Турат
Автор: Таирбек Ерматов
Жападан жалгыз озун багып чонойткон чон апасы каза болуп, Турат эми озу жалгыз калды... Тураттын ата-энеси беш жашында жол кырсыгынан каза болуп калышкан...ошентип чон-атасы менен чон энесинин колуна барды, бирок аз отпой чон атасы да коз жумуп оо дуйно кете берди...чон энеси менен калган Турат жетимдиктин азабын тартпаса да, ата-эне мээримине зар болуп осту...жалгыз туткан чон энеси да Турат 20 жашка чыкканда минтип каза болуп калды...чон энесин жерге берип, аз отпой Турат анча-мынча уй оокатын алып шаарга баса берди...озу кичинесинен ишке бышкан бала шаарда коп деле кыйналбады,
башында ар кайсы жумушту жасап журуп, кийин бир отоло курулуш тармагын тандап кетти...тапканы жакшы, эмгеги адал...ал арада он жыл отуп кетип, Турат отузга чыгып калган, дале бойдок...бирок тирилиги абдан тын, зангыратып уй салып, машиненин жакшысынан минип эми уйлонсом да болот деп турган кези...кыштын суук бир кунундо жумушунан чыгып машинеси менен кетип баратып бир аялдамада жука кийинген торт кичинекей балдары менен турган келинге козу тушуот...мындай суукта кечке маал не кылып турушат, не болсо да уйлоруно жеткирип коеюн деп машинесин токтотот...сылык саламдашып чон кыз келиниз ушуп калыпсыздар,
кайда жашайсыздар жеткирип коеюн дегенде келин ыйлап жиберет...мындайды кутпогон Турат не кылаарын билбей шаша тушот, анан эсине келип келиниздер машинеге отуруп бир аз жылыныздар,
анан жай айтып бересиз не болгонун деп, баарын машинеге отургузуп, уйун коздой айдап жонойт...жолдо келатып бири да унчукпай, ун-созсуз келишет.уйго жетип баарын конок болмого киргизип, озу ашканага кирип чай коюп, тамак асат....ал куну келинге суроо берип кыйнабады, ансыз да уялып аран отурган бечаараны кыйнагысы келбеди, бир гана атын сурап алды, аты Айдай экен...а балдар жылынып курсактары тойгондон кийин чуру чуу тушуп оюнга отушту.ошентип ал куну тун бир оокумга чейин отуруп анан жатышты.
Эртеси курсагым ачты деген жаш баланын унунон Турат ойгонуп кетти, караса айлана эчак эле жапжарык...шарт туруп кийимин кийип кечээки конокторунун алдына чыкты, чыкса качан эле баары туруп жалдырап отурушуптур.
..ой мен уктап калган турбаймынбы,
бугун дем алыш деп жата берген окшойм, азыр мен жуунуп алып, тамак жасап берем ага чейин силер нан менен колбаса май жеп тургула, жургуло дегенде Айдай байке сизди убара кылгым келбей турат, биз эми баралы деп калды...кайда барасынар, бара турган жеринер барбы? десе чон баласы биздин бара турган жерибиз жок дей салды...Айдай уялып эки бети кызарып эмне дешти билбей калды...Турат дароо азыр курсакты тойгузалы анан мага бир чекеден айтып бересин баарын, кийин коробуз не кылышты деди.Айдай макул дегенсип башын ийкеп коюп анда тамакты мен жасайын, уруксат берин деп калды, Турат макул ашканада баары бар, мен азыр нан алып келейин анда деп сыртка жоноду...ошентип курсактарды тойгузуп, балдарды наркы болмого киргизип Айдай Тураттын алдына келип бир оор улутунуп алып, созун баштады...мен озум жетим болуп чонойдум, ата-энем жаш кезимде каза болуп калышып, таекемдин колунда чонойдум, таекем жакшы адам болгону менен таеженем коп кордук корсотту, кара басып мен 16.га чыкканда таекем да каза болуп калып, мени таеженем бир чон эле кишиге турмушка узатып ийди...тагдырым ушул экен деп жашап калдым аргасыз.башында жакшы болгону менен, кийин куйоом коп иче баштады, ичкен сайын мени ур тепкиге алат, же арызымды айтар, мага болушар киши жок, чыдап журуп торт перзенттуу болдук, чону жети жашта Эркин, кийинкиси да уул беш жашта аты Эрмек, андан кийин кыз уч жашта аты Асема кичуусу бир жарым жашта уул аты Эдил.андан сырткары торт айлык боюмда бар, ушунума карабай жолдошум жообумду жазып, колума бир аз акча берип, балдарыма кошо уйдон айдап жиберип озу жапжаш кызга уйлонуп алды...аргасыз баодарымды алып шаарга баса бердим, келип бир батирге бир ай жашап акчам жоктугунан кууп чыккан кечээ деп созун бутурду...Турат угуп буткончо кыйналып кетти журогу кысылып...анан ордунан туруп чечкиндуу суйлоду...
Менин созумду ук Айдай, бараар жерин жок экен, кыштын куну балдарды кыйнап коесун, мындан ары ушул уйдо каалаганынарча жашай бересинер, уй кудайга шугур чон, ансыз да мен жалгыз жашайм кайра мага жакшы болот деди...Айдай ичинен суйунгону менен бир чети тан калып турду, бирок каршылык корсотподу,
себеби чындап бараар жери жок тентип журуп балдарына суук тийгизип алуудан коркту...макул байке сиз айткандай болсун, мен сиздей адамдан ыраазымын, бир кун барып биздин да сизге пайдабыз тийер, болбосо кудайдан кайтаар жакшылык деп кайра-кайра рахматын айтып жатты...мына ошентип чогуу жашап калышты...Турат кичинекей балдар менен аябай ынакташып кетти, алар менен чарчаганча ойнойи жумуштан келип, уйу да дайым таптаза, жумуштан келсе тамагы даяр, Айдай экоосу чечилип суйлошпосо деле мамилелери жылуу, сылык саламдашып жумушка кеткенде сылык коштошуп турушат...арадан эки ай отуп Айдайдын курсагы чоноюп калган, ал ушунчалык башка сулуу боло баштады, Турат тымызын Айдайдын сулуулугуна суктанып, уурданып караганды адат кылып алган...анысын Айдай сезип калабы деп кээде уялып кетет...чындап эле келгенде жудоо келин Айдай азыр башкача, коздорундо да кандайдыр бир адамды азгырчу учкун бар...Турат мурда уйуно шашпай келсе, азыр жумушунан чыгып эле балдарга таттуу-паттуу алып уйго шашат...эки айда буларга ушунча байланып калганын озу да сезбей калды...бир кун эн жакын досунукуна жоноду Турат, барып ичтеги тушунуксуз туйгуларын айтып женилдегиси келди...досу жылуу тосуп алды, барганда эле оо Тукем кел, торго от деп аяшы тамагын асып бапырашып копко отурушту...анан аяш жумуштары менен базарга кеткенде Турат соз баштады...дос уйумдогу акыркы окуялардан кабардарсын да туурабы? Ошо кудайга шугур жашап жатабыз, мен аларга ушунчалык конуп алдым, эми аларды кетип калат деп коркчу болдум, анан Айдай дагы ушунчалык жакшы аял, менин коонумдогудой,
оюмду айттырбай билчудой , озу ото тыкан, тазалыгы да укмуш...мен аны жактырып калгандаймын,
себеби оюмдун баары ошодо...
Уурданып карай берем, бирок коздорубуз чагылышып калса денем калтырап кетет...озумчо уяла берем андан, аябай чечилишип суйлошкум келет бирок даай албайм...досум Айдайды суйуп калдым окшойт, мен ага уйлонууну каалайм, ошого сенден кеп кенеш сурайын деп келдин, эмне дейсин? Досу бир аз ойлонуп уйлоном дегенин жакшы дос, бирок балдарына кандай ата боло аласын? Аларды кийин кордоп койбойсунбу маселе ушунда, эгер озуно толук ишенип аларга ата болуп бере алам десен токтобо, мен ыраазымын деди...дос ал балдар ото акылдуу балдар, мени аябай жакшы коруп калышты, мен да аларга коно туштум, бирок Айдай эмне дейт? Ал конбой койсочу? Анда не болот, эх досум ушул ойлордон кыйналып кеттим, Айдайга кантип айтам , туура эмес тушунуп алсачы? Аргасыздыгымдан пайдаланып жатат деп ойлоп калсачы? Ээ токтот-токтот дос, бул суроолорундан сенин эмес менин башым ооруп чыкты, деп досу кулуп жиберди. Же аяшына айтайынбы Айдай менен суйолошуп корсун я? Эмне дейсин...Турат кой дос, озум эле суйлошсом туура болот деп дасторконго бата кылып эми мен барайын дос деп туруп уйго жоноду...ал куну такыр уктай албады, кантип Айдайга мунун баарын айтам деген ой эзип чыкты туну бою...эртеси эртерээк туруп жуунуп таранып калгандар турганча эттет туурап куурдак жасап коюп анан баарын тургузду...тамактанып отуруп Турат Айдай деп соз баштап алып Айдай козуно караганда айтаар созун унутуп, эмне деерин билбей туруп кыйлада барып озун колго алып, бугун мага дем алыш базарга барып кийим кече алалы балдарга, сага озумо да дей салды. Айдай жерди карап байке сиз ансыз деле бизге коп жакшылык жасадыныз, эми кийим да алып берсениз кандай болоор экен, байке мен жумушка кирейин дедим эле, андан коро мага жумуш таап берсениз жакшы болмок деди...жумуш?
Айдай ушул кантип болсун, сен озун кош бойлуу болсон, мен каршымын, уйдо эле олтурчу суранам мен озум иштеп багам эч нерседен кыжалат болбо, мен силерге аябай конуп алдым, силерди эч нерседен кем кылбайм, мага турмушка чыкчы деп айтып алып чоочуп кетти...Айдай башын которуп таныркап карап бир аз туруп анан козунон жашы куюлуп ордунан туруп эле оз болмосуно кире качты...Турат ынгайын таппай, кокус эле айтып алганына озуно-озу ачуусу келип кетти. Эмне кылаарын билбей копко олтурду...анан болоор иш болду эми акырына чейин чыдайын деп аста барып Айдайдын эшигин тартса ичинен бек экен.ошол жерде эшике суйконуп бир далай ун созсуз, Айдайдын ыйлап жатканын сезип отурду...
Бир убакта эшике жолонгон Турат Айдай деди, мени кечирип койчу, сени капа кыйлайын деген оюмда жок болчу, мен коптон бери ойлоп жургонумду балп этип айтып салдым, кечирип койчу, мен чын журогумдон сени суйуп калдым, балдарына да ушунча конуп буттум аларсыз жашоону элестетким келбейт...мен сени мага турмушка чык деп айтканым куру соз эмес, мен бул жонундо коп ойлонуп анан ушул чечимге келдим, туура сен азыр эркектен конулун калган, баарын жек корушун мумкун, бирок ишен эркектин баары бирдей эмес...эгер макул десен мен сага баш кошууга, сени менен туболук бир болууга даярмын, бирок сен каршы болсон мен сага агандай мамиле кылам, соз берем, сени балдарынды ара жолдо таштабайм, сен бутуна турганча жарам берем деди...арада бир убака чейин тынчтык окум суруп анан Айдай эшикти ачып кириниз, жай суйлошолу деп озу барып керебетине олтурду...Турат да барып жанына отуруп кайра созун улады, сен менин создорумо ишен, анан ойлонуп коруп эртен мага жообун айт, дагы кайталайм каршы болсон да силерди таштабайм, журогунду тыншап, акылын менен кенешип кор, бирок бугун жана айтканымдай базарга барып кийим кылалы, жок дебе суранам анда мен машинени от алдырып кызытып турайын, сен балдарды кийинтип чык деп шарт чыгып кетти...ал куну куп базар кыдырып кийим алышты, базарды бутуруп бир кафеге кирип тамактанышты,
Айдайдын конулу которунку, айрыкча балдардын кубанычтары койнуна батпайт, кечке маал уйго топурашып келишип, кийимдерин кайрадан кийип корушуп ар бири озунчо бактылуу...Турат досу кечкиге чакырганын эстеп Айдайга тундо келем, кабатыр болбой жата бергиле деп чыгып кетти...досуна барып баарын токпой чачпай айтып, бир чети Айдайга баарын айтканына кубанып, бир чети кандай жооп берет деп кыжалат болуп отурду...конбосо кондуробуз деп досу менен аяшы кулуп тийишип оздорунчо алар да кыжалат...тун бир убак анан коштошуп Турат уйуно жоноду, келип акырын эшикти ачып, Айдайдын болмосун бир тиктеп алып оз болмосуно кирди, кирип эле светти куйгузуп керебеттин устундо жаткан кагазга козу урунду, бир нерсени сезгендей журогу шуу этип алды...кагазды алып кечке отуруп аран ачса ичинде эки эле соз жазылып туруптур, "мен макулмун"
деген, кайра-кайра окуп кагазды ооп-ооп жиберди, журогу элеп-желеп, озунчо денесин майда калтырак басып бир кызыктай болуп жатты, чамасы катуу кубангандыкы болсо керек...анан туруп Айлайдын болмосуно баргысы келип басайын десе буту шилтенбейт,
ой да суйуу ээй деп сезимдин улуулугуна тан калып кайра отурду, озуно келгенче копко отурду, анан эми бир отоло эртен суйлошом деп жата кетти, же бир уйкусу келсечи, ар кандай ойлордун курчоосунда бирде жылмайып, бирде кайра кыжалат боло туштот, тан атканча айнып кетсе не болот, деп кайра Айдай андай чечкинсиз эки суйлогон адам эмес деп озун алаксытып коет...ошентип жатып тан да атты, бир маал Айдайдын эшиги ачылганын угуп журогу жарылып кете жаздады...
Турат эч качан мындай абалда болуп коргон эмес, озунчо болмосунон чыкканга уялып копко жатты, туруп жоноп кайра жата кетет, озуно-озу кулкусу келет, болду эми чык деп озун кыстап атып аран бир маал чыгат, чыгып эле ваннага кирип жуунуп таранып, аарчынып алып ашканага баш багат, Айдайдын тамак жылытып жатканын коруп акырын кирип ордуна отурат, кундо эрте турган балдар да бугун уктап жатышат, эмне деп соз баштаарын билбей ойго батып отурганда Айдай жумушка барасызбы деп оюн бузуп жиберди. Ооба барам, Айдай катынды кечээ окудум, рахмат сага бирок аябай сурдоп жатам, мен жумушка бара берейин, кечке озумо келип калсам кечинде баарын жай суйлошобуз деп туруп сыртка чыга жоногондо Айдай байке куртканызды,
шапканызды кийбейсизби,
домашний тапочкачан барасызбы жумушка дегенде уялганынан баарын унутуп калганын билип, кулуп шарт кийинип чыгып кетти. Машинесинде баратып тообо, махабат дегени ушунчалык улуубу, мен акылымдан адышып бараткансыйм деген ойлорго чомулду...жарытып жумуш деле кылбай кеч кирди, ою онго болунуп, кечинде кандай создорду суйлосом туура болот деп, же бир ылайыктуу соз табалбай озун-озу жек коруп кетип жатты. Акыры башы каткан бойдон бир кучак толо роза алып, эмне дешти ошол убакта коро жатармын деп уйуно жоноду., келип дарбазаны ачып кирип, машинени коюп, акырын уйго кирди, алдынан чурулдап балдар тосуп чыгышты, аларга ала келгенин берип, Айдайга гулдорду карматты ун созсуз, же Айдайдан бир соз чыкпайт, ал да катуу сурдоп жатканы байкалып турду. Колун жууп ашканага кирсе Айдай аябай дасторкон жасаптыр, ордуна отуруп балдар менен ар нерсени суйлоп тамактанышты.
, курсагы тойгон балдар бирден чыгып атып акырында Айдай колундагы кичинекейи Эдил учоосу калды...чарчабадынызбы деген Айдайдын суроосу Тураттын журогун жибитип жибергендей болду, ага кандайдыр куч келгенсип соз баштады, Айдай эми ачык суйлошолу, сен да макулдугунду бердин, эрте кунду кеч кылбай анда эртен досторумду аяштарымды чакырып, молдо алып келип нике кыйдырып алалы, негизи мага ишенсен болду, мен силерди бактылуу кылам деди...Айдай унчукпай угуп туруп макул сиз айткандай болот баарысы, анда мен Эдилди уктатып, камыр жасап, эртенкинин камын коройун сиз эс алыныз деп жоногондо Турат Эдилди мага берчи кичине ойнотуп анан уктатам а сен тирлигинди кыла бер деп Эдилди алып балдардын алдына чыгып кетти...Турат балдар менен ойноп атып мен буларды оз балдарымдай чонойтоп, эч качан зулумдук кылбайм, ак эмгегим менен багам о кудай мага жардам бер деп озуно-озу кудайдын алдында соз берип жатты... мына ошентип эртеси коноктор келип, нике кыйылып чогуу жашап калышты...чогуу жашагандарына беш ай болгондо Айдай дагы кыз тороп атын Айгерим коюшту...
Турат айтканындай жакшы ата болду, баарынын конулун алып турат, бир уй-було болуп жашай баштагандан кийин Айдайдын сунушу менен балдар баары Туратты ата деп алышты, артынан калбай аталап ээрчип журушот. Эх ушундан откон бакыт барбы деп кудайга шугур келтирип омур ото берди...Айдайы чын эле мыкты аял, Тураттын кареги менен тен айланат, экоо бирин-бири катуу суйушот, кадырлашат,
сыйлашат ушундай эн зор инсанга туш болгонуна Айдай чексиз кудайга ыраазы...ошентип кундор отуп, мезгил учун, жылдар тайып арадан 20 жыл отту, бул арада Айдай Тураттан дагы бир кыз тороп, атын Асел деп Турат озу койгон, уйдун эркеси баары анын козун карашат...улуу баласы Эркин 27.де мектептин кийин жогорку окууга тапшырып, аны ийгиликткуу аяктап азыр иштеп жургон чагы, озу абадан жакшы бала болуп жетилген, атасын аябай сыйлайт оз атасы эмес экенин билсе да оз атасынан да жакшы корот. Уйлоп коелу десе ата бир аз иштейин анан уйлоном деп такыр болбойт. Андан кийинки уулу Эрмек 25.те, тартиби жогураак болуп осту, шок балдарга кошулуп кочодон бери болбойт, окуусун да таштап салган. Кийинки кызы Асема 23.то, эки жыл мурун турмушка чыгып, Турат менен Айдайды бир неберелуу кылганга жетишкен, озу акыл эстуу кыз, тушкон жери да жакшы адамдар. Андан кийин Эдил 21.де студент, абдан ата-энесине бир туугандарына куйумдуу эстуу жигит, дайым ата апа окууну бутуп алайын озум иштеп багам сиздерди, эч нерседен кем кылбайм деп айта берет. Кийинки кызы Айгерим 17 жашта, мектепти быйыл бутуруп окууга тапшырам деп турган чагы, Айгерим да акылдуу кыз, уй жумуштарын баарын жасайт, апасы жардам берейин десе да болбой апа,сиздин кызматыныз бутту эми биздин кызматты гана атам экоонуздор коросуздор деп апасына жумуш жасатпайт...
анан эн кичуусу эркетай Асел он жашта, мектепте эжелерин тартып жалан бешке окуйт баардык ага эделерин катуу жакшы коруп аларга эркелегенден тажабайт. Тураттын иши уйлонгондон кийин андан да жакшы журушуп уйунун алдына андан да чон уй,салып астын бассейн кылып балдар жыргап эле калышкан...шаардын четинен жер сатып алып короо салып бодо мал кобойтуп анысын адам жалдап бактырат, кыскасы турмушу бардар...ошондой бактылуу омур суруп жатканда бир куну аябай жагымсыз окуя болуп кетти...Турат иштерин бутуруп уйуно келсе уйундо ызы чуу болуп атыптыр...
Шашып эле дарбазадан кирсе баягы эси жок баласы Эрмек мас абалында бир демелерди айтып кыйкырып атыптыр, Акырын Айдайдан эмне болду десе мага машине алып бербейсиңер деп чуу чыгарып жатат деди. Турат уулум сен ичкениңди таштасаң сага сөзуз машине алып берем, ага чейин алып берсем бир кырсыка учурайсын десе Эрмек алып бербейсин ошондо да, себеби сен биздин атабыз эмессиң, өзүңдүн уулуң болгонумда эчак эле алып бермексиң сен ичи тар адамсың уктуңбу деп келип эле атасынын оозу мурдуна талаштырып салып-салып жиберди, мындайды күтпөгөн Турат кокустуктан артына кулап түштү, ары жакта баарын коркуп карап турган Асел атаа деп кыйкырып жиберди, Айдай да мындайды күтпөгөн барып эле баласын жаактан ары чаап-чаап жиберди, чапкандан өзүнө келе түштүбү Эрмек башын мыкчып бир аз отура калып анан туруп сыртка чуркап качып чыгып кетти. Айдай чуркап Тураттын алдына жетсе ал дагы эле жатат, отозу мурду канга чыланган, корркуп кетип скорый чакырып коюп Туратты акырын тургуза баштады, Жаным кечирип койчу акмакты карасаң эмне кылганын, кечирчи садагам деп тынбай жалбарып да жатты, скорый келгенде Турат үйдүн дубалына жөлөнүп отурган, барбайм дегенине карабай аны ооруканага алып кетишти, себеби кан басымы аябай түшүп кетиптир. Кетип жатып Айдайга кайра-кайра айтып жатыы мени жыгылды деп айт балдарга, тиги Аселди да айтып кой эч кимге не болгонун айтпасын, баарына жыгылдым деп айтам деп аттты. Алып барып палатага жаткыргандан кийин эле бир аз өтпөй Айдай жетип келди артынан, байкуш ыйлай берип көзү да шишип кеткен, баласынын кылыгына уялып жер жарылса кирип кетчүдөй болуп араң турат...жаным сизден бир өмүр кечирим сурасам да аздык кылат, кечириң суранам деп ыйлап жатты. Турат аны соорутуп сенде күнөө жок , бала деле жаштык кылып коет баары унутулап кетет, көп кейибе, турмушта мындан да оор нерселер болот, баарына чыдасак гана бактылуу боло алабыз деп айтып жатканы менен өзүнүн ичи да өрттөнүп баратты...ошентип Тураттын айтуусу боюнча жыгылдым деген сөздү карманым башка балдар билбеген боюнча калды. Турат өзү канчалык ал күндү эстебейин деген сайын кайра эсине келе берип жүдөп кетти. А Эрмек болсо үн сөзсүз үйгө келип кетпесе бир ооз күңк-мыңк этпейт. Акыры Турат кыйналып кетип Россияга кетип ошол жактан баарын унутуп кайткысы келди. Айдайдын кетпеңиз дегенине карабай, ошол жакта иштеп жүргөн бир досу менен сүйлөшүп ал досу тосуп алмай болуп акырын жөнөй баштады.
Ошентип билет сатып алып поэздге отуруп жөнөп калды, аны узатып Эрмектен башкасы баары келди, атасынын бул кылганына эч кимиси түшүнбөйт, ата барбай эле коюңчу деп канча жалдырады уул кыздары, мунун чын себебин Айдай менен кичинекей Асел гана билчү. Айдай дагы кетпе деп айтканы менен күйөөсүнүн абалын түшуну турду. Мейли деди өзү ичинде, балким чын эле ал жака барып баарын унутуп келээр деп өзүн сооротот. Позд жылып жөнөп уул кыздары аялы чуркаган боюнча артта кала берди. Жол катары оор ушкүрүп ой басып аябай кыйналды, озү байкабай көзүнөн жаш куюлуп жатканын сезбей жанындагы келин байке жакшы элесизби дегенинен чоочуп өзүн дароо колго алып, аа жөн эле көзүм ооруйт, кээде ушинтип жаш агат деп актанып жиберди. Жок байке ижүрөгүңүздө оор күйүт бардай, сыздаганыңыз билинип турат деп тиги келин кайра ыңгайсыз абалга такады. Жок карындашым менде эмне күйүт болсун, баары жакшы деп экинчи кабаттагы ордуна чыгып нары карап жатып алды. Төрт күн дегенде Москвасына жетип, аны баягы досу тосуп алды. Туура квартирасына алып барып, ал жерде бир күн жатып анан Москванын жет жеринде дачага кароолчулука досу жумуш таап койгон экен, ошо жумушуна кетти. Ал дачанын кожоюну банктын чоңу аябай бай адам экен, Туратты көрүп эле жактырып иштей бер деди. Тураттын иши ошол дачаны чаңытып тозутпай таза кармап, ошол жердеги кожоюндун чооң итин багуу, анан жумасына эки күнгө эс алууга келген кожоюнуна анын үй-бүлөсүнө кызмат кылат, баня жагып, шашлык жасап, айлыгы абдан жакшы. Андан сырт кошуналарынын жумуштарын жасап жеп ичкени не кенен акча таап турат. Жетип алганда эле бир жолу жетип алдым деп чалган боюнча ишке алаксып жүрө берди. Турат өзү чынчыл, бирөөгө катуу сүйлобөгөн жакшы адам болгондуктан ал барган жеринде барк таап кетет, ошондой эле Москвада да кадыры өсүп кожоюндан баштап колу кошуналдарына чейин сыйлап кадырлап калышты. Ал кожоюндун бүтпөгөн көп иштерин бекер эле акча албай бүтүрүп дачасын адан бетер жалтыратып ийген. Кожоюну дем алыш күндөрү Тураттын алдына шашат, аны менен көөпө сүйлөшүп отурганды жактырат, себеби Турат сүйлөгөнү да мыкты, анан бирөө сүйлөсө унчукпай угуп турат. Ошентип күндөр өтө берди, жаңы таанаштар, жаңы достор дегендей. Бирок дале жарасы айыга элек, күндө бүт балдарын сүрөттөрүнөн өөп алтындарым дагы бир аз убакыт бергиле атаңар жүрөгүн толук тазалап анан жаныңарга барып ошондон кийин эч качан айрылбайбыз деп жатаарда ушинтип жатат.
Турат кетип үй таптакыр башка боло түштү, үйдүн куту кетип, жалындаган оту өчүп калгандай элес келтирет. Мурдакыдай Чоң залга чогулуп алып тамаша айтышмай, тээ бир маалаг чейин каткырышып ар нерсени айтып отурмай жок, ар ким өзү менен озү. Айдай боблсо аябай кыйналып кетти, күндө эч кимге көрсөтпөй ыйлап алат, кантип жүрөт экен, курсагы токпу, ооруп калбады бекен деп санаасы танбайт, балдары күндө жанын койбойт атам качан келет деп, аны андан бетер кыйнашып. Эрмек да аябай өзгөрдү, ошондон кийин эле баягы достору менен жүрүшүн токтотуп намазга жыгылган, күндө апасынан кечирим сурап ал дагы атамды сагындым деп ыйлап алат, же атасыны таап барайын десе дарегин бирөөсү да билбейт, Турат дагы барганда бир жолу чалгандан бери бир да чала элек. кызыксыз күндөр биринин артынан бири өтүп жатты. Ошондой күндөрдүн биринде Асел улуу агасы Эркинге иштин кандай болгонун айтып салды, ага ишенбей Эркин чуркап апасынын бөлмөсүнө чыгып баарын айтып берин деп талап кылды. Ошондо апасы аргасыз айтып берди. Ачуусу көзүнө чыккан уулун көрүп Айдай коркуп кетти, Эрмеек деп бакырып алып чуркап жөнөгөн уулун ара ң кармап калды Айдай, уулум иниң мас болчу ал катасын мойнуна алган суранам катуу тийбе ага деп уулуна жалбарып жатты. Аппа кантип атама кол көтөрдү кантип ушундай дүйнөдөгү эң жакшы адамга кол көтөрдү кантип, атамдай жакшы адам барбы бул дүйнөдө, апа анын көзү көр болуп калбайбы, атамдын убалы кимге, неге мага ошондо эле айтадыңыз? мен атамды жибербей алып калат элем,ж ал жакта кандай күн көрүп жатат атаа деп ыйлап жатканда Эрмек келип агасын кучактап кошо ыйлап жатты, аке мени өлтүрүн мен күнөөлүүмүн баарына, башка чыдабайм, мен атамсыз жашай албайм аке атамды таап бериңчи атамды табалычяы деп өксүп жатты. Үчөө оо бир заманга чейин ыйлап отурушту анан бир чечимге келишти, атасын издеп тапмай болушту. Ошол күнү үйгө төркүлөп Асема да баласы менен келген болчу, ал да келип иштин чоо жайын билип ал да эчкирип ыйлап жатты, бир убакта Асел атасынын көйнөгүн шкафтан алып чыгып келип алардын катарына отуруп жыттап жыттап ыйлай баштады, Эркин акыры өзүн колуна алып баарын сооротуп атамды табам деп сөз берди.
Эркин эртеси тууру аяш атасынын үйүнө барды, барып амандашып алып ал жай сурашып анан келген чоо жайын айтып берди. Аяш ата мага атамдын точный дареги керек, сиз сурап бериңизчи биз сурасак сезип калат, баарыбыз сюрприз кылып баралы деп жатабыз деп түшүндүрөт,
аяш атасы бул ишке кубанып дароо эле ошол жерде чалып дарегин даана алып берди, менин дарегимди неге сурап жатасың десе ен жака барып Москваны тамаша кылып келейин дедим эде деп досун кубантып койду. Эркин атасынын дарегин тапканына сүйүнүп жумушуна да барбай үйгө шашылып келди, келип эле баарын жыйнап даректи көргөзүп эми мен барып атамды алып келем дегенде
баары ызы чуу боло түшүштү биз да барабыз деп, ары талашып, бери талашып акыры Асема баласынан башка баары барышмай болушту. Эркин менен Эрмек чыгып белет алып келишке кетишти, калгандары кийим кечелерди жыйнаштырып,
салыштырып жолдо жегенге анча мынча тамак даярдап башташты. көп өтпөй эртеңкиге билет алып жигиттер келип калышты. ошол күнү ар кайсыны кеп кылып таң атканча эч кимиси укташкан жок. Ошентип кайдасың Рооссия деп эртеси жолго чыгышты, Айдайдын жүрөгү өзүнчө элеп желеп, сүйүктүу жолдошун көрөм дегенде эки көзү төрт.
Турат аялын, уул кыздарын, небересин ушунчалык сагынганынан акыркы күндөрү чыдабай кетти, ошол күнү эрте менен туруп жуунуп таранып дүкөнгө барып телефонуна акча салдырып келип аялына чалды, чалса өчүк, андан кииийн ар бир уул кызына чалып чыкты баары өчүк, жада калса Асеманын да телефону өчүк. Аябай кыжалат болуп досуна чалды же досу телефонду ала койсочу, канача ирет чалганаын билбейт бирок бир да албай койду, ошондо чындап жүрөгү бир нерсени сезгенсин кыжалат боло баштады, дароо оюна жолго чыгыш керек деген ой келди, карап көрсө ишенби экен, кожоюну да бүгүн дачага үй-бүлөсү менен келет бугүн келишин ойлоп сүйүнүп кетти, келсе эле сүйлөшүп туруп кетмей болду. Ошентип баня жагып антип минткиче шефи да келип калды, аны менен аркы - беркини сүйлөшүп атып оюндагысын айтса шефи кетиргиси келбейгеденй болуп анан туура түшунуп макул болду. ЭЭх Турат ким эми мени менен шахмат ойнойт, ким чын көңүлдөн мени менен сүйлөшүп отурат деп ал өзүнчө кыжалат. Антип минтип кечки тамака эми отурушканда дарбазанын коңгуроосу басылып калды, ким болду экен деп Турат барып эшикти ачып караса үй-бүлөсу туруптур, өңүмбү түшүмбү деп селейип турганда Айдай жаным деп уул кызынан да тартынбай келип кучагына бой урду, ошондо гана Турат өзүнө келип ар бири менен кучакташып өбүшүп көрүшүп, акырында Эрмек экөө көпкө кучакташып ыйлап турушту, Эрмек кайра-кайра кечирим сурап жатты. Буларды көрүп кожоюну оозу ачылган бойдон труп калды. Кийин Турат баарын түшүндүп бергенден кийин аа деп күлүп калды.алар беркилерге кошулуп баары тамактанып бүткөн соң башка бөлмөгө барып чогуу бири бирине тойбой сүйлөшүп, мындан ары эч качан айрылбайбыз деп соз берип жатышты.
Аягы
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1