Oylonkyrgyzym Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 787 (0,25 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (231 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Январь 16
- Кароолор:
- 26 058
- Соңку аракети
- 15 Май 2018 15:19
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 96 жашта
- Туулган күнү:
- Август 28, 1928
- Кызыгуусу:
- Изденуу...
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Кереметтуу Ала-Тоо...
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
bessmertiy
24 Апр 2021 - 19:42 -
casperr
09 Июн 2020 - 19:27 -
Sagyn.91
14 Ноя 2019 - 22:28 -
Meruet84
26 Окт 2019 - 22:12 -
Pankration_MMA
29 Апр 2019 - 01:13 -
mawa.32
20 Мар 2019 - 03:25 -
unt_75
11 Фев 2019 - 02:13 -
Wold
14 Янв 2019 - 21:55 -
AIA-TOO
12 Дек 2018 - 14:27 -
Suluuushka
06 Май 2018 - 15:59
Мен ачкан темалар
-
Кыргыздарга биринчи илим-билим маанилүүбү же сулуулукпу?
Жазылган күн: 13 Фев 2016
Ош: илимден сулуулар артыкпы?!
Жүз миңдей студенти бар Оштогу түрдүү окуу жайлардын бири дагы көзгө басар илимпоз же ойлоп табуучу адис чыгара албай жатышат.
Ош технологиялык университети билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуу жайга үч өлчөмдүү принтер сатып берген. Бирок бул окуу жай ал принтерди жөндөп иштетип кеткен студенттердин тобу бар деп мактана албай турган кези.
Аймактагы жалгыз техникалык окуу жайдагы илимий иш-чаралар теориядан алыстабаган формалдуулукка айланып кеткенин жетекчилиги моюнуна алат. Студенттердин илимий аракеттерин колдоо долбоорлору жок.
Ушундай эле көрүнүш Оштогу бардык окуу жайларда бар. Маселен Ош мамлекеттик университети жеңил-желпи шоулорду жыл сайын уюштурууну салтка айландырып алган.
Жыл сайын «Мистер ОшМУ», «Мисс ОшМУ», «Окутуучулар обон созгондо», «Идеалдуу түгөйлөр» сыяктуу оюн-зоок кечелеринин ар биринин байгесине 100 миң сомдой жумшалат. Ошол эле учурда студенттерди илимге азгырууга, жаңы технологияларга тиркеме жазууга, ойлоп табуучулукка, өз алдынча ишкана ачып кетүүгө багыттаган иш-чаралар уюштурулбайт.
Бул окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Тасилкан Жумабаева университет азырынча илимге эмес, маданиятка көп артыкчылык берип жатканын айтты:
- Билим түбөлүктүү, сулуулук убактылуу деп, чырайлуу кыздарды өз убагында барктап коёлу деген аракет. Негизи ЖОЖдо билимге артыкчылык берип, илимге шыктуу адистерди тарбиялап алууга болот. Бирок биздин практикада эң мыкты окуган студентти контракттык төлөмдөн бошоткон, жок дегенде 50% бошоткон учурду көрө элекмин. Бизде студенттерге материалдык жардам билимине эмес, социалдык абалына карап берилип калган. Маселен, томолой жетим, майып, Ооган, Баткен согушунун катышуучуларынын балдарына берилет дегендей. Бирок муну университет өзүнүн уставына киргизүү менен билимдүү студенттерди колдоону ишке ашырса болот. Муну мен айтып эле келатам.
Учурда Оштогу бир дагы окуу жай өз студенттеринин илимий ойлоп табуучулук аракеттерин көзгө көрүнөрлүк материалдык байге менен сыйлабайт. Дейт Анара Жолборсова:
- Жогорку окуу жайларда илим-билимге тиешеси жок иш-чаралар тез-тез өткөрүлүп турат. Сулуулар конкурсун уткан бийкечтерге чет өлкөлөрдө эс алып келүүгө жолдомо берилет. Бул билимге умтулган студенттердин өзүнө болгон ишенимин жоготот деп ойлойм.
Учурда Ош шаарында он жогорку, жети орто кесиптик окуу жай бар. Буларда окуган студенттердин жалпы саны 100 миңди чапчый.
Учурда Ош мамлекеттик университетинин 600 миллион, Кыргыз-өзбек университетинин 140 миллион, Ош технологиялык университетинин 150 миллиондон жылдык бюджети бар. Азырынча бул окуу жайлардын бири да студенттеринин ири илимий ачылыштары менен мактана албайт. Коомчулук болсо таңгактап диплом тараткан окуу жайлардан тиш чукугуч чыгарганга жараган бир адистин чыкпай жатканын сынга алууда.
Сиздердин оюнуздар кандай???!! ! -
Бийкечти "айым" деп атоо - шылдың. Сиздердин оюңуздарчы?
