kyrgyzjigiti91 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 169 (0,05 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (77 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 03 Июль 15
- Кароолор:
- 10 375
- Соңку аракети
- 17 Янв 2016 04:44
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Июнь 3, 1991
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Садагам Оштой жеримден
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
"Соолуган гүлдөр" чыгармасы
Жазылган күн: 23 Ноя 2015
Автордун сөзү менен;;;
Бул өзү бир эженин башынан өткөн окуясы мага ал эже жашоосун ацткан болчу мен өзүм кагаз бетине түшүргүм келди.бул биринчи жазган чыгарма сындап көрөрсүздөр деген ойдомун. -
Жигит, эмнеге шайыр эмессиң?
Жазылган күн: 21 Окт 2015
Болгону шаштырбагыла. убактыма карап жазамын -
интернетке азгырылгандын пайдасы
Жазылган күн: 9 Окт 2015
Бул окуя башкаларга жа сабак болор деген ойдо жаздым.окуп алып сиздер мененда бөлүшө кетейин дедим.
Журоктун ушун алган, социалдык тармактагы арам суйлошуучу окуя. Бул баардыгына сабак болсун!! ! **************************************** Менин атым Самира,Мен озумдун башымдан откон окуядан айтып бергим келди..... Мен озумдун кичинекей болмомдо отуруп,бул создорду жазып отуруп,кылган куноолорум учун журогум жарылып кете жаздап атат,... Жанымда кичинекей сут эмген Муратым бейкапар уктап жатат.... Мен, баардык кыздардай эле,кооз,таттуу, кыялдарым бар эле....Уйлонуу улпот койногун кийип жургонум, бактылуу уй булолук коломтодо жашап атканымды элестетчуумун. Аллахка шугур! Мага, озум элестеткендей, ,ыймандуу жигит менен баш коштурду.Менин баардык тилектерим орундалды.Мен бактылуу турмушта жашап аттым.....Омурлук жолдошум менен жашоонун баардыгы кооз корунчу.Менин уйумдогу,жанырыктардын баардыгы кереметту жана шандуу угулчу... Аллах, бизге периштедей кыз берди,биз аны "Фатима" деп ат койдук.Ал биздин бактылуу жашообузга дагы кубаныч м.н корк кошту...Менин жолдошум "Акбар" жакшы иште, бир фирмада иштейт эле,жакшы айлык алчуу.Биз Аллахка шугур жакшы бардар жашоодо жашачык.Жолдошум жумуштан келгенде уйлор таза, тыкан болуп турчу.Мен ал келгенде эшик алдынан жылуу жылмайып,ооп тосуп алчуумун,ал менден жагымдуу акырын уну м.н "Самира сен бугун Намаз окудунбу?" деп сурап калчуу.Мен: "ооба" деп,пальтосун алып,бут кийимин берип шашылып калчуумун.Ал барып колун жууп келгенче, мен дастарконду шашыла толтуруп койчуумун.Ушунтип татту жашообуз отуп жаткан.Менин бул кундорум дагы деле коз алдымдан кетпейт.... Биздин,Лейла деген кошуна келин бар эле.Ал бир окуу жайлардын биринде таржымалдуу мугалим болуп иштейт эле,уйундо компьютери бар эле. Ал эртеден кечке коп убактысын интернеттин жанында откороор эле. Анын уйуно конок болуп барып калганда,дайыма "Чатта" отурганын коруп калчуумун.Ал дайыма мактана кетчуу:"Менин бул жакта дос балдарым,курбу кыздарым коп",Алар менен бош калганда чер жазып суйлошоорун, озунун суйуулору жонундо айтып кызыктыра сен да ушундай "компьютер" алсан мен коп кызыктуу нерселерди уйротот элем,зээрикпейсин дагы деп азгыраа берчуу.Кундор отуп жатты,мен жолдошума," компьютер" алып беруусун сурандым,башында алып бербейм деп чыкты,кийин экинчи балалуу болгондо алып берем деп макул болду....Кундор бат эле отуп,Аллах бизге "Мурат" уулумду берди. Менин жолдошум айткандай эле мага "компьютер" алып берди. Мен убакыттан пайдаланып колдоно баштадым,кээде ал ишке кеткенде,кээде Намаз окуганы чыканда "интернетти" отура калчуумун. Менин омурлук жолдошум ар дайым мени алаканына салып,козунун карегиндей карачуу,эч качан мага каттуу суйлочу жан эмес.Суйоорун ар дайым билдирип аяр мамиле жасачу.Коп жолу жолдошум мага кирип атканда,мен шаша буша,интернет баракчамды жапканга арекет кылып калчуумун.Ал менден сурап калат эле:"Эмне болду Самира?"Мен: "Жон эле интернет иштебей калып атат"деп алаксытып койчуумун.Ал кулуп,анан унчукпай тим болуп калчуу.Мен Лейладан интернетти кантип колдонгонду уйронуп алдым.Ошондон баштап бул "Шайтан азгырган" дуйного кире баштадым.Мен коп жолу Намаз убактысы башталганда каза кылып коюп аттым.Кээде окубай да койгон кундорум болуп атты.Ушунун айынан коп жолу мага жолдошум мени эскерте баштады.Ушунтип кундор отуп жатты.Мен "Чатта" бир жигит менен таанышып калып,суйлошуп жаттым.Аты озунчо сырдуу экен.Ал мага коп жолу суйуусун арнап,укмуштай сонун создорун айтып,суйуулорун кардай жаадырып салды.Мен кээде :Самира Аллахтан корк! Сен куйоонду алмаштырып жатасын!" деп озумду озум урушуп калат элем.Бирок "Шайтан азгырыгы" менден кучтуурок болуп чыкты.Эгерде мен ошондо Аллахка жакын болгондо мен андан кучтуурок болот болчум.Мен уй жумуштарын карабай койдум,Акбар уйго келгенде,коп жолу уй чачылуу турганын корчу.Жада калса кичинекей уулумду эмизбей карабай койчу болдум.Анткени " Суйуктуум" м.н суйлошуп, азгырылып, интернетте отура берчуумун.Мен коп тан калчуумун,менин жолдош бул жигиттен да суйуусун чын дили м.н билдирчуу.Эмнеге бул баланы мынчалык суйуп калганымды озум да тан калам.Балким анын жагымдуу унунбу?...Аяр мамиле жасаганынабы? ...Татту создорду суйлогонунобу? ...Билбейм...Мен анын суротун коргум келе берчуу..Коп сааттар бою манитордун астында отураар элем.Имам Намазга чакырып Азан айтып,Ыйманга чакырганда, жалкоолук кылып,бейкапар отура берчуумун.Намазды да калтырып,Аллахка болгон журогумдогу коркунучум азайды.Эмнеге мени ошондо жолдошум кообурок конул буруп,бекер убакыт коротуп каяка кирип,эмне кылып атканымды карап койбоду экен?Жанагы "сырдуу жигит" менин турмушум жонундо баарын билет эле.Мен ага жолдошум м.н бактылуу экенимди жана мага андан башканын кереги жок экенин айтсам ал:"Чыныгы суйуунун даамы башка"деп айта берчуу.Бир куну ал мага суротун жонотуп калды.Анын колун ээгине коюп сырдуу болуп тушкон суроту м.н журогу чок салды.Шайтан суйумду ансайын кучотту.Мен ал м.н эч нерсеге карабай жолугушуну элестеткенимди ага айтып, бирок чечиле албай коркуп атам дегенимди айтсам.Ал;Сен менин ширинимсин! Сага ыраазымын деп айтса мен жалган айтканын билсем да ал мени создору м.н арбап алгансыйт. Мен Хадистеги;" Аял м.н Эркек киши экоо калса Шайтан учунчусу болот"деген созду унуттум.Мен бул суйунун торуна туштум кулу болдум.Мен азыр ушу создорду жазып атып ыйлап жатам...Бул кандай кордук экенин ар бир окуп аткан киши тушуноор бекен.Сиздерге Бул суйуунун эмне болуп аяктаганын айтайын.Ал мага номерин берди бирок эч чыгынып чалууга дитим барбай атты.Бир куну жолдошум жумушу боюнча бир жакка уч кунго кетишин айтып, бизди ата энемин уйуно алып барарын айтты.Мен суйунуп кеттим бирок билдирбедим. Менин жолдошум коп жолу айтып калат эле,Самира сен озгоруп кеттин?!Сен Аллахтан алыстаган учун, Намаз окубай калдын,сен тез ачуун келе турган болуп калдын,Сен балдарды мурункудай карабай калдын деп эскертер эле.Мен жок уйдун жумушу,балдар болуп,коп убакытты алат дейт элем калп эле актанып.Жолдошум бизди ата энемдикине калтырып, коштошуп кетти.Туштон кийинки тамактан кийин,балдарды апама таштап,жакын жердеги базарга барып келейин деп жолго чыктым.Мен жолдошума турмушка чыккандан бери биринчи жолу эшике чыгып атышым эле.Исламда аялдар эшикке чыкса бироо кошо чыгыш керек,Анткени аял деген "Бапестеген Кымбат баалуу асыл таш". Мен озум чыксам мени эч ким тааныбай калат деп ойлодум.Ойума да келбептир мага ошондо жаман окуя кутулоорун. Бул суйуу м.н ооруп калгандаймын. Телефон чалган кабинкага барып жанагы сырдуу жигиттин номерин калтырап атып тере баштадым.Бир кезде жагымдуу ун угулду:Алло " Ким бул?"мен:" Мен сенин суйуктуун Самира!" ... Мен озумду озум кармай албай турдум бул жигиттин алдында.Ал менден:"Сен кай жердесин?" Мен кайсы жерде турган дарегимди айттым.Мен копко кутуп турдум.Аны кутсомбу же кетсемби?же бир жолу аны моокумум канганча коруп алсамбы?...деп конулсуз турдум.Бир убакта чон кычыраган капкара унаада жанагы сырдуу жигит келип токтоду.Терезеси акырын ачылып,"Отур Самира!" деди.Мен ага бир да жолу жузумду корсото элек элем.Кыйылып туруп калсам,"Отура кой Суйуктуум! бир аз шаарды айланабыз кайтабыз" деп жалбара суйлоду.Менин буттарым оздору эле унаага алпарышып,унааны ачып анын жанына отурдум.Аттин! ...Аттин ай!...Мен "Кайгы кемесине" отурдум бирок.Ыйларым мени муунту.Атакемди, Апакемди,агаларымды, балдарымды, ошондо эстедим.Мен унчукпай отура бердим.Ал жагымдуу уну менен."Самира сага эмне болду суйуктуум?" деп.Менин бетимдеги "никабды" акырын чечип алды.Жолдошумдан башка эч ким аны чече элек эле."Кандай ганаСулуусун? "деп тан калды.Жаштарым акырын менин ээгимден куюла баштады.Мени тан кала карап,Сен эмне биринчи жолу ботон киши м.н унаага отурушунбу? деп кулду.-Ооба! -Ыйлаба жаным!Сен мени жакшы коросун да!...Сен мага Чатта айттын эле го?... -Ооба, бирок суранам,менин жолдошум бар,бизди бироолор корсочу?... -Коркпо! деп унаанын басымын жогорулата айдады.Менин журогум ан сайын каттуу сого баштады.- Сен каяка айдап атасын?Ал мени сырдуу карап жылмайып койду.Ал мени сырдуу карап жылмайып,Сага коркпо дедим го? деди да,унааны шаардын жолдору м.н айдаган боюнча,шаардын чекесине чыгып калдык...Мен ыйымды тыя албай ыйлай баштадым.Баардыгын коз алдымдан откоро баштадым.Ата энемдин уйундо жургонум,турмушка таза бойдон жолдошума чыгып жатканым,уйлону тойубуз...азыр мен ушулардын баарын тебелеп тепсеп саламбы?деп озумду озум куноолоп жаттым.Биз бир шаардын четиндеги фермага келип калдык.Бизди уч чоон чоон кучтуу жигиттер тосуп алды.Алардын жуздорун карасан туруу сууктай.Мени алар кучко салып суйроп жерге тушурушуп,эн жаман создор м.н согуп,кагып силке башташты.Мен омурумдо мындай создорду укпачуумун, мени жолдошум эн жакшы создор м.н эркелетчуу дайым.Мени тепкилеп ура башташты.Мен кыйкырып,ыйлап, мен м.н кошо келген жигитти карап жалбарып ыйлап жаттым,мени кичине болсо да аяп коер бекен дегенсип.Ушулбу сенин суйуун?!... Ушулбу сенин суйуун?!..Жигиттер бул кызды аягыла!Бул ширинди абайлагыла! деп кайталап жатты.Алар ансайын кучтонушуп кучко салышат.Ох менин коздоум тунарган экенго!Баарына интернет куноолу...жок, Лейла куноолу..жок баарына мен куноолумун! ...мен!....Мен козумду жумуп,кичинекей кызымды Фатимамды эстедим.Эх кызым!Апакен бул жакта карышкырлардын оозуна туш келгенин билсенчи! Анын создорун эстедим,Апа биз м.н ойночу!Биз м.н суйлошчу! Эмнеге биз м.н ойнобой атасын?!... деп колуман тартканы..Акбардын создору..Эмнеге сен озгоруп кеттин?Сенин жагымдуу кулгонун да озгорду?!Баламдын ыйлаганын да укпайт элем ушул Жигит деп...Намазга, имам Азан айтып чакырганы.Эй элдер Намазга Шашылгыла! Жараткандан кечирим сураганга шашылгыла! ...Баарын эстеп жаттым.Аттин ошондо Жаратканыбызды эстегенимде мооминтип булардын тооруна кабылбайт элем.Мен унумдун болушунча кыйкыра баштадым..Акбар кечир мени!Мен сага татыктуу аял эмесмин!Кечир мени Фатима!менин периштем! ....Кечир мени уулум Мурат!..Алыстан менин уулумдун уну угулуп жатты "Апаке! " "Апаке! " деп кайталап жаткандай... Мен ошондо уйго жетсем Аллахтан баардыгы учун кечирим сурайм!..Оо Жараткан Кечир мени!Оо Жараткан кечир деп кыйкыра бердим.Оо Раббим кечир мени!....Алар менин коз жашымды,менин жалынып жалбарганымды угуп да коюшкан жок.Кайра тескерисинче, "Сен Аллах!..Аллах! " дейсин,Эмнеге мурунураак эстеп койбодун?! Мурун айтыш керек эле ушул создорду! !..деп какшыктап,мазактап кулушуп,ар бири оздорунун ыплас иштерин бутурушуп... мени жаман,кир болгон,жыртылып, тантыгы калбаган кийимдеримди топтоп унаага ыргытып салып коюшту.А менин досум,чылымын чегип,сыртта кутуп туруп,анан отуруп унааны от алдырып жылып кетти.Кулгон боюнча мени карап:-"Сени ыйлаган ыйындан, сени аяп койдук"... Мен;Сен!..Сен Акмаксын! Ылайым бул дуйнодо жакшылык корбой от!деп кыйкырсам... Мени жаактан ала чапты.Озум кан агып жатып калды.Бул жаактарымды Фатима кызым аярлап оопчу эле го!Мен жол катар ыйлап жашымды токтото албай келе жаттым.Ал мени кайсы жерден алып келсе,ошол жерге алып келип таштап койду.Жыртылган кийимдеримди топтоп,ата энемдин уйуно келдим.Буткул денем ооруганынан буттарым басалбай аран уйго басып келдим.Ваннага кирип, бети башым кок ала болгонун коруп,баарык денемди жууп,озумдун турмушка чыга элек кезимдеги,эч нерсе билбеген,балалык сезимдерди эстеткен болмомо кирип, кулптап алып,болушунча ыйлап...ыйлап зар какшап жаттым...копко ыйладым,бир кезде болмому кызым такылдатып калды.Фатима кызым:Апа! Апакебай! Аччы эшикти деп кыйкыра баштады.Анын унун угуп апам да такылдата баштады.Эшикти ачсам,апам турумду коруп коркуп кетип,бооруна кысып,"Эмне болду сага кызым?!" деп тан калып атты.Мен башым катту ооруганынан, башым айланып,бетим м.н жерге кулап туштум деп жалган айттым.Башым ооруганына чыдатпай атат мен озумду жалгыз калтырынызчы деп сурандым.Апам эшикти жаап,чыгып кеткенден кийин,эшикти кайра жаап,бугумду чыгарып ыйлап жаттым.Мен Азан айтылган унду,кечки Намазга чакырып аткаг унду угуп калдым...Кандай гана сонун Азан!...Бул мени Аллах кечирим суроого,чакырып аткан ун эле... -
Көптүн кереги жок эле...(Курбумдун айткандарынан)
Жазылган күн: 6 Окт 2015
- Күйөөң сабачу беле? - дешет.
- Жок.
- Күйөөң ичкилик ичкенби?
- Жок.
- Эмне, норкаманбы?
- Жок.
- Анда эмнеге ажыраштың? Алты бала
менен болгондо да?
- Ажырашуунун негизги себептери “арак”
же “таяк” болот, - дегенди да көп айтышат. Ар кандай божомолдорду айта беришет. Мен болсо унчукпай эле күлүп коём. Сени жамандабайм, ал тургай кээ бир кемчилдиктериңди жашырып да коё алам. Унутуп деле калгам.
Мен бардыгы үчүн ыраазычылык билдирип көнгөм. Өткөн күндөрүм үчүн да, азыркы күндөрүм үчүн да, келечегим үчүн да Кудайга чексиз ыраазымын. Анткени баары Анын колунда.
Мен сага чо-оң үмүт, бийи-ик максаттар менен баргам. Оюмда сага жардамчы болуу, сени бактылуу кылуу, сени менен чогуу өзүм да бактылуу болсом деген гана тилегим бар эле. Сен менин баарым болчусуң. Анткени баардык жагың: кыял-жоругуң, жүргөн-турганың, кылган иштериң, сүйлөгөн сөздөрүң – баары мага үлгү болушун каалап, баарынан жакшылыктарды гана издээр элем. Сенин мага чын дилиңен сүйлөп, баарлашып, кеңешип койгонуң эле зор бакыт болчу. Бирок турмушта башкача болду. Ал жооштугуңбу, токтоолугуңбу же кайдыгер, жоопкерчиликсиздигиңби азырга чейин ажырата албайм. Анткени адамдын ичин жалгыз гана жараткан Кудай билет эмеспи.
Мен сени өтө-ө чыдамкайлык менен күттүм, ишендим, бактылуу келечекти самадым... Кээ бир нерселерди дароо эле унутуп калып, кек сактабадым. Сени менен бактылуу жашоо негизги максатым болчу. Бирок... аргасыз болдум...
Анткени мен адам менен сүйлөшүүнү каалайм. Дайыма эле жакшы сөздөрдү сүйлөп, эркелетип, колдоп, мактап турууну эмес, жөн гана көңүл бурууну, камкордукту, жылуулукту, жакыным бар деген сезимди каалагам.
Бирок жакшы сөз күтпөгөнгө көнүп да бараттым. Эңсөөлөрдү, каалоолорду ооздуктаганды үйрөндүм. Анткени экөөбүздүн уул-кыздарыбыз төрөлгөн. Кудай бизге уулдарды да, кыздарды да берди. Ал тургай, алты балабыздын ичинен эки эгизибиз да бар. Уулдардан да, кыздардан да эгиздер. Бардыгы үчүн Кудайга миң алкыш.
