азырда айылдалемин,
бул иштердин баары менен жылдасын жылда кундосун кундо кылам, шаарга жашагымда келбейт, айлап жылдап бир барам Бишкеке ошондода башым ооруп чыгат абасынан. Ананда айылдын кыздары ушу жумуштардан качышат, шаарга, чет олкого. Талаада иштегенче Россияга Турцияга барып акча табавыз деп. Арданбай иштешсе не болот, чет олкодо кор болбой.
Кетмен көтөрүп талаада иштеген күндөрдү эстейбиз. Ар бир адамдын башыда бар,шаардыктар да иштеген каникулга айылга келге
#242 29 Ноябрь 2016 - 23:54
Семичка чабат элек.чоп сурот элек.шалы отойт элек.Озубуздукун дагы и акчагадагы иштейт элек.Шалы оток бир кунго 25сомдон эле.семичка кыркым 50сом эле.
#243 30 Ноябрь 2016 - 00:19
Эх айылымды эстесем азыр да кетип калгым келет.Айылдын кыздары кара жумушка бышкан, чыйраак келет эмеспи. Мен дагы жаштыгымды коз алдыма келтирем. Жайдын куну, айылдын салкын абасы кереметго, кере кере, тойо,тойо дем алсан бах чиркин кандай сонун. Апамды, жайлоону, талааларды эскерем. Чоп чабыкта, чомолого чыгабыз, мака чабык, картошка чабык, сабиз отомой, эми айта берсем иши толтура. Ошондо жаман коргон иштерди азыр кээде сагынып кетем. Балалыгым эч нерседен бей капарсыз, баё кезим ошол кундор кайра кайрылып келсе кана. Жайлоонун озунчо туйшугу бээ сааш,уй сааш, эчки сааш, тан заардан баштаган ишин кеч киргенде да бутпойт. Бирок эн эле сонун кундор, талаада, жайлоодо калыптыр эсте калаарлык. Айылымды сагындым.
#244 30 Ноябрь 2016 - 01:13
interaz (25 Ноябрь 2016 - 21:51) жазган:
азырда айылдалемин,
бул иштердин баары менен жылдасын жылда кундосун кундо кылам, шаарга жашагымда келбейт, айлап жылдап бир барам Бишкеке ошондода башым ооруп чыгат абасынан. Ананда айылдын кыздары ушу жумуштардан качышат, шаарга, чет олкого. Талаада иштегенче Россияга Турцияга барып акча табавыз деп. Арданбай иштешсе не болот, чет олкодо кор болбой.
Туура бөтөн жерде иштегендин ордуна талаада кетмен көтөрүп иштеген жакшы кантседа өзүңүн жериңде жүргөнгө не жетсин.
Бирок...бирок деген жери барда. Талаада иш даже өзүн өзү актабай калбадыбы картошкаң сатайын десең 2 сомдон алам деп турушса
Билдирүүнү түзөткөн: atai9292: 30 Ноябрь 2016 - 01:14
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун