Жакшы экен кызыктуу. Уландысын кутом!
Сенден башканы сүйө албадым
#22 12 Март 2019 - 19:20
Мен эми келин болдум! Сүйүктүү адамымдын кудай буйруп тагдыр кошкон түболүктүү жарымын! Бактым тоодой болуп,күндөн күнгө жүзүм жарык болуп,үй-бүлөнүн таттуу күндөрүн өткөрүп жаттык. Жаңы баш кошконго үйгө бирин-серин коноктор келип кетип жатышат. Үйдөн дайыма ак жоолук салынып алам,жоолукчан жүргөнүмдү Бекзат дагы аябай жакшы көрөөр эле. Жумушка да чыгып,иштей баштадым. Жумуштарымды болушунча эртерээк бүтүргөнгө аракет кылып,үйгө шашам. Үйгө эмнеси болсо да Бекзаттан биринчи барып,тамак жасап иеин,кечке жүрүп курсагы ачты го дейм ичимен. Бир күнү чарчап тургам,жумуштан да кармалып үйгө бир аз кечигип барып калдым. Үйгө кирип келип эле мурдума аябай табитти ачкан жыт урунду. Кухняга кирсем Бекзат тамак жасап атыптыр,фартукту тагынып алган.
-Келегой алтыным! Көрсө аябай чарчайт турбайсыңбы, жумуштан келип тамак жасап,анан үйлөрдү ирээттеп. Эми сага колумдан келишимче жардам берем,-деп келип бетимен өптү.
-Апей да,бул жумуштар менин милдетим да!
-Милдетин болсун,сен чарчап атпайсыңбы? А мен эркек башым менен келип телевизор көрөм да уктайм! Эми сага дайыма көмөктөшөм, -деп жылмайды. Август айларында экөөбүз эле көлгө барып эс алып келмей болдук. Бул экөөбүздүн тең эстен кеткис эс алуубуз болду. Бир жумача жүрүп кайтып келатканда:
-Кийинки эс алуу Таиландда болот,жаным.
-Буйруса!
Сентябрь айларынын дем алыш күндөрү болчу,Бекзат экөөбүз эртең менен тамактанып отурганбыз. Бир учурда көңүлүм айнып эле,даараткананы көздөй чуркап жөнөдүм. Артыман Бекзат чуркап жөнөдү. Кусуп жиберсем эле Бекзат коркуп кетти көрүнөт,мени карап эле телефонун алып бирөөгө чалып атты.
-Кимге чалып атасың?
-Тез жардамга.
-Чалбай эле кой,кечээ туздаган бадыраң жеп койгом,көп жеп алган окшойм.
-Жүрөктүн баарын түшүрөсүң да. Жүрү больницага барып келели,-мени алая бир карады. Анан ары жактан менин телефонум шынгырап калды.
-Ким экен? Өзүң эле сүйлөшө берчи,жакшы болбой турам,-дедим мен. Көрсө апам(өзүмдүн апам) чалып жаткан экен. Бекзат телефонду алып ары бери басып сүйлөшүп жүрдү. Мени кайда деп сурады окшойт бир кезде:
-Айдай кечээ туздалган бадыраң көп жеп алган окшойт. Жүрөгүм айланып атат деп кусуп атат.
-Иий,күчүгүм! Боюнда бар бекен? Жакшы болгон турбайбы! -деген апамдын сөзүнөн кийин гана бири-бирибизди карап алып түшүндүк. Мурунда боюна бүткөндө көңүлү айнып кусат анан ачуу бир нерселерди жегиси келет деп угуп калган элем,бирок эмнегедир ал нерсе Бекзат экөөбүздүн тең оюбузга келбептир. Мени карап алып жылмая берди,дааратканадан чыккандан кийин гана мени көтөрүп алып айлантып кирди.

#25 12 Март 2019 - 23:19
Эртеси күнү жеке менчик ооруканалардын бирине барып калдык. Дарыгер аял жакында эне болоорумду айтты. Жанымда отурган Бекзат менден бешбетер сүйүнүчү көккө жетип,жымыңдап алган. Экөөбүздөн өткөн бактылуу адам жок! Апаларыбызга сүйүнчүлөп чалдык биринчилерден болуп,анан экөө тең бул биздин тун ымыркайыбыз болгондуктан көп баарына айта бербей,өтө сүйүп жакшы көрбөшүбүздү айтышты. А сүйүнбөшкө айла барбы? Кийинчерээк Бекзат чыга элек курсагымды сылап коет.