Жазылган күн: 19 Янв 2016
"Кыргыз тили, жана адабият" илимдеринин адистери, жана профессорлорунун, кыргыз элине туура суйлоо боюнча кайрылуулары! !!
(Кыргызда: "Чымчык сойсода кассап сойсун" деген соз бекеринен айтылган эмес, ошол сыяктуу, арбир тармактын акыйкатын билуу учун, ошол тармактын адистеринин ой-пикирлерин угууга, жана аткарууга милдеттуубуз). ..
Бийкечти "айым" деп атоо шылдың...
Акыркы жылдары массалык маалымат каражаттарында иштеген журналисттер кыргыз тилин жат, түшүнүксүз, келегей сөздөргө толтурууда. Көпчүлүгү мунун эне тилиндеги сөздөрдүн маанисин жакшы билбегендиктен, билимсиздигинен, көркөм адабий китептерди окубагандыгынан жасап жатат деп ойлойбуз.
Дээрлик бардык эле телеканалдарда, радио менен гезиттерде бийликтеги кызматкерлердин бири кызматтан алынса “Ал кызматынан чегинди” деп жазып, айтышчу болду. Журналисттердин “чегинди” деп жазганы туура эмес. “Чегинди” деген сөз “Турган ордунан кайра артка кетти” деген маанини түшүндүрөт. Маселен согушта душмандан жеңилип баратканда, же кайрадан жакшылап күч жыйнап келиш үчүн артка чегинет. Бул сөздүн кызмат менен эч кандай байланышы жок. Андыктан “Кызматынан чегинди” деп айтып, жазбастан кыргызча эле “Кызматынан алынды” же “Кызматынан түштү” деп айтып, жазуу керек. “Кызматынан четтетилди” деген да туура болбойт...
Кыргыз бойго жеткен кыздары тургай деги эле кыздарды эч качан “айымдар” деген эмес. Бойго жеткен кыздарын “кыздар”, “бийкечтер”, “селкилер” деп атаган. Беш көкүл кызды же күйөөгө тиелек кызды “айым” деп атаган шылдың. Мунун шылдың экенин тилекке каршы бүгүнкү кыздар да, жигиттер да, журналисттер да билишпегени өкүнүчтүү. Эгер мунун маанисин түшүнбөгөндөргө түшүндүрүш үчүн одоно салыштырууга туура келсе анда “байталды–бээ” деп, “музоону– уй” деп, “күчүктү–дөбөт” деп атагандай эле кеп...
“Айым” деген сөз кыздарды эмес, күйөөгө тийгенден кийин эки-үчтү төрөгөн, токтолуп калган аялдарга карата айтылат. Анын үстүнө кыргыздарда “айым” деп көрүнгөн эле ургаачыны атай берген эмес. Элдин урмат-сыйына татыган, колунан иш келген, керек болсо эл башкарган, журттун куту болгон аялдарды “айым” деген. “Айым” менен “мырза” деген титул. Даражага тете аталыш...
Кыргыздар бекеринен Курманжанды “датка айым” деп атабаган. Ургаачылардын баары эле Каныкей, Айчүрөк же Курманжан боло алган эмес. Мына ушул “айым, мырза” деген сөздүн маанисин түшүнбөгөн журналисттер бүгүн беш жашар баладан тартып беш көкүл кыздарга чейин “мырзалар жана айымдар” дей берип, элдин башын маң кылып бүттү. КТРдын “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы? ” берүүсүн карасаңыз, кепкенедей балдар-кыздарды “мырзалар жана айымдар” деп атап олтурганын көрүп жаның кейийт...
Кыргыздын бир радиосунун алып баруучу кызы “Шаарда бомж айымдар көбөйүп баратат” деп айтты. Айымдар эч качан көчө шыпырып, ичкилик ичип, таштанды аңтарып селсаяктык кылган эмес. “Айым” деген атка татыктуу аялдар “ак сөөк аялдар” болгон. Аялдарга “айым” деген кызматтагы орду үчүн эмес, элдин урмат-сыйына татыган эмгеги үчүн берилген...
Үзөнгү-Кууш менен Каркыраны саткан депутаттарды кантип “мырзалар” деп атаганга ооз барат? Булар деген элдин чыккынчылары, саткындары эмеспи. Анан жерин саткан чыккынчы “мырза” болобу? Деги эле депутаттарды, чиновниктерди “мырза” деп атоонун өзү туура эмес...
Качып кеткен президенттерди кантип “мырза” дейсиң? Ошондуктан сөздү айтуудан мурда анын маани-маңызын жеткире түшүнүп туруп айтсак деген ой. Кыргыз деген ар бир сөзүнө алтындай маани уютуп, эч жеринен кынтык кетирбей, кылдат сүйлөгөн, сөз кадырын мыкты билген эл болгон, андыктан ойлоп сүйлөп, ойлоп жазсак, анткени сөздүн кунун кетирген элден касиет качарын биле жүрсөк...
(Тема окшош болсо, окшошуна кошуп коюсуздар жогорку жак???)... -
Динсиз улут, улутсуз дин, адашуунун булагы...
Жазылган күн: 13 Янв 2016
Ассалааму алайкум мусулман-кыргыз биртуугандарым! Теманын аты айтып тургандай эле, бугунку кундо сабатсыз динчилдерибиз динибизде аша чаап, (Радикалдашып) аркандай улуттук, жана салттык баалуулуктарыбызды жокко чыгарып, же аткаруудан баш тартып жатса, ошол эле учурда, улутчулдукта, же КЫРГЫЗЧЫЛЫКТА гы сабатсыз кыргыздарыбызда аша чаап, (Улутчулдукта радикалдашып) салттуу (Суннит) диний баалуулуктарды, же Кудайдын буйруктарыны четке кагып, оз акылдарына таянып жокко чыгарып, чон адашууда жана куноого батышууда...
Бирок, дене рухсуз болбогондой эле, улутта динсиз боло албайт, эгер динсиз улут жаралып калса, анда алар чоон адашууда. Анткени Кереметтуу Куранда: "Мен силерди улут-улут, уруу-уруу кылып жараттым, себеби бири-биринерди таанып, катташуунар учун" деп, улуу Аллаах озу эскертип жатат, демек улут, каада-салты, урп-адаты менен улут катары таанылат, ошол эле учурда, аша чапкан каада-салт, урп-адаттарды Ислам дини тартиптеп, бир калыпта кармап турат...
Мисалы Ислам окумуштууларынын изилдоосу боюнча, олгон адамдын ички органдары, жана денесиндеги кандары 9-11 сааттан кийин бузулуп, сасый баштайт, сасыганда да дуйнодогу эн жаман жыт адам затынын денесинин бузулуусундагы жыт болуп эсептелет. Демек ушул далилге таянсак, Ислам дини олгон адамды дароо комгуло деген эреже так жана туура болуп чыгат. А бирок биздин кыргызчылыктагы аша чабуу жолуна тушкон, кеебир кыргыз азаматтары, олгон адамдарын сасытып, уч кун, уч тун кармоосунда кандай акылмандуулук, же кандай баалуулуктар бар?-деген суроо пайда болот. Эчкандай пайдада, баалуулуктарда жок, болгону олгон жакыныныдын жытын элге жарыялап, бузулган денесин мактангандай эле болуп олтурасын, келген кеткен адамдардын табитини бузуп. Мына ушуга окшогон пайдасыз уруп-адаттарыбызды Ислам динибиздин эрежеси тартиптеп, тазалап, бизге туура салт, туура жолду корсотуп турат...
Эгер кыргызчылык салттарын оз акылыбызга салып, ислам динисиз кармай турган болсок, анда биз кыргыздар туну-куну мазарларга (Мурзо кабырларга) сыйынып, ошол жерлерде уктап, эстелик-баатырларыбызга сыйынып, ибаадатчылык, же кулчулук кылуу жаатындагы адамдык сапаттарыбыздан айрылып калмакпыз...
Улуу Хадисте; "Хуббул макаан миналиийман- Мекенди суйуу ыймандан" деп эскертип жатат, демек мекенди оз эрежеси, оз тартиби менен суйуу бул ыймандуулуктан. Эгер аша чапкандык, же кайдыгерлик менен суйуу, бул адашуудан болуп саналат. Мекенди суйуу учун, ал мекенди тынчтык ырахатына бологон ислам динибиздин эрежелерини, тартиптерини, жана илимдери менен кенеен таанышуубуз керек, андан кийин улуттук баалуулуктарга, салт, урп-адаттарга отуубуз керек, эгер Куран, Шарият, жана Хадис илимдерини терен уйронбой эле динчилдике, жана улутчулдука отууго аракет кылсак, албетте булда адашууга алып келуусуно шек жаратпай койбойт...
Мисалы кыргыздарда "Жети токоч таратуу" деген салтыбыз, же урп-аадатыбыз бар, бул адатыбызды кеебирки сабатсыз динчилдерибиз "Бида-туура эмес жанылык" деп кабыл албай журушот. Жок, бул абдан туура нерсе, себеби Куттуу Хадисте: "Ассодака даффун балаа-Садака балеени кайтарат, же жейт" деп буйруп жатат...
