Карышкырлар майданында.
Автор - Димедра.
Жанр-детектив,
криминал.
-Каралдым, сен мага жөн эле кыз эмессин, андан алда канча көп нерсемсин. Сен бир гана менин эмес кичине болсо да бүтүндөй бир өлкөнүн келечегисин,
үмүтүсүн . Биздин өлкө азыр абдан алсыз, билесинби эмнеге?
-Билем ата. Анткени ал жерде жаман адамдар абдан көп, алар артка тартып жатышат. Мен өлкөнү ал адамдардан тазалашым керек.
-керек эмес, милдеттүүмүн!
Мына ушундай деп сүйлө кызым. Сен милдеттүүсүн.
Кана анда сени мекенин күтүп жатат. Мен сага ишенем, сенде баары бар, акыл, ажар, билим, өнөр, өжөрлүк, жана сенде башкада жок сапат жөнөкөйлүк бар. Сен ошол мен айткан акыркы сапатты ар дайым колдон, утуш сеники. Эң негизгиси мен тастыктамайынча эч кимдин буйругуна баш ийбе, унутпа сен менин кызымсын!
Кыз адатынча он колун муштум кылып туйо сол колунун алаканына тиреп көкүрөк тушуна алып ийилип койду.
-Ах каралдым, бул кылыгынды устатына көргөзөсүн мен сенин атанмын, келе жыттап коёюнчу, деп кучагын жая туруп калды ата. Бул кишинин жашы канчага барып калганын эч ким билбейт, кайда жашайт, эмне менен алектенет, эмнеге өз кызын бул Японияга алып келип таштаган жана аны эмнеге даярдап жатат белгисиз. Болгону көп жылдар аралыгында ар келген сайын кыздын кулагына акыл насаат куя берет, алыста Кыргызстан деген мекени бар экенин, ал мекенге акылдуу, күчтүү адамдар абдан керек экенин айтат. Анын тарыхын бүт баяндап берет, ал тарыхта ар дайым журт башында тургандардын айланасында саткындар, жаман адамдар болот, мына ошондойлордун айынан журт артка кетип турган. Алар менен бирге эле башчынын айланасында жакшы адамдар да болгон, алар жардам берип келишкени үчүн гана калк кырылбай ушул күнгө жетип келген дейт. Бул көрүнүш эч качан токтобосун,
жердин жашоосу бутмоюнчо уланаарын да айтат. Ар замандын өз жамандары жана жакшылары болоорун түшүндүрүп,
ошол жаман адамдардан өлкөнү арылтып турчуу бир күч болуусу керектигин айтып келет.
Атанын оозунан чыккан ар бир сөз оор, маанилүү угулат, ал жүрөккө жеткирип сүйлөй алат. Анан кызын сөзсүз эркелетип саамайынан сылап, “Сен өзүң ойлогондон да күчтүүсүн” деп кулагына шыбырап кетет. Мунун баарын көз алдынан өткөрүп жаткан
кызы атасынын кучагына бой урганча көзү жашылданып кетти.
-Ай катугун бул эмнеси? Көздөрүн сууланышып.
-Ата сенин өлкөно барууну каалап турам, бирок бул жайлар да мага жакын. Кантип бул жайды таштап кетем.
-Татынам менин, бул жай сага жакканына кубанычтамын албетте, бирок сен эч нерсеге, эч кимге көнүп калбашын керек, эч качан! Сенин жүрөгүндө да акылында да бир гана ой болуш керек, келечек үчүн күрөш. Биз бул жерге 12 жылды калтырдык көп болсо, а келечекте Кудай буйруса мындайдан дагы он экини жашайбыз. Алдыда ар кандай нерсе болот, сен бир гана кыздар менен эмес эркек адамдар менен да жүрүп каласын, алар менен баарлашууна туура келет. Биз адамдар каалайбызбы жокпу жаратылыштын мыйзамдары бар, жакшы көрүү, сагынуу, көнүп калуу, ишенүү ошону менен бирге эле жек көрүү, ачуулануу, иренжуу деген. Жаратылыш үчүн баары бирдей, ошон үчүн сени да мындай сезимдерден куру калтырбайт.
Бирок эсинде болсун, сен ал сезимдерден күчтүү болушун керек, сени эч бир жан жана эч бир жаратылыш кубулушу жеңе албай тургандай күчтүү бол. Бул үчүн сен 12 жыл сарптадын кызым. Азыр мага коргозуп жаткан көз жашын жашоондогу акыркы жаштар болсун, жашоо сенин көз жашынсыз да туздуу. Сени сезимдер башкаруусуна жол бербе, өзүңдү өзүң башкар, бул жалганда жок дегенде өз жашоондун ээси бол! деп жанакы эле жылмайып мээрим төгүп турган көздөрүнө каар ала сүрдүү карап кыздын далысынан силкип койду.
-а баса сенин атың Шик болот мындан ары.
-жок! деди кыз кесе. Менин атым озгорбойт, мен Таттыгулмун!
Маңдайында турган ата аны бир азга сырдуу карап, кыздын көздөрүнөгү жалындын учкунун көргөндө оозун кен ача жылмайып,
-айтпадымбы сен өжөрсүн, макул Таттыгул боюнча кал. Бирок бул да акыркысы болсун, мындан ары менин айтканыма каршы чыгып тартышпа, менин айтканым талашып тартышуу үчүн эмес аткарылуу үчүн! деди.
Таттыгул тез башын ийкеп түшүнүктүү дегендей ишаарат коргозуп койду, бул жагына да ыраазы боло.
Ал үчүн өзүнүн ысымы эң ыйыктай сезилет, жан дүйнөсүнө жакын кымбат нерсеси жалгыз өзүнүн аты. Кандай күндө да бул кымбат нерсесин тарттырып жибермек эмес.
Атасы башын ийкеп кеттик дегендей алдыга карай жол баштап басып кеткенде, Таттыгул өз бөлмөсүнө жүгүрүп дайым даяр турчу куржунун жонуна асынып атасынын артынан жетип келди.
Бул жайда аларды эң биринчи шамдагайлыкка үйрөтөт, кандай кырдаал болбосун бардыкка даяр турууга. Аларда азыр, күтө тур деген сөз колдонулбайт,
тапшырма айтылган учурдан кечиктирилбей аткарылышы керек, жана айтылгандай так. Эгерде аткаруу учурунда күтүлбөгөн кыйынчылык жаралып калса ал да актанууга себеп боло албайт, ошондуктан ар бир көз ирмемди баалап, айланада болгон көрүнүштү бир караш менен ийне жибине чейин изилдеп улгуруштору керек. "Эң башкысы акыл, аны эч качан эс алдырууга болбойт жана азыркы учурду ойлонуу менен гана алек болуусу шарт, ага бир эле көз ирмем эркиндик берип койсоң кетет ааламды кезип, өткөндү эстеп келечекти кыялданып, бул азыркы учурдан алаксытат."
Устаты дайым ушундай дей турган. Кыскасы “джиу джитсу” деген бул жөн гана мушташуу ыкма эмес денени аң сезимди тарбиялоочу катуу тартип.
Тоонун чокусунан ылдый карай созулган ийри түз жолдор менен эки караан ээрчишип бара жатышты. Качан гана төмөн түшүп тоонун түбүнө жетишкенде Таттыгул чокуну карап демин ичке тартып катуу дем алып алды.
-Ооба кызым бул жай сендей азаматтардын канчоосун уясынан учурду, дагы алдыда канчоосун учурат ким билет. Алдагы куураган жыгач тамдар мен кичине кезимде эле ушундай абалда боло турган, бүгүн эртең кулап түшөт го деп ойлочуумун,
карабайсынбы андан бери кылым өттү дагы да ошол ошо бойдон турат, али алдыда дагы ондогон кылымдарды каарытат бул жайлар. Жүрү кызым эми тикесинен тик туруп темирдей каткан, жүздөгөн кылым туруп берет деген жалган жайлар менен таанышуу учуру келди, деди ата кызын ийининен тарта кучактай. Ал айтпаса да сезип турган кыздын бул жайдан сыртка чыгууда коркуп жатканын.
-а эмнеге жалган жайлар? деди кыз басып кеткен атанын алдын торой басып.
-анткени алар жүз эмес бир кылымга да жетпей кулап калат.
-себеп?
-кызым ушуну бил. Озун турган жердин катуулугуна ишенип курчап турган ааламга таянба, сенин күчүн ичинде, өзүндө гана болот. Эгер өзүнө эмес сени курчаган адамдарга ишенсен анда жолуңдун бүткөнү. Сен жаса, алдыга умтул, эч кимге ишенбе, ар дайым жалгызсын, жанында ким болбосун алар сенин жан дүйнөндү ээлеп сага күч болуп бере албайт, ал жерди эмне менен толтуруу өзүңдүн гана колунда. А баса эч качан атымды чыгарам, ааламга таанылам деп аракет кылба, ал жол алдамчы. Сен пайгамбар эмессин кылымдар ооздон оозго алынгыдай, баары бир бир күн унутта калчуу жөнөкөй өлүүчусун. Ошондуктан азырын менен гана алек бол!
Атанын оозунан чыккан кезектеги акылман сөздөрүн талдап ундобой калды Таттыгул.
Алар арыда токтоп турган унаага жете бергенде аса таянган бир дербиш келип кубуронуп бир демелерди сүйлөп кирди.
Карышкырлар майданында Детектив криминал
#3 30 Март 2019 - 18:26
Анын сүйлөгөн тили кызга түшүнүксүз болгондуктан кунт коюп тыншап калган. Ал ангыча артынан чыккан көлөкө артындагы куржунунан тартмакчы болуп колун созуп келе жатып жерге кулап Таттыгулдүн аяк астында калды. Жерге карап атасы экенин көргөндө кечирим сурап колдон тарта өйдө тургузуп жатып артында өзүнө карай буту шилтенип келе жаткан дербишти буттан чала жерге жыгытты.
-Эми жанагы айткандарыны япончо кайтала, деп кекиртектен кармаганда тиги дербиш андан бошонуп тап бере аякка тик туруп калды. Ал жерде дербиш менен Таттыгул кыйла алышып биринен бири өтүп онорлорун коргозуп жатышты. Албетте дербиштин күчү үстөмдүк кылат экен, кантсе да эркек эмеспи, кийин ал джиу джитсудан башка кикбоксинг, кунг фу менен алектенгенин да коргозуп жатты. Таттыгулдун өзгөчө шамдагайлыгы болбогондо алда качан мурду башынан кан агып жерде кулап жатмак. Терге чомулгончо салгылашкан экөөнүн тең чарчагандары билинип турду. Такыр алдан тайганча өзүн колго алуу керектигин эске алган Таттыгул эми дербиштин арка тарабына өтүүгө умтулуп жатты. Оң келди болуп анын аркасында өтүп алган кыз учурду бошко кетирбей эки согончогу менен катар санга тээп өттү эле тиги тарамышы туйулуп комкорусунон сулай жыгылды. Эки соомойу менен омурткадан кыса кармаган Таттыгул,
-омуртка сөөгүн үзүлүп кетишин каалабасан, ачык айт, кимсин? сага эмне керек? деди демиге.
Дербиш бир демелерди сүйлөп жалынгандай болуп жатты, бирок анын тили кызга түшүнүксүз эле.
-япончо сүйлө!
-коё бер кызым, ал япончо билбейт, деди арыда турган атасы.
-Бул кайсы тилде сүйлөп жатат? Таттыгул ордунан козголбой туруп атасына суроо узатты.
Анткени ал чындап эле таң калып турган, эч бир сөзү ага тааныш эмес эле. Өзү болсо англис, орус, фарси, немец, япон, кытай, корей, араб, француз, испан, түрк элдеринин тилдерин биле турган. Башка тилдердин сөздөрү да жок дегенде ушулардын бирине окшош болушу керек эле.
-ал менин тилимде сүйлөп жатат, сандар менен. Үйрөтүүчүн менен таанышып ал, деди атасы.
-Таттыгул, деди кыз тигинин омурткасын коё бере.
-Азаматсын! шамдагайлык жетиштүү бул жакшы бирок сенде күч жетишсиздик кылат, ошондуктан каршылашына эч мүмкүндүк бербе сага кол салуусуна. Болушунча тез аны жыгытууга аракет кыл жана анын бошонуп кетүүсүнө шарт түзүп бербе, антпесе көп алышсан бат чарчап каласын. Шамдагай адам күчтүү адамга караганда бат чарчайт, эсинде болсун.
Дербиш кейпин кийген адам ордунан туруп жатып ушуларды сүйлөдү да кызга колун сунуп,
-Мелис, деди жылмая.
Таттыгул жөн гана аны баштан аяк карап койду, аларды кол сунуп учурашууга уйротпогон бул жайда. Жигит жылмайып колун түйүп тартып бара жатып кызды ич талаштыра бир муштап өттү. Күч менен урулган муштанбы же кутулбостуктонбу Таттыгул тайсалдап артка кетенчиктей түштү да ага жооп кылып абага каалгый секирип эки согончугу менен моюн талаштыра тээп өттү, ошентип кайра экөөнүн согушу башталды ал жерде. Бир убакта көкүрөкко урулган оор соккудан улам экөө бирдей жерге кулай жыгылышты. Ата экөөнүн арасына түшүп эки алаканын экөөнө жумшап бирдей катуу сокку урган эле.
Таттыгул атасында мындай өнөр бар деп ойлобогон десе тиги да мындайды күтпөгөнго окшойт, таң калганы көздөрүнөн билинип турду.
-эч качан унутпагыла, үчүнчү күч ар дайым жандап журоорун, деди да басып барып унаанын арканкы эшигин ачып отуруп алды ата.
Бири бирин караган экөө күтүп турбастан унаага жетип бири ролго отуруп кыз анын жанынан орун алып жөнөп кетишти.
Унаада үчөө тең үн сөзсүз келип Ниигата шаарынын аэропортуна келип токтошкондо гана арканкы орундукта отурган ата Таттыгулдун далысынан таптап, колуна көк сыртында Кыргыз паспорту деп жазылган документти карматты.
-Бул сенин паспортун, Москва шаарында аэропорттон өтүп жатканда керек болот, япон паспортунду ал жерге жеткенде ыргытып жибер.
Паспортту колуна алып дароо ичин ачып ысымы деген жерин карап өзүнүн аты жазылып турганын көрүп эс ала түштү, оюнда жанагы айтып жаткан жаңы ысым боюнча жасатып койбоду бекен деп ойлоно кеткен.
-жактыбы? деди атасы.
-албетте.
-айрыкча ысымын жакты ээ, чочуба кызым кыргызча документке кантип башка ысым жазып коймок элем мына бул жерде жазылган ысымдар башка, учуру келгенде ирети менен бирден таанышып аласың, деп топ болгон ар түстөгү паспорторду таптап кайра төш чонтогуно салып койду.
-Эми жакшылап тында кызым, азыр сен бара турган жайда сени окуу күтүп жатат. Сен кайдан келгенинди эч кимге айтпашын керек, каалаган адамын менен достош эч кимден качпа ааламды кезип ушак курсан болот бир гана өзүнө сөздү жакындатпа. Кийин ал жерде сен тендуу кыздар сенин деңгээлинде эмес, ар бир сабак өткөндө мугалим сураса дароо туруп жооп бере бербе, керек болсо ал жайдын мугалимдери да сен билгенди билбейт. Кыргызча орусча аралаштырып сүйлөсөн болот, кааласан англис тилин кош бирок кээде гана, башка тилди эч качан колдонбо. Түшүндөн ойготсо да кыргызча сайрай турган бол, бекеринен мен сени менен жалгыз ал тилде сүйлөшүп жүргөн жокмун. Кийин сен үчүн атайын батир даярдалган, ал жерге өзүңдөн башка эч ким кирбеши керек, ошентсе да ал жайда ашыкча буюм сактаба. Көчөдө же окуу жайда бирөөлөр менен тартышып мушташпа, эгер чоң кыздар күч көргөзсө жооп кайтарба. Дагы бир нерсе ал жайда кыздар заманбап кийинишет, сенде баары болот, эң мыкты кийинип мыкты жасанып жүрөсүң, жөнөкөй болсоң бирөө жарым катуу сүйүп калуусу мүмкүн, сен андан сактан. Жигиттер сени кол жеткис перидей сезиштери керек. Жаштар чогулчуу жайлардан калбай бар, кыскасы кадимки 18 жашаар кыздын жашоосун жаша.
-он сегиз? Таттыгул көздөрүн чоң ачып жиберди.
-унутупмун, сенин жашын 18де болду. Бирок бул деген сен эки жыл эрте каарыйсын дегени эмес, дагы эки жылдан соң кайрадан 18 жаш куракта паспорт алабыз.
-түшүнүктүү, деп отуруп калды.
-а сага кайсы окуу жайга барарын кызыктырбайбы? деди атасы.
-билем, деди Таттыгул. Чет тилдердин окуусуна окутасыз.
-Азамат, мугалимдер сенчелик билбейт дегенимден сездин да ээ, бирок биздин мугалимдер бир гана тилден сенден артта эмес, аалам таанууудан бардык жактан, мисалы биологиядан адамдын денесиндеги кайсы чекит кайсы орган үчүн жооп берээрин билишпейт, химиядан кайсы элементтерди бириктирип жардыруучу зат жасоону эч ким ойлонуп да көрбөгөн ал эми техника менен иштөөнү айтпасам да болот, мугалимдер роботтун сулуулугуна суктанып бүткөнчо сен ал роботту өзүнө баш ийдирип улгуросун.
-жок, деди кыз артына бурулуп. Сиз же мени ашыра акылдуу кылып жибердиниз же ал адамдарды баалабай жатасыз. Каршылашынды ар дайым турпатынан жогору баала дейт эмеспи. Бирок мен тилди жакшы билгеним үчүн антип айтпадым, болгону мен чет элге көп чыга турганга окшойм көкүрөк чотогунуздогу докменттерге караганда, ал үчүн бир шылтоо керек эмеспи, а тил үйрөнүү бул эң оңой шылтоо дүйнө кезүүгө. Дагы мен ойлоп жатам мени чыгыш тилдерин окутуучу жайга алып бараарынызды.
Ата ордунан обдулуп алдыга жакын келип кызга бир деме деп суйломокчу болуп кайра ундобой калды.
-а баса сени менин жанымда көп корбоштору керек, ошондуктан бул агаң сени окууга алып барат. Андан сырткары да көп жолугуп турат, жанагы тилди үйрөнүүн керек, бирок мындан бир нерсе сурайм деп убаралнба, экөөнө эркин сүйлөшүүгө уруксат жок.
Ушундай деди да унаанын эшигин ачып түшүп кетти. Кыз да артынан түшүп бара жатканда ролдогу жигит колун көтөрүп керек эмес дегендей ишаарат кылып, унааны ордунан козгоп андан ары жолун улай беришти...

#6 01 Апрель 2019 - 08:31
Абдан күтүп аткам ушул айымдын чыгармаларын.
рахмат автор. Өлүмдүн үч түсү сиздин калемге таандык эмеспи?
#8 03 Апрель 2019 - 13:45
-Кардын ачтыбы деди жигит бир кыйла жүргөндөн кийин.
Таттыгул мындай суроону биринчи ирет угуп тургандай ага таң кала карап коюп терезе тарапка бурулуп отуруп калды. Ал жүргөн тоонун башында эч ким антип суроочу эмес, качан алдыларына алып келгенде гана карын жөнүндө ойлонушат. Кийин канча дур дуйум тамак болсо да ченелген өлчөмдөн артык жешпей турган, себеби тамактан кийин тыныгуу берилбейт дароо машыгуу менен алек болушат, көп жеген тамак кедергисин тийгизет. Бир ирет керектен көбүрөөк жеп алып азабын жакшы эле тартты окшойт, тамактан кийин сыртта болгон ышкырыктан улам атып чыгышкан кыздарга жаанын жебелери жаай берди, кээсин колу менен тутуп кээсинен буйтап араң жетишип жатышкан көп тоюп алган Таттыгул шамдагайлыгын жоготуп көп жебени денесине өткөрүп жиберген. Дагы жакшы жебенин учтарына желим капталган экен териге сайылбай жөн гана катуу сокку уруп жерге түшүп калып жатышты. Ошентсе да денедеги когоргон тактар кыйлага чейин кетпей жүргөн. Ошондон бери таттуларды оозуна алып бара жатып ал учурду эстегенде кайрадан ордуна коюп койчу. Дагы бир ирет аябай катуу карды ачып жанындагы кызга айтып алганы үчүн 3 күн ачка койгон. Ушундай катуу тартиптен кийин абалга арызданып же өзүңдөн башка адамга ишенип көр.
Мелис да баарын тушунгондой ундобой айдап барып бир ашканага токтоду.
- Чочуба биздин учак 4 сааттан кийин учат ага чейинки убакыт өзүбүзгө таандык, деди да эшикти ачып түшүп кетти.
Таттыгул да анын артынан түшүп ичкери кирип, бирок жигит отурган орундуктан башка жайга отуруп алды. Бул кылыгын көрүп Мелис падносун көтөрүп анын жанына келип жайгашып,
-менден качып жатасыңбы. Кепилдик берем бир аптада менин аркамдан калбай, бекинсем издеп таап көлөкөдөй ээрчип кааласын. Ошондуктан убакытты текке кетирбей азыртан мага эмне жагат эмне жакпайт талдап башта.
Таттыгул ага карап да койгон жок, кудум жанында отурган адамдын сөзүн укмак турсун анын бар экенин байкабай жаткандай. Терезеден сыртты карап күндүн турган жайын кийин батыш тарапты карап алды да,
-биз толук 4 сааттан кийин учабызбы? деди. Мелис кол саатына карап туруп,
-3 саат 45 мунотубуз калды, деп жооп берди.
-Демек саат 16_15те учат экенбиз да, деп алдында турган тамакты жыттап койду. Тузун ашыкча салып жибериптир.
Жигит тамакка созуп бара жаткан колундагы таякчаларды бир бирине кагыштырып токтоп калды.
-сен эч качан саат колдонбойсунбу?
Кыз адатынча бул суроосун да жоопсуз калтырды Мелистин.
-күндү карап убакыт билгенин го маалым, бирок жытынан тамактын даамын билгенин укмуш экен.
-жыт сезүү начарлашы бул мээнин өз нугунда айланбай жатышынан кабар берет. Бул деген же мээден башка нерсе орун алган же ал четинен өлүп баштаган, рак, альцгеймер, паркинсона…
-токто, токто. Мен туулгандан эле ушундаймын. Жок мен жыт сезем бирок өтө күчтүү орчугон эмес.
-мен сизди айткан жокмун.
Ушуну менен алардын сөзү аягына жетти. Мелис канча суроолорду берип сөз баштоого аракет кылганы менен жоопсуз калып кетип жатты.
Таттыгул алдына келген тамакты ооз тийип да койгон жок, четте турган чөп чайдан гана бир уурттам ичип тим болду.
-эмне жебейсин? А түшүнүктүү, жакпаган нерсе ичке киргенче сыртта эле калганы жакшы дегенин да бул. Анда башка тамак айттыр, биз абада көп жүрөбүз кардын ачып калат.
Мелис өзү сүйлөп өзү жооп берип убараланып жатканда Таттыгул чыныны четке жылдырып колун түйүп алаканына такап өзү билгендей ыраазычылыгын билдирип ордунан туруп кетти.
-эй сен кайда?
Укмаксан боло чыгып кеткен кыздын артынан шаша туруп баратып акы төлөөнү да унута жаздаптыр, кайра келип столго япондордун иенасынан керегинен ашыкча калтырып рахматын айтып чыгып кетти.
-эмне чыгып кеттиң? Мен тоё элек болчумун.
-биз ал жерде 15 муноттон көп отурдук. Бир жайда анча кармалуу кооптуу.
Таттыгул унаанын эшигине жөлөнүп туруп ушундай деди.
-а сенин сабагын 90 мүнөткө созулаарын билесинби? Бир жайдан жылбай 90 мүнөт отурууна туура келет, деди Мелис ролго отуруп жатып.
-12 жылга караганда бул бир кыйла аз, деп койду кыз.
-сени түшүнүп болбойт, 15 мунотту көп дейсиң 90 мунотту аз дейсиң.
-өз ыктаярын менен болгон жай үчүн 15 мүнөт көп, ыктыярсыз кармалган жайда убакыт эсептелбейт, анткени ал сенин колунда эмес.
Жылтыраган күрөң түстөгү Митсубишинин ачкычын бурап жүргүзгөну жатканда аркадан тарс эткен катуу добуш чыгып унаа бир силкинип токтоп калды.
-мына мынтип жетип келдик көрүнөт. Менин артымдан эшиктерди бекитип ал, унаадан башыңды чыгарба, деди да кыз отурган орундуктун алдынан эки тапанчаны колго алып сол көзүн кысып коюп түшүп кетти Мелис. Бир буту түшүп экинчиси көрүнө электе өзүнө карай келе жаткан октон буйтоого туура келип жерге томолонуп кетти. Таттыгул ал айтканындай эшиктерди бекитип жигиттен көзүн албай карап отуруп калган. Аңгыча аркадагы унаадан түшүп келген эки жигит Мелиске алмак салмак кол сала башташты. Бир мүнөткө да жетпеген убакытта экөөнү бирдей жайгарган жигит аларды судуроп өздөрүнүн унаасына жүктөп коюп кайра жетип келди.
-кеттикпи.
-булар кимдер эле?
-билбейм. Мен билген адамдар мени өлтүрүүгө келмек беле.
-а балким бул да сизге окшогон атайын жөнөтүлгөндор болуп жүрбөсүн.
-андай болгондо менин кабарым болмок биринчиден, кийин мен эч кимге окшобойм.
-байкадым, ошондуктан тоонун түбүндө мени жөн эле жаш баладай алдаган турбайсызбы.
-жаш бала эмей кимсин анан, деп мурдунун учуна сомойун тийгизип коюп жылып кетти.
Таттыгул бир жагынан анын мынчалык өзүнө ишенген менменсинип эч кимди тенебей сүйлөгөнүн жактыра бербей баратса бир жагынан анын жанагы эле коргозгон өнөрүно таң калып отурду. Тоонун түбүндө жөн эле өзүн ойнотуп жаш баладай мамиле жасаганына да ачуусу келет, мындай өнөрү менен оңой эле чарчап анын колуна түшүп бере турган адам эмес экенин көрбөдүбу.
Алар так өз маалында аэропртко келип каттоодон өтүп учакка отурушуп 13 жарым саат дегенде Москванын Шереметьево аэропортуна келип конушту.
-биз бул жерде канча болобуз?
Жанагы унаада сүйлөшкөн боюнча ушул биринчи ооз ачышы болду Таттыгулдун. Учакта бир ооз сөз сүйлөмөк турсун, ордунан козголуп оозуна наар алып койгон жок.
Мелис саатына бир карап алып кыздын суроосуна жооп бербестен,
-жүрү деп алдыга карай жол баштап, бир бурчта ашкана деп жазылып турган жайга барып, Таттыгулдон сурабастан эки адамга ылайык тамак менен кара чай алдырып четтен орун алып отуруп калды. Бул ирет аны же, ич деп кыстаган да каалайсын бы деп сураган да жок. Балким кыздын кыялын билип калдыбы. Таттыгул таякча ордуна коюлган вилканы колуна алып тегеретип карап кайра ордуна коюп койду.
-жалгандан өнөр көргөзбө. Силерди вилка эмес кепкир менен да тамактанганга үйрөткөн керек болсо, деди Мелис кызды дагы тамак жебей коёт экен деп чочулагансып.
-Ооба, болгону мында хлордун жыты бар экен, жакшы чайкалбаганбы деп карадым.
Мелис бырс күлүп жиберди.
-сен жыттабай жүрө аласыңбы? Бул жерде суусу ошондой жыттанат.
Күлкүсүн тыйып,
-бирок анын зыяны жок, деп кошумчалап койду.
Таттыгул бул ирет да алдына келген тамакка колун тийгизбеди. Аны бир карап саатына бир карап коюп ордунан козголду Мелис,
-убакыт болду кеттик.
Таттыгул да ордунан козголо бергенде айнек дубалдын сыртынан өздөрүнө бир карап өтүп кеткен кара чачтуу адамды байкап калды. Өзүнүн бутуна чалыштап жыгылып бара жатып Мелистин колуна түшө бергенде,
-сиздин артыныздан калышпаптыр, деди.
-Ооба, алар биз менен Япониядан бери келе жатат. Менимче менин эмес сенин артыңдан түшкөндөр.
Таттыгул туздонуп жылмайып уялымыш болуп куржунун артына алып жөнөп кетти. “Булар кимдер болушу мүмкүн, чындап эле менин артымдан тушконбу, эмне себептен? Жоок андай эмес, Мелис байкени аңдып жүрүшөт же атамдын сырттан койгон кароолдору. Эгер чындап эле мени жок кылууну көздөгөндор болсо анда мен аткарчуу тапшырмага кызыккандар көп. Анда алар да биздин эле бирибиз” деп ойлоп бара жатып жүрөгүн кандайдыр бир коркунуч ээлеп кетти бир саамга. Бул сезим ага абдан тааныш эле, ар дайым түндө тушторундо ушундай сезим менен бет келишет, алсыз коргоочусу жок адашып коркуп жүргөндөй боло берет. Анын жашоосу жалаң гана тобокелден турганы менен бул сезим башкача эле, өмүр үчүн эмес андан да кымбат нерсесин жоготуудан корккон оор сезим болчу.
Ойлонуп баратып азыр эле алдында бара жаткан Мелисти жоготуп койду. Мойнун созуп ары бери караса жок, дегеле бул жайда болбогондой дайыны билинбейт. Кантип? көп болсо беш секунд алаксып кеткен ойлорго ошол аралык ичинде жер жутуп кеттиби. Устаты айткандай бир эле саамга акылга эркиндик берем деп багытынан адашып калды көрүнөт. Жанагы сезимдер кайрадан жүрөгүн ээлеп бара жатып өзүн колго ала жайлана түштү, так азыр өмүр бою коштоп журчуу коркунуч менен күрөшү убактысы келгендей сезилип бара жаткан багытынан тайбай кете берди. Анын бараар жери Кыргызстан. Бактыга жараша ал өлкөдө эки гана шаар бар учак кончуу, жакынкы убакытта кайсы шаарга багыт бар экенин билсе болду, адашпай таап баруу үчүн көп акылдын деле кереги жок. Ушундай ойлор менен жүрүп дубалда илинип турчуу чоң экрандан жакынкы аралыкта учуучу учактардын багытын карап жатты. Кызыгы бири биринен көп айырмасы жок убакытта эки шаарга тең учак бар экен. Таттыгул коп ойлонбой барып Бишкек шаарына учуу үчүн каттоого турду, эгер бул жерден анын ысымын табышпаса анда Ошко кетуучулордун катарына кошулат. Жаңы алган көк паспортун кармап кутуучулор катарынан орун алды. Баары бир анын ысымына алдын ала чыптама алынган. Кудай жалгап ал туура багытта экен, каттоодон өткөрүп жаткан жигит аны тандана карап алып сылык сүйлөп паспортуна мөөр басып узатып койду. Топ элдин катарында учакка чыгып жайгаша турган болгондо жүргүнчүлөрду тейлөөчү кыз анын колундагы чыптаманы алып жүзү озгоруло түштү. Эмне эле баары мынтет деп бир нерседен күмөн санап бардыкка даяр болуп калган Таттыгулдү, тосуп алган кыз өзү ээрчитип барып орундугун коргозуп, жүгүн жайгаштырмакчы болуп колундагы куржунун сурады эле Таттыгул укмаксан болуп бербей койду. Анысында жарытылып деле нерсе жок, болгону ал эч качан өзүнүн буюмун башкага карматпайт.
Орундукту көргөндө түшүнүп жатпайбы эмнеге алардын таң калып жатышканын, көрсө ал атайын залдан кезексиз кирчүү адам экен да, учактын алдында жайгашкан “бизнес класс” бөлүмүндө экен жайы. Эки орундуктун бири бош болгондуктан ал адатынча терезе тарапка өтүп отуруп алды. Жанындагы орундук эмнеге бош жана Мелис кайда кетти деп ойлонуп да койгон жок. Өзүнчө бул нерселер ага тиешеси жоктой кайдыгер болуп койду, дегеле ал өзүнөн башка жөнүндө ойлонуп кыжаалат болууга үйрөнгөн эмес.
Терезеге тигилип отурганы менен айланада болуп жаткан ар бир кыймылды көз жаздымда калтырып койгон жок. Бир убакта эми эле сулуулук салонунан чыккандай чачтарды артка тарап кара көз айнек тагынып дукондон жаңы алынган костюм шымды кийип бутундагы учу шиш туфилийин жалтырата тазалаган бул учактагы эң көркөмдуу жигит келип жанындагы орундуктан орун алды. Таттыгул бурулуп карап да койгон жок. Жигит да өзү менен өзү алек болуп кызга көңүл бурбагандай түр көрсөтүп жатты. Таттыгул канча өзүн кармаса да болбой жүзүн уяча ээлеп жылмая берди. Анын мурдуна келип турган жыт дегеле бул адамга жарашпай жаткандай. Аңгыча тейлөөчу кыз суу сунуштап келип калып, Таттыгул күтүүсүздөн эле анын сунушуна макул болуп сунулган ак желим кружканы колуна олдоксон кармап алып жатып жигиттин алдына төгүп алды. Тейлоочу кыз куйполоктоп кол арчуучу ак кагаздардан анын шымына жаба бергенде Таттыгул аларды алып койду.
-эч нерсе эмес кургап калат, жөн эле кам суудан так калбайт эмеспи эгер курамына башка нерсе кошулбаган болсо, деп жылмайып койду. Андан көрө мага башка суу берип коесузбу.
Кыз Таттыгулго бир карап жигитке бир карап ал тараптан доош чыкпагандан кийин айтылган сууну сунуп басып кетти.
Суудан уурттаган болуп жанына ак салфеткланы жайып бир демелерди чиймелеп жазып жигитке карады.
-Кечиресиз, чындап эле балким муну жаап койсом батыраак кургап калаар.
Жигит макул дегендей ишаарат кылып башын ийкеп койду. Көзүнүн кыйыгы менен бутуна жабылган кагазга карап, “менин уктагым келген жок, наркоз кошулган суунун жыты алдагы сиздин жытынызды бир аз да болсо басандат” деген жазууну окуп салфетканы мыжыга кармап кызга сырдуу карап алды. Суудан уурттап отурганы менен жигиттин ар бир кыймылына сарасеп салып отурган Таттыгул өтө сак боло түштү. “Демек бул эмес, менин артымдан түшкөн адамдар бардыгы чынбы? Менден эмне каалашат?” деп жанагыдан эки эсе сак боло түштү.

#10 05 Апрель 2019 - 19:32
"Урматтуу жүргүнчүлөр,
биздин учак Бишкек шаарынын Манас аэропортунун үстүндө учууда. Бишкекте түнкү саат 2_30. Абанын температурасы 20 градус нолдон жогору. Баарыныздар өз орундуктарыныздарга жайгашып курчоонуздарды курчанып отуруунуздарды суранабыз, учак толук конуп болгонго чейин. Көңүл бурганыныздар үчүн чон рахмат."
Стюардессанын ушундай жагымдуу үнү угулган соң жигит колунда бырыштыра кармаган кагазды Таттыгулдүн колуна карматып,
-көрсөткөн комогунуз үчүн чон рахмат, деп ордунан туруп кетти. Эми эле орундуктан жылбай отурунуздар деген эскертүү ага тиешелүү эместей.
Мунун баары эмне үчүн жасалып жатканын тушунбосо да абал баштапкы пландан өзгөрүп кеткенин аңдап отурду Таттыгул. Тилекке каршыбы же бактыга карайбы ал баштапкы план тууралуу да кабары жок эле. Андыктан бул канча жылдар даярданып кыялданып келген шаары аны биринчи ирет кандай тосуп алаары табышмак. Ал азыр канча оюн жыйганга аракет кылганы менен болбой эле жүрөгү алып учуп жатты. Көз алдына тушторундо кирип журчу жашоо менен алышып жалгыз калып калуудан коркуп, ыйлап адашып жүргөн кичине кыз тартыла берди. Ах! ал кандай гана алсыз эле, көздөрүндөгү коркунуччу, жаш бала эмес чоң адам которо алгыс кайгысы бар. Үч төрт жаштагы бала тагдыр менен алышып жашоодо жалгыз калышы кандай оор. Бул элес кимге таандык экенин билбесе да Таттыгул өзүн тааныгандан бери аны ээрчип жүрөт. Кээде ал түшүндө бул көрүнүштү жолуктурбай калганда кадимкидей жоктоп калат. Кыязы белгисиз элести жашоосунун манызына айландырып алса керек.
Ушундай ойлор менен алышып отуруп жанындагы адамдар козголуп чыгууну көздөй баратканына карабай ордунан жылбай отура берди. Кайда шашымак эле, же жанакы элес менен бет келишип калыштан журоксуп жаттыбы айтоор сыртка чыгууга ашыкпайт. Жанына тейлөөчу кыз келип,
-баары жайындабы? Кечиресиз азыр биз тиги "эканом класстын" жүргүнчүлөрүн коё беребиз, ошондуктан азыр түшүп кеткениниз оң, албетте эгер алар жолтоо жаратышын каалабасаныз, деди.
Таттыгул айланасына карап өзүнөн башка эч ким калбаганына ынанганда гана кызга карап,
-албетте, деп аны ээрчий жөнөдү.
Алдыда бараткан кыз эмнегедир эшик тарапка эмес ылдый жүк салынчуу жакка түшчүү тепкич тарапка баштап кетти. Эки жагына бир сыйра көз жүгүртүп алып Таттыгул да анын артынан ылдый түшө берип кызыктай абалга туш болду. Алдыдагы кыз эч нерсе тушундурбостон кийимдерин чечип Таттыгулго кармата берип колун сунуп туруп калды. Эмне кылуу керек экенин түшүнбөгөн Таттыгул кызга суроолуу тигилип,
-эмне кылуу керек? деди оозун кыбыратып.
-кыймылда бат, сени күтүп турууга убактым жок. Маңдайындагы кызда жанагы эле сылыктык жоголуп каардана жооп кайтарды.
Таттыгул да аны туурап кийимдерин чечип анын колуна кармата берди эле тиги өтө тездик менен кийинип тепкич тарапка бурулуп баратып,
-жүргүнчүлөр түшүп болгончо ооздо турасың, деди да чыгып кетти.
Таттыгул азыр эч нерседен кабарсыз болгондуктан ким эмне десе ошону аткарууга аргасыз эле, демек азыр ал кыздын айтканын аткаруу керек. Көнгөн адатында тапшырманы так аткарууга ашыгып колунда калган кийимдерди кийип, аз өтпөй айтылган ордун ээлеп, түшүп бара жаткан жүргүнчүлөрду узатып ооздо турду.
Кудум ушул учактын ичинде калып кетчүдөй тытынып сыртка карай жулунган жүргүнчүлөрдүн ар биринин жүзүнө уурдана караганы менен эч биринен эч кандай кумондуу кыймыл көрө алган жок. Жүргүнчүлөр да түшүп болуп учактын ичин жымжырттык ээлей түштү, экипаждын гана адамдары калган көрүнөт. Таттыгул муну андаганда сыртка чыгууга шашылып калды, экипаждын адамдары менен өзүн кандай тутушун билбейт эмеспи, кийин жанагы кыз жүргүнчүлөр түшүп болгончо деп гана айтпадыбы. Эч кимге карабастан куржунун жонуна асынып алып жүргүнчүлөрүн акыры болуп трап менен түшүп баратканда артынан,
-сен кайда? деген бейтааныш кыздын үнү угулду. Жумушунду кимге таштаганы жатасың?
Таттыгул трапка бир бутун койгон боюнча ордунда катып токтоп калганда,
-токтой турчу, сен кимсин? деди жанына жетип келген өзүнүкүндөй ак көйнөк боз юбка кийип, мойнуна боз чупурок байлаган кыз.
Кырдаал жакшы эмес тарапка карап озгорулуп баратканын байкаган Таттыгул, айланадагы башкалар байкабастан туруп өтө шамдагайлык менен кыздын колунан тарта ичкери карай кирип кетти.
-Сен мени тааныйсынбы?
-жок тааныбайт, деп арыдан учкучтун кийимин кийген жигит чыгып келип тиги кыздын кулагынын арка тарабын бармагынын учу менен басып, жыгылып бара жаткан денесин эки колдоп тутуп алып ылдый көздөй түшчү тепкичтин оозуна отургузуп койду.
Бул Мелис эле, жанагы эле кийип жүргөн костюмун эми учкучтун кийимине алмаштырып алган экен.
-Кеттик.
Экөө ээрчишип экинчи кабаттан чыгып баратып ажаткана тарапка бурула бергенде полдо кулап жаткан Мелистин жана учакка кийип түшкөн кийимин кийген адамдын денесин көрүштү.
-түшүнүктүү, деди да Таттыгулдү колдон ала жүрүп чек ара кызматкерлери менен жылмая коштошуп аэропорттон чыгып кетти.
Чыга бериште аларды унаа күтүп турган экен, экөө ага отурушту да зымырап шаарды көздөй жол тартышты. Аэропорттон түз жолунан чыгып кенен таштак жолго түшүп калышканда алардын алдынан эки үч унаа катары менен келип тороп калышты.
Мелис кол саатынын фонаригин күйгүзүп унаанын ичин тинтип кирди. Аңгыча ролду сыйпалап жатып,
-шайтан алгыр! деп кыйкырганча эле башы шалактай берди.
Айдоочу чыканагы менен анын жүзүнө катуу сокку урган эле. Арканкы орунда отурган Таттыгул мойнундагы боз чупурогун чечип айдоочунун кекиртектен ороп муунтуп кирди. Эмне болгон ченде да ал үчүн азыр эң жакын адамы эле Мелис, ошондуктан кандай кырдаал болбосун анын тарабында болуусу шарт. Мелис башын оңдоп аларга бир карап алып терезени түшүрүп сырттагы адамдарга ок атып кирди.
-ролго отур, бол бачым! деп Таттыгулго буйрук бере.
Таттыгул буйрукту так аткара эшикти ачып деми кайтып калган айдоочуну түртө түшүрүп өзү алдыңкы орунга өтүп ролго отурду да унааны жулкуп артка айдап барып газды катуу басып жолду тороп турган унаанын бирин коюп алдыга өтүп кетти. Бул учурда Мелис тынбай ок жаадырып жаткан.
Алар отурган ар бир унаанын орундуктарынын алдында курал болсо керек, көп издеп кыйналбастан эле орундуктун алдын тартып курал таап чыгат экен. Жамандык болбой жакшылык жок дегендей ушундай иштердин артынан Таттыгул жок дегенде бир эреже менен таанышып алды.
Мелис алдыга карабай туруп оңго айда, солго бур деп буйрук берип келе жатты. Ал бул жолдорду өзүнүн өмүр баянынан да жакшы билсе керек. Бир кыйлага барып калышканда,
-жолдун четине алып токтот деди.
Унаа токтогондо Таттыгулго карабастан кол телефонун көтөрүп өзү түшүп кетти да, бир аздан соң кайтып келип терезени чертип туш дегендей ишаарат кылып, ал тушоору менен колдон жетелеп жүгүрүп жөнөдү.
-бизде убакыт тар. Бир сааттан кийин шаар кыймылга келет, ага чейин улгуруубуз керек.
Таттыгул ундобой жанында чуркап баратканы менен ичинен ар кандай ойлорду ойлоп баратты. "Эмне кылуубуз керек, кайда улгуруубуз кажет. Дагы эмне болуп кетиши мүмкүн". Анын абалын байкадыбы Мелис үстүртөн түшүндүрүп өттү.
-биздин бар экенибизди керектүү адамдардан сырткары эч ким билбейт жана билбеши керек. Бир эле этиятсыздыктын артынан ушундай абалга туш келдик. Москвада аэропорттогу адамдар бизди Ниигатадан бери ээрчип келишиптир, ал жакка ким жөнөткөнүн биле албадым, бирок маалым алар бул жактан биз менен бирге кетишкен. Алар мен тууралуу билишет, а сени кандай азырынча билбейм, баарын териштирип отурууга убакыт тар эле ошондуктан алышып отурбай аэропорттон аларды тазалагам. Мен ошондой ойлогон элем, бирок тилекке каршы андай эмес көрүнөт. Озун көргөндөй Манас аэропортунда бир адамыбыздан ажырадык, ал учкуч менин ордума кете берди. А экинчи адамыбыз азыр сенин ордунда барымтада, аны куткаруу керек. Бирок биринчи орунда сени жайына жеткирүүм абзел, менин негизги тапшырмам сен. Калгандары тапшырма учурунда кетирген катачылыктар.
-ким? деди кыз ал сүйлөп бүткөндөн кийин.
-биздин милдет суруштуруу, иликтөө эмес аткаруу, деп астыртан кызга карап койду Мелис.
Ошону менен экөө тең ундобой калышты. Таттыгулго тынчтык бербегени эмнеге алар жөө жүрүү керек экенин түшүнө албай бара жаткан.
-аларды ойлонбо бул убакка чейин тазалап кетишкен чыгаар, деп кол саатынын жарыгын күйгүзүп карап койду Мелис. Ал артта калып кеткен бытырандыны айтып жаткан.
-албетте, деди Таттыгул оюнун калган бөлүгүн ичинен кайталап "мындай "хаусту" башкарып жаткан күчтөр кантип эле калк алдына андай башаламандыкты чыгарып коюшмак эле".
Аны менен экоонун сөзү бүтүп калган жок, Мелис ордуна токтоп кыздын жүзүнө жакшылап тигилип туруп кайра жолун улап кетти, аста шыбырап сүйлөгөнчо.
-Азамат, сен эң жакшы мектептен өттүн, аткаруу жөндөмүн гана эмес акыл эсин да жакшы орчугон. Келечекте каршы чыкпайбыз деп умуттоном.
Таттыгул жооп ордуна жөн гана терең улутунуп койду, менин ичимде эмне жатканын кайдан билмексин дегенсип.
Алар ошол жүрүштө жарым сааттай жүрүшүп шаардын так ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына токтошту.
-жетип келдик. Мындан ары өзүн. Бул ачкычты ал, бешинчи кабатка көтөрүлүп 45-батирге кирип ашкананын терезесинен төмөн карап кой, мен 45 секунда кутом, көрүнбөсөн ичкери кирип барам. А баса лифт колдонбо, деди да үйдү тегеренип кетти, кыязы терезе көрүнгөн тарапка кетти окшойт. Таттыгул да карап турбастан жүгүрүп подьездин чоң каалгасын жулка тартып кирип, айтылган батирге кирип келип, мурдуна урулган тааныш жыттан улам босогодо бир аз ордунан жылбай туруп калды.
-убактынды кетирбе, ал ылдыйда күтүп турат беш секундан калды, деди бурчтан чыккан конур үн.
Таттыгул аяк кийимин чечип ашканага карай жүгүрүп терезеден төмөн караганда толук 45 секунд болгон эле...

#11 06 Апрель 2019 - 02:29
Азаматсыз, мен ойлойум супердин коп сериалы сизге таандыкпы деп.
#12 07 Апрель 2019 - 20:12
Анаан.Ормон хан менен журо берип сонун чыгарма башталганын билбей калыптырмын.
Автор эртерээк улантыныз.
#17 09 Апрель 2019 - 04:04
Ачып эле окусам деп кирсем жаза элек экен Dimedra айым, каап.
Билдирүүнү түзөткөн: Stervashka: 09 Апрель 2019 - 04:06
#18 10 Апрель 2019 - 02:15
Эки колун түз түшүрүп ийилип салам берип улгурбой туруп биринчи соккудан буйтаганга туура келди. Артынан эле экинчи, үчүнчү соккулар жаап, бармак манжалары денесинин бөлүктөрүн сыйпалап өтүп жатты. Таттыгул жооп кылып сокку урмак тургай денедеги негизги чекиттерин араң коргоп, ошол эле учурда карангы бөлмөнүн ичи менен таанышуу аракетинде.
Бул жай ээн талаа эмес каалаганча буту колду сунуп абада каалгыгыдай,
тар дубалдын ичинде ар бир кыймылы так эсептуу болушу керек. Каршылашынын устомдугу да ушундан, андан биринчи бул жайга кирип бөлмөнүн ичи менен таанышып улгургонундо.
Анда азыр кызды жайгарууга бардык мүмкүнчүлүк бар. Көпкө созулбаган 2 мүнөттүк салгылашуудан кийин Таттыгул сандарына урулган согончоктун катуу соккусунан улам тизелеп полго отуруп калды.
-албетте сен бизге карыздар эмессин, ошондой эле бул адамдардын алдында да сенин карызын жок. Ошондуктан биз менен коштошпой кеткендей эле, булар менен да коштошпой кетүүгө толук акылуусун, деди тизелеп отурган кызды тегерене басып жүргөн караан, Таттыгулдү 12 жыл жашоого үйрөткөн устаты.
-ал менин атам, деди Таттыгул полду тиктеп отурган абалында.
-андай дешке далилин барбы?
Ооба аларда далилсиз сүйлөөгө тыю бар болчу, ошондой эле айткан сөзүн танып кетпоо, түшкөн жолдон артка кайтпоо. Тоонун чокусунда жүрүп ушундай катуу тартипке көнгөн, аз сүйлөп көп ойлонуп, сүйлөй турган сөзүнө далил издеп, каалоосу бекем болмоюнча бир жолго түшпөй турган болуп.
Тике туруп жүргөн устаты анын так маңдайына келгенде басыгын токтотуп эки колун түшүрүп башын бир аз ийип койду да жерге мандаш токунуп отура кетти. Бул Таттыгулдүн киргенде берген саламына алик алгандагысы болсо керек.
-сен таң калба мени бул жерде көрүп турганына, биз мектептен кеткен эч бир окуучуну кароосуз калтырбайбыз. Силер биз үчүн жөн гана окуучу эмес, андан алда канча жогорку деңгээлдесинер, айрыкча сен. Биздин максатыбыз силерди бир гана адамдар менен салгылашууда эмес жашоо менен күрөшүүдө жеңишке жетишип бүт дүйнөнүн алдында турууга үйрөтүү. Андай жолду адамдын бир өзүнүн каалоосу менен гана аткарууга мүмкүн, ошондуктан биз сен үчүн тандабайбыз, тандоо өзүндө. Эми мени тындап тыянакты өзүн чыгар. Сен келген өлкө өтө кичине, кичинелиги анын көлөмүндө эмес анын алсыздыгында, бул өлкө дүйнөдөгү орду боюнча баардык жагынан алганда арзыбаган орунду ээлейт. Калкынын саны беш миллиондон ашыгыраак, бирок анын ичинде дүйнө эли тааный ала турган инсандар жокко эсе. Бул дегени өлкө эли бүтүндөй бир максатты көздөй албаганы эле эмес ар бири жеке бир максатты да көздөй алышпайт. Кыргыз калкы караңгылыктан чыга элек, жана чыгаары да күмөн. Алар бар нерсеге караганда жалганга көбүрөөк ишенишет, жана келечекти кургандан көрө өткөн күндү даназалоо менен көп алектенишет, мындай алдыга жылууга каалоосу жок калкты бир эле сен өзгөртүп жибере албайсың, жана өздөрү сактанууну каалабаса сен баарын жамандыктан сактап улгуро албайсың. Сөзүмдүн далили тиги бөлмөдө. Ал жердеги текчеде жалаң гана кайгылуу оор турмушту сүрөттөгөн китептер тизилип турат. Демек сени башкаргысы келген инсандар да жөнөкөй калктан эч айрымаланбайт, алар окуган китептерди сага да окутмакчы. А жөнөкөй калк андай китептерди эмне үчүн окушат билесинби? Жактырып жашоого багыт алуу үчүн эмес, болгону озунукунон да оор турмуштар болоорун көрүп, өткөрүп жаткан өзүнө жакпаган жашоосунан утурумдук алаксыш үчүн, жана кыйынчылык менен күрөшүүнүн ордуна ага көнүп берүүнүн эң оңой жолун тандап алуу үчүн. Эми ойлоп көрчү элди жетелей турган жазуучулар ушундай караңгы жолду тандап алышкан болсо калктын багыты кай жакка бурулуусу мүмкүн. Кийин бул өлкө эски советтер союзунун мүчөсү болгондуктан, калган 14 өлкөдөй эле мыйзам уруусу деп аталган күчтөр болуп алардын айланасында бир топ адамдан турган топтор бар. Албетте мындай топтор бизде да бар башкача аталыштар менен "мафия" деп, бирок биздеги топтор бийликке устомдугун жүргүзө алышпайт, а бул жерде негизги күч болуп мына ошолор эсептелинет, бийлик алардан туздон түз көз каранды болгон учурлар абдан көп. Аларда байлыкка, мансапка жана озумчулдукко умтулгандан башка эч нерсе жок, керек болсо кичине кыз сенчелик да ойлонууга кудурети жетишпейт. Акылдуу жандар бул өлкөнү алда качан таштап чыгып кетишкен. Бийликтегилер калган аз жарандарын өздөрүнүн жүрөгүнөн орун албаган курулай мекенчил намыс деген ураанды танылоо менен алдап кармап келишет. Эгер мени жакшылап уккан болсоң түшүнүүн керек, мындай алсыз адамдардын жетегиндеги өлкө эч качан эркин боло албайт. Бирок али да бул өлкө эркин деген атты колдонуп келе жатканына караганда кимдир бирөөлөрдүн колуна пайдалуу. Мындай учурда пайда көрүп жаткан тарап өлкөнүн өнүгүшүнө эч кандай жол койбойт. А сендей саналуу гана адамдар андай күчкө туруштук бере албайт. Азыркы мына ушул тапта өлкөнүн түштүгүндө башталган башаламандык бул сөзүмө далил.
А сен ишенип келген адамдар сени коргоого кудурети жетээрине ишене албайм, эгер биз сенин бул жайга тирүү жетээринди гана эмес канча убакытта тируулук дайыныды билдирүүн керек болгон жашыруун маалыматты да алдын ала биле алган болсок, мындай маалыматты жашыруун деп атоого болобу. Сенин бул өлкөгө алынып келинген максатын белгилүү дечи, ага кийлигишууго биздин акыбыз жок, бирок сенин тагдырынды ара жолго коюуга да акылуу эмеспиз. Биз ушундай жашыруун иш алып барып жаткан уюмдун ар бир кадамын алдын ала билип жаткан болсок, ал уюмдун жашыруундугу эмнеде. Ооба бүгүн чыккан башаламандыкты эртең токтото алышат бирок ал эмнени өзгөртөт. Кыскасы бул жерде сен да ошолордун бири болосуң да каласын. А сен өзүңдүн ким экендигинди жакшы билесиң, сендейлердин орду башка жайда. Эгер чындап өлкөно жардам берип жана бүт дүйнөнү жаман күчтөрдон сактагын келсе анда алардан жогору турушун керек.
Ушундай узак баяндан кийин тыныгып калды устаты, сенин кезегин дегендей.
Таттыгул жүзү жер караган абалында козголуп да койгон жок, анын ичинде көп суроо бар бирок ал жаш болсо да түшүнөт бул суроолорду сыртка чыгаруу коркунучтуу экенин. Бул адам болгон ачыкталбаган сырды алдындан билип алар жетип келгенден мурда келип тосуп алып жатса, бул жерде болгон окуядан башкалар да кабар таппай койбойт, ооздон чыккан сөздү сыр деп болбосун мына дагы бир жолу өз тажрыйбасынан көрүп отурат.
-сен тез кыймылдоого гана эмес тез ойлонууга да милдеттүүсүн. Качан жооп айтаарынды күтүп тургудай мен өлбөөчү зат эмесмин, токтобогон убакыт мага кымбат.
Устаты кыздын жай кымылдаганы аз келгенсип жоопту создуктуруп жатканына ачуусу келе түштү. Ал канча убактан бери көз ирмебей, наар албай, канча аралыкты кандай ылдамдыкта жөө жүрүп өткөнүнүн баарынан кабардар болсо да аны бул себептер менен актай албайт. Эгер Таттыгул ушуну кыйынчылык деп жатса ал өзүнүн 12 жылдык бул кызга кетирген мээнетине күйүп кетмек.
Таттыгул татыктуу жооп табууга аракет кылып,
-алдуулар менсиз да алдуу, а мен алсыздар арасында болушум керек, деп жооп берип, экөө бири бирин карап катып калышты каалга артында шыбырт угулгандай болуп.
-бирок сен албетте бир күн мага керек болосуң, деп шыбыраган устаты ордунан жеңил туруп терезеден сыртка бир сыйра көз жүгүртүп алып терезеге асылып алдыңкы кабаттагы батирдин ачык турган терезесине кирип кетти. Бул учурда Таттыгул астанага барып калган эле. Ачып кирип келген ата аны көрүп,
-сактыгындан секет кетерим, бул жерде эмне кылып турасың, азыр эле чарчап келбединби эс албайт белең, деп колдорунан кармап жыттап койду.
Таттыгул ундобостон капталга жылып атасына ичкери кирүүгө жол бошотуп берди.
Бүт кийимин чечип ичкери кирип бараткан ата биринчи эле ашкана тарапка өтүп ачык турган терезеге келип айланага бир карап кайра кызга бир карап жооп күтүп калды.
Таттыгул жашыруу максатсыз экенин түшүнүп, устаты келип кеткенин баяндап берди атасына.
Анын чекесинен жыттап, алаканын кен жая зээни кейий караган ата кызынан кечирим сурап жатты.
-мекенин сени ушундай тосуп алганы үчүн аны кечир кызым, мен жолдогу болгон окуяны айтып жатам. Бирок бизде арга жок, кандай болгон ченде да бул биздин мекен, аны сүйүүгө коргоого биз милдеттүүбуз.
Өзү орундукка өтүп отуруп кызын мандайдагы орундукка чакырды.
Таттыгул азыркы устаты менен болгон сөздү сурайт экен деп ойлогон, бирок андай болгон жок.
-мен азыр абдан жаман кабар алдым, деп баштады ата сөзүн. Ош шаарында дурболон баштап жиберишиптир. Ал шаар тууралуу сага көп айтып бергенмин, ошол ыйык шаарда ыйык жайлар бар биз коргоп калууга милдеттүү болгон. Кийин бул бытырандыны тезинен токтотуунун жолу да бул. Таң атып буйрук болсо вертолёт жонойт, анын ичинде сен да болуун керек. Ал жердеги милдетин ок атуу гана, адамдарга эмес абага. Сулайман тоого жайгашасын, ал жайга эч кимди жолотпошун керек, жакындап келе жаткандар болсо абага карап ок чыгар, ага да токтобосо адамдарга карата ок атууна туура келет. Шаар ичинде ок атууну башкалар мойнуна алышат, элди тартипке келтирчүү жалгыз жол ушул, антпесек шаардын эли бүт көчөгө чыгып бытыранды көпкө созулуп кетиши мүмкүн. Калк бир орунга жыйылышына мүмкүнчүлүк бербешибиз керек, биздин милдет ошол.
-ата мен бардыкка даярмын! деди Таттыгул. Анын сөзүндө билинеээр билинбес таарыныч барга окшойт. Сезимтал киши муну дароо сезди.
-кызым мен сага ишенген үчүн эң чоң милдетти тапшырып жатам сага. Ал тоодо мамлекетке таандык баа жеткис байлык катылган. Мындан кабары бар адамдар учурдан пайдаланып аны алып чыгып кетүүгө аракет кылышат. Сен ага жол бербейсин. Эсинде болсун ал жайда сенден башка бир да жан болбойт, сенден башка! деп баса белгилеп койду.
Таттыгул баарын түшүндүм дегендей он муштумун сол алаканына такап тапшырманы кабыл алды.
-азыр бир аз эс ал. Билгин баарынан кымбаты мага сенин омурун, ден соолугун. Ач болбо, муздаткычтагы тамактар сенин табитинде, чочулабай ала бер өзүм текшерүүдөн өткөрүп киргизгем, деп ордунан туруп сыртка карай жөнөп калды. Ал бир топ жашка барып калса да абдан шамдагай киши, обдулуп даярданып отурбай дароо кыймылга келет. Таттыгул аны узатып коюп, эч нерсе болбогондой, жанагы эле шумдуктарды көрбөгөндөй же ар күнкү көнүмүш корунуштой эле кабылдап барып сууга чомулуп ашканага өтүп тамактанып болуп керебетке кулай берди. Качан гана көздөрү жумулганда гана өзүнүн ойлоруна эрк берип, бүгүнкү күндү талдап баштады.
"Демек али да менден күмөн кылат, мени сынайт. Жолдо болуп жаткан окуялар эмне үчүн, учактагы кыз чындап эле кооптуу экенин билип туруп менин ордума колго түшүп бердиби, же баары жөн эле менин көз алдымда курулган оюнбу. Устатычы? Эмне эгер ал да бул оюндун ичинде болгон болсо? " оюнун ушул жерине келгенде көкүрөгү чымырап кетти, ички туюм деген кандай жакшы. Жана ичинде катылган суроолорду устатына берип албаганы кандай жакшы болду. Атасы ал баарлашуу тууралуу сурабаган болсо демек эмне болгону тууралуу кабардар. "Анда эмнеге ачык терезени көрүп таң калган жүз коргозду? Мени сынады, ооба деди менин эмне айтаарымды кутту. Бирок эмне себептен? Эмне себептен ал менден этияттанып жатат? Мен ар бир жайда этият болушум керек, анын көзү бардык жерде мени күзөтүп тургандыгы анык, андан күмөн санап жатканымды эч бир кыймыл, көз караш менен билдирип койбошум керек." деп андан ары көз алдына көнгөн кичине кыздын ыйлап жүргөн элесин тарта мээсин эс алдырып жатты. Ушул элес гана аны жашоого жетелеп адам экенин эстетип жүргөндөй, ал болбосо өзүн буйрук аткарчуу темирден айырмасы жоктой эле сезет.