-Балабыз чоңое элек да,эмнесин сылап атасың?
-Башынан эле жакшы мамиледе болуп баштайын да,анан карабай койду деп кийин сени көбүрөөк жакшы көрүп кетет,-деп күлүп коет. Дегеним менен менде укмуштуудай бир башкача сезимдер болуп жатты,бир адамдын ичинде эле башка бир адам жаралып анын жүрөгү согуп жатса. Ал сезимдерди сөз менен айтып түшүндүрө албайм,энелер эле сезип түшүнсө керек. Сүйүүбүз күч алып турган кези экен. Бири-бирибиздин көзүбүздү карап эле турабыз. Кичине уруш чыгып кетсе дароо мен унчукпай калам күнөөлүү кишидей. Бекзат менин ошол кейпимди көрүп алып эле уруша кеткенибизди унутуп коет. Бактылуу экенмин! Бекзаттай күйөөлөр бул жашоодо чанда гана кездешет,аны жакшы билем. Көп үй-бүлөлөрдү көрдүм,Бекзаттай камкор,аялзатын сыйлай билген,үй-бүлөгө жоопкерчиликтүү эркектер өтө эле аз. Ухх дей калсам эле кылып аткан ишимди колумдан жула талашып,эс ал деп колума китеп карматып отургуза коет. А мен анын эркек башы менен менин ишимди кылып атканын көрүп мыйыгыман күлүп коер элем.

#26 12 Март 2019 - 23:46
Бат эле декабрь айы келип калды. 1декабрда укмуш кар жаады,биринчи балабыз болгонгобу кичине кыйналдым. Бекзат болбой атып жумуштан мөөнөтүнөн эрте эле чыгарып салды,үйдө отуруп калдым ошентип. Үй жумуштарымды шашпай бүтүрүп коюп,Бекзат экөөбүзкө тамак даярдайм да аны кутөм. Бекзатым дагы чыйпылыктап жумушунан шашып бушуп үйгө кирип келет да,тизелей калып курсагымды тыншай калат. Эхх,ошондогу эн бактылуу көз ирмемдерим!
-Азыр тебинбейт,кичине чыдап тур,-десем деле болбой курсагымды тыншай берчү. Бир жолу билем УЗИге мени менен чогуу барып курсагымдагы кичинекейдин жүрөгүнүн согушун угуп алып жашып ийген эле,аны көрүп алып мен жашып. Жаш,жаңы үйлөнгөн жубайлар болгонубузга карабай баардыгы бизге суктанып турушчу. Жала калса курбуларым Бекзаттай сүйгөн жигит болсо дароо ойлонбой турмушка чыкмакмын деп да айтып калышаар эле. Мен дагы аябай жакшы адамга турмушка чыкканымды билчүмүн,кээде ичимен мен ага татыктуумунбу деп да ойлонуп кетчүмүн. Жаңы жыл жакындап калган,айылга ата-энебизге барабыз деп оокат-кече,азык- түлүк,өзүбүздүн белектерибизди алып койдук. 30декабрь күнү жолго чыкмакпыз. Ал күн келип ана чыгабыз деп турганда Бекзат:
-Иий,мен бир нерсени унутуп калыптырмын. Азыр барып келе калайынчы.
-Эк,Бекзат. Ушундайың жаманда. Жүрү чогуу эле чыгып унуткан нерсеңди алып андан ары жолго чыгып кетели,-десем болбой бат эле деген бойдон шаша-буша кийине баштады. Анан мени бир башкача көздөрү менен карап,бетимен өөп алып чыгып кетти. Чуркап барып терезден анын караанын караган боюнча калдым. Бир саат өттү жок. Келип калаар дедим,чалсам албайт. Журөгүм бир нерсени сезгендей бушайман болуп,ары бери басып жүрө бердим. Чалсам албайт,досторуна чалсам билишпейт. Үйдө отура албай эшикке чыгып далай жолу карадым. Кеч курун отуруп уктап кетиптирмин, телефон шынгыраганынан атып турдум. Бекзатпы деген ниетте карап ийсем кайыниним чалып атыптыр айылдан. Буга эмне болгон деп жүрөгүм болк дей түштү.
-Алло,жеңе кандайсыз?-деди кайним үнү каргылдана.
