vankuver. Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 4 641 (1,24 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (1908 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 04 Июль 14
- Кароолор:
- 51 450
- Соңку аракети
- 31 Мар 2018 16:16
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 28, 1990
- Кызыгуусу:
- Дүйнөөнү кенен таанып билүүгө.
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Ванкувер
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
alisha00
16 Фев 2022 - 02:49 -
ABUBAKIR___05
23 Дек 2020 - 19:25 -
Sherlok-Helms
19 Ноя 2020 - 22:51 -
Zaatulilm
28 Сен 2019 - 20:13 -
kyrgyz_jigitsh
14 Июл 2019 - 10:01 -
Kymbatym
09 Мар 2019 - 23:03 -
Sagyn.91
20 Фев 2019 - 02:47 -
unt_75
12 Фев 2019 - 03:48 -
Samieva8890
10 Фев 2019 - 14:58 -
beka.007
05 Фев 2019 - 16:45
Мен ачкан темалар
-
Дүйнөгө саякат. География. (Мамлекеттер, шаарлар)
Жазылган күн: 18 Фев 2015
Финляндия Республикасы Suomentasavalta (фин.)
.
Гимни: «Maamme / Vаrt land»
.
Түзүлгөн жылы: 6/12/1917 (Орус империясынан)
.
Расмий тили: фин, швед тилдери
.
Борбору: Хельсинки шаары
.
Ири шаарлары: Хельсинки, Эспоо, Тампере, Вантаа, Турку
.
Башкаруу формасы: Президенттик республика
.
Мамлекеттик дини: лютерант, православ
.
Аймагы: дүйнөдө 64-орунда
Баары: 674 843 км2
.
Калкы: дүйнөдө ө-орунда
Баары: 5млн 340 093 киши
Жыштыгы: 16 киши/км?
.
Акча бирдиги: евро (EUR, коду 978) (2002-жылга чейин – фин маркасы)
.
Интернет-домени: .fi, .ax (Аланд аралдары үчүн)
.
Телефон коду: +358
Саат желеси: UTC +2
.
Финляндия Республикасы Европанын түндүгүндө жайгашкан. Евробиримдиктин жана Шенген макулдашуусунун мүчөсү. Мамлекеттин аталышы швед тилиндеги Finland деген сөздөн келип чыккан. Финдердин өлкөсү деп которулат. Финче аталышы Suomi. Бул аталыш биринчи жолу орус булактарында Сумь (XII к.) деп кездешет. Башында азыркы түштүк-батыш Финляндиянын жери Varsinais Suomi деп аталчу. Бул сөз герман тилинен келген деп айтылат, ошондой эле байыркы швед тилиндеги отряд, тайпа дегенди билдирет. Айрымдар Suomi сөзү фин тилиндеги suomu («чешуя») деген сөздөн чыккан дешет. Байыркы жашоочулары балыктын терисинен кийим тигип кийишкен. Башка вариант боюнча Suomi жеке адамдын аты болчу. Башка версиялар боюнча Suomi сөзү эстон тилинен келген. Анткени, ал жерде Sooma деген жер болгон (эст. soo – «саз», maa – «жер»; түз мааниси: «саз жер»). Келгиндер ал жерди Suomi деп аташкан.
.
Төмөнкү администрациялык- аймактык бирдиги коммуна (кунта) деп аталат. Коммуналар 20 провинцияга (маакунталар) биригет. Кээ бир коммуналар субпровинцияларга (сеутукунталар) биригет. Провинциялардан губернияга (ляаналар) биригишет. Финляндияда 6 губерния бар. Алар: Түштүк Финляндия, Батыш Финляндия, Чыгыш Финляндия, Оулу, Лапландия жана Аланд аралдары.
.
Тарыхы
.
