Вах вах эээй кайп болтат. Жаза туш иничек дагы.
"Саясатчы мурундар" Алтынбек Исмаилов
#42 19 Ноябрь 2012 - 20:58
ЖАНЫМ СЫЗДАЙТ
Тырмап ойлор көкүрөктү тарактай,
Туталанам тытылган бир барактай.
Билбейм неге жаным сыздайт
мынчалык,
Бүт мөмөсүн силкип салган
дарактай!
Жатам алсыз жапыз тамда
кырыман,
Жалыны жок үмүттөргө жылынам.
Түркүн ойдун аскасынан ашалбай,
Төбөм менен жерди сүзүп
жыгылам!
Тырмап ойлор көкүрөктү тарактай,
Туталанам тытылган бир барактай.
Билбейм неге жаным сыздайт
мынчалык,
Бүт мөмөсүн силкип салган
дарактай!
Жатам алсыз жапыз тамда
кырыман,
Жалыны жок үмүттөргө жылынам.
Түркүн ойдун аскасынан ашалбай,
Төбөм менен жерди сүзүп
жыгылам!
#43 19 Ноябрь 2012 - 21:01
ҮМҮТҮМДҮ ТАРАТАМ
Асыл ойлор баш багып айланаман,
Аруулукка жанашсам АЙГА барам.
Туңгуюкка капталып кээ бир кезде,
Түптүз жерден басалбай
тайгаланам!
Чындык таппай чымырап
алаканым,
Чак түштө да чыйрыгып
баратамын.
Үшүк урган үмүттү КҮНГӨ кактап,
Үнүм жеткен жерлерге
таратамын! ..
Асыл ойлор баш багып айланаман,
Аруулукка жанашсам АЙГА барам.
Туңгуюкка капталып кээ бир кезде,
Түптүз жерден басалбай
тайгаланам!
Чындык таппай чымырап
алаканым,
Чак түштө да чыйрыгып
баратамын.
Үшүк урган үмүттү КҮНГӨ кактап,
Үнүм жеткен жерлерге
таратамын! ..
#44 19 Ноябрь 2012 - 21:05
ИЧИМДЕГИ БИР АДАМ
Эмнегедир коркунуч басат мени,
Ээн баш ойлор алкымдан асат
мени.
Мезгил учкан мейкиндик
талаасына,
Мен ырларды, а ырлар жазат
мени...
Көңүл чөгүп, бычаксыз канап
турдум,
Күн отуна сөөгүмдү калап турдум.
Көз жүгүртүп көкүрөк күзгүгө мен,
Көпкө дейре өзүмдү карап турдум!
Көөдөнүмдү куйкалап кучак
жалын,
Күйдү, күйдү жалбырак, бутак-
шагым.
Муңга толгон жүрөктүн отун алчу,
Муздак ташты моюндан
кучактадым!
Бүт шимирип мендеги ысыктыкты,
Бир заматта ошол таш ысып чыкты.
Алоолонгон жанымды билбейм
бирөө,
Аскаларга алпарып жышып чыкты!
Тыңшап үнүн табигат, теребелдин,
Түрмөктөлгөн ырларга
тебелендим.
Түпнускамды табалбай
түпнускамды,
Тегерендим дүйнөнү тегерендим. ..
Сезбей качан түн кирип, таң
атканын,
Сезбей күндүн жарык нур
таратканын,
Көрдүм анан эң алгач өзүмдү мен,
Көлөкөлөр жетелеп баратканын!
Ичким келди... А бирок ичирбеди,
Ичимдеги жалын-өрт кичирбеди.
Иттик кылып жатканын көрдүм
анан,
Ичимдеги бир адам ичимдеги!
Көбүк бүркүп, деңиздей толкуп
турдум,
Көргүм келбей, күзгүдөн коркуп
турдум.
Издеп жүргөн көрсө мен өмүр бою,
Ичимдеги «өзүмдөн»
коркуптурмун!
Эмнегедир коркунуч басат мени,
Ээн баш ойлор алкымдан асат
мени.
Мезгил учкан мейкиндик
талаасына,
Мен ырларды, а ырлар жазат
мени...
Көңүл чөгүп, бычаксыз канап
турдум,
Күн отуна сөөгүмдү калап турдум.
Көз жүгүртүп көкүрөк күзгүгө мен,
Көпкө дейре өзүмдү карап турдум!
Көөдөнүмдү куйкалап кучак
жалын,
Күйдү, күйдү жалбырак, бутак-
шагым.
Муңга толгон жүрөктүн отун алчу,
Муздак ташты моюндан
кучактадым!
Бүт шимирип мендеги ысыктыкты,
Бир заматта ошол таш ысып чыкты.
Алоолонгон жанымды билбейм
бирөө,
Аскаларга алпарып жышып чыкты!
Тыңшап үнүн табигат, теребелдин,
Түрмөктөлгөн ырларга
тебелендим.
