”Эстедим”
Сөзү, обону: Бахрам Азимовдуку.
Ээрчишип экөөбү з жаздагы таңда,
Чачтарың сеңселип жазгы шамалга.
Жылмайып жүзүң дөн жылдыз жанганда,
Сага ашык болгонумду ыйлап эстедим.
Сенден алыс жалгыздыктан азап тартканда,
Майда, майда басканың ды ыйлап эстедим.
Кайырма:
Эстедим, эстедим,
Сагынып сени эстедим.
Күн өтүп, ай өтүп алмашты жылдар,
Жылдардын арасында кайгы, муң, ый бар.
Ортобузга нөшөрлө п жааган аппак кар,
Жазды эңсеп ыйларыңды жаным эстедим.
Кусалыктан жанчыламын сыздап муңканам,
Башкага жар болгонумду ыйлап эстедим.
Кайырма:
Эстедим, эстедим,
Сагынып эстедим.
Элестеп ар дайым ошол сезимдер,
От болуп удургуйт назик көңү лдөр.
Жүрөктө айыкпаган арман кайгылар,
Ал бактылуу күндөрү мдү сыздап эстедим.
Сынды сүйүү күзгүлө рү, сынды махабат,
Жараланган жүрөгү мдү тыңшап эстедим.
Кайырма:
Эстедим, эстедим,
Сагынып эстедим.
Билдирүүнү түзөткөн: jaja_23: 06 Июнь 2007 - 15:13