Өмүрү мдүн отуз жетинчи жазында жашоомдо чоң өзгөрү ү болду. Башкача айтканда, аялым, он бир жаштагы уулум бар экенине карабай өзүмдө н он беш жаш кичүү бир бийкечти сүйүп калдым. Аны менен таанышкан мүнөттө рүм өмүр бою эсимден кетпесе керек.
Ал күнү кадимкидей эле эртең менен машинам менен жумушка келе жаткам. Сыбызгып чыккан жагымдуу музыкага термелип, рулду оңго-солго буруп келе жатып алды жагымдан бир татынакай бийкечке көзүм түшүп калды. Аябай шашып баратыптыр. Күткөн маршруткасы кечигип жатабы, улам арт жагын карап, бирде чуркап, бирде басып чалынып-чулунуп кетип баратат. Кызга жакшылык кылууну ойлоп, тушуна жеткенде машинамды токтоттум да: “Чоң кыз, отуруңуз, жеткирип коём”,-десем, сүйүнү п кетип эле арткы орундукка отура калды. Бир нерсеге тынчсызданып, улам саатын карап коюп жатканын күзгүдө н көрүп турдум. “Аябай шашып жатасыз го, ээ?”-десем: “Ооба, байке, бизде жумушта тартип өтө катуу. Анын үстүнө бүгүн чогулуш болмок эле. Кечигип баргандарды директорубуз көпчүлү ктүн көзүнчө уяткарып коёт. Сиздин чыгып калганың ыз жакшы болбодубу”, -дейт ыраазы болгон түр менен мага жылмая. Айткан дареги менен жумушуна чейин жеткирип койдум. Шаардагы белгилүү эле компаниялардын биринде бухгалтер болуп иштейт экен. Түшүп баратып мага рахматын кайра-кайра айтты. Мен болсо кыздын визиткасын алып калганга үлгүрдү м.
Эки-үч күндөн кийин Заринага телефон чалып, кечки тамакка чакырсам каршы болгон жок. Ушул күндөн баштап Зарина экөөбү з күн сайын телефон менен сүйлөшү п, күн алыс кафеге барып чогуу тамактанууну адатка айлантып алдык. Ортобузда эч кандай деле ашыкча сөз болбойт, өткөн- кеткенди, жаңылыктарды сүйлөшө бүз. Аялымдын, баламдын бар экенин башында эле айткам.
Ошентип, ортодон бир айча убакыт өтүп кеткенин байкабай да калыптырмын. Бул убакыт аралыгында мен Заринага кадимкидей көнүп, көрбөй калсам сагынчу болдум. Бир күнү жумушта отурсам Зарина телефонума билдирүү жазып жибериптир. Окусам: “Руслан байке, кеч болуп кала элегинде мамилебизди үзөлү . Мындай мамилебиздин аягы билинбей олуттуу маселеге айланып жүрбөсү н...” деген эки сүйлөм бар экен. “Зарина туура айтат” дедим ичимден. Мындан кийин телефон чалып анын тынчын албай эле коюуну туура таптым. Ал күнү чын эле телефон чалган жокмун. Бирок, бир нерсе жетишпей жаткансып эле кызыктай боло бердим. Үйгө көңү лсүз барып, тамакка да табитим тарткан жок.
Кызыктын баары эртеси башталды. Жумушка көңү лүм чаппай эле Зарина көз алдымдан кетпей туруп алса болобу! Колдорум мага баш бербей, улам эле телефонго сунулат. Өзүмдү араң кармап, эптеп кечке чейин чыдадым. Баары бир болчудай эмес. “Ушинтип эле Заринаны эми көрбөй каламбы?” деп бир жагынан ичим ачышса, бир жагынан өзүмчө эле ызаланып, буулугуп бир кызыктай боло бердим. “Эмне, сүйүү деген ушулбу?” деп суроо берип коём өзүмө -өзүм. Ойлоп көрсөм, “сүйү ү” деген сезим буга чейин менин башыма келбеген экен.