-Жакшы,Максат. Бекзат каякта? Ал таптакыр жок үцдөн кеткен боюнча,кабатырланып атам,-ыйлап жибердим.
-Жеңе,чоң энебиз кайтыш болуп Бекзат абам айылга келди. Азыр сизди айылга алып келгени Адил(Бекзаттын досу) кетти,барып калды го үйүңузгө,-деп телефонду өчүрүп койду. Ичимен чоң энебиз каза болсо ага жаман болуп жүрөт го,ошого телефонду албай жатат дегеним менен жүрөгүм юир орунда турбай атты. Көп өтпөй Адил чалып, үйгө кирип сумкаларды көтөрүшүп түштү. Кейпи башкача,чоң энеге кайгырып ыйладым деп койду. Жолдо баратып эмнегедир:
-Адил,чынынды айтчы Бекзат жакшы элеби?-деп сурадым. Кысталып атып араң жооп берди. Айылга кирип бардык тез эле,ага чейин Адил экөөбүз деле ачылып сүйлөшпөдүк. Жада калса уктац албай да койдум. Боз үй тигилип турат. Эл көп. Машинадан түшөөр менен эле жеңелер келип мени үйгө алып киришти. Эмнегедир Бекзатты сурай бердим,эч ким жооп бербейт. Эми чындап коркуп баштадым. Эшикке атып чыктым да,боз үй жакка жулунуп бараттым. Эч кимдин үнүн да,караанын да көзгө албай боз үйгө киоип бардым.

#27 14 Март 2019 - 06:59
Улантсанар боло,куттурбой жакшы жазып жаттынар элего.
Ооба баары акылдуу...
#30 14 Март 2019 - 20:11
Саламатсыздарбы урматтуу окурманлар?
Эки күндөн бери ооруп жазууга чамам тийбей атат. Кечирим сурайм,күттүргөнүм үчүн)
Боз үйгө кирип эле көп аялдардын арасынан көзүмө дароо апам илинди(кайынэнем).
-Алда куурагыр балам ай? Эмне жамандык кылдың? Эмнеге бизди калтырдың? Энкңди тирүүлөй өлтүрөйүн дедиңби? Бекзатым,каралдым! -деп апам кыйкырып ыйлап жатты. Мен ошондо деле жанымдын жарымынан түбөлүккө айрылып калганымды, эми аны эч качан көрбөсүмдү, үнүн укпасымды түшүнө албай турдум.
-Айланайын,сабыр кыл Айдай! Бекзаттан айрылып калдык!-бирөөсү келип кучактай калды. Көзүмө жаш айланып,өзүмдү таппай турдум. Басып барып апамдын бутуна жыгылдым. Оозума сөз келбей,көзүм караңгылап эсимди жоготуп бараттым. Анан бир учурда боз үйгө бир жигит кирип Бекзаттын сөөгүн алып келгенин айтып чыгып кетти. Ага чейин чындап эле Бекзаттын өлүмүнө ишене албай турдум эле,ордуман тура калып шаша-буша эшикти көздөй жөнөдүм. Канчалык анын жансыз денесин көргүм келбей турса дагы,болбой эле кишилер чогулуп турган жакка бараттым. Анан короого киргизилип келаткан карап чүпүрөк менен жабылган табытты көрдүм. Жерге табытты коюшту да чүпүрөктү кичине ачып бетин көргөзүп коюшту. Ошондо Бекзатымдын ордуна мен өзүм бул дүйнөдөн өтүп кетким келди. Артынан мен дагы кетким келди. Кийинки жашоомдун кызыгы деле жоктой,жашоодон тажап,бүт баарына тим болуп турдум.
-Бекзат,көзүңдү аччы! Бекзат дейм,мени жалгыз таштаба суранам,Бекзат! -деп жерге сыздап жыгылганымда бирөөсү келип тургузайын дедиби айтор,бирлл колумдан тартып атты. Анда жансыз денени кармабоого болбоорун деле билбептирмин. -Тийбегилечи! Акыркы жолу көрүп алайын! Мага тийбегиле! Бекзат,аччы көзүңдү! Мени таштабайм деп сөз бербедиң беле? Ушинтип таштап кетет белең? Жок дегенде балабызды көрүп калбайт белең?-ой-боюма койбой мени үйгө сүйрөп алып кетишти. Ошондогу Бекзатымдын муздап,жансыз жаткан денеси,кайра тирилип келчүдөй сезилген. Анда эмне,жан-жарымымды жоготуп турганда ойлонбой да калгам. Эсиме келип келалбай таң атты. Түнү деле боз үйдө апамдын жанында ыйлап отура бердим. Апам мени карап,курсагымдагы баламды карап ыйлайт,бирде сооротсо,бирде мен апамды карап алып мен токтоно албай шолоктойм. Бирин-серин кирип бизге көңүл айтып атышты.