" Таң атып буйрук болсо дегени кандай? Өлкөдө бытыранды болуп жатса таң атышын күтүп жата беришеби? Андай болсо устатымдын сөздөрүнүн дагы бир далили ушул болуп жатпайбы" деп койду өзүнчө көздөрүн ачып терезеге карап. Анда таң үрүл атып калганы менен күн толук чыга элек эле. "Бул жайда буйрук берүү үчүн канча убакыт талап кылынат болду экен, буйрук берүүчүлөрдүн түшүнүгү боюнча таң качан атышы мүмкүн." Ар ойду үзүл кесил ойлоп бөлмөнү тегерете карап жатып көзү керебеттин маңдайында турган күзгү текченин ичиндеги китептерге урунду. Туруп барып колуна кирген бир китепти алып ачып көрсө чындап эле устаты айткандай кедейчилик сүрөттөлгөн, кыйналган турмуш жөнүндө окуя камтылган чыгарма экен. Андан кийинкисин ачса ал да ошондой, канкор адам, анын жубайы менен жаш жигиттин ортосундагы мамиле, көр кыз анын сүйүүсү жана өлүмү тууралуу жазылыптыр, андан башкаларын ачкан да жок. "Бул китептерди эмне себептен бул жерге тизип койгонуна таң калды, эгер бул менин жашоомо жардам бербесе, мээмдин орчуусуно салымын кошуп жаңы маалымат бере албаса эмне кереги бар убактымды кетирип", деди. Кайра атасынын ал кылыгын актап койду, "муну мен үчүн эмес устатыма окшогон чакырылбаган коноктор үчүн койсо керек, менин абалымды жашыруу ниетинде" . Андан ары кийим илинчуу шкаф турат дубал менен бир болуп. Чындыгында кооз жасалгаланган батир экен, атам бай адам болсо керек жөнөкөй жүргөнүнө карабастан. Чындап эле эмнеге ал ушундай күчкө ээ болуп туруп өтө жупуну кийинет, дегенче шкафты ачса ичинде кыскадан эң узунуна чейин болгон койноктор, шым, курмонун түрү. Бирок бардык кийимдер бир гана ысык абага ылайыкталган. "Демек мен бул жайда көпкө кармалбайм" деп койду. Ал жерден тандап өзү ыңгайлуу деп эсептеген жеңил ак фудболка менен спорт шымын алып кийип алды, кийимдер атайын ал үчүн тигилгендей ашык кеми жок денесине чак түштү. Ушундай майда бөлүктөргө чейин көңүл бөлгөн болсо атасы ал ойлогондон да көбүрөөк эсепке так.
Аңгыча каалга такылдаганын жетип барып кичине тешикчеден карап жылмайып турган Мелисти көрдү. Бөлмөгө жүгүрүп өзүнүн куржунун жонуна артып жетип келип каалганы ачып,
-даярмын, деди ал саламдашпай туруп.
-жакшы, кеттик. Мелис да сөздү кыскартып алдыга басып кетти.
-байкашымча ак түстү жактырасын, кийимдерин жада калса куржунун да ак же башка түстөрдүн жыты жакпайбы, деп күлүп койду ал басып баратып. А баса ал куржунунда эмнең бар? эч эле ажырабайт экенсиң.
Таттыгул жооп берүүнү ойлонуп да койгон жок.
Дагы бир аз жүргөн соң дагы бир деме деди, бирок бул ирет аны түшүнгөн жок Таттыгул.
-Демек мындай, Сулайман тоонун боорунда жүргөндө зерикпей сөздөрдү тескери окуганды уйронгончо жүр, жана ар бир төртүнчү тамгасын калтырып сүйлө.
-Демек мени зеригиштуу жайга алып бара жаткан экенсиз да, деди.
-сен үчүн ошондой сезилиши мүмкүн, бирок мамлекет үчүн оор учур болуп калды окшойт.
Таттыгул кечеден бери Мелистин көп жоруктарынан көрүп, эрдиктерин баалаган менен өтө эле акылдуу боло берген сапатын анча жактыра бербеди. Ошондуктан сөздү кобойтпош үчүн ундобой катар басып акыры вертолёттор турган жайга да жакындап келишти . Ал жерде эки вертолёт катары менен турган экен.
-сен кызыл сызыктууга барып жайгаша бер, мен азыр деп кол саатын кармалап ордунда токтоп калды.
Анын кимдир бирөөгө отчёт берээрин айтпаса да түшүнгөн кыз айтылган тарапка көздөй кете берди. Эң кыйналган жери ал үчүн кызыл сызыктуу вертолётту таап баруу эле, катар турган эки окшош учактын сызыктары ал үчүн бирдей боз тусто көрүнөт. Тобокелге салып он тараптагы оозу ачык турганына чыгып барса сегиз кыз бар экен, алардын арасынан түндөгу учакта өзүнүн кийимин чечтирип кийип кеткен кызды жазбай тааныды. "Аны кармап кетишти дебеди беле, демек Мелис бошотуп улгургон экен же бул деле жөн эле айтылган сөз беле" деп ойлоп койду. Алардын эч бири менен саламдашпастан чыгып катардан орун алып жайгашып калды, кыздар да ага көңүл буруп карашкан жок, кыязы алар деле бири бирин таанышпайт. Аңгыча Мелис келип кыздарды текшерип эшикти жаап жатып Таттыгулго көзү чагыла түштү.
-сен түш!
Таттыгул түшүп баратканда көз тааныш кызы көзүнүн кыйыгы менен карап койгонун байкады.
-сага кызыл сызыктуу деп айтылбадыбы, деди жигит учактын эшигин бекитип жатып.
Таттыгул жооп кайтарган жок, эмне дээрин да билбейт эле. Андан ары кийинкисине барып экөө жайгашаары менен жердеги чөптөрдү жапыра жаткырып эки учак бирдей абага көтөрүлүп жогорулай беришти. Таттыгулдү таң калтырганы, алар бир вертолётту экөө гана ээлеп баратканы эмес, ал Мелисти атанын оң колу деп өзүн анын кызы болгону үчүн артыкча мамиле жасалып жатат деп ойлоп жатпайбы, анын таң калганы эмнеге экинчи учакта бир гана кыз балдар баратканы. "Эмне себептен түндө Мелис айткан алардын бар экенин кээ бир эле адамга белгилуу болгондор жалаң кыздар. Же ушундай жол менен жашыруундукту сактап калабыз дешеби. Анда эмне көчөдө жүргөн ар бир эле эркек бала кумондуу көрүнүш керекпи башкаларга. А балким бул жолку тапшырма жеңил болгону үчүн кыздар бара жаткан болуш керек, карапайым элди кыздар менен да тынчытса болот, эркек балдарды балким ооруурак маселе жаралган жактарга жонотушуот" деп ойлоп койду. Анын түбү жок оюн бооруна урулган Мелистин чыканагынын түрткүсу бузуп жиберди. Ал карта сунуп жаткан экен.
-Бул Сулайман тоонун картасы, андагы кызыл чекиттер сен убак убагы менен кабар алчуу жайлар, ал эми ток кызыл менен белгиленген жайлар кайда болсоң да көзүндүн кырында болсун. Ошондой эле тоого келчүү жолдор толук корунчу дурбулор орнотулган жайлар бозомук кызыл чекиттер менен белгиленген, ал жерден шаарды карап сен тарапка бараткан кыймылды көрсөң болот.
-сиз мага чекит менен эмес чоң кичине колом менен белгилеп берсеңиз, билесиз боекко ишенич жок, суу тийсе түсүн өзгөртүп жибериши мүмкүн.
Таттыгулдун чоң көйгөйу бар, ал көп түстү анын ичинде кызыл түстү айырмалай албайт боз кылып көрө турган "дальтоник" деген өзгөчөлүгү бар эле. Бирок андай экенин бир устатынан башка эч ким, жада калса жанында 12 жыл бирге жүргөн кыздардын, атасынын да кабары жок эле. Ошондуктан устаты мээнин жыт сезүү бөлүгүн жакшы орчутууго жардам берген. Ал бул кемчилигин эч ким билбестиги керектигин жакшы түшүнчүү, эгер башкалар билишсе өзүнө каршы пайдаланаары анык эле. Башкалар кандын түсүно карап аныкташса ал жытына карап адамдыкы же башканыкы экенин айрымалайт, өлүмдүн канча убакыт алдын келгенин билет.
Мелис кызга сырдуу тигилип,
-Бул боектор түсүн озгортпойт, деп койду.
Ушундай жооп уккан кыз ичинен "андай болсо бара жатып короормун, бирок бардык белигиленген жайларды кыдырып чыкканымча убакыт кетет, ал убакка чейин көзүмдүн кырында болчуу жайлар кароосуз калып жатат" деп ичинен бушайман жеп баратканы менен сыртынан билдирбегенге аракет кылып картаны спорт шымынын чонтогуно салып койду.
Таттыгул эч бир тапшырманы оңой олтон кабылдабайт, а азыр болсо ага кандай байлык экени айтылбаганы менен алып кетчүү адамдар жөнөкөй элдин ичинен эмес экенин жакшы түшүнүп турат. Абалким атайын ошол үчүн бул башаламандык уюштурулгандыр, алып кетчуу адамдар андан эки эсе күчтүү жана катуу даярдыкта да болуулары мүмкүн. Ушуларды ойлоп Мелиске көзүнүн кыйыгы менен карап койду.
Ал да өз ойлору менен алек болуп бараткан...