Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 21 Январь 2009 - 21:54
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Бытыгый аңгемелер
#1 21 Январь 2009 - 20:42
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2 21 Январь 2009 - 21:51
-Оу, анда ошол дүйнөдө жүргөн кезим. Бардык эси-дартым, кубанычым, бакытым, койчу адамдык чен-өлчө мүм арак, тагыраак айтканда. стаканга куюлган арак менен өлчөнү п калган кез. Кебетемди ким карады дейсиң… Жүрөм: «Кайдан бир култум чыга калаар экен?» деп.
Ошондой күндөрдү н биринде көчөдө баратсам эле, менден өтө түшүп бир иномарка машина токтоп калып эле, ичинен кудай бетин көрсөтпө , жасалгасы эле он кыздык бир толмооч келген, өңдү ү-түстү ү сулууча бир келин түштү да мага:"Бери кел,"-дегендей ишара кылды. Алгач бүшүркө й түшүп: "Башка бирөөгө го?.."-деп артжагымды карасам, эч ким көрүнбө йт.
-Жоо, сизди айтып жатам,-деди жанагы маңкайган аппак келин. "Ии тааныш окшойт, же бир нерсени сурайт го. Мындан 100 грамм чыкпагандан кийин не пайда…"дедим да, жанына ыргылжың басып келдим. Кеч кире баштаган кез.
-Акча тапкыңыз келеби?-деди түз эле жанагы маңкайган неме кашын серпе күлүмсү рөп.
-Кандай акча? - дедим ишенкиребей. Кудайды деле анча унута түшкөн жаным:"Кудай, эми берсең ушерден бер, ушул маңкайган ак келинден бер,"-дедим кудайга чындап жалынып.
-Сиз үчүн көп акча-деди ак келин, андан бетер оолжуй карап- Үйгө барабыз, бир аз чай-пай ичип дегендей, анан
чечинесиз…и кийинесиз. Болгону он беш мүнөт, ашып кетсе жарым сааттык иш. Анан каалаган жериңизге таштатып коём. Ушул кызматың ызга 50 бакс аласыз. Келиштикпи! ..
"Я Кудай, эмне болуп жатат өзү. 50 доллар дейби? Бул түшкө кирбеген бакыт го! Оо-уу канча бөтөлкө ? Э аны азыр эсептегенге акыл жетеби, кокуй! Же дагы кичине баалашсамбы, жо-ок баалансамбы? Кой, кокуй, кайсы арыңа… Этекке чууруп куюлуп турган ырыскыны төгүп алайынбы эми."
-Макул-дедим. Макул дебей болобу!..
-Жүрүң үз анда. Машина жакка ишара кылды. Машинага жакындашканыбызда, ичинен бир келишкен жаш жигит чыкты да эшикти ачты. Шоопуру го. Эми машинанын ичин айтпа. Жөн эле укмуш жасалгаланган. Жыпар жыт башты айлантат. Арак, винонун самопалдарынын жытына көнүп калган жаным, өзүмдү ыңгайсыз сезип бараттым.
Анан ичимен ойлондум:" Мени эмнеге алып баратат деги? Эмне иш бүтөрө м? Короосунда иштеткенге кеч болуп калды. Ие шумдук, кээ бир бай аялдар эрсирегенде көчөдө н эркек таап келишип кумарын кандырат имиш деген каңшаар бар эле, ошого туш келдимби?.. Анан ушунчадан мени тандаганы кандай? Табышмак! Эгер чын эле ошого алып келатса, э кудай, быяктын ал-абалы кандай болду экен.я? Аны качан пайдаланганым да эсте калбаптыр, каапырдыкы! Э эми шерменде кыла көрбө, кудай!"
Ушуларды ойлогончо машина бир ажайып дарбазага келип токтоду эле, дарбаза өзүнө н өзү акырын эч ким жок эле эки жакка жыла ачылып баратты. Машина менен түз бейиш сыяктуу короо бакка кирип бардык. Эми үйдү көрсөң … ана, үй деп ушуну айт, атаңдын гөрү! Ичине кирип, баскандан уяласың. Бутту чечип жатып ошондо билдим байпактын жоктугун, ошондо билдим жуунуш
эстен чыкканын, ошондо билдим адамдар менен араккечтердин айрымасын. Болбосо сен деле:" Башка адамдардай элемин, а тургай мен аларга караганда мыктымын," - деп да ойлоп жүрөт эмессиңби!
Ыңгайсыз боло түшкөнү мдү көрүп ак келин:
-Эч нерсе эмес, кире бериңиз, тазалап коюшат-деди. Мен кирип кеттим.
Бир залга кирдик. Кенен экен. Бир ат чабымдай эле сезилди мага. Күңгърт шоола берип турат жарыктаны(люстрасы).
.. Кайдандыр назик музыка чыгып жаткансыйт. Үстөлдү н үстүчү , үстөлдү н үстү толо!. Нелер гана жок. Мага жакындардын түр-тү рүнөн турат.
-Тартынбай тамактардан алыңыз. Тигилерден өзүң үз эле куюп, иче бериңиз. Үй кызматкерине жооп берип жибердим эле, болбосо ошол куюп берет эле,- деди ак келин садагасы.
-Мен кийимдеримди алмаштырып анан чыгам. Анан ишти баштайбыз,-деди каапыр ак келин!
Ошондо тамак көңү лгө барабы! Коньяктан бир бокалга толтура куйдум да, биссимиласы жок эле согуп жибердим. Артынан сарымсак жыттанган колбасадан бир чоң кесимди кайсап жиберип, дагы бир бокалды согоюн деп баратып өзүмдү араң токтоттум. Анткени, ак келиндин кызматы түшүнү ктүү болуп калды. Дал мен ойлогон катындан экен. Эми, бокалдын биринчиси илгери дем-кубат болчу эле. Калганын көңтө ргөнгө иш бүткөн соң деле үлгүрө рмүн.
Ошентип турганымда, шуудураган жибек халат кийип ак келин кирип келди да:
-Тамактандың ызбы?-деди секет.
-Ооба-дедим шаша.
-Анда чечиниңиз, -деди ак келин кашкая күлүп туруп.
-Ой, ушердеби?-дедим чочуп кетип.
-Ооба,ушул жерге,-деди ак келин жылмаюусун бузбай.
Э мага эмне, ушерде болсо ушерде да. Чечиндим. Майкам жок экен. Турсы да жыртылып… ошол жерге келгенде:
-Болду токтоңуз, жетишет-деди ак келин сумсайып туруп.
Аңгыча не болду, залдын ичи күндүзгү дөй жарык болуп кетти.
-Бекболот, бери кир!-деп үн салды жанагы келин. Тез эле төркү эшик ачылып, бир он төрт-он беш чамалардагы өспүрү м бала кирип келсе болобу, кудая тообо!
-Мына, көрдүң бү!?. Ишенбесең , өз көзүң менен көрүп ал. Арак, ичкилик бара-бара адамды ушул абалга алып келет. Кабыргаларын кара, мойнун, буттарын кара илмийип. Ички органдары да бүткөн мунун бузулуп. Ашказаны да, боору да, бөйрөктө рү да иштен чыга баштаган. Мээси болсо араң эле арактын даамын сезгенге жарайт Эгер бул макулук ичкенин дагы уланта берсе, көп узабай өлөт! -деди оозуңду шамал учурган жанагы келин каардуу карап. Анан мага: "Кийине бериңиз, болду,- " деди жанагы шүмшүк келин.
Анан ишенсең кантип кийингенимди, кантип эшикке чыкканым, ал келин качан 50 долларды чөнтөгү мө салып койгонун билбейм, эсиме келсем, ошол бая машинага түшкөн жеримде турган экенмин...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#3 22 Январь 2009 - 17:03
Атамдын арбагына багыштадым.
Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Кечигип болсо да көргөн төрт-беш жашар уулун жасалгаланган тайга мингизип, өзү алчактаган ат менен коштоп жетелеп алган. Кырк жаштарга таяп калган мезгили.
-Ата-оов!
-Оов!
-Тээтиги мине?
-О тилиңен атаң айлансын, ал-жору, уулум!
-Ата-оов!
-Оов, садагам!
-Тээтиги мине?
-О айланайын, булбулум менин, ал-жору, алтыным!
-Ата-оов!
-Я-оо, берекем менин!
-Тээтигини мине дедиң?
-Аны-жору дейт,каны-жаным. Азыр конуп отурат. Анан учуп кетет.
-Ата-оов!
-Оо, өпкө, боорумду чабайын!
-Тээтиги дагы деле отурат го, ал мине эле?
-Ушу сени берген кудайыма ыраазымын эрмегим менин, ал-жору, тегеренейиним!
-Ата-оов!..
-Оов!..
Ошондон отуз жыл өткөндө н кийин.
Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Өзү баягы атасынын курагында. Атасы ак күп болуп карыган. Бирок, атасын ушунчалык сыйлаганы билинип турат: Атты мыкты жасалгалап мингизип, башына кундуз бөрк, үстүнө карышкыр ичик, бутуна булгары маасы кийгизип, өзү коштоп жетелеп алган.
-Улум!
-Оов, ата!
-Тээтиги мине?
-Ал-жору, ата!
-Уулум!
-Оов, ата!
-Тетигини мине дедиң?
-Кайсыны? Э аны жору дедим го.
-Уулум!
-Я?
-Тээтиги мине экен?
-Сообу? Ой, аны эми эле жору деп айттым го?
-Уулум!
-Я. Дагы мине болуп кетти?
-Тетигинин мине экенин айтып койчу, айланайын уулум?
-Эй, алжыган чал, ал-жору, уктуңбу? Жору, жору!
Атанын башы шылк этти.
-Токтот атты, уулум!
Атасы аттан түштү. Көч токтоду. Баарысы айран. Сырткы кийимдерин чечти да, баласынын бут алдына ыргытты.
-Ме, уулум, сыйыңа ыраазымын. Сен менин үч-төрт жолку суроомо жооп бергенден жадап кеттиң. Сен бир нерсени жүз жолу сурасаң да ичим элжиреп жооп берчү элем. Сен сый деп түшүнчү бул чирик дүйнө, даамдуу тамак-аш, тетиги бөрү богу адамдын көңү лүнүн алдында сары чакага турбайт, уулум...
…Уулу камчысын мойнуна салып, көздөрү нөн жаш агып, кечирим сурап турду. Өткөн өмүр көчү уулунун да, атасынын да көз алдынан чууруп өтүп турду. Буга күбө калкылдаган эл жардап карап турду…
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 22 Январь 2009 - 17:17
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#4 30 Январь 2009 - 20:53
#5 31 Январь 2009 - 00:42
#6 07 Февраль 2009 - 09:16
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#7 08 Февраль 2009 - 09:33
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
#8 08 Февраль 2009 - 13:22
БУЛ ЖЫЛДЫН БАШТАЛЫШЫ жакшылык менен башталды деген жакшы умут менен интернет булактарына туташтым.аны жакшы билбегендиктен 2кундо аран супер форумга катталдым анан ал форумдагы каттарды окуп отуруп илгери башыман 10-жыл мурун откон бир окунучтуу окуя эсиме тушту
Ал кезде мен катуу т. а. чоон бизнес менен алек болуп жургон убагым айдаганым ХАММЕР ал кезде ал машиналар келелек болчу КРга. Кычырап кийинип алгам элде жок кийимдерди кытайский чаар баштык которуп алып камокко кирдим МЫНА ОШОЛ БОЙДОН АЛ КАМОКТОН ЧЫГА ЭЛЕКМИН
Акыл дос, ачуу душман.
#9 08 Февраль 2009 - 14:39
Цитата
БУЛ ЖЫЛДЫН БАШТАЛЫШЫ жакшылык менен башталды деген жакшы умут менен интернет булактарына туташтым.аны жакшы билбегендиктен 2кундо аран супер форумга катталдым анан ал форумдагы каттарды окуп отуруп илгери башыман 10-жыл мурун откон бир окунучтуу окуя эсиме тушту
Ал кезде мен катуу т. а. чоон бизнес менен алек болуп жургон убагым айдаганым ХАММЕР ал кезде ал машиналар келелек болчу КРга. Кычырап кийинип алгам элде жок кийимдерди кытайский чаар баштык которуп алып камокко кирдим МЫНА ОШОЛ БОЙДОН АЛ КАМОКТОН ЧЫГА ЭЛЕКМИН
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
#10 12 Февраль 2009 - 16:22
Университеттин мыкты студенттеринен эле. Коомдук иштерине активдуу катышып, мыкты окуп, корунуп турчу козго. Экинчи курста окуп жатканда группалаш Назгулдун тоюна бармак болушуп, жасанып-тузонуп, белектерин которуп жоноп калышты. Назгулду озгондук суйлошуп жургон жигити алып кетмек. Назгулдун уйундо той камылгасы корулуп, келинди алып кетуу учун келе турган куйоо балдарды, кудаларды кутууго даярданып атышты. Ангыча 10 окшош аппак женил машинелер пипилдешип келип калды. Куйоо балдар уйго киргизилип, кыздар менен чогуу мейман болушту. Айде менен Канат деген куйоо жолдош экоосунун коздору улам тиктеше калып атты. Орто бойлуу , кара каш кара чачтуу жигит бир коргондо эле жагып турду. Шарактап тамаша ыргытып отурушуп, кызды узатуу малы да келип жетип, кыз-куйоо, жоро жолдоштору, женелери, курбу кыздары машиналарга болунуп отура баштады. Канат Айденин жанына келип:
- Чогуу кетсек кантет чон кыз?
- Макул азыр курбумду чакырып алайын
- Озунуз деле журо бериниз, эки бакандай жигит сиздин кызматта болот
- А мен корком да, озгочо озгондуктордон
- Эмне озгондуктор адам жейт деп уктунуз беле. Ушул жерге келгенде Айде кулкусун тыя албай кулуп жиберди да болбой эле группалаш кызын чакырып алды.
……….Канат менен ошентип таанышкан. Канат менен бирге жургон кундордо кыз-жигит деген эмне экенин, чындап жакшы коргон жигит кызды кантип урматтай\ сыйлай ала турганын ошондо тушунгон. Коп жакшы кундор отту. Мумкун азыр Канаттын жубайы болуп жашайт беле ким билет бир окуя болбогондо…
Кышкы каникулга чогуу жашаган жана коншу айылдык курбу кызы Гулназ менен чогуу жоноп калышты. Канат ошондо узатып кала берген. Райондун борборуна келип айылга кетуучу автобуска отуруп атып Гулназ айылдаш балдары менен учураша кетти. Айдени да тааныштырды. Жакындан таанышканы бугун болгону менен Айде бул жигиттерди ,ал жигиттер Айдени сыртынан билишчу. Жол катар каткырып кулуп, тамашалашып келишти. Айде бир айыл мурун тушуп калмак, коштошордо Абдес колун кыса кармап, жылмайып койду. Абдес андан кийин эки уч-жолу курбусу Гулназдан салам ала келип жолугуп, анан бир куну конокко чакырган Гулназ экоосун. Оюнда эч нерсе жок барган, берген шоколадтарын алган. Окуусуна кайра кетээрине 2 кун калганда алып качып кетип атпайбы. Чанырды ,ыйлады,урушту, булку
нду, койногун тытып жооолугун ыргыткан.Артынан эч ким келбей апасы «Элге журтка кепке калтырбасын мени,ар жерден эле алып келе беремби, атасы жок тарбиясы жок кыз экен дегизбесин» дептир, кат жазып бериптир. Куйутунон оксуп- оксуп ыйлады, кыргыздардагы ушул салтка айланып бараткан корунушту жектеп ыйлады, озунун алсыздыгына ыйлады, Ошто калган Канатын жоктоп ыйлады, бул абактан, капастан сууруп кетээр адам табылбаганына кейип ыйлаган ошондо. Азыр эстесе жаш экен ошондо, артынан кууду деп энелери, женелери келгенде да,эч кимди укпай кетип калса болмок экен. Курч болгону менен жаштык кылган экен да ошондо….
Эмне деген менен да ал мезгил кайра кайтып келбейт, мумкун Кудайым бешенесине ошентип жазгандыр…
Эки жума гана жашап, Ошуна окуусуна кетээр кунду абдан куткон. Куйоо соройу Абдес,бир жолдошу менен жеткирип келмей болушкан. Жолдо баратып эле конулу бузулду Айденин, Абдести коргусу келбей, Канат менен болуучу жолугушууну эстеп, эмне деп айтаарын, кантип айтаарын ойлоп буулугуп баратты. Шаарга келери менен квартирада жашаган курбусунунукуна токтоп, группалаштарына окуткан мугалимдерине «чай уюштуруп берели» дешкендерине конбой, «эч нерсенин кереги жок, сен бара бер» деп кетирген Абдести айылга. Эптеп эле ушул адамды кетиргиси, кутулгусу,мойнуна салынган чынжырдан бошонгусу келип турган Айденин.