-Курсагыңда Бекзаттынтукум улоочусу бар! Көп өзүңдү кыйнай бербе,буйруса аман эсен көзжарып ал,-деп айткандары болушту. Эртеси күнү кара кийинип боз үйдө отурдук. Ата-энкм,туугандарым кирип келишти. Аларды деле көзгө илгеним жок. Сөөктү чыгаруу зыйнаты убактысы дагы келип жетти. Анын табытта жаткан муздак денесин көрүп алып жүрөгүм жарылып кетейин деди. Эми мени сүйүүгө толгон көздөрү менен караган Бекзат жок! Эми мени эч качан жалындуу көздөрү менен карабайт эле. Эркелетип,курсагыман сылап беттмен өппөйт эле. Балабызды көрбөй ушинтип өтуп кетет белең? Жаңыдан жашообуз оңолуп,бактылуу өмүр сүрүп баштаганда, мени түбөлүккө жалгыз таштап кетет белең?

#31 15 Март 2019 - 11:26
Жакында бир айылдаш аке отуп кетип, жапжаш келинчеги 2 айлык уулу менен сыздап калды.Бул дагы дал ошондой окуя го( журогум ооруп кетти....ээээхх
#34 17 Март 2019 - 04:06
Уй-булолук бактылуу кундорумдо ушинтип мага алыкпай суйуу тартуулап,мага кам коруп,жашоондун бир болугу болуп калган адам бир куну эле айтпай-этпей туболук жалгыз таштап кетсе,даана айыкпас оору ошо турбайбы. Кыркы чыккыча кайын-журтумдун уйундо болдум,келип куран окутуп конул айтышса эле токтоно албай ыйлап кирем. Бир кундо эле ойлобогон жерден журогумду сууруп кетет деп ким ойлоптур? Ооба,журогу жок калгандай эле туюлду. Бекзатымдын артынан ээрчип кетким келди. Кадимкидей олгум келди.
Корсо Бекзаттын шашып уйдон чыгып кеткени,мага жаны жылга карата шакек белекке берем деп буйрутма берген экен. Ал туурасында унутуп коюп так айылга чыгаарда эстегенин кара! Шашып барып шакекти алып,жолдун бери жагына отуп келатканда жогорку ылдамдыкта келаткан машина сузуп кетиптир. Шашканынан жолду карабай калган тура байкушум! Эмне мынча шаштын экен? Аны кийин чонтогунон чыгарып мага беришти шакекти. Аны дагы кооз кутучага салыдрыптыр. Ошондо боздоп ыйлагымчы? Ушул шакекти алам деп жанымдан айрылдым. Билем,бул шум ажал да тагдырдын жазганы. Бирок жакынын жоготкон киши тушунсо керек,кунолуу бир нерсени эле издей берет экенбиз.
Бир куну курсактагы наристеге 5 айча болуп калганда анын тебингенин сездим. Журогу жок,тируулой олукко айланган адамдын эле ичинде башка бир адамдын журогу согуп жатты,тебингенин, кыймылдаганын сездим. Кантип тируу наристеге бул жарык дуйного алып келбей озумду кыям? Жок,мындай болбойт! Курсагымдагы наристени торойм дагы,Бекзатымдын артында туяк калды деп анан Бекзаттын артынан барам. Эх,ырайымсыз дуйно! Мага ушундай аз эле бактылуу жашоо бергенинди билгенимде, ошол аз убакыттын ар бир саатын,ар бир мунотун баалап-барктап жашабайт белем?! Болбосо ата-энелерибиз каршы чыкпаса эбаак эле баш кошуп,эбаак эле балалуу болуп калмакпыз... Балким,Бекзатым балабызды колуна кармап,аны эзиле эркелетип жытынан искеп алмак? Дал ушундай ой башыман кетпей туруп алды. Кыркылыгын берип уйдон киши тарап,озумдун ата-энем уйго келип ары жакта чай ичип,кобурашып отурган. Козумду жашка толтуруп,ызаланып кирип бардым да баардыгын жек коруп карап жаттым. Алардан биринчи эле атам козумо урунду.
