызгыл нурдун жардамы менен жок кылса болот, бул абдан жакшы ыкма. Бейтап эч кандай эмгекке жарамдуулугун жоготпойт жана жеңил өтөт. Бирок, бул оорунун 1-2-стадиясында гана колдонулат.
Ооруп жатат… бир айла тап доктур
Кыргыз эли негизинен кенебес эл эмеспи. Геморройдун алгачкы белгилери пайда болгондо эле дарыгерге кайрылышпайт. Бул дарт менен ооруган кошунасы, урук-туугандарынан, "Ай эмне болуп айыктың эле, кантип дарыландың эле" деп сурашат, андан соң табыптарга барат. Акыры айласы кеткенде дарыгерге келишет. Эгер алгачкы белгиси пайда болгондо эле кайрылышса геморройду өстүрбөй, чоңойтпой убагында эле токтотуп жакшы абалга алып келип койсо болот. Биздин жарандардын кеч кайрылганынын себебинен хирургиялык жол менен айыктырууга туура келет. Геморрой эч убакта өзү болбойт, аны менен кошо көчүктүн былжыр челинин жарылып кетиши, полип, попилома, парапроктит, көтөн чучукка ириң толуп кетүүсү ж.б оорулар кошо жүрөт. Медицинага түшүнүгү жоктор көчүгү ооруса эле геморрой болуп калыпмын деп өз алдынча дарылоого өтүшөт.
Алгачкы белгилери
Көпчүлүк убакта эч нерседен эч нерсе жок эле чоң заара кылгандан кийин кан тамып калышы мүмкүн. Кагаз колдонгондо кагаздын бети да кан болуп калат. Бул убакта эч кандай оорубай, ачышпай, кычышпай эле кандын чыкканы алгачкы белги. Адамдын организми ар кандай болгондуктан айрымдарыныкы чоң заарадан кийин ачышып оорутат. Өзүм билемдиктин негизинде туура эмес дарыларды пайдаланат да көчүктүн тегереги кычышат, андан соң тери оорусу деп дермотологго барышат. Натыйжада оору күчөп кетет.
Оорунун себеби
Эң башкысы туура эмес тамактануудан болот. Анын натыйжасында 2-3 күндөп чоң заара кылбай калышат, заң катыйт, Заң катыган соң дааратканага барганда аябай ыйынышат. Ыйынгандын негизинде геморрой түйүндөрү чоңоё берет. Ошондой эле ич өткөк да геморройдун бирден бир себеби болот. Андан тышкары оор жумуш жана дайыма отуруп иштегендерде дагы пайда болот, кыймылдабай отура берүүнүн натыйжасында көчүктүн ылдый жагында кан топтолуп оорунун пайда болушуна түрткү берет. Спирт ичимдигин, калемпир мурч кошулган тамактарды да көп колдонуу көтөн чучук ооруларын пайда кылууга түрткү берет. Геморройдун өтүшүп кеткен стадиясында оор нерсени көтөргөндө, чоң заара кылганда же болбосо жөн гана басып жүргөндө кан токтобой калат.
Кимдер ооруйт
Чынын айтканда бул дарт менен аялдар да, эркектер да бирдей ооруйт. Эч кандай айырмасы жок. Бирок, биздин менталитет боюнча кыргыз аял заты көпчүлүк учурда кайрылуудан тартынышат. Өз алдынча дарыланып, эптеп-септеп чыдап жүрө берген аялдар көп. Бул албетте зыянын тийгизип, алардын жашоого болгон кызыгуусу өчөт. Ошондуктан айымдарга айтаарым эч качан уялбастан текшерүүден өткүлө.
Айымдардын көпчүлүгү кош бойлуу кезинде жана төрөт малында геморройго учурашат. Кош бойлуу кезинде ич каткан аларга көнүмүш болуп калат. Кеңейген жатын өйдө кеткен кан тамырларды басып, тоскоолдук кылып турат. Мына ушунун себебинен да болушу ыктымал. Төрөт маалында катуу ыйынуунун негизинде дагы геморрой пайда болот. Жаш курак менен алып караганда мынча жаштан мынча жашка чейинкилер ооруйт деп ачык айтууга негиз жок. Ошондой эле наристелер да кабылышат. Ата-энелери балдарын горошокко отургузуп коюп, карашпайт. Бала саат бою отура берет. Анын негизинде көтөн чучуктагы кан тамырлар кеңейет.

