Билдирүүнү түзөткөн: aytkulova: 31 Март 2016 - 16:11
Баракча 1 - 1
Мээ жана эс-тутум Адамдын эң негизги органы - мээ
#2 31 Март 2016 - 15:45
Мээнин иштешине кайсы азыктар пайдалуу?
Канадалык окмуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда адамдын мээси 24 жашында эң жакшы иштейт. Андан кийин болсо кабылдоо функциялары жайыраак боло баштайт. Албетте, адамдын мээсинин күч-кабылетин сактап калууга мүмкүн экенин да айтып жүрүшөт. Ал үчүн туура азыктанып, тамак ашыбызга дыкат мамиле кылуубуз керек экенин окумуштуулар эскертишет. Кайсы азык-заттар адам мээсине пайдалуу?
Жаңгактын түрлөрү
Жаңгактын курамындагы майлуу кычкыл заттар, темир жана фосфорлор мээнин торчосун азыктандырышат. Мээге ашыкча күч келгенде ага каршы тоскоолдук жарата алышат Ошондуктан, күнүнө жок дегенде бир даана жаңгак жеп коюу сунушталат.
Деңиз капустасы
Деңиз капустасы курамы йодго бай азык. Эгер организмге йод жетишпесе, анда калкан бездери кыйроого учурап, нерв системасы жабыркап, уйкусуздук, кыжырдануу жана эс-тутум начарлайт. Андыктан тамак- ашка деңиз капустасын колдонууну унутпаңыз.
Сулу акшагы
Курамында В группасындагы витаминдер бар.Алар башкы нерв системасынын жакшы иштешине түрткү берет. Кан айланууну жакшытат. Органимди зыяндуу заттардан тазалайт. Эртең менен сулу акшагынан быламык жасап жеңиз.
Ачуу шоколад
Ачуу шоколад антиоксиданттарга бай. Мээнин
торчолорун ар кандай бүлүнүүлөрдөн коргойт.
Эс тутумга пайдалуу магний заты бар. Күнүнө
40-50 граммдан ачуу шоколад жеп туруңуз.
Көк чай
Невролог дарыгерлеринын айтымдарында, көк чай эң коркунучтуу ооруларга кирген Паркинсон илдетинен сактайт. Ал эми, голландиялык дарыгерлер күнүнө 3 чай чыны көк чай ичүү инсульттун алдын аларын аныктап чыгышкан.
Сабиз
Америкалык окумуштуулар сабиздин курмындагы бета-каротин заты мээнин картаюу процессин абдан төмөндөтөт. Мээнин торчолорун азыктандырат. Эң пайдалуусу
эртең менен бир сабиз жеп коюу.
Креветкалар
Деңиз рагына түспөлдөш келген креветкада Д витамини көп. Ал, нерв системасынын иштешин жакшыртат. Маанайды көтөрүп, унутчаактыкка жол бербейт.

Билдирүүнү түзөткөн: aytkulova: 31 Март 2016 - 16:42
♔ Aytku(love)a ♔
#3 31 Март 2016 - 15:54
Мээ жана эс-тутум тууралуу 15 факт
Бүгүн окумуштуулар адамдын мнемикалык (эске тутуу) жөндөмдүүлүгүнүн начарлап баратканын айтышууда. Мунун эң биринчи себеби – электрондук маалымат ташуучулардын пайда болушу. Мисалы, сиз, окурман, бардык эле жакындарыңыздын телефондорун жатка биле бербесеңиз керек. Мунун кажети деле жок,себеби, керектүү маалымат уюлдук телефонуңузда сакталуу. Заманбап адамдын эс-тутумунун начарлашынын дагы бир себеби – анын маалымат доорунда жашап жатканы. Башкача айтканда, адамдын мээси бүгүнкү күндөгүдөй чоң көлөмдөгү маалыматты сактап жүргөнгө алы жетпейт. Тарыхчылар билдиргендей, 30 миңден ашуун аскери болгон перс ханы Кир, Александр Македонский, Юлий Цезарь өздөрүнүн аскерлеринин ар бирин жүзүнөн таанычу. Грециялык ойчул Фемистокл
Афинынын 20 миң тургунунун аты-жөнүн
билчү. Бүгүнкү күндө да укмуштуу эс-тутуму менен дүйнөнү таң калтырган адамдар бар. Лос-
Анжелестин (АКШ) 42 жашар тургуну Жилл
Прайс өзү жөнүндө “Эч нерсени унутпаган аял” деген китеп жазган. Ал акыркы 28 жылдын
ичинде болуп өткөн окуялардын бирөөсүн да
унута элек. Жиллге 20 жыл мурунку бир датаны айтса, ал күнү саат канчада турганын, эмне жеп, ким менен сүйлөшкөнүн эстеп, айтып бере алат. Америкалык Крейтон Карвелл алдына башаламан тизилген 312 даана кадимки оюн картасынын иретин жаттап калат.
Окумуштуулар: “Ар бир адам өзүнүн эс-тутумун жакшырта алат”,- дешет. Бул үчүн атайын тесттерден өтүү керек. Төмөндөгү адамдын эс-тутуму жана мээси тууралуу кызыктуу далилдерди да билип алсаңыз ашыктык болбос:
1. Аялдын мээси эркектикинен салмактуураак. Мээ булчуңга окшош. Аны канчалык машыктырсаң, ошончолук чоңоёт. Чоң эркек кишинин мээси 1420, ал эми аял кишиники 1560 грамм. Картайган сайын мээнин салмагы азаят.
2. Адамдын мээси аялдыкына караганда
эркектин үнүн тез кабыл алат. Эркектин үнү
мээнин башка бөлүгүнө, аялдыкы башка
бөлүккө таасир этет. Аялдын үнү “музыкалуу”
жана бийигирээк тондо болгондуктан, мээ аны
“чечмелегенге” аракет кылат. Европада мектеп
мугалимдеринин көбү эркек болгондугу
ушундан улам болсо керек.
3. Билимдүү адамдар мээ оорулары менен азыраак оорушат. Мээге интеллектуалдык күч келген сайын жабыркаган ткандар жаңы ткандар менен алмашып турат.
4. Биз мээбиздин 5-7 гана пайызын колдонобуз. Эгерде мындан 2 эсе көбүрөөк колдоно турган болсок, дүйнөлүк цивилизация эки эсе өнүккөн болоор эле. Мээнин калган “запасы” эмне үчүн керек экени окумуштуулар үчүн али белгисиз.
5. Акылдуулар менен дос болуу керек. Мээнин иштешин өөрчүтүү үчүн интеллектуалдык жактан өзүңүздөн акылдуураак адам менен баарлашышыңыз керек.
6. Жаңы өнөр пайдалуу. Адамдын өзүнө жат, эч качан жасап көрбөгөн ишти аткаруусу мээ үчүн абдан жакшы дары.
7. Сыйынуу, намаз окуу, медитация мээнин иштешин жакшыртат. Сыйынуу учурунда адам реалдык дүйнөдөн алыстайт, мээнин аналитикалык бөлүгү иштебейт, мээ толкундары жана кан басымы нормалдашат. Балким, ушул себептенби, кайсы динде болбосун, көп дуба кылган адамдар
ооруканага азыраак кайрылышаары тастыкталган.
8. Реакция ылдамдыгы. Мээге келип- кеткен нерв сигналдарынын ылдамдыгы саатына 288 чакырым. Улгайганда бул ылдамдык 15 пайызга азаят.
9. Дүйнөдөгү эң акылдуу калк – жапондор. Алардын орто IQ көрсөткүчү (IQ – интеллектуалдык коэффициент) 111ге барабар. Катардагы адамдын IQ көрсөткүчү – 56.
10. Жөнөкөй адам кыска мөөнөттүк эс- тутумуна 7 маалымат сактай алат. Мисалы, «көйнөк, калем, алма, үй, акча, элик, жүрөк, пияз, аялдама, саат, отургуч, топчу, сезим, алтымыш» деген сөздөр чынжырчасынан жетөөнү сөзсүз жаттап каласыз (эгерде андан көбүн жаттап калсаңыз, сиз жөнөкөй адам эмессиз).
11. Ички туюмуңуз өзүңүздөн акылдуураак.
Илимий изилдөө учурунда адамдарга татаал
сүрөт көрсөтүлгөн. Биринчи жолу изилдөөнүн
катышуучулары сүрөттө эмне көрсөтүлгөнүн
эч ойлонбостон айтышкан да, жооптордун 92
пайызы туура чыккан. Экинчи жолу сүрөттү
шашпай карап, изилдеп, ойлонуп туруп, анда
эмне чагылдырылганын айтууну сунушташканда адамдардын эч кимиси туура жооп бере алган эмес.
12. Мээ эч качан чарчабайт. Бир күн кечке физикалык жумуш аткарган адамдын канында “чарчоо токсиндери” көбөйөт. Ал эми бир күн кечке интеллектуалдык жумуш аткарган адамдын мээсинде жүгүргөн кандын курамы эч өзгөрүлбөйт.
13. Мээнин 75 пайызы суудан турат. Андыктан, эс-тутумуңуз мыкты болуш үчүн күн сайын жетишинче суусундук ичишиңиз керек. Ал эми “арыктайм” деп керектелгенден аз тамак жегендер ашыкча салмак менен кошо эс-тутумун да жоготуп жаткандарын унутушпасын.
14. Мээ денеден кийин ойгонот. Эртең менен жаңы ойгонгон адамдын мээси эки түн катары менен эмгектенген адамдын же мас абалындагы адамдын мээсинен да жаман иштейт. Таң эрте денени ойготуу үчүн кандай көнүгүүлөр жасалса, мээ үчүн да бир аз интеллектуалдык көнүгүү пайда. Мисалы, ойгоноор замат сыналгы көрүүнүн ордуна кроссворд чечкен жакшы.
15. 5 жашар бала 50 жаштагы адамдан акылдуу. Адамдын мээсинин өнүгүү мезгили 2-11 жашка туура келет. Андыктан, так ушул мезгилден пайдаланып, балдардын акыл-эсине мүмкүн болушунча көбүрөөк «жем» берүү кажет.

Билдирүүнү түзөткөн: aytkulova: 31 Март 2016 - 16:45
♔ Aytku(love)a ♔
#4 11 Июнь 2016 - 09:41
Эс тутумду күчтөндүрүүнүн жеңил ыкмасы
Азыркы убакта жашы улгайгандар менен бирге жаштардын да эске сактоо кабылети төмөндөп жаткандыгы маалым. Анын бир канча себептери бар. Анада эмесе себептерине токтололу:
Стресс: Кыжы-кыйма турмуш, ызы-чуу, шаардын көк түтүнү, зыяндуу экология эске тутуунун биринчи душманы. Таза абада сейилдөө, жумуш графигин бир калыпта сактоо, ашыкча түйшүк кылбай ар ишти өз убагында бүтурүү эске сактоону жакшыртат. Өз убактысында тамактанбоо: Өз убагында жетишээрлик тамактанбоо, майлуу, ачуу, ашыкча таттуу тамактар менен тамактануу, газдалган суусундуктарды, кофе жана чайды көп ичүү да эске сактоону бузат.
Сак-саламат жашоо образын карманбоо: Спирт ичимдиги, чылым чегүү, энергетикалык суусундуктарды ичүү эске тутумдун №1 душманы. Бул атың өчкүрлөр мээнин иштөө функциясын начарлатат. Колдон келсе буларга жакын жолобоңуз.
В 12 витамини менен фолий кычкылынын жетишпестиги: В 12 витамини уйдун боорунда, этте, балык азыктарында, жумуртканын сарысында кездешет. Фолий кычкылы жашылча жемиште, карагатта, бүлдүркөндө, буурчакта, кызылча, сабиз, ашкабак, банан, апельсинде өтө көп кездешет. Эске тутумуңузду жакшыртам десеңиз бул азыктарды көп колдонуңуз демекчибиз.
Дары-дармекти ашыкча жана көп колдонуу:Чүчкүрсө, уйкусу келбесе, көңүлү чөксө, тамагы сиңбесе деле дары иче берүү эске сактоо жөндөмүн начарлатат. Ошондуктан олуттуу гана ооруларга дары- дармек колдонуп, анча-мынча ооруну дарынын жардамысыз эле жеңгениңз дурус. Жогоруда айтылган кеңештерди аткарып, зыяндуу адаттардан алыс болуу менен бирге айрым математикалык амалдарды аткаруу, шахмат ойноо, ыр жаттоо, табышмактардын жообун табуу да эске сактаоону күчтөндүрөт.