-Мурун эле уйлонобуз дегенде туугансынар, уйлонбойсунор деп баарынар ар тараптан каршы чыгып менин жашоомду талкаладынар! -атамды карап суйлоп жаттым,ушунчалык жек коруу менен караган экенмин коркуп кетиптир.
-Кызым,сага коп кабатырланга болбойт!
-Ошондо бактыбызды тилеп,батанарды берип койгондо Бекзат менен кобуроок бактылуу мунотторду откормокмун! Балабызды да коруп калмак беле? Алда байкушум,эмненден жаздын экен? Кимге эмне жамандык кылдын экен?-деп тамга жолонуп жерге жыгылдым. Козумдун жашы токтобой,ичимден сыздап,жок журогум бут денемди музга,ташка айлантып баратты. -Баарынарды жек кором! Мени бактылуу жылдарыман айрыганынар учун,баарынарды жек кором уктунарбы! -апаларым ыйдап жиберди,кайын энем бери басып келип мага жыгылды.
-Каралдым,Айдай. Бизге деле уулубузду жоготуу оной эмес,сенин абалынды дагы тушунуп турабыз. Коп ачууга алдырып,коп ойлоно бербе! Курсакта наристе бар,жок дегенде наристени ойло! Кандай айтсан,ошондой айт! Билип турабыз,кунообуз бар. Эми тагдыр ошондой жазып,Бекзатыбыздан айрып койсо биз эмне кыла алабыз?-кайынэнем колумду кармап ал дагы жашып жиберди. Отуруп алып кучакташып ыйлап атабыз. Баардыгы ыйлады.
Кийинчерээк Бекзаттын жогу ого бетер билинип,канчалык ичимен куйуп турсам дагы курсактагы наристемди ойлоп озумду колго алганды уйрондум. Курсагым чонойгондон чонобп баратты,кайынэнем торогучо биздикинде бол деп кетирбей койгон. Анын устуно Бекзат экообуз жашаган уйго барганда ар тараптан анын элестери коз алдыма тартылып ал уйдо тура албай койгом. Жаз мезгилинин май айы аяктап калган болучу. Тороор маалым да жетип калды. А менин оюмда тороп коюп,озумдун жанымды кыйып олтуруу эле. Анткени алдыга дагы умтулуп эч кандай максат коюп жашабай калганыма коп убакыт болгон. Бир куну толгоом келип,больницага алып барышты кайын-журтум. А менде эч кандай сезим жок! Тируунун олугумун. Торот башталды. Ак халатчан дарыгерлер ары-бери шашып ушуп чуркап журушот. Эсимди жоготуп коюптурмун. Чон бир талаа,талаада эч ким жок болсо дагы,жаратылышы жагымдуу. Ары жактан аппак кийинген бир караан келатты. Ооба,Бекзат экен! Мен олуп баратамбы?

#38 18 Март 2019 - 19:48
Өлүп бапатат окшоймээ? Ооба,Бекзат мени алып кеткени келди. Анын жанына чуркап бараттым,ал болсо кайра менден алыстайт. Болбой эле шамал менен жарышкан немече чуркап баратам,же ага жете алсамчы? Бир кезде Бекзаттын жагымдуу конур үнү кулагыма жаныргансып угулду.
-Айдай! Сени көргөнүмө кубанычтамын!
-Бекзат! Мени алып кетчи суранам! Мени алып кет,жалгыз таштаба Бекзат!
-Эмне деп атасын Айдай? Наристебизчи? Сени алып кетсем ким карайт? Балабыздын экөөбүз жок өсүшүн каалап атасыңбы? Менин бул жакта жүргөнүм эле жетиштүү! Сен наристебизге татыктуу тарбия бересиң,мен сага ишенем Айдай!
-Бекзат... мен жалгыз кыйналып кеттим!
-Эми жалгыз эмессиң,жаныңда уулуң бар, мен дагы жаныңарда болом ар дайым! Эгерде өзүңдү кыйууга аракет жасасаң анда мен сени кечире албайм!-деген Бекзаттын карааны улам алыстагандан алыстай баштады. Эсимди жоготкондон 6 сааттан кийин көзүмдү ачтым. Тумандап отуруп акырындан бөлмөгө көз чаптыра баштадым. Түш көрдүмбү же чын эле өлүмдөн аман калдымбы? Аз калдым окшойт. Апаларым отуруптур жанымда.