Түпнускамды табалбай
түпнускамды,
Тегерендим дүйнөнү тегерендим. ..
Сезбей качан түн кирип, таң
атканын,
Сезбей күндүн жарык нур
таратканын,
Көрдүм анан эң алгач өзүмдү мен,
Көлөкөлөр жетелеп баратканын!
Ичким келди... А бирок ичирбеди,
Ичимдеги жалын-өрт кичирбеди.
Иттик кылып жатканын көрдүм
анан,
Ичимдеги бир адам ичимдеги!
Көбүк бүркүп, деңиздей толкуп
турдум,
Көргүм келбей, күзгүдөн коркуп
турдум.
Издеп жүргөн көрсө мен өмүр бою,
Ичимдеги «өзүмдөн»
коркуптурмун!
#45 19 Ноябрь 2012 - 21:11
АРУУЛУККА УМТУЛУУ
Секирем бийиктикке термелип мен,
Себебин билесиңби эмнеликтен?
Кайчылап кайталанма турмушумду,
Кутулгум келет менин
пенделиктен!
Аруулук – алыс учкан канат белем,
Ар убак мен ошону самап келем.
Аттиң ай, пендечилик болбогондо,
Асмандан жерге түшпөй калат
белем?!
Кантип мен эркин куштай учам
улам?
Көр оокат коё бербейт тушап улам.
Бошонгум келет менин биротоло,
Булгаган кир дүйнөнүн кучагынан!
Умтулуп бийиктикке термелемин,
Учалбай турам бирок жерде
элемин.
Бөлүнүп кетсем эгер мен силерден,
Бут тоспой жөн койгула,
пенделерим? !
Секирем бийиктикке термелип мен,
Себебин билесиңби эмнеликтен?
Кайчылап кайталанма турмушумду,
Кутулгум келет менин
пенделиктен!
Аруулук – алыс учкан канат белем,
Ар убак мен ошону самап келем.
Аттиң ай, пендечилик болбогондо,
Асмандан жерге түшпөй калат
белем?!
Кантип мен эркин куштай учам
улам?
Көр оокат коё бербейт тушап улам.
Бошонгум келет менин биротоло,
Булгаган кир дүйнөнүн кучагынан!
Умтулуп бийиктикке термелемин,
Учалбай турам бирок жерде
элемин.
Бөлүнүп кетсем эгер мен силерден,
Бут тоспой жөн койгула,
пенделерим? !
#46 19 Ноябрь 2012 - 21:12
ЭРГҮҮ
Ыр жазып кыялдардын учагында,
"Ысык ой” тыбырчылайт
кучагымда.
Талп этип кайра жерге кулап
түшөм,
Талпынып бийиктикке учамын да...
Ыр жазып кыялдардын учагында,
"Ысык ой” тыбырчылайт
кучагымда.
Талп этип кайра жерге кулап
түшөм,
Талпынып бийиктикке учамын да...
#47 19 Ноябрь 2012 - 21:13
ТАЗАЛАНУУ
Издебедим бак-таалайды базардан,
Издебедим ыйык жайдан,
мазардан.
Көкүрөктү кир сезимден арылтып,
Кандай бакыт - көз ирмемге
тазарган!
Издебедим бак-таалайды базардан,
Издебедим ыйык жайдан,
мазардан.
Көкүрөктү кир сезимден арылтып,
Кандай бакыт - көз ирмемге
тазарган!
#48 19 Ноябрь 2012 - 21:14
ИЗДЕНҮҮ
Удургуп түркүн
ойлор каптайт улам,
Ушундай "кең ааламга” батпай
турам.
Жанымды камыр кылып ийлесем
да,
Жарыктык, мен өзүмдү таппай
турам!
Удургуп түркүн
ойлор каптайт улам,
Ушундай "кең ааламга” батпай
турам.
Жанымды камыр кылып ийлесем
да,
Жарыктык, мен өзүмдү таппай
турам!
#50 20 Ноябрь 2012 - 17:42
Хистиге айтып саламды
Жалгыз терегин окуп
Сапырдым мен да санаамды
Дал ошол ырдагыдай
Жалгыз калгам мен дагы
Кумарга батырган адамды
Дагы да жаза бер ырларды
Жалгыз терегин окуп
Сапырдым мен да санаамды
Дал ошол ырдагыдай
Жалгыз калгам мен дагы
Кумарга батырган адамды
Дагы да жаза бер ырларды
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
Кайран омур эскирер
#51 20 Ноябрь 2012 - 17:43
Хистиге айтып саламды
Жалгыз терегин окуп
Сапырдым мен да санаамды
Дал ошол ырдагыдай
Жалгыз калгам мен дагы
Кумарга батырган адамды
Дагы да жаза бер ырларды
Жалгыз терегин окуп
Сапырдым мен да санаамды
Дал ошол ырдагыдай
Жалгыз калгам мен дагы
Кумарга батырган адамды
Дагы да жаза бер ырларды
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
Кайран омур эскирер