Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар... (Ayrı bir aşk gökyüzü var ...)
#1 08 Январь 2021 - 12:55
Автор: Жалгызым (Назик)...
Туркия.
Анда бул сезим жашап жатканына аз эле болду. Көөдөнүн кытыгылап, өзгөчө бейкуттук, анан ошол эле убакта делөөрүтүп шаштырып жанын тынч алдырбай, бир булуттарга алып учуп, кайра жер менен бастырган ажайып бир керемет сезимге кабылды да калды. Баарын унутту, жашап жаткан жерин, коомун, айланасын, бүткөн ою менен кыялы ошол өлкөдө калып кетти. Жүрөгү менен кошулуп өзү да ошол көздөрү шоктонуп оттой жанган жигиттин туткунуна айланды.
-Хаааят?! Хаяяятт!
Чалкыган деңизди тиктеп, өз ааламында бактылуу болуп бирде кабагы ачыла жайнай түшсө, кайра каштарын жыйрып олуттуу боло калып өзү менен өзү сүйлөшүп турган кыз артынан жанатан кыйкырып жаткан курбусун укчудай эмес. Жанына жетип, колдон тарткылаганда селт этти.
-Зелиха?
-Сен эмне болдуң? - деген курбусу кыздын чекесине колун тийгизди.
-Эч нерсе, - деп улутунуп алды кыз.
-Ооруп калдыңбы?
Көзүнө жаш айланган Хаят башын чайкады.
-Анан?
-Зелиха, мен аны сагынып жатам, - деди негедир ыйламсырап.
-Мына жерим башкача күйүп жатат, - деп алып жүрөк тушун колу менен көрсөттү.
-Ал отко бүтүн денем менен куйкаланып бараткандаймын. ..
-Гүлүм менин! - деген Зелиха кызды бооруна басты.
-Өтүп кетет. Болгону чыда. Сен түшүнүүң керек. Ал менен сен такыр бөлөксүңөр. Дүйнөңөр, жашооңор, жагдайыңар башка. Тилиңер, дилеңер жат...
-Жок, бул өтпөйт. Мага демек айдан түшсүн мага айырмасы жок. Мени азапка салган башка нерсе...
-Эмне?
-Анын да менде көңүлү барбы? Бар болсо неге издебейт? Макул келбесин, неге телефон чалбайт? А эгер көңүлү жок болсо неге ошондо антип жалындуу тиктеди? Неге аяр сүйлөп, жан дүйнөмдү ээледи?
Хаят ызааланган жаш бала энесине арызданып жаткандай Зелиханын көкүрөгүнө башын жөлөп ыйлай берди...
-Тентегим, периштем менин! Ал деген актёр да.
-Жоок, анын мени тиктегени жасалмасыз башкача болчу.
Хаяттын ааламын тозуткан да, ага сүйүү күн желесин тарткан да ошол сезим. Болгону жигит да өзүн сүйдүбү? Ошону биле албай убара. Акылы "сениби? Ал сени эчак унуткан!" - десе, жүрөгү "жоок! Ал да сени сендей сагынып, эңсеп жүрөт!" - деп шыбырап улам өчүп бараткан үмүт отун жандырат. Өзү болсо кай бирине кулак төшөп, кай биринин каалоосун угаарын билбей жаны жанчылып жүргөн чагы.
-Жүрчү, съёмка бар бүгүн.
Зелиха тээ машинанын жанында турган жигит буларга карап колун көтөрүп кол саатын көргөзгөндө кыздын жаштуу көздөрүн аарчып колдон тартып машинага чуркады.
Кечинде төшөгүнө келип баш койгон Хаят телефонун алып ошол клипти кайра көрө баштады. Бул биринчи жолу эмес. Күнүнө жок дегенде 10 ирет кайталап көрөт. Тажабайт. Андагы жигиттин өзүн сүйө тиктеген каректерине чөгүп, кайра эле кыялдары талпынып ошол күндөргө алып учуп бактылуу жылмаят. Колунда телефонду кармап жигит экөөнүн түшкөн сүрөтүн карап уктап калган курбусунун үстүн жапты Зелиха.
-Тентегим менин! - деп алып кыздын чачтарынан сылап чыгып кетти.
Ашканага өтүп телефонун алып чыгып, өзү билген номерге байланышка чыкты узак кеткен гудоктон соң "Алло?" - деген шаңдуу үн жооп берди.
*********
Кыргызстан.
Жигиттин ойлуу тартып, бушайманга түшкөн кабагын телефонго келген чалуу жарк эттире ачып жиберди. Тааныш номер. Жүрөгү дүкүлдөп алды.
-Алло? - деди шашылып.
-Мен Зелиха.
-Угуп жатамын.
Жигиттин үнүндө кубануу менен биргеликте толкундоо да жаткан. Жигиттин телефондон ары жагында энтиге дем алып жатканын эле муну туйуп турду Зелиха. "Тентек! Сүйөт турбайбы бул дагы!" - деди ичинде бир эсе кубанса, кайра алдыдагы түйшүктүү келечекти сезип кайгыргандай.
-Ал кыйналып кетти, келбесең болбойт, - деди үн бош чыгарып чарчаңкы.
-Сөзсүз барам! Эртең эле барам!
Алдастап шашкан жигит ушуларды сүйлөп жатты.
-Макул, күтөбүз.
-Рахмат, рахмат сага Зелиха!
-Бул ишим үчүн, көп өкүнөөрүмдү билем... - деген кыз телефонду коюп салды.
-Хаят! Хаятым менин! - деген жигит кудуңдап өзүнө өзү батпай сүйлөнө берди. Ушунча күндөн бери өзүнө ортоктош болуп, сырдашына айланган түндүн өтмөгү тозок эми. Кайра кайра телефондогу Хаяттын сүрөтүнө тигилет.
Таңга маал жумушуна келген Жанар досунун оозу кулагына жетип, өзүн эшик алдында күтүп турганын көрүп таң калды.
-Сен кайдан?
-Сага келдим мен!
-Көрдүм, мындай эрте келүүңө эмне себеп?
-Мен кетип жатам!
-Кайда?
Эшикке жетип аны ачкыч менен бурап жаткан Жанар токтоп калып досун карады.
-Стамбулга!
-Акылыңдан ажырадыңбы? - деди да эшикти ачып ичкери кирип кетти. Артынан кирген досу дагы эле шаңдуу сүйлөп жатты.
-Билбейм, ажырасам ажырагандырмын. Эмне болуптур?
-Эй сен ким үчүн баратканыңды унутпа! - деди Жанар ачкычты стол үстүнө ыргыта креслого олтуруп жатып.
-Хаят үчүн!
-Өмүр?! - деди Жанар ачуусу менен кыйкырып.
-Сен акылыңды жыйчы! Болбогон нерсени ушунчасында жыйыштыр! Сен барганда эле ал жадырап тосуп алмакпы?
-Зелиха чалды. Хаят кыйналып...
-Макул, ал да сүйөт сени дейли анан? Мындан экөөңөргө тең пайда жок! Баары бир келечегиңер бир болбогон соң не кыласың кызды кыйнап?
-Бир болот көрөсүң! - деди Өмүр көктүгүнө салып.
-Сен бир жагдайды унуттуң көрүнөт баатыр!
-Ооба, улутубуз эки башка, тилибиз бөлөк. Бирок биздин жан дүйнөбүз, жомогубуз, сүйүүбүз бир да.
-Айдайчы? Аны эмне кылмакчысың?
Жанардын бул сөзүнөн соң ортодо жымжырттык өкүм сүрдү. Чын эле жогорудагы сыноолорго караганда Айдай бул үчүн чоң көйгөй. Өмүрдү кыйноого салып жанын эзген маселе да мына ушунда.
-Билбейм, - деди чечкинсиз.
-Бил! Билишиң керек! Сен бирөөгө үмүт байлап берип анан аны жарым жолдо таштап кете албайсың!
-Мен Хаятты сүйөм!
-Убагында Айдады ушундай дегенсиң! - деди досу Өмүрдү сынай карап.
-Ооба, бирок Хаятты мен такыр башкача сүйдүм. Жөн эле, сүйдүм да калдым. Арбалдым. Багындым. Оргуштап, жалындап турган жүрөгүм анын көздөрүн көргөндө ушундай тынч алат. Мелтилдеп аккан булактай мемирейт. Ал башкача, такыр башкача.
-Албетте башкача! Ал деген Хаят, түрк кызы! - деди Жанар баса белгилеп.
-Жөнчү, кыскасы ошол бүгүн түш ченде учуп кетем.
-Өмүр! Толо съёмкалар бар! Интервью...
-Баарын токтот!
-Тентек!
-Айдайга да эч нерсе дебе, баарын келип өзүм түшүндүрөм.
-Албетте түшүнсө, - деди Жанар дагы эле ачуусу таркай электей.
-Түшүнөт, чарасы жок башка....
Түркия...
Саат түштөн өтүп, шам түшүп калса да Хаят төшөгүнөн козголбой жата берди. Бөлмөсүнө кирген Зелиха терезеге тартылган оор пардаларды ачканда башын жуурканга катып алды кыз.
-Зелихаа менин тургум келбейт!
-Мажбурсуң!
Хаятка жакын келип колдон тартты.
-Жайыма койчу! - деген кыз колун силкип алып кайра төшөгүнө кулады.
-Өзүңдөн көр, анан мага таарынып жүрбө. - деген Зелиха чыгып кетти. Бир аздан соң эшик коңгуроосу басылды. Токтоочудай эмес.
-Зелихаааа?! !
Хаят жаткан ордунда кыйкырды.
-Зелиха дейм ач эшикти!
-Мен душтамыын! Ачып койчу, тамак заказ кылгам! - деген Зелиханын үнүн укканда ордунан козголду кыз. Үстүнө халатын кийип, чачтарын чала оңдомуш этип эшиккк жетип ачты. Ачты да катты. Көздөрүн чоң ,чоң ачып ирмегилеп жиберди. Анткени маңдайында өзүн жылмайып тиктеп Өмүр турган. Кыз эмне кылаарын билбей эшикти кайра жаба салды. Түшү же өңү экенине акылы жетпейт. Аңгыча кайра дагы коңгуроо. Чуркап жуунучу бөлмөгө жетти.
-Зелихаа! Ач боол, батыраак!
-Эмне болду? - деген курбусу жай чыгып келе жатты.
-Сен, сен жуунган жок белең?
-Жок, сени турсун деп.
-Баарын сен кылдыңбы?
-Эмнени?
-Эшик алдында Өмүр турат.
Дагы коңгуроо басылды.
-Баар ач, мен.. мен үстүмдү которуп алайын..
Хаят шашкан бойдон бөлмөсүнө чуркады.
Конок бөлмөсүндө үчөө маңдайлаш олтурушат. Хаят колдору менен көзүн Өмүрдөн бекитип уялып жатты. Ал ансайын жигит муну кадала карап жыргап олтурат.
-Экөөңө котормочунун кереги жок, Өмүр сен билесиң да биздин тилди.
-Сен кайда? - деди шашкан Хаят.
-Сүйүктүүм менин. Менин бир канча жолугушууларым бар! Кеч көрүшөбүз, - деген Зелиха сумкасын көтөрүп чыгып кетти.
Ортодо үнсүздүк. Көзүнүн кыры менен жигитти тиктесе дагы эле өзүн жылмайып карап турган экен.
-Тиктебе антип! - деди Хаят.
-Сагындым да!
Кыз эриндерин тиштегилеп тим болду. Бир эсе эрте мененки абалы менен көрүнгөнүнөн уялып жатса, экинчиси толкундоо, сүйүнүч бүт денесин апкаарытып жиберди.
-Айланабыз! - деди жигит бир убакта Хаятка колун сунуп.
Шарпылдап толкуну бой бербей өзүн жээкке уруп, кайра артка тартылып жаткан деңизди бойлоп басып баратышты. Колдорун бекем кармап алышкан. Экөө тең үнсүз, сөзсүз түшүнүштү дилдеги сагынычтарын. Көөдөндөгү көлкүп ташкан сүйүүлөрүн. Мындай сүйүү, мындай мамиле,мынчалык үнсүз түшүнүшкөн каректер чанда кездешер. Болбосо жашоо образынан тарта, тили, дили бөтөн адамдар эмес, бир тилдүү канчалаган түгөйлөр түшүнбөстүк менен эки жолго түшүшөт. Ал эми бул экөө үнсүз гана түшүнүп, сөзсүз сүйлөшүп жатышты.Баары кантип башталды эле? Ушул чанда экөөнүн тең көз алдыларына ошол күндөр тартылып жатты...
#2 08 Январь 2021 - 16:58
jindirak (08 Январь 2021 - 12:57) жазган:
**********
-Оххоо кандай керемет ,кандай гана кооздук?! - деди Хаят агарып атып келе жаткан таңды көрүп.
-Жаапчы терезени!
Зелихага уйку таттуу болуп, бир жагынан таңкы муздак соккон жел терезеден кирип жука кийим менен жаткан кызды чыйрыктырып жиберди. Жуурканды үстүнө жаап алды да ары карап жатты.
-Сен ажайып кооздукту көрүүдөн кур каласың.
-Бул жакта дагы бир жума турабыз, андыктан үлгүрөмүн, - деди Зелиха уйкуга көшүлүп.
-Бул өлкөдө ар бир таңдын атышы өзгөчө. Бири - бирине окшобойт.
Хаят бул сөздөрдү өзүнчө сүйлөй берди. Чыйрыгып үшүп кеткенине карабай апакай жүзүн шамалга тосо көздөрүн жумуп турду. Тентек жел да кыздын бул кылыгын жактыргандай жүзүн аймалап өөп, тармал чачтарын ар тарапка учуруп ойноп жаткандай. Ушул эле учурда тушундагы балкондон карап турган жигиттин сулууга көзү түштү. Чачтары ойнок шамалга иретсиз чачылып, маңдайындагы сулуунун жүзүн көрүүгө тоскоол болуп жатты. Узун жука жамынган апакай халатынан келишимдүү келбети даана билинип турат...
Кыргызстан менен Түркия мамлекеттери эл аралык достукту бекемдөө максатында, эки өлкө ортосунда театр жана кино жаатында бир нече келишимдер түзүлүп, маданий оюн - зоок программаларын ишке ашырууну белгилешкен. Ошол максатта тажрыйба алмашууга бир нече жаш актёрдук чеберчилиги бар студенттер жана театр өкүлдөрү Кыргызстанга келишти. Алгач эле келген конокторду көл жээгиндеги пансионаттардын бирине эс алууга жайгаштырышкан. Булардан сырткары кыргыз театрынын өкүлдөрү жана актёрлор да ушул жерде эле. Түндөсү келип эле уйкуга кетишкен коноктор, таңкы тамакта баары менен таанышышты. Төрт жаш кыз менен үч мугалимдери келишкен. Хаят жаңы гана кыска метраждуу кинолордо жана клиптерде рол жаратып келе жаткан. Баары чоң столго жайгашышты. Бири - бирин жакындан таанып, маек кыйла кызуу жүрдү.
-Сен кандай конок кыздар келгенин көрбөй калдың да! - деди Жанар бөлмөгө кирип уйкуну сазайын берип жаткан Өмүрдү түртүп.
-Бар кетчи!
-Чын айтам, сулуу кыздар.
-Айдайга жетеби? - деди Өмүр көздөрүн жумган калыбында.
-Ашат андан!
-Айдайдан ашкан сулуу болсо таанышышым мүмкүн.
-Айдай уруксат берсе албетте, - деди Жанар Өмүргө телефонун сунуп. Экранда Айдайдын бажырайган сүрөтү чыгып чалуу келип жаткан.
-Алло?
Өмүр уйкусураган үн менен унчукту.
-Эй сен эмне уктап жатасыңбы?
-Ии,
-Уйкучу десе, мен сени келген коноктор менен сууга түшүп кеткен го дегем.
-Кызганчаак! - деди Өмүр Айдайдын кызганып кеткенде ачуусу келип кеткен жүзүн эстеп.
-Эфир кандай өттү?
-Дайымкыдай, - деди Айдай.
-Келесиңби?
-Көлгөбү? Жан деп жаныңа учуп бармакмын, бирок билесиң го жумушумду.
-Макул жан.
-Кыздарды карабай жүр! - деген Айдай телефонду койду.
Өмүр көздөрүн ачып,шыпты тиктеген калыбында чалкасынан жата кетти. Негедир көз алдына таңга маал көргөн, жүзүн тармал чачтары жаап калган кыз тартылды. "Сулуу болсо керек!" - деп ойлоп алды.
-Эмне болду? Өпкөңдү үзөм бирөөгө каш каксаң дедиби Айдай?
Жанар үнсүз жаткан Өмүргө тийише сүйлөдү.
-Ошентти.
Өз ойлору менен алек болгон Өмүр адатынча тамашалап жооп бергендин ордуна ушинтип гана койду. Оюнда болсо эрте мененки периште. Жүзүн өз алдынча элестетип, мээсинде сүрөтүн тартып жатты.
Хаят менен Зелиха элдерден бөлүнүп өздөрүнчө сууга түшкүлөрү келди. Хаят чачын төбөсүнө байлап биринчи сууга кирип кетти. Жээктеги кумда олтурган Зелиха телефондо бирөө менен сүйлөшүп алаксып түшө элек болчу. Жаш кезинен сууга сүзүүгө аябай кызыгып, жакшы өздөштүргөн Хаят улам сүзүп олтуруп жээктен кыйла алыстап кетти. Бир убакта Зелиха кызды таппай калды. Тээ суудан араң колдорун көтөрүп кайра көрүнбөй кетет, бир убакта гана барып жетти Хаяттын жардам сурап жатканы. Сербеңдеген колу колу көрүнүп, көрүнбөй улам сууга кирип кетип жатты.
-Жардамгааааа! !
Зелиха чаңырып жиберди. Жакын арада эч ким көрүнбөсө да, кыйкыра берди.
-Жардааам?! Жардамгаааа? !!!
Өз тилинде бакырып жаткан кыз, эч ким укпаганын көрүп, акыры орус тилинде кыйкырганга өттү.
Ошол убакта Жанар менен Өмүрбек фотосессия үчүн жай издеп жүрүшкөн. Ызылдаган кыздын кыйкырыгынан жетип келишти. Зелиха сүйлөөгө чамасы келбей колу менен суу тарапты көргөздү. Алгач Өмүр артынан Жанар сууга киришти. Бир аз убакыт өтүп Өмүр колуна кызды көтөрүп жээктеги кумга жаткырды. Суу болгон чачтары жүзүн тосуп, кыз эсин учун билбей суналып жатты. Чачтарын алып кыздын аппак периштедей жүзүнө тигилип бир саамга катып калды Өмүр. Мынчалык сулуу, мынчалык тунук жанды биринчи көрүшү эле. Суу болгон каш кирпиги төгүлүп, кырдач мурду менен кыпкызыл болон эриндери... Аны эсине келтирген Зелиханын ыйы болду. Дароо ылдый болуп олтуруп кызга жасалма дем алдыруу берип, колдору менен жүрөк тушуна массаж жасап жатты. Колу менен оозун жаап, көздөрү алайып үн чыгарбай коркуп турган Зелиха качан Хаят какап жибергенде "уууфф" - дей салды. Хаят улам окшуп оозуна кирип кеткен сууну кусуп жатты. Өмүр кызды куткарууга кийимин да чечпей сууга кирген эле. Бир убакта барып бир аз өзүнө келген кыз айланасын тиктеди. Зелиха ыйлап да, сүйлөп да жүрөт. Жанар анын жанында, Өмүр кызды тиктеп туруптур. Ары жакта турган сүлгүнү алып кыздын үстүнө жапты да, кызды колуна так көтөрүп жакын жердеги медициналык жардам көрсөтүүчү жайга алып жөнөдү. Ал жерден кызды текшерип баары жайында деп жиберишти.
-Конок кыздар аба ырайы мындай болгон учурда сууга түшүүгө болбойт, - деди Жанар пансионатка келгенде.
-Ооба, түшсөңөр да анчалык алыска кетпөө керек, - деди Өмүр да кошумчалап.
-Рахмат сиздерге, ыраазыбыз аябай!
Зелиха булар менен орус тилинде сүйлөшүп жатты.
-Баса мен Зелиха! - деди Өмүргө кол сунуп.
-Өмүр!
-Биз сизди эрте мененки тамактанууда көрбөдүк эле.
-А мен..
-Хаят! - деди кыз колун сунуп.
-Өмүр.
Экөөнүн каректери кайра чагылышты. Кыздын бакырайган каректери ушунчалык сүйкүмдүү көрүндү Өмүргө. Түшүнүксүз, бирок жагымдуу бир сезимге алгач ирет кабылды. Кайрылып турган капкара кирпиктерин ирмегилеп турган пери алгач тартып алды көзүн.
-Экөөбүздүн ысымыбыздын мааниси бир экен, - деди Өмүр кызды жандай басып.
-Өмүр?
Хаят акцент менен кайталап койду.
-Ооба Өмүр - жашоо деген. Силерде Хаят.
Кыз жылмайды. Жылмайганы да керемет экен. Ууртунда жылдыз жангандай таттуу болуп кеткеничи..
#3 25 Январь 2021 - 15:22
jindirak (09 Январь 2021 - 00:36) жазган:
********
Ушинтип башталды баары. Таң калычтуу бирок экөөнүн ысымдары бир маанини билдирип, кесиби бир, ойлору, кыялдары да окшош эле. Болгону эки башка улут... "Эмне болуптур?" - деп ойлоду алгач Өмүр. Дүйнөдө кем бекен эки улуттан үйлөнгөндөр. Керек болсо миңдеп, жүздөп саналат... Бактылуу эле өмүр сүрүп жатышпайбы? Биз да алардын катарын толуктайбыз деп ойлоду. Бирок андан башка маселе бар. Адам баласынын жашоосунда ушул "бирок" - деген сөз чоң ролду ойноп коёрун ал кезде Өмүр билбесе керек. Бул жөн гана сөз эмес, керек болсо тагдырлар болоору али түшүнө кирбеген. Анын эң чоң бирогу Айдай болчу...
Айдай. Ооба бул теле алыпбаруучу кызды артынан жүрүп анан көңүлүн алган, сүйгөн, сүйөм дечү. Жашоосунда капысынан Хаят пайда болгонго чейин. Ал эми Хаятты бир көргөндө сүйдү. Алгач досу айткандай жөн гана адаттагыдай сулуу кыздарды көргөндө кармачу шумпайлыгы деп түшүнгөн, бирок андай эмес экенин кыздын көздөрүнө караган сайын түшүнүп баратты. Бой таштап чөгүп кеткен ошол кыздын мекениндеги деңиздей көк көздөрдөн эми эч качан чыга албасын аңдап жетти.
Өмүр Каныбекович. Жаш, талантуу жигит. Өлкөгө белгилүү жеке ишкердин жалгыз уулу. Төрөлгөндөн жашоосу каймак үстүндө өттү. Катар кыздардан соң тиленип төрөлгөн эркек. Атасынын ишеничи, сыймыгы. Негедир кыздар Өмүр дегенде башкача болуп кетишет. Мектепте, окуу жайда, кийин теледен тааныла баштаганда да артынан чуркаган кыздар көп болгон. Көздөрү оттой жанып, күлмүңдөп турган жигит кимди болсо кызыктырбай койбойт. Ырас жигиттин жашоосунда да кыздар көп болгон, мамиле курганы да аз эмес эле. Кыздар менен түзгөн мамилесинин эң узагы 3 ай болсо, эң кыскасы бир жума. Ушул аралыкта эле баягы көзүнө укмуш көрүнгөн перисинен тажай түшөт. Же адам өз адамын таба албаса мына ушундай абалага келеби? Өзүнүн жан дүйнөсүн түшүнгөн, жүрөгүнүн ээси болгон инсанга кезикмейин ушинтип издеп жүрө береттир. Ал кыздардан өзү да билбеген бир өзгөчөлөктү издечү. Маңдайлаш келген, алдынан чыккан ар бир перинин көздөрүнө карап түшүнүксүз бир сезимди кыдырчу, анын жан дүйнөсүнө кирип, аңтарып бирок өз көксөгөнүн таба албай, жаны жай ала албай кайра атылып аккан суудай ташкындап өзүн таштан ташка урган булактай ар селкинин кучагына урчу. Теледеги бир программага чакырылганда Айдай менен таанышкан. Кыздын ачык айрым, шайыр мүнөзүнө төп келген сулуулугуна кызыкты. Анткени Айдай менен эч качан ээрикпейт адам. Дайым укмуш идеяларды ойлоп таап, кызыктуу маектеш. Өмүргө негедир ушундай адам керектей сезилди. Шаңдуу жүргөн, эч качан капа болбогон шок кыз керек болчу. Экөө алгач дос болуп жүрүп акырындап гана кыз - жигит мамилесине өткөн. Айдай кызганып жүрүп, Өмүрдү бир топ эле токтотту. Өмүр өзү да акыры Айдай менен калган жашоосун элестетип атүгүл жакынкы арада колун суроону пландап жүргөн. Анан эле баац!! Күтүүсүз бурулуш, тагдырдын биринчи сюрпризи! Маңдайында Хаят пайда болду. Жашоосунун акырына чейин Айдай экөөнө түзүп алган планын самандай сапырып кирип келди кыз. Аны көргөндө баягы көөдөнү көксөп, көңүлү эңсеген белгисиз сезимди таап алгандай, миңдеген кара көздөрдөн көрбөгөн бир сулуулукту ушул тунуган көк көздөрдөн көргөндөй арбалды да калды. Тармал чачтуу бул кыз Өмүрдүн тилин түшүнбөсө да, анын дилин жан дүйнөсүн түшүнчүдөй бул жалгандагы, ай ааламдагы өзүнө эң жакын адам ушул кыздай сезилди...
Булардын оргуштап ансыз да сыртка чыга албай турган кайнак, жалындуу сезимдерин күүлөнтүп ансайын бири - бирине чырмалуушусуна түрткү болгон нерсе, экөөнүн бир клипке тартылуусу болду. Көлдө жүрүшкөндө кыргыз эстрадасына белгилүү ырчы клип тарттырып башкы каармандарга Хаят менен Өмүрдү сунушташты. Экөө тең макулдугун беришти. Клипте эки башка улуттагы кыз жигиттин махабаты чагылдырылды. Адатта дайым өнөктөшүнөн кыйкым таап, аны жүдөтүп бир нече дубль менен тартылган Өмүр бул жолу эч кандай каршылыгы жок тартылып берди. Кала берсе клип эң жогорку деңгээлде бүттү. Экөө каректерин кылгырта бирин - бири ушунчалык сүйүү, суктануу, ашыктык менен тиктеп турган кадрлар клипке өзгөчө көрк берди.
Съёмка учурунда Өмүр кызга жакын келгенде, жигиттин ысык деми ансыз да күйүп турган кыздын жүрөгүн куйкалап өткөндөй болду. Кыз узун кирпиктерин көтөрүп Өмүрдү тиктеди. Стоп! Дүйнөдөгү болгон кыймыл, ааламдагы бүт кубулуш ушул мүнөттөрдө, ушул ирмемдерде токтоп калсачы... Хаяттын кулактары тунуп чыкты, экөө тең айланасындагы болгон тирүүлүктү унутуп ай ааламда экөөнөн башка жан жоктой бул дүйнө өздөрүнө гана тиешелүүдөй баарына кол шилтеп турушту. Мындай кумарлуу тиктешүү канчага созулаар эле, балким түбөлүк...
-Снято! - деген үндөн селт этишти...
Хаят өз мекенине кайтты. Өмүр болсо өз жашоосуна. Бирок экөөнүн тең жашоосу мурункудай эмес. Өмүр тапканын кайра жоготуп алгандай, жүрөгү тынч албай карбаластайт. Бир убактары жашоосуна щаң кошкон түнкү клубтар, ичимдик, күйөрман кыздардын колдоосу деле Өмүрдү кубанта албай жатты. Ушуга чейинки өзү үчүн маанилүү деп келген жашоосундагы нерселер эң маанисизге айланды. Жада калса Айдайга көңүл бурбай калды. Ар дайым "чарчап жүрөм" - деген шылтоону айтып андан өзүн алып качат. Болгон ойлорун Хаяттын элеси ээлеп алды. Ага байланышууга да такыр болбоду. Бир нече жолу чалганда Зелиха сүйлөштүрбөй койгон. Клиптин презентациясы болуп Түркиядан Хаят менеджери Зелиха экөө видео байланышка чыгышкан. Кыз кеткенден бир ай өтүп биринчи жолу кайра көрдү. Сагыныптыр. Ооба ушунчалык сагыныптыр. Хаяттын экран артында жылмайган жүзүн көрүп жүрөгү элжиреп кетти. Жада калса ушул мүнөттө өзүнө өзү ушунчалык таң калып турду. Кызды мынчалык сүйө алаарын, сагынаарын билбеген... Бирок сүйлөшө албады, өзүн тиктеген көздөрдөн корунду.
-Өмүүүр?!
Акыркы күндөрү жигитинин такыр өзгөрүп башкача мүнөз күтүп калганын Айдай байкап жүргөн. Өмүрдүн чарчадым дегенине өзүн ишендиргиси келсе да, тээ көңүлү негедир түпөйүл тартып туруп алды. Мына азыр да өзү маңдайында олтурганы менен ойлору башка жакта.
-Ооу? - деди жигит чоочуп.
-Сага эмне болду?
-Эч нерсе... бүгүн чарчасам керек
-Жок, бүгүн эле эмес. Сен жакынкы үч айдан бери ушул абалда жүрөсүң. Эмне маселең бар?
-Маселе деле жок , - деди жигит көздөрүн кыздан ала кача.
-Анан?
-Эмне анан? Чарчап жүрөм.
-Эс алып келели анда шаардан сыртка чыгып.
-Кайда?
-Тоого.
-Койчу, - деген Өмүр кол шилтеп алдындагы эчак муздап калган кофесин ууртады.
-Фуу эй! Эмне могу?!
-Муздаган кофе! Алып келгенине бир саат болду.
-Чын элеби?
Өмүр шашып кол саатын карады.
-Бир сааттан бери жаныңда олтурам. Мени жоктой элестетип, өзүңчө ойлонуп олтурасың. Айтасыңбы?
-Эмнени? - деген Өмүр күнөөлүдөй унчукту.
-Эмне болуп баратканыңды?
-Айдайка, кел башка күнү. Азыр болсо кетүүм керек.
Ордунан козголгон Өмүр кыздын маңдайынан өөп сыртка чыгып кетти.
Айдай болсо ошол ордунда сыртка жаңы гана тамчылап жаткан жаанды терезеден тиктеп олтура берди.
Өмүр сыртка чуркап чыкты. Көкүрөгү ушунчалык кысылып кеткен экен, асмандан түшкөн тамчыга жүзүн тосуп терең дем алып алды да унаасына түшүп кетти. Ошол түнү Стамбулдан Зелиха чалган. Анан мынтип Айдайга да айтпастан, баарына кол шилтеп Хаяттын алдына учуп келди...
-Үшүдүңбү? - деген Өмүр үстүндөгү күрмөсүн чечип жанында олтурган Хаятка жаап койду.
-Качан кетесиң?
-Эмне мени кууп жатасыңбы мекениңден?
Өмүр кызды өзүнө тартып салкын желге ыргалып маңдайына түшкөн тармал чачтарын колдору менен алды.
-Жоок!
Негедир Хаят шыбырап сүйлөдү.
-Куусаң да кетпейм! - деген Өмүр да кызга жакын келип мурдун тийгизе шыбырап койду.
-Сөз бересиңби?
-Сөз берем!
-Тентек! Эмне деп сөз берейин деп сурап койсоң боло? - деди Хаят Өмүрдү кучактап.
-Айырмасы кайсы, сен үчүн бардык нерсеге сөз берем.
-Чын элеби?
Хаят Өмүрдүн көкүрөгүнө башын жөлөп сурады.
-Чын эле. Сенчи?
-Эмне мен?
-Мени менен кетесиңби?
Хаят башын көтөрүп жигитти тиктеди. Көздөрү баягындай жанып, от болуп турат. Кыз башын ийкеди.
-Хаятым!
-Ашкым!
-Хаят, баары болот. Албетте бир заматта эмес. Акырындык менен. Сен мени күтө аласыңбы?
-Күтөм...
Экөөнүн шыбырашып сүйлөшкөнүн улам жээке урунган толкун үнү тыңшап кайра артка кайтып жаткандай...
#4 25 Январь 2021 - 16:32
Өмүр Кыргызстанга кайтты. Баягы соолуп, жашоодон үмүтүн үзгөн адамдай түнт тарткан Өмүр жок. Мурунку кебетесине кайтып, көздөрү бактылуу жымыңдайт. Түз эле досу Жанарга келди.
-Салам!
Столунда фотосессиянын жыйынтыгын көрүп олтурган Жанар башын көтөрүп жылмайып турган Өмүрдү тиктеди. "Тим эле чоң эрдик жасагансып жыргап алганын кара?.." - деп алды ичинен.
-Оо салам! Сенин артыңдан баралы деп атканбыз.
-Эмнеге?
-Эми сени күйөө бала кылып түрктөр алып калдыбы деп...
-Койсоңчу, аларда ала качуу салты жок, - деди Өмүр да тамаша аралаштыра досу менен кучакташып көрүшүп жатып.
-Ии мынча Берлинди басып, душмандарды багынтып келгендей бактылуусуң?
-Берлин эмес, бир перинин жүрөгүн багынттым. Бул деген Берлинди багынткандан да оор иш да.
-Туура айтасың, бирок сен үчүн оңой да...
Жанар какшык аралаш унчукту.
-Эмне жаңылык менен келдиң? Же тойго айтып келдиңби?
-Шашпачы тойго, андан көрө өзүңөрдө эмне жаңылык?
Өмүр эки бутун кайчылаштыра олтуруп столду колдору менен черткилеп алды.
-Сен жоголуп кеткен бир жума ичинде, эки жарнамалык ролик токтотулуп, жыйынтыгында келишим бузулду. Бир студия биз менен иштешүүнү токтотту. Тиги сен сөз берген ырчы келе берип эшигимди жыртып бүтмөй болду.
-Кайсы ырчы? Эмне деп сөз бергем?
-Мына сага! Ким экениңди да унутуп калгыча сүйдүңбү тияка барып?
-Жөн айтсаң?
-Клипке түшүп берем дедиң беле?
-Аа, ооба эстедим. Унуткан турбаймынбы? Анан? Башка бирөөнү таптыбы ал?
-Кайда табат? Сени күтүп жүрөт..
-Ммдааа!!
-Айдайчы? - деди Өмүр акырын.
-Эмне телефонуңду карай элексиңби? - деген Жанар да жактырбай сүйлөдү.
-Жок.
-Издеди. Тополоң салды. Күндө чалып жатат байланыштыбы деп. Байкуш сарсанаа деле болду го.
-Эмнеге сарсанаа болот?
-Дайынсыз кетип калсаң анан бир жума. Бирөө өлтүрүп кетпедиби деп кече күнү ыйлап чалган.
-Тентек кыз, ойлобогону жок мунун! - деп сүйлөнүп алды Өмүр өзүнчө.
-Сен жинди немесиң го! Анан кантип ойлосун байкуш кыз. Эч кандай түшүндүрбөй эле жоголуп кетсең.
-Сага айтып кетпедимби? Бирдемке ойлоп таап койбодуңбу?
-Өмүр! Сен эмне Айдайды билбейсиңби? Бирдемке эмес, чөнтөгүңө катып алсаң да көрсөт дейт. Өлүп калса өлүгүн көрөм дейт. Анан мен ага сени сүйүп калып Стамбулга учуп кетти дешим керек беле?
Өмүр үндөй албады. Жанар туура айтат. Айдайдын кандай экенин унуткан сыяктуу.
-Качан айтасың ага? - деди Жанар бир аздан соң акырын.
-Билбейм, качан эмес кантип айтам деген маселе ойлондуруп жатат.
-Эми ойлондуруп жатабы э?
-Жөнчү сен да мээмди жебей! Ансыз да Айдай азыр жанымды сууруп алат...
Күн уясына жаңы гана кызарып батып бараткан. Өмүр Айдай иштеген телевидениенин алдына келип унаасында кызды күтүп олтурду. Оюнда айтчу сөздөрүн даярдап, улам кайталап жатты. Алгач албетте ыйлайт, чыр салат. Же жаактан ары чаап салып басып кетер бекен. "Ооох, неси болсо да тезирээк болуп бүтсө экен!" - деп алды Өмүр. Мына кыз көрүндү. Адатынча шиш такасын такылдатып чыгып келе жатат. Алыстан сигнал берди. Жалт карады Айдай. Унаасынан түшүп турган Өмүрдү көрөөрү менен учуп жөнөдү. Келип эле мойнуна чап жармаша асылып алды.
-Айдаай!
-Чыыыш!
Кыз унчукпастан Өмүрдүн кучактап, анын моюнунан искеп алып кыйла турду.
-Айдайка!
-Тентек!
Кыздын үнү буулугуп чыкты.