-Ай,көзүн ачты! Чакыр,чакыр доктурду! -деп апам чыйпылыктап жүрдү,аңгыча эшикти ачып ак халат кийген доктур кирип келди.
-көзүңдү ачтыңбы? Эсиңе келдиңби? Баарыны жүрөгүн түшүрдүң окшойт ээ?-доктур сүйлөп жатты,эч нерсени түшүнгөнүм жок. Толгоом келип атып,анан эсимди жоготуп койгонум үчүн эсиме келеби деп күтүшүп,анан көпкө созбой кесерево жолу менен баламды алып чыгып алышыптыр. Көп убакыт өткөрбөй кичинекей ымыркайды колуна алып акушер кирди. Баламды колума карматышты, акырын алып көкүрөгүмө койдум да ыйлап жаттым. Эми ушул кичинекей Бекзатым үчүн жашайм! Бекзатымдан калган кичинекейим! Колдорун карачы,буттарычы? Эми мен ЭНЕМИН!
-Данияр...-дедим акырын үн чыгарып апамдарды карап.
-Ия?
-Бекзат кыз төрөлсө Ажар,эркек төрөлсө атын Данияр коем деген.
-Айтканыңдай болсун,Данияр болсо Данияр...-деп ары жакта өзүнчө күбүрөшүп жатышты. А мен болсо кичинекей ымыркайымды көпкө чейин карап турдум да,көзүмдүн жашын агызып Бекзат болсо кандай болмок деп ойдонуп жаттым. Ал сүйүнүчү койнуна батпай,көздөрү жылдыздардай эле жанып,балабызды колуна алмак да,бактылуулугунан келип мени бооруна кысып чекемен сүймөк. Сүйүнгөнүнөн баарына чалып сүйүнчүлөп, баары менен кубанычын тен бөлүшүп,мени айланчыктап эле чыкпай калмак. Ичим күйуп турду. Ушул канынан жаралган балабызды колуна албай,анын тай-тайлаганын, басканын,күлгөнүн, биринчи сүйлөгөнүн көрбөй калганына,балабызды эркелетип калбаганына ичим күйүп турду. Ушундай бактылуу мүнөттөрүмдө колума балабызды алып турган чагымда анын жанымда болбогонуна ичим күйүп,өрттөнүп турду. Баламды карап алып аман-эсен жарыкка алып келгениме сүйүнсөм,атасынын жаныбызда болбой калганына жүрөгүм ооруп,болушунча бакырып-бакырып ыйлагым келди.
Ошентип 4кундөн кийин төрөтканадан үйдөгүлөр чыгарып кетишти. Ушу убакытка чейин кайын-журтумдукунда турдум деп,өзүбүздүн үйгө кайтууну туура көрдүм. Кайынэнем менен апам эки айча жанымда болуп, билбегенимди үйрөтүп, жардам берип жатышты. Эки ай өткөндөн кийин апаларым өз үйлөрүнө кайтышты. А мен өзүмдү 3бөлмөлүү үйдө жалгыз сезип,өзүмдү жоготуп баратканымда жаныма каралашып тур деп 16жаштагы сиңдимди алдырып алдым. Ошентип жүрүп ортодон бат эле көз ачып жумгуча 2жыл өтүп кетти. Ал эки жыл ичинде деле Бекзатты болбой эле сагына бердим, канча түн ыйлап таңды атырдым. Анан дагы Даниярым чоңоюп улам бир өнөрлөрү чыгып мени алаксытып жатты. Тили чыкканы эң биринчи айткан сөзү "папа" болду. Көздөрүчү? Кудум эле Бекзаттыкындай.

#39 19 Март 2019 - 11:50
Эххх, мындай тагдырды мен да башымдан откоруп жаткан кезим. Жолдошумдун кайтыш болгонуна беш жылдын жузу болду, бирок ар бир тунду ый, сагыныч менен откором. Бирок менин уч балам бар, эн кичинекейим он кундук болгондо суйуктуум бизди таштап кете берди. Сизге сабыр тилейм. Жолдошунуздун жургон жери бейиш болсун.
#40 19 Март 2019 - 15:32
sumay2015 (19 Март 2019 - 11:50) жазган: