Куз тушкон сезимдер....
Борбор калаабызга жаны гана куз келип, айлана алтын туско боелуп шаар коркуно чыгып турган чак. Жанар чет жакта иштеп журуп мекенге келгенине 1 ай болуп калды. Коп жылдар, жок жаштыгынын баарын чет жака арнаптыр. Келсе да ашып кетсе 1 ай туруп кайра кетип калат. Анткени Кыргызстан Жанар учун капастай эле тар сезилип, мумкун болушунча алыстарга кетип калгысы келчу. Балким озундогу ызаа, арманын, жек коруусун анан тунук, жетпеген азап суйуусун ушул жол менен унуткусу келгендир. Унута алдыбы? Женилдедиби?
Китеп саткан дуконго кирип озуно керектуу китептерди сатып алып, жаны гана чыгып баратканда шашыла кире калган аял менен туртушо кетишти. Аялдын колундагы идиштеги суу экооно тен тогулуп кетти.
Койногун жуз аарчы менен сурто, капалуу унчукту аял:
-Абайласаныз боло бир аз...
Жанар чыккан ундон башын шарт которду. Бул унду кылым отсо да унутпас...
-Жылдыыз..?
-Жанар?
Коздору чоон болуп озун карап турган аялдын коздорундо тан калууну, кубанычты ошол эле убакта, куса, таарыныч ызааны да коруп турду.
Бут алдыларына тошолгон шуудураган жалбырактарды тепселеп, экоо унсуз сейил бакта басып келе жатышты. Жанар аялды карады. Мезгил оз октомдугун корсотуп улгая тушкон бул сулууну ушунчалык сагынганын эми сезди. Жашы кырктарга барып калса да келбети, сыны озгорбоптур.
Жузу да тунук, болгону ошол убакта дайым жазып жургон тармал чачын эми тобосуно байлап алыптыр. Басып бараткан аялдын колун кармап алганын озу да сезбей калды. Жылуу колдор. Кудум мындан 20 жыл мурун кандай сурдосо азыр да ошондой сурдоп турганы эмнеси???
-Жанар?! - деди келин аянычтуу.
Бул ундун артында ыза, арман, кайтып келгис жаштык, анан ондой алгыс окунуу жанырып турду...
Экоонун тен ойлору ошол артта, мезгилдер менен унутулуп, нечен кар, жамгырлар жууган жылдарга карай эрксизден учуп жоноду....
Шаардан бир топ алыс жайгашкан чакан айыл. Жанар менен Жылдыз классташ. Атугул бир партада олтуруп, бирге осушкон. Аябай эле ынак. Жанардын уйу кочонун башында жайгашкан, айылдагы менмин деген байдын жалгыз уулу. Ошол эле кочонун ылдый тарабында, жепирейип, сыртынын шыбагы кочуп, корксуз корунгон тамда Жылдыз жашачу. Уйдун улуусу Жылдыз андан сон Нуркыз, Айкыз, Уул кыз. Атасы эркек туубайсын деп кун ара мас болуп апасы сабайт. Бул турмушка деле конуп бутушкон. Апасы айылдагы кунумдук иштерге жалданып иштейт. Атасы мектепте кароол. Жанардын атасы райондо иштегендиктен кун алыс уйлорунон конок узулбойт. Андайда Жылдыздын апасы жардамдашып тун оогонго чейин ушул жерде журот. Конокторун узатып, казан аягын жууп, тун бир оокумда гана Жанардын апасы салып берген азык тулук, анан иштеген акысын алып уйуно келет. Мындай корунуш, мындай кундордун далайы отту. Кээде Жылдыз да келип жардамдашып кетчу. Жылдар отуп бутуруучу класс болушту. Жанар менен Жылдыз бири-бирин жакшы корушчу. Экоонун суйуусуно суктангандар болсо, коро албай ушак жаадырып артынан тушкондор да чыгып айыл ичинде далай дастан болушкан. "ЖАНАР+ЖЫЛДЫЗ=ТУБОЛУК СУЙУУ" - деген жазуу "Канат менен Заринанын"
, же болбосо "Ромео менен Джульеттанын"
махабатындай эле канча жерлерде жазылып журду. Алгач Жанардын ата-энеси "али бала булар" - деп конул болушпогону менен улам балдар бой жеткен сайын тыйышчу болду.
-Ай бала, ошол кыз бизге тен болдубу?! Керек болсо келип уйумду жыйнап, тамагымды жасап жургон кызматчыга куда болбойм! - деди апасы мурдун чуйруп, ачуусу келе..
Жылдыздын уйундо деле ушундай жанжал:
-Кызына тарбия бербейт белен? Карабайт белен? Айылда баш которо аламбы? Корунгон "жерден байга куда болом деп, кызындан пайдаланып жатасынбы?"
- деген создорду уга берип тажадым! - деп бакырды атасы.
Мындай талаш, мындай урушка конуп деле бутушкон экоо акыры бул создорду кулак сыртынан кетире, эч нерсе менен иши жок кайра эле ынтымактуу болуп кетишет. Мектепти бутор жылы, Жылдыздын апасын шаарга цехке ишке чакырып, артынан атасы да жумуш таап, Жылдыз уй-булоосу менен шаарга кочуп кетишти. Ошол коштошкондо Жанар окуу жайга тапшырып артынан барарын айтып, кызды жубаткан. Ошондо алгач ирет кызды бооруна басып, алгач ирет эриндеринен суйбоду беле?
(уландысы бар)
Баракча 1 - 1
Күз түшкөн сезимдер
#4 12 Май 2020 - 16:15
Коп отпой Жанар да окууга тапшырды архитектура болумуно. Ал эми Жылдыз болсо журналистика болумуно тапшырды. Мектеп убагында эле арткандай дил баян,ырларды жакшы жазчу. Анан да мектепте болуп откон кароо сынактарда алып баруучулук тизгини дайым Жылдызга тиет. Анткени уну ушунчалык жеткиликтуу анан такшалган мыкты журналисттердей алып барчу. Ошондон улам баары "мындан мыкты журналист чыгат, тыкылдап бир жакшы суйлойт" - деп суктанышчу.
Куркурогон куздун биринчи айы ортолоп калган. Аудиторияда кыздар менен олтурган Жылдызды сыртта бироо чакырып жатат деп кетишти. Деканаттын алдында расписениени карап Жанар туруптур. Жылдыз алгач коргон козуно ишенбей кетти.
-Жанаар?!
Жалт тиктеген жигит келип эле кызды кучактап айлантырып жиберди.
-Жончу, тушур. Коргондор эмне дейт?
Кыз жигиттин кучагынан бошоно чачтарын ондоп, оздорун жылмайып бир эсе суктанып карап жаткан адамдардан уяла жерди карады.
-Сени сагынбадымбы? !
Жигит жалындуу унчукту.
Жылдыз жер тиктеген калыбында:
-Мен дагы, - деди назик шыбырап.
-Жур басып келебиз.
"Дагы бир сабак калды" - дегенине болбой Жанар кызды колдон ала шашыла жоноп кетти.
Сейил бак. Улам биринин артынан бири ыргала жерге тушкон ар кандай жалбырактардан терип, гулдесте жасап Жылдыз Жанардын жанында бактылуу баратты. Бир убакта:
-Жанар мени кайдан таптын? - дей салды.
-Таптым да, сенин "журналист болом" - деген кыялынды унутту дейсинби?
Жанар кулуп койду.
Экоо кайра эле табышып алышты. Жашоосундагы эки болок статус, ата-энелеринин каршы коз караштарынын баарын билмексен, же атайы эстебей коюшту. Эстегилери да келбеди. Жылдыз бир жолу соз козгоду эле Жанар "Кел бул нерсени артка жылдырабыз, ошол кун келгенде чечебиз" - деп суйлотпой койгон. Андан бери далай айлар отуп, жылдарга алмашты. Жанар менен Жылдыз. Мындай тугойлор аз, саналуу гана болуш керек. Келбеттери гана бири-бирине куп жарашып турбай, ойлору, создору жада калса табиттери да бирдей. Кыз-жигит болуп ушунча жургондон такыр катуу суйлоп урушушпады. Бир гана айырмачылык боло турган, жашоодогу статустары. "Суйуубузго бул нерсенин таасири тийбейт" - деген экоо ушул нерсенин айынан бирикпес жолдорго тушоорун билишпеген.
Жылдардын дагы бир кузу келип, айланадагы дарактардын жалбырагы тогулуп, сары туско боелгон айлана карарып, суук тушо баштаган мезгил. Айылга ата-энесине барып келгенден бери Жанардын маанайы суз. Куйполоктоп жанында жургон Жылдызга капыстан:
-Кел уйлонуп алабыз? - дей салды.
Кутулбогон бул сунушка тан кала тушту Жылдыз. Заматта коз алдына мас болуп турган атасы, оор туйшуктон мезгилинен эрте каарып, арыктаган апасы, шаар четиндеги кичинекей жер тамы, Жанардын апасынын тоготпогон муздак коз карашы тартыла тушту.
-Жанар кантип?Биз суйлошподук беле? Окууну бутуп да калдым, жакында жумушка чыгамын.
-Жылдыз тушунчу, апамдар "уйлон" - деп болбой жатышат.
Жигит куноолуу болуп башын жерге салып турду.
-Жанар сен баарын озум тушундуром дебедин беле? Мен бир аз уйдогулорго жардам берип, анан уйлонобуз деп келишкенбиз го?
Кыздын козуно жаш тегерене тушту. Ушул азыр эле Жанарды жоготуп алчудай коркунуч каптады.
Экоо ушунча жыл кошо журуп биринчи жолу талашып-тартышышты. Жанар "ойлонуп кор" - деп басып кетип калды. Жылдыз калган жеринде канча турганы белгисиз. Айланага куугум тушуп калганда, ишенимсиз кадам таштап, шалдырай уйуно келди.
Ооба Жанар уйуно айылга барганда апасы "уйлоносун" - деп соз козгоп, озунун курбусунун кызын корсотуп сунуштаган. Жанар Жылдыз жонундо айтып корду эле апасы "Мени апам десен ал кызды уйумо жолотпойсун! " - деп кагып салды. Ошол бойдон шаарга келген Жанардын башы катып айласы кетип журду. Апасынын конулун кыя албай ошол кызга жолугууга да барды.
Жапжаш болуп молтуроп турат. Чырайында кеп жок,супсулуу. Бирок. Негедир журогу жылыбай койду. Жылдызга бир жолу конуп, ансыз келечегин элестете албай калыптыр. "Балким жашап кетем" - деген аксак ою туура эмес чечим экенин азыр ушул кызды карап, бирге жашай албасын тушунгондо сезди. Ошол эле куну достору менен кенешип, бир болмолуу батир тапты, достору акча чогултуп той откормок болушту. Оюнда "уйлонуп алсам, атамдар айласыз келинин кабыл алат" - деген создор жанырып женип кетти. Жылдыздын колун сурады. Эч нерсени ойлогосу келбей, "экообуз бир болсок баары жаашы болот" - деген умут, максат менен Жылдыз да макулдугун берди. Достору менен гана чакан той откоруп майрамдайбыз деп бир кунду белгилешти. Ошол кун Жылдыз учун эн бактылуу кун болчу. Курбусунун уйундо жасанып, жигитти кутуп олтурган. Кокурогун белгисиз коркунуч каптап турса да мунун баарын, "толкундануу" - деп озун алаксытып алды. Мына кун кечтеп баратат. Тушко маал келем деген Жанардан дайын жок. Бир убакта тун кирип калганда Жанардын досу келди. Бир нерсе болгонун журогу менен сезе Жылдыз ыйлап жиберди.
-Жанар кайда? Аманбы деги?
-Жылдыз, - деди куноолу Жанардын досу.
-Жанар айылга кетти. Атасы катуу ооруп, чакыртып алышты.
Андан аркысын Жылдыз уккан да жок. "Бутту?! Ушундай болмок. Мен сезгем. Ушул кундон коркуп жашагам!" - деди оозун кыбыратып.
Жанар атасы ооруп шашылыш айылга келди. Бир нече кундон сон тошоктон турбай катуу ооруган атасынын каалоосу менен ошол кызды келин кылып уйго алып келишти.
Кеч куздун куугумундо кошогого кирип олтурган Жанар омур бою ушул куздой сезими муздап, эч качан кайра жылыбасын туюп турду. Жылдыз экоо кузду жакшы корушчу. "тоюбуз кузундо болот, жашообуз куздой берекелуу анан айланадагы жалбырактардай алтын тусто жаркырап отот"- деп кыялданган Жылдызын эстеди. Аргасыз козунон жаштар тамып кетти. "Кечир мени Жылдызым! Мен коркокту кечир!" коодону толо бугун сыртка чыгарбай ары карап ичтен онгуроп ыйлап жатты. Жанында эч нерседен бейкапар олтурган бул келинчегинде эмне куноо? Аяп кетти. Бооруна алып кучактагысы келгени менен анте албай койду. Экоо бир болмонун, бир керебеттин устундо эки башка ойдо уктап кун кечиришет. Жамынган, жаткан тошогу бир бирок, ойлору, кыялы эки аалам бул эки адамдын жашоосу омур бою бири-бирине эрксиз байланып, бирге жашоого мажбур. Аял учун эн эле оор, эн эле азап жашоо ушул болсо керек. Арзып тийген жолдошундун мээримине зар болуп кун откоруу. Кундузу сыртта бир жакшы болуп кулуп жургон Жанар болмого кирери менен туноруп озгоро тушот. Куйоосунун жанында коншудай кун откоруп омур суруу аял учун эн оор кыйноо!

#5 13 Май 2020 - 23:41
Ал эми Жылдыздын абалы мындан мин эсе оор болчу. Анын бул абалдан эч нерсе сууруп чыгып жардамын бере албады. Кыздын жашоосундагы эн эле оор жоготуу болду. Айлап жатты, мезгили кудум ошол куздун кечинде токтоп калгандай. Ошол куугумдой муздак, анан карангы. Кузду суйгон эки жаш, сезимдери да куздун шамалына сапырылып куздой салкын тушуп, омур бою кусалуу коодон менен кун кечиришерин ошондо кайдан билишмек эле.
Жанар ошол бойдон кабарсыз кетти. Кийин анын уйлонгонун угуп ичтен тынып тим болду. Бир телевидиниеге кабарчы болуп жумушка кирип алды. Теледен али жузу чыга элек болсо да, жумушуна болгон кучу менен сунгуп кирип иштеди. Жанарды ушул жол менен унуткусу келди.
Убакыт да турбайт экен бир орунда. Жылдыздын атасы айылдагы уйун сатып келип, жаны конуштан чакан жер тилкесин алышты. Бара-бара ичкени азайып, оноло баштагандай. Атасы, апасы Жылдыз болуп учоолоп иштеп синдилерин окутушту. Апасы колунан коору тогулгон чебер боло турган. Цехте иштеп журуп да дагы кыйла колу эп келип калган. Алгач бирге иштегендерге ар кандай кыргыздын саймасы тушурулгон жаздык, тошокторду тигип сатып журду. Кийинчерек бул саймалары кенири таралып чонураак заказдар тушо баштады. Уйдон кечинде Жылдыз, синдилери да жардам беришип иштери онолуп жашоолору бир кыйла алдыга журо баштады.
Алгач ирет Жылдыз телеге чыкты. Оюн- зоок бир програманын устундо иштеп, ошону менен чыкты. Элге кенири ушул программасы аркылуу тааныла баштады. Жылдыз Мусаева деген фамилия элдин оозуна бат илинип кетти. Ажарлуу жузу, анан да озгочо тыкылдап алып барганы, укулуктуу уну, созду жеткире суйлогон соз байлыгы менен айрымаланып копчулуктун назарын бурду. Жанар уй-булоосу менен кечки тамака жаны гана олтурушкан, куйуп турган телевизордон Жылдыз Мусаева деп тааныштырган ундон селт эте карады. Ооба Жылдыз! Коз албай тиктеп турду. Суйлоп жатып, жылмайып койгон адаты боло турган... Сагыныптыр. .. Ушунчалык куса болуптур, деми кысыла энтигип кетти. Апасы пультту алып каналды которо салды. Жанар таарыныч, ыза толгон козу менен апасын бир карап алды да эшике атып чыгып кетти. Ашканада эч нерсени тушунбой тамак салып жаткан жубайы артынан карап кала берди. Келин болуп келгенине 3 жылдын жузу болду. Уйдогу бул корунушко, мындай аба-ырайына тушуно албай келет. Жакшы олтуруп эле Жанар менен апасы суйлошпой калышат. Кайын атасынын козу тируусундо бир аз уйдо шан боло турган, ал козу отуп уйдо жымжырттык. Жада калса кээ кундору тамакты да ун-соз жок ичишет. Чыны кашыктын гана дабышы чыкпаса тымтырс. Эми гана уйду кулкуго болоп турган уулу Белек. Там-тун басып калган наристе баарынын эрмеги. Жанар кээ кундору баласын которуп алып, айыл чекесиндеги алма бакка басып келет. Чон адамдардай уулу менен суйлошо берет.
Азыр да уйдон чуркап чыгып ошол бакка келип калганын байкабай калыптыр. Жылдыз менен ушул жерде олтуруп сырдашышчу. Чон алманын тубуно олтура кетти. Ыйлап жатты. Кадимкидей козунон жаштар агып, бара-бара уну чыгып солкулдап ыйлап жатты. "Жылдыз сени сагындым" - деп кыйкырып алды. "Уйлонду деп укканда кандай абалда калдын экен байкушум? Таштап кеттин деп куноолоп, жазалап жашагандырсын? " Апапак койногун кийип, козунон жашын агызып ыйлап жатканын элестетип дуйносу тарып кетти. "Билесинби сени унута албаганымды. Андан сени издейм. Ал жакшы, бирок башка. Таптакыр башка. Дилиме, журогумо чоочун адам ал"-Жанардын орттонгон журогу ушуларды шыбырап жатты.
Коп отпой чет жактагы достору менен байланышып, жумуш суйлошкон Жанар чет олкого учуп кетти. Мына ошол убактан бери ушинтип жашап келет. Айылга уй-булоосуно келсе узагы менен 1 ай турат да кайра кетип калат. Жылдызды унуткусу келди. Жылдар отсо да унутулбай кайра кучоп, кокуроктогу жарасы ырбап бара берди.
Ал эми Жылдыз. Жылдыздын жашоосу озгорду. Аял киши ыйлап жатып коз жаш менен кокурогундогу дартын чыгарып алат экен. Ар тундо жаздыктын учун мыкчып ыйлап жатып, сарыккан коз жаштары бара-бара убакыт отушу менен токтоду. Турмушка чыкты. Кудай жалгап ыймандуу, токтоо, бир сырдуу жигитке жар болду. Уулду, кыздуу болду. Мезгил оз октомун кылып, улам алмашып жылдарды сурду. Балдарына байланып кокурогундогу жарасы унутулуп бир кездердеги от болуп, коодонун куйкалап айласын кетирген сагыныч, куса дегенди унутту. Анын ордуна балдарына болгон энелик суйуу, мээрим деген сезимдер бучур байлап эски суйуусу кеч куздун суук шамалында калып кеткен жалбырак сымал тебеленип жок болуп баратты. Жолдошунун каалоосу менен теледеги жумушун таштап, ушул китеп саткан дуконду ачып иштетип келет. Баары оз агымы менен жай бараткан агып жатканда мынтип кайра тагдыр буларды кезиктирди.
-Бактылуусунбу? - Жанар келиндин коздоруно карап жалооруп сурады.
-Бактылуумун! Уулум, кызым, сыйлап алаар жарым бар.
Жылдыз жылмайган калыбында жооп берди.
-А мен ушундай бактылуу боло албадым! Эмнеге сендей болуп мен башка адамга дилимди ача албадым? - Жанар канырыгы тутой ыйламсырады.
-Алган жарым алтын адам. Жашаганыбызга канча жыл болсо да, журогум башка адамга тиешелуу экенин билсе да, унчукпай жашап келди.
Жанар буулугуп суйлоп жатты. Качандан берки сагынычы эми козундогу жаш менен тамып кеткенин билбей калды. Жылдыз жанындагы, чачын бирин серин ак аралап, бактысыз экени коздорунон корунуп турган бул адамды аяй тиктеп турду. Бир убактары озу суйгон Жанары ушундай болуп жашоо кечирип жатканына ичи ачышты.
-Жанар, аялынды кор кылба. Сага унчукпай жургону менен тундосу жанында жатып журогу мин олуп мин тирилгендир. Биз аялдар конулубуз жок болсо да, балага байланып жашап кете алабыз. Уй-булоодо эркектин кайдыгер болгону жаман.
Жылдыз Жанардын колдорун кармап, коздоруно карады:
-А мени сагынбады дейсинби? Сагынгам, бирок айла жок тагдырыма конгом. Алгач сени куноолоп, жоопкерчилиги жок, той куну таштап кетти десем. Кийинчерек убакыт отуп сагынганымда кечиргем. Бактылуу болушунду чын журогумдон сурангам. Сени суйом Жанар. Ошол бала кезимдегидей таза, ошол жаштыгымдай жалындуу суйом дале. Болгону ал суйуу журогумдун тупкурундо. Мурункудай бучур байлап оспой, ал сезимдериме туболук куз тушкон.
Келин Жанардын колдорун кое берди.
-Бактылуу бол.
Эки ооз созду чын журогунон айтты да, ишенимдуу кадам таштап, басып кетти.
Жанар ошол турган калыбында копко турду да, бир убакта эсине келе жолун улады. Сейил бактын чыга берерде артына бир кылчайып алды. Сапсары болуп тошолгон жол, бирин серин болуп шамалга учкан жалбырактар, ушул бакта Жылдыз экоо эрчишип далай кузду тосушкан, далай суйуу, сагынуу, сезимдерине, далай бактылуу ирмемдерине кубо болгон. "Кош бол менин куз тушкон сезимдерим" - деди да уйун коздой жоноду. Уйундо аны жубайы, балдары кутуп олтурган. Жолдон баратып, гул алды. Жашагандарына 16 жыл болсо биринчи жолу жубайына атап гул алды. Муну коргондо келинчегинин кандай кубанып кетерин элестетип, уйго тез эле жеткиси келип шашып баратты.
(аягы)