Шаардан окуумду бүтүп бараарым менен эле атам досунун мен өмүрү мдө көрбөгө н кызын алып берип койгон эле. Толук, бетин сепкил баскан, анысы аз келгенсип, илээнди, маданиятсыз сапаттары бар жубайым Гүлүмканга көңү лүм тойбосо да атамдын кебинен чыкпай, тагдырыма баш ийип бергем. Уулдуу болгонубуздан кийин такыр эле жипсиз байланып калгам. Бүтпөгө н тиричиликке алаксып отуруп минтип уулум да он бирге чыгып калыптыр.
Бир нерсе оюма келе калгандай ордумдан атып турдум да, токтолбостон Заринанын номерин тере баштадым. Мага тааныш үн трубканын тигил жагынан көңү лсүз унчукту:
- Алло.
- Зарина, баары кеч болуп калыптыр. Биз кечигиптирбиз. Көрсө, мен... сени сүйүп калыптырмын. .. Суранам, жолугалычы, мен сага баарын айтып берем.
- Жок, Руслан байке, кеч эмес, азыр ойлонбосок, кийин чындап кеч болуп калат. Жолукпай эле коёлу...
Заринанын болбогонуна койбой жолугууга көндүрдү м. Көп убакыт бою ашыгын көрбөй калган адамдай болуп катуу сагыныптырмын. Көргөндө баса калып чоло жерин калтырбай өпкүлө гүм келди. Бирок, өзүмдү кармадым.
- Зарина, билесиңби, мен биринчи жолу мындай сезимге кабылып отурам. Мага биринчи жолу сүйүү келди...
- Аялыңызды сүйгөн жок белеңиз?
Заринага ушул убакка чейинки турмушумду төкпөй- чачпай айтып бердим. Зарина бардык дили менен угуп отурду да:
- Билесизби, сиз да мага бир көргөндө эле жаккансыз. Бирок, эмне болгон күндө да мен сиздин үйбүлө ңүзгө кыянаттык кылгым келбейт. Баары бир экөөбү згө эки башка жол менен кеткенге туура келет го,-деди көздөрү н жашылданта.
Бирок, анте албадык. Күн өткөн сайын тескерисинче, бири-бирибизге улам жакындашып бараттык. Атүгүл мен Заринаны кызгана баштадым. Ал менин гана энчиме ыйгарылгандай, менден башка эч ким колун тийгизүү гө акысы жок деп ойлочумун.
Арадан жарым жыл өткөн соң аны биротоло мендик кылып алдым. Тактап айтканда, мечитке алпарып нике кыйдырдым да, ошол түнү мен анын биринчи эркеги болдум. Ушул күндөн баштап экөөбү з мурдагыдан да жакын боло түшкөнсү дүк. Бири-бирибизди бир күн эле көрүшпө й калсак, жашоо токтоп калгандай сезилет. Менин ага болгон сүйүү м канчалык болсо, кызганычым да ошончолук эле. Заринанын мени үйбүлө лүүсү ң деп башка жаш жигитке турмушка чыгып, анын кучагында жатканын элестеткенимде кызганычтан ичим өрттөнү п, бир жерге тура албай тыбырчылап жиберем.
Ошентип, күндөр өтө берди. Биз аягы эмне болоорун ойлобой, жашыруун жашап жүрө бердик. Бир күнү эле Зарина ыйлап телефон чалыптыр. “Аялыңыз бүгүн мага телефон чалды. Жөн жүрбөсө ң, катуу өкүнү п каласың деди” дейт. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, экөөбү здүн жоругубуз аялыма жеткен экен. Биздин минтип жүргөнү бүзгө бир жылдай болуп калгандыктан, дос-тааныштарымдын көпчүлү гү эле билишчү бул жөнүндө . Заринаны эптеп соороттум.
Ал күнү кечинде үйдө албетте, чоң чыр болду. Көрсө, өзүмдү н эле бир досум мени сатып коюптур. Зарина жөнүндө баарын айтып, анын телефондорун да бериптир. Ушул түнү мага “эми болоору болду, аялым менен ажырашып, Заринага үйлөнө м” деген ой келди. Ал түнү уктабай, Зарина экөөбү здүн келечегибиз жөнүндө кыялданып чыктым.
Эртеси жумушка бараарым менен түндөгү оюмду Заринага айтайын деп телефон чалсам, жумушка келе элек экен. Жарым сааттан кийин чалсам да жок, бир сааттан кийин чалсам дале жок... Жумуштан өмүрү кечикпеген Заринага эмне болду? Себеби болсо мага айтмак да. Ушинтип ойлоп соткасына чалсам, өчүк экен. Үйүнө чалсам эч ким алган жок. Жүрөгү м бир нерсени сезгендей бир “болк” этип алды. Жумушумду таштап коюп түз эле Заринанын үйүнө жөнөдү м. Барсам, Заринам диванда сулк жатат. Кечээги кийими менен, чачтары уйпаланган, түнү менен ыйлаганбы, баягы сулуу көздөрү нүн нуру өчүп, тоодой болуп шишиген. Жанына барган мени да элес алган жок. “Зарина! Эмне болду? Айт, эмне болду?” деп булксам да үн катпайт. Ордунан тургузуп бети-колун муздак сууга жуудуруп, чачтарын ирээттедим. Бир топко чейин такып жатып эмне болгонун сурасам, кирпигин араң көтөрү п “зордуктап кетишти” деп шыбырады. Бул сөздү укканда ок тийген аюудай өкүрү п, ордумдан ыргып турдум:
- Ким? Качан?..
- Кечээ жумуштан келатсам маска кийген эки эркек сүйрөп машинасына салышып, караңгы жерге алпарып...
Көздөрү м чанагынан чыгып кете жаздап, калчылдап кеттим.
- Машинасы кандай экен? Номерин көрдүң бү?
- Кызыл түстөгү машина экен. Номерин көргөн жокмун.
- Балдар кандай экен?
- Билбейм... Беттерин көргөн жокмун. Болгону бирөөсү нүн колдорунда толтура сөөлдө р бар экен.
- Сөөлдө р?!.
- Руслан байке, кетиңиз, эми мен булганган кызмын. Сиздин бетиңизди карай албайм. Эми мени өз жайыма коюңуз. Өзүм менен өзүм болоюн...
Зарина бир чекитти тиктеген бойдон ушинтип сүйлөй берди. Менин болсо оюмдан сөөлдө р кетпеди.
- Сөөл... сөөл...
Колунда сөөлү бар болсо анда ал менин кайним да. Бул иш аялымдын колунан келгенин билдим. Заринага эч нерсе дебей эле чыгып кетип, туура үйгө бардым. Аялым тоону томкоруп койгонсуп диванда телевизор көрүп отуруптур. Дароо жетип барып жакасынан кармап тургузуп, кыйкырып жибердим:
- Сен кылдыңбы?
- Эмнени?..
- Кечээ кечинде иниң кайда болду? Билмексен болбо, акмак!
- Мен кылдым, колуңдан эмне келет? Бар, эми бара бер периште сезип жүргөн бийкечиң е. Көрүнгө нгө талпак болгон сойку менен кантип жатаар экенсиң.. .
Алаканым аялымдын жаагына “шак” дей түштү. Ал андан бетер буркан-шаркан түшүп, айтпаган сөздүн баарын айтып долуланып кыйкырып-ө күрүп ыйлап жүрөт. Мен болсо эшикти “тарс” жаптым да, чыгып кеттим. Бирок, Заринанын үйүнө да барган жокмун, жумушка да барган жокмун. Суткага берилчү квартира алып, ошол жакта бир сутка турбай жаттым. Заринага ушул тапта жардам керек экенин сезсем да бутум тартпай койду. Мен бийик тутуп, ыйык тутуп жүргөн адамым бир паста эле ушинтип булганып калабы? Ал бир гана меники эмес беле?
Заринада күнөө жок экенин билип турсам да көкүрө гүмдө кандайдыр бир муздак нерсе пайда болду. Канчалык телефон чалып, барайын десем да жүрөгү м даабайт. Андан бери туура бир жума убакыт өттү. Ушул квартирада эле жашап жатам. Караанымды көрсөтү п жумушка барып-келип эле жүргөнү м болбосо, кылган ишимдин да дайыны жок, эч ким менен сүйлөшпө йм. Кыскасы, азыр өзүмө -өзүм түшүнбөй, туңгуюктан чыгаар жолду издеп жүрөм.
Билдирүүнү түзөткөн: jaja_23: 27 Июнь 2007 - 19:20