Археологиялык изилдөөлөргө таянсак, Финляндиянын аймагына муз доорунун аягында, башкача айтканда, б. з. ч. 8500-жылы аңчылар келе башташкан. Жергиликтүү калк арасында балык уулоо да абдан өнүккөн. Викингдердин доорунун аяк чендеринде швед соодагерлери жана конунгдары Балтия аймагында өздөрүнүн таасирлерин күчөтө башташкан. 1150/1300-1809-жылдары Финляндия протестант Швециянын карамагында болгон. Орус-швед согушу аяктагандан кийин, 1809-жылдан тартып, Финляндиянын Улуу княздыгы деген аталышта Орусия империясынын курамына автономия катары кирип калган. Бирок, Орусиянын орусташтыруу саясаты финдерди азаттыкка түрткөн. 1917-жылкы Октябрь революциясы аларга көз карандысыздыкты алып келип, фин сенаты 1917-жылы бештин айынын алтысында өлкөнүн көз карандысыздыгын жарыялаган. Ушул учурда өлкөдө башаламандык күчөп, эл экиге (РСФСРны колдогон «кызылдарга» жана немистердин ырааттуулугун кабыл алган «актарга») бөлүнүп, 108 күн жарандык согуш болуп, анда 35 000 адам курман болуп, «актар» жеңип чыгышкан.
.
Финляндиядагы тил
.
Өлкөдө 1922-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча эки мамлекеттик тил бар. Фин жана швед тилдери, бирөөсү биздикине окшоп расмий эмес, анткени, алар «расмий» менен «мамлекеттик» дегендин айырмасын билишсе керек. 1809-1917-жылдар аралыгында Финляндияда 3 тил (фин, швед, орус) расмий тил болуп саналчу. Азыр калктын көпчүлүгү финче, 5,5 пайызы шведче, 0,8 пайызы орусча, 0,3 пайызы эстончо сүйлөйт. Карель, татар тилдеринде 1,77 пайызы сүйлөйт. 1992-жылы өлкөдө «Саам тили жөнүндө мыйзам» кабыл алынган, парламент саам тууралуу мыйзамдарды кабыл алып жатканда, алар ошол тилге которулушу милдет экен.
.
Экономикасы
.
1860-жылдары фин эли айыл чарба менен алектенчү. Өлкөгө индустриализация XIX кылымда болгон. Ал кагаз фабрикасынан башталган. Негизи Финляндиянын экономикасы токой өнөр жайына байланыштуу деп айтышат. Анткени, өлкөдө башка кен байлыктар жок, токой – анын эң башкы байлыгы. Финдердин токой чарбасы боюнча UPM-Kymmene жана Stora-Enso кайра иштетүү компаниялары дүйнөдөгү эң ири ишканалардын бири. Бардык чоң ишканалары өз жумуштарын кагазды иштетүүдөн башташыптыр. Жадагалса, финдердин сыймыгы болгон Nokia компаниясы 1865-жылы анчалык чоң эмес целлюлозду иштетүү заводун ишке киргизүү менен баштаган экен ишти. Кызыгы – Nokia ал заводду 1990-жылдары телекоммуникацияга өтө баштаганда сатып жибериптир. Финляндиянын ИДПсы азыр 190 862 миллиард АКШ долларын түзүп, дүйнөдө 52-орунда турат.
.
Туризми
.
Хельсинкиде 450-жылкы тарыхый эстеликтер сакталган. Алар: порт жана Кафедрал имараты (собор). Келген туристтердин көбү башка шаарларга барып, анан Хельсинкиден чыгып кетишет экен. Туристтер Тампере, Турку, Оулу, Куопио жана Порвоо шаарларына да барышат. Ошондой эле Аавасакса (Aavasaksa) тоосу да бар. Финляндиянын Лапландия аймагында кышкы туризм өнүккөн. Өзгөчө тоо лыжасын жана сноубордду сүйүүчүлөр, спортчулар үчүн тоодон түшүү, бугу, ит арабалары менен кыдыруу туристтердин көбүн кызыктырат. Кеми деген жерде ар бир кыш мезгилинде кардан чоң LumiLinna имаратын жана муздан жасалган мейманканасын курушат. Саариселькя, Леви жана Юлляс аттуу жерлери тоо лыжасы үчүн жасалган жолдору боюнча абдан популярдуу. Ошондой эле айрымдар Финляндияны «Аяз атанын мекени» деп келишкен. Эми 2008-жылдан баштап Кыргызстан «Аяз атанын мекени» болуп калды.
.
Билим берүүсү
.
Өлкөдө жалпы билим берүү 9 жылдык, балдар 7 жашынан тартып мектепке барышат. Бул жагынан биздикине окшош болгону менен, Финляндиянын жалпы билим берүү системасы дүйнөдө 1-орунга чыккан. Биздеги жалпы билим берүү боюнча мектептерде 1200 саат өтүлсө, аларда 900 сааттын тегерегинде эле экен. Финляндияда 21 жогорку окуу жай болсо, анын ону – университет, ону – атайын адистештирилген институт, бирөөсү – аскер академиясы. Турку шаарында 1640-жылы Падышалык академия катары негизделген Хельсинки университети абдан популярдуу. 1827-жылкы өрт кырсыгынан кийин жаңы борборго көчүрүлгөн. Жакшы жагы: жогорку билим берүү, жалпы билим берүү сыяктуу эле, өз жарандары үчүн да, чет элдиктер үчүн да акысыз. Бул – Финляндиядагы байыртан бери калыптанып калган принцип. Чет элдик студенттердин саны көбөйүп баратканынан улам жакын арада жогорку билим акылуу болуп калышы да мүмкүн. -
Сиз эмнеге бакырасыз? Кандай учурда бакыргыңыз келет?
Жазылган күн: 17 Фев 2015
АЧУУЛАНГАНДА ЭМНЕ ҮЧҮН БАКЫРАБЫЗ?
.
Индиялык бир аалым окуучулары менен Ганг дайрасынын боюнда сейилдеп баратып, бири-бирине ачууланып бакырып аткан үй-бүлөнү көрүп калат.
Окуучуларына кайрылып: “адамдар неге бири-бирине ачууланып бакырат?” – деп сурайт.
Окуучулардын бирөөсү: “анткени тынчтыгыбызды жоготобуз” десе, анда аалым: “ачуубузду келтирген адам жаныбызда турса деле неге бакыра беребиз? Ошол кишиге айта турган сөздөрүбүздү бакырбай акырын айтсак деле болгонуна карабай неге бакырабыз?” – деп кайра сурайт.
Окуучулар ойлонуп унчукпай калганда түшүндүрө баштайт: “эки адам бири-бирине ачууланганда, жүрөктөрү бири-биринен алыстап кетет. Бул алыстыктан бири-бирине үнүн угузуу үчүн катуу бакырууга туура келет. Канчалык көп ачууланган сайын ортодогу аралык ого бетер алыстай бергендиктен, андан беш бетер катуу бакырууга туура келет.
Эки адам бири-бирин жакшы көргөндө эмне болот? Бири-бирине бакыргандын ордуна, тескерисинче, акырын сөйлөшүп калат, себеби алардын жүрөктөрү бири-бирине жакын, ортодогу алыс аралык жокко эсе, же такыр эле жок. Ал эми эки адам бир-бирин сүйүп калганда эмне болот? Алар сүйлөшпөйт, болгону кобурашат, анткени жүрөктөрү бир-бирине мурдагыдан да жакын болот. Бара-бара сүйлөшүүгө да кажет калбайт, бири-бири менен тиктешүү аларга жетет. Бирин-бири чындап сүйгөн эки адамдын мамилеси дал ушундай болот”.
Андан соң аалым окуучуларын карап мындай дейт: “андыктан бирөө менен тартышканда жүрөгүңөрдүн алысташына жол бербегиле. Мамилеңер бузулуп бири-бириңерден алыстай турган сөздөрдү айтуудан алыс болгула. Болбосо күндөрдүн биринде артка кайрылып бири-бириңерге жакындоонун жолун таба албай калышыңар мүмкүн”.
-
Финляндиядан салам.
Жазылган күн: 17 Фев 2015
КЕЛСИНКИГЕ» КЕТКЕН ЖОЛ.
.
Тагдырдын тайгүлүк ташына дабаа жок экен. Кайда тоголонуп, кайда жумаланаарыңды билбейсиң, бирок жашооңдо бир жерге тоголонуп барып, «топ» этип түшүп калгандан кийин эсиңе келе баштайт тура, өткөн-кеткениңдин баары көз алдыңда тасмадай чууруп…
Анда Совет доору күжүлдөп турган учур. 70-жылдардын ортосунда мектепте Коом таанууну жана Тарых сабагын окуткан Туратбек деген агайыбыз бар эле. Ички үй тапшырмадан тышкары дүйнөлүк жаңылыктардан дагы окуп келүүбүздү талап кылып, ар кимибизге чет өлкөдөн, борбор шаарларынан бирден моюнубузга «илип» койчу. «Советтик Кыргызстан», «Ленинчил жаш» деген гезиттерди тынымсыз «уйпалап», узун-туурасынан кыркып, жаңылык топтоп эле жатып калмай адатка айланган. Аны көпчүлүгү гезиттен кесе коюп, дептерге чаптап туруп окуп берип коюшат.
Мен болсо эринбей көчүрүп жазып алып, анан окуп берем. Ошон үчүн мени Туратбек агайым мактап-жактап башыман сылап коёт, ага менин мурдумду «балта кеспей» дердейип калам. Гезиттерди ача калып эле издегеним Финляндия менен Хельсинки. Мага туш келгени ушул өлкө менен анын борбору болчу. Гезиттердин четиндеги «колонкаларда» жалаң чет элдик, дүйнөлүк кыскача кабарлар тизилип турчу. Ушул эки атты көргөндө кудум энем эркек төрөгөндөй кубанып кетет элем, эмне дегенде кээде чыкпай, таппай калганда Туратбек агайдын тиштенип, ызырынганы көзгө элестей түшчү. Кыялы чатак эле да.
.
Андан тышкары эки классташ кошуна кыздарды да «шефке» алам, бирине Токиону, бирине Ослону таап колдоруна карматам. Ал кылган «жакшылыгымды» классташтарым Салкын менен Алымбүбү эстеринен эмдигиче чыгарышпаса деле керек. Ошол, ошону менен онунчу классты бүттүк. Ал тапшырмалар, «Финляндия», «Хельсинки» деген аттар таптакыр эстен чыгып мекткепте эле калган. Унутулган.
.
Мынакей кызык, туптуура 33 жылдан кийин, 2009-жылдын күзүндө Алматы шаарындагы БУУнун (ООН) эл аралык бозгундар бөлүмүнөн «сизди Финляндия өлкөсү өздөрүнө кабыл алууга макулдук беришти, даярдана бериңиз» деген кабары ойдо жок жерден Финляндияны экинчи ирет эске салды. Бир күндөн кийин мектептеги баягы тапшырма менен Туратбек агайым эсиме түшүп, катуу таңгалган жайым бар. «Келсинкиге» кетчү жолдомону Туратбек агайым тээ 1976-жылы мектептен эле колума карматып койгон турбайбы дегем.
.
ТУЗ НАСИП.
.
Финляндия дегенде биринчи эле билгенибиз ошол кездеги айылдардагы жыгач үйлөр, ачыктап айтканда «финский домдор» эске түшөт. Андай үйлөр көп боло турган эле, колхоздун ар бир кашарында бирден «финский дом» турчу. Союз тараары менен аларды да тыптыйпыл талкалап жок кылышты. Жыгач-таш тартыш болуп, көздөн учуп турганда ал үйлөрдүн кимге кереги бар? Экинчиси «финский сауна». Аны кийин шаарга келгенде уктум, анда-санда барып буусуна тердеп, чумкуп да койчумун.
Тагдырдын тамашасын карагыла, мына бүгүн, азыр мен ошол финдердин өлкөсүндө «финский домунун» орточо типте салынган үйүндө жашайм. Муну мен туз насип, буйрук деп түшүнөм. Эмесе «ушул өлкөгө келип жашап калам» деген ой эзели түшүмө да кирмек эмес, «топ» этип түшүп калсаң тагдырга айла жок экен. 33 жыл мурун гезиттен эмнелерди окуп, айтып-дегеним эсимде жок албетте, бирок азыр, бүгүн Финляндия жөнүндө айта турган сөзүм оголе көп. Себеби бул өлкө өнүккөн, өскөн, жетишкен, байманасы ашып-ташыган, Европа айдыңындагы өлкөлөрдүн эң алдыңкы сабында турган бирден-бир эркин жана бай мамлекет.
Үйрөнүп, үлгү ала турган жактары четтен табылат, ченемсиз, көп. Биздикиндей, өнүгө албай, өнтөлөп, кыйналып жаткан өлкөгө баары керектей, баарын туурап жасасак, уялбай эле ушуларды ээрчисек болчудай экен. Анткени, аракет кылып, умтулуп, жанталашып иштеп, мыйзамды мыктылап жазып, жазылганын иштетип, сыйлап, темирдей тартип орнотуп койсо эле байлыгы деле, айлыгы деле, өнүгүүсү деле өзү эле жүзүн бурчудай, чуркап келчүдөй экен. Улуп-жулбай эле, элдин эсебинен ичип-жебей эле жетиштүү жашашат экен, капырай..
