Humble Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 76 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Оюн, күлкү, тамаша (29 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 21 Апрель 14
- Кароолор:
- 6 734
- Соңку аракети
17 Дек 2015 23:03
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 13 жашта
- Туулган күнү:
- Август 1, 2010
- Жынысы:
-
Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Begim_4
12 Окт 2016 - 00:42 -
lazygirl
02 Апр 2016 - 16:56 -
Naku01
25 Мар 2016 - 12:41 -
JrDosSantos
18 Дек 2015 - 00:17 -
asia_92
17 Дек 2015 - 01:04 -
Aisi-orhidey
16 Дек 2015 - 20:28 -
Leti
16 Дек 2015 - 18:09 -
angelo4ka_96
16 Дек 2015 - 16:02 -
UNITEL
16 Дек 2015 - 15:28 -
Kaple
19 Ноя 2015 - 09:13
Мен ачкан темалар
-
Кытай бийлиги мусулмандарга кысым көрсөтүп жатат
Жазылган күн: 2 Июл 2015
Коммунист Кытай өкмөтү мусулман уйгур калкына карата акылга туура келбей турган зулумдарын күндөн-күнгө күчөтүп барууда. Мусулмандар үчүн ыйык болуп эсептелген рамазан айында зулумдар ого бетер күчөшү адатка айланган. Кытай өкмөтү быйыл да өз адатына ылайык орозо кармоону тыюуга каратылган афиша жана лозунгдарды илүүнү баштап жиберди.
Лозунгдарда “Рамазан айында ашканаларды жаап коюуга тыюу салынат”, “Рамазан айында окуучулар түшкү тамактанууга катышууга милдеттүү”, “Мечиттерде иптарлык (ооз ачар) берүүгө тыюу салынат”, “Партия мүчөлөрүнүн, мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдардын, мугалимдердин жана жаштардын рамазан иш-чараларына катышуусуна тыюу салынат”, – деген сөздөр жазылган.
Акыркы алынган кабарларга ылайык, Кытай коммунисттик партиясынын жаңы дайындалган башкы катчысы Ян Фашинг кызматка келери менен Чыгыш Түркстандын тарыхий Кучар шаарында уйгур мусулмандарына карата түрдүү мыйзамдарды кабыл алды. Анын Кучар шаарында жарыя кылган мыйзамдары төмөнкүдөй:
Ар бир үйдө үчтөн гана бычак болушуна уруксат берилет.
Мусулман уйгурлар жашап жаткан кварталдар жана үйлөр мамлекеттин куралдуу күчтөрү жана коопсуздук органдары тарабынан үзгүлтүксүз 24 саат көзөмөлдөнөт.
50 жашка чыга элек эркектердин сакал коюшуна тыюу салынат. Эгерде сакал коюшса дароо алып ташталат.
Муслима аялдар кийүүчү кийимдердин узундугу 110 сантиметрден узун болбошу керек.
Муслима аялдардын чоң жоолуктарды оронушуна тыюу салынат.
Мамлекеттик кызматта иштегендер жана мамлекеттен айлык ала турган адамдарга үйлөрүндө Курани Карим жана жайнамаз сакташына тыюу салынат.
Башка карапайым жарандар үйлөрүндө бир даана Куран жана эки даана жайнамаз сактаса болот.
Яркенттин Каргалык шаарындагы динчил адам Абдулхаким Махмуддун диний медресесинде 1980-1993-жылдар аралыгында билим алгандар жана Кучар шаарында медресе ачкан Абдулкарим Абдулвалидан сабак алган бардык адамдар тезинен кармалышы керек.
1990-жылдан кийин төрөлгөндөрдүн туракжай-адрестери тезинен каттоого алынат.
Ар бир үй-бүлөдөн бардык балдары үчүн ар бир балага 28 миң юань (5000 долларга жакын) штраф өндүрүлөт.
Балдар үчүн талап кылынган штрафты төлөбөгөндөрдүн бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү конфискация кылынат.
Диний нике окутулушуна таптакыр уруксат берилбейт. Диний нике окуткандар болсо дароо камакка алынышат.
Бирден көп үйлөнгөндөр (көп аялдуулар) камакка алынат.
Кийинки алынган кабарларга ылайык, бул мыйзамдар чыккандан бир аз убакыт өткөндөн кийин Кучар шаарында бир нече ыймандуу мусулмандар камакка алынышкан. Алардын кармалышына жогорудагы мыйзамдарга баш ийбегендиктери себеп кылып көрсөтүлүүдө. -
Унутулуп жаткан ооруну жаӊыртуудан кимге пайда?
Жазылган күн: 2 Июл 2015
Юлдуз Усманованын Кыргызстан мамлекетин “махаллага” окшотушу социалдык тармактардагы кызуу талкууларга себеп болууда. Юлдуз Усманованын “Америка добушу” радиосуна берген интерьвюда билдирген пикири жана БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун Өзбекстанга болгон сапары алкагында президент Ислам Каримовдун 2010-жылдагы Ош окуяларынын айыптууларын жазалоо туурасындагы билдирүүсү менен кандайдыр байланыштуулугу барбы?
Ооба, Ош окуялары Орто Азиянын оорулуу чекитине айланды. Бул оорулуу чекиттен саясий күчтөр же чоӊ мамлекеттер геосаясий оюндарда пайдаланууга аракет кылышат. Каримов да Пан Ги Мун менен болгон жолугушуу учурунда Ош окуяларына айыптууларды таап жазалоо маселесин көтөрүшү Кыргызстандагы өзбектерди ойлогонунан эмес, балким “корккон биринчи муш көтөрөт” дегендей көрүнүштө иш кылып, өз өлкөсүндөгү мыйзам бузуулардан чалгытуу максатында теманы ушул тарапка бурду. Юлдуз болсо кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн сайрап жатат.
Зулумдардан тойгон, өз акысын талап кылып демонстрацияга чыккан тынч калкты ири калибрдүү автоматтар менен атып, кыргын кылууну эмне менен актоого болот? Өз калкын кырган диктаторду актоого аракет кылган бул артист акырындап алакалары кайрадан калыбына келип жаткан Кыргызстандагы эки улуттун ортосуна дагы кайрадан чагым салуунун ордуна – эгерде чындап эле өз калкы, анын кайгы-муӊу жөнүндө сүйлөмөкчү болсо – Өзбекстанда жүз берип жаткан адилетсиздиктер, мыйзам бузуулар, ишке ашырылган кыргындарды ачып бербейби? Жок, ал бул нерселер тууралуу айтууга буйрулбаган.
Ошондуктан да Кыргызстан калкы ар кандай карамүртөздөрдүн чагымдарына, ширин сөздөрүнө алданбастан, окуяларга исламий көз караштан туруп баа бериши керек. Антпесе, Орто Азия калктары башкалардын кызыкчылыгы жолунда өз балдарын курмандыкка чала берет. -
Кыргызстан кайсы идеологияда болуусу керек?
Жазылган күн: 3 Апр 2015
Кыргызстан кайсы идеология да болуусу керек, жана эмне учун?
Сиз кайсы идеалогияны тандамаксыз?
1-Коммунизм
2-Демократия
3-Ислам
Комментарийлер
Humble ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?