- Ким бул?
Жооп болгон жок. Айлана тымтырс.
- Кызык. Азыр эле кимдир бирөө каккылабады беле.
Ушинтип сүйлөнгөн боюнча дарбазанын эшигин ачкан Тотунун дене бою дүркүрөп, жүрөгү шуу эте түштү.
- Ээ, Жараткан Аллах, бул эмнеси?
Калтаарый түшкөн аял артка кетенчиктей бергенде жерде жаткан оромол кыбырап, ичиндеги ымыркай ыңаалап жиберди.
- Бул бала го! Э, кокуй, эми эмне кылдым, ыя? Менин коколой башымдан башка эч кимим жок экенин билген эле бирөөнүн колунан келди го бул иш.
Заматта денесин майда калтырак баскан Тоту эмне кыларын билбей саал ойлонуп турду да, эңкейип баланы колуна алды.
- Алда ананайын, ай, курсагың ачка го, ээ? Ушул сени төрөгөн аял да энеби? Жерге кирсин ошол эне болбой! Эркектин койнуна кирип жатып бергенди билгенден кийин боюна бүтүрбөй сактанганды да билбейби! Туудубу, багышы керек. Анте албаган соң айланабы эркек менен жатып, бетпак десе!
Ушинтип орой сүйлөп жиберген аялдын ачуусу мурдунун учуна келе түштү. Анан тез-тез басып түз эле өзүнүн бөлмөсүнө кирди да, баланы диванга жаткыза салып бетине үңүлдү. Мурду кырдач, кара торусунан келген мотурайган сүйкүмдүү наристе экен. Аман-эсен чоңойсо келишимдүү жигит болчудай. Эзели эне болуп, наристе жытын жыттап көрбөсө да, эмнегедир ушул тапта ичи элжиреп кетти Тотунун. Аңгыча өзү менен бирге жашаган Айна аттуу кыз башбагып калды.
- Эже, уруксатпы?
- Уруксат. Айтчу зарыл сөзүң барбы?
- Жок. Жөн эле келдим. Бош болгонумдан улам зеригип, анан сизди эмне кылып жатат деп…- баланы көрүп босогодо ката түштү кыз.
- Кир бери. Эмне туруп калдың? Кел, андан көрө мага жардам берип, тигил сүттөн жылытып жибер. Байкуштун курсагын тойгузалы.
Айна аялдын айтканын заматта аткара салып жанына отура кетти.
- Бул кайдагы бала, эже?- деди суроолуу жүзү менен.
- Эшиктин алдына таштап кетишиптир.
- Таштап?! Чын элеби?
- Анан эмне, калп айтып жатат дейсиңби мени?
- Эми муну эмне кыласыз?
- Багып алам да.
- Коюңузчу.
- Койбой эле. Тууган энеси акмак болсо болсун. Бирок мен адамга жагарлык иш кылайын. Балким, бул Кудайдын мага берген белегидир.
Тотунун бул сөзү чын жүрөгүнөн чыгып жатты.
Эртеси эле жакын тааныштарын чакырып, өзүнүн уулдуу болгонун жар салды кубанган Тоту. Атын Султан койду. Ошол күндөн баштап бечара аялда дагы бир түйшүк башталды: түн уйкудан калуу, балага тамак берүү, астын кургактап, жалаяктарын жууп-жаюу сыяктуу. Ошого карабай жүрөгүндө бүтпөс кубаныч бар. Ал - эне болуу бактысы. Ооба, Тоту - эми бала жытын жыттаган бактылуу аял.
Тоту бир кезде турмушка чыгып, кийин төрөбөстүгүнүн айынан күйөөсү кетирип жиберген. Жашоодон көңүлү калган аял ошол боюнча күйөөгө чыкпай жалгыз өтүүнү максат кылып койгон. Бирок ойлоп көрсө, бала багып алуу бир да жолу оюна келбептир. Анан минтип ойдо жок жерден тагдырында бурулуш болуп отурат. Болбосо Тотунун күнүмдүк акча табуудан башка турмушта эмне кызыкчылыгы бар эле.
***
- Саламатсызбы?
- Саламатчылык. Келиңиздер.
Күүгүм талаш короодо баланын кийимдерин жууп-жайып жүргөн Тоту удаа-удаа токтогон эки машинадан түшүп жаткан кардарларды көрүп, алардын астынан утурлай чыкты. Кебетелерине караганда акчалуу немелер көрүнөт. "Бүгүнкү ишим, буюрса, оңунан чыкмай болду",- деп сүйүнүп алды ичинен аял.
- Үйгө кириңиздер. Бөлмөлөр эс алууга абдан ыңгайлуу. Ал жагынан кам санабаңыздар. Кудайга шүгүр, бардык шарттар бар. Ал эми баасы саатына жараша.
- Биз бул жерде таң аткыча болобуз,- деди биринчиси. Анан акчасын төлөп, жанындагы айымы менен бөлмөлөрдүн бирине кирип кетти.
- А биз бир сааттык убакытка эле келдик,- деди экинчи эркек Тотуга табышмактуу тигиле.
- Кандайча бир саатка? Таң аткыча бирге бололу деп сүйлөшпөдүк беле?!- жанындагы айым таң калычтуу да, суроолуу да карады мырзасына.
- Ооба, ошенткенбиз. Бирок, мен өтө зарыл жумушум бар экенин таптакыр эсимден чыгарып коюптурмун. Кечирип кой.
Айымын ушинтип сооротуп жатып негедир сымбаттуу бул мырза Тотуга уурдана тигилгенин койбоду. Муну кыраакы аял сезбей койгон жок. "Кызык, эмне үчүн мени минтип карайт?"- кыжаалат болду ичинен Тоту.
- Мынакей акысы,- мырза акчаны сунуп жатып Тотунун колун эч кимге билгизбей акырын гана кыса кармап койду. "Бул эмнеси? Катынсаак неме го, кыязы". Тотунун денеси ток тийгендей "дүр-р" эте түштү да, өзүнүн бөлмөсүн көздөй басты.
Эртеси адатынча баланы Айнага карматып коюп, Тоту кардарларды тейлеп жүрдү. Аңгыча эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Ачса колуна бир букет роза гүлүн көтөрүп, кечээки колун кыса кармап кеткен мырза туруптур.
- Саламатсызбы?
Шыпылдай басып короого өзү жалгыз кирип бараткан эркекке таң кала караган Тоту "балким, айымы машинасынын ичиндедир" деген ой менен токтой калды.
- Кечиресиз, мырза, сиз…
- Менин атым Искен. А сиздикичи?- башка сөзгө көңүл бурбай дароо эле таанышууга өткөн эркектин мындай кылыгы аялды ого бетер апкаарытып жиберди.
- Тоту.
- Көп кездеше бербеген ысым экен. Баса, байкашымча, тең чамалаш көрүнөбүз. Кап этпесеңиз, бири-бирибизге "сен" деп эле кайрыла берели. Кандай дейсиң?
Көздөрү жалжылдаган бул мырзанын өткүрлүгүнө, өзгөчө сымбатына өзүнүн кандайча арбала түшкөнүн сезбеген Тоту макулдугун билдирип башын ийкей салды.
- Айымыңды чакырбайсыңбы? - деди анан бир маалда эсине келе калгандай.
- Мен жалгыз келдим. Ал эми бул гүл сага.
Эми Тотунун оозу даана ачылды. Өмүрүндө далайды көрсө да, эзели мындай окуяга кабылган эмес. Гүлдү аларын же албасын билбей турган аялдын абалын түшүнө калгандай Искен букетти кармата салды да:
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 23 Август 2014 - 01:11