Элементардык балдар-бакчадагы, мектептеги ата-энелер чогулушу.
Мен шаардан, синдимдин, туугандардын кыздарынын чогулуштарына барып эле жүрчүмүн. Кыргызда, "кыргызбайский" десем тушунөт чыгаарсынар. Же кечигип келишет, же балдарынын билими, жүрүм-туруму ата-энени кызыктырбаган сыяктуу мамиле кылышат. Дегеним, ашып кетсе, ата-энелер чогулушка 50% гана катышканын көрчүмүн. Ушул эле көрүнүштү, кызым, алгач борбор шаарда, кыргыз балдар бакчасына барып жүргөндө, 3-4 гана ата-эне барчубуз. Калгандары балдарына кошуна-колон, чонураак балдарын жиберип койгондон, катыша алышпай калышчу.
Андан кийин кызым, чакан шаарчабыздагы орус тилдүү балдар бакчага барганда, мындай чогулушта бири да калбай келгенин көруп аябый тан калгам. Ошол эле учурда, тарбиячыдан, "Биздин балдар эмне жешет? Балыктын этин бересинерби? Колго чүчпара туйүп бересинерби? Котлетти канча күндө бир жешет? " Айтор, ата-энелер тарбиячыны суракка алгандай келишчү. Аларда(орустарда) балдарга болгон кызыгуу, кыргыздарга караганда көп экени аябай эле байкалат. Мен алардын ООрус экенине карабай ушул сапатына баа бердим. Баа берүүм ошо менен бутүп калган жок.
Алгач кызым мектеп босогосун аттаганда, ата-энелер чогулушу болду. Шаардагы зангыраган мектеп болбосо да, кичинекей шаарчадагы, "эн мыкты" делген метеп. Көпчүлүк бөлүгү орустар жана ар башка улуттар. Ошондуктанбы, советтик тактык деген тушүнук жакшы сакталып калгандай. Чогулуш башталганга 5 мүнөт калганда дээрлик ата-энелер качан башталат деп кутуп калышкан. Албетте, кечигип келгендер болду. Алар жалан кыргыздар. Келбей калганы да кыргыздар...
Алдыбыздагы чоон мониторинге, өсумдуктүн жаш көчөтү акрындан өсүп келаткан сүрөтү пайда болду. Муну карап, мектеп мүдүрү: "Бул силердин баланар"- деди, ал бизди карап. -Ушул эле өсүмдүктү кандай өстурсөнөр, мөмөсү да ошондой болот. Эгерде бул өсүмдүктү карабай, бирде суу куюп, бирде суу куйбай койсо деле өсө берет. Бирок, кебетеси келишип, кээ бир бутактары куурап, саргайып, мөмөсү ачуу болот...! - деп, жылмайып алып, тескерисинче, убагы менен суусун куюп, керектүү минералдык заттарды берип, болгон жан дүйнөнөр менен өстүрсөнөр, ошого жараша, адам суктанаарлык кулпунуп өсүп, жалбырактарынын жапшашыл өну адамга жагымдуу маанай тартуулап, мөмөсү берекелүү да, жагымдуу да болот - деп, башкы сөзүн бүтурдү.
Чындап эле, кандай сонун жөнөкөй мисал ээ...? Кыргыздар, көр оокат деп тытынып журүп, өз балдарга мээрим деген нерсени унутпайлык. Аларды өзубүздөн бөлөк адамга бербей эле, боорубузга кысып, өзүбүз гана багалычы. "Бутка туруп келе калалык... Элден калдык... Журтан калдык..." - деп, тытынып, балдарды ташатап, Орусиялап кетпей эле коёлучу. Кетсек да, өз балдарды ала кетеличи... Эртен силер алар үчун тургузган көр оокат, байлык, үй, унаа, жана башкалар, аларга МЭЭРИМ болуп бере албайт. Аларга силердин тыйындан да, көбурөөк көнүл бурууу жана мээрим гана керек. Адам баласы жашы улгая баштаганда, дал ошол жаш баладай, көнүл бурууну, мээримди кайра өз баласынан каалап калат экен. Бирок, бала боорунда жок мээримди бере албай калган кезде, "Эмнеге менин балам таш боор? " - деп ыйлып калбаныздар!
Мен деле өмур баянымда, бир да жакшы сөз, бир да колдоосун укпаганымды жазгам. Бирок, менин теренимде эне деген ыйык сөз жатканын сезчү окшойм. Анда мен 2-курстун студенти болуп калган кезде, мамам бир катты алып чыкты. Мен аны айылда 10-класста окуп жүргөндө жазыпмын. Анын жалгыз жашап жатканына, аны бир адамдан ажыратканыма, ошондо эле өзумду кунөөлүү сезчу окшойм. Ошол эле учурда сериал кинолордон, күйөөсү жок аялдарыдын көп ооруп калганын, аягында аты жаман, айыккыс, ооруга туш болоорун сыналгыдан көруп калгандыктан, мен ал катты аппачык жазыпмын. Кызыгы, ал катты сактап журөт деп ойлобосом керек. Алтургай унутап да калыптырмын. Мамам деле унутап калган окшойт. Бир кунү документтеридин арасынан кокусунан колуна урунуп калып, ача салса менин колуман ага жазылган кат. "Сен ошондо 15 эле жаштагы кыз экенсин, анын баарын кайдан билчу элен? - деп ыйлады. Кучактагысы келгендир. Жок, керек болсо өзү даай алган жок. Ал өзүнчө бир жерде, мен өзунчө бир жерде... Мен ал кандай болбосун, жоготуп алуудан коркучу экенмин...
Ал эми авторго кенеш: Бул кундөр да артта калат. Ал жакшысы... Жаманы кээде адамды мындан да оор сыноо кутөт. Апан жакшы созун аяп туртсө да, сен аяба! Туртсө жабыш... Азыр убактынча таарынып жатасын. Бирок, билгин ал адам сени жарык дүйнөгө алып келген! Ал адамда бир күнү мээрим ойгонот. Ошол күнгө карай умтула бер! Бул өткөөл курак менен коштолуп жаткан үчүн бир аз оор болуп жаткандыр...
Билдирүүнү түзөткөн: myrzayym: 02 Март 2015 - 00:32