Фанатсыңбы? Кумириң үчүн эмнеге даярсың?
#62 15 Апрель 2016 - 17:09
adalsvards (17 Август 2011 - 18:40) жазган:
Мен деген бул оору менен кезинде азыраак ооруп калган окшойм, азыр бир түштүк кореялык ырчынын ашыккан фанатымын. Анын бүт ырлары, бүт клиптери, фото-сүрөттөрү,
маалыматтары бар. Кайда барып жатканын, ким менен жолукканын,
эмне жеп-ичкенинен бери түрдүү фан сайттардан окуп турам. Хым... дагы... уюлдук телефон жана комптун иш столу да аны менен бат-баттан кооздолуп турат. Күндө анын үнүн (т.а. ырын) укпай калсам, дозасын албай калган баңгиге окшошуп калам...))) Ошол. Өзүмө таңмын, дагы качанкыга чейин уланат бул? Сүрөтүн көрсөм эле сүрдүгүп-толкунданып отура берем... Доктурга көрүнүп койсомбу? Ммм... мендейлерди ким кабыл алат өзү?)))
adalsvards (03 Июнь 2013 - 17:34) жазган:
Эң ашыккан фанаттардын биримин, "сыйынганым"
- ТОП деген кореялык ырчы! Ал берген, интернетке жарыяланган (англис жана оорус тилиндеги) дээрлик бардык маектерин окуп чыккам. Кандай жерде туулган, кайсы мектепке барган, канча бир тууган, ата-энелери ким болуп иштейт, кан группасы канча, ээ, кыскасы, баарын билем...))) Сүрөттөрүн чогултам, тээ балалыгынан өйдө. Анын жаңы фотосессияларын,
мейли жарнамалык максатта болсо да, баарын топтойм. Ммм, Ырларын сөзсүз күндө угам, ал порциясыз өзүмдү кофе ичпей калгандай эле сезем. Качандыр бир кезде, мүмкүнчүлүк жаралып калса, анын концертине баргым келет! Ошондо кыйкырам, бийлейм, "сүйөм"
деп кыйкырам...)))
Жакында эле фан-сайттардын бириндеги кызматтардан пайдаланып, ал ырдаган топтун логосу түшүрүлгөн товарларга заказ бердим. Билем, мунун баарын окуп отуруп, мээси менен достошпой калыптыр дешеттир...))) Бирок, абал азыр ушундай!
Жакында эле фан-сайттардын бириндеги кызматтардан пайдаланып, ал ырдаган топтун логосу түшүрүлгөн товарларга заказ бердим. Билем, мунун баарын окуп отуруп, мээси менен достошпой калыптыр дешеттир...))) Бирок, абал азыр ушундай!
adalsvards (04 Июль 2013 - 16:03) жазган:
Дил кутуну жашоодогу чындык катары кабыл албагыла деп бул жакка түшүндүрмө жаза кетүүнү эп көрдүм.
Кечээ Кореядан заказ кылдырган шакегим келди, мактанып алайын да, мындан ары мен эми түбөлүккө T.O.P'тун фанатымын деп сөз берем!
Кечээ Кореядан заказ кылдырган шакегим келди, мактанып алайын да, мындан ары мен эми түбөлүккө T.O.P'тун фанатымын деп сөз берем!
temu, бул теманы мага эле арнап ачкан окшойт
Ошо-оо, арадан билинбей 5 жыл өтсө да, мен ошо-ошо
Оорум басаңдагандын ордуна өнөкөткө айланып калган. Крышаңарды тайдырган жоругум менен бөлүшөйүнбү? Ушул жылдын январь менен февраль айында кадимкидей эле кумиримдин фанаттары менен согуш жарыялоого аракет кылып көрдүм) Алар даана менден өткөн акмак экенин ошол эки айдан кийинки жыйынтыкта даана билинди. Жарышууга таптакыр чамам жетчүдөй эмес. Балким, эмгек өргүүгө чыкканда дагы бир жолу аракет кылып көрөттүрмүн. ..
Кыскасы, иш мындай... Былтыркы жылы Т.О.Р (билбегендерге, бул менин сүйгөн ырчым, мен ушуга фанатмын) мүчө болгон группа ырларынын альбомун чыгарышты. Аны жайылтуу үчүн кумирим Инстаграмга катталбаспы! !! Бул жөн эле жылнаамага жирный кылып киргизе турган дата))) Себеп: анын башка эч бир соц.тармакта аккаунту жок. Бүт планетадагы мага окшогон зомбилер жөн эле баса калдык Т.О.Р ачкан аккаунтту... Башында өзүнө жаккан анча-мынча комментарийлерге жооп берип жүрдү. Бул деген эми түшүндүрүү кыйын, мындайча айтканда, жалынып отурсаң, Жараткандан жооп алгандай эле да!))) Эми жарышууга келсек, 2 ай бою аңдыйм деп аңтарылганы калдым) Комментарийди көп жазуу керек, же биринчи болуп жазуу зарыл. Биринчи болуп жазуу бул аткарылбас миссия! Сүрөт илинет, менин эң бат байкаганым 3 секунддан кийин болду, ошондо 2-3 миң лайк, 50-60тай комментарий бар болчу. Бул менин багынта алган эң бийик чокум болду))) Андан башкага жете албадым. 50-60 комментарийден кийин мен комментарийди жазууга киришсем, илгичекти где-то 200-250нүн катарына барсам керек. Ыйлагым келет, чындап! Бир күнү фанаттарынан тажаганда Т.О.Р аккаунтуна кирбей калсачы, мен бир да жолу жооп ала албай калсамчы?!
Не реалдуу окуя бекен? Бирок бул реалдуу! Крышаңар тайдыбы? Тайды...
Фанат болгула. Бирок менчелик эмес...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#63 15 Апрель 2016 - 18:58
Ушунча мээн булганып жинди болупсун, эми асынып олуп албада адалс.
#64 15 Апрель 2016 - 21:02
Хее мен кумирим учун баарына даярмын. Омурумду да бер десе эч ойлонбой бермекмин. Менин бир гана кумирим бар, ал адам менин суйуктуу атакем.
)
#65 15 Апрель 2016 - 21:22
Таалай Бектургановду кумир тутуп,фанатымын.
Ырларын,композицияларын дал озундой аткарууга даярмын))
#66 16 Апрель 2016 - 00:25
Эч кимди кумир тутпайм фанат дагы эмесмин.
[color="blue"]Салам[\
blue]
#67 16 Апрель 2016 - 01:24
Омий да, мен Адальстай фанат эмесмин..)
В каждой шутке есть доля правды...
#68 16 Апрель 2016 - 10:17
фанат кумир дегенинерге эч тушунбоймда озунчо бир касал окшойт аа
ЭХ ЧИРКИН ДYЙНӨ!!!
#69 16 Апрель 2016 - 12:09
Мыктыбек мамасалиевдин куйорманымын бут бойлорун калтырбай кором .
#70 16 Апрель 2016 - 12:14
#71 16 Апрель 2016 - 20:21
мен эчкимге фанат эмесмин
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#72 17 Апрель 2016 - 14:29
Нурлан Насиптин бир фанаты таң калтырды.. Болгондо да эркек бала экен..
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#73 17 Апрель 2016 - 15:08
Азирети Умар ибн Хаттабдын фанатымын .Аллах андан ыраазы болсун .Ошо доор мн азыркы доорго чейин 14кылым отсо да оз сыпатын атын жоготпой келген улуу халифа инсан .
Умар ибн Хаттаб деген киносун узбой кором .Окунучтуусу жылына бир жолу ЭЛТР каналынан берилгени... ...
Умар ибн Хаттаб деген киносун узбой кором .Окунучтуусу жылына бир жолу ЭЛТР каналынан берилгени... ...
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#74 17 Апрель 2016 - 23:45
Эч кимди кумир тутпайм. Бирок древние менен дневники вампира сериалдарын кызыгып коргондон баштап, актерлору
жонундо жанылыктарды окуп баштадым.
жонундо жанылыктарды окуп баштадым.
#75 17 Апрель 2016 - 23:55
Барсаны сыйлайм,Артистерден Рысбай Абдыкадыровду сыйлайм.Ал эми булар учун эч-нерсеге даяр эмесмин.
#76 17 Апрель 2016 - 23:56
Бирөөнү көңүлүнө катуу тийсем таарынбагыла.
Бирок мен футболчулардын фанаттарын,
ырчылардын,
актерлордун фанаттарын псих.оорулар сыяктуу көрөм. Ал адамдар мага эч түшүнүксүз.
Эмнеге өзүнчө личность болуп жүрө албайбы деп ойлойм. Эмнеге аларды келечелеп окшошуп кийинип алыш керек ?
Мисалы мен да спортко кызыгам. Страйкбол ойнойм, снайпермин. Эч бир атагы чыккан сынайперлерди кумир дебейм. Велоспорт менен алектенем, горный велосипед тебем. Эч бир велотрюк ойногон спортсмендерди кумир дебейм. Кесибим боюнча да эч кимге фанат боло албадым.
Мисалы мен да спортко кызыгам. Страйкбол ойнойм, снайпермин. Эч бир атагы чыккан сынайперлерди кумир дебейм. Велоспорт менен алектенем, горный велосипед тебем. Эч бир велотрюк ойногон спортсмендерди кумир дебейм. Кесибим боюнча да эч кимге фанат боло албадым.
#77 17 Апрель 2016 - 23:59
Корей фильмдеринин актерлорунун фанаттарына айтам, өзгөчө эркек балдарга ( бирок аларды чыныгы эркек бала катары көрө албайм) чып жармашкан шым кийип, чачыңарды өстүрбөгүлө.
Эркек болуп жүргүлө. Корейлерди туурасаңар көгүш болуп көрүнөсүңөр.
#78 18 Апрель 2016 - 01:03
Фанат болбойм эч качан эч бир ырчы пырчыга....
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#79 18 Апрель 2016 - 01:41
#80 18 Апрель 2016 - 14:10
Фанат бул обу жоктук.Келесоодон бир баскыч ойдо турган адам.
FLANDER