Сынакка катышуу үчүн сиз жакын адамыңыздын: апаңыздын, сүйүктүүңүздүн, кызыңыздын, эжеңиздин, чоң энеңиздин, айтор, жашооңуздагы сиз жактырган, баалаган аялзатынын кызыктуу сүрөтүн салып, ага кошо кыска, таасирдүү баяндоо жазып жөнөтүшүңүз керек.
Келген сүрөттөр SUPER.KG порталына добуш берүүгө 18-февралда коюлуп, 4-мартта аяктайт. Андан соң иргелип алынган сүрөт-баяндар редакциянын сынына коюлат. Жеңишке жетишкендерди өзгөчө белектер күтөт, андыктан чамдаңыз!
Сүрөт-баяндоону lira@super.kg жана admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтсөңүз жана гезиттин кеңсесине алып келсеңиз болот.
Катышуучулардын эсине! Сүрөттөр мыкты сапатта жана өтө кызыктуу болушу керек! Байланыш телефону: (0312) 32-33-22
Эскертүү! Сынакка катышкандардын алыс-жакында жашагандыгына байланыштуу добуш берүү 4-мартта эмес, 2-мартта токтотулат.
Андыктан добуш берүүгө шашылыңыздар!
![Сүрөт](http://files.super.kg/upload/img/100077_1.jpg)