#31 09 Июнь 2015 - 22:28
Гемморойдон жабыркап жатасызбы? Анда...
Геморрой (көк баш) -көк кан тамырларынын варикоздук (түйүн сымал) кеңейиши. Ал сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Сырткы геморрой сырткы көк кан тамырларын, ал эми ички геморрой ички көк кан тамырларын кеңейишинен пайда болот.
Геморрой көк кан тамырлардын тубаса начардыгынан, көк кан тамырларында кандын начар айланышынан болот. Ага ичтин катышы, көтөн чучуктун түрдүү шишиктер, боюнда бар кезде жатындын кысуусу, жатындын туура эмес жайгашуусу, көпкө олтуруп иштөө, ар кандай спирт ичкиликтерин, өтө ачуу тамактарды ичүү жана башка түрткү берет.
Геморрой менен орто жаштагы жана улгайган адамдар көп ооруйт, айрыкча эркектер жапа чегет, чанда жаштарда да кезигет. Көп учурда ал акырындык менен өөрчүп, адегенде көйгөйлүү жердин тегереги кычышат, кээде ооруйт, ич катып, жагымсыз сезим пайда болот. Бул белгилер бир нече айдан бир нече жылга чейин созулуп, спирт ичкиликтерин жана ачуу тамак ичкенде күчөйт. Кийинчерээк кан агат (заңда кан тамчылары болот). Натыйжада оорулуу көп кан жоготуп, аз кандуулук өөрчүшү ыктымал.
Геморрой эгерде геморрой түйүн чөлөрдүн бүтөлүшүнөн жана сезгенишинен кабылдап кетсе өтө катуу ооруйт, дене ысыйт, ич катат. Оору кабылдап кеткенде сезгенүү анын тегерегиндеги клетчаткаларга жайылып кетиши ыктымал.
Геморрой - мезгили менен кармап туруучу өнөкөт оору. Сезгенбей турган мезгилде оорулуу өзүн жакшы сезет. Оору өтүшүп кеткенде тез-тез кармап, бат-бат көп кан агат. Ички түйүнчөлөр сыртка чыгып же кысылып калганда өтө катуу ооруйт. Түйүнчөлөр көгөрүп, кээде карарып, катууланат. Геморройдон жапа чеккен киши дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп, эгерде сезгенүү пайда болуп, түйүнчөлөр кысылып же заңдаганда кан чыккан учурда тезинен врачка кайрылуу зарыл. Түйүнчөлөр чыгып калганда кайра киргизүүгө аракеттенүүгө болбойт, себеби ал көп кан агууга жана оор кабылдоого алып келиши мүмкүн.
Ооруну пайда кылган себептерге карата дарылоо жүргүзүлөт. Анын натыйжасы оорунун абалына, врачка өз убагында кайрылгандыгына, анын көрсөтмөлөрүн толук аткарышына жараша болот. Жогору атылма муздак душ, мөмө-жемиштүү диета сунуш кылынат. Убагы менен заңдоонун мааниси чоң. Күчөп кеткен учурда хирургиялык операция жасалат.
Геморройду алдын алууда түрткү берүүчү себептерди четтетүү, биринчиден ичти катырбоо керек. Бала чактан өздүк гигиенаны сактоого, ар бир заңдаган сайын жуунууга үйрөтүү зарыл. Аз кыймылдуу иште иштегендердин гимнастика жасагандары максатка ылайык: туруп иштегендер (дүкөнчү, чач тарач) көнүгүүлөрдү отуруп, ал эми отуруп иштегендер туруп же басып жасоочу көнүгүүлөрдү жасоо керек. Геморройдун биринчи белгилери байкалгандарга врач айыктыруучу гимнастика сунуш кылат.
Мындан сырткары....
Ич катуунун себептерине негизинен жоон ичегинин иштөө функциясынын начарлашынан келип чыгат. Ага өбөлгө түзгөн себептер: - Инсульт - Мээдеги кан айлануунун бузулушу - Депрессия - Айыз циклинин бузулушу - Семирүү - Кант диабети - Ашказан жарасы - Жоон ичегинин шишиги - Чат булчуңдарынын функцияларын жоготушу - Ашыкча тоюп алуу - Кыймыл-аракеттин аздыгы
Ич катуунун белгилери:
Ашказандын оорушу - Табиттин жоголушу - Баш оору, жүрөк айлануу - Ооздун жагымсыз жыттанышы - Зарна - Ичтин көбүшү - Уйкусуздук
Заңдоодо кыйналуудагы ич катууну үй шартында дарылоо ыкмалары:
Лимон
Бир даана лимондун ширесин толугу менен сыгып, ага бир жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз. Мындан соң аралашманы бир стакан (200) апельсин ширесине кошуп ич катуудан арылганча ичип турасыз.
Өсүмдүк майы
Жарым стакан (100 г) өсүмдүк майы менен уктаар алдында клизма жасап, анан эртең мененкиге чейин капталдап жылуу жатуу зарыл. Бул ыкманы ич катуудан айыгып, ашказаныңыз жакшы болгончо күн сайын жасай бересиз.
Кефир
Бир стакан өтө муздак эмес кефирге 10 грамм өсүмдүк майын кошуп, экөө бири-бирине жакшы сиңгенче 5 мүнөттөй аралаштырып туруу зарыл. Анан мындай аралашманы уктаар алдында өзүңүздү жакшы сезгенче ичип турасыз.
Суу
Уктаар алдында кадимкидей эле клизма жасап жатып, эртең менен турганда ачкарын 2 стакан муздак суу ичип, андан туптуура 1 саат өткөндө тамак ичүү керек. Мындай ыкманы 1 же 2 жума тынымсыз жасасаңыз, ич катуудан арыласыз. Бака жалбырак. Бака жалбырактын уругун чогултуп алып, андан идишке 1-2 аш кашык салып, үстүнө бир стакан сууну куюп жай отто 10 мүнөт кайнатуу керек. Бул кайнатмадан жылуу абалында күн сайын эртең менен ачкарын 2 аш кашыктан иче бересиз. Каакым. Жаңы жулунган каакымдын тамырларын таза жууп, майдалап, андан стаканга 2 чай кашык салып, үстүнө кайнак суу куюп 8 саатка тыныктырып коюу керек. Анан айыкканча бул тундурманы төрткө бөлүп күнүнө 4 маал тамак алдында ичип турасыз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#32 31 Январь 2016 - 15:50
#33 22 Сентябрь 2016 - 07:20
туугандар жардамынар керек геморойду кантип даарыласа болот бол.цага барсам бири релиф дегенди сурт деди бири бир ысыган темир апараты менен даарылайт экен бирок жеке менчик экен ишенсе болобу ушул жол менен айыгышына
Же башка жол менен да даарыласа болобу медиктер жардам бергиле

#34 25 Сентябрь 2016 - 23:43
Геморройго чалкандын тамырынын кееде жалбырагынын дагы тундурмасы Геморрой болгондо же канал акканга табылгыс дары экенин элдик медицина белгилейт. 2 аш кашык тамырды 2 стакан кайнак сууга аралаштырып 1-2 саат тындырат. Кунуно тамака аз калганда 1/2 стакан жылытылган тундурманы колдонуу зарыл. Каз тандайдын тундурмасын ичип, ал эми майын кан акканда анын ичинен геморройго пайдаланууда оорунун жолун бууган болосуз. 1 аш кашык сырьёну стакан дагы сууга аралаштырып 1-2 саат тындыруу керек. Ага кунуно 3-4 маал тамак алдында 1/4 стакан ичуу керек.
Л
#35 23 Декабрь 2016 - 14:07
Белгилери кандай болот?
Келинчегимдин арткы тешигинин сыртында буpчуйган бир нерсе тyрат кичинекей.
Геморой ичинен чыгабы эт болуп, же тышынан да болобу?

#37 05 Январь 2017 - 12:46
TEH (23 Декабрь 2016 - 14:07) жазган:
Белгилери кандай болот?
Келинчегимдин арткы тешигинин сыртында буpчуйган бир нерсе тyрат кичинекей.
Геморой ичинен чыгабы эт болуп, же тышынан да болобу?
Келинчегимдин арткы тешигинин сыртында буpчуйган бир нерсе тyрат кичинекей.
Геморой ичинен чыгабы эт болуп, же тышынан да болобу?
Ооба сыртына да чыгып палат алгачкы белгилери кычыштырат, ачышат кээде зандаганда канайт. Орчуп кетсе кадимкидей сайгылап ооруп жанынды кашайтат. Айтор ото азаптуу ооруу. Абайланыздар!
#38 30 Январь 2017 - 22:21
Саламатсыздарбы гемморойдон кантип арылсам болот кыйнап жиберди . Операциясыз дарры дармек менен кантип айыгам сураныч жооп берип коюнуздарчы