Эгер ушул Хадистин эрежесине таяна турган болсок, анда Кыргыз эли кандайдардыр бир кырсыктан кийин аман калгандар учун, ушул жети токочту таркатышат эмеспи, бирок хадисте "кырсыктан мурда садака бер" деп жатат, ошондо бизда сапарга чыгуудан мурда, кырсыктан (Балееден) сактасын деп бериш керек эле ошол садака окумундогу токочту, бирок антейин десем, шарияттын шугурчулук деген, дагы бир эн пайдалуу функциясы бар, биздин кыргыз эли мына ошол шугур учун: "Эсен-аман кутулду кырсыктан" деп, Кудайга шукур иретинде беруусуда мумкун деп кееде божомолдоп кетем...
Себеби шариятта садака беруунун окуму суннот болсо, шугур кылуунун окуму ваажиб болуп калат, ошон учун салттуу ислам динин карманган кыргыз элим, амалдын кучутуусуно басым жасап,) жети токоч таратып келген чыгаар. Бирок кырсыктан кийин берседа, мурун берседа бул адатыбызды ислам эч качан жокко чыгарбай, тескерисинче Хадис менен бекемдеп жатат...
Эмнеге 9, 11, эмес 7 токоч?-деген суроо пайда болбой койбойт. Эгер 7 токоч деп чектебесе, анда барибир 5, же 9 деп бир сан менен чектемекта, анын айырма жокко, болгону ошол учурдагы элдин жашоо шартынын, финансылык абалынын шартына жараша 7 токоч деп атаган чыгаар, себеби коп токоч бер десе колунда жоктор кантип бермек, же азыркы кундогу "Байга тен келем" деп той кылып жаткандарга окшоп банкротко кирип кетмекта, ошон учун бай-кедейине бирдей болсун укук болсун деп, колдон келген олчомду берууну улуттук эрежеге киргизишкен. ..
Тушоо кесуу салттык оюнубуз, бул обндуда коптогон сабатсыз динчилдерибиздин жокко чыгарганына кубо болуп журом. Бирок бул дагы улутубуздагы эн соонун салтыбыз, же урп-адатыбыздан болуп эсептелет. Баланыз, же кызыныз жаны там-тун баскан кезде, кошуна колонду чакырып, бираз белек берип, аларды чуркатып, жарышытырып койуу деген, бул шариятка туура келген адат...
Берекелуу Куран менен, Куттуу Хадисте: "Алыскы жана жакынкы кошуналарынар менен жакшы мамиледе болгула" деп, бир жолу эмес, бир канча жолу эскертип жатат. Дагы бир Куттуу Хадисте: "Бири-биринерге белек бергиле, журогунордогу (Биртуугандык) суйуунор ойгонсун" деп эскертуудо. Ошондо бул тушоо кесуу салтыбызда, ааят, хадистердин эрежесине коро туура болуп жатат, себеби ал куну кошналар менен болгон мамилелер дагы да бекемделсе, белек-бекчек бергенде бири-бириниздерге болгон биртуугандык суйуунор ойгонуп, жашоонор шанга болонот. Демек кичинекей балапан наристениздердин себебинен, канчалаган чон соопторго ээ болуудасыздар. ..
Урматуу биртуугандар, мынтип ааят, хадистин негизинде караштыра берсек, коптогон улуттук оюн-зооктор, салт, жана урп-адаттарыбыз шарият эрежеси менен эриш-аркак болуп дайым бирге журот экен. (Адам олгондо ысырап баткагына баткырган 40 кундук, 52 кундук, жылдык, ж,б, аша чапкан салттарды кошпогондо) ошон учун адам биреле диний багыт, же диний илим менен калбай, ар тараптуулук илимдерди окуп уйроону менен гана, улутуну, жана дининин мыйзам-эрежелерини ойгок коз менен карай алат. Болбосо талаш-тартыш менен гана омурубуз отуудо аттаганат...
Кайсы бир эрежени бузуудагы идеологиялык программалар, аша чапкандык (Радикалдашуу) деп, белгилеп жатышат даанышмандарыбыз. ..
Мисалы: арбир диний багытындагы адамдардын сыйынуу идеологоиясы, кандайдыр бир чексиз куч ээсине гана сыйыныш керек, деп тактап келишет. Демек, диндердеги сыйынуу мыйзам-эрежелери "Бир эле чексиз кудурет ээсине сыйынуу" деген идеологияга келип токтоп жатса, биздин ашынган кыргызчылыкта бул мыйзам-эрежесин бузуп, кайдагы куч ээсине эмес, бир кучсуз-алсыз "Манас" деген адамга сыйынуусу, бул аша чапкандык, же радикалдашкандык деп таанылат...
Дагы бир мисал, шарият мыйзам эрежесинде: "зинаа, же никесиз кошулгандарды 50 камчы (Балак) ургула" деп корсотуп жатса, аны биз 51, же 52 балак урсак, анда булда диндеги аша чапкандык, же радикалдашкандык болуп эсептелип, эрежени бузгандыгыбыз учун адашуудагы, же куноокор деп кабыл алынабыз (Кудай сактасын)...
Комментарийлер
Oylonkyrgyzym ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?