diana_9393 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 3 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (1 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 13 Апрель 15
- Кароолор:
- 2 190
- Соңку аракети
- 13 Апр 2018 18:12
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 31 жашта
- Туулган күнү:
- Май 9, 1993
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Лысыйларга (скинхед)ким тең келет?
Жазылган күн: 2 Май 2015
Кыргыз патриот жигиттерибиз, кыздарды сабап, кыйын болушпай, ошол скинхеддерди сабап, кыйын болушпайбы? ! -
Темасы: Уйлонбогон бала ажырашкан кызды алабы?
Жазылган күн: 14 Апр 2015
Жогорудагы теманы окуп, жооп жазганды туура кордум. Анткени, мен да бир турмуштан чыкканмын. Жаш болсом да, жашоонун сыноолоруна кабылып, урулуп, согулуп, айтоор, бир эмес далай ирет ыйлаганы жетиштим. Анда эмесе соз башынан болсун: бир бала менен 4 жыл суйлоштум. Дал ошол 4 жылдын ичинде биздин башыбыздан эмне деген гана кундор отподу?! Бактылуу да, бактысыз да, жакшы да, жаман да кундор отту. Дал ошол 4 жылдын ичинде ал бир уйлонуп, ажырашканга да жетишти. Ажырашуусунун себеби: ал баланын мага болгон арзуусу себеп эле. Ажырашканы менен кайра эле туура 6 айдан кийин башка кызга уйлонуп алды. Менден эмне учун баш тартканын дагы да болсо тушуно албай келем. Жигитимдин экинчи ирет уйлонуп алганына ызаланып, депрессияга кабылып, озумо келе албай жургон кундорумдун биринде, мени алып качып кетишти. Жакшы эле каршылык корсотуп, олтурбаганга аракет кылдым, бирок, курошуп олтуруп чарчап калган жаным, аргасыз жоолук салынып, кошогодо олтуруп калганга мажбур болдум. Кыргызча кылып эле чакан той берилип, нике окутулуп, чон' тоюбуз кузундо берилмек (апрель айы болчу), бирок ага жетпей эле менин боюма буткон кезде, мени жалдыратып, ак никелеп алганына карабастан: мен эки жылдан бери бир кыз менен суйлошом, ансыз жашай албайм деп кеткен бойдон, кайрылып келбеди. Ошол бойдон коргон жокмун. Анын мени таштап кеткендигин 6 ай бою жашырып журдум уйдогулордон. Боюмда бар экенин да суйунчулоп эч кимге айткан эмес элем. Жадакалса, баламдын атасына да айтып жетишпей калганмын. Ал кеткендин эртеси боюмда бар экенин туйгам. Андан кийин мени менен 2 кун телефон аркылуу байланышып турду да, андан кийин биро толо кабары жок болуп кетти. Телефон аркылуу айтсам, балким, кайра кайтып келмек беле дейм?! Бирок, кете турган эркекти ичимдеги баланы бетке кармап, алып калганым менен, бугун эмес болсо дагы- эртен', эртен' болбосо- башка куну таштап кете берет экенин тушунуп,унчукпадым. 6 ай бою жашырганымдын себеби- умутумду узо албаганым болду. Балким, бироо- жарымдан угуп калса, кайтып келээр, менин туугандарым ал тууралуу жаман ойдо калбасын деген ойдо жашырып, уй жакка коп келчу эмесмин. Бирок, ким аркылуу, кантип, кайдан уккандарын билбейм, менин тууган- туушкандарым куйоомдун качан эле кетип калганын жаап- жашырып жургонумдон кабардар болушкан сон' ызы- чуу тушуп жатып калышты. Бирок, эми баары кеч эле. Алар бир эмес он ызы- чуу салган кундо деле, аны жетелеп келип, бизди чогуу жашатып коюу колдорунан келмек эмес. Эки тарап бир топ убакытка чейин урушуп- талашкандары менен эч майнап чыкпады. Алар оздорунун баласын акташат, меникилер мени акташат. Ошентип билинбей убакыттын отушу менен эсен- аман коз жарып, уул тороп алдым. Менин фамилиямды ыйгарып, озум ысым ыйгарып, супсулуу жигит кылып, азыр 3 жашка чыгарып алдым. Озум бир жарым жашына чейин карап, азыр апамдардын колунда. Тентектиги менен баарыбызды кубанычка болоп турган мезгили. Азыр Москвадамын. Белгилуу жогорку окуу жайлардын бирине тапшырып окуп атам. Колл- центрде оператор болуп эмгектенем, айлык акым да жакшы. Менин максатым: кыйратып окуп атам, анан ушундай жерде иштейм деп мактануу эмес. Ушундай кыйынчылыктардын артында, жакшы кундордун бар экенин сиздерге жеткируу болду. Андан кийинки максатым баламдын атасына: менин боюмда бар кезимде жалдыратып, ыйлатып таштап кеткенине сынган жокмун, "олуп калган жокмун", тескерисинче, кучтондум. Ушул кундорго жалан' гана коз жаш, окунуч, стресс, депрессиядан тузулгон кундор аркылуу ушул кундорго жеттим. Бир бала менен таанышып, суйлошконубузго бир жылдан ашуун убакыт болду. Башында баламдын бар экенин жашырып, ага айткан эмесмин. Бирок убакыттын отушу менен жалганым ачыкка чыгып, аны туура тушунуп, туура кабыл алды. Ал уйлоно элек бала. Менден 5 жашка улуу. Башында бир аз чоочулаганым менен, азыр кадимки эле корунуш. Кээде таарыныша кеткен учурларыбыз деле болот. Андайда менин оюма эмнелер гана келбейт?! Менин балам бар болгону учун, мени менен суйлошконуно бироолордон уялабы?! Мага уйлонобу, уйлонбойбу? ! Ата- энеси каршы болсочу деген ж.б.у.с суроолор менен башым ман' болуп калат. Бирок, мен андан эч нерсе талап кылбайм. Анткени, менин жашоомдо мени ар дайым суйоо турган бир "эркек" бар. Ал менин балам.
Достору
diana_9393 Досторду кошо элек
Комментарийлер
Iskender90
09 Май 2015 - 16:48