Мен да каршымын!
Паспортто "УЛУТ" графасынын жазылышы сизге КЕРЕКПИ? Паспортко улутун жазбоо сунушу талкууга түштү
#43 05 Март 2012 - 10:26
Ушундай суроо чын эле көтөрүлсө, каршы митинге чыгыш керек болот окшойт. Жакында эле АША бир интервьюсунда ушул маселени дагы айтып кетти.
Мен К Ы Р Г Ы З М Ы Н !
#44 07 Март 2012 - 17:56
Жазылыш керек кыргыз деп эле.Эми айтылбай калган маселе ушул эле го
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#45 11 Март 2012 - 20:04
Кыргыз туугандар,айланайындар,
бул Атамбаев деген неме акылынан таптакыр эле ажырап калганбы, ыя? Бийлик мунун мээсин тегеретип салган го.....Орусиянын башчысы менен жолугушуп отургандагы суйлогон кебин карасанар, тиги Дмитрий Борбор Азияны орустардын аймагына менчиктеп алгансып, бул аймак "биздики"
деп оюн ачык эле октом суйлоп атат. Бул го мейли, орус оюндагысын айта берсин, а биздин Алмаздын тескери кебин кантип тушунсо болот, ыя? Кошаматтангандын чеги болушу керек да! "Манасты этникалык орус" кылып салганы кандай? Бул эмне деген жузукаралык?
Мындай кейпи менен Орусияга бизди токол кылып берет го.......Дмитрий иш жөнүндө сүйлөп жатса, Алмаз капкайдагы «Турган, Екатерина» деп санжыра айтып олтурат, кыргызды уят кылган, жо-ок, шерменде кылган таасирсиз пенде турбайбы бул неме! Айланайын кыргыздар, Атамбаев «паспорттон «улуту» деген графаны алып салалы» дейт. Алмаз таптакыр эле кыргыздарды жер бетинен сүрүп жок кылайын (!) деп калганбы? Кудай бизди кыргыз кылып жараткан соң, ал расмий документибизде баса белгилениши керек да! Бул «жубарымбек» өзү кыргыз эмес го, сыягы, а болбосо, эмне мынча шылдыңдайт кыргыздарды?
! Уялбай элге «кытайлардай иштеп, орустардай эс алып, кыргыздардай жегиле» деп акыл үйрөтүп атат. Дени-карды соо адам ушунтип сүйлөйбү? Кытайдай иштесең кытайдай тамактанасың да, орустардай эс алганды бир да улутка каалабайм, алардын эс алганы «алкаштарга» гана жакпаса, иштерман адамга деги эле сыйбайт. Ишенбесеңер,
интернетке кирип карап көрсөңөр, орустардын жинди болгонун, алар келишкенче чочкодой ичишет да, анан абийир, уят-сыйыттан кетип, жылаңачтанып чечине башташат. Кыргыздардын антип эс алганынын элестеткиле,
Кудай сактасын!
Ал эми «кыргыздардай тамактанышы керек» дегени кандай? Азыркыдайбы?
Айылдагылар кагыраган кара нан жеп, карандай чай ичип олтурушат. Эптеп баккан уйунун сүтүн сатып, анча-мынча тыйынга чай алып ичишет, же буудайынан алган унунан күндө камыр жегенин айтып жатабы? Атамбаев «кыргыздын баары мага окшоп казы карта чайнап, орустун колбасасы менен селёдканы закуска кылып тамактанат» деп ойлоп атса керек. Мен улутчул эмесмин, бирок, кыргыз болуп төрөлгөндүгүмө сыймыктанам жана кубанам. Күрддөр менен уйгурларга окшогон калктар улуттук эгемендүүлүккө,
өз-алдынчалыкка,
мамлекеттүүлүккө жетпей жүрсө, бул орус чалыш неме кылым карытып келаткан кыргызды талкалап атат... Деги бул адамды жөнгө салып, акылына келтире турган аксакалдар барбы? Болбосо, ушуга окшогон жоруктары менен Атамбаев кыргыздын түбүнө жетет! Улан Карыпов.
#46 11 Март 2012 - 20:11
Кыргыз деп колдон келсе кызыл козго жарк этип тийгенде бир караганда жазып коюш керек паспортко.Ар бир адамдын кайсы улутундун жараны экенин корсотуп эле туруш керек.
Попробуй обидеть КЫРГЫЗА,
порву на части....
#47 12 Март 2012 - 17:18
Кыргызстан улуттка бай болгондуктан Кыргызстандык деген эле жакшы болот го.
#48 12 Март 2012 - 17:56
Эми ушул эле калды эле.... Мен 200% каршымын, улуту жазылыш керек созсуз. Кыргызстандык деп журуп акырындан жоготкусу барбы улуу кыргызды.....
.
#49 12 Март 2012 - 21:40
#50 08 Май 2012 - 11:19
Мен да туп-тамырынан каршымын. Паспорту мындай коюп туруп эле, элдин жашоосун кантип ондоо керектиги тууралуу башын катырбайбы дейм да...
Балам бактым-балам базарым!
#51 08 Май 2012 - 12:11
Паспортто улуту жазылбасын дегенге мен дагы толугу менен КАРШЫМЫН!
Бул маселени которуп алып улам бири чыгат, эки жылдан бери, башка маселе жоктой! Мен билгенден алгач НПОлор (окмоттук эмес уюмдар) чыкты, Ошуракунова деген неме, "Ар-Намыс"
менен биригип алып, андан кийин Равшан Жээнбеков (ошол депутат сорой суйлогондон башка бир ишти кыйратып жасап кеткен жок го) чыкты, жакында эле Турсунбай Бакир уулу чыкты, ошол эле жетишпей жаткансып. Ушуларды коруп, анан кантип саясатка аралашпай койбойт бутундой эл туп которулуп. 2017-2020-жылдары БУУда кабыл алына турган резолюциянын негизинде Кыргыз улуту жок болуп кетуу коркунучунда турабыз. Эмнеге ушуларды терен ойлонушпайт биздин башчы соройлорубуз.
Мындай башкаруу менен баарыбызды талаада калтырганы жатышат, азыр ар бир аткаминердин,
алардын балдарынын,
тууган-уруктарынын диппаспорттору бар, каалаган убакта олкодон чыгып кете беришет. Калгандарыбызчы?
Ар ким озу учун курошуп, жан сактасынбы?
Жок, биз буга жол бербешибиз керек, анткени бул жерде, Кыргыз мамлекетинде биз, биздин балдарыбыз,
биздин урпактарыбыз жашайт, буюрса. Мамлекетибизди болуп-жарып аткандар учунчу кучтор эмес, орустарда соз бар "пятая колонна" деген, алар ички душмандар, мына ушул ички душмандарыбыз кимдер ар ким беш колундай эле билип калды. Кыргыз эли ушундай жашоону коргонго татыктуу беле, илгери ата-бабаларыбыз "басып алам, жулуп алам, тартып алам" дебей эле коргонуп жашап келди го...Эх, айта берсе арман коп, эмнеси болсо да жаркын келечектен умут узбой туралычы.
«
Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»
#52 10 Май 2012 - 13:38
Улутту жазбаса эле эмне озгормок экен,ушу биздеги озгоруулор токтободуда.
Кичине болсо да каражат сарпталатко ушуга да.Мен каршымын,азияттарды жазса корунушу окшойт,ал эми орусту кыргыз деп жазса бул прикольно болуп калбайбы йя?Чондорубуз баштарын оорутпайле башка жумуш менен эле алектенсе болмок.Койгула паспортчу акелер озгортпойле койгула анда биз менен башка улуттун айырмасы болбой калаткооо...
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#54 05 Июнь 2012 - 16:56
Ит, мышыктардын деле паспортунда породасы жазылып турбайбы. Тема боюнча айтсам: паспорттон "улуту"
деген графаны алып койолу дегендер - алысты көрө албаган, акылы жок кемпайлар!
Бул идея өмүрү ишке ашпайт!
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#55 25 Октябрь 2012 - 11:29
Даана кызык эй туугандар. Эмнеге биздин КЫРГЫЗ улуту жок болуш керек. Канчалаган улуттар кыргызстандык,
бирок алар кыргыз болуп бере албайт да, коп болсо Кыргызстанда жашаган калктын санын кобойтоор. Жоо-ок, биз КЫРГЫЗ быз, ал созсуз жазылыш керек, ошондой эле керек болсо жарандыгын да, улутун да жазсын. Эмне оорбу? Депутаттар делать нечегодон чыгарган "маанилуу маселеси"
го. Кылым карытып, дуйно элине кыргызды тааныткандар ошо улуту менен таанытып жатат го - "Манас"
, "Чынгыз"
... - КЫРГЫЗ!
#56 26 Октябрь 2012 - 09:29
э ушу азыр ички дуйномдо турган создорду айтсам туболук бан болотда ёшкинкраб...
Атамбаев анык ...
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#57 26 Октябрь 2012 - 18:19
Мен да бул өз пикиримди калтырып кетүүнү туура деп чечтим.
Мен жеке пикирип. Паспортто улут деген графа болуш керек. Себеби Кыргызстанда канчалаган улут бар, алардын ордуна айта албайм бирок мен башка өлкөдө жашасам, улутка тийиштүүлүгүмдү сактап калууну каалайт элем.
Ал эми жалпы жарандык паспортто (чет өлкөгө чыгуу үчүн - загран) улут жазылбайт, ал жерде кайсыл мамлекеттин жараны болгону жазылат.
Эми ойлонолу, Кыргызстандын ичинде колдонууга гана чыгарылган паспортко улутту жазбай жарандыгын жазсак, орусча айтканда "тафталогия" болуп калбайбы? Ал паспорттун ээси болгондон кийин, демек ал Кыргызстандын жарааны.
Велосипед ойлоп чыгарууну токтотсок кандай болмок?
Мен жеке пикирип. Паспортто улут деген графа болуш керек. Себеби Кыргызстанда канчалаган улут бар, алардын ордуна айта албайм бирок мен башка өлкөдө жашасам, улутка тийиштүүлүгүмдү сактап калууну каалайт элем.
Ал эми жалпы жарандык паспортто (чет өлкөгө чыгуу үчүн - загран) улут жазылбайт, ал жерде кайсыл мамлекеттин жараны болгону жазылат.
Эми ойлонолу, Кыргызстандын ичинде колдонууга гана чыгарылган паспортко улутту жазбай жарандыгын жазсак, орусча айтканда "тафталогия" болуп калбайбы? Ал паспорттун ээси болгондон кийин, демек ал Кыргызстандын жарааны.
Велосипед ойлоп чыгарууну токтотсок кандай болмок?
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#58 26 Октябрь 2012 - 18:32
Delicacy (26 Октябрь 2012 - 09:29) жазган:
э ушу азыр ички дуйномдо турган создорду айтсам туболук бан болотда ёшкинкраб...
Атамбаев анык ...
Ар бир темага кирип эле бан сурап калыпсыз, берелиби?..
П.С. Тема боюнча жазабыз, туугандар! "Мен азыр жазсам, мончого кетем...",- деп жыландын башын кылтыйтып коюп, билдирүүлөрүнүн санын көбөйткүсү келгендер ЖАЗАЛАНАТ!
SUPER.KG - МААЛЫМАТ-МААНАЙШАТ ПОРТАЛЫ
#59 26 Октябрь 2012 - 19:28
Bawy chirigen akmaktar iy...men karwymyn!ulutu degenin alyp salsa ele muiuz chykmak bele?!
#60 26 Октябрь 2012 - 20:25
Админ_Мирана!
Эгер айтайын дегеними айтсам анык банга айдайсынар!
Мен сизден мончого путёвка сураганым жок. Болбосо мени банга баруу укугунан ажыратып койгула корунгондун башын гылтыйтпай ээн эркин коркпой жаза берейин. Дагы бир нерсе билдируулорумун корсоткучун 0 кылып,0дон жылбай турган кылып койгулачы бай болгур. Тилинер кычышпай кала турган болсо ошону м.н! Шермендеми презервативге салып,форумга реклама кылып коюпсуз. Рахмат. Журогум жылып калды аябай.
Билдирүүнү түзөткөн: Delicacy: 26 Октябрь 2012 - 20:26
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...