1987-жыл. Кербенде училищада "Тракторист- машинист широкого профиля" деген кесип алып жаттым. 5-декабрь күнү окуудан чыгып, Дөң Кыштактан түшүп келе жатсам эки бала туруптур. Жол тар, бир адам өтө алгыс жерде, жакындап келсем жолду тосуп өткүзбөй тура беришти. Жакындап келип тыгылып экөөнүн ортосунан өтүп кетсем:
– Чоң кыз, саат канча болду? – деп сурады.
– 5ке 5 мүнөт калды, – деп башымы көтөрүп бирөөсүнө көзүм кокустан чагылып кетти. Тиммеле аппак, сопсонун бала экен, жүрөктөр тыпырап, дүпүлдөп сого баштаса болбу, тообо-тообо!
Өзүмү өзүм түшүнбөй калдым, жүрөк омпо-чомпо согуп. Кантип жылмайып жибергеними өзүм да билбей калдым.
– Таанышып алалы, атым Жаныбек, 1967-жылы 5‑апрелде туулгам, армиядан кече келдим, Германияда служить эттим, – деди. (ааа, эмнеге аппак десе армияда агарган экен).
Досунун аты Кубаныч экен. Ошентип адрес, телефон, эч нерсе айтпадым, таанышып кетип калдым.
Бир жума өттү – уйку жок, окугум келбейт, аппетит тартпайт, көз алдымда Жаныбек. Сезим ашкын-ташкын. Күндө күзгүдө бир саат жасанып баштадым, мүмкүн көрүп калам деп.))). Башкалар да байкап баштады:
– Эй, сен күндөн-күнгө эле сулуу болуп баратасың, деги эмне болду?! – дешип.
Жүрөк өлдү жабыркап. Жаңы жыл жакындап баштады.
20 күн өтүп, 25-декабрь болду. Арыктап кеттим ойлоно берип. Суббота күнү дем алышка кеттим ой басып, Итагарга. Базар күнү кечкери тынбадым, тонна-тонна кирлерди жуудум кол менен, тагара-тагара суу ысытып, тезектерди быкшытып жагып. Койлорду, уйларды, эчкилерди талаага айдап, атканаларды күрөп, акурларды тазалап, кечке чөп салдым малдарга. Кеч кирди, уйларды саап, челектерге сүт толтуруп келе жатсам, кошунанын баласы: "Сизди бир бала сурап атат, машина менен келиптир, биздин айылдан эмес" деди да кат берди. Окуп жүрөгүм жарылып кете жаздады: "Же адресиңди сурап албапмын, издеп сорго таптым, аябай алыс айылда жашайт экенсиң, уйку жок, аппетит тартпайт, жүрөгүм жанып кетти, себеби сен болушуң керек, көргөнү келдим, мүмкүнчүлүк болсо чык, күтөм" деп жазыптыр.
Кубанычым койнума батпай учуп кете жаздадым! Агаларыман коркуп, чыга албадым, түнү менен тынбай иттер үрдү, агаларым чыгып кирип:
– Бирөөлөр жүрү үйдү айланып, – дешти.))).
Таңга маал машиненин сигналы угулуп жүрүп кетти. Мен уктабадым, чыга да албадым.
Ошентип биринчи күнү Кербенге окууга келдим. Акыркы убакта өтө жасанып өзгөрүп кеткениме байланыштуу, өзүм теңдүү балдар да жактыра башташты. Бирок менин ойлорум, түштөрүм Жаныбек гана болду. Окуу аяктап үйгө кайттым: "Иииий эми таарынып, жолугушууга чыкпаганыма экинчи келбесе керек" деп. Бир маалда бир кыз артыман чуркап келип колума кат берди. Окусам кечинде киного чакырыптыр, ыйлап эле жибергим келди, анткени менин Шералы деген экинчи агам киного жибермек түгүл, күндүз көчөдө көп жүргүзбөчү. "Мен кат жазып берем, берип кой Жаныбекке" десем "майли" деди кат алып келген кыз. "Жаныбек, кечинде киного жибербейт мени, эртеменен саат 7.00гө кел" деп адрес жазып берип жибердим.
Уйку жок, ойлор учту сүйүү мекенине, жасанып светти жакпай көр келемиштей болуп 4тө туруп алып. Жүрөктөрдө майрам ажайып, сааттын секунддары токтоп калгансыды жылбай. 6.30да эле ыргып чыктым көчөгө, айткан жериме келсем туруптур Жаныбек нары-бери басып. Мени көрө калып көпкө турду мелтиреп. Анан:
– Саламатсыңбы, мен сени жакшы көрүп калдым, – деди түз эле. – Сен мени жактырбасаң керек, атайлап эрте менен чакырдың “келбей эле койсун” деп. Бирок мен келдим, – деди.
Менде сөз жок, үн жок, эки бетим кызарып, жүрөктөрүм соккону курткамын сыртынан кадимкидей билинип турду. Сүйлөп атат, сүйлөп атат, 20 күн мени издеп кыйналганын, Итагарга баратып сүйүнгөнүн: ‘Азыр көрөм’ деп. 40 мүнөттөй айтты, бир маалда токтой калып:
– Эй сен эмнеге сүйлөбөйсүң, өзүң жөнүндө бир нерселерди айтып берчи? – дейт.
Менде тил жок, үн жок. Байкуштун чый-пыйы чыгып кетти. Мен кантип айтмак элем: "Өлүп баратам, мен сени сенден мурда сүйүп калгам" деп? Кубанып ичимден үйлөгөн шардай, бомбага окшоп турум жарылайын деп, же билсе.))).
Орус класста окуган комплекси жок бала экен, армияда Германияда служит эткен, атасынын жалгыз баласы эркерээк экени да билинип турду.
Ошентип күндө эртеменен 6.30да окууга узатат, кайра саат 16.00дө окуудан үйгө узата турган болду.
Жаңы жыл бирге тосмок болдук. Мен дагы деле айтпадым ичимден өлүп сүйүп жүргөнүмдү, айтсам эле кетип калчудай корктум. Жакын жолосо калтырап титиреп:
– Омей, жапайысың! – деп уялтканын койбоду: – Эмне түшүнбөйсүң, үйлөнөм сага, окууду бүтпөй эле кой, үй даяр, баары дайар, багып алам, жаным!
"Жаным" дейт күндө, ансыз да айланып турган башты айлантып.
Жаңы жыл да келди, үйүнө чакырды, апасы, эжеси менен тааныштырды. Досторуна өтө сүйүнчүлөдү:
– Мен ушул кызга кудай буйурса үйлөнөм, өтө сонун кыз, бирок саал жапайыраак, – деп жылмайды.
Чоң дасторкон жайылды, музыка жаңырыгы ажайып. Абба, Джой, Ламбада, Алла Пугачева "Без меня тебе любимый мой, земля мала как остров" деп.
Менден көзүн албай Жаныбек отуру, башкалар байкап ырсаңдашып өлүшүп эле калышты, мен отурум кызарып Алматанын апорт алмасындай. .......
1988-Жаңы жылды тосуп Жаныбектин үйүндө отурдук, музыкалар жаңырып, жүрөктөр жалынга күйүп, кабынан чыгып кетейин деп. Бир маалда өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, свет өчтү, Валерий Леонтьев ырдап чыкты телевизордон "Исчезли солнечные дни, и птицы улетели" деп.
– Ииий энеңди! Өчүрчү Жаныбек, оногуну албарстыдай кылбай! – деп бир досуна жакпай.
Леонтьев телевизордо өчтү кап караңгы болуп. Кассетада Алла Пугачева "Жил был художник один, домик имел и холсты, но он актрису любил, ту что любила цветы" деп ырдап баштады. Колу иштен бошобой эки көзү мага кадалып мейман тосуп Жаныбек кыйналды. Бир досуна:
– Бар сен эшикке чыгып жардам берчи, мен али бир да жолу бийлебедим, – деп эшке чуркап кетти.
Свет бир өчөт, бир жанат, лүпүлдөп мен айнектин жанында эле турум соксойуп.
– Кечир, мен сени бийге чакырат элем, бирок Жаныбек “бирөөң кокустан бийлесеңер өлтүрөм” деди, – деп эч ким бийге чакырбады.
