jai Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 564 (0,18 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (89 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 18 Май 16
- Кароолор:
- 70 058
- Соңку аракети
- 14 Сен 2024 01:03
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Май 5, 1995
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Биз баскан жолдор
Жазылган күн: 16 Июл 2024
Чон кыйындыктардын кичинекей узуру.
Сыртка чыксан туш тарабы курчалбаган, бир аз жудоо корунгон,анча бутуп буто элек уйдо биз бактылуу ойгондук. Кубанычыбыз койнубузга батпай,эки жактыр тен туугнадарын чакырып,бата алдык. Кичинекейибиздин тушоосун кестик. Ак ниет,асыл тилектер менен оз уйубуздо жашоону баштадык. Аздан аздан бутка туруп,жаныдан осуп келе жаткан чынар чырпык сыяктуу кун коро баштадык. Ишибиз илгерилеп,орто турмуш коро баштаган кезибизде Кудайдын буйруганы,жазганына шугур,чон уйго кочуп,оз унаабызды айдап жакшы жашоо кече баштадык. Анда да откон жолду унутпай,каниеттуу аял болууга аракет кылганым кылган болду.
Ошентип,дагы 3 жыл убакыт отту. Эми мурдагыдай тартынып жашоо жок,биз дагы эл агымы менен жакшы жашоого коно баштадык. Балдарыбызды кем кылбай багып,озубузду карап,кенен эс алып,баягы кундорду унута тушкондойбуз. -
Темасы: Биз баскан жолдор
Жазылган күн: 16 Июл 2024
Жолдошум,мен жана балам. Жана фермада иштеген 10 адам. Кунуго ушунча адамдын тамак-ашы,уй тиричилиги, сыртта уй саап,ал кезде колго кир жууп бир топ эле быштым окшойт). Ошол кездеги ак конул,жан дуйносу аруу да таза,кыялдары коп,келечекке болгон ишеними бийик келинчекти эстесем жылмая тушом)))
1 жыл иштеп,алган бир аз маянабызды кайната,кайненебизге берип коюп журдук. Же алар чогылткуда деп айтпагандан киийн кой деп оз келечек жашообуз учун кам коро баштадык.
Ошол кезде жаны кийим,жакшы унаа,эс алуу менен жашаган адамдарга суктанчубуз) Акырындан мал-жан куто баштадык. Кыйынчылык коргон кундор коп болду. Жумушчуларына тамак аш бергени менен,кичинекей бала менен жаш ата энеге тагдыр боор тарта койгон жок. Бала чонойо чон ичип,чон жей баштаганда тушуно баштадык) Озубуз жебесек да балабызга деп бир аз таттууларды, шириндиктерди алабыз да кайра бири бирибизди карап кулобуз) Антсек дагы,кийим кечесин карап,тыкан, таза багып,балабыз менен озубуз кошо чоноё баштадык.
Бир аз малыбыз 2 эсе кобойду,кичине балабыз мойтондоп чоноюп калган кезде оз уй,олон тошогубуз болсо деп кыялдана баштадык. Сарамжалдап чогултуп,тытына иштеп журуп 8жыл дегенде чекчейген там тургузуп,кочуп келдик.
8 жыл. Билинбеген ушул кичинекей сандын ичинде канча туйшук,уруш- талаш,канча ый,мээнет калды. Чон сыноого,чон жашоого чогуу кадам таштаган жолдошум экообузго бул 8 жыл оной боло койгон жок. Тундору ызгаар суукта мал толдотуп,мындай жашоону коро элек экообуз далай кучакташып ыйлап,анан кайра таттуу кыялдарды куруп-биз да буйруса жакшы жашоого жетээрбиз деп ниет кылып койчу элек). Алган тарбияманбы, коргон турмушкманбы айтор жакшы жар болууга тырыштым. Бирин эки кылып,жаманын жакшы корсотуп,жыртыгын жамап,айтор эриш аркак кол кармаша ал сыноолордон оттук. Шириш ширин балдардын ата энеси болдук. Ушунча басып откон жолубуздан кийин дагы да чонураак жашоого жол ала,оз уйубузго кочуп келдик. -
Темасы: Биз баскан жолдор
Жазылган күн: 16 Июл 2024
Жокчулуктун жону-кайыш деп Чон атам клп айтаар эле. Ал кезде тушунбоптурмун. Корсо чындап эле жокчулуктун кыйынчылыгы аябай эле оор экен. Озум бала эмизген жаш келин болсом,же жарытылуу курсагым тойбой айтор аябай арыктап,жудоп кеттим. Конщу айылга эле турмушка чыккандыктан бат эле соз жетип барчу ата-энеме. Бир куну агам келип-Карындашымды коро кетейин деген шылтоо менен эт аш,толо жер жемиш,бир топ продукты таштап кетти. Мен суйунуп калчумун. Корсо атакем мени кыйналып калбасын деп бат баттан агам менен женемди жиберип турчу экен да(
Ошентип журуп 8ай убакыт отту. Жолдошум колледждеги окуусун бутуп,балабыз бир аз тооролуп калганда озубузчо болунуп,бир аз мал жандык кылалы деп айылдын устундогу агамдын фермасына управление кылганы кочуп бардык. Колубузда 4 тошок,2 туйунчок киийм жана балабыздын манежи гана бар эле. Ошентип,оз алдыбызча жашоого кириштик.
Агам чон фермасын озу башкара албай калышына мамадын сыркоолоп калуусу себеп болуп,женем экоо карап,бакканы шаарга кочуп кетишти. Баса,чон ата,чон эненин колунда чоноюп осуп калганым учун ал кишилерди ата-апа деп,оз ата энемди-папа, мама деп чонойдум. -
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 25 Июн 2024
Ортобузда айтылбаган коп соз калып кетти. Озумдун мамилемди эми тушундум-сага болгон таарынычым экен)
Баары бир жакын экенсин. Деги аман эсен журсон болду -
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 31 Мар 2024
Азыркы заманда "адал" жар болуу кыйындап бара жаткансыйт. Ооба адам баласынын бактысы бир нерсе менен эле чечилип калбайт. Бирок харамга жолобой,бар дитинди салып жашоого моюн сунуп жатсан дагы эч жылуулук бербей кор кылып атса анда кантиш керек?
Дагы канча убакыт жаш жана оттой болобуз? Жаштыгыбызды кор кылып атса анда эмне кылуу керек?
Уй-булосу бар бирок"одинокий" адамдар эмнеге коп?