-Ээ сен эмне? - деген Өмүр кызды кучагынан бошотуп өзүнө каратты. Карагаттай көздөрү жашка толуп туруптур.
-Ыйлаганы турасыңбы?
-Кайда жүрдүң?
Айдайдын бул сөзүнө кошулуп карегинде ирмелип турган жашы да мөлт эте кулап түштү.
-Тирүүмүн го,
-Таш боор! Эмне мага байланышкан жоксуң?
-Сен мени ушунча сүйөсүңбү?
Өмүр эмнеге мынтип сурады өзү да билбейт. Анткени кыздын абалын көрүп боору ооруй түштү. Баягы өзү тааныган Айдай жок. Шалпайып арыктап, өңдөн азып кеткендей көрүндү.
-Сүйөм! - деген кыз кайра Өмүрдүн кучагына бой урду.
Титиреген колдору менен кучагында өзүн бекем кучактап турган кыздын чачтарын сылап жатты. Анын ушул абалын көрүп туруп кантип башканы сүйүп калдым дейт? Кантип экөөбүз бөлүнөлү дейт. Жанатан даярдап келген сөздөрдүн бирин да айта алган жок. Өзүн ушундай сүйүп, берилип турган адамга кантип түшүндүрө алат эми? Өмүр эми гана Жанар досу безилдеп жаткан тандоосуз жолго түшүп алганын аңдап жетти. Тандоо болгондо да өмүрү тең, жанын сууруп алчудай сыноолуу тандоо боөот окшобойбу? Бири жүрөгү сүйгөн кыз, экинчиси өзүн жүрөгү менен сүйгөн, өзү үмүт берген кучагындагы кыз. Кайсы бирин тандай алат? Айдайдын көңүлүн оорутпай кантип баарын түшүндүрөт? Заматта Өмүрдүн мээси чыңалып, башы кадимкидей ооруп чыкты. Анан Хаятка баары акырындап болот дегенин эстеп өзүн ич - ичинен алдап жатты. "Акырындык менен айтам Айдайга, түшүнөт!" - деди.
Түркия...
-Хаят?
-Ооу?
-Өмүр эмне деди?
Хаят Өмүр деген ысымды укканда жылмайып алды. Акыркы күндөрү укканда эле эмес, ойлогондо да өзү да билбеген абалда жылмайып алмай адат таап алган.
-Эч нерсе, - деди Хаят ошол калыбында жылмайып.
-Оо кудай! Бул кыздын эси ооп калыптыр. Жаныңда бир жума жүрдү, эч нерсе деген жокпу?
-Зелихаа!
-Эми кызык да.
-Үйлөнөбүз!
-Иии! - деген Зелиха оозун колдору менен жаап алды.
-Сен акылыңдан ажырадыңбы?
-Эмне болуптур?
-Хаят, Шахин Йылдырым дегенди унутуп калбадыңбы? - деди Зелиха кызга жакын келип.
-Жок!
-Өтө сонун унутпасаңыз сүйүктүүм!
Зелиха кол чаап койду.
-Мен ага сөз берген эмесмин.
-Туура,сен бербедиң. Бирок тиги алыскы Аданада жашаган кары ата энең берген да.
Хаят каштарын жыйрып алды.
-Менин жашоом өз колумда.
-Хаят! Жаным, гүлүм менин!
Зелиха кыздын жанына келип чачтарын сылады.
-Шахин сени коюп жибербейт, бул бир. Экинчиден өзүң деле ойлочу атаң менен апаңдын, тиги түрмөгө түшүп, Шахиндин жардамы менен чыккан байкеңдин тагдыры сенин колдоруңда. Сен өзүңдү гана ойлой албайсың. Кала берсе сенин мындай жашооңо Шахиндин жардамы чоң.
-Мунун баарына өзүм жетиштим.
-Хаят, Хаят!
-Сени Аданадан алып келген Шахин! Студияларга чалып сени тымызын дайындап келген да Шахин. Сен керек болсо чыгармачылыктын түйшүгүн тарпадың, түз эле каймагынан баштадың Йылдырым деген фамилиянын жардамы менен. Болбосо сенин могу сулуулугуңду жч ким көрбөй Аданада кыштак аялдарындай күнүмдүк жашоо кылмаксың, же болбосо шоу бизнесте мынча ийгиликке жетүү үчүн эмне деген адамдардын колунан өтмөксүң. Шахин Йылдырым сенин оюңча мунун баарын жөн эле жасады дейсиңби? Ушунча жылдан бери сага эч кимди тийгизбей асырап келе жатат. Анан алыстан келген бирөөгө кармата салат деп ойлоп жатасыңбы? Жооок, Хаят ханым! Баары сен ойлогончолук оңой эмес. Жада калса кече ал жигит менен ээрчишип жүргөнүң да Шахинге жетти. Көрөсүң келет алдыңа...
Хаят жүзүн колдору менен тосуп ыйлап жиберди. Чын эле Шахин Йылдырым дегенди такыр оюна албаган экен.
#5 26 Январь 2021 - 02:58
jindirak (26 Январь 2021 - 02:12) жазган:
*********
-Хаят!
Эрте менен уйкуда жаткан кызды Зелиха түрткүлөдү.
-Эмнеее?
-Карачы муну? - деген Зелиха телефонду көрсөттү. Анда социалдык тармактардын биринде Хаят менен Өмүрдүн жетелешип жүргөн сүрөттөрү жайнап кетиптир. Кара көз айнек тагынган Өмүр деңиз жээгинде кызды кучактап маңдайынан сүйүп жаткан сүрөттөр да турган.
-Эч ким көрбөдү эле... - деди Хаят шалдырап колундагы телефонду ыргытып.
-Эмне экөөң көчөдө силерден башка адамдар бар экенин унутуп салдыңарбы?
Аңгыча Зелиханын телефонуна чалуу келди. Экрандагы Шахин бей деген жазууну көргөн экөө бирин - бири тиктеп калды.
Так эле бир сааттан соң Шахиндин ишканасынын алдында турушту.
-Эмне ал мени менчиктеп алыптыр беле? Өзүм чечем жашоомду!
-Азыр алдына кирип ушинтип айтасыңбы? - деди Зелиха маңдайындагы бийик, кооз имараттан көзүн албай.
Алар имаратка кадам койгондон баштап, сылык сүйлөп тосуп алган Шахиндин жардамчысы Зелиханы башка бөлмөгө алып өтүп, Хаятты Шахиндин жанына алып чыкты. Аппак болуп чоң терезелери бар, түркүн гүлдөр менен кооздолгон кенен бөлмө. Бөлмөнүн ортосундагы бири - бирине маңдайлаш коюлган стулдун биринде Шахин олтурган экен. Хаят кирип эле эшик оозунда туруп калды.
-Кутман күн, - деди акырын кыз.
-Хаят ханым! Келиңиз?
Шахин ордунан туруп кызга жакын келип колдорун кармап өөп койду да, өзү олтурган столго баштап келди.
-Кандай келдиңиздер? - деди кыздан көзүн албай тиктеп.
-Жа- жакшыы Шахин бей... рахмат.
-Сиз менен маектеше элегибизге көп болуптур. Чыгармачылык жакшыбы?
-Ооба.
Жанатан "кирем да баарын айтып салам" - деген кыздагы эрк кайдадыр жоголуп кеткендей бүжүрөп калды. Шахиндин сакалдары өсүп маңдайында жагымсыз күлүп турганын тиктеген кыз экөөнүн кайчы келип кесилишкен тагдыр жолун эстеди.
Анда Хаят болгону 16 жашта болчу. Алыскы Аданада ата апасы менен өмүр кечирип жүргөн. Хаят үй бүлөөдө эң кенжеси, өзүнөн чоң эки эжеси жана бир байкеси бар. Эжелери түгөйлөрүн таап өз турмуштарын куруп кетишкен. Булардын үйүндөгү трагедия байкеси болчу. Анын жалкоолугу жана жоопкерчилиги жоктугу болду. Жаштайынан жоопкерчиликсиз өскөн байкеси эр жеткенде деле акыл кирбеди. Анын шоктуктары өзү чоңойгон сайын чоңоюп бара берди. Алгач көчөдөгү досторуна кошулуп мушташкан, коомдук тартипти бузган сыяктуу иштер менен полиция кармап кетсе бара - бара чоң кылмыштарга өтө баштады. Өздөрү жашаган райондогу абдан бай жашаган адамдын үйүн тоногону киришкенде сигнализация иштеп кетип, шериктери качып кетип кутулуп байкеси кармалып калган. Хаяттын атасы канча аракет кылып кайжерлерге чуркабасын уулун куткарып кала албады. Акыркы сот болгон күнү Хаят да барган, ал эми үйүн тоноткон адамдын жакын санаалаш досу катары Шахин барган. Ошондо байкесине 11 жыл бергенде чыркырап , уулу үчүн кечирим сурап ыйлаган атасына жармашып ыйлап жаткан Хаят Шахиндин көзүнө урунган. Кыздын апакай наристеникиндей аруу жүзү, али булгана элек каректери Шахинди арбап алды. Ошол күндөн Шахин кыз жана анын үй бүлөсү тууралуу болгон маалыматты тактап жүрдү. Кыздын актриса боло турган кыялынан баштап кабардар болду.Бир күнү атасы эшиктен кубанычтуу кирип келди.
-Хаят кызым сени менен бир адам таанышат экен.
Короодогу гүлдөргө суу куюп олтурган кыз эшик тарапты карады.
-Ким ата?
-Кана кызым тааныш Шахин Йылдырым!
Кыз баш ийкеп гана койду. Ушинтип Шахин деген адам менен Йылдырым деген "сыйкырдуу" фамилия кыздын жашоосуна аралашты. Сыйкырдуу дегени ал фамилияны укканда көбү сестенип тураарын, ал фамилия аркылуу эле көп иштер бүтүрүн кийин түшүнүп жетти. Атасы наадан уулун түрмөдөн арачалап калам деп, кызын кимдин колуна салып бергенин ошол убакта түшүнгөн жок. Деги эле Хаяттын ата энесине окшогон карапайым калк бул адамдын ким экендигин билишпейт болчу. Атүгүл Хаят өзү да билбейт. Болгону ал адам эл ойлогон бизнесмен эмес, өлкөгө, чоңдорго таасири бар экенин гана аңдап жетти. Ал эми кызын салып берген атасы өмүрүнүн акырына чейин Шахиндин ким экенин билбей кетти.
Шахин Йылдырым жашы кырктагы жеке ишкер. Хаяттан эки эсе чоң бул адам кызды көргөндө эле көңүлү түшкөн. Кызды Стамбулга алып келип окууга киргизди, кыялын орундатты. Абакта жаткан байкесин чыгарып, Аданада жашаган ата апасынын жашоолорун оңдоп койду. Хаят Зелиха айткандай шоу чөйрөнүн ыплас оюндарын көрбөдү. Баштаганда эле эң кымбат журнал бетине чыгып, эң таанымал телевидениеге чакырылып, престиждүү фотостудияларда фотосессия өткөрүп жүрдү. Эң кымбат актриса жана моделдердин катарына кирди. Ушунун баарын Шахин тымызын жасап жүрдү. Хаяттын жаш туруп мынча таанымал болуусуна Шахиндин салымы чоң...
-Хаят ханым!
Хаят Шахиндин үнүнөн селт этти.
-Угуп жатам.
-Сиз буга түшүндүрмө бере аласызбы?
Шахин ноутбукту Хаятка буруп андагы Өмүр экөөнүн сүрөттөрүн көрсөттү. Шахин өзү кыздан бир нече жаш чоң болсо да, негедир кызга сиз деп кайрылчу.
-Мен...
-Хаят ханым сиз мындайга жол берүүңүз мүмкүн эмес экенин билесиз да.
-Шахин бей, мен ал адам менен, - деп келе жаткан кыздын сөзүн Шахин бөлүп жиберди.
-Хаят биз сүйлөштүк, бүгүн прессадан бул жаңылыктар алынат. Кайра мындай болбойт деп үмүт кылам.
-Жок Шахин бей. Алгач мен сизге мага, менин үй бүлөөмө көрсөткөн чоң жардамыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Чын жүрөгүмдөн сиз үчүн дуа кыламын. Сиздин менин ийгилигимде салымыңыз чоң. Бирок мен жеке жашоомду өзүм чечким келет.
Шахин маңдайында бүжүрөп олтурган кыздын көздөрүнө карады. Өзү кичинекей, назик болгону менен ошончо да эрктүү экен.
-Мен ал адамды өзүм тандадым. Бул менин өз чечимим.
Шахин кулактарына ишенбей турду. Али кызды наристе, балапан көрүп аяп бапестеп жүргөн. Өзгө түгүл өзү да тийбей келген. Анан бул качан мынтип сүйүп калууга үлгүрдү.
-Мага уруксат берсеңиз, мен кете берейин, - деген Хаят тыкылдап эшике жете берген Шахин кыйкырды.
-Токтооо?! !
Кыз ошол жерде катты.
-Эч кайда барбайсың! - деген Шахин кызды келип каруудан ала өзүнө каратты. Ал ушул кызды тааныган жылдар ичинде биринчи жолу сен деп кайрылып, биринчи жолу кызга үнүн бийик чыгаруусу болду.
-Шахин бей...
-Хаят! Мен сенин мындай кылууңа жол бербейм! Сен меникисиң!
Шахиндин колдору Хаяттын ээгине жармашты. Катуу кармап кыздын көздөрүнө карап сүйлөп жатты.
-Сенин тагдырың менин колумда. Атаң өз колдору менен мага тапшырган. Менден эч кайда кете албайсың, бул жөнүндө ойлонбо дагы.
Акырын кыздын жүзүнө жармашкан колдорун коё берип, Хаяттын көздөрүнөн аккан жаштарын колу менен аарчып жатты.
-Бул тема башка козголбойт деп ишенем. Ал эми тиги тоодон келген ханзааданы өзүң жолуна сал, болбосо мен чара көрүүмө туура келет.
-Жоок, жоок!
Хаят ыйлап жатып ушуларды шыбырап жатты. Аңгыча Зелиха бөлмөгө баш бакты.
-Хаят!
-Зелиха, биз Хаят менен сүйлөшүп алдык. Үйгө бара берсеңер болот, жигиттер узатып коёт, - деди өз иш столуна өтүп баратып. Зелиха кучагында титиреп ыйлап жаткан Хаятты жөлөп сыртка чыккыча шашты. Унаага келип кызды салып өзү ролго олтуруп айдап жөнөдү. Ошол замат артынан Шахиндин жигиттери эки капкара джип менен келе жатышты.
-Адамдарын койду, - деди Зелиха унаанын алдындагы күзгүдөн карап алып.
Хаят өксүп ыйлап жиберди.
-Ээхх Хаятым, Хаятым! Сен эмнени күтүп келдиң эле? - деген Зелиха Хаяттын бүктөлүп ыйлап жатканын көрүп боору ооруп кайгыра кетти.
Ошол күндөн Шахин өз жигиттерин Хаяттар жашаган үйгө койду. Бардык телефон чалуулары көзөмөлгө алынды. Интервью, съёмка, студия баарына жандаган жигиттер менен барып калды Хаят. "Кандай жол менен болсо да Өмүргө байланышуу керек." - деп ойлоп жатты.
#6 26 Январь 2021 - 15:23
jindirak (26 Январь 2021 - 09:11) жазган:
******
-Айдайка?
-Ии,
-Муну карасаң, бул Өмүр го э? - деген курбусу Айдайга телефонун сунду. Анда Өмүрдүн бир кыз менен жетелешип, кучакташып тургандары бар экен.
-Бул кайдан?
-Өмүр Түркияга барып келиптир го, бул жанагы кыз да экөө биргеликте клипке тартылган.
Айдай көздөрүн ирмегилеп телефонду узун манжалары менен жылдырып окуп жатты. Сүрөттүн астындагы жазылган маалыматта бул сүрөттөр Түркиянын Стамбул шаарында тартылганын, эки жаштын сүйүүсү ошол клиптин соң от алып кеткендигин жазышыптыр.
-Сен билет белең?
-Жок, - деди Айдай сүрөттү жакындатып көрүп.
Өмүр кызды кучагына басып турган экен. Жүрөгүн кызганыч ээлеп, мээсине тээп чыкты. Телефон кармаган колдору муштум болуп түйүлө калды.
-Хаят Озан. Түркиялык белгилүү актриса, модель. Айдайка эмне ушинтип кала бересиңби?
Курбусунун жанында жебиреп кулагын жеп жаткан сөздөрүнүн бирин укса, бирин укпай жатты.
-Айдай дейм!
Жазгүл курбусу сөздөрүн укпай жатканын түшүнүп түрткүлөдү.
-Сага өзүм чалам!
Айдай шашыла ордунан туруп, телефон менен сумкасын көтөрүп кафеден чуркап чыкты. Кызганычтан өрттөнүп жаткан көөдөнү ачыштырып, сыртка атып чыккан кыз унаасына олтуруп жөнөп кетти. Кичинекей, аппак колдору ролго жармашып улам ылдамдыкты көтөрүп жатты. Көз алдында Өмүр менен тиги кыздын бактылуу жылмайган сүрөтү. "Кантип ушундай болсун? Өмүр ушуга бармак беле? Баары чечилип, баары соңуна келгенде ал мени таштап кетеби? Менчи? Менин сүйүүмчү? Ушунча убакыттан бери ал мени сүйгөн жокпу? Жок! Жооок! Өмүр мени гана сүйөт. Ал меники! Азыр алдына барам, баарын түшүндүрүп берет. Тиги кыз көңүл ачуу үчүн керек болгондур. Биз, биз үйлөнөбүз дегенбиз да. Папам, мамадар билет да баары. Анан кантип?!" Айдайдын башында айланган бул суроолордун бирине да жообу жок болчу.
Өмүр менен биргеликте тартуучу топ жаңы гана студияда эфирге даярданып жатышкан.
-Бул жакта эфир жүрүп жатат, мүмкүн эмес! - деген кыздын сөзүн да укпастан кирип келди Айдай. Чыккан ызы - чуудан баары дым боло энтиге кирип келген Айдайды тиктеп турушту. Кыз өзүн караган көздөрдүн көбүнөн таң калууну окуса, жарымы боору ооругандай аяп карап турушат. Демек көпчүлүк билген.
-Айдай, эмне болду? - деди Өмүр кызга жакын келип. Айдайдын кебетесин көрүп таң кала, кайра чочугандай.
Алдына келген Өмүрдү кантип жаака чаап жибергенин өзү да билбей калды кыз. Ызага муунуп, алкымына келген кызганычты ары түртө албай турганда жигиттин эч нерсе болбогондой бейкапар жүргөнүн көрүп ого бетер жини келди.