Бул учурда 2-3 кундон бери «ушул куну келсе керек» деп кутуп аткан Канат автовокзалга барып кутуп турду тосуп алмакка Айдени. Автобустан коптон куткон Айде эмес Гулназ тушту. Гулназ айта албады Канатка , «эки кундон кийин келсе керек» деп койду эмне айтаарды билбегенден. Канат Гулназды жатаканага жеткирип коюп, эртеси келмек болуп кетти.
..Кийин айтып берген Гулназ курбусу, Канаттын кантип канаты сынган куштай салбырай, мункурой тушконун болгон окуяны укканда., «Ошондой экен да!» деп кокурогунон ушкуро-онтоо аралаш катуу айтып алганын, эшикке чыгып баратып кайра кайрылып, коптон бери тош чонтогуно салып журчу Айденин бир аз бырышкан, денесинен отуп калган ысыгы али таркай элек суротун карап-карап туруп таштап кеткенин айтып берген кийин, курбусу…
Окуусуна келгени аз кун отпой жолукту Канат, жолугушуу ото кыска болгон. Айде тамагына келген жашына муунуп эч нерсе дей алган эмес, Канат да жылмайып учурашканы болбосо телмире карап, ал акыбалын,окууларын сураганы менен соз уланбай тим болгон. Андан коп отпой Канат 2-3 досун ээрчитип келиптир Айде курбусу менен убактылуу жашап аткан уйго. Досторунун бары сыр бербей жадырап учурашып, курбусу тапканын столго жайнатып бапырап атышты. Айде озун ынгайсыз сезип, Канаттын досторунун алдыртан кызыга карагандыктарынан ансайын ынгайсыз абалда калган. Озун кантип кармашты билбеген Айде суз отурду.
- Кечирип койгула кыздар, булар менин досторум, Алматыдан кечээ келишкен таанышып алгыла, тынчынарды алсак дагы кечирим сурайм- деди Канат
- Эч нерсе эмес , жакын тааныштар учун дайыма эшибиз ачык - деп ортодогу ынгайсыздыкты жайгарды уй ээси курбусу жайдары.
- Чындыгында сиздер жонундо, коруп таанышпасак да сыртынардан билебиз, коп укканбыз –деп созго аралашты Алматадан келген Султан:
- Канаттын болбойт дегенине карабай эле келип калдык, куноо бизде,сиздердей жакшы замандаштарыбыз менен жакындан таанышкыбыз келди –деди созун улай, соз арасында улам Айде жакты карап коет. А чындыгында Канаттын «ала качып кетиптир айылдашы», «болбойт» дегенине конбой, «кеч болсо да коробуз аяшыбызды, таанышабыз, жакшы иштин эрте кечи жок, жон эле таанышып коробуз» деп док уруп атып келишкен достору. Келээрин келип алып, актанып киришти жабыла. Алардын жаш балача актанганына, озунун турмушка чыгып кеткенине бир да шек беришпей, эч нерсе болбогондой, коптон тааныштай мамиле жасап отурушкандыктарынан Айде да жазылып, аргасыз жылмайууга мажбур болду. Таанышып,тамашалашып
, ар нерсени суйлоп жакшы отурушту. Ошол таанышуудан сон эле достору «Жакшы кыз экен, чын суйсон, макул болсо алып кет. Сага башка нерсенин кереги не » деп шыкактаганын да уккан. Балким ошондо Канат кичине эле чечкиндуу болсо, ишенимдуу суйлоп, «сен озун керексин мага, башкасы кызыктырбайт» десе, балким, кетээр беле ээрчип?! Канаттын ишене албай атканын, чечкиндуу боло албай чайналганын, аны ээрчип кеткенде да омур бою кара так калаарын, омур бою Канаттын алдында озун куноокор сезип отоорун жакшы тушунгон Айде. Ошондуктан аны ээрчип кетпей турганын, эми эч качан Канаты менен бирге боло албасын тушунгон Айде.
