-Шер, Шефке чалдыңбы?
-Ооба ,ал жолго чыкты. Сен биз менен кетесиң. Бир эле машина менен жолго чыгабыз.
-Эми эмне болот?
Альберт чарасыз калгандай Шерге суроолуу карады.
-Казахстанга чыгабыз. Ошол жактагы үйдү даярдап жатышат. Менимче баарын ошол жактан пландайбыз го.
Асел такыр эч нерсени түшүнгөн жок. Деги бул жашоосуна, атасынын сырдуу дүйнөсүнө акылы жетпей койду. Эптеп ушул камалып олтурган бөлмөсүнөн чыгып алса болду, качып кетет. Кайда болсо. Эки колун ушалап ордунда тынч олтура албай бөлмөнү айланып ары бери басып жүргөн кызды шарактап ачылып жаткан эшик токтотту. Ачылган эшиктин оозунда Шер турду.
-Кеттик!
-Мен барбаймын эч кайда!
Кызга жакын келген Шер жашыл көздөрү менен кайра тартпай жалындуу тиктеп турган кызды көрүп аялын эстеди. Ошол каргашалуу кара түндү эстеди. Анда да Кундуз дал ушинтип көзүнө тикирейе карап "ишенсең ишен, болбос өзүң бил!" - дебеди беле? Ошондо өзүнүн алдында ийилбей,өзүн актабай койгонуна ызаланып чаап жиберген. Кундуздун мүнөзү кудум ушундай эле. Эч качан тебеленип төмөн түшчү эмес. "Мага ишен" - деп бут алдына жыгылып жалдыроосун күткөн эле. Ал антпеди. Өлүмү менен гана өзүнүн ак экенин далилдеп кете берди. Бирок Шердин ошондо да көксөөсү канбай,жаны денесинен учуп кеткен аялын болгон күчү менен сабап жатып калган. Качан гана аялынын сулуу жүзү таанылгыс абалага жетип канга боёлгондо токтоп,башын кучактап озоңдоп көпкө ыйлаган...
Заматта ушулар көз алдына тартылып Шер маңдайында Кундуздун көчүрмөсү болгон кызына чөнтөгүнөн курал алып чыгып такады. Аселдин көздөрүндө жек көрүү гана жанып эч кандай таң калуу жок эле. Балким атасынан бул жорукту күтүп жүрдү беле? Баары бир бир күн келип ушундай абалга жетүүсүн жүрөгү менен сезгендей унчукпай алдына түшүп кете берди.
Шер болсо, өзүнүн керт башын,чымын жанын ойлоп кызынын тагдырына балта чапты. Кызынын өмүрүн сатты. Айтылган ишти оңдуу аткара албай,чоң ката кетиргендиги үчүн өмүрү менен жооп берчү учур келгенде жогоруда олтурган, баарын башкарган Шеф келишим сунуштады. Тагыраагы кызы Аселдин жашоосун, келечегин өзүнүн өмүрүнө алмаштырууну сунуш кылды. Өлгөн Мадинанын ордуна Аселди даярдашмак болуп келишип, азыр Казахстанга бара жатышат. Ошол чечим чыгарып жаткан учурунда дагы бир жолу Аселдин жүзү көз алдына тартылды. Кичинекей Асел быйтыйган колдорун сербеңдетип,
өзүнө карай "аталап"
талпынган кезин эстеди. Жүрөгү элжиреп кадимкидей көздөрүнө жаш тегерене түштү. Ошол эле учурда баягы "бул сенин кызың эмес" - деген үндөр кулагына жаңырып, азыр эле мээримге толуп турган жүрөгү карарып келишимге кол коюп жиберди. "Кызым!
" - деди ичинде. "Чын эле бул өзүмдүн кызымбы?"
- деген баягы 18 жылдан бери көөдөнүн курттай жеп, акылынан ажыратып жиндиликти баштаган суроо башына кадалды.
Шер пенделик алсыздыкка жеңдирип берди. Шерге окшогон жүрөгү таштан бүткөн адамдар дүйнөдө, арабызда жашап жүргөнү өкүнүчтүү. Ал таш болгон жүрөктүү ойготуу да ошончолук кыйын. Өзү көрүп аралашып жүргөн ушул ыплас "кара дүйнө" аталган чөйрөгө кызын түртүп жиберди. Ансыз да жашоонун ырайымсыздыгына көнүп бүткөн үлбүрөк жан, бул чөйрөдө адашып жоголуп кетерин ойлободу. Бир гана аялы Кундуздун өзүнө кылган адилетсиздигинин,
далилденбеген кыянатынын өчүн,ызаасын ушул наристеден алгысы келди.
Тушалган махабат...(Ильяз менен Асел)
#43 27 Ноябрь 2020 - 02:51
Ушундай окуялар олкодо болуп атса керек реально, жонокой адамдар билбейбизда.
#47 28 Ноябрь 2020 - 02:14
jindirak (27 Ноябрь 2020 - 09:04) жазган:
Жаз жаным
Жол катар уктап калган Асел Казахстандын чек арасына жетип көзүн ачты. Алдыңкы орундукта Шер менен Альберт. Артында өзүнүн жанында Зарина кетип жатышты. Бир убакта текшерүүдөн өткөн соң Шер Аселдин алдына паспортун ыргытты. Акырын колуна алып ачып көргөн кыздын көздөрү чакчая түштү. Ошондо гана Асел башка документ менен өлкөдөн чыгып баратканын түшүндү. "Мая Крикосян" - деп жазылып өзүнүн сүрөтү чапталып турган паспортту көпкө тигилип карап олтура берди. Ушул башка ысым,башка фамилия Аселдин жашоосун түп тамырынан бери өзгөртүп салаарын ошол кезде да аңдап жеткен жок.
Казахстанга келишкен алар дагы ушундай бир особнякка жайгашышты. Аларды бул жактан даярдап койгон атайын кызматчылар тосуп алышты. Ал эми Аселдин жанында дайыма Зарина жүрдү. Шердин буйругу менен кызга телефон кармоого да такыр уруксат беришкен жок. Баягы бала кезинде эрте ойгонуп апасын таппай калып, андан кийин жылдар өтүп чоң энесин жоготуп алгандагы абалына түштү. Жашоосу ошондой кунарсыз, маанисиз... Бирок апасын жоготкондо калкалап калчу энеси, энесинен ажыраганда башын жөлөй турган Ильязы бар эмес беле? "Ильяз" - деген ой кылт эткенде Асел жанын коёрго жер таппай тыбырчылап кетти. "Эртең сөзсүз кезигебиз" - дебеди беле? Өзүн жалооруп кечке күтүп, келбегенде жаш баладай томсоро үйүнө кеткен Ильязынын абалын эстеп көзүнөн жаштары жөн гана төгүлүп кетти. Эптеп эле ага бир кабарын берип алса, кайдан болсо да таап келип алып кетмек. Кыздын аруу жүрөгү ушинтип ойлоду. Ага азыр ушул тапта баары бир болчу. Коё берсе жөө болсо да бул көкүрөгүн кысып жаткан особняктан, дилине чоонун, өзүнө жат бул шаардан качып кетмек. Айланасындагы кооздуктар, бардар жашоосу да кыздын мынабу кичинекей жүрөгү каалап жаткан нерсени бере албайт эле.
Кечинде Зарина узун көйнөк менен ак жоолук көтөрүп Аселдин алдына кирди.
-Бул кийимдер сизге...
Зарина да кызды аягандай акырын үн катып, Аселдин суроолуу көздөрүнө тик бага албай чыгып кетти. Көйнөктү кийип жоолукту башына салган кыз күзгү алдында көпкө турду. Маңдайында сулуу жүзү сумсайып өзүн карап апасы турган эле. "Апа сени сагындым! Сен тирүү болсоң балким жашоом башкача болмок! Сен бул адамды сүйүп турмушка чыктың беле? Чын эле бул адам менин өз атамбы же? Анткени адам өз канынан жаралган балага мынчалык адилетсиздик кыла албайт. Анын дүйнөсүн өз колу менен уратууга колу барбайт!" - деп жатты. Эки күндөн бери Альбертке турмушка чыгуусун талап кылган атасынын айтпаган сөзү калбады. Айласы кеткенде Шер кызды алдаганга өттү. Өзү бизнесте банкрот болуп калганын, төлөбөсө кайра абака кесилерин, аны бул абалдан жалгыз Асел гана куткарып каларын айтып жалдырады. Кызык э жашоо? Көзүндө огу болсо атып, колдон келсе өлтүрүп салчудай жек көргөн атасынын өмүрүн сактоо үчүн өзүнүн бардык тилек - максаттарынан, келечегинен, эң өкүнүчтүүсү Ильязынан баш тартып жатат. Асел да шарт койгон. Никеге өтөт, бирок Альберт менен бөлөк бөлмөдө жашашат. Аселдин оюна "ушундай жол менен алдап качып кетем" - деген гана план келип макул болду. Бирок кимди - ким алдап,тузака түшүргөнү жатканын билбейт эле...
Нике окулду. Мына ушул күн, ушул мүнөттөн баштап Асел Альберттин жубайы. Жанында бир чекитти тиктеп мелтиреп олтурган кызды көз кыйында карап алган Альберт "меники болдуң! " - деп жатты. Ал эми Асел "баары бир качып кетем!" - деген сөздү улам ичинен кайталап, Ильязынан кечирим сурап жатты.
Бир жумадан соң Аселди жетелеген Альберт жогорудагы Шефтин буйругу менен ал чакырган дареке келишти. Анткени убакыт өтүп жаткан. Мадинанын ордуна Аселди даярдоого убакыт келип калган эле. Шаардын четинде эки кабаттуу үйгө киришкен аларды коляскада олтурган Шеф күтүп алды.
-Крикосяны! - деп жылуу учурашкан шляпачан кишини Асел кайжерден көргөнүн эстей албай убара.
-Саламатсызбы? - деген кыздын аппак колдорун катуу кармап:
-Мая! - деп акырын өөп койду.
Шарт колдорун тартып алган кыз эми эстеди бул кишини.
-Сиз?
-Күтпөгөн чыгаарсың? Дүйнөнүн тардыгыбы же тагдырдын белеги?
Асел унчуккан жок. Чын эле күтпөгөн. Сыртынан үй көрүнгөнү менен ичи фотостудия, сулуулук салону сыяктуу экен. Аселди алдыларынан тосуп чыккан аялга кошуп беришти. Эки күн кечке кыздын үстүнөн стилисттер менен бир катар тажрыйбалуу визажист, дизайнерлер да иштешти. Аселге ар кандай образ берип көрүштү. Ар бир образ менен фотосессия өткөрүп жатышты. Кызыгы кандай образ болсо да кызга куп жарашып калат экен. Кыздын модель, актриса болчудай өң келбетине суктанып да алышты. Шеф башында анча көңүлдөнбөй жатса, Аселдин сүрөттөрүн көрүп ичинен "адашпаган экем" - деп кымыңдап алды. Анткени мындай сулуулукка ар бир эркек кызыкпай койбойт. Мадинаны даярдоого көп убакыт кетчү,Аселге эки гана күн жетиштүү болду. Экинчи күн дегенде күзгүдөн өзүн көргөн Асел тааный албай турду. Маңдайында кара көздүү Мая сулуу турган. Чачы тысырайып төбөсүнө байланып буулуп ташталган. Узун, этеги жер чийип денесине чапташкан кыпкызыл көйнөк,бутунда кызыл шиш така. Жашыл көздөрү эми жок. Линза тагылган капкара каректер... Макияж да өтө этияттык менен жасалып Асел таптакыр башка адамга айланды...
#52 29 Ноябрь 2020 - 00:24
jindirak (28 Ноябрь 2020 - 09:29) жазган:
Дагын
Белгиленген убакыттан өтүп Асел Альберттин артынан ресторанга кирди. Мыкты табит менен жасалгаланган заңгыраган ресторан. Өмүрүндө биринчи жолу мындай жайга келгени үчүн Аселге мунун баары жаңы, жат эле. Бири - биринен өтүп маралдай керилген кыздар. Костюм шым кийген бакыйган министр менен бизнесмени кошулуп ал күү түшкөн бул жайда бири кыздын башы тез эле ооруп чыкты. Сыртка чыгып таза абадан кере жутуп турган кыз артынан чыккан үндөн селт этти.
-Кайырлы кеш?
Асел үн катпастан жөн гана баш ийкеп койду. Кантсе да мындай жагдайга эми түшүп жаткандыктан колдорун корккондон майда калтырак басып кетти. Анткени маңдайында дал Альберт көрсөткөн сүрөттөгү адам өзүн күлүмсүрөп карап бокал сунуп турган эле. Колундагы бокалын алган Асел үнсүз ууртап койду. Андан ары экөөнүн ортосунда күнүмдүк сөздөр уланып жатты. Кыз Альберт үйрөткөндөй орус тилинде баарлашып жатты. Өзүн модель катары тааныштырып, бул кечеге конок катары чакырылганын кошумчалап өттү. Келишимдүү келбети менен бир көргөн адамды өзүнө тарткан сулуу жүзү бул жерде жүргөн ар бир адамдын көңүлүн бурду. Бул чөйрө бирин бири тээ илгертен билген карт бөрүлөргө да толо болчу. Крим дүйнө менен мыйзамды бириктирип турган мындай көңүл ачуу кечелери көп эле өткөрүлүп турат. Карапайым калкка жеткирүүчү журналист,кабарчыларсыз өткөн мындай кечелер "жабык кече" аталып, жалаң өлкөнүн элитасы, керек болсо коңшу мамлекеттердин бийлик башында олтурган депутат, министрлеринен тартып кылмыш дүйнөсүнүн аттуу баштуу төбөлдөрү катышышат. Альберттер бул жолу Казахстандын белгилүү бизнесмени, бийликтин негизги бутагын түзгөн прокурор Оспанов Серикти колго түшүрүү планы менен келишкен. Аселдин үстүнө өзүнүн костюмун жаап коюп кызуу маек куруп турган Оспановту алыстан көргөн Альберт баары өздөрү пландагандай бара жатканына кубанып алды. Ушул күнгө чейин кеп сөзгө келбеген прокурорду кайырмакка илүү оңойго турбады эле. Эми мынтип Аселдин жардамы менен торго түшкөнү турат. Бир убакта Асел жарк этип күлүп жиберди. Маңдайында турган бул бакыйган бизнесмен, прокурор ушул кыздын мына ушундай жылмайып койгонунун кулуна айланып , бүт дүйнөсүн ушул сулуунун бут алдына төшөөгө даяр болуп,өзү чөгөлөп тизе бүгүп турушу анын ушул тапта оюна да келбеди. "Мая" деген сулуунун атагы ушул күндөн ушул кечеден тааныла баштады. Кече соңуна чыгып Аселди машинага чейин узатып келген Оспанов өзүнүн визиткасын карматып,жылуу коштошуп кала берди.
Үйгө жетип экинчи кабатка көтөрүлүп бараткан кызды Альберттин үнү токтотту.
-Прокурор мырза жакты го э сага да?
Артына кылчая берген кыз колунда ичимдикти бөтөлкөсү менен кармап өзүн ызалуу карап турган Альбертти көрдү.
-А сага эмне айырмасы бар?
-Магабы? Сен! Сен менин аялым экениңди унуттуңбу?
Өзүнө жакындай келген жигиттин оозунан ичимдиктин жагымсыз жыты буркурап турду. Бир жагынан уруп турган бул жыттан жүрөгү айлана, экинчи тараптан Альберттин өзүнө мынчалык жакын келишин каалабай жүзүн буруп ары баскан Асел:
-Аялың болсом бирөөгө эрмектөөгө салып берип карап олтурбай сактап ал! - деди.
-Мен сени аны менен жакын болгонго чейин ишти бүтүр деп буйрук беремин! - деди Альберт да.
-Өзүң жүргөнүң аз келгенсип бул кир дүйнөңө мени да аралаштырдың! Эми мага буйрук берчү сен эмес!
