Андан бери далай мезгилдер өттү. Жаш туруп башынан далай кыйынчылык өткөргөн үчүнбү, айтор Султан абдан өзгөрүп кетти. Эми ал өтө токтоо, ар нерсеге терең көз караш менен караган, турмушка олуттуу мамиле кыла билген жигит. Жүрөгүн ооруткан бир гана нерсе, өткөн окуяларды дале унута албай келет. Алина, Айша, Гуля… Азыркыга чейин жашоосунда бул үчөөнүн үч башка орду бар.
Алина… Элеси дагы эле көз алдында. Өмүрүндө андай сулуу аялзатын эч жерден кезиктирген эмес. Анан калса, өтө назик, абдан акылдуу жан эле. Чындап сүйдү Султан Алинаны. Өкүнүчтүүсү,
ажал эрте эле алып кетти.
Айша болсо кийинки тунук сүйүүсү. Ага "эми эч кимди сүйө албасам керек" деп жүргөндө жолуккан. Тилекке каршы, өзү эле эмес, тагдыры да Алинага окшош болду.
Гуля тууралуу кеп башка. Анын сүйүүсүн жоопсуз калтырса да, баарыбир экөөнү түбөлүккө байланыштырчу нерсе бар. Ал - кызы Лилия. Ошого карабай Адис менен ажырашып кеткенден кийин Гуля акыры башкага турмушка чыкты.
***
Гулянын турмушка чыкканын укса да, кызынын алдында аталык милдетин аткаруудан Султан качкысы келбеди. Ошондой күндөрдүн биринде, кудай жалгап, Гуля өзү телефон чалып калды.
- Алло, Султан, бул мен - Гулямын. Иштер кандай?
- Жаман эмес. Өзүңдө эмне жаңылык бар?
- Күйөөгө чыкканымды өткөндө эле айтпадым беле сага.
- Ооба. Айтор, бактылуу болсоң эле болду.
- Маңдайыма жазылганы ушул экен. Сен болсоң баарыбир мени сүйбөйсүң. Алтургай мага бала үчүн да үйлөнмөк эмессиң, чынбы?
Эмне деп жооп берерин билбеген жигит унчукпай калды.
- Султан, угуп жатасыңбы? Эмне унчукпайсың?
- Сен экөөбүзгө нике кайып буюрган эмес, Гуля. Антсе да кызымдан баш тартпайм. Эгер каршы болбосоң, Лилияны кез-кезде болсо да көрүп, ага ата катары колумдан келген жардамымды берип турайын.
- Бул сөзүңө рахмат. Эми анын башка атасы бар.
- Бирок мен…
- Кечирип кой, Султан. Сени канчалык сүйсөм да экөөбүздүн жолубуз эки башка экенин акыры түшүндүм окшойт. Ким билет, балким, сени өмүр бою унута албай жүрүп өтөрмүн. Ошентсе да мындан ары жашооңо тоскоол болгум келбейт. Сага бакыт каалайм.
- Кызык, сен эмне, мени менен биротоло коштошуп жатасыңбы?
- Башка аргам барбы, Султан? Ооба, Лилия сенин да кызың, ага жолугуп турууга акың бар дечи. Бирок, сени көргөн сайын жүрөгүмдөгү эски жарат козголуп, сага болгон сезимим тынчтык бербей кыйнала берем. Ошону түшүнчү. Мен да адаммын го. Аяп койчу. Тынч жашайын.
- Эмне дешти да билбей турам.
- Эч нерсе дебей эле кой. Болгону, бизди унут. А мен сени унутайын. Күйөөм менен бактылуу жашаганга аракеттенип көрөйүн.
- Гуля…
- Кош, Султан. Кош, армандуу сүйүүм менин.
Телефондон Гулянын ыйлап жаткан үнү угулду.
- Мени укчу, Гуля.
- Тү-үт, тү-үт…
Гуля трубканы коюп салды. Мындай күтүүсүз окуядан улам дендароо боло түшкөн Султан далайга чейин ордунан козголбой ойлонуп отурду. Анан көз алдына кызы Лилиянын аруу жүзү элестеп, эми аны экинчи көрбөй тургандыгын ойлогондо жүрөгү мыкчыла ооруп кетти. "Кантип эле? Мындай болушу мүмкүн эмес! Кызым, өзүмө окшошум, кичинекейим.
Сени чын эле мындан ары көрбөймүнбү?
" Эмнегедир ишенгиси келбеди жигит. Ушул мүнөттөрдө гана жүрөгүнүн түпкүрүндө аталык сезими эбак эле ойгонгонун байкады. Бирок, кеч болуп калган эле.
***
Ошол боюнча Гуля чын эле дайынын таптырбай кетти. Аны канчалык издесе да, Султандын бул аракетинен эч майнап чыккан жок. Акыры үмүтү үзүлгөндө гана тагдырына баш ийип, оор үшкүрө отуруп калды курган жигит. Эми жашоодо дагы бир жолу өз бактысын издеп, баарын актай барактан баштоо керектигин,
андан бөлөк айласы калбаганын сезди.
(Аягы)
Татаал тагдыр. Автору: Аскербек кызы Саадат.
#22 23 Август 2014 - 01:33
Аралаштырбай эле көчүрдүмбү?
В каждой шутке есть доля правды...
#24 23 Август 2014 - 19:31
Чынын айтсам чыгармага жакшы тушунбодум.
бир еле жазып кетип атып башка жери жазылып кетет.мисалы тоту ошентип айтты деп жазган анан Султан чоноюп кеткен берки киши менен турмуш курдубу жокпу жазылган емес.кыскасын айтканда тушунбодум бул чыгармага
#26 25 Август 2014 - 00:13
Жакшы эле тушундум,терен мааниси бар чыгарма,ушул чыгарманы окуп эле каармандардын кылган куноолорун кайталабасак кандай жакшы элее.Айжамал эже рахмат сизге!
#28 29 Август 2014 - 15:10
Ооба ирети менен жазылбаптыр,
бирок аракет кылып тушунсо болот.Жакшы чыгарма экен рахмат.
#29 29 Август 2014 - 20:04
Сонун чыгарма экен.
Ишимди унутуп эле,чыгармага кирип кетпедимби.
Рахмат Айжамал.
Дагы коп чыгармаларды кутобуз.
Ишимди унутуп эле,чыгармага кирип кетпедимби.
Рахмат Айжамал.
Дагы коп чыгармаларды кутобуз.
#30 29 Август 2014 - 22:25
Салам баарыныздарга.
ушул болумдогу чыгармалардын баарын окуйм.сиздерге чон рахмат.бизге окшогон окурмандар менен болушконунуздор учун ыраазымын.
#31 30 Август 2014 - 08:27
Ошон үчүн түндө көчүрбөш керек эле да.
Аралашып кеткенин өзүм деле сезип калгам).
Аралашып кеткенин өзүм деле сезип калгам).
В каждой шутке есть доля правды...
#32 31 Август 2014 - 03:31
Өтө эле кайгылуу экен...
Анан ушунун баарын бир түндө көчүрүп салдыңбы?
Анан ушунун баарын бир түндө көчүрүп салдыңбы?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#33 31 Август 2014 - 13:59
#34 02 Сентябрь 2014 - 16:13
Жакшы чыгарма экен. Рахмат сизге. Бирок аралашып эле кетпей, коп жерлерин калтырып да кеткенсизби,
айтор эптеп тушунуп окудук:-).
#35 10 Сентябрь 2014 - 21:35
Kaygilu turmuw eken minday turmuw adabi9tta ele kezdewsin,sonun 4igarma eken