…Абдес менен жашоосу болбоду. Канчалык озун зордоп «жакшы бала, жашай берейинчи конуп кетээрмин» дегенге да болбоду. Журогу такыр жылыбай койду. Ошол ошол болду окуусуна келген бойдон кайрылып барбады Айде. Ал бир жолу артынан келип, 1 кун туруп кетип, кийин Айде окуусун бутуп оз уйуно барганда апасын, женелерин жоноткон. Айде болбой койду когоруп, анча- мынча кийгизген койнок жооолугун туйуп беришкен апасы экоолоп. Кийин озунун аталаш агаларын ортого салганда да конбоду. Байкуш жаны ошондо аябай суйунгон, кудум эркиндиктин даамын биринчи татып аткансып,бир балээден кутулгансып суйунгон, элдин шыпшына, узата караганына, ушак создоруно карабай. Озунун абалын тушуно билген, макулдугун аргасыз берген апасына абдан ыраазы болгон.
….Ошондо абдан туура кылган экем деп, азыр да суйунуп койду ичинен. Анда ошондой жолго барбаганда омурлук жары Суйуну менен кайдан жолукмак да, кайдан ширин кыздардын апасы болмок. Жакшы коргон адамын менен тутун булатуу канчалык женил экенин, канчалык бактылуу экенин ойлоп баратты. Тили ширин кичи кызынын кулкусун, суйлогонун эстеп таттуу жылмайып алды. Уйго бараткан жолдогу кичи дуконго кирип, азык,кыздарына таттуу токоч, жакшы коргон йогуртун алды да, шаардагы коп кабаттуу уйдогу квартирасынын конгуроосун басты…
Билдирүүнү түзөткөн: aruu: 12 Февраль 2009 - 16:28
#11 12 Февраль 2009 - 16:22
Цитата
Кара соз турундо биринчи жолу жазган ангемем бар, бирок жарыялаштан кичине тартынып да турам.
БУЛ ДУЙНОДО 2 ТУРЛУУ АДАМ БАРДЫГЫНАН КУРУ
1-ТЕКЕБЕР АДАМ
2-УЯЛЧААК АДАМ
АНДЫКТАН ЭЧ УЯЛБАЙ ЖАЗА БЕР
Акыл дос, ачуу душман.
#12 12 Февраль 2009 - 18:14
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#13 13 Февраль 2009 - 16:36
Цитата
Рахмат , Барс. Сиздин бу жазганынызды мага берилген бата сыяктуу эле кабыл алдым. Ушинтип кара создо тамтун басып аткан мага оюнузду, кеп кенешинизди айта журунуз. Ошондой эле бул болумдун жалпы эле окурмандарыынн кеп кенешин кутом. Сиздердин назарыныздарда дагы бир ангемече.
#14 16 Март 2009 - 19:04
#15 17 Март 2009 - 13:12
Ар бири - кыргыз турмушунан кичинекей сүртүм болуп калат экен.
#16 18 Март 2009 - 14:58
Кырк жылы кабарсыз кетсем да мен,
Кыйкырып алдымдан чыыгарыыым. ..
Чачтарын ак аралап, өзү да бул убакта бир канча балдардын атасы болуп калган кишинин көздөрү н жумуп алып берилип ырдаган үнүнө н кандайдыр кусалык, энелик мээримди, эркелөө нү сагынган сары кусалык туюлуп турду. Айланадагы адамдардын баары ырга кулак төшөп, тунжурап калышты. Ушул кереметтү ү ырдан улам Ажар ой-санаасы менен өзүнү н чон энесин эстеп кетти.
Бырыш баскан кара- тору жүзүндө жарашкан калы бар, тириликтин айынан колдору да каржайып картайып кеткен чоң апасы, Ажар айылдап келген сайын бекиткен каткан таттууларын берээрге шашып калчу. Аябай эмгекчил эле Айдай апасы, белинин , бутунун ооруганына карабай бүкчүң дөп кечке жаны тынчу эмес. Жайлоого жалгыз чыгып, малын карап, кышка карата майын, курутун белендеп, бир чоң үй-бүлө гө жетчүдө й отун- суусун камдап койчу. Бул убакта үй- жай күткөндө рүнөн кийинки бой уулдары колоктоп бири машинесин зуулдатып айдап, экинчиси кыз жандап жүрүшчү . Абышкасы эрте өтүп кеткенден кийин эмгекчилдиги, сарамжалдуулугу менен катар- катар уул- кызын үйлөп- жайлап Айдай апасы жалгыз өзү бутуна тургузган.. Чоң энесинин үйүнө барган сайын берекеси ашып, азык- оокаты досторконго төгүлү п турчу, келген конокко каймак сүртүп, сары майга бышырган таттуу каттамасы белен турар эле. Жайлоодо жүрүп эле боз эшегин минип алып жакага түшүп, жашылча өстүрү п, күзүндө алардан айылдын келин - кызына салат жаптырчу ”балдарыма деп”, ошондо Айдай апасынан көргөн, тамак ашка кошулчу укроп сыяктуу көк чөптөрдө н бери өстүрү п, аларды кургатып, кышкыга камдап алган сарамжалдуулукту. Энесинин кайраттуулугуна азыр да тан берет. Энеси өткөндө н бери ал үйгө анча да каттабай калды, барса да баягыдай бала чагындагыдай мээримди, берекени таппай келет.
Эстеп көрсө береги ыр тыңшап тургандардын арасындагы аппак көйнөк, ак элечек кийген алтын, күмүш, шуру тагынган бактылуу энедей болуп бир да жолу кийинбеген, курорт эмес мындай эс- алуучу жайларга бир да жолу барган эмес Айдай апасы, уул- келини, кыз- күйөө сүнөн бир нерсени үмүт кылгандын ордуна кайра алардын жетишпегенин бүтөө гө бой урчу. Азыр эстеп көрсө чоң энесинин кулагына тагып жүргөнү күмүш же алтын эмес жөнөкө й эле сөйкө болгон экен...Эсинде жок, өз ата энеси чон энесине деп атап көйнөк жоолук алып бергени такыр эсинде жок.
Аттиң деп алды ичинен Ажар, бул биринчи курста окуп жүргөндө өтүп кетпедиби чоң энеси, алтымыш жети гана жашында улуу уулунун күйүтү нөн өтүп кетти. Азыркыдай бутуна турган мезгилинде тирүү болсо кадырына жетпейт беле. Төрүнө отургузуп, өз колу менен чүйгүндө п тамак жасап берип, береги бактылуу энедей кийбегенди кийгизип, жер таанытып, батасын алмак. Ошондой сыйга татыктуу эле Айдай апасы, дүйнөдө гү мээримдү үлөрдү н мээримдү үсү, балдары үчүн кара жанын как урган жөпжөнө көй эне эле.
Мыкты аткарылган, тургандардын баарын муюткан ырга шатырата чабылган алакандардын дабышынан Ажар ой- санаасынын кучагынан чыгып, көзүнө келген жашты башкаларга билиндирбей аарчып алды.
Билдирүүнү түзөткөн: aruu: 18 Март 2009 - 15:00
#17 18 Март 2009 - 17:04
Дзержинка бульварында орундукта отурган сулуу кызды коруп, ал копко тигиле карап отурду. Сулуу, бою узун, чачы экиге болунуп орулгон, узун, кыйгашынан да, бет мандайынан да ал кыз абдан жакты. Ошол убакта "Кызыл алма" деген киного башкы ролго кыз издеп жатышкан эле. Мына мен таптым деп, суйунучу коюнуна батпай, кантип ал кыз менен таанышып туура тушундорсом деп катуу ойлонуп жатты. Бираздан сон, чыгынып жанына басып келди. Учурашып, ал жайын сурап озун тааныштырып, эмне иш менен келгенин айтты. Кыз унчукпастан угуп отурду ,анткени дегенде аты чыккан, атактуу жазуучунун жанына келгенине бир чети сурдонуп, бир чети сыймыктанып турган. Жолдошу бар экенин айтып, акылдашып андан сон жообун айтамын деп жылмайды. Жаш кыз эмес чон эле адам, кыздын жылмайганын карап, сурдонгонунон кызарып да чыкты, ар куну ушул убакта ушул жерден кызды кутоорун айтып, басып кетти.
Кыздын атына тан калып, кайра-кайра кайталап кетип жатты, унутуп койбойун деп жазып да алды, Махфузахан, Махфузахан, уйгурдун татынакай сулуу кызы, кыргыздарга абдан окшош, шынга бойлуу, кымча бел, ак жуумал, бут жагынан топ келишкен кызды таап алганына кудундап, эртенки кун бат эле келсе экен деп кетип бара жатты. Мына менин "кызыл алмам", режиссерго, художниктерге корсотушум керек деп кыялданып жатты.