Асел өз бөлмөсүнө жетип эшикти жабаарда Альберт кирип келди. Ичимдиктин таасири болдубу балким Аселди көргөн күндөн баштап кызга болгон каалоо аны бул абалга жеткирдиби өзүндөгү контролду жоготуп жиберди. Кантип келип кызды кучактап жибергенин билбей калды.
-Коё бер мени!
Асел болгон күчү менен аны түртүп жиберди.
-Акмак!
-Мая! - деди Альберт энтиккенин баса албай.
-Мен Аселмин уктуңбу Асел?!
-Жок! Сен Маясың! Менин Маям!
Альберт кайра эки аттап кызга жетти да аны кучактап туш келди өпкүлөй баштады.
-Жоок! Тийбее мага!
Асел жан алы калбай анын колунан чыгып кетүүгө аракет кылып жатты. Альберт биринчи жолу кызга кол көтөрдү. Каршылык көрсөтүп улам өзүнөн итерип жаткан кызды кантип чаап жибергенин да билбейт. Топтой учуп бөлмөнүн ортосуна түшкөн кыздын үстүнө кулап Аселди кумарлана өөп жатты.
-Жоок! Суранам тийбе?!
Кыз ордунан туруп кетүүгө аракет кылып обдулган сайын Альберттин муштумуна кабылып жатты. Акыры көздөрүнүн алды тумандап барып эсин жоготту...
#53 29 Ноябрь 2020 - 00:43
Автор каяктан алып жазып жатасын бул чыгарманы инт издеп таппай койдум да
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
#57 29 Ноябрь 2020 - 09:28
jindirak (29 Ноябрь 2020 - 02:07) жазган:
Кызып калды жазчы жаным дагын
********
-Асееел!
Ильяз бакырып барып ойгонуп кетти. Жүрөгүнүн дүкүлдөп соккону басылбай, кара терге түшүп кетиптир. Эмелки көргөнү түшү экенине ишенип ишенбегендей олтурган ордунан секирип туруп бир нерсесин жоготкондой айланасын издеп жатып токтоду. Сыртка суу ичкени чыгып баратса Салима эне жаңы гана Ильяздын бөлмөсүнө келе жатыптыр.
-Эмне болду кагылайын?
-Түш көрдүм жаман.
-Түшкө эмнелер кирбейт, эртең үйгө арча түтөтүп коёлу балам. Өзү тиги шаарга барып келип эле өзгөрө калдың. Деги тынчылыкпы?
-Асел... көңүлүм тынч эмес тай эне, - деген Ильяз чөмүчтөгү сууну ичип алып терең үшкүрүп жиберди.
-Эк, үшкүргөн. Антпейт.
-Асел тынч бекен? Деги аман болсунчу.
-Тынч эмей, атасы менен го ботом.
-Ээхх тай эне,ошол атасы менен болгону үчүн да кыжаалатмын.
Сырттагы тапчанга олтура асмандагы быжырап турган жылдыздарды карап алды. Түшүн эстеди. Анда да кудум ушундай жайдын жылуу түнү экен. Асел баягы Ильяз берген кызыл жоолукту чачына байлап гүлдөр өскөн талаада чуркап жүрөт. Артында Ильяз. Кыздын кыткылыктап күлгөнү айлананы толтуруп мынабу жылдызы жайнап,ай нуру төгүлгөн түнгө ансайын көрк кошуп тургандай. Ильяз эми гана кызга жетип колдон алаарда кайдан пайда болгону белгисиз эле кара булут сыяктуу нерсе экөөнүн ортосуна түшүп кыз көрүнбөй калды. Аселдин Ильяз деп кыйкырган үнү тээ алыстан угулуп угулбай Ильяз өзү ээн талаада адашып жүргөндөй кара кою булуттардан чыга албай убара. "Ильяяяз! "- деген кыздын ачуу үнү кулак түбүндө жаңырып барып жок болду. Айланадагы кара булут кыз менен кошулуп жоголуп кетти. Колунда болсо кыздын үлбүрөгөн кызыл жоолугу кала берди. Айланасын алаңдап кызды издеп кыйкырып жатып ойгонуп кетти.
-Деги аман болчу периштем!
Аселдин "эртең кезигебиз" - деп жалооруп карап кылчактап кеткен элеси азыр деле эсинде. Күндө ошол жайга барып кечке чейин күтүп жүрдү. Бирок келген жок кыз. Ошол жолукканда кыздын дарегин сурап, баарын тактап албаганына, же болбосо Асел "айылга кетеличи" - дегенде колдон алып келе бербегенине ушунчалык өзүн жемелеп жатты. Бир нерсе болгонун жүрөгү менен сезип жатты. Анын үстүнө Асел эч качан мынтип дайынсыз кеткен эмес эле. Калдайган шаардын кайсы бурчунан издерин, таанышы жок калаада кимден жардам сураарын билбей чайналган абалда айылга келген эле. Эми болсо мынтип түшүнө чейин кирип өзүнүн тынч эмес экенинен кабар бергендей,балким жардам сурагандай санаага салып жатат.
#58 29 Ноябрь 2020 - 11:14
******
Асел көздөрүн ачып,жан чыдагыс оорудан кайра жумуп жиберди. Денеси жанчылгандай ооруганына кошулуп,башы да жарылчудай зыңылдап жатат. Ордунан турууга аракет кылып обдула бергенде бир колу уктоочу керебетке,өзүнүн кызыл жоолугу менен байланып турганын көрдү. Өзү болсо үстүндө бир кийим жок,денеси ачык бойдон ээн бөлмөдө жалгыз жаткан экен. Ошондо гана кечээги түнкү каргаша көз алдына тартылып көздөрүнөн жаштары төгүлүп кетти. Шашыла байланган колун чечип үстүнө жука халатын жамына ордунан козголду. Денеси кудум өзүнүкү эместей оор тартып, буттары да алга шилтенбей шалдырайт. Керебеттин чекесин кармалап теңселе баскан Асел күзгүнүн алдына келди. Келди да көргөн көзүнө өзү ишене албай катты. Кечээги супсулуу куурчактай болуп турган кыз жок. Анын ордуна бетинин соо жери жок көк ала, оозунун асты жарылып аккан кан катып турат. Халатын чечти. Денеси да тамтык жок көк, ала. Буттарында, колдорунда жана көкүрөгүндө канталап кеткен тактар, тиштин издери. Көз алдына түнү жырткычтай болуп өзүнө кол салган Альберт тартылды. Өзүнүн чырылдап ыйлап, кыйкырып,чапкып жалбарып жаткандарын элес булас эстей алат.
-Бүттү! - деди араң гана шалдырап.
Ушул сөзүнө улай,аны тастыктап бүткөн сүйүүсүнө кошулуп акыркы үмүтү жалгыз тамчы менен көзүнөн кулап кетти. Канча турганы деле белгисиз,баары көз алдына тартыла берди. Ильязы. Саамайын сылап жүзүнөн акырын сүйүп койгон Ильязынын элеси, анын жыты, көздөрү... Бир убакта жинди немедей бөлмөдөгү болгон нерсени талкалап кирди. Болгон үнү менен кыйкырып да жатты. Маңдайында турган күзгүнү талкалап,анын сыныгы менен билегин кесип жиберди. Өзүнүн ички сезими менен аруу дүйнөсүндөй чачылып тозу чыга сапырылган бөлмөнүн ортосуна кулады.
-Бүттү баары! Кечир! Кечир мени Ильяз! Арсыз, акылсыз,сендик болуп сага буюрбаган, периште болуп кир ыпластыкка бой урган. Жер жүзүнө батпай учуп бараткан асылыңды кечир!
Аселдин көздөрү жумулуп жеңил тарткандай, жанчылып сыздаган денесинин оорусу басылып жатып калды.
-Маяя?!
Бөлмөгө баш баккан Заринанын ачуу чаңырыгы биринчи кабаттагы Альберттин жүрөгүн булкуп алды. Тапырап чуркап кирип келишкен Шер менен Альберт колунан кан кетип жаткан Аселди көрүштү. Зарина жаңы гана кыздын жылаңач денесине шейшеп жапкан экен.
Альберт кызды так көтөрө чуркап кетти. Шер ошол ордунда каткан бойдон калды. Аселдин жерде жатканы мындан бир канча жыл мурун дал ушинтип жаткан Кундузду эсине түшүрдү. Жүзүндөгү көк ала тактар менен оозунан сызылып аккан кан...
Асел белгисиз ааламда жүрдү. Жапжашыл,муздак чөптөргө жылаңаяк бут менен тебелегенде бүт денеси бир чыйрыгып алды да магдырай түштү. Кудум жомоктогу ааламга түшүп калгандай жайнаган гүлдөр, асмандагы каалгыган аппак булуттар жерде жүрөт. Чуркап баратты кыз. Бирде буту жерге тийип тийбей канат бүткөнсүп учса, бирде бут алдындагы жумшак жашыл чөптөрдү кадимкисиндей сезип жатты. Ага азыр ушул тапта кайда жүргөнүн, кандай дүйнөгө түшүп калганынын айырмасы жок эле. Билгиси да келбеди. Жөн гана ырахаттана көздөрүн жумуп чуркай берди. Бир убакта мүдүрүлүп жыгылып кетти. Энтиге кайра ордунан тураарды кандайдыр бир оор нерсе буттан алып коё бербей кайра жыгып жатты. Аселдин эми дем кысыла коркуу басты. Кайдан экени белгисиз каалгыган булуттардын арасынан апасы менен энеси көрүндү. Аларда ошол булут сымал аппак кийинип алышкан экен. Жыгылып жаткан Аселдин алдына келип чөгөлөй олтурган энеси баягы жылуу колдору менен кызынын маңдайынан сылады. Апасы негедир жакын келген жок. Аселдин көздөрүнөн жаштар төгүлүп баратты.
-Эне? Энеке?
Сөз сүйлөөгө чамасы келбей ыйлап жатты кыз. Бир караса баягы денесиндеги тактар пайда болуп калган экен. Энеси улам ошол ооруган денесин сылаган сайын жаны жай алып жыргап баратты. Канча убакыт өткөнү деле белгисиз бир убакта энеси ордунан турганга камынганда Асел этегине жармашып ыйлап жатты.
-Ала кет мени эне? Мен силер менен кетемин! Энеее?!
Негедир энеси бир да сөз сүйлөгөн жок. Жөн гана баш чайкап узай берди. Асел жыгылган ордунан араң туруп энеси менен апасынын артынан бара жатты. Бир убакта алар кирип бараткан эшике жетерде белинен байланган нерсе тартып токтотуп андан ары бастырбай тушап калды. Караса баягы Ильяз берген кызыл жоолук экен. Кызыгы ал бир байлам болсо да кыздын белинен байланып экинчи учу белгисиз алыстыкта өзүн коё бербей турган экен. Негедир тартып алайын десе күчү жетпей койду. Анан ошол алыстан Ильяздын "Асееел! " - деген үнү угулду. Кыз ошол тарапка обдулуп баратып бир кылчайып апасы менен энесин карап алды. Экөө тең жүздөрүнөн нур төгүлүп жылмая баштарын ийкеп коюп ошол эшике кирип кетишти. Асел бул жолу негедир ичи ачышпай кайра тескерисинче бир күч,кайрат алгандай башын бийик көтөрүп өзүн чакырган үн тарапка чуркап жөнөдү. Аппак болгон булуттар жер бетин каптап эч нерсе көрүнбөйт. Ильяздын үнү жанынан эле чыгып жаткандай, бирок таппай калып жатты. Белинен байланган гана кызыл жоолук коё бербей багыт берип жаткандай. "Ильяяз! Ильяяяяяз! " - деп кыйкырганга өттү. Ошол убакта кулагына тийтилдеген, үндөргө удаа эле кобурашкан адамдардын сөздөрү чала угулуп жатты.
-Өзүнө келди! - деди чоочун эркектин үнү.
-Жашайт! - деди дагы бирөөсү кубангандай.
Асел сөз эмне жөнүндө болуп жатканын жакшы аңдай албай. Кайра терең уйкуга көшүлүп баратты.