dominic_toretto Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 484 (0,13 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (171 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 29 Октябрь 14
- Кароолор:
- 13 491
- Соңку аракети
- 18 Фев 2015 21:09
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 37 жашта
- Туулган күнү:
- Май 19, 1987
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
unt_75
11 Фев 2019 - 13:53 -
zhayna
10 Окт 2017 - 16:04 -
udacha.kg
07 Апр 2017 - 10:23 -
Monchoshka
13 Мар 2017 - 00:36 -
Multi-rich
26 Мар 2016 - 19:30
Мен ачкан темалар
-
Балыкчылар, Кыргызстанда кандай балыктын түрлөрү бар?
Жазылган күн: 3 Фев 2015
Салам алейкум урматтуу жана урматтуу эмес форумчулар!
Мен ушу Россияга келгиче балык этин анчалык жакшы көрбөйт болчум.Анчалыгы курусун деги эле жебейт элем.Бир-эки жолу балыкка барып тутуп келгеним менен жебегем.Россияга келип балык бул жердеги жергиликтүү калктын күнүмдүк эле тамагы экенин байкадым.Ар бир майрамда сөссүз кызыл балык (семга,лосось, форель),ак балык (масляная,осетрина, белуга,палтус) столго коюлат.Икра дегенди үзгүлтүксүз жеп турушпаса баштары ооруйт (кыйыр мааниде).Ичимдикти да туздалган же кургатылган балык менен ичпесе өзүлөрү айтмакчы "не кайфова". Японский ресторандарда иштеген кыргыз жердештер деле билсе керек.Кээ бирлер мисалы "семга" нын (семейство лососевая) этин кам,чийки боюнча эле жей беришет.Бул айтылгандар жөнөкөй эле калк тууралуу.Ал эми жогорку катмары саналган "гурман" дардын балыкка болгон көз карашы мындан жогору.
Эми мынтип ар нерсени жаза бергенимден пайда жок.Андан көрө теманын максатына өтөйүн.Бизде, Кыргызстанда кандай балыктын түрлөрү бар? Кандай балыктын этин баалап,кууп жейсиңер? Деги эле кафе,ресторандардын менюсуна качан балыктын этинен жасалган тамак кирет деп ойлойсуңар? (Же киргенби?)
Мен мисалы "лакаш балык" дегенден башка балыктын атын билбейм.Анан дагы бир-эки балыкты көргөм бирок кандай аталышын билбейт экенмин... -
Келе жаткан 2015-жылда эмненин күтөсүз,каалайсыз,тилейсиз?
Жазылган күн: 20 Дек 2014
Мен тилегим ушул жылы бир башымды эки баш кылып ата-энемди сүйүндүрүп, алдыга койгон максаттарымдын бирин жүзөгө ашыруу... -
Мектеп директорунун мындан ары 5 жылга гана шайланаары тууралуу оюңар!
Жазылган күн: 9 Дек 2014
Азыр эле соңку кабарлар жактан А.Атамбаевдин "Эми мындан ары мектеп директорлору 5 жылга гана шайланышат" деген законго кол койгонун окудум.
Ушул силердин оюңарча туурабы? Мисалы менин оюм боюнча эң туура! Себеби мен окуган айылдагы мектепте 10 жыл мурун шайланган директор дагы деле директор! Же аны ала алышпай коюшту.Себеби анын жогорку айыл өкмөт тарапта ишенген же колдогон адамы бар имиш деп угуп келебиз.Ал директорубуз мектепте азыр тим эле хан болуп алган.Мектепке бөлүнгөн жерге өзү эгин иштетип жүрүп бир жолу көнүп алды.Мектепке бөлүнгөн акчалардан дайын жок.Мектептин ремонтун ошол мектепте окуп кеткен ишкерлерибиз спонсор болуп оңдошот.Анан ар жылы 10-жылдык,20-жылдыкка келген выпускниктер акча чыгарышып оңдоп турушат.
Эми эмнени айтайын деп атам? Эгер ошол директорлорду ар 5 жылда алмаштырып турганда жогорудагы мен айтып кеткен жемейлер,түшүнбөстүктөр болбойт беле?
Силер өзүңөрдүн директоруңар жөнүндө жазсаңар боло берет.
Теманы кайсы бөлүмгө ачышты билбедим.Туура эмес бөлүмгө ачсам үзүр! -
Эмнеге үйлөнгөндөр убакыт өтүп бири-бирине окшошуп калышат?
Жазылган күн: 2 Ноя 2014
Байкасаңар керек кээ бир үйлөнгөндөр бири-бирине окшошуп кетишет (жүздөрү).Башында таптакыр эки башка болуп жүрүшүп эле анан кайсы бир убакта бир туугандардай болуп окшошуп кеткендердин себеби эмнеде? Менин да бир-эки үйлөнгон досторум аяштарыма окшош (же аяштарым досторума).
Силерде да барбы ушундай окшош түгөйлөр? Болсо жаза кетсеңер? Эмне себептен окшош болуп калышаарын да жаза кеткиле....
(Мындай тема болсо эскертүү бербей эле жаап же кошуп койгула)
Комментарийлер
unt_75
11 Фев 2019 - 13:53unt_75
11 Фев 2019 - 13:53Бaлким, сизгe жaгaт бул гeль.
TITАN GЕL ДИ КOЛДOНУП СИЗ БУЛAРГА ЭФФЕКТИВДҮҮ ЖАНА ОӉОЙ ЖЕТЕ АЛАСЫЗ:
- Эрkеkтик мүчөӊүздүн узундугун жанa жooндугун 6-8 см чоӊойто аласыз
- Эpeкция функциясынын жaкшырышы
- Жыныстык катнаш учурунда дагы көбүрөөк сезимталдык, көпкө созулган жана күчтүүрөөк оргазмдар
Paхмaт!