Чоролору деле, орто-майдалары деле. Баардыгы тегиз, теңчилик. Басып баратып эле байкайсың, бай жашагандарды. Бирок алардын бай экенин өзүнөн башка эч ким деле билбейт, билгиси да келбейт, кызыкпайт. Бакырып-өкүрүп атпаса, аким, депутат, президент болом деп атпаса, тоого бир, ойго бир «хансарай» салып, жалаң «жолтандабас» минип, жоруктары жолдо калып атпаса, кимдин иши, чатагы бар бири-бири менен. Муну мен жетишкен коомдогу жөпжөнөкөй, менменсинип- теңсинбеген, чычайып, тыңсынбаган, өпкө кагып, өйдөсүнбөгөн, кадимкидей эле кайнаган карапайым жай турмуштары жөнүндө айттым.
Акыл үйрөткөндөн алысмын, андай оюм деле жок, бирок «көрүп- билип жатканымдан бөлүшөйүн, аздыр-көптүр айтып берейин, бири болбосо биринин пайдасы тийип, керекке жарап калабы» деген максат, үмүтүм күч. Булар деле кадимкидей бизге, кыргыздарга окшогон эле эл экен, эки колдуу, эки буттуу, баштары деле биздикине окшош, тоголок.
.
«Келгиндердикиндей» баштары башкача, сүйрү болсо бир жөн эле, ошон үчүн булардын «иштерин ийгилик даарып, иттери чөп жеп жатат» дегидей.
Кээде айтып калышканын көп угуп жүрөм, «финдер менен кыргыздардын түп-тамыры биригип кетет, тууган» экен дешкенин. Эч кандай финдер менен кыргыздарын жакындыгы, тамыры, туугандыгы жок. Бир аз окшошуп кеткен мындай жагдайы бар экен: Элинин саны 5, 401 миллион, жеринин аймагы 338, 424 миң кв метр. Кыргызстандыкы: элинин саны 5, 543 миллион, аймагы 199,9 миң кв метр. Уйкаш эки сөздөрү бар, «Менин» дегенди «Минун», «Сенин» дегенди «Синун» деп койушат. Анан буларда да биздикиндей «ө», «ң», «ү» тамгалары бар. Болду.
.
Финдерди сыйкырчыбы дейин десем сыйкырчы деле эмес экен. Бирок жомоктогудай, сыйкырдуу дүйнөдө жашашат. Телегейи тегиз, бизде айтышат го, ар бир кыргыз кыялданып, «кой үстүндө торгой жумурткалаган заман» дешип, сөз жүзүндө гана тамшанып, а булардыкы баардыгы тең иш жүзүндө. Биринчиси, жакшы жашаш үчүн жакшы ойлонуп, аң сезимди оңдоп, ар бир адам өз милдетин так аткара билип, аруулук, тазалык, жоопкерчилик болушу кажет экен. Булар ушул сапатка ээ болуп алышкан.
Элдин жашоосу эмнеге начарлай баштайт. Иштебесе, үйүндө жарыгы, көмүрү, газы, жадагалса ичкенге суусу жок болсо, эртеңки, дегеле жакынкы келечегине көзү жетпесе, үмүтсүз кандай жашоо болот. Адам дегениң мындай учурда ууруга барат, же бирөөнү карактайт, тонойт. Жашоо жанына батып турган немеге баары бир, карактай турган адамы каршылык көргөзсө изин жашыруу максатында же жарадар кылат же өлтүрөт. Жыргабайт, ошол замат таза коомдон бөлүнүп түрмөгө жөнөйт. Өнүгүп-өсалбай, өпкөсү кагынып турган өлкөлөрдүн өнөкөт оорусу, табалбай, андан арылалбай жаткан «диагнозунун» бирден-бир себеби ушул деп койсок болот.
.
ТЕЗЕК ТЕРБЕЙ ЭЛЕ ТЕЛЕГЕЙЛЕРИ ТЕПТЕГИЗ.
.
«Финский дом» демекчи, эң ыңгайлуу, жыпжылуу, 90 пайыз жыгачтан салынган үйлөр. Биздеги үйлөргө кеткен чыгымдарга салыштырмалуу дээрлик арзан. Дубалы деле анча калың эмес, бирок жылуулугу мыкты.
А биздечи, дубалдарынын калыңдыгы жарым метрге жакын, кирпичтен салынган үйлөрдү жылыталбай ушул күнгө чейин убара болуп отурушат го? Кайсыл мезгил болбосун, күндүзү да, түнү да жылуулук менен жарык өчөт деген түшүнүк жок. Болгондо да бүтүндөй тирилик, кыймыл аракет, күнү-түнү дебей жалаң электр энергиясынын күчү менен жүргүзүлөт. Жылуулук берген батареялар атайын автоматтатшырылган, сууктун болушуна жараша иштейт. Дал ушундай үйлөрдү биздин жерге, элибизге куруп беришсе гана деп коём ичимден тамшанып. Абдан ыңгайлуу, кыйла арзан дагы болмок, атаганат!
.
Электр энергияны чектеш Орусиядан алышат. Негизинен коңшулаш Санкт-Петербургдагы АЭС камсыздайт экен. Түнкүсүн жарык күйбөгөн аймак жок. Токой ичиндеги жолдордон бери жапжарык. Жайкысын «буурул түн» маалында деле жаркырап күйүп турат, анткени түнкү убакыт деп эсептелинет. Көмүр казышпайт, газдары деле, ГЭС тери деле жок. Көзгө басаар, алтынга тете байлыгы токой, керемет жаратылышы, болгону ушул. Башканын баарын бөлөк өлкөлөрдөн кызылдай эле акчага сатып алышат.
.
Финдердин жыгач материалдарды кайра иштетүүчү UPM-KYMMENE и STORA ENSO компаниясы дүйнөгө атагы чыккан эң ири ишканалардын бири. Бүгүнкү күндө күпүлдөп иштеп жаткан таанымал ишканалардын басымдуу көпчүлүгү өздөрүндөгү эле байлыгы болуп эсептелген жыгачтарды кайра иштетүү менен алектенип жүрүшүп буттарына туруп алышкан.
.
Ал эми «Финн экономикасынын сыймыгы» аталган NOKIA компаниясы 1865-жылы целлюлозду иштетүүчү чакан завод менен ишмердүүлүгүн баштаган. Азыркы учурда компания чыгарган продукция дүйнө жүзүндөгү 160 мамлекетке кетет. Бүгүн бул ири ишкана 123 миңден ашык адамды иш менен камсыз кылып жатат.
.
Ар жыл сайын Орусиядан алынган мунайзаттарынын бир жылдык көлөмү, жалпы баасы 900 миллион евронун тегерегин чапчыйт. Орусиядан бөлөк мунайзат азыктарын бул өлкөгө Норвегия 30 пайыз, Великобритания 15 пайызга жакынын камсыз кылып турушат. Жаратылыш газы деле дал ушундай жол менен келет. Ортодогу аласа-бересени көпчүлүк учурда бартердик негизде жүргүзүшөт.
Жумушсуздук буларда да бар, бирок аз. Аларды мамлекет «эмне болсоң ошо бол» деп талаага таштап салбайт. Ай бою жашоосуна жеткидей каражатты берет. Ал ошону айдын аягына чейин «кемирет», кайда барат эле, курсагы ток, ичип жеп жатса. Уурулук кылбайт, карактап-тоноп жиберейин дегенди билбейт. Акчасы түгөнүп, эки жакты элеңдей баштаганда эле эсебине кайра акча түшүп калат. Бутуна туруп, баарын ирээтке келтирип алган өлкө мындан жарды болуп деле кетпейт. Тескерисинче пайдалуу жактары көбүрөөк болот экен. Кылмыштуулук, ууру-кескилердин саны кабаттап өсүп турса, түрмөгө адам батпай турса, ошол жумушсуздарга берилген каражаттан канча көп эсе көп каражат сарпталат.
.
Коомдогу терс көрүнүштөрдүн деңгээли асмандап, саны ай чапчып турса кайдагы өсүш, кайдагы жылыш. Ичкендери деле бар, (бул нерсе бүт дүйнлүк «эпидемия» экени талашсыз эмеспи) ичишет, бирок үйлөрүнөн чыкпайт. Көчөлөрдө, коомдук жайларда мас болуп, тамтаңдагандар жокко эсе. Кафе, ресторандарда ашыкча ичип алып «тентек» кылгандарды дароо каттоого алып коюшат жана экинчи ал чөлкөмгө келүүсүнө тыюу салышат. Эгер ага баш ийбей кайра келсе катуу жаза алып калышы толук мүмкүн. -
Дүйнөдөгү жаңылыктар, окуялар.
Жазылган күн: 12 Фев 2015
Кытай дүйнөнүн миллиардерлерин жарыялады
.
Кытайдын "Хужунь" журналынын доллар миллиардеринин рейтингин жарыялады. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС булагы кабарлоодо.
.
Маалыматка ылайык миллиардерлер рейтингине дүйнөнүн 2 089 эң бай адамы катышкан. Тизмени адаттагыдай башында 537 бай адамы менен АКШ, экинчи орунда 430 миллиардери менен Кытай, ал эми алгачкы ирет үчүнчү орунга Индия чыгып, Орусия төртүнчү орунга төмөндөп кеткен.
.
ИТАР-ТАСС булагы быйылкы 2014-жылкы рейтингине Орусиянын ондон ашык бай адамдары тизмеге кирбей калгандыгын белгилеп жатышат. Тизме түзүүчүлөрү Кытай глобалдык экономикада өз позицияларын чыңдай баштаганын билдирүүдө. Кытайлардын жаңы тизмесинде 72 миллиардер быйыл киргизилген. Бул бай адамдардын көпчүлүгү улуттук рынок фондусунун кескин өсүшү менен Кытайда миллиардерлердин саны өскөн. Ал эми капиталды эң көп алып келген, жогорку технология алдыңкы катарда турат. -
Авто унаа сатылат Ош шаарында
Жазылган күн: 24 Дек 2014
Шашылыш турдо Ош шаарында автоунаалар сатылат. Нак акчага.
.
Кара тустуу Legenza женил автосу
жана ак тустуу Жигулу 0-11 автосу.
.
Арзан баада, купуяга байланышсаныздар болот. Абалы орто эле. Жаны да эски да эмес экоотен.
Достору
-
aijan -
mister -
hukker777 -
kaitpas -
XuLiGaNkA -
rnurzida -
bermet104 -
listopad_t... -
Angel92 -
happy02 -
alibekova94 -
Sweet-Lika -
Nurdoolot94 -
byityk -
jasi -
kammilla -
bessmertnyi -
myrzayym -
rumaika5544 -
Oceana -
suyom_seni -
rabia -
Nurmuhammad -
Topchubai -
happyflower -
Akul-Kara-... -
Sagyndym. -
FREZIYA -
Zvezda000 -
KARL-MARKS -
MARGO55 -
Armanymsyz -
Bermet_Kas... -
Adilet94 -
Solnywkoaiko -
Soulya -
fittoniya -
TAYNAYA -
Dinaraa -
Milana. -
Senuchunzh... -
kerakg -
Nurmatova -
windom -
m.a.d.e_i.... -
webdesign -
Serenada -
asi15 -
aqua.94mema
Показать 50 случайных друзей 70 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
Sweet-Lika
01 Июл 2015 - 10:23Sweet-Lika
01 Июл 2015 - 10:21Кандайсыз? Кечээтен бери жүрөм, эч эле постторуңузга чалынбадым го)).
admin_superstan
15 Апр 2015 - 10:12Sweet-Lika
06 Апр 2015 - 04:39Sweet-Lika
04 Апр 2015 - 22:20Оччень добрый вечер!
Баары жакшы, жакшыдан да жакшы).
Неге сурадыңыз? Жаңылыктан артта калдымбы?
vankuver.
04 Апр 2015 - 08:09Angel92
04 Апр 2015 - 02:27vankuver.
22 Мар 2015 - 13:25Макул издеткичимди иштетип коройунчу.
CauseLove
22 Мар 2015 - 11:51Кимде кандай сөз мода дегенди таап бериңчи…
eldar96
14 Мар 2015 - 00:32