Бир маалда кассетада Эммануэль музыкасы башталды, желмогуздар кайдан таап алган, уккан кар да суу болуп агып кете турган музыка. Свет жок, капкараңгы, бирөө келип колуман кармап, кулагыма “мен Жаныбек” дейт, жүрөктү кабынан чыгарып. Белимен кармаса эки бетим эмес, кулагым да кызарып кетти.
– Ооууу расслабься, – дейт, же мен түшүнсөм, орусча эч билбечимин.
Өзүнөн өзү кыйналып:
– Жок дегенде кичине сүйөсүңбү мени, эй жапайы сулуу кыз? – дейт, тообо.
“Жапайы эмесмин” дейин десем же өбүшө албайм, же кыйратып бийлей албайм, эки көзүм эле мөлтүрөйт. “Мен да сени сүйөм” деп айтайын десем эч жарашпай тургансыйт. Таң атканча бийледик, бирок эч канбадык, тердеп-бышып канча энергия кетти. Эми укмуш сүйүү, түбүнө жете алгыз, колдор тиммеле чырмалып калды, тообо. Али эч нерсе боло элек, бийден эле ошончо сүйүү.
Эрте менен эрте баарыбыз топурап үйлөргө кайттык.
Сүйүү күчөгөндөн күчөп жатты, бир жыл өттү. 1989-жыл келип калды. Жаныбек жүдөп, арыктап кетти, мен дагы.
– Болду, үйлөнөм, башка чыдашка күч жок, – деди.
Жакын, тыгыз мамиле кылбагандыктан өтө кыйналып кеттик. Мен ‘жазда окууну бүтөрүп Москвага кетсем’ деген пландарды айттым эле, жаны чыгып кетти.
1989-жыл да келди. Март айы эле, бирок кар аралаш жамгыр жаап турду. Окуудан чыксам күтүп туруптур. Жылмаңдап бир балээни ойлоп тапкандай:
– Эх сулуу, эртең бактылуу болобуз, – деди. – Жүр, Кубаныч, Попон машинеде күтүп отуру. Бүгүн айлык алдым, шашлык жеп кайтабыз, макулсуңбу?
– Мен өзүм төлөйм, мен да стипендия алдым, – десем:
– Омейй, ушу сен күйдүрдүң, жапайысың, элестетсең кандай көрүнөт? Эми мен сага өмүр бою төлөйм, – десе болобу!
Эч элестете албадым, менин өлбөгөн кичинекей башымын ичиндеги төлөп бүтө алгыс пландарымы эмне кылар болду экен?.
– Өзүм төлөйм, болбосо барбайм, – дедим.
– Мейли-мейли, жапайы, – деди да, досторуна: – Эч таң калбагыла, муногу тоодон түшкөн жапайы өзүнө өзү төлөйт имиш, – деди.
Достору аябай күлүштү:
– Германияда служит эткенде көрдүң беле, немкалар да сенин жапайыңа окшоп кетет. бул жапайынын жанында эркек сезиш кыйын болду, балекет экенсиң тообо, кой кеттик, – деп шашлык жегени кеттик.
Шашлык жеп отуруп ар кандай кызык маек болду. Арак атпайды бири да ичпечи, ойлоруна да келбечи, же мен көрбөчүмүн.
– Эй, сен тракторист болбойсуң да, туурабы? Менин эжем үч айлык курс ачты швейный, окуп алчы, балакетиңди алайын. 60 сом турат курс, мен төлөйм, – деди.
Мен ага жаман көзүм менен:
– Эмне дедиң? Мен өзүм төлөйм, уят, сен менин эрим белең? – десем өлө күлүштү.
Попон:
– Лайлалалалай, балким бүгүн эриң болот, эх көздөрүң балбылдап сенин да жыргай турган күнүң жакындады, – десе болобу.
– Биз күндө сенин пловуна келебиз, жыргализм өмүрүңөргө күбө болгубуз келет, – деп, Кубаныч жыртылдады.
Кебек жеп бүттүк.
– Эми сени жеткизип койолу, – деп, машинени өзүнүн Ленин көчөсүнө карап зымырап жөнөдү.
Сразу түшүндүм ала кача турганын, ролго жабышып:
– Кой, али эрте, – деп жалдырадым.
Машинесинин кулучун сууруп алып бекем колумдан чыгарбай кармап отурдум.
– Мен сага чынын айтайын, ата-энем даярдык көрүп күтүп отуру, бүгүн үйлөнөм сага, болду бүттү! Уйку жок жададым жалгыз сенин сүрөтүң менен уктап, – деди.
Достору да:
– Эй эми сен профессор болмок белең, окуганың СПТУ жалаң көк мээлер окуйт. Өзүң тракторист. эй тообо, жапайы, сүйүнбөйсүңбү? ! Жаныбекте баары бар, машине, үй, жалгыз эле баласы, тайраңдап эле жашайсың, – дешти.
Жаныбек орус кыял, орусчалап:
– Блиииин, достала! – деп эки колу менен эки бетими кармап: – Шайтан, өллө мени сүйөсүң, көздөрүңөн билинип турат, менин кучагымда жатканыңды элестетип өлүп тирилип иттин жашоосунда жашайсың мага окшоп! – деп кыйкырып сөгүндү. Көздөрдөн кетти жаштар жамгыр болуп агып. эч качан ыйлаганымы көрбөгөн Жаныбек жаны кашайып: – Түш, жогол көзүмө көрүнбөй, сыйлаган ушунчалык жапайы. орус кызга үйлөнөм, закалибали дебилизм! – деп жүрүп кетти.
Жүрөгүмөн кан акты. Мозг “койчу ошону, баары жакшы” десе, жүрөгүм: “Жаныбектен башканын кереги жок, жашабайм! ” деп урушуп баратты. Мозг менен жүрөктүн ортосунда бир жума согуш болду, уйку жок. мозгдо оружиелер өтө көп экен, жүрөктү жалпайта чаап жеңди. Мозг айтты жүрөккө: “Бүгүнкү күндөн баштап сен менин кулумсуң, эмне десем ошону кыласың, кимди сүй десем ошону сүйөсүң, бүттү балалык” деп жүрөктү ордуна койду. “Тынч эштеңдебей сого бер, мен башкарам, мен жеңдим” деп МОЗГ башына таажысын кийип такка отурду.
Күндөр өтүп жатты зымырап. Мозг жүрөктү дем алышка жөнөттү: “эч бир пайдалуу жумуш кылбадың, жок дегенде дем ал” деп.))). Жаныбектен кабар жок, дайынсыз. Менден үмүт үзүлбөй, 3 айлык швеяны бүттүм, Жаныбектин суранганын эстеп. өтө көйнөктөрдү жакшы бычам, азыр да дүйнөлүк жарыштарга кызыма костюм өзүм тигем.
Жаз келди, окууду бүтүп чөпкө чыктык. Документтерди Бишкекке медициналык окуу жайынын, хирургия бөлүмүнө ырастадым. Жаныбек милициялык окуу жайында окуп жатканы белгилүү болду. Чөптө мен колхозчуларга повар болдум. Үч чооң палаткалар тигилди, бирөөсүндө балдар, бирөөсүндө кыздар, бирөөсүндө колхозчулар. Мугалимдер суранды: “Окууга кетердин алдында 20 күн иштеп бер” деп, мен макул болдум. Эртеден кечкери казан-аяк, суу ташып челектеп алыс жерден, тынымсыз жумуш, бир Авлетимдик от жаккыч жардамчы бала бар, шумдук тим эле, мотоциклы бар, тырылдатып нары бери чабат, куудул.
Бир күнү бир жаш мугалим кыз келди Кербенден: “СПТУнун келесоо кыздары тоодо бузулуп кетпесин, кайтарасың” деп директор жөнөтүптүр. Бишкектен окуу жайын жаңы бүтөрүптүр. Таанышып сүйлөшсөм, тообо, Жаныбектин таанышы болуп чыкты! Оозун көбүртүп баарын айтып берди, орусча кыргызча аралаштырып:
– керемет бала, төшөктө да сонун, – дейт, күйбөгөн жерими күл кылып.
МОЗГ жарылып кете жаздап, жүрөктү чакырды: “дем алдыңбы, иште эми бешене териң аккыча” деп. дагы балээ башталды. Шоркурап мен шоркенди бышылдап түнү менен ыйлайм акмагым чыгып. Мугалим кыздын жанында мен бир тупой, түшүнүгүм кап-караңгы, казандын xxxxx көбөсүндөй.
Бир күнү шортиктерди кийип жасанды мугалим кыз.
– ай, сизге эмне болду? – десем:
– лайлайлалалай, Жаныбек келе жатат! – десе болобу.
“Өлүп бир гана калбадың какбаш, шайтан!” деп капкир менен башына чапкым келди дейсиңер, араң эле жыртайып кычыраган төрт тишими көрсөтүп койдум.
Ииий, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп бир күнү Жаныбек келди. менин сүйүү тарыхымы билбеген адам жок училищада. Кычырап 100 доллардай жашыл көйнөк, ак шым кийип, бир досу менен агайлар менен учурашып столго отуруп калды, обед убагы бүткөн эле. Палаткалар өйдө түрүлүп секин-секинден ар түрлүү аңдыган баштар чыга баштады. Адамдардын эки көзү менде: “эмне кылар экен?” деп, моюндарын үзүлгүчө созуп чатырдын түбүнөн жираф сыяктуу.))). Мен карала-шарала казан менен алышып, кечки тамактын камын жеп, от жаккыч дос балам Ороз тырылдап мопеди менен келди продукту алып, түшө калып:
– эй Падыша, биздин жаш мугалимдин жигити келди дешти Бишкектен, кана? – дейт..
– Оногу отурган ак шым, жашыл көйнөк – Жаныбек, – десем:
– Ииииий энеңдииии, бул сенин сүйгөнүң эмес беле, эми мушташасыңбы? Мен сага болушам, – деп койот, байкушум.
Жанагы Мадонна кыска шортик кийип, ажайып буттары эми бир жооон вареный колбасадай, шилекейлери агып чатырдан башы чыккандардын. А менин буттарым ичке, өтүккө салган көзөөдөй, тообо. Тырталаңдап бир жумуштарды кылып жүрүм.
Бир маалда Жаныбек мен жакка басып келип, эки колун кыйгач чөнтөгүнө салып үнсүз-сөзсүз карап турду.
– саламатсызбы, – дедим да унчукпай Ороз экөөбүз сабиз, кортошка аарчып отура бердик.
Жашыл көйнөкчөн, ак шымчан Жаныбек:
– эй чоң жигит, атың ким? – деди.
– Ороз, – деди авлетимдик менин от жагарым..
– Картошкаңды анан арчыйсың, мен муногу кыз менен сүйлөшө турган сөз бар, пожалуйста, – деди кербендик, Бишкекте окуган шаардык жигит. Ороз:
– мен алыс кетпейм, сөзүңөр угулбаган жерде турам, бир нерсе болсо мага айт, – десе болобу! “иий жаным, от жагарым!” деп мен сүйүнүп кымыңдап калдым..
– Жүр, жок дегенде чатырдын артына өтүп сүйлөшөлү, – деп Жаныбек колумдан жетеледи эле, ангыча агайым кыйкырды:
– охуу мына мыняка столго отуруп сүйлөшкүлө, чатырдын артын айрып башын созот оногу желмогуздар, – деп, колунун сөөмөйү менен 50гө жакын жирафтарды көрсөттү, биздин группадагы мойнун чатырдан созгондорду. – Болду, баарың ишке жөнөгүлө, тез-тез! – деп аларды кууп жатты машинеге.
Бир маалда шортикчен мугалим келди:
– что случилось? Я что-то пропустила? – деп.
Уктап калган имиш, ак шымчан жигитин күтпөй.
– Ой Жони, биздин концерт саат кечки жетиде.
Каныкей Эралиева жана Алибек деген комузчу Авлетим айлына келген имиш, эки сүйүшкөндөр концертке барат имиш. Агай айтты:
– ой айланайын, чык машинеге, жумушуңду кыл, сандарыңды сары айры чагып, анан алпамыштай болуп дагы жоонойосуң, – деп каткырып күлүп көзүн кысып койду мага. – Жониң отурат, күтөт сени, муногу карала шараладан кызганбасаң отур машинеге, – деди.
– Ой жок агай, Падиша малышка, а Жони мужик, – деп койот албарсты.
Бул орус чалыш байкушума сүйүү тарыхын эч ким айтпаптыр, мен да айтпадым, агай да унчукпаптыр. Кетти калбасадай буттарына жоолук байлап, деңиз боюнда сейилдей тургансып. Сөз жок, үн жок отурум мелтиреп ак шымчандын оозун карап.
– Сагындым, өтө сагындым, билесиңби, Жапайы кыз? – деп сөзүн баштады. Көзүмдөн столдун үстүнө түшкөн жаштар тамып ага баштады эрте жаздагы тамчылардай. – Эжекең менен сүйлөштүңбү? Эмнелер айтып берди? – деди.
– Сүйлөшпөдүм, эч нерсе айтпадым, – дедим.
– Алдадың, сага эжекең мен жөнүндө баарын айтып бериптир, – деди. – Мен сени сүйөм, бирок экөөбүздө эч өмүр болбогудай, мен сени эч түшүнө албадым. сүйөсүң мени, байкалып турат, бирок турмушка чыкпайсың мага. Билбейм, – деди, – эгер кокустан окууга өтүп калсаң Бишкекте жолугушабыз, – деди, окууга өтпөшүмү билип. – Канчасына билет алдың, мен тосуп алам. Бишкек чоң шаар, мен карап жүрөм, шумдук балдар көп, сага сары айрыдай жабышышат. Беттериңи жуубай эле жапайы боюнча окууду бүтүп алсаң азамат болосуң, – деп, мага акыл айтып баштады.
Мен карала-шарала болуп кечки тамактарды бышырып жүрдүм колхозчуларга.
– Кел эми бир кучактап алайын, тоолордун жытындай жыттанасың, убакыт болду, кетем, – деди, – Жолугуунун мындан кийин кереги жок, пайдасы да жок. мүмкүн Бишкекте ата-энең жок, кытайдын солдаттарындай агаларың жок, штандарды жырайта тартып кубалай турган иттериң жок, дөңдөн ашкыча кубалап, – деп күлдү ырсаңдап, кыйратып койгонсуп. Көп шаар жөнүндө айтып берди, – Падиша, сен шабдаалынын данегине окшошсуң, өңгү-дөңгү, чукур-бийик, ташбакадай таштын түбүндө жашайсың, – деп күлүп жатты.
Чындыгында Итагардагы мен жашаган үй чоң адамга окшогон таштын жанында, эки көзү, мурду оозу бар аска.
Бир маалда
Жалын жүрөк Жаңы Жолдун жаштары,
Кайраттанып чын жүрөктөн чыңалган"
Тапшырма бер партия,
Аткарабыз талбайбыз!
деп ырдап үч машина толло балдар кыздар, колхозчулар келди.
– Жони, там разные твари, ужас-ужас! Извини, я плохо выгляжу, – дейт жанагы мугалим, менин көзүмө Мадоннадай аппак сонун боёнгон, тиммеле орусчаны кыргызчадан жакшы билет.
– Ороз, тамактарды салып бер, – дедим да, Мадоннаны карап отурдум жасанганын. Концертке Авлетимге кетип атат, жашыл көйнөк, ак шымчан экөөсү. ‘Өлсөмбү же жашасамбы’ деп ызама чыдабай өлүп бараттым. Бир чемодан кийимин кийип чечип, менден сурап, ‘малышка, муногу көйнөгүм кандай, оногу кандай?’ деп павлиндей куйруктары жайылып. Карап көзүмөн жаш чыгып кеткенин билбей калыпмын. Тиммеле сонун болуп кийинди, Жониси пипилдетип туру кашайып, кашайгыр. Мага карап:
– как я выгляжу? – дейт.
Түшүнсөм өлөйүн эмне дегенин.
– Зор, – дедим.
кетти чуркап ак машинеге түшүп. Мен калдым карала шарала, ичим күйүп оттой: “Өлбөгөн өмүр качанга чейин ит болом? Сүйөм сени, какбаш, сүйөм!” деп. Сыр бербей. Жирафтар колхозчулар баары түшүндү: жомок бүттү, мени Жаныбек таштап кетти.
Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 12 Январь 2016 - 12:28