Окуучулук күндөрдөн бир элес... Кимдер гана балалыгын сагынбайт...
#41 15 Октябрь 2011 - 19:17
Эжекей байкуштун жанын чыгарып тополоң кылып жатканбыз.
-Бир маалда эжекей жини келип .."тихооо. .." деп кыйкырды.
Баарыбыз күлүп жибердик.
"Тихо" айтылганда "тиха" деп айтылат эмеспи..?
Эжекей адашып "тихо" деп алган!
#42 15 Октябрь 2011 - 19:45
Жөн гана ал Тынч океан жөнүндө сабак өтөйүн деген болсо керек да
#43 15 Октябрь 2011 - 20:09
#44 15 Октябрь 2011 - 20:24
Эртеси класска директор, завуч, "А" класстын класс жетекчиси, биздин класс жетекчибиз, анан ошол 7-8 кыз кирип келишти. Кирип келишип эле, директор "кана, кимдер?" деди. Баягы кыздар баланча, түкүнчө деп атай башташты. Мен болсо коркуп, башты жерге салып отурам. Мени көргөн кызды улам карайм, ал да мени карап коет. Анан 5-6 баланы аташты. Аларды ортого чыгарып аябай тилдешти баары. Мен болсо тиги кызга аябай ыраазы болуп, ошол эле мезгилде аябай уялып отурдум...
#45 16 Октябрь 2011 - 08:34
#46 17 Октябрь 2011 - 10:35
Бир жолу мен ошентип "ойноп" отурсам эжебиз бир нерсени байкап калды. Анан келип эле биздин партанын астындагы текчени карап калса болобу. Менин "куралым" как раз ошол жерде болчу да. Аны таап чыкты. Мен отурган жактан. Анан эле жанымдан отурган баланы кулагынан чоюп туруп доскага чыгарды (себеби ал бала "тентектердин" арасында бюолчу). Ал менин досум болчу, ызаланып ыйлап ийди. Мен унчуккан жокмун. Ал да унчуккан жок мен жөнүндө. Бирок айтты, бул адилетсиздик деп. Эжебиз аны сабактан кууп чыкты. Ата-энең менен келгин деп. Апсасы менен келди... Акыры жайгарышты окшойт бул ишти. Мүмкүн мен туура эмес кылгандырмын. Бирок ал убакта бизде эркексиңби, даттанба, досуң үчүн тил уксаң да мейли деген принцип эле. Ошондуктан менин күнөөм деле жок болуш керек.
#47 17 Октябрь 2011 - 11:30
#48 24 Ноябрь 2011 - 13:46
Дагы бир жолу жаны жылдык бал болмок мектебибизде. Анан менин койногум жок болчу. Бир классташ кызым озу киймек койногу ага жакпай калат. Анан ал ак койнок болчу, мен кийип алгам. Конкурстар болуп жатты. Анан маскарадный кийинген балдар, кыздарды тандап, алып баруучулар чыгарып жатты. Анан мени бир Зорро Zorro кийинген орус класста окуган бала менен пара кылып койду. Мен озум кыргыз класста окугам. Бирок эмнегедир орус класстын балдары башкача, кыргыз класста окуган балдарга караганда сулуу, продвинутый балдар болушар эле. Мен аябай суйунуп алгам. Анан конкурстар болуп, баардык конкурстардан ал бала экообуз женип, мен ал Зорро кийинген бала экообуз ошол балдын принц жана принцессасы болгонбуз. Тигил кыз кийин, кап койногумду озум эле кийбей деп мага кулуп айтканы эсимде. Иийй ошол кунду вообще унутпаймын го!!!
Билдирүүнү түзөткөн: Tangsuu: 24 Ноябрь 2011 - 13:49
#49 24 Ноябрь 2011 - 15:16
Уйдо эн улуусу болгондуктанбы кичуулордун бироосун сабака, бироосун балдар бакчасына тургузуп жонотуш менин мойнумда эле, дайыма сабака кечигип барат болчумун, шашканымдан дайыма уйдогу тапочка менен кете берет элем, мен байкуш кечиктим деп уйдон чуркаган бойдон чыгат болчумунда анан жолдун жарымына келгенде, карасам тапочкадамын кайра уйго барып алмаштыргыча убакыт отот болчу.
Жаздын бир кундорундо болсо керек, мектептин багында кыздар болуп чогулуп олтурганбыз, мектепте бир бачок бар болчу, ал бачокко пол жууган тряпканы жуушчу, кыздар суйлошуп олтурганбыз, анан кыздар коздору аландап качабашташты, алар бет мандайда олтурушканда, эмне болуп кетти деп эле карай койсом эле, бизден улуу класстагы балдар жанкы бачоктогу сууну чачканы аткан экен, ошол суу мага чачылганы дагы да эсимде, ошол убакта же куло албай же ыйлай албай туруп калгам.
Дагы коп эстегенде жаза берем. Азыр болсо эххх ........... деп коюуп эстем олтурам.
#50 24 Ноябрь 2011 - 17:07
дагы эстесем жазам...
жакшы кундор откон экен анын баркына жеткен эмес экенбиз...
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#51 24 Ноябрь 2011 - 21:26
Дагы бир жолу уят болгонум эсимен кетпейт 11-класста болчу сабактан келатсам аябай туалетке баргым келди чуркап келип уйго кирбестен туалетке барып анан уйго кирип кеткем кеч кирип сабак окуйун десем эле сумкам жок ары издейм жок бери издейм жок. Уйдогулордон сурай баштадым (эжем 2баласы м.н жездем бар болчу) Ойумда мени тамашалап каттып койду дедимда Алар мага мен аларга кыйкырам Корсо сумкам тышта туалеттин жанында бакта илинген боюнча калыптырдаа Баары шылдындашканда чыдабай ыйлап ийгем Азыр жылмаю менен эстейм
#52 24 Ноябрь 2011 - 21:33
- Милдет! Намыс! Ата Мекен!
#53 24 Ноябрь 2011 - 21:40
- Милдет! Намыс! Ата Мекен!
#54 26 Ноябрь 2011 - 03:52
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 26 Ноябрь 2011 - 03:52
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#55 27 Ноябрь 2011 - 18:25
#56 27 Ноябрь 2011 - 19:07
solnyshko (27 Ноябрь 2011 - 18:25) жазган:
Көптөн бери ушундай күлө элек элем,боорду эздиң ай!
#57 27 Ноябрь 2011 - 21:51
#58 27 Ноябрь 2011 - 21:54
solnyshko (27 Ноябрь 2011 - 18:25) жазган:
Мен дагы ал агайды билем, досумдун класс жетекчиси болчу, аябай прикольный агай болчу тынч тынч деген
#59 29 Ноябрь 2011 - 03:37
#60 19 Декабрь 2011 - 00:18