Кең дүйнө Төлөгөн Каимов
#1 24 Октябрь 2012 - 00:15
#2 24 Октябрь 2012 - 00:16
#3 24 Октябрь 2012 - 00:24
#4 24 Октябрь 2012 - 00:32
Автору: Төлөгөн Каимов
Төлөн!
Бүгүн мугалмдер күнү! Азыр сенин ырларыңды окуп олтуруп балалыгыбыздын айдың көлүнө чөмүлөмүн. Баары эске түшөт.
Жашыңда өтө шок болгон досум! Эң башкысы жүрөгүңдөн чыккан, өзүңө гана таандык ыргагы бар ырларың кубандырат.
Адистик майрамың кут болсун!
Надирбек Шамурзаев
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери
Ош шаары, 7-октябрь, 2007-жыл
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 24 Октябрь 2012 - 00:33
#6 24 Октябрь 2012 - 00:34
Тууган жердин ышкын жаз, набат күзүн
Турган кезде көралбай-таяк күчүм,
Таштар кулап, апай бет жанчылгандай
Жаштар кулап бырышып барат жүзүм.
Тагдыр, дайым жасанткын жазаласаң...
Таш жолду эңсеп, асфалттан жаза басам
Асма-чырак көтөрүп, аттиң түндө
Ат тепсеген кашекти тазаласам
Калаада да мөнгү тоо элик кулак
Калемимден кагазга эрип кулап...
Душманымдын жалындап кызын сүйсөм
Тууган жердин көөдөнү кеңип турат.
Тура калып, жүз тосуп ак жамгырга,
Тууган жерге туш келди бассаң жыргал!
Баладай эх, жуурканын тээп салчу
Бар санаамды артка тээп, жатсам кырда!
Акманымдын ышкын жаз, набат күзүн
Алыс жүрсөм көралбай таят күчүм,
Таштар кулап, апай бет жанчылгандай
Жаштар кулап бырышып барат жүзүм.
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 24 Октябрь 2012 - 00:36
#7 24 Октябрь 2012 - 00:37
Дикторлордун кашка тиши сынбасын,
Дивандар бу жаткан жерде жыргасын.
Жол үстүндө машине уруп ит өлсө
Жолдор жолдун башын жөлөп ыйласын
Өз жүзүңдү көралбаган эсептүү
Өз бактыңды көралбасаң дешет бу.
Сүйүү деген кача өйдөдө турса да
Сүрү менен жаап турат этекти.
Ар ким өзүн алгырмын деп, жанып шат
Аман жүргөн үчүн ага жалынсак!
Сынып калса быркыранып чоң күзгү
Сыныгы да жүзүң даана чагылтат.
Жатар кезде шалдырабай, чанайбай,
Жан-дүйнөңдү тазалап жат аянбай
Элдин баары кеткен кезде кеңсени
Эрбелеңдеп жууп кирген аялдай
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 24 Октябрь 2012 - 00:38
#8 24 Октябрь 2012 - 00:38
#9 24 Октябрь 2012 - 00:38
Оо мен билген сулуулар,
Он беш тыйын кунуңар...
Нагыз чүрөк мынаке
Наркы дүйнө бурулаар! !!
Кел-кел доорго чыакпы?!
Кетпесеңер уят бу
Күн чыкканда жылдыздар
Күм-жам болгон сыяктуу.
Баскан изи-башка тең,
Бак-таалайга накта кен.
Бар деп айткан бир сөзү
Бардыгы өскөн бакча экен
Жыргал туусу бүктөлбөй,
Жылмаюудан бүткөндөй.
Мөлтүр көзү ирмелсе,
Мөмө үзүлүп түшкөндөй.
Карай калсаң бүгүлүп,
Кандар жетим жүгүрүк.
Томуйтуптур чекесин
Тоолор толук жүгүнүп.
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 24 Октябрь 2012 - 00:40
#10 24 Октябрь 2012 - 00:41
Учу өзгөчө жебенин,
Учу өзгөчө узак сапар жолдун да:
Атакелеп алдын тосуп жүрөгүн,
Алапар көз жаманын
Атасы, ана, гүл сыяктуу тутамдап,
Ат үстүнөн эңилип!
Кең далысын канат мисал жайылта,
Кере-е-кере жыттап,
Жыттап,
Жыттап өөп
Керилип бир үшкурдү эле анан ал,
Кетти дүйнө кеңейип!
Кетирекей уулу ойногон шар өңдүү...
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 24 Октябрь 2012 - 00:43
#11 24 Октябрь 2012 - 00:43
Таанып шар менин сүйлөп жатканымды,
Тарс уруп трубканы таштадыңбы? !
Үйрүлүп турсам дагы дал ушинтип
Үстүмө таш таштайсыңбы асманыңды...
Чыдабай неге чалдым? Келесоомун!
Чынында сенден уккан жеме сонун.
Капыстан башка бирди жеген иттей
Каңшылап жатат колдо телефонум.
Каңшылап жатат сүйүү телефонум...
