1 рубль 1 сомго жетейин деп калды. Анча-мынча сактаган акчам бар эле. Кайсы валютада сакташ керек? Ким билет, жазып койгулачы.
- (25 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Рубльдын баасы түшүүдө
#2 01 Декабрь 2014 - 16:45
Азырынча доллар же евро менен сактап турунуз. Анан дагы байкаштырып коросуз.
#4 01 Декабрь 2014 - 16:45
Акчаны туура пайдаланбасаңыз сактаган акчаңыз убакыттан уттуруп, кунун жоготуп койот, курук акчаны сактап олтургандан көрө абаротко салсаңыз уттурбайт элеңиз, же бир өсө турган буйум алып койсоңуз болмок.
Жөн эле келип өмүргө, жөн эле өтүп кетпейли!
#5 01 Декабрь 2014 - 16:46
Бул деген жакшыда. Кыргызстан жакыр олколордун катарынан чыгып калдыда.Ошого сом менен рубль бирдей болуп жатат, Алмаз Атамбаев айттыго,сонку кабарлар болумунонда окусанар болот. Так ыш-то сом менен эле кармай бер.
Билдирүүнү түзөткөн: Dadin2: 01 Декабрь 2014 - 16:47
Нааданга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз.
#6 01 Декабрь 2014 - 16:51
Европа менен Американын санкцияларыны учун тушуп жатат болуш керек рубль
#7 01 Декабрь 2014 - 16:52
Бишкекте рубль менен сом теңелгени калды, 1 рубль 1 сом 5 тыйынга бааланууда
1-декабрга карата Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында рублдун курсу дагы бир ирет төмөндөдү. Учурда 1 рублду сатып алуу 1 сом 5 тыйын, сатуу 1 сом 12 тыйын болууда. Айта кетсек, өлкөдө рублдун курсу акыркы 4-5 айдан бери кескин төмөндөө үстүндө. Мисалы, 28-ноябрга карата орус валютасын сатып алуу 1 сом 15 тыйын болсо, сатуудагы баа 1 сом 18 тыйын болгон эле. Мындан 5 ай мурун, июнь айында рублду сатып алуу 1 сом 50 тыйын, сатуу 1 сом 51 тыйынды түзгөн.
Орусия акча бирдигинин арзандашы аталган өлкөдө иштеп жаткан мекендештер үчүн жагымсыз көрүнүш. Анткени алар иштеп таап, мекенине жөнөткөн акчанын (рублдун) күчү жоголууда.
(Соңку кабарлардан)

#9 01 Декабрь 2014 - 17:21
#10 01 Декабрь 2014 - 17:23
эми только рубль кодоно турган кылат экенго долларды жок кылабыз деп бир нерсе болсоле доллардан суйлобой эми рубльдан суйлой турган кылып рубль колдонобуз деген миштер чыгып ататго бир нерсе болсоле 1000$девей турган кылып долларды кысып суруп чыгавыз деп атыптыр Путинкам
#11 01 Декабрь 2014 - 17:24
просто бул жерде миллионерлерда ойноп жататда долларды басып алгандар рубльды тушуруп долларды которуп ататда
#12 01 Декабрь 2014 - 18:12
Бизде да ушул койгой. Банкта рубль боюнча акчабыз бар эле. Ойлонуп атабыз. Которулуп эле калсынчы. Кундо валютаны андымай. Качан которулот экен деп.
Рублды долларга алмаштырса айырмасы болобу ?
Башкача айтканда пайдасы барбы же барабар эле болуп калабы?
Рублды долларга алмаштырса айырмасы болобу ?
Башкача айтканда пайдасы барбы же барабар эле болуп калабы?
#13 01 Декабрь 2014 - 19:12
Кыргызтанга кетип калганыбыз онго ээ?500 сом тапсакта Крда кенири басып...катуу катуу кулуп журот элек.эн эле кыйын мигрантарга.
#15 01 Декабрь 2014 - 19:58
Rubl 10.5 boluptur bugun,owondo 1000rubl=1005somgo,kudai saktaigor,kundon kungo tuwup jatatgo,negizi biz orusiyanyn ak4asy mn tiri4ilik kylat elek,az maz ak4a toptoduk ele rubl,almawtyrsakpy je kutup tursakpy?siler kandai oiloisunar?men oiloim yanvarda kotorulso kerek.
Адилет
#16 01 Декабрь 2014 - 20:21
Ооба рубль абдан тушуп кетти. Россиядагы мигранттарга кыйын болду го. Айлык акы отуз мин рубль болсо азыр отуз бир мин сом. Мурда кырк беш мин болор эле да.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
#17 01 Декабрь 2014 - 20:27
рубль тушкон сайын биздин да маанай тушуп атат не кылышты билбей баш айланып
#19 01 Декабрь 2014 - 22:30
"Алтын"
дын доору жакындады...
эмки кезек сомго....сом да кадырын жоготот...ЕАЭСга толук мучо болсо гана!
#20 01 Декабрь 2014 - 23:51
Мигранттарга эле кыйын болду. Эл-жеринен безип, чиедей балдарын таштап коюп, бирди эки кылам деп, Орусияда көрбөгөн азап-тозокторду көрүп, жандарын оозуна тиштеп оокат кылып жүргөндөргө (баары эмес албетте) айрыкча боорум ооруйт. Мекенден тээ алыста жүрүп тапкан акчасы арзыбаган айлыкка айланып калса кейий турган эле иш болуп жатат.
Балким, көтөрүлүп калаар. Көбүрөөк суммада болсо $ кылып койсоңор утулбайсыңар. Долларды 70 сомго чейин чыгат деген имиштер жүрүп жатат. Чын-төгүнүн билбейт экенмин.
Балким, көтөрүлүп калаар. Көбүрөөк суммада болсо $ кылып койсоңор утулбайсыңар. Долларды 70 сомго чейин чыгат деген имиштер жүрүп жатат. Чын-төгүнүн билбейт экенмин.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
- (25 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »