General.kg (10 Декабрь 2017 - 22:25) жазган:
Чубак Ажы Кыргызстандагы эң билимдүү аалым АЛЛАХЫМ Чубак Ажыны бизге ыроологонуна шүгүр себеби буга чейин эки анжы болуп келген маселелерди шариаттын негизинде жооп берип келе жатат. Эки аял алганын дагы колдойм келечекте мен дагы эки аял алгым келет көөп балалуу болууну каалайм.
Эми менин максатым динге же Чубак Ажыга бир аз башкачараак эле көз карашта болсо баса калганыңарды токтоткула!
-Сага Кудай көргөзөт
-Бул күнөөңү Кудай кечирсин
-Кудай сага көргөзөт деп эле психологический атака жасабагыла Ислам коркутуунун дини эмес Ислам ар бир адамга эркиндик берет АЛЛАХЫМА шүгүр.
Молдокелер чынын айтайын начарлары да бар бир тажияга келишти молдолор luxus470 менен жүрөт экен простой молдолорду кошушпайт экен элитныйлар өзүнчө жүрөт экен ошончо кымбат машмна менен жүрүүсү зарылбы кызматтык унаа дейин десем кызматтан бошогон молдо анан ой кетти эмнеге ашыкча мүлк жыйнайт жок дегенде камри менен жүрүп ашкан акчасын садака кылбайбы деп кашайып кадыр түндө ошого сөз берип калды куттукта деп ал сөздү чү дегенде эле бизнесменден баштады
Палан азаматыбыз бул жигитке он миң сом акча берди палан азамат бул жигитке(жанындагы молдолорду көргөзүп) машина белек кылды ырахмат деп жатат а эмне бүтүндөй Кыргызстанга куттуктоонун алдында аягында дагы эмес демөөрчүлөрүн реклама кылыш керек беле? Жагалдангандын дагы чеги болот бир агам жогорку кызматта иштейт эле бата кылганы келди а жөнөкөй адамдын тажиясына чакырса дагы барбаса керек.
АЛЛАХЫМ өзү кечирсин жаман айткан болсом Чубак Ажыга окшогон молдолор дагы бар шүгүр
Жердеш ,мындайда .Өзү менде да силерде да илим жок бирок илимдүү аалымдарды сорттогонго акыбыз жок да .Алар басып өткөн жолду ,алар окууган китепти биз окуй элекпиз ,алар жасаган иштин бирин да жасай албайбыз дагы ...
Бир ишти миң адам көрөт миң адам миң түрлүчө баа берип ,ар кимиси өз деңгээлине жараша кабыл алып ,ой жүгүртүп өзүнө.сиңдирип алат.Ошол көргөнүңду жөн гана бир адам жоомарттык кылыптыр эле аалымдар ага ыраазычылык билдирди деп кабыл ал болду .Ашыкча сөздүн кереги жокго дейм "байга барат ,кедейге барбайт "жана башка деп сөз көбөйтпөй.
.Бир китептен окууган жайым бар эле тиги дүйнөдө Кыяматта суракта "аалымдар менен жоомарттар катар турат "деген.Аалымдар Аллахтын парзын Мухаммед (салаллоху алейхи уа саллам )дын сүннөттүн бизге жалпы журтка жеткиришет ал эми жоомарттар ошол аалымдарга жоомарттык кылып өз үлүшүнөн бөлүп жумшаганы үчүн деп .Бул жоомарттар үчүн эң чооң сооп да ......Аалым каары илимдүүлөр бир өмүр илимге элдин кызматына арнаса ал эми жоомарттар ал ишти колдобосо көтөрбөсө анда туура эмес болуп калат....