Махфузахан копко отурду отургучта, бир чети ишене албай, бир чети абдан суйунуп, шаарга келгенине эки жылдай эле болгон, Жен.педдин экинчи курсунда окуп, ал жакта ырдап, бийлеп, ошол эле убакта жолдошуна да конул бурганга жетишип жатчу. Жолдошу улуттук университетте 5 курсунда окучу. Экоо окуу жайлардын ортосунда болгон кароо-сынактын бироондо таанышышып, жакшы кыз-жигит болуп журушуп, бир жылга жетпей уйлонуп, тутун буулатып калышты эле.
Кантип айтсам эми, Султанмамбетин ото кызганчаак жагы бар эле, обу жок эле кызганып уруш чыгара берчу эле. Султанмамбет дагы кыргыздын татынакай жигиттердин бири эле, бойлуу, козу кок, саргыч келген кадимкидей эле сулуу жигит эле, ал бийлегенде кыздардын баары жабылып карашчу, суйлоп-тамашалаганда кулак салып, тунт коюп угушчу, студенттердин арасында лидер болчу. Коп кыздар жашыруун жакшы коруп, коп жолу экоону бузганга аракет кылышты. Ошого экоо тен туруштук бере алышты, бири-бирин ушунчалык жакшы корушчу, бираз бош убакыт болсо бирге откоргонго аракет кылышчу.
Макул эми болгону болоор деп, кечинде уйго барып айтаарын чечти, да кайрадан сабагына чуркап кетти.
Акыркы сабак бутуп, эшикке чыкса Султанмамбет кутуп турган экен, чуркап барып моюнуна асылып калды. Учурашып, сагынгандарын бири-бирине айтып, кол кармашып Дзержинка бульвары тарапка басып кетишти. Экоо ушул бульварда сейилдегенди жакшы корушчу, акыркы жанылыктарды айтышышып басып барып тушто Махфузахан отурган отургучка келип отурушту. Султан келинчегин эркелетип Мапу деп чакыраар эле. Мапу бир нерсе айталбай жатканын коруп, озу сурап калды эмне болгонун. Мапудан угуп алып негедир журогу бушайман болуп, озун жаман сезип жатты, туюп, тушунуп жатты эмне экенин. Кайра суйунуш керек эле, менин келинчегимди киного тартылууга чакырды деп, Мапусу ошол учун жаралган жан эле деп, ал учун сыймыктанышым керек деп, бирок анте алган жок. Озунун эгоисттик коз карашы бийигирээк турду, Мапу жалан кана мен учун жаралган, менден башка эч кимдин акысы жок, мен-мен-мен деп башында бир нерсе кагылып турду... Маанайы чокконун билгизбегенге аракет кылды, бирок келечектеги психолог аны байкабай калган жок. Дароо эле Султанга киного тартылгандан баш тарттым, макул болгон жокмун деп айта салды, жаман кором киного тартылганды, уялам дагы деп жолдошун кучактап , башын кокурогуно коюп, ар нерсе жонундо тынбай суйлоп жатты. Куугум кирип, экоо уйу тарапка кучакташкан барабар кетип жатышты. Ошол убакта алар сезген жок, келечекте Мапу чакырылган кинонун башкы ролуна Таттыбубу Турсунбаева чакырылганын, Таттыбубуну автор озу коргон сулуу кызга окшоштуруп ошол ролго чакырганын, канча жума катар автор Дзержинка бульварына, баягы орундукка келип отуруп, канча деген окуу жайлардан ошол кызды издегендерин, кочодон кочо кыдырып Махфузахан деген аты бар сулууну издеп сурашкандарын да билишкен жок.Ал убакта суйушкондор алыскы Токтогулда тун баласын кутуп, даярдык коруп жургон эле.
#18 18 Март 2009 - 20:11
P.S.
Аруу, кыргызча тамгаларга ээ болушуң кут болсун!
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 18 Март 2009 - 20:18
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#19 18 Март 2009 - 21:00
#20 18 Март 2009 - 21:08
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 18 Март 2009 - 21:12
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »