Compact Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 211 (0,05 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Саясат жана коом (81 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Февраль 13
- Кароолор:
- 20 314
- Соңку аракети
- 22 Мар 2017 10:01
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 36 жашта
- Туулган күнү:
- Август 11, 1988
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
gulmi
04 Фев 2019 - 00:03 -
joolugushchuu...
02 Дек 2017 - 16:41 -
tologonmajitov2
28 Ноя 2017 - 23:12 -
mentol
27 Июн 2017 - 18:14 -
Гость
02 Янв 2017 - 21:52 -
alemdar1988
24 Ноя 2016 - 09:53 -
bekatalas
18 Ноя 2016 - 20:26 -
zevs
18 Ноя 2016 - 14:22 -
eldar.
10 Авг 2016 - 15:00 -
new_hacker
29 Июн 2016 - 22:09
Мен ачкан темалар
-
7-апрель "КЫЗЫЛ" күн
Жазылган күн: 6 Апр 2016
Жогорку Кеңештин бүгүн, 6-апрелде өтүп жаткан жыйынында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Эмгек кодексине жана “7-Апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Бул мыйзам долбоору аркылуу 7-апрелде курман болгондордун элесине таазим этип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын мамлекеттик статусун бекемдөө максатында 7-апрелди "Элдик Апрель революциясы күнү" деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө демилгеси сунушталган.
Ошондон улам КРнын Эмгек кодексине жана “7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга эки өзгөртүү киргизилет: мыйзамдын аталышындагы “апрель” деген сөздү “Апрель” деген сөзгө алмаштыруу, "Элдик апрель революциясынын күнү" деген сөздөрдү “Элдик Апрель революциясы күнү” деген сөзгө алмаштыруу.
Талкуу жүрүшүндө сунушталган мыйзам долбоору мындан эки ай мурда даярдалганы, аны бир катар коомдук уюмдар да колдогону, элдин талабы да ушундай экени белгилүү болду. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитети, бардык парламенттик фракциялар тарабынан жактырылган. ДепутатМээрбек Мискенбаев сындуу бир катар эл өкүлдөрү 2010-жылдын 7-апрелин “бир жолдун үч ашуусу” катары сыпаттап, депутаттарды мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырды.
Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Эмгек кодексине жана “7-Апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору добушка коюлуп, ал дароо эле үч окууда кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын 4-апрелинде президенттин “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель Элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыгы чыккан. Анда бул күндүн кыргыз өлкөсү менен кыргыз эли үчүн мааниси зор экени баса белгиленген.
http://www.super. kg/kabar/news/144081/
-
Туристтерге болгон орой мамиле
Жазылган күн: 28 Июл 2015
Бир-эки кун мурда "Сонку кабарга" малайзиялык журналисттер келгени тууралуу кабар чыкты эле. Ал кабарда мейманкананын тейлоосу начар экени жазылган болчу. Мен да оз пкиримди калтырып кеткем. Мага Кыргызстандагы элдердин туристтерге кылган мамилеси чынында жакпайт.
Эми бугун дагы жазылыпытр:
Ысык-Көлдөгү "Каприз" пансионатынын "капризный" кызматкерлери малайзиялык журналисттерди таң калтырышты
Чынында! Каприздин кызматкерлери орой! Мен муну ошол жерде жашаганым учун билем. Бизди-местныйларды аран киргизишет. Туугандарыбыз келип калып барышса, киргизишпейт, алдына тушуп коркутуп-уркутуп атып аран киргизебиз. Ал эми туристтерге кылган мамилеси! !! Ий, койчу, соз жок!
Келгиле, туристтерге жакшы мамилекылабыз. Келечекте туризм Кыргызстан учун эн кирешелуу тармак болот деп ишенем. Андай болушу учун биздиндагы салымыбыз болушу керек, достор!
-
Кримавторитет Алманбет Анапияев Беларуста өлтүрүлдү
Жазылган күн: 20 Фев 2015
Бир канча беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн Алманбет Анапияевдин Беларуста атылып өлтүрүлгөнү айтылууда.
А.Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин наамына берилген Орусиянын паспорту Улуттук коопсуздук кызматына Беларустун атайын кызматтары тарабынан жөнөтүлгөн. Ага канга боёлгон дененин сүрөтү тиркелген.
А.Анапияев кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлү катары айтылып келет. Акыркы кездерде ага эл аралык издөө жарыяланып, Бириккен Араб Эмираттарында кармалганы айтылган. Бирок анын жактоочусунун бул маалыматты четке каккан жайы бар.
"Кримавторитет" Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнү чын, сөөгү жакын арада Кыргызстанга алынып келери күтүлүүдө" . Муну бүгүн, 20-февралда ысымын атагысы келбеген А.Анапияевдин жердеши кабарлады. Маалыматка таянсак, Анапияевди кылмышкерлер уктап жаткан учурда өлтүрүшкөн.
Беларусь маалымат каражаттары болсо 18-февраль күнү Минск шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдын мууздалып өлтүрүлгөн жансыз денеси Мерседес унаасынын багажнигинен табылганын жазышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон.
Деп эки версия айтылууда. Мага кызык ким өлтүргөнү жана эмнеге? Же ал эмес, бөлөк кишини өлтүртүп, өзү жашынып алдыбы?
-
Садыбакас уулу Рыскелдиге жардам керек!
Жазылган күн: 5 Фев 2015
"Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам балабыздын абалы оорлошуп кеткен". Бул тууралуу бүгүн, 30-январда SUPER.KG порталына "кызамык" деген диагноз менен туура эмес дарыланган 21 жаштагы Садыбакас уулу Рыскелдинин агасы Асылбек Нурманбетов билдирди.
“6-январь күнү Рыскелди сасык тумоо болуп, дарыканадан “Терафлю” аталышындагы дарыны алган. Үйгө келип ал бир бөлүгүн ичип, кийинчерээк дагы бирөөсүн ичкен экен. Көп өтпөй анын денесинде кызыл бүдүрчөлөр пайда болуп, көзү кызарып, дене табы көтөрүлүп кеткен. Баланы көргөнгө келген "Тез жардам" кызматы Рыскелдини Шаардык инфекциялык ооруканага жеткирип койгон. Ал жактан дарыгерлер эч кандай анализ албастан, текшербестен, “кызамык” диагнозун коюп, дарылап башташкан. Ошентип, дарыгерлер Рыскелдини оорубаган оорусунан айыктырмак болуп, эки күн туура эмес дарылашкан. Балабыздын абалы начарлап, териси күйгөндөй болуп, жаман абалга жеткен. Эки күндөн кийин ал "аллергия" деген диагноз менен токсикология бөлүмүнө которулган” ,- дейт А.Нурманбетов.
Маалыматка ылайык, Рыскелди 8-январдан бери №4-шаардык оорукананын күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Азыркы тапта ага "Лайелл синдрому" (оор түрдөгү аллергиялык дерматит) деген диагноз коюлган. Рыскелдинин абалы аз-аздан жакшырууда, бирок ага бир катар дары каражаттары жана кан керек.
“Рыскелдинин абалы кичине жакшырып келатат, бирок өз калыбына келүү үчүн убакыт талап кылынат. Ал эми балабызды туура эмес дарылаган дарыгерлерди сотко берүү тууралуу азырынча ойлоно элекпиз. Жалгыз тилегибиз Рыскелдинин тезирээк сакайып кетиши болуп, күнү-түнү анын жанынан чыкпай жатабыз”, - дейт А.Нурманбетов. http://www.super.kg/ kabar/news/98535/
РЕКВИЗИТтер суротто!
-
Ford transit сатам
Жазылган күн: 26 Дек 2014
Продается: Ford transit-грузопосажирский, длинный.Белого цвета.92года. Цена-3,5$
т. (0555),(0771),(0709) 861876.
Комментарийлер
Compact ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?