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 24 Октябрь 2012 - 00:44
#12 24 Октябрь 2012 - 00:45
Жүргөн жериң жүзүмзар,
Жүзүң бурсаң өзүм зар
Балбанды да жыгуучу
Бал-бал жанган көзүң бар.
Ичи тарлар эшиткис
Ийкем, бийик, жетикпиз
Саламдаша калганда
Салаалаша кетип биз
Бар тарабың башынан
Балдай ширин тагынган
Табигатты табынтып
Таарынганы татынам!
Шыбырыңа шыктанып,
Шылуун болдум кызганып,
Кулап түшкөн чачыңды
Кулагыңа кыстарып
Балканактай карууңа
Балкытар күч табылга.
Керегимдей жалындап
Карайт сени калым да
Жүзүң тунук, өзүң мөл.
Жан сергитет доошу улам
Ит үрсө да чүрөккө
Гүл атылат оозунан!.. .
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 24 Октябрь 2012 - 00:47
#13 24 Октябрь 2012 - 00:48
Жакут, бермет мүнөзүң:
Жаркылдайсың, күлөсүң
Көрсөтчүдөй жарыгың
Көз арткандын күнөөсүн!
Эс тандыраар, ой тунаар
Эмне деген бой-чырай?!
Жаман жерге түкүрсөң
Жалаң кесир болчудай
Бар талына чачыңын
Байлайм ырдын асылын.
Көлгө жетсе аткан ок
Жерге жетет акырын.
Сунган чайың суйкайып
Сулуу бойдон уурталып...
Кашты серпип кашкайсаң
Канжар турат жумшарып.
Өзүң менен жаңылсам
Өмүрүмдү жаңыртам!
Аалам мага караңгы
Сен жаркындан айрылсам.
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 24 Октябрь 2012 - 00:49
#14 24 Октябрь 2012 - 00:49
Бир карышпы, бир сөөмбү же арасы,
Бир-бирине окшоштугун карачы.
Эки кулак - калдайган чоң башыңдын
Катып калган кичинекей канаты.
Өнөгүмдү көрөмбү?-деп зарланып
Өмүрдөн бу өтөт бирок алданып
Ошондуктан, минтип суроо бергиле,
Өздөрү да кеткен өңдүү айланып.
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 24 Октябрь 2012 - 00:50
#15 24 Октябрь 2012 - 00:50
Казылган гөр...
Казылганда
Гөрдү ушу
Канжардай жиреп
Ак жарык,
Каптап-кийип алган бутка кепичтей.
Азыр аны ээлеп бүт,
Ак жарыкта кара өлүмгө баш кошкон
Адам калды жапжалгыз,
Жабалактап көмүп, ана кары-жаш
Жашоосуна маркумдун бу коюлган
Кара чекит баштанып
Кара-күрөң бейит тур.
Шамал бүлүк жүрүп аңгыча
Ал-аңгыча топурактар чаңып шарт,
Алда-кайда сапырылды, шашылды
Күнөөм кайсы бейит болоор дегенсип
Күрөздөнүп- күйүнүп.
Куран окуп атса дагы сүрүлүп,
Куюн-чаңдан тура качты адамдар
Кулап колдон дубасы...
Бейит тургай, аттигиниң,
Бейиттин бул күкүмүнөн адамдар
Качканын айт...
Качаар экен канчага...
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 24 Октябрь 2012 - 00:55
#16 24 Октябрь 2012 - 00:57
#17 24 Октябрь 2012 - 10:40
#18 24 Октябрь 2012 - 11:31
historic (24 Октябрь 2012 - 00:48) жазган:
Жакут, бермет мүнөзүң:
Жаркылдайсың, күлөсүң
Көрсөтчүдөй жарыгың
Көз арткандын күнөөсүн!
Эс тандыраар, ой тунаар
Эмне деген бой-чырай?!
Жаман жерге түкүрсөң
Жалаң кесир болчудай
Бар талына чачыңын
Байлайм ырдын асылын.
Көлгө жетсе аткан ок
Жерге жетет акырын.
Сунган чайың суйкайып
Сулуу бойдон уурталып...
Кашты серпип кашкайсаң
Канжар турат жумшарып.
Өзүң менен жаңылсам
Өмүрүмдү жаңыртам!
Аалам мага караңгы
Сен жаркындан айрылсам.
ушул ыр жакты
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#19 24 Октябрь 2012 - 11:42
#20 24 Октябрь 2012 - 11:49
historic (24 Октябрь 2012 - 02:43) жазган:
Таанып шар менин сүйлөп жатканымды,
Тарс уруп трубканы таштадыңбы? !
Үйрүлүп турсам дагы дал ушинтип
Үстүмө таш таштайсыңбы асманыңды...
Чыдабай неге чалдым? Келесоомун!
Чынында сенден уккан жеме сонун.
Капыстан башка бирди жеген иттей
Каңшылап жатат колдо телефонум.
Каңшылап жатат сүйүү телефонум...
Ushul jakty maga.