Мен сага студент кезимде эле күйөөгө чыккам. Бул сенин каалооң эле, анткени жашың менден улуураак болчу, үй-бүлөңдө эң улуусу элең. Бир жарым жылдан кийин тун уулубуз жарыкка келди. Албетте кыйналдым, биринчи төрөт. Төрөт үйүнөн чыгаарда врачтар сага: “Мүмкүн болсо, жаткан бойдон алып кеткиле, абалы оорурак, али отурууга да уруксат эмес”,-дешти. Мен болсо үйгө чыгарыма кубанып кийине баштадым. Карасам, өтүгүм жок. Сыртта кар, шамал, суук. Сен менин өтүгүмү унутуп калыптырсың. Мейли деп, бактылуу бойдон тапочкам менен сыртка карай жөнөдүм. Бирок сен машина алып келбептирсиң. Сени менен сыртта, суукта туруп машина тостук. Анан жайлуу машинада, жатып кетмек тургай, биринчи эле келген машинаны тосо коюп, эптеп үйгө жеттик (ал да жүк жүктөгөндөй катуу машина экен). ТАҢ КАЛДЫМ... Күндөр өтүп жатты.
Бир күнү группалаш кыздар менен экзаменге даярданып, анан үйгө кеткенче кеч болуп калды. Уулубуз бир жашта, анан да боюмда бар, айы-күнүмө да жетип калгам. Күн суук, февралдын карлары жатат. Кыздар “кала бер” дегенине болбой, корку-уп, (караңгыдан бир корксом, тайгакта жыгылып кетүүдөн бир коркуп) атып үйгө кечки ондордо келдим. Барган жерим алыс болчу. Келе жатып сени аяп, сагынып, сага айтар кебимди камдап, “дароо эле кечирим сурайын” деп даярданып келе жаттым. Анткени сен мени издеп, баланы көтөрүп алып ары-бери чуркап, айлаңды таппай, ойлонуп, тынчсызданып жүргөндөрүңү элестеттим. Ал мезгилде уюлдук телефон да жок. Эптеп үйгө жеттим. Сырттан көрүнбөйсүң. Бир топко эшикти чертип турдум. Акыры көптө барып ачтың.
- Кечирип койчу, барган жерим алыс экен, келгенче ушундай болуп калды,- деп жалооруп жибердим. Сен:
- Калып кала бербейт белең, - дедиң.
- Кантип, сен тынчсызданып, түнү бою
уктабай, кантип издээриңди билбей, кыйналмаксың да.
- Жо-ок, мен уктап кетипмин, бала да бир
аз эле мурда уктаган, - дедиң. Мен үчүн бул чоо-оң жаңылык, таң калыштуу нерсе эле. Анткени айы-күнүнө жетип турган аялы, эч нерсе дебей эле барган жагынан түндө үйгө келбей калса, кантип тынч уктай алсын?.... ТАҢ КАЛДЫМ...
Уул, кызыбыз бойтоңдоп чоңоюп баштаган кез. Менин боюмда эгиз балдар. Анан бир классташың келип калды. Ал түрмөдөн бошонуп келе жатыптыр. Эмне себептен дароо үйүнө кетпегенин билбейм. Үй-бүлөсү да жок экен. Кургак учук менен ооругандыгын, анан ар кандай түрмөдөгү окуяларды сүйлөйт сага да. Биздин үйдө бир топ туруп калды. Отуруп-тургандан кыйналам, балдар кичинекей, кыштын күнү, сыртка басып кете албайм. Ар кандай жыттардан окшуп, кыйналып “таксикоздун” азабын жакшы эле тартып жаткан кез. Классташың да кечке кара-ап отуруп алат. Үйүбүз бир гана бөлмө. Сен жумуштан кеч келесиң.
Бир күнү адаттагыдан да көбүрөөк кыйналдым. Бирок баары бир күндөгүдөй эле эптеп тамак жасадым. Анын суусун куйганча эле 10 жолу кускандай болдум. Балдарды да кароо керек. Өө-ох, акыры кечке маал сен келдиң. Тамак да бышайын деп калган. Бир мезгилде баарын даярдап, аягында дагы бир жолу тузун көрүп, куяйын десем эле, тамагым бир нерсе...? Тамакка окшошпойт. Ого бетер окшуп, акырын сени ашканага чакырдым. Эмнегедир дароо эле:
- Сен байкабай, бирдемени туура эмес
кошуп койгон жоксуңбу тамакка? – дедим. Анткени терезе жакта аш содасын салган банка ачык туруптур.
- Тамактан ооз тийип көргүм
келди. Анан тузу азыраак болгондой сезип, бул банкадан туз кошуп салып койдум, - дедиң. Ушу-унчалык кыйналып жасаган бир казан тамагым эч нерсеге жарабай калды. Балдар да тамак ичиш керек болчу, конок да бар, баарыбыз тамак иче турган убакыт келип калган. Кайра баары башынан башталабы? Көзүмөн жашым төгүлүп кетти. Анткени ушунчалык кыйналып жасагам аны. Классташың акыры бир күн кетти. Бирок, кеткенинен көп узабай эле (2-3 айбы, билбейм айтор) каза болуптур. Анткени кургак учуктан жабыркаганын укканбыз. Эмнеге бир бөлмөдө кышында, эки кичинекей бала менен, боюнда эгиз баланы көтөрүп жүргөн келинчегиңди эртеден кечке андай адам менен жалгыз, айлап таштап койдуң экен? ТАҢ КАЛДЫМ... Бирок Кудайга шүгүр, эч кимибизге эч кандай оору жукпады.
Кошуналар менен да киришпейсиң. Досторуң да жок болчу. Ата-энеңе мен ыйлагыдай болуп атып, анан кээде гана телефон менен сүйлөштүрөм. Күндө кечке чейин сенин жакшы сөзүңү самап күтө берем. Сага эркелегим келет, баарын төгүп-чачпай айткым келет. Анан сенден жумушуңда эмнелер болгонун сурайм.
- Анын сага эмне кереги бар, - деп коёсуң. Мен кээ бир нерселерди айтсам:
- Анын мага эмне кереги бар, - деп коёсуң.
Акча болсо жетишпейт. Телевизор, радиолорду да оңдотконго акча жетпейт. Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Туугандар, классташтар алыста. Кээде гана коушуналар менен киришебиз. Балдар кичинекей. Менин ааламым - сен ганасың. Бирок сен... Ушундайсың. .. ТАҢ КАЛАМ...
Ошентип Кудай бизге уул, кызыбыздан кийин эки эгиз уул берди. Бир күнү алар экөө тең ооруп калышты. Ысытмалары түшпөй, жөтөлүп, дем алгандары оорлоп. Экөөнү тең ооруканага алып жаттым. Ал мезгилде “памперс” да жок. Экөөнүн кирин жууйм, экөөнүн тамагын берем (5-6 айдан баштап сүт жетпей, экөө тең жасалма жол менен тамактанышат), укол, массаж, физиотерапия ж.б. Керели кечке 5 мүнөткө да жаным тынбайт. Бири уктаганда экинчиси ойгонот, экөө уктап калса кир жууганга же сүттүн идиштерин жууганга чуркайм. Бирине ийне сайдырып келгенче, соороткончо экинчиси булганып алган болот... Кыскасы чымын-куюн болуп эле күн өтөт. Түндө да ооруп аткан балдардын тынчы кетет. Жалгыз гана сооронучум - сени күтөм. Сен келгенде эч нерсе сүйлөбөй эле анча-мынча алып келген тамактарыңды берип кайра үйгө жөнөйсүн. Мен болсо сенин сурап, көңүл бөлүп, сооротуп, үмүт берип коюшуңду ушунчалык каалайм. Бирок сен унчукпайсың.
Коридордогу кичинекей терезеден сүйлөшөбүз. Мына, дагы келдиң. Жанымдагыларга балдарды дайындап коюп, сага чыктым. Эмнегедир ушул жолу сага жеткенде колумдагы “электроника” саатты карап, белгилеп койдум. Саламдаштык, турабыз. Убакыт өтүүдө, 3 мүнөт, 5 мүнөт, 8 мүнөт өттү, 10 мүнөт, 15... Унчукпайсың. Бул жолу мен дагы унчукпай күтүүдөмүн. “Балдарым эмне болду экен?... Кетип калсамбы унчукпай?... Эмне десем?...” Үшүп да кеттим. Акырында чыдабадым:
- Эмнеге унчукпайсың?
- Эмне дейин?
- Сурабайсыңбы бизди, сүйлөбөйсүңбү?
- Эмне демек элем, ушинте бербечи!?
- Эмне демек элең, “Балдардын ысытмасы
түштүбү” де. “Түндө кандай укташты” деп сура. “Тамак иче башташтыбы” деп сура, - деп ызаландым. Сен нараазы болдуң. Мен:
- Макул анда, жакшы барагой. Үйдөгү
балдарды жакшылап кара. Өзүң да жакшы жүр, жылуу кийин, - деп көзүмө кылгыра түшкөн жашты көргөзбөгөнгө аракет кылып бурулуп кеттим. Бирок, алар тарап кетпей эле мөлтүлдөп туруп, төгүлүп кетти. Дарыгерлер мени дайыма аяшчу. “Эки баланы кантип эптеп атасың? Бирөө кошо жатсын”,- дей беришчү. Андай шарт жок эле бизде. Алар менин көз жашымды көрүп :
- Эмне болду, эмне болду?- деп калышты. Бирөөлөрү тамашалап:
- Күйөөсүнө эркелеп атат да, - дешти.
Унчукпай жашымы аарчый күлүп койдум. Аттиң ай, андай болсо кана... Эркелемек тургай, эки баланы эки ооз сөз менен сурап коюусуна зар болуп 15 мүнөт күттүм го.. Күндө күтөм, болгону эле жылуу сөздү, камкордукту, көңүл бурууну. Бүгүн да ушинттиң... ТАҢ КАЛГАН бойдон калдым.
Ошол күнү балдардын бирөөсү өтө
кыйналып жатты. Мөөнөттө турган дарыгер да келип кетти. Бөлмөдө баары уктап жатышат. Менин бир уулум, ойдолоп, жөтөлүп, кыйналууда. Аны улам карап, үстүн жаап басып жүрөм. “Горизанталдык” абалда 5-10 мүнөт эле жата турсам эң бир бактылуу болот элем деп эңсейм. Анткени канча суткадан бери 1-2 сааттан гана эс алам же ал да жок. Ошондой шарт болду. Балдарымды жаныман артык көргөн жүрөгүм жатууга жол бербейт. “Мен уктап калсамчы? Анан уулум сууланган бойдон ачык жатып калсачы? Ого бетер ооруп калат да” деп, ары-бери басып жүрөм. Аларга саламаттык сурап Кудайга жалынам.
Бир маалда ушундай бир “жакшы” ой келди. Мен тор керебеттин четиндеги темирге жарым эле жатмай болдум. Эптеп эле “горизанталдык” абалда 5-10 мүнөт болсо да эс алса болду буттарым. Жаттым: жарым денем керебеттин четинде, омурткаларым керебеттин темирлеринде, жарым денем абада асылып, калкып тургандай боштукта. Ушинтип жатсам уктап калбайм деп ойлодум да. Карачы болбой эле...
Мени абдан жакшы көрүп жүргөн классаташым бөлмөгө кирип келди. Анын көздөрүндө аёо менен кейүү бар эле. Мага колун суна:
- Гүкүш, бул эмнең? Карачы кантип
жатканыңды? Ушунчалык азап тартып кыйналдың ээ, асылым. Турчу, турчу, акырын колуңу бер. Абайлачы, бир жериңи кокустатып алба. Мынча эмне өзүңү аябайсың, кымбатым? Сенин абалыңды көрүп туруп атайын келбедимби. Тура гой асылым, боорукерим. Балдарың айыгат, көп кейибе. Азыр баланы карап койсоң, келе колуңду, акырын тур, - деп мээрим төгүп, акырын колуман тартты. Көрсө түшүм экен. Уктап кетиптирмин! !!
Уулум! Ал эмне болду-уу !!!??? Карасам ал сийип коюп, төшөгүн тээп салып уктап атыптыр. Аны керебети менен кошо кучактап, буркурап ыйлап жибердим. Ал укпаса да, түшүнбөсө да өзүмдү ааламдагы эң бир жаман күнөөлүү кишидей сезип, уктап аткан баламдан кечирим сурап, “эмнеге жата койдум экен деп өкүнүп”, астын кургактап көпкө ыйладым. Эки-жагымды карап коём, мени сүйгөн классташым көрүнчүдөй болуп.
Кантип? Менин ак никелүү жарым, 4 баламдын атасы качандыр бир кезде мени сүйгөн классташымдай (Мен билген эмесмин анын сүйүп жүргөнүн. Бирок, ал аскерден кат жазып жүргөн. Ага “жооп” кылып мен күйөөгө чыгып кеткем.) боло албадыбы? Анын түшүмдө айткан сөздөрүн өз күйөөм айтса болот эле да... ТАҢ КАЛДЫМ САГА.. Классташымдын түшүмдөгү сөзү, камкордугу мага бир нече күнгө чейин дем берди.
Кийин 4 жылдан кийин эгиз кыздуу болдук. Кандай гана бактылуубуз! Бирок сен баягыдай элесиң? Кандай жансың? Түшүнбөйм... ТАҢ КАЛГАН нерселер 100дөп саналып, алар канчалаган ыза, таарыныч, таң калуу, зарыгуулар менен коштолгон күндөр көп эле болду. Бирок мен балдарым үчүн өзүмү арнап койгон элем...
Али алдыда дагы сонун “кызыктар” бар экен. Сага берген жаштыгым, тазалыгым, үмүтүм, чыдамым, ишенимим, баарын-баарын тоңдуруп, тебелеп, булгап коёр күн да келди. Ал - сенин мени башкага алмашып, ак никебизди баалабай, өзүн жакшы алып жүрө албаган, жеңил ойлуу аял менен канчадан бери байланышып жүргөнүңдү мойнуңа алган күнүң болду. ТАҢ КАЛДЫМ... Кантип, кантип ушундай болсун?!
Үшүдүм, тоңдум, муздадым, жийиркендим, бүттү...!! ! ЗАГС га барып ажырашууга арыз жаздым. 7 айдан кийин ажыраштык. Ошондон бери 6 баламды эч кимге док урунбай, сүйүп, бөпөлөп, ардактап багып келем. Алардын да сендей кайдыгер болуп калыптанышын каалабайт элем...
Элдин баары “эмнеге” деп эле сурай беришет.
- Күйөөң сабачу беле?- дешет.
- Жок.
- Ичкилик ичеби?
- Жок.
- Эмне, норкаманбы?
- Жок.
- Анда эмнеге ажыраштың? Алты бала
менен болгондо да? Же ырысыңды көтөрө албаган аялсыңбы? Үлпүлдөгөн эркесиң го ээ?- дешет. Ар кандай божомолдор, тамашалар, кызыгуулар, таң калуулар... кыскасы баары айтылат.
Балким биз акыркы мезгилде үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн себеби ушулар гана деп ойлойбузбу? ... Билбейм. Мен сенин жаныңда жашап туруп жалгызсырадым, карап туруп куса болдум... Канча жашасам да (10жыл) сени тушүнө албай койдум, тааный албадым. Эң-эң бир жакын кишим десем, жаттай болдуң, болоор-болбос, колуңдан келген нерсеге да мени суусатып, зарлатып койдуң. Мен көптү күткөн жок элем го.
Бир жолу ичимден ушундай ыр кайрыктары ырдалып атканын байкабай да калыпмын:
Суусаган чөлдө гүл болдум,
Булуттан чыкпас күн болдум.
Уккандын моокун кандыраар,
Бирок, угулбас шыңгыр үн болдум... Кызык качан ыйлап баштагам?
Мен сени балдарыма такыр жамандабайм. Ажыраашуубуздун 000000,1 гана себептерин эскерип өттүм. Көрсө ага сөзсүз эле “арак” же “таяк” себеп болбойт экен да...
Кааларым: эркектер, күйөөлөр, аталар, бир аз сергегирээк, кыраакыраак болсо. Бул “эркек киши” үчүн, “үйдүн башчысы-кожоюну” үчүн, “күйөө” үчүн, “ата” үчүн абдан маанилүү нерсе.
Мага көптүн кереги жок болчу... -
Сезим жана Мезгил.
Жазылган күн: 30 Сен 2015
СЕЗИМ ЖАНА МЕЗГИЛ
Тизмектелген күндөрдүн дагы бири башталып, көр тирилик жанданды. Апам айтмакчы, бала кезимден Жараткандан тиешелүү ырыскымды алууга эрте турганга ашыгам. "Кейисең да кечинде, эртең менен күндү күлүп тос" деген жагымдуу маанай жараткан ыр саптары менен коштолгон музыка мени таң эрте алтыда ойготуп келгенине көп болду. Бүгүн да баягы эле сандар менен байланышкан жумушум менен алекмин. Жумуш… Кээде отуруп адамдардын (өзүм дагы) акчанын кулу болуп баратканына өкүнүп кетем. Кай жумушка кирбе, канчалык кесибиңди сүйбө, баары келип каржы маселесине такалат… Эсимде, бала кезимде котормочу болгум келген. Көп өтпөй доктур, мугалим... Ошентип, мектепти бүткөнчө көп кесипке токтолгом. Акыры минтип эч оюма келбеген эсепчи болуп отурам.
Мен иштеген ишкананын түптөлгөнүнө көп жыл болгон, жыйырма жылдай тарыхы бар. Эң негизгиси, жумуш ордубузда жагымдуу атмосфера. Ошол жагымдуу атмосфераны мен тымызын сүйгөн Мезгил түзөт. Өзү да, ысымы да керемет… Мезгил менен азыркы жумушума жаңы кирерде кокусунан таанышкам. Жарнамадан алган дарек боюнча ишкананын кичи райондордо жайгашкан бөлүмүнө жөнөдүм. Маршруткадан түшүп, даректи таба албай кайсалактап туруп калдым. “Жаздын күнү жаш баладай” демекчи, эми эле чаңкайып турган күндүн бетин булут каптап, чагылган чартылдап, жамгыр төгүп кирди. Элеңдеп чоочун райондо жүргөнүмдү билгизе бир тогуз кабат үйдүн дубалына жаандан калкалана берип, экөөбүз сүзүшө кеттик.
– Ой, абайлаңыз.
Мезгил мени карап жылмайып, тайгалана береримде колумдан тарта дубал жакка ыктай берди.
– Рахмат.
Өзүмдү оолак кармай, не дээримди билбей туруп калдым. Сумкамды ийиниме аса, суу болгон көкүлүмдү оңдоп, негедир денемди бир жылуулук аралап, толкундана түштүм. Маңдайымда жыйырма беш-отуз чамасындагы, шыңга бойлуу, олбурлуу келген мырзанын дубалдын кичине жаан тийбеген бөлүгүнө калкаланып турганы саамга күлкүлүү көрүнүп кетти. Ууртумдан жылмайып, арыраакта жазылып турган мен издеген даректи көрөрүм менен “макул анда, мен барайын” деген тейде чуркап кеттим. Жолдун аркы өйүзүнө ары-бери агылган унаалардан өтө албай, кийимдерим бүт суу болду. Чуркаганга энтигип калдым. Кеңсенин каалгасын тартсам, бек. Жиним келди. Жанатан бери издеп жүрүп араң тапсам, эми минтип жабык.
– Ким керек сизге?
Колуна ачкычтарын кармай жанагы мырза келип калды.
– Чуркабай токтой турсаң, чогуу келмек экенбиз. Барар жерибиз бир жер турбайбы. Кечээ иш боюнча келмекчи болгон Алия го дейм...
Эшикти ача бермекчи болуп мага суроолуу карады.
– Ооба, бош орун бар дегениңиздерден улам келгем. Кеңсеңерди таба албай, минтип жаанга да калдым.
– Ичкери кир, менин атым – Мезгил. Бир аз күтө тур. Директор менеджер кызга тапшырып кеткен,- деп ичкери жакты көрсөттү.
Сыртынан жупуну көрүнгөнү менен, офистин ичи заманбап жасалгаланып, ар бир жумушчуга ыңгайлуудай сезилди. Бир азга тунжурап, ортодо тынчтык өкүм сүрдү. Мага сөз сүйлөбөсө да, негедир кыңылдап жайдары. Кофе даярдап, кабинеттин дал ортосунда турган стол жакка мени чакырды.
– Тартынбай аралаш. Бул мекемеге кош келипсиң! Менин иштерим бар эле, иштей берейин.
– Рахмат…
Ал иш столуна үңүлө тиктеп, калем сабы менен бир нерселерди блокнотко жазууда. Ичимден Мезгил деген ысымды миң ирет кайталап жаттым. Айтор, мен жүрөгүмдүн түпкүрүнөн чыккан башкача бир жылуу сезимге сыйбай бараттым. Мезгилди караган боюнча катып калганмынбы, анын өктөм үнү мени катуу селт эттирди.
– Алия, кофени ысык ичсеңчи, жазгы суук жандан өтөт болуп, эртең ооруп калба!
Колундагы калем сабын ары-бери ойноктото, жаагын таяна терезени телмире тиктеп, кайра мени жалт карады. Көздөр көзгө бир саамга чагылыша түштү. Бирок ал сыр алдырбай өз ишине киришти. А мен ошол күндөн тарта Мезгилди тымызын жактырып келем. Жок, жаңылышам, сүйүп келем...
****
Таң эрте жумушка “кыздар, кыздар, кызгалдактар” деп обон созо жадырап Мезгил кирип келери менен биздин кыздарда жандануу башталат. Мындай көрүнүштү мен жумушка жаңы орношкон күнү эле байкадым. Кайсы эле кыз Мезгилдей болгон азаматка ашык болбосун? Анын үстүнө мен келгенден аз өтпөй директор болуп калды. Негизи, шайыр эле жан элем, акыркы күндөрү көп сүйлөбөй, түнт болуп бараткансыйм. Курбуларым менен деле байланышым үзүлүп баратат. Интернет деген курбу таап алгандаймын. Ушинтип таң эрте элден биринчи келем да, иш башталгыча ой басып отура берем. Буга сүйүү себеп болуп жатпайбы. Мезгилдин карааны көрүнөрү менен кадимкидей денем жылуулукка оронуп, көздөрүм күлмүңдөй түшөт. Ал болсо эч нерсени байкамаксан, билмексен. Иш аралыгында чогуу кофе же чай ичип, жанында баар алышканыма эле топук кылып келем. Бүгүн да жумушка келерим менен кофе ичип, интернетке кирдим.
– Оо, Алия, неге мынча эрте келдиң? Мезгил кабинетке кирип, таң калганын жашырган жок.
– Саламатсызбы! Мен дайыма эле эрте келем. Адатым десем жаңылышпайм.
Эрте келгениме эрдемсине жооп кайтардым. Портфелин менин столума коюп, азыркы жайдары жүзү сумсайыңкы тарта мага тигилди.
– Мага кайдан билинсин, эрте келгениң, өзүм баарыңардан кеч келип жатсам. Болду, жакшылап иштеш керек. Болгону ушул уйкучулугумдан арыла албай келем. Тээ түн бир оокумга чейин жүрө берем да, эртең менен уйку таттуу болуп, ширини артып кетет. Бүгүн айылдан апам келип, таттуу уйкумду апамдын таттуу кептери жеңип, эрте тургузду. Анын үстүнө менин уктаганымды көрсө, апам кайгырабы дедим, “дагы деле баламдын уйкучулугу кала элек экен” деп. Апам ушунчалык баарын жүрөгүнө жакын кабыл алган киши... Эртең апам кетсе, кайра эле баягы көрүнүш го...
– Анда сизди ойготуп турушум керек экен...
Тамаша-чыны аралаш айткан кебимди аягына чыкпай токтоп калдым. Сырттан топурап кирип келген кызматкерлерди көргөн Мезгил ордунан тура иш бөлмөсүнө кирип кетти. Кызматкерлердин жүзүнөн “Күн каяктан чыгат?” дегендей таң калуу айтышпаса да байкалып турду. Ар ким өз иши менен алек болуп, иш күнү кызуу абалда. Кулагыма наушникти салып алып музыка ыргагында иштеп отургам. Жаныма Кымбат эже басып келди.
– Алия, директорго кирип чыкчы, сени чакырып жатат,- деп колума отчётту карматты.
– Сени чакырганын уккан жоксуңбу? Кулагыңдагы наушникти алсаң боло...- дегенинен эжеден уяла ордумдан турдум. Мезгилдин суранычы менен анын кабинетине кирип, кайра ыйлап жибере турган абалда чыкканымды көргөн кызматкерлер чочуп кетишти...
Бирок бирөө бирдеме десе эле жарылайын деп турган каректеримдеги мөлтүрөгөн жаштарды байкашса да, эч кимиси мага даап не болгонун сурай алышпады. Кымбат эже гана ордунан тура калып алдымды тосо чыкты. Сыягы, "отчёттун дагы эмнеси туура болбой калды..." деген кабатырлануу менен менин чыгышымды күтүп тургандай.
– Баары жакшы, эже, отчёттон кам санабаңыз...
Тилим күрмөөгө келбей, айтканым ушул эки сөз болду. Кулагыма Мезгилдин “үйлөнүү тоюмду өткөргөнгө жардам керек, эгер оорчулук жаратпаса, апама кол кабыш кылып, жардам берсең жакшы болор эле” деген кептери жаңырып, жан дүйнөм сыздап турду. Аба жетпей, теңселе басып ордума араң жеттим. Заманам тарып турду. Демек, Мезгилдин сүйгөнү бар. Анын сүйүктүүсү болууга мен татыксызмынбы? Мен бактымдан кечиктимби? Ак сүйүүм жоопсуз калабы? Деги койчу, түркүн суроолор мени ар тараптан кыстап баратты. Өзүмө өзүм батпай, кагаздарды бир орундан экинчи орунга алмаштырып, столумдун үстүн шыпылдата жыйнап кирдим. Бул абалым менен бүгүн иштей албасымды түшүнүп, сумкамды кармай эч кимге эч нерсе айтпастан кеңседен кетүүгө ашыктым.
Жолго чыгып, биринчи эле келе жаткан маршруткага отурдум. Эң артына өтүп, ыңгайлуу жайгашып, кайда барарым белгисиз кете бердим. Жол боюнан ээрчишкен жаштарды көргөн сайын көзүмөн жаш агып, мурдумду шуу тарта, жашоомо нааразы болгонум күчөп баратты.
– Чоң кыз, сага телефон чалып жатышат...
Жанымда отурган бейтааныш жигит үн катты. Маршруткада эч ким жоктой сезилген, көрсө, катарымда бир жүргүнчү бар экен. Жанатан терезени тиктей жүзүмдү ыйга чайып келгенимди байкаган эмес окшойт.
– Сага эмне болду?
– Мен аны жоготтум...
Мас кишиче жигитке кыска гана жооп бердим.
– Кызык... Кимди жоготтуң?
Жооп ордуна жактырбаган көз караш менен жекире бир карадым окшойт, “койдум, койдум” дегендей үн катпай, берген суроосу жоопсуз калды.
– Алло!
– Алло, Алия, кайда кетип калдың?
Бул мени издөө салган Мезгил болчу.
– Мен... иштер менен чыктым эле...
– Айтып кетсең жакшы болмок. Жардам бергенге макулмун дегениңден апам менен жолуктурсамбы дегем. Баары шашылыш болгону жатат. Апам эртең айылга кетет. Сага тойго керектүү нерселерди тизмектеп таштап кетсе, базардан алып коёр белең?
Саамга тунжурай түштүм.
– Алия, эмне унчукпайсың? Бир керекке жарап, колдон келген жардамыңды берип кой эми. Сени деле нааразы кылбайм...
– Ооба, ооба...
"Жок" деп айтууга дитим барбады. Бая өзүнө чакырганда атасы жок экенин, апасы шаардын четиндеги айылда турарын жана жалгыз эжекеси жаңы төрөгөнүн, ал эми үйлөнүү той жакынкы бир жуманын ичинде болууга тийиш экенин айткан. Мындай чечимди ал бир нече мүнөт мурун гана чечкенин да кошумчалаган болчу.
– Анда, Алия, бир сааттын ичинде биздин үйгө келе аласыңбы?
– Үйүңүзгөбү?
– Ооба, апама айткам, сени тойго камылга көргөнгө жардам берет деп. Анын үстүнө апам менен болочок келинин тааныштырайын дегем. Сен да таанышасың. Кафеге баралы десем, апам болбойт, үйдө эле болом деп.
Кулагым чурулдап, трубканы басып салдым. Кайра коңгуроо келди.
– Неге коюп койдуң? Биздин даректи смс менен жиберем. Бат эле табасың, “Бета-Сторестин” жанындагы көп кабаттуу үйлөрдө.
Мезгил "айтчумду айттым" дегендей байланышты үзүп койду. Маршрутка акыркы аялдамасына келип калыптыр. Кайра шаардын тиги башынан шаардын чок ортосуна кетүүчү унаага түштүм. Жол бою “жардам берем дедимби, эми аягына чыгарышым керек. Ал мага ушунчалык ишенип жатса, а менин андан качканым туура эмес да. Же жумуштан чыгып, куйругумду биротоло үзүп кетсемби? "Жок, Алия, сен андай кадамга бара албайсың. Анткени сен аны сүйөсүң. Аны ойлоп уйкусуз атырган таңдарыңды унуттуңбу? Керек болсо ал үчүн гана жүрөгүң согуп калганын кантип танасың? Бар, сүйүүңдү билдир да, ары же бери бол" деп бир туюмум шыбыраса, экинчи туюмум "баары өтөт, убакыт баарын дарылайт. Сен өз теңиңди табасың, сөзсүз түрдө бактылуу болосуң" деп өз ойлорум менен өзүм алышып келдим.
Мезгил айтмакчы, жазылган дарек менен үйүн бат эле таптым. Көрсөтүлгөн батирдин коңгуроосун басып көпкө туруп калдым. Бир топто барып эшик ачылып, 60-65 курактардагы Мезгилдин апасы көрүндү. Эшик ачылары менен жаңы бышып жаткан боорсоктун жыты мурдумду өрдөп кетти. Таң эртеден бери бир кофеден башка наар албай ашказаным кулдурай түшкөнүн эми баамдадым. Апа мени башымдан ылдый сыдыра карап, жүзүнөн кубанып турганы билинип турду.
– Кел, келе гой... Мезгил сени келет дегенинен “чый-пый” кыла калайын деп...
Колумдан кармай, чоп эткизе чекемен сүйдү. Бах, чиркин! Ушундай бир жакшы көрүү менен, мээрим менен өпкөнүн сездим.
– Мен Мезгилдин...
"Мен Мезгилдин коллегасы болом" деп таанышкыча кайран киши күйпөлөктөй ашканага жүгүрдү. Күрмөмдү илип, апанын артынан кирдим.
– Бойдок деген бойдок экен. Бул Мезгилдин үйдөн тамак жебей калганына көп болгон окшойт... Ашказанын да оорутуп алыптыр.
"Эне байкуш баласына түйшөлүп жүрүп өтөт го" деген ой келди. Апам деле менин ар бир ишиме кайгырсам кайгырып, кубансам кубанып келет.
– Кай жердин кызы болосуң, айланайын? "Жылдыздуудан түңүлбө" дегендей, маңдайың жарык экен, кызым. Ушул Мезгилим бир өзгөчө жан да. Минтип экөөбүздү өздөрү аялдарча таанышсын дегени го, сени жалгыз жиберип. Бир аз мурун телефондон сүйлөшкөндө неге айтпадыэкен, кагылайыным.
Аңгыча эшик ачылып, колуна гүл көтөргөн Мезгил, ага удаа бою узун, кудум модель кыздардай болгон татына кыз кирди. Модель кыздардай дейм да. Кудум эле модель кыз Асел экен...
Комментарийлер
kyrgyzjigiti91 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?