Өмүр жаагын кармалап айланадагыларды карап алды. Алар акырын бирден чыгып кетип, студиянын ичинде жалгыз Айдай менен Өмүр калышты.
-Мен түшүндүрүп берем дегем.
-Качан? Мынтип айыбың ачылып баары билгендеби?
-Ошол жоголгон бир жума кайда жүрдүң?
-Айдай, келчи жакшылап сүйлөшөлү.
-Жооп бер дейм!
Айдай кыйкырып жиберди. Ошол убакта гана Өмүр эки жагын карап буларды камера тартып жатканын түшүндү.
-Жүрчү! - деген жигит кызды каруудан ала сыртка жетелеп жөнөдү. Сыртка чыгып, кызды унаага салып айдап жөнөдү.
-Токтот!
-Бул жерде сүйлөшчү маселе эмес, - деди Өмүр жолдон көзүн албай.
-Эмне? Элдин көзүнө көрүнгөндөн уялып жатасыңбы?
-Айдай!
-Эмне Айдай?!
-Суранам тынчтан, болбосо экөөбүз сүйлөшө албайбыз.
Айдай терезени карап алды. Анын ары карап ыйлап жатканын титиреп жаткан денесинен билди Өмүр. Шаардын сыртына чыгып токтогон унаадан биринчи кыз чуркап түштү. Артынан Өмүр.
-Айдааай?!
Өмүр бутун чечип алып чуркап бараткан кыздын артынан кыйкырды. Кайжерге чейин чуркап келди белгисиз, бир убакта деми кысылып аба жетпей баратканда токтоду Айдай. Ээн тегиздиктеги саргарган чөптүн үстүнө жата кетти чалкалап.
-Тур, кийимиң булганды! - деди Өмүр жетип келип ылай аралашкан чөптө жаткан кызды колдон тартып.
-Кийим?
Айдай жылмайды.
-Менин көңүлүм булганды! - деди жаштуу көздөрүн жумуп.
-Айдай, жаш бала эмеспиз. Тентек болбочу. Сен качсаң эле бүтүп калчу иш эмес. Баары бир ушундай болмок!
-Кандай?
-Сага айта албай жүргөм, - деди Өмүр күнөөлүдөй кызга катарлаш олтура.
-Мени алмаштырганыңдыбы?
-Айдай, кечирип кой. Билем азыр кандай сөз айтсаң да мага жарашат. Мен ошого татыктуумун. Бирок...
-Эмне бирок?
-Айдай мен сүйүп калдым!
-Эмнеее?!
Айдай узун кирпиктер жашырынган капкара көздөрүн ирмегилеп алды.
-Ооба сүйүп калдым. Кечир мени. Сенин алдыңда күнөөм тоодой экенин билем. Ошондуктан бул сүйлөшүүдөн качып, улам артка жылдырып келе жаткам. Мен сүйүүгө кабылдым. Сен экөөбүздө баары чечилип, баары дайын болуп калганда мен ага жолуктум. Жолуктум да ошол издеп жүргөнүм, жүрөгүмдүн каалоосу анда экенин билдим. Кайдан билдиң дээрсиң, бирок чын жүрөк өз теңин, өз адамын жазбай тааныйт деген туура экен. Алгач сен сыяктуу мен да бул нерсени кабыл алгым келбеди. Ал жөнүндө ойлонбой, анын элесинен жаа бою качсам да өчөшкөнсүп көз алдыма келет да турат. Жада калса мен сенден аны издей баштадым. Сенин көздөрүңдөн аны көргүм келчү. Туура бул жеткен акылсыздык! Түркөйлүк, өзүмчүлдүк. Мен мынтип сен экөөбүз курган кыялды, бирге баштаган бакытты уратууга акым жок болчу. Сени калтырбашым керек эле. Бирок Айдай түшүнчү, мен аракет кылдым. Мен ансыз жашоого, болгон күчүм менен аракет кылдым. Үч ай. Мен жинди болуп кала жаздадым үч айда. Көрсө кечиккен экем. Ага кабылганда эле, ал кызга беттеш келгенде эле мен жүрөгүм менен кошо акылымды уурдатыпмын. Ал кеткенде жашоомдун болгон боёгун, кызыгын өзү менен алып кеткендей болду. Эч нерсе мени куткара албады. Ооба Стамбулга бардым. Анын көздөрүн көргөндө гана мен кайра дем ала баштадым. Жүрөгүм согуп, мен жашоого кайтып келгендей болдум...
-Сен, сен эмне деп жатасың?
Айдай жүзүн жууган жаштарын арчып салууга да чамасы келбей Өмүргө суролуу тигилди.
-Мен мындай болуусун каалабагам. Айдай сен сонун кызсың, сен мыкты айымсың. Сен кол жеткизсиң. Мен сага татыктуу боло албадым. Көрөсүң, өз бактыңа, мен сыяктуу өз сүйүүңө жолукканда азыр ыйлаганыңды эстеп күлөсүң.
-Жоок!
Айдай олтурган жеринде колдору менен кулактарын жаап алды.
-Уккум да келбейт! Өмүр мен сени сүйөм!
Айдай Өмүрдүн көздөрүнө карады. Жаштуу, капкара сулуу каректер... "Оохххх! " - деп алды Өмүр. Бул кыздын сынган көңүлүн кантип калыбына келтире алат эми?! Бул күнөөсүз өзүн карап турган көздөрдөгү жашты кантип сүртөт. Ооба билет, сүйөт бул тентек кыз өзүн. Керек болсо Хаяттан миң эсе күчтүү сүйөт. Миң эсе жалындуу сүйөт. Бирок өзү жооп бере албайт да мунун мындай таза сезимине...
-Кечир мени! Кечир Айдай!
Өмүрдүн оозуна башка сөз келбеди. Ушул сөздөрдү кайталап кызды бооруна басып тура берди.
Түн бир оокумда Айдайды үйүнүн алдына алып келди.
-Машинам калып кетиптир, - деди кыз чарчаңкы.
-Мен жеткирип келем.
Айдай унчукпастан унаадан түшүп баратканда Өмүр колдон кармап калды.
-Айдай!
-Эмне?
-Сен мени кечирдиңби?
Кыз жооп берген жок.
-Айтчы? Айдай, сен мени кечирбесең мен бактылуу боло албайм! Суранам кечир мени! Кечирдим дечи?
-Жок! - деди Айдай.
-Кечиргеним жок. Балким эртең, балким кийин кечирем. Бирок азыр эмес, - деген кыз унаадан түшүп үйүнө кирип кетти.
Үстү башы бир абалда, бут кийимин колуна көтөрүп, чачтары жүдөп, көздөрү ыйлай бергенден кызарып кеткен кызын эшик алдынан апасы тосуп алды. Босогодо турган апасын көргөн Айдай чоочуп кетти.
-Мама, эмне жатпай жүрөсүң?
-Ай кыз! Кебетең кантет сенин?
-Чарчадым, - деди экинчи кабатка көтөрүлүп баратып.
-Кайда жүрөсүң? Сарсана болдук го?
-Эмнеге? Келдим го тирүү, жата бергиле!
-Айдаай!
Артынан кыйкырып кала берген апасын да укпастан бөлмөсүнө кирип ошол бойдон керебетине кулады.
Түшү же өңү экенин билбейт, көздөрүн ачса апасы менен сиңдиси жанында чебелектеп жүрүшкөн экен. Апасы ыйлап алган. Кайра көздөрү аңтарылып кетти.
#7 26 Январь 2021 - 16:14
Өмүр Айдай айтып бир эсе жеңилдеп алса, кече түнкү кыздын абалын эстеп сарсанаа болуп жатты. Эрте мененки тамактанууга түшкөндө апасы күтүп олтурган экен.
-Кутман таң! - деди апасынын жүзүнөн сүйүп.
-Олтурчу сөз бар!
Апасы тамак даярдалган столго эмес, жумшак диванга келип олтурду.
-Эмне болду?
-Эмне болду? Мен сенден сурайын деп жатам эмне болду деп?
-Мага эч нерсе.
-Көрдүм интернет бетин каптаган жаңылыктарды. Сен балага жин тийдиби?
-Эмнеге апа?
-Айдайга эмне дедиң?
-Эч нерсе, апа бул биздин жашообуз, кече Айдай экөөбүз жакшынакай болуп сүйлөшүп алганбыз.
-Ии кыйратыптырсың! Айдай ооруканада экен. Түн жарымда алып кетишиптир.
-Эмне? Эмне болуптур? Өзүнө бирдемке кылыптырбы? - деди Өмүрдүн көздөрү чоңоюп.
-Сен билесиң да!
-Тентек кыз! Ушуну кылмак ал! - деген Өмүр ордунан туруп сүйлөнө эки жака басып жатты.
- Айт эмне дедиң?
-Апа бул Айдай экөөбүздүн жашообуз, демек чечимдер да экөөбүз каалагандай болот.
-Туура экөөңөр каалагандай! Бирок сен өзүң каалагандай калчап атпайсыңбы?
-Апа укчу мени? Мен чын эле ал кызды сүйүп калдым! Айдай экөөбүздүн келечекти көрө албай койдум. Азыр кол үзүшкөнүбүз жакшы, кийин өмүр бою бири - бирибизди бактысыз кылып өткөндөн көрө.
-Сен акылың ордундабы? Кайсы кызды сүйүп калдың?
-Хаят! Хаят Озган.
Өмүрдүн апасынын көздөрү чоң чоң болуп кетти.
-Эмне мени жинди кылайын деп чечтиңби сен?!
-Апааа?
-Бул жөнүндө башка сүйлөшүүнү каалабайм. Биз Айдайдын ата энеси менен да келишип бүткөнбүз. Болду менин келиним Айдай гана болот. Азыр тур да Айдайга бар! - деген Жибек баласына катуу айтып ордунан туруп кетти.
Өмүр башын кармалап алды. Ооба ушундай болоорун алдын ала эле билген болчу. Атүгүл бүт каршылыктарга даяр болуп жүрдү эле го. Баары акырындык менен болот. Апасы да түшүнөт, кабыл алат. Улуту башка болгону менен мусулман го, демек мүмкүн. Бул сыноолордун баарын жеңет. Тагыраагы Хаят экөө биргеликте жеңишет. Ооба ушинтип убадалашкан болчу. Муну ойлонткон маселе бир жумадан бери Хаят менен байланыш үзүлдү. Эч кандай байланышууга мүмкүндүк болбой жатат. "Деги тынч болсо экен" - деп алды ичинен.
Ооруканага келип, Айдай жаткан палатага баш бакты.
-Айдай Стамова!
Өңү кубарып жаткан кыз Өмүрдү көрүп алсыз жылмайды.
-Кел!
-Бул сага! - деген Өмүр көтөрө келген бир букет гүлдү керебеттин жанындагы столго койду.
-Рахмат, - деди Айдай.
-Эмне коркуттуң баарын? - деген Өмүр кыздын колдорун кармады.
-Сен да корктуңбу?
-Ооба да, корктум.
-Чын элеби?
-Чыпа - чын! Өзүн бирдемке кылып алган го деп жүрөгүм түштү.
-Анчалык акылсыз эмесмин. - деди Айдай.
-Кече суук тийген го,
-Балким.
-Сен акылдуу жансың Айдай!
Кыздын бозоргон жүзүн сыдырып дагы жашы чууруп түштү.
-Ыйлабачы. Мен баары бир сени бактылуу кыла алмак эмесмин. Менин кылыктарымдан кыйналмаксың. Азыр убагында токтогону жакшы...
Айдай жооп берген жок. Жөн гана көз жашын агызып,эрдин кесе тиштеп жер тиктеп олтура берди.
-Сени жакшы көрөм! - деген Өмүр өйдө болуп кыздын чачтарынан өөп чыгып кетти. Ал кетери менен жанында турган букет гүлдү ыргытып жиберип бакырып ыйлап алды Айдай. "Мен сени сүйөм! Жүрөгүм менен, бүт дүйнөм менен сүйөм! Керек болсо сенсиз дем ала албай калам! Сени бирөөгө берип, сага бакыт тилеп олтура бергенчелик алсыз эмесмин! Мен сени бактылуу кылууга күчүм жетмек! Өз бактым үчүн күрөшө алам! Көрөсүң сен мага кайрыласың! Сенин менсиз бактылуу болооруңа жол бербейм. Мен тирүү экенмин, эч качан менсиз бактылуу боло албайсың! " - деп жатты Айдай.
Өмүр жаңы гана ооруканадан чыгып, унаасына олтурганда кол телефонуна чалуу келди. Чет жактын номери. "Хаят" - деп алды жүрөгү дүкүлдөп.
-Алло?
-Ашкым! - деди кыздын шыбыраган үнү.
-Хаятым! Кандайсың? Амансыңбы? Сага байланыша албай жатамын.
-Өмүр, шашылышмын убакыт тар. Бул узун окуя барганда сөзсүз айтып берем. Мага аңдуу коюлган. Суранам мени алып кет, бирок өзүң Стамбулга келе көрбө, - деп жатты кыздын шыбыраган үнү.
-Эмне болуп жатат? Ким аңдуу коёт? Эмнеге?
-Ушул номерден өзүм байланышка чыгам, ага чейин сен байланыша көрбө.
-Хаят...
-Дагы чаламын.
Тут- тут, туут. Өчүп калды. Өмүр эч нерсеге түшүнгөн жок.
Хаят Шахиндин койгон адамдарынан эч кайда качып кете албай жүрдү. Бир күнү белгилүү дизайнердин жаңы коллекциясына фотосессияга тартылууга сунуш түшүп ошол жерге барышкан. Ал жерде мындан бир нече убакыт мурун таанышкан актёр жигит өзүнө өнөктөш экенин көрүп кубанып алды. Анткени ал менен мамилеси жакшы болчу.
-Ооо, Хаят Озган!
-Бураак? Кандайсың?
-Сонун! Кел олтур.
Экөө аябай жакшы сүйлөшүп олтурушту, ал эми Шахиндин койгон адамдары Хаяттан эки, үч кадам гана алыстыкта жүрүштү. Анткени ким менен кандай сөз сүйлөшүп жатканын калтырбай Шахинге айтып берүүлөрү зарыл. Тартуу иштери башталганда съёмка талаасында Хаят Буракты сөзгө тартты.
-Бурак,мага жардам керек.
-Кандай?
-Чыыыш, эч кимге билдирбе экөөбүз сүйлөшүп жатканыбызды, күлүп сүйлө. Образдан чыкпа.
-Түшүнбөдүм, - деди Бурак жылмайып Хаят айткандай сыр бербей.
-Шахин аңдуу койду, мага телефон керек. Жаңы.
-Түшүндүм.
-Эртең дагы съёмкага келебиз, телефонду алып келип, аялдар ажатканасындагы терезеге кой. Эч ким билбегидей болсун.
-Хаят, ал жака мени кир дегени турасыңбы?
-Жолун тап, суранам. Бул мага аябай маанилүү.
-Мага карызсың.
Хаят жылмайып койду. Экөөнүн бул сүйлөшүүсүн ызы чуу болуп тартуу учурунда эч ким байкаган да жок. Эртеси түшкү тыныгууга убакыт берилгенде гана ажатканага келген Хаят терезеден телефонду алды. "Азамат! " - деп алды ичинде Буракты алкап. Анан ошол аркылуу Өмүргө байланышка чыккан болчу. Съёмка төрт күнгө созулат экен. Бир жумадан соң ошол коллекцияны элге тартуулоо кечеси өтөт. Төрт күн ичинде Хаят Өмүр менен байланышып, Өмүр Кыргызстандан электрондук билетти коллекцияны тартуулоо күнүнө алдыртты. Хаят ал кесеги модел катары чакырылган, албетте Шахин да болот. Эми анын көзүн жазгырып качып кетүү гана калды. Аземге кийчү кече көйнөгүнөн сырткары спорттук кийим алып чакан сумкасына салып алды. Өзү менен башка эч нерсе алган жок. Кыргызстанга жетсе эле болду.
#8 27 Январь 2021 - 11:14
jindirak (26 Январь 2021 - 21:12) жазган:
*******
-Апа мен баарын чечкем!
-Жок! Эч качан мындай болбойт!
-Болот!
-Өмүр!
-Эмне апа? Жашоо меники.
-Мени апам десең ал чечимиңден кайтасың!
-Эмне мага тандоо коюп жатасыңбы?
-Койдум тандоо,эми өзүң чеч!
Мына ушул тандоо, мына ушул чечим Өмүрдүн жашоосун өзгөрттү. Чыгып кетти үйдөн. Атасы белек кылган унаасын да албастан чыгып кетти. Өзү чыгармачылыкта иштеп жүрүп сатып алган бир бөлмөлүү студия тибиндеги батирине келди. Уулунун кеткенин көргөн Жибектин жүрөгү канчалык сыздап турса да кайтат деп ойлоду. Бир ,эки күн ушинтип жүрүп келет кайра деп өзүн сооротуп жатты. Анткени Өмүрдүн мындай кадамга баруусу биринчи жолу эмес болчу. Дайым ата энеси менен ортодо түшүнбөстүк жаралганда үйдөн кетип калчу. Бирок унаасын минип кетет эле. Бул жолу унаасын да таштап кетти. Ал эми Өмүр чын эле жашоосун башкадан, жаңыдан баштагысы келди. Апасы эмес азыр бүтүн дүйнө каршы турса да бул чечимден кайтпайт. Баары бир кечиришет деп ойлоду. "Азыр эмес, бирок убагы келгенде баары өз жолуна түшөт, Хаят экөөбүздүн бактылуу жашаганыбызды көрүп акыры баары бизге жеңилет!" - деп өзүн ишендирип жатты. Ооруканада жаткан Айдай Хаят менен Өмүр үйлөнгөндүгү тууралуу кабарды угуп бирөө баштан ары чаап жибергендей селейди. Кабарларда жазылып турган сөздөрдү кайра - кайра окуп жатты. Үйлөнүштү. Бул шоу чөйрөгө резонанс жараткан окуя ушунчалык бат болуп кетти. Анан да алардын үйлөнүү тойлору тар чөйрөдө, аябай жупуну өткөрүлдү. Хаят кийген апакай жөнөкөй көйнөк да аны ушунчалык сулуу көрсөтүп турган. Жупуну өткөн үлпөт той, жасалгасы жок машина, сенсация , аншлагы жок болсо да алардын ушунчалык бактылуу экендиктери сүрөттөн көрүнүп турган. Кыздар кыялдангандай жомоктогу үлпөт той өткөрүлбөсө да азыр ушул тапта Хаятка баары көз артып турган. Алардын бакыты суктанарлуу эле. Бирин - бири үзүлө тиктеп турган каректеринен бакыттын, сүйүүнүн учкундары чачырап жүздөрү албырат. Өздөрү да тим эле куп жарашкан түгөйлөр болушуптур. ..
********
Мына ошол көптөн күткөн да, корккон да тобокелге салган күн да келди. Хаят бөлмөсүндө ата энесине жазган катын кармап күзгүнүн алдында көпкө өзүн карап турду. Дагы бир жолу чыгарып жаткан чечимин ойлонуп жатты. Акыл менен кеңешип чечим чыгарганда эч качан бул кадамга бармак эмес. Анткени үй бүлөөсүн таштап, жанын тобокелге салып качып бараткан адамы ишеничтүүбү? Тагдырдын тикендүү жолуна туш келгенде итерип салып басып кетпейби? Өзүн, келечегин ишенип тапшырып салганын актай алабы? Мунун баарын билбейт. Хаятты делөөрүтүп, алдыга сүдүрөгөн, бир гана сезимдер. Ага карай желдей учуп, бүтүндөй эс - акылын бийлеген да сезимдер. Сезимге таянып чечим чыгаруу бул жеткен акылсыздык! Ооба акылы бар адам,дал ушинтип айтмак. Бирок сүйүп калган адамчы? Эстен тангыча, жашоосунан кечип жибергидей даражада сүйгөн адам кандай демек? Ооо ушул тилсиз, үнсүз махабаттын айынан эчен кылымдардан бери канча баштар алынып, канча баатырлар зынданда чириди экен. Ушул эч кимге багынбаган, эч бир күчкө бой сунбаган сүйүүнү деп не деген окумуштуулар жер кезип дербишке айланышты дейсиң?... Ушул сүйүү деген не бир касиеттүү, не бир азаптуу сезимди деп эмне деген тагдырлар талкаланып, кандай гана окуялар болуп кетпеди экен. Кээ бири сүйүүгө каргыш айтып чыркыраса, кээ бири алкыш айтып кубанды... Сүйүү - адамзаты чече алгыс, башына түшсө башкара алгыс дагы бир дүйнөнүн бүтпөгөн табышмагы... Анын алдында улуу ойчул менен акылсыз наадан, колунда бийлиги бар мансаптуу менен кийерге кийими жок кедей, баатыр менен коркогу бирдей. Бул сүйүү улуу державаларды башкарган падышасын да чөгөлөтүп салган. Сүйүү деп кандай гана залкарлар өткөн... Ал эми Хаят менен Өмүр ошолордун арасындагы кичинекей бирок чоң сүйүүгө туш келген дагы бир көр пенделер...
"Апа, ата мени кечиргиле! " - деп алды кыз көкүрөгүнө катты басып.
-Хаят даярсыңбы? - деген Зелиха бөлмөгө баш багып көздөрү жашка толуп турган кызды көрдү.
-Ушунчалык сулуусуң! - деди курбусун кучактап.
-Зелиха, апам менен атама түшүндүр. Алар мени кечиришпейт. Бирок...
-Жок жаным, кечирет. Ата эне баласынын бактылуу экенин көрсө жетиштүү. Сен жөн гана бактылуу бол!
-Сөзсүз бактылуу болом!
-Азаматсың! - деди Зелиха курбусунун жүзүнөн сылап.
Стамбулга эле эмес дүйнөнүн жарымына аты чыккан белгилүү дизайнердин жаңы коллекциясы көрсөтүлүп бүтүп, кечки азем башталды. Койкоюп турган келбетине көйнөгү ансайын жарашып Хаят бул кечеде көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ошондуктан Шахин кызды кечке жандап, жанынан кадам жылбай жүрдү. Учууга убакыт жакындаган сайын Хаяттын тынчы кете тыбырчылап алды. Бир убакта кеченин күнөөкөрү дизайнер жигит ушул коллекциясынын демөөрчүсү катары Шахин Йылдырымды атап ага ыраазылык айтып аны сөзгө чакырды. Шахин сөзгө чыгып сүйлөп жатканда Хаят көпчүлүктүн катарына кошулуп акырындык менен артка сүрүлүп чыгып кетти. Дароо алдын ала Бурактын жардамы менен даярдалып коюлган бөлмөгө өтүп, кийимин алмаштырып отелдин арт тарабы менен аэропортко учуп жөнөдү. Шахинге улам белгилүү телевидение, журналдардан келген журналисттер суроолорду берип жатып кыйла кармалып калды. Бир убакта гана көпчүлүктүн арасынан Хаят менен Зелиханы издей баштады.
-Шахин бей айтсаңыз сиз бул коллекцияга демөөрчү катары гана жардам бердиңизби же ортодо башка келишимдер дагы болдубу? - деген жаш кыздын суроосун жоопсуз калтырды.
-Кечиресиздер мен барышым керек!
Дароо алдын торогон жооп топтон суурулуп чыгып жигиттерин чакырып Хаятты тымызын издөөгө өтүштү. Бүт отелди түрө кыдырып чыгып да таба алышкан жок. Жер жуткансып Зелиха да, Хаят да жок. Короодо Хаяттын унаасы токтоп турат, Зелиханыкы жок. Дароо эки жигитти үйүнө жиберди. Ага чейин бүт отелдин камераларын текшертти. Мына Хаят биринчи кабаттагы узун коридорго бурулган жерден жоголуптур, анткени ошол коридордогу камера иштебей турат. Шахин жерге түкүрүп алып бүт ошол коридордогу бөлмөлөрдү тинтүүгө ала баштады. Мынчалык бат изин жоготот деп күтпөгөн эле. Шашып калды. Ар бир бөлмөнү ачтырып каратып жатып, эч төркү бөлмөдө Бурактын жаш кыз менен ичимдик ичип олтураганын көрүштү.
-Ээй! Эмне болуп жатат?
-Бурак?!
-Чыгып кеткиле!
-Сен?! Сен өчүрттүңбү бул жактын камераларын? !
Шахин жетип келип Буракты жакадан алды.
-Ооба, менин мынтип олтурганым прессага чыгуусун каалабайм. Бул алдын алуу чарасы, - деди Бурак Шахиндин колун жакасынан алып силкип жиберип.
-Хаят!
-Эмне Хаят?
-Дайынсыз кетти!
-Мени менен деп ойлоп жатасыңарбы э? Ал кыз менен жөн гана өнөктөшпүз!
Шахин бөлмөдөн чыгып кетти.
Таппай калды. Жөн гана жок болуп кетти кыз. Шахин дал ушул учурда, айласыздыгына, аргасыз калганына чыдай албай бакырып жиберди. Жок оюна келбеген аны качат деп. Кайда кетүүсү мүмкүн. Аңгыча үйүнө кеткен жигиттер чалып ал жакта жок экендиктерин айтышты. Болду болбоду Аданага качты деп болжоду. Дароо издөө иштерин буйурду.
Бул убакта Хаят Стамбул - Бишкек багыты боюнча сапар алган учакта олтурган. Качан гана самолёт күркүрөп жүрүп ордунан козголо абага көтөрүлгөндө кыз " ооох!" - деп жеңил дем алып алды. Болбосо жүрөгүн уучтап, качан Шахин жигиттери менен жетип келип кармап кетишер экен деп жүрөгү чыгып кете жаздаган. Жөнөкөй адамдар менен эконом класста бара жатты кыз. Хаят Зелиханын унаасы менен аэропортко, Зелиха арендага алган унаа менен Хаяттан мурун Аданага жол алган эле.
Бишкекке келип конгон Стамбулдан келген жүргүнчүлөр чууруп чыгып жатышты. Өмүр колдоруна гүл көтөрүп өзүнчө бөлүмдө Хаятты күтүп жатты. Мына эшик ачылып кыз кирип келди.
-Ашкым!
-Хаятым!
Шахин эртеси күнү Хаяттын Бишкекке учуп кеткенин билди. Ишенгиси келбеди. Кантип? Кантип Хаят бул ишке бара алат? Ал ушунча амалкөй беле? Кантип Шахиндин көзүн жазгырып кача алды? Жоок! Хаяттын баарына кол шилтеп басып кеткенин эч эле өз акылына сыйдыра албай жатты. "Ушунча байлыкты, ийгиликти, менин жасаган мамилемди тебелеп туруп кантип ошол тоодон келген бирөөнү ээрчип кетти? Жок ээрчиген жок. Өзү артынан кетти! " - деп жатты өзүнө - өзү сүйлөп. Оюна да келбеген кызды качат деп, болгондо да Бишкекке.
#9 28 Январь 2021 - 16:03
jindirak (27 Январь 2021 - 14:11) жазган:
*********
"Ата, апа! Жашоомдун маңыздары болгон кымбаттарым! Силерди аябай жакшы көрөмүн. Азыр эмес балким качандыр бир убакта акылсыз кызыңардын кылыгын кечирет экениңерге ишенем! Мени кечиргиле! Балким алдыма келсең батамды бермекмин дээрсиң ата, балким ошондон ары көзүмө көрүнбөсүн деп тилдейсиң. Бирок бир суранычым мени каргаба! Ата, мен бактылуу болууга сөз беремин. Мени кечиргиле! ...
Силердин Хаят..."
Апасы дирилдеген үн менен катты окуп, соңуна чыкты. Оозун колуна алып келип, креслодо эки кашын бириктире каары жүзүнө чыгып турган күйөөсүн карап калды. Үнсүздүк... Бул жагымсыз тунжураган тынчтык канчага созулаар эле. Бир убакта атасы кайраттуу ордунан турду да, колундагы таягын таянып сыртка чыгып баратып босогого жеткенде Зелихага бурулду:
-Айтып бар курбуңа, ушул мүнөттөн баштап менин Хаят аттуу кызым жок!
-Жооок! Салиим! Кызыңды кечир! Ал кайтат! Анте көрбө..
Фазилет күйөөсүнүн алдына тизелей олтура калып жалынып жиберди.
-Ал өз тандоосун жасады. Бизге айтпай туруп өзү чечти, бизди кабардар да кылган жок. Фазилет эми айтчы ага биздин керегибиз барбы?! Менимче жок! Кайра алдыма келбесин!
Салим бут алдына бүк түшүп ыйлап жаткан аялын түртүп таягын таянып сыртка чыгып кетти.
-Фазилет ханым!
Зелиха Фазилетке жетип келип аны колтуктай тургузуп диванга алып келди.
-Бул кандай болду Зелиха? Качан болду? Неге Хаят бул жолго барды? Жок, ал менин кызым эмес! Менин кызым менден эч нерсе жашырчу эмес, менин кызым ал эмес...
-Фазилет ханым, Хаят коркту. Мына ушундай тоскоолдуктардан, өзүнө каршы айтылчу сөздөрдөн, силердин түшүнбөгөн көз карашыңардан коркту. Ал болгону Өмүргө ишенди.
-Өмүр?!
-Ооба ал жигиттин ысымы Өмүр. Бул жашоо дегенди билдирет. Бизде хаят!
-Жаш жигитпи?
-Хаяттан 4 жашка улуу.
-Шахин билдиби? - деди Фазилет акырын.
-Билегендир. Ага айтпай Хаят качып кетти.
-Оо кудай! - деген Фазилет санын чаап алды.
-Бул не деген жорук?!
Фазилет чынында азыр бул окуяны оң же терс жагын аңдай албай олтурган чагы. Өзү деле ич - ичинде жыйырмага жаңы толгон гүлдөй кызын кырктан ашкан Шахинге эч эле кыйа албай жүргөн. Өзү теңдүү болсо не деп өксүп алчу. Мына тилеги аткарылбадыбы? Хаят өзү теңдүү, келишкен мырзанын колун кармап кетти. Бирок... бирок неге башка улут. Калдайган Стамбул менен Түркияда жигит калбай калды беле...
Салим сыртта таягын таянып басып жүрө берди, айыл этектеп баскан ээн жолдо баратып ушул жерде кызы экөө ат чабышкан күндөрүн эстеди. Хаят! Бул кызын өзгөчө жакшы көрчү. Уул болот деп күткөнү ырас. Бирок кыз төрөлгөндө да капаланган жок. Ысымды да өзү койгон Хаят деп. Хаят да атасына өзгөчө жакын өстү. Башка кыздардай болуп үй жумуштарын жасагандын ордуна атасы менен сыртта көп жүрчү. Байкесине караганда Хаят атасына көп жардам берген. Айрыкча атасына жарышып ат чапканды ушунчалык жакшы көрчү. Экөө жарышып ушул чаң жолдо канча мелдеш өткөрүштү экен. Кызынын ошондогу кыткылыктап күлгөнүн эстеп көзүнөн жашы тамып кеткенин да байкаган жок. Ооба туура эмес кылган өзү. Кызын Шахинге карматып өзү уулун чыгарып алды. Бирок Хаят жаман жашоодо жашаган жок да. Шахин аны кор да кылган жок. Телеге алгачкы жолу чыгып, аты тааныла баштаганда кызы менен ансайын сыймыктанып кетчү. Эми болсо бул жоругу кандай? Деги эле үч уктап түшүнө кирбес иш жасады кызы. Кайдагы бир буларга аты жыты белгисиз бирөөнүн артынан кетти. Атасын, өз ийгилигин, өлкөсүн таштап кетти...
Өмүр баарын алдын ала сүйлөшүп койгон болчу. Хаят келген күнү эле өзүнө жакын досун ээрчитип барып мечиттен нике кыйдырып алышты. Эки күндүн ичинде чакан кафеде, тар чөйрө менен үлпөт тоюн өткөрдү. Өлкөгө аз да болсо аты чыгып калгандан кийин тар чөйрөдө болобу, чоң той береби баары бир мындай кабар бат тарайт эмеспи? Айрыкча жылдыздардын жашоосу калкка абдан кызык келет. Аны билген журналисттер дароо Өмүр менен Хаяттын жупуну өткөн тоюн сенсацияга айландырып жиберишти. Жаратылыш койнунда өткөрүлгөн фотосессиядагы фотолору интернет ааламына тарап көбүн шок кылган жаңылыкка айланды. "Белгилүү бизнесмен Каныбек Жолдошбековичтин жалгыз уулу актёр Өмүр Каныбекович түрк кызына үйлөндү!" , "Түркиялык модел, актриса Хаят Озган кыргыздарга келин болду." - деген сыяктуу жазуулар интернет бетин бат эле каптап кетти. Баарынан өтүп бул кабар Өмүрдүн ата энесинин эсин оодарды. "Уулуңарды үйлөпсүңөр неге тойго айткан жоксуңар?" - деген жакын санаалаштарынын сурагынан кайда качып, кантип жооп беришерин билишпейт. Аз өтпөй эле "Өмүрдүн ата энеси бул тойго каршы", "Өмүр үйдөн чыгып кетти", "Каныбек Жолдошбекович уулун үйдөн кууп салды." - деген сыяктуу маалыматтар тарай баштады. Кала берсе Каныбек Айдайдын атасы менен чоң келишимге кол коюп жакын арада кирешелүү долбоорду ишке киргизүү алдында турушкан.
-Бул эмне?!
-Көрүп турасың го.
-Айтчы Жибек, эмнеге мен баламдын үйдөн чыгып кеткенин билген жокмун?!
Каныбек максатсыз эле иш бөлмөсүндө каршы терши баса берди.
-Мен мынчалык болоорун күтпөгөм...
-Эмнеге мага убагында айтпадың? Эмнеге мен анын түрк кызды алам деп жатканын билбедим?
-Каныбек, мен уулубуздун бул катардагы дагы бир эркелиги деп түшүнгөм. Аны деле эрмек кылып анан таштайт дегем.
-Жаңылыпсыз да Жибек айым!
-Макул мага айтпадың, эмнеге өзүң анда алдын алуу чараларын көргөн жоксуң?
-Шерменде болуп олтурабыз сенин кайдыгер мамилеңден!
-Каныбек?
-Эмне?! Тиги кызынын атасы менен чоң долбоор баштаганы турабыз. Алар эмне дейт эми? Могу үйдүн каалгасын тешип жаткан прессага эмне деп жооп айтабыз ыя?
-Кайдан чыкты деги бул түрк кызы? - деди Каныбек бир убакта диванга чалкалап олтуруп жатып.
-Клипке тартылышкан чогуу...
-Таак...
-Айдай эмне болду?
-Ал менен сүйлөшкөм деген.
-Качан?
-Үйдөн чыгып кете электе.
-Жибек бул маселе ошондо көтөрүлсө эмнеге мен кабарсыз жүрдүм?
-Сени жумушуңдан алаксытпайын деп. Анан уулуңдун мындай чукул кадамга баруусун эч ким күтпөдү да. Мен деле билбегем...
-Мага айтууң керек эле! Мага!
-....
Жибек күйөөсүнүн абалын көрүп эле бөлмөдөн качып чыгууга шашты. Болбосо дагы бир аз турса чаап жибергенден да кайра тартпачудай болуп турат.
Алар үйлөнүштү. Айланасында эмне сөз? Жашоодо не деген көйгөйлөр болуп жатса ошонун баарына кол шилтеп үйлөнүштү. Ушул тап, ушул мүнөт, азыркы ирмем булар үчүн баа жеткис эле. Эң эле бактылуу учур... Өздөрүнө суктанган, таң калган, сындаган көздөрдү көзгө илбей, айыптаган, жектеген, бөлгөн сөздөрдү укпай экөө гана бактылуу эле. Алардын экөөнө гана таандык дүйнөсү, экөө үчүн гана жаратылган асманы, жери ,ай, күн, жылдызы бар. Хаят менен Өмүр ушул күндөн бир үй бүлөө аталып, бир адамга айланышты. Хаят эми Озган эмес, Хаят Жолдошбекова болду.
#10 28 Январь 2021 - 16:46
Ооруканадан чыккан Айдай түз эле Өмүрдүн досу Жанардын жумушуна келди.
-Салам! Мүмкүнбү? - деди кыз эшикти кыйгач ачып такылдатып.
-Оооу биздин сулуу Айдайка! Кел ? - деген Жанар кызды жайдары тосуп алды. Өмүрү бирөө келсе ордунан турган бул жакта калсын кыймылдап коюга жарабаган Жанар Айдайды көргөндө кантип туруп кыздын алдына келгенин билбей калды. Ооба бул кыз Жанар үчүн башкача да. Тымызын ашык. Керек болсо Өмүрдөн биринчи Жанардын көзү түшкөн. Бирок дайымкыдай тартынып сыртынан гана акмалап жүрүп эми сезимдерин ачыктайын деп бел байлаганда Өмүр илип кетти. Ошону менен кыз да Өмүрдү сүйүп, Жанардын махабаты көмүскөдө калып кеткен. Жанатан ушуларды ойлоп кеткен жигитти кыздын коңгуроодой үнү селт эттире өзүнө келтирди.
-Кандайсың сен? - деди кыз адатынча апакай тиштерин кашкайта күлүп.
-Биз эл катары өзүңчү? Жакшысыңбы?
-Мен сонун!
-Ооба чын эле сонунсуң! Маанайың да жайында. Айдай сен интернетке кирип жатасыңбы? - деди негедир Жанар шектүү тиктеп кызды. Анткени Өмүрдүн тоюнан кийин бул кызды мынчалык жайдары көрөм деп ойлобогон да. Акыркы жолу студияга келип Өмүр менен чырдашканда абалы жакшы эмес болчу.
-Эмне Өмүрдүн тоюн укпаган окшойт деп жатасыңбы? - деген кыз каткырып алды.
-Ошондой го дегем. Сени бир аз..
-Өлүп алат деп күттүңөр беле эмне? - деди Айдай кашын серпип.
-Койсоңчу, антип ойлободум. Болгону кайгырса керек деп...
-Ооба кайгырдым. Капа болдум. Ыйладым. Бирок жашоом бүтүп калбады. Өмүр менен келечегимди кыялданып жүрүп ал кетсе мен көтөрө албасам керек дечүмүн. Көрсө Жараткан жашай албайм деген жерден жашатып, кыла албайм деген ишиңди жасатып коёт турбайбы?... Менде деле ушундай болду. Алгач кайгырсам, кийин муну сыноо катары кабыл алдым. Алдыда эч кимге жан дүйнөңдү берип, жашооңдогу болгон арзуу үмүттөрүңдү тапшырып койгуча ишенүү керек эместигин аңдап жеттим. Өмүр мен үчүн сабак болду десем болот...
Жанар кыздын капаланып кеткен каректерин көрүп алып "Кана эле мага ошол көлдөй ишенимиңдин бир тамчысын гана бере алсаң, кана эми ошол сүйүүңдүн бир кайрыгын гана карматсаң. Өмүр бою кирпигиңе чаң жугузбай бапестеп алмакмын! " - деп жатты ичинде.
-Сенде баары сонун болот. Ишенип кой, - деди Жанар Айдайды мээримдүү тигиле карап.
-Көрөсүң Өмүрдөн да жакшы адамга жолугасың.
-Жок, - деди кыз баш чайкап.
-Ооба балким андан жакшы адамга жолугаармын. Андан мыктылар сансыз бул дүйнөдө. Бирок билесиңби эмне? Мага ошол адам гана керек!
-Айдай.
Жанар кыздын карагат көздөрүнө ирмеле калган жашты көрдү. Мөлтүрөп мына төгүлчүдөй болуп турат.
-Андан мыкты, андан жакшы алдыма жүз адам келсе да мен кайра эле Өмүрдү тандаймын. Жөн гана мен аны сүйөм. Мейли эмне болсо болсун. Ал үйлөнсүн. Жүрөгүм ошондо деле андан баш тарта албай жатат. Демек алдыда аны менен кездешчү башка нерсе бар. Кандайдыр бир илинчек Өмүрдү менен бөлүүгө жол койбой жатат.
Жанар эми гана кыздын абалы жакшы эмес экенин байкады. Бетине бет кап жамынып мына талкууга алууга даяр турган коомдон өзүн ушинтип коргоп жаткан окшобойбу. Болбосо азыр эле бир камерага же бир элдин алдында тамчы жашын агызып көрсүн. Баары ушул кызды талкуулап, баары муну колу менен көргөзүп, айрымдары боору ооруй аяп караса, башкалары табалап тиктешет. Ушул соккудардан өзүн сактап мындай жайдары кыздын ролун ойноп жатканын эми аңдап жетти.
-Айдайка!
-Жок, жок! Мени антип аяп карабачы..
-Өтүп кетет баары,болгону чыдап кой.
-Жанар кошулам сөзүңө, оору өтүп кетет. Бирок Өмүргө деген сүйүүм өтпөйт.
-Эмне кылмакчысың анда? - деди Жанар кызды таң кала карап.
-Ким билет алдыда кандай күндөр бизди күтүп турганын. Чынбы? Ооба Өмүр үйлөндү, бирок бул дегени ушул менен баары бүттү дегени эмес да.
- Анан?
-Өмүр кайра мени сүйүп калуусу толук мүмкүн. Аны менден жакшы билген адам жок. Тиги куурчагынан бат эле көңүлү калат. Ага окшогон канча кызды көрдүм.
-Бирок Өмүр үйлөндү Айдай.
-Эмне болуптур?
-Бул да сага жолтоо болбойбу?
-Мени жакшы билегениңде мынтпейт болчусуң...
Айдай мыйыгынан жылмайып койду. Азыр эле көз жашын төгүүгө даяр болуп, күнөөсүз периштенин ролунда олтурган кыз дароо кубула калганына ушунчалык таң калып да, суктанып да жатты Жанар. "Актриса болсо мыкты рол жатартмак экен" - деп алды.
********
Шахин Зелиха менен Хаят күткөндөй Аданага барып ата энесинин алдында чуу салбады. Башка чараларды да көрбөдү. Унчукпай калып кетти. Бирок бул Шахин Йылдырымга тиешелүү сапат эмес болчу. Ал эч качан өзүнө карата жасалган мындай чыккынчылыкты жөн эле кечирип кете бербейт. Бирок канчалык аңдышпасын тынч эле жүрдү. "Бул тынчтыкта бир сыр бар" - деп алды Зелиха негедир көңүлү түпөйүл.
Ооба Шахин эч кандай чара көргөн жок. Бирок бул дегени ушул бойдон калып кетет дегенди билдирбейт. Ал башка максат койду. Эч ким күтпөгөн, эч ким капарына албаган убакта чабуулга өтөт. Ананчы колундагысын жөн эле алдырып кою олтура берчү Шахин эмес, кала берсе Хаятты чын жүрөктөн сүйдү. Албетте ал бирөөнүн кучагында экенин ойлосу түндөсү өзүн коёрго жер таппай кетет. Бирок сабыр кылуусу керек. Хаятты сөзсүз өзүнө кайтарат. Кандай жол менен болсо да тартып алат. Хаятты качкан эртеси күнү эле ишеничтүү адамын Кыргызстанга жиберип тымызын кыз жөнүндө ар бир маалыматтан кабардар болуп жүрдү. Жада калса тоюн да көрдү. Азыр Өмүрдүн кучагында турган кыз, бир күн келип сөзсүз өзүндө болот. Ошондо тармал чачтарынан, апакай жүзүнөн кумарлана жыттап алат... Ушунун баарын кыялданган Шахин көздөрүн жумуп кыздын тойдогу сүрөтүн көкүрөгүнө баса чалкалай керебетине кулады. "Хаят сен меникисиң! Кайтарып аламын!" - деп жатты кыздын жылмайып түшкөн сүрөтүн тиктеп...
#11 29 Январь 2021 - 16:23
jindirak (29 Январь 2021 - 14:12) жазган:
********
Адам баласынын бул жашоого жаралгандагы миссиясы дейбизби, балким милдети татыктуу жашап өтүү, жана ошондой эле артыңда учугуңду улоочу туяк калтырып аны татыктуу тарбиялап өстүрүү болсо керек. Ким эле өз канына бөлөк элдин, улуттун каны аралашып кетүүсүн кааласын. Каныбек уулу Өмүрдү кечире албады. Канчалык аталык жүрөгү менен уулун аяп, түшүнүп турганы менен баягы илгертен келген сөзгө ынанып туягым калсын артында дегенге таянып туруп алды. "Кыргызстанда кем бекен кыздар?!" - деди анын кейигенден ызалуу жүрөгү.
Ал эми Өмүр менен Хаяттын жашоосу абдан бактылуу эле. Алар өмүрлөрүндөгү эң бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп жатышкандыр балким. Тойдон соң Өмүр Хаятты жетелеп атасынын үйүнө келишкен, бирок атасы булар менен көрүшмөк турсун үйүнө да киргизбеди. Сырттан кайтышты. Өмүр кечке жумушта, мурункудай бүт муктаждыктарын камсыз кылчу ата энеси мынтип жүзүн үйрүп алышкан соң эми өзү аракет кыла баштады. Клип болобу, жарнама, ролик баарына түшкөн сунушту кабыл алып жатты. Мурун алгач сценарийди окуп, өзүнүн талаптарын коюп тартылчу. Азыр жөн эле тартыла баштады. Кала берсе ижарага алып минген машинасын да төлөө керек. Хаят болсо үйдө, анын иштөөсүнө Өмүр каршы болуп койду. Күнү кечке, кээде түндөп жоголуп кетип чарчагандан араң бутун шилтеп үйгө кадам койгон Өмүрдү Хаяттын жаркылдаган жүзү менен ашкана тараптан буркурап чыгып жаткан даамуу тамагынын жыты тосуп алат. Кандай убакта келбесин сөзсүз тамак, чай берип жаткырат жолдошун. Келинчегин кучагына басып, анын эч кимде жок жытын искеп алганда гана бүт чарчоосу жазылып өзүнө келе түшөт. Ошондой күндөрдүн биринде Айдай иштеген телевидениеден сунуш түштү. Жаңы ачылган оюн зоок программасына алып баруучулукка, өнөктөшү Айдай болот. Албетте бул Айдайдын кылганы экенин билсе да төлөнүп берилчү сумманы укканда баш тарта албады. Ошентип кайра Айдай экөө бир жумушта иштеп калышты. Алгач кыз өзүн алыс эле кармап жатты. Аны көргөн Өмүр жеңилдеп да калган.
-Айдай сен мага капа эмессиңби? - деди бир күнү кошо түштөнүүгө чыгышканда.
-Эмнеге капа болмок элем? - деген кыз бейкапар менюну карап жатып сүйлөдү. Ооба сыртынан ушинтип көрүнгөнү менен ичинде не деген куюн жүрүп жатканы өзүнө гана белгилүү.
-Эми көңүлүңдү катуу ооруткам..
-Өмүр, - деди кыз жигиттин колдорун кармап көздөрүнө тигиле.
-Баары өттү, сен бактыңы таптың. Сен үчүн кубанычтамын. Сүйүүдө коюп жиберүүнү да билүү керек, бул дегени сүйбөгөнүң үчүн эмес сүйгөнүңдү бактылуу көрүү үчүн.
-Айдай сен сонун адамсың...
-Билем, - деди кыз жылмайып.
-Болгону мен менен сүйлөшүп тур, кээде сенин жардамың керек болгондо баш тартпа.
-Ооба, сөзсүз, - деди Өмүр шашып.
-Дос болобуз анда, - деген Айдай адатынча жайдары жигитке кол сунду.
-Келиштик, - деди Өмүр да кыздын узун апакай колдорун бекем кысып.
Жанар иш бөлмөсүндө олтурганда Айдай кирип келди.
-Оо сени акыркы күндөрү биздин жупуну кепинибизде көп көрө турган болдук да, - деди Жанар тамаша аралаш кыз менен көрүшүп жатып.
-Келип жатканым жакпай жатса, кетишим мүмкүн, - деген кыз жайдары күлүп жооп берди.
-Жоок, жоок. Кайра кубанычта боломун. Кел олтур.
-Эмне жаңылыктар?
-Бизде тынч дайымкыдай жумуш.
-Өмүр менен бир программада иштеп жатыпсыңар. ..
-Ооба, - деди кыз жылмайып.
-Өмүр актёр, ал программага алып баруучулукка барып калуусуна сенин тиешең жок деп ойлойм.
-Ээх Жанар... - деди кыз буттарын кайчылаштыра олтуруп.
-Сага айттым беле баары али алдыда деп.
-Макул экөөң бир жерде иштеп жатасыңар, күндө болбосо да анын жанындасың. Сага ушул гана керек болдубу?
-Жоо- жоок! Адашасың. Мен ушул эле нерсеге ыраазы болбоймун. Билесиң да. Көрөсүң алдыда Өмүр бүтүндөй меники болот. Ал үчүн сенин да жардамың керек болот.
-Эмне менин?
Жанар түшүнбөй кайра сурады.
-Ооба, эмне чочуйсуң?
-Менин кандай тиешем бар?
-Жанар сен продюссерсиң. Сенин толо тааныштарың бар, долбоорлоруң да жок эмес. Хаятка келишим сунушта.
-Акылың ордундабы?
-Мен чын эле айтып жатам. Кала берсе сага деле пайдалуу пайдалуу да.
-Эмнеге экен?
-Хаят Озган деген белгилүү модель менен иштешсең.
-Хаят Жолдошбековна, эсиңден чыгарба.
-Мен үчүн Озган.
-Мен анте албайм Айдай.
-Эмне сен жөн гана жумуш сунуш кыласың болду. Калганы өзүнөн өзү бүтчү иш.
-Айдай, сен бир үй бүлөөнү уратууну пландап жатасың жана ага мени да шерик кылганы жатасың.
-Кайдагы үй бүлөө? Булардын баары бир келечеги жок. Көрдүң го Өмүрдүн ата энеси кабыл алган жок. Ал кызды деп ата энеси менен катташпай калды. Сенин оюңча ушул үй бүлөөбү?
-Өмүр бактылуу экенин көрбөй жатасыңбы? Эки адам бирин бири түшүнүп ынтымактуу жашашса сырттагы калган түйшүк өз убагы менен жолуна түшө берет.
-Жок! - деди Айдай ордунан тура.
-Эч качан Өмүр менсиз бактылуу болбойт! Ал мени менен гана бактылуу жашайт. Мен жол бербейм анын менсиз бактылуу өмүр сүрүүсүнө! Жанар сенсиз деле мен бул ишти жасай аламын, мен сенден жөн гана жардам сурап келдим. Бирок сенин жообуңду уктум. Рахмат! - деген кыз шашылып чыгып кетти.
-Тентек кыз! - деп алды Жанар.
Эми эмне кылат? Бул кыздын оюнан кайтчу түрү жок. Же Өмүрдү чакырып сүйлөшсө кантет? Бирок анда Айдайга чыккынчылык кылган болбойбу? Бирок Айдайдын каалоосун аткара албайт. Даана эки оттун ортосунда чайналды. Кыз Өмүрдү унутат деп ойлогон. Өзү башка жол менен Айдайдын көңүлүнө жол тапкысы келген. Эмичи? Кыз мынтип Өмүрдөн баш тартмак турсун, кайра анын үй бүлөөсүн бузганы турат...
-Жанаар? Кел үйгө? - деди Хаят эшик оозунда турган Өмүрдүн досун көрүп.
-Кандай олтурасыңар? - деген Жанар үйгө коомайлана кадам койду.
-Өмүр жумушта болсо керек.
-Ооба, кел өт төргө.
Хаят үйгө баштап кирди. Анын кыргыз аялдарындай болуп башына ак жоолук салынып, узун көйнөк кийип жүргөнүн көрүп ичи жылый түштү. Кала берсе жаркылдаган кабагы бар. Өмүр бул кыздын ушундай жароокерлигине ашык болсо керек.
-Сен биздин тилди үйрөнүп калдыңбы?
-Бир аз, - деди күлүп Хаят кыргыз тилинде. Чындыгында аябай аракет кылып жаткан кыргыз тилин үйрөнүүгө. Сөздөрдү жакшы түшүнүп калган, бирок жооп бергенде кыйналат. Ошондуктан орус тилинде баарлашат көбүнчө.
-Сага жарашат экен.
-Рахмат, - деди Хаят чай куюп сунуп жатып.
-Хаят
-Угуп жатамын.
-Жумушка чыгайын деген ой барбы?
-Жумуш, Өмүр үйдө эле бол деп жатат. Кала берсе бул жакта мен менен эч ким иштешпесе керек.
-Мен сунуш кылсамчы?
-Сенби?
-Ооба, таланттуусуң, аракет кылып көрөлү Өмүрдү көндүрүүгө.
-Өмүр макул болсо жакшы болмок, өзүм да кыйналып кеттим.
-Аракет кылалы.
Кечинде жолдошу жумуштан келип, кечки тамакка олтурушканда Хаят сөз баштады.
-Ашкым.
-Ооу Хаятым.
-Сенин досуң келген үйгө.
-Ким?
-Жанар.
-Аа, мага чалган жок.
-Чалбай эле келиптир.
-Жөн жай элеби?
-Мага сунуш менен келиптир.
-Сагабы? Эмне сунуш? - деди таң калган Өмүр эми гана ууртамакчы болгон чайын кайра стол үстүнө коюп.
-Жумуш боюнча, - деди Хаят акырын.
-Хаят биз бул жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Сени иштетпейм. Өзүм багып алууга күчүм жетет.
-Ашкым уксаң, бул акча үчүн эмес. Болгону мен мына үйдө камалып олтура берип тажап кеттим. Сыртка чыгып, адамдарга аралашып, өзүм сүйгөн кесип менен иштесем эмнеге болбойт?
-Бул тема башка козголбосун, - деген Өмүр дасторконго бата кылып туруп кетти.
#12 29 Январь 2021 - 16:24
-Кандайсың?
-Кел досум! Биз аманбыз, өзүңчү? Кандай анан үй бүлөөлү жашоо? - деди Жанар досу менен көрүшүп болуп.
-Кандай экенин кече көрүп келдиң го, - деген Өмүр досун сынай тиктеди.
-Ооба кече күнү баргам үйүңөргө.
-Аяшың айтты, анан менде жумушу болсо керек деп алдыңа келдим бүгүн.
-Чындыгында аяш апам менен сүйлөшкөм кече. Үйүнө барып жашоосун көрүп кел деди. Баары бир эне күйөт досум, - деген Жанар досуна дароо карандай калпты айта салды.
-Хмм, кыйналып жатышса табалайлы дешкен го.
-Андай эмес, сенден сарсанаа болуп жатышат.
-Болушпасын, эң сонун жашап жатабыз. Тиги Хаятка сунуш кылган жумушуңду да апам сүйлөшкөн го э?
-Жоок, аны мен өзүм сунуш кылдым.
-Эмнеге?
-Кандай эмнеге? Хаят актриса, билими бар. Эмнеге болбосун? Кала берсе өзү деле биздин коомго аралашат. Качанга чейин аны элден бөлөсүң? Сен ушинтип бөлө берсең эл да кошо албай, дайым өзүн ыңгайсыз сезип өтүп кетет. Андан көрө уруксат бер иштесин, аралашсын элге, биздин жашообузга сиңишсин.
-Көрөбүз, - деген Өмүр Жанар менен коштошуп жумушуна жөнөдү. Жолдо баратып ойлонду. "Чын эле мен эмнеге Хаятты чектеп жатамын? Анын эркин болуусун эмнеге каалабай жатамын? Жанар туура айтат, ал биздин коомго аралашуусу керек. Ошондо гана элдер аны бөлүп карап, сындаган мамилесин токтотушат. Канчалык Хаятты катып көрсөтпөй жүргөн сайын, ошончолук элдин кызыгуусу артып жатпайбы? Андан көрө ээн койсо, бир күн сүйлөгөн эл эртеси булар менен иштери да болбой калышат. Ээхх Өмүр ушул сенин шашмалыгың ай! " - деп өзүн тилдеп алды. Жаман оюнда "мен жокто неге үйгө келет?" - деп Хаятты Жанардан кызганып аткан. Оюна келген кумөндөрдөн өзү уялып кетти.
-Хаятка сунуш түшүп жатат, - деди Өмүр Айдай менен тамактанып олтурушуп.
-Кандай сунуш?
Айдай сөз эмне жөнүндө экенин билип турса да, таң калган адамдай оозун аарчып жатып сурады.
-Жанар бар эмеспи?
-Ии?
-Ошол сунуштап жатат.
-Эмне дедиңер?
-Ойлонуп көрөм дедим.
-Өмүр албетте бул силердин үй бүлөөлүк маселеңер, мен аралаша албайм дечи, бирок Хаятты жумушка чыгуусуна уруксат бер. Качанга чейин аны үйдө кармап олтурасыңч коомго аралаштырбай?
-Эми сен баштадыңбы? Эмне баарың сүйлөшүп алгандай ушул сөздү айтасыңар? - деди Өмүр жылмайып.
-Үйдөн Хаят, Жанар, эми болсо сен. Баарыңда ушул сөз, коомго аралаштырбайсың деген.
-Баары айтып жатса демек туура айтып жатабыз.
-Ооба туура, болгону мен Хаятты али биздин элдин сынына даяр эмес деп уруксат бербей жаткам.
-Даяр. Ал баарына даяр болуп сага турмушка чыкты Өмүр. Ушундай болоорун экөөң тең билдиңер да.
-Туура айтасың..
-Баары жакшы болот ойлонбо, - деди Айдай Өмүрдүн колдорун кармап.
Айдай ушул мүнөттөрдө ушунчалык бактылуу эле. Өмүр жанында, экөөнүн мамилеси да жакшы. Кала берсе Жанар да мунун өтүнүчүн жерде калтырган жок. Демек баары өз пландагандай болуп жатат...
Дем алуу күн болгондуктан Өмүр бул күндү Хаят менен өткөрдү. Экөө күндүзү шаардан сыртка чыгып эс алып келишип, кечинде үйдө телевизор көрүп жатышты.
-Хаятым!
-Ашкым?
-Мен макулмун!
-Эмнеге? - деди Хаят Өмүрдүн кучагында жатып башын көтөрө.
-Сен жумушка чыгууңа.
-Чын элеби?
-Ооба. Ойлонуп көрдүм. Негизи башында эле сени үйдө карсмап олтуруу акылсыздык деп билчүмүн. Бирок бир жагынан али талкууга, биздин шартка көнгүчө дедим, анан кызгандым, - деди келинчегин бооруна кыса жүзүнөн аймалап өөп.
-Кызганчагым! Рахмат сага! - деген Хаят эркелеп күйөөсүнүн мойнуна асылып алды.
-Сен качан биздин тилде сүйлөйсүң? - деди Өмүр кыздын мурдун чымчый.
-Үйрөнөм аз калды. Бирок тилден кыйналганым жок да, баары орус тилинде сүйлөшөт экен.
-Ооба, бирок сенин мага кыргыз тилде сүйлөгөнүң жагат да. Айтсаң жанагы сөзүңдү.
-Кайсы?
-Үйрөттүм го сага?
-Мен сени сүйөм! - деди Хаят шыбырап.
-Мен дагы! - деген Өмүр аялын аймалап өөп кирди. Кайра эле баарын унутуп, өздөрүнүн жомок ааламына учуп кетишти. Жашоолору ушул бойдон тегиз өтсө кана? Махабатка мас боло, бири - бирине тойбой жаткан экөө алдыда өздөрүн кандай сыноолор менен коштолгон өмүр күтүп турганын билишпейт.
#13 30 Январь 2021 - 14:16
Хаят жумушка чыкты. Алгач өзү күткөндөй эле өзүн сынай караган көз караштардан коорунуп жатып акырындан бат эле көнүп кетти. Алгач эле клипке тартылып баштады. Баягыдай үйдө камалып олтуруп, өзүн курчаган кооз төрт дубалдан сыртка чыкканына бир эсе кубанып, анан мына коомго аралашып кеткенине жетине албай сүйүнүп да жатты. Эми жашоосу кайра өзгөчө түс алып, кызыктуу боло баштаган. Өмүр экөө тең чыгармачыл адам болушкандыктан иштөө графиктери бири бирине дал келбей жатты. Хаятка ошол тартылган клиптен соң көп эле сунуштар түшүп жаткан. Моделдик агенстволор менен бир катар киного тартылуу сунуштары да, бирок Өмүрдүн чечими менен киного тартылуудан баш тартты. Жарнамалык ролик, же клиптерге гана тартылууга уруксат берди Өмүр. Бул убакта Өмүр Хаятты кызганып ортолорунда көп эле пикир келишпестиктер жарала баштаган.
-Кечтен калбай үйдө бол! - деп кыйкырган Өмүр телефонун ыргытып салды.
-Эмне болду? - деген Айдай акырын сурады.
-Хаяттын кеч калуусу көбөйө баштады.
-Өмүр, сен өзүң бул чөйрөдө жүрөт эмессиңби? Эмне түшүнбөй жатасың?
-Мен деген эркек адаммын Айдай, - деген Өмүр ары басып кетти. Сыртынан Хаятка жан тартып жаткан адамдай көрүнгөнү менен Өмүрдүн бул кылыгына ичинен жымыңдай түштү Айдай. Анткени ушуну эле пландап жүрбөдү беле...
Бир күнү эфирден соң үйгө келген Өмүр Хаяттын үйдө жок экенин көрдү. Саат жебеси түнкү он экини көрсөтүп турса да келинчегинин үйдө эмес экендиги ого бетер Өмүрдү бушайманга салды. Анын үстүнө элдер арасында Хаят жөнүндөгү сөздөр да жанын кашайтып жиберген болчу. "Сулуу актриса! Келечеги кең болот. Карачы келбетин эй! Жутуп салгың келет!" - деген сыяктуу тамшанып, суктанган сөздөр тынбай ээрчип жаткан. Үйдө тынч олтура албай сыртка чыкты. Ойлорунун баарын кызганыч ээлеп сыртка да батпай улам Хаятка чалып жатканда көп кабаттуу үйдүн бурулуш жерине капкара лексус машина токтоп андан Хаят түштү. Ушул жерде Өмүр өзүн кармап тура албады. Кандай жеткенин деле билбейт, чуркап барып эле ролдо олтурган баланы сүйрөп түшүп басып жыгылды.
-Өмүүүр! - деп чыркырап жиберген Хаяттын да сөзүнө көңүл бөлбөстөн тиги баланы уруп жатты. Бүжүрөп алдында жаткан бала колдору менен жүзүн тосуп:
-Өмүр байкеее, бул мен! - дегенге араң жарады.
-Алик! - деген Өмүр баланын үнүнөн өзүнө келе тигинин жүзүнө үйрүлө калды.
-Мен байке, сизге эмне болду?
-Сен эмне жүрөсүң? Мен сени... тиги жеңеңди...
Өмүр эмне деп сүйлөөрүн билбей кайсалактап калды.
-Съёмка кеч бүткөн, жеңемди өзүм жеткирем деп келгем. Ушул сизди кызганчаак экениңизди билип, - деп сүйлөнгөн жигит ордунан туруп үстү башын кагып жатты.
-Кечир иним, мен байкабай... - деген Өмүр Аликти далыдан таптады. Бул жаш актёр жигит, чыгармачылыкта Өмүр менен ага инидей мамиледе. Хаят тартылып жаткан кыска метраждуу роликте бул бала да рол жаратып жаткан. Кеч болгонунан Хаятты өзү жеткирип келгендеги чагы.
-Эч нерсе эмес байке, эртең съёмка бар, дагы жакшы жүзүмдү гримдеп салбадыңыз.
-Кечир, кечир...
Алик машинасына түшүп кеткенден соң ары жакта корккондон көздөрү алайып жашка толуп турган Хаятты ачуулу тиктеди.
-Саат канча болду?!
-Өмүр...
-Үйгө кеттик! - деген ал келинчегин колдон булкуп алып жетелеп жөнөдү.
-Сени эмне дегем Хаят?! - деди үйгө кирип кирбей жатып кыйкырган Өмүр.
-Сага эмне болду? Эмнеге кыйкырып жатасың?
-Жок, мен сага эмне дегем?!
-Өмүр съёмка кечке бүтсө мен күнөөлүү эмесмин го?
-Сен күнөөлүсүң! Эмнеге өз шарттарыңды койбодуң анда? Сен кечтен калбай үйдө болууң керек!
-Мен сага түшүнбөй жатам Өмүр? Сен эмне мага ишенбей жатасыңбы?
-Сен менин айтканымды кылган жоксуң! Түн катып жүргөнүң мага жакпайт!
-Ишенгим келбей турат, бул сөздөрдүн баарын сен сүйлөп жатканыңа, - деди Хаяттын көздөрүнөн жашы кулап.
-Хаят бул акыркысы болсун!
- Өмүр сен мындай түркөй эмес элең?
-Мен айттым! - деген Өмүр кайра сыртка чыгып кетти.
Хаят турган жеринде катты. Бул Өмүр экөөнүн биринчи жолу мындай катуу урушуусу эле. Ооба майда кызганычтар болуп турчу, бирок бул деңгээлге жетчү эмес. Кала берсе Өмүр мындай адам эмес болчу. Качан өзгөрө калды? Кантип ортолорундагы ишенич бул даражага түшүп кетти? Хаят кийимин да которбостон эки тизесин кучактап, ыйлап олтурду.
Үйдөн чыккан Өмүр ачуусу менен кайжака бараарын билбей, өзүн эмне менен токтотооруна акылы жетпей турду. Азыр жасаган иши туура эмес экенин түшүнүп турса да ичиндеги кандайдыр бир кызганычпы же бир өзүмчүлдүк акылына баш ийбей башкарып жаткандай. Хаяттын периштедей аруу экенин билип турса да, ушак кылып интрига жараткан элдин сөзүнө кирип көңүлүн оорутту. Анын бул ойлорун телефонуна келип жаткан чалуу бузуп жиберди. Экрандын бетинде бажырая күлүп Хаяттын сүрөтү менен "Хаятым" - деген жазуу турган. Алгысы келип барып баягы көктүгүнө салып жооп бербей койду. Улам өчүп кайра бир нече ирет чалып жатып чарчады окшойт токтоп калды. Ал эми Өмүр максатсыз эле шаар ичиндеги кыйма чийме жолдорду аралап унаасын айдап жүрө берди. Бир убакта оюна бир нерсе түшө калып унаасын чукул буруп айдап жөнөдү.
Түнкү клуб. Бул сыртынан эч нерсе билинбеген чакан имараттын ичинде башка жашоо бар. Кулак тундура дүңкүлдөп чыккан музыка, өчүп жанган ар кандай жарыктар, шараптын түрлөрү жана аларды суудай ичип мас боло мындан ырахат алып жаткан жаштар. Ортодогу бийлөө аянтчасында эч нерсени капарына илбей көздөрүн жумуп алып бийлеп жаткан кыздар... Өмүр көп болуптур бул жерге келбегенине. Тагыраагы мындай көңүл ачуучу жайларды Хаят жашоосуна келгенден тарта унуткан экен. Жаңы гана киргенде телефонуна кайра чалуу келди. Ыргылжың тартып араң карады эле Айдай экен. Негедир кубанып кетти.
-Алло?
-Өмүр? Аллоо? Сен кайдасың?
-Клубта.
-Эмне?
-Келчи, дайымкы биздин клубтамын
-Макул, барып калам.
Арадан эч канча убакыт өтпөй Айдай жетип келди. Айдай келгиче Өмүр бир стакан ичимдик алып жиберген эле. Бардын алдында үңкүйүп олтурган жеринен тапты кыз Өмүрдү.
-Ээй сен эмне ностальгия болуп кеттиби? - деди Айдай Өмүрдүн жүзүнөн өөп көрүшүп.
-Сени убара кылдым э?
-Жөнчү, - деген кыз Өмүрдүн чачын уйпалап койду да барменге карап:
-Коктейл, - деди.
-Эмне маанайың жок?
-Сага Хаят чалдыбы?
-Жок.
-Анан эмнеге чалдың эле?
-Эртеңки эфир жылдырылганын айтайын деп.
-Аа, - деген Өмүр кайра бир стакан көтөрүп жиберди.
-Эмне болду? - деди Айдай жигиттин чындап маанайы жок экенин байкап.
-Эч нерсе! Кел сурабачы, сени сурасын деп чакырбадым эй..
-Макул, - деген кыз Хаят менен ортолорунда келишпестик болгонун түшүндү да, ичинен кубанып алды.
-Жүр бийлейбиз! - деди бир убакта Өмүр кызды колдон тартып.
-Макул!
Экөө ошол түнү бир убака чейин клубта жүрүштү. Өмүр өзүн билбей калгыча ичип, бутуна тура албагыдай мас болуп калган эле. Айдай аны өзүнүн кабат үйдөгү батирине алып келди.
Араң сүйрөп кирип, уктоочу керебетке жаткырды жигитти. Эч нерседен бейкарап уктап жаткан Өмүрдүн жүзүнө көпкө чейин тигилип карап жанында жата берди. Бир убакта колдору менен жүзүн акырын сылай баштады. "Ушунун баары меники эле. Кирпик, каш баары мендик болчу. Тартып алды сени менден. Бирок эч нерсе эмес. Силер Айдай Стамованын ким экенин али билбейсиңер! " - деп шыбырап жатты. Бир убакта Өмүрдүн телефонуна чалуу келди. Акырын ордунан туруп чечип койгон күрмөсүнүн чөнтөгүнөн телефонду алып чыгып караса Хаят экен. Өчүрүп салды телефонду. "Хммм сен да мендей кыйналып көрчү! Хаят Озган али баары алдыда!" - деп алды жылмайып.
#14 30 Январь 2021 - 14:17
-Оо биздин жигит турган го?
-Айдай?
-Ии мен да.
-Кайдамын мен?
-Менин батиримде.
Телефонун жандырган Өмүр Хаяттын бир нече жолу чалганын көрдү.
-Эч нерсе эсимде жок, - деди башын кармап диванга олтуруп жатып.
-Такыр эч нерсени эстей албайсыңбы э? - деген Айдай сырдуу жылмайып Өмүрдүн алдына келди.
-Айдай, акмактык жасап койбодук э? - деген Өмүр кызды эки колунан кармап жулкулдатып ийди.
-Өмүр сен... - деген Айдай ансайын мукактап жер тиктейт.
-Айтчы?!
-Сен мас болуп...
-Анан?
-Таң аткыча бийледиң клубта, мени да мажбур кылдың...
-Ушул элеби?
-Сен эмне жөнүндө ойлодуң башка? - деди Айдай каткырып.
-Ууухххх, жүрөгүм! - деген Өмүр үстүнөн бирөө оор жүктү алып ыргыткандай терең дем алып алды.
-Тентек кыз жүрөгүмдү түшүрбөдүңбү?
-Аххаа,хааа, хаа!
Айдайдын күлкүсу басылчудай эмес.
-Коркок десе! - деди кыз бир убакта көзүнүн жашын сүртүп.
-Мына суудан ичип ал, жүрөгүң түштү го, - деген Айдай Өмүргө бөлмөгө көтөрө келген суусун сунду.
-Ооба коркуп кетпедимби!
Өмүр сууну дем албай аптыгып ичип жатты.
-Өмүр мен анчалык төмөн кыз эмесмин. Сенин мас абалыңдан пайдаланып андай ишке бара албайм. Туура сени сүйөм, колумдан да келет болчу түндөсү. Бирок андайга көңүлүм барбайт. Сен мени менен өз каалооң менен болушуңду каалайм. Сен каалабайсың, демек жөн гана сага жакшы дос болом.
-Рахмат сага!
-Тур эми жуунуп чык,тамак даяр. Анан үйүңө бар. Хаят сарсанаа болгондур.
-Сен сонун кызсың! - деген Өмүр Айдайга чын жүрөктөн ыраазы боло кучактап алды кызды.
Түнү бою үйгө келбей, түштөн өтүп эшик алдында турду Өмүр. Азыр Хаят өзүн кантип тосуп алат? Эмне дейт ага? Өзү коңгуроону баскыча эшик шарт ачылды. Көздөрү кызарып, чарчаңкы болгон Хаят турду алдында. Абалы анын түнү менен уктабай чыкканын айтып турат.
-Кир, - деди акырын.
Өмүр унчукпастан үйгө кирди.
-Чай ичесиңби?
Үйгө кайсы убакта, кандай абалда келсе да сөзсүз чай берет. Экөө ашканада үнсүз олтурушат. Хаят даамдуу тамак жасаптыр, чай куюп Өмүргө сунду. Өмүр мындан ары чыдап тура албады. Келинчегин белинен кармап өзүнө тартып катуу кучактап алды.
-Кечир! - деди шыбырап.
Хаят эч кандай сөз сүйлөбөстөн жөн гана ыйлап тура берди.
-Хаятым! Сүйлөчү, урушчу, тилдечи мени. Унчукпай турбачы? Акмакмын кечир мени, сени кызганып кетпедимби? Өзүмдү башкара албай.. кечир гүлүм.
-Кайда жүрдүң? - деди Хаят көздөрүнө карап.
-Клубта жигиттер менен ичтик, андан чыгып мейманканага түнөдүм.
Өмүр ушул жеринде жалган сүйлөдү. Анткени Хаят Өмүр менен Айдайдын мурунку мамилеси тууралуу билет болчу. Азыр Айдай менен болдум, бирок ортобузда эч нерсе болгон жок десе баары бир ишенбейт. Өмүр коркту, Хаяттын ишениминен чыгып калуудан коркту. Анын ишениминен чыгуу аны жоготуп алдуудан алда канча коркунучтуу экенин эми сезди. Өзүнө жароокер тигиле караган ишеничке толо каректерин жоготуу оор эле.
Хаят унчукпастан Өмүрдү кучактап алды. Анын бул аракетинде күйөөсүнүн сөзүнө ишенгени же ишенбегени белгисиз...
Бул окуя ушул менен унутулуп кетти. Экөө кайра эле ынак болуп кетишти. Бирок Хаят съёмкадан кечиксе Өмүр өзү барып алып келе турган болгон. Бирок бакыт аларда аз эле болду. Өмүр жуунганы кирип кеткен бир убакта анын телефонуна кат келип түштү. Негизи эч качан күйөөсүнүн мындай нерселерине маани бербеген Хаят негедир бул катка кызыкты. Айдай деп жазылып туруптур. Канча жолу ачкысы келип барып кайра коюп койду. Акыры чыдабады, катты ачты. "Уйкучу турдуңбу? Үйдө түнөгөн күнүңдө кол саатың калыптыр, мага эстеликке таштадыңбы ошондо? " - деген жазуу менен жүрөкчө кармаган быйтыкча бар экен. Хаят нес абалда калды. Кайра телефонду ордуна коюп, өз жумушу менен алек болуп жатты. Бирок оюнун баары тиги келген катта, жана Өмүр үйгө түнөбөгөн ошол түндө. "Кантип Өмүр мага жалган сүйлөсүн?" - деди өзүнө. "Мурунку сүйгөнү менен түнөп келдим деп айтмак беле анан?" - деди ага каршы чыгып жүрөгүнө кумөн салган экинчи ойлору.
Ошол күнү кечке Өмүрдү аңдып олтурду, анын ар бир кыймылын карап жатты. Күйөөсү телефонун кармаса ансайын күмөнү туурадай жүрөгүн кызганыч ээлеп, туталанып кетет.
-Өмүр?
-Ооу
-Айдайдын үйүндө качан түнөп калдың? - деди түз эле.
-Эмне? Сен.. сен кайдан?
Өмүр чоочуп кетти. Эч качан мындай абалга түшпөгөн. Хаят өзүн тиктеп турган экен, анын курч тиктеген каректеринен өзүн кайда катаарын билбей шашып алды.
-Мен окудум телефонуңдан.
-Хаят сен эмне, менин телефонумду аңтарып калдыңбы?
-Кандай айырмасы бар? Сөз башка жөнүндө болуп жатат?
-Хаят, баштабачы. Биз бул жөнүндө сүйлөшкөнбүз.
-Ооба, бирок качан анын үйүндө түнөп калдың? Менин оюма бир гана түн келип жатат. Экөөбүз үйлөнгөндөн бери биринчи жолу ошондо үйгө келген эмессиң. Бирок сен анда мейманканага баргам дебедиңби?
-Хаят олтурчу жай сүйлөшөлү?
-Жок мен мындай угам! - деди Хаят титиреген үн менен.
-Ооба ошол түн. Бирок сен ойлогон нерсе болгон жок ортобузда. Мен клубта мас болуп олтуруп аны чакырдым, бутума да тура албай калгам. Айдай батирине алып барып жаткырыптыр. Болгону ошол.
-Сени таштап өзү кеткенби?
-Жок, бирок кандай мааниге ээ азыр бул нерсе Хаят? Биздин ортобузда эч нерсе жок.
-Мен кантип сага ишене алам?
-Эмне?
-Сен мага досторум менен жүрдум дегенсиң, андан кийин бул чындык чыкты. Эми болсо ортобузда эч нерсе жок деп жатасың, артыңдан дагы башка чындык чыкпаарына кантип ишене алам?
-Хаят!
-Өмүр, ал кыз сени сүйөт. Анан сени таштап кетпей ошол түндө жаныңда калыптыр. Эртеси сен келип мени алдадың. Эми кайжагына ишенем мен? Мен сага ошол түнү канча ирет чалдым. А сен бейкарап анын койнунда жаткан белең?
Ушул жерге келгенде Өмүр аялын жаакка чаап жиберди.
-Эч кимдин койнуна жаткан эмесмин!
Хаят башын көтөрүп жаштуу көздөрү менен Өмүрдү тиктеди. Анын деңиздей көк көздөрүндөгү каканактап турган жашты көргөндө Өмүр ачуу үстүндө эмне кылып салганын түшүндү.
-Хаят, кечир. Мен... - деп кызды колдон алайын дегенде Хаят колун тартып алды.
-Жогол! Көзүмө көрүнбө!
Өмүр эч бир сөз сүйлөй алган жок. Адатынча күрмөсүн көтөрүп үйдөн чыгып кетти.
-Сен мынтип качсаң эле ордуна келбейт! Бар ошол Айдайыңа! - деп чыгып кеткен күйөөсүнүн артынан кыйкырган Хаят колуна тийген нерсени ыргытып жатты. Ошол эле убакта, ызаа болуп да, ыйлап да жатты. "Мен муну деп ата энемден кечип, эч ким тааныбаган журтту мекендеп жашап жүрсөм бул мага кылганы ушулбу?" - деп жатты кыз.
Өмүр унаасына келип олтуруп дароо телефону алып бирөөгө чалып кирди.
-Айдай, мен сага баратам!
#15 01 Февраль 2021 - 18:48
jindirak (29 Январь 2021 - 14:12) жазган:
-Эмне болду?
-....
-Кайра уруштуңарбы? - Айдай үңкүйүп олтурган Өмүрдүн алдына кружкадагы чайды сунуп жатып сурады.
-Ээ, - Өмүр кол шилтеди.
-Анан дагы чыгып баса бердиңби?
-Айдай мени сурака ала бересиңби?
-Деги айтам да, мен сенин досуңмун го, Хаят дагы сарсанаа болот.
-Эээххх, сонун кызсың! - деди Өмүр.
Айдайдын мынтип чын достой камкорлоно сүйлөгөнүнө ишенип, мындан Хаяттын жөнсүз кызганганына андан бетер таарынып кетти. Ал эми маңдайында жылмайып олтурган кыздын түпкү максаты такыр башка экенин билген да жок.
-Тур эми кеч болду үйгө бар.
-Рахмат Айдай сага.
Өмүр үйгө киргенде үйдүн ичи астын үстүн түшүп жатыптыр. Буюмдардын баары чачылып, сыныктар да бар. Бөлмөнүн ортосунда чачылган буюмдарга аралашып жаткан Хаятты көрдү.
-Хаяят! Хаятым!
Жетип келип эле кызды жерден ала жүзүн сылап жиберди.
-Сен, сен келдиңби? - деген келинчеги алсыз сүйлөп кайра көздөрү жумулуп кетти.
-Азыр... азыр жаным.
Өмүр кызды көтөрүп ооруканага алып жөнөдү.
Көп өтпөй Хаятты алып кирип кеткен бөлүмдөн күлүмсүрөп чыгып келе жаткан медайымды утурлай басты.
-Жакшыбы?
-Кириңиз, доктор сизди чакырып жатат, - деп сылык сүйлөгөн кыз ичкериге баштап кирди.
-Келиңиз Өмүр Каныбекович.
-Баары жакшыбы? - деген Өмүрдүн үнү титиреп чыкты. Доктор чакырып жатат дегенде коркуп кеткен эле.
-Жакшы баары, олтуруңуз, - доктор Өмүргө карап жылмайды.
-Куттуктаймын, жубайыңыз кош бойлуу!
-Кош бойлуу? - жаңы гана олтурган Өмүр кайра ордунан тура калды.
-Ооба.
-Оххх, - деген Өмүр шалак эте ордуна олтура кетти. Медайым кыз чыгып доктор чакырып жатат дегенде жаман кабар укчудай жүрөгү шуу этип алган.
-Баары жакшы, болгону бир аз алсыз.
-Эмнеге?
-Өмүр мырза, эми кош бойлуулукту ар бир аялдын организми ар кандай кабыл алат. Хаят айымга азыр ачууланууга, кыжаалат болууга болбойт. Мүмкүн болушунча тынч жагдай түзүп бериңиз.
-Албетте... сөзсүз... - деп жатты Өмүр. Кош бойлуу дегенди угуп толкунданып, апкаарып өзү да түшүнбөгөн бир жагымдуу сезим анын жүрөгүн ээлеп бараткан.
-Хаятты көрсөм болобу?
-Албетте, бир аздан соң алып кетсеңиз болот. Мен бул жерге жубайыңыз иче турган тиешелүү витаминдерди жазып койдум, - деген доктор аял кагазды сунду.
-Рахмат, рахмат сизге!
Кубанычы батпай шашыла чуркап алган Өмүр Хаят жаткан палатага баш бакты.
-Салам, - деди өзүн бактылуу күлүңдөп карап жаткан келинчегинин жанына олтуруп.
-Салам!
-Хаятым!
-Ашкым!
-Кечирчи мени! - Өмүр өйдө болуп Хаяттын мурдуна мурдун тийгизип шыбырады.
-Сен да кечир мени!
-Элдештикпи?
-Элдештик! - деди аялы жылмайып.
Өмүр Хаяттын үлбүрөгөн эриндеринен назик өөп алды.
-Рахмат сага!
-Эмнеге?
-Белегиң үчүн!
-Сага да рахмат. Сенин бөлүгүң менин курсагымда! - деген Хаят Өмүрдүн колдорун кармап курсагына койду.
-Кыз болот, - деди Өмүр.
-Эмнеге? Кайдан билесиң? - Хаят көздөрүн бакырайта күйөөсүн тиктеди.
-Билем да. Сен таттууну жакшы көрөт эмессиңби? Сендей таттуу кызыбыз болот.
Хаят кыткылыктап алды. Баарынан да күйөөсүнүн ушундай кыялкечтигин сүйөт. Сыртынан тааныган адамдарга кежир, мүнөзү корс Өмүрдүн мындай жумшак мүнөзүн бир гана Хаят биле турган.
-Хаят?
-Ооу?
-Ысымын Сүйүү коёбуз.
-Сүйүү?
-Ооба ,түркчө Севги!
-Ашкым! - деди Хаят Өмүрдүн жүзүнө колун тийгизип.
-Таттуу сүйүүбүздүн мөмөсү!
Өмүр келинчегинин колдорун кармап өөп алды. Алар кайра дагы бактылуу эле. Өткөн көңүлсүздүктөрдү, капачылыктардын баарын жашоолорунда жарык таңдай кирген жаңылык унуттуруп салды.
-Хаят кош бойлуу! - деди ачуусу менен кирип келген Айдай. Өзүн таң кала тиктеп турган Жанар менен да көрүшпөстөн кирип эле айткан сөзү ушул болду.
-Жакшы жаңылык! - Жанар да ого бетер Айдайдын ачуусуна тийип сүйлөп аны сынай карап креслосуна чалкалады.
-Мындай болбоосу керек!
-Кандай?
-Ууффф! Менин планымда кош бойлуулук жок болчу! - деген кыз бир орунда тура албай тыбырчылай берди.
-Айдай сен кызыксың го? Кантип планда жок болот бул нерсе? - Жанар каткырып күлдү.
-Жанар?! - деди кыз анын күлгөнүн жактырбай.
-Айдайка сен түшүнчү, Өмүр эми сендик боло албайт! - Жанар айланып басып келип Айдайдын желкесине колун койду.
-Жок, түшүнө албайт экем! Түшүнгүм да келбейт! Алар менин кыялымды, бактымды бузуп, ураган дүйнөмдүн үстүнө өздөрүнүн сүйүү сепилин куруп жашай беришсе боло береби? Анан мен тепселенип кала беремби?
-Айдай, эч нерсе артка кайтпайт! - Жанар кызды эки каруусунан кармап силкип жиберди.
-Кеч эми уктуңбу? Кеч! Өмүр эми сага кайрылбайт! Ал мурункудай сеники эмес. Ал сага дос, кесиптеш, санаалаш... бирок күйөөң же сенин адамың боло албайт.Сен муну тан ал! Ушул тагдырга көн!
Айдай жерге олтура калып кулактарын жаап алды. Ошол эле убакта ыйлап да жатты. Апакай, сулуу жүзүнөн тамган тамчылар. Карагаттай көздөрүндөгү кайгы, муң, ызаа... Жанар кызга боору ооруп кетти. "Баарына сүйүү күнөөлүү! " - деп алды ичинен. Ооба адилетсиздик менен бири - бирине чынжырдай байлаган, акыйкатсыз оюн ойногон сүйүү күнөөлүү. Жанар Айдайды, Айдай болсо Өмүрдү. Ал эми Өмүр... "Өмүүүррр! Сен бул кызды мынтип таштап салбашың керек эле! Сен мунун жүрөгүн мынчалык оорутууга акың жок болчу! " - деп жатты Жанар досуна жаны кашайып. Айдайдын бүтүн жан дүйнөсүн ээлеп, жүрөгүнө башканы киргизе алгыс кылып туруп анан мынтип таштап кеткен досун жек көрүп турду ушул убакта.
-Кечир мени! - деген Жанар жерде солкулдап ыйлап жаткан кызды бооруна басты. Айдай ансайын күчөп ыйлай берди.
"Эмнеге сенин кадырыңды билбеген адамга өзүңдү кор кыласың? Эмнеге көз жашыңдын бир тамчысына татыбаган адам үчүн жамгырдац кылып көз жаш төгөсүң? Жоок! Сен мындай ыйга, кыйноого татыктуу эмессиң!" - деген Жанар кучагында турган Айдайдын чачтарынан билдирбей искеп алды. Бир убакта барып басылган кыз ордунан туруп стулга келип олтурду.
-Ич, - деген Жанар кызга стакандагы сууну сунду.
-Рахмат. Мен кетейин, - деди Айдай ордунан козголуп.
-Жеткирип коём.
-Мен өзүм эле...
-Жок, сени мындай абалда коюп жибере албайм! - деген Жанар кыздын жообун күтпөстөн күрмөсүн көтөрүп жөнөп калды.
Жол бою терезеден көзүн албай баратты кыз.
-Айдай
-...
Кыз жооп бергендин ордуна үнсүз башын буруп карады.
-Жакшысыңбы?
-Билбейм, - дагы көзүнөн тамчы кулады.
-Суранам, өтүп кетет. Чыдап кой. - Жанар кыздын колдорун кармады.
Жанарды үнсүз тиктеп олтурган кыз бир убакта бир нерсени эстегендей кашын көтөрүп алды.
-Жанар?
-Ооу?
-Мага жардам бересиңби?
-Албетте, эмне жардам керек?
-Хаят менен Өмүрдүн арасын бузуу керек. Хаяттын курсагындагы бала төрөлүүсүнө жолтоо болуу керек!
-Эмнеее?! - Жанар чукул тормозду басып машинасын токтотту.
-Сен эмне деп жатасың?
-Өмүрдүн менсиз бактылуу болуусуна жол бербейм!
Жанар Айдайды көпкө тиктеп турду. Жана эле ыйлап жаткан кыздын көздөрү өзгөчө жанып, укмуштуудай пландын үстүнөн чыкканы тургансып жайнайт.
-Жоок, бул сен эмессиң! - деди Жанар кыздан көзүн албай башын чайкап.
-Мен да өз бактым үчүн күрөшө алам!
-Жоок! Жоок! - Жанар башын буруп алды.
-Жанар укчу сенде тааныш балдар көп..
-Токто! Уккум да келбейт ары жагын! Мен жок дейм! Макул Өмүр күнөө кылды, ооба анын сага карата бул жасаганы акмактык! Ооба Хаят сенин сүйүүңдү тартып алып, макул сенин ордуңда сен жашоочу жашоодо жашап жатыптыр. Бирок... бирок төрөлө элек балада эмне күнөө?!
-Керексиз убакта пайда болгонунда!
-Айдай жок! Сен мындай кылбайсың!
-Сени уктум Жанар! Мен өзүм деле колумдан келет сенсиз! - деген кыз унаадан түшүп кетти.
-Айдааай?! - Жанар кыздын артынан кыйкырган бойдон кала берди.
#16 01 Февраль 2021 - 20:59
Акыркы күндөрү Хаятка таң калычтуу, сырдуу смс каттар келе баштады. "Кутман таң! Бүгүн өзгөчөсүң! Көйнөгүң жарашыптыр! Сени кароодон тажабайм! " - деген сыяктуу. Алгач катардагы фанаттары деп ойлогон бирок, бара - бара мындай каттар көбөйө баштады. Атүгүл үйүнө чейин гүлдөрдү жана белектерди жибергенге өттү. Бир күнү эрте менен Өмүр экөө жетелешип сыртка кошо чыгышты. Үйдүн босогосунан баштап бүт жолдорго чачылган роза гүлүнүн желекчелери. Экөө тең бирин - бири таң кала тиктеп алышты. Чачылган гүлдүн желекчелери Хаяттын унаасынын алдына чейин келиптир. Унаасынын үстүндө жүрөкчө кылып жасалган гүлдүн желекчелери менен "Хаятым! " - деген жазуу туруптур. Өмүрдүн ачуусу келип колдору менен гүлдөрдү сүрүп күүп салды.
-Өмүр!
-Байланышам дагы, - деген күйөөсү өзүнүн унаасына түшүп кетти.
Анын кызганып ачуусу келгенин түшүнгөнү үчүн унчукпай кала берди кыз. Хаят кош бойлуу болгондон кийин Жанар ага да өзүнчө унаа алып берген эле. Чынында бул сыяктуу сюрприздерге башында анча маани бербегени менен эми санаага сала баштады. Анткени телефонуна да белгисиз, жашырылган номерлерден чалуулар келип Хаяттын үнүн тыңшап кайра өчүрүп койчу болду. Мындай чалуулар айрыкча түндөсү, же Өмүр жанында болгонунда көп келет. Кала берсе убакыт өткөн сайын смс каттар көп келе баштады. Келген каттарга караганда ал адам Хаяттын ар бир кадамын билип жүргөндөй. Кайда тамактанды, канчада үйгө келди, кандай кийинди, каерде съёмка болду... баарынан кабары бар. "Бул ким?" - деди өзүнчө ойлонуп.
Мунун айынан Өмүр экөөнүн кайрадан ортолорунда уруш көбөйө баштады. Алгач Өмүр да ким экенине кызыгып жаткан, бирок кызганычка алдырдыбы же чын эле шек санадыбы Хаятка ишенбей баштады.
-Өмүр түшүнчү мен тааныбаймын!
-Кандай тааныбайсың? Ушул күнгө чейин мындай болбой жаткан чынбы?
-Эмне демекчисиң?
-Түнү да эч нерсени көзгө илбей чалып жатканына караганда жашырынган адам эмес сыяктуу...
-Эмне мага ишенбей жатасыңбы? - деди Хаяттын көздөрүнө жаш толуп.
-Хаят! Интернеттин бетин да каптап кетти сенин сырдуу сүймөнчүгүң!
-Эмне? Өмүр сен интернеттеги сөздөргө ишенип тыянак чыгарып калдыңбы?
Ушул убакта Хаяттын телефонуна чалуу келди.
-Ал! - деди Өмүр.
-Ала бер өзүң!
-Мен алсам сүйлөбөйт! Ал!
-Алло? - деди Хаят ачуусу менен.
-Кандайсың гүлүм? - деген эркектин үнүн жаңырды..
-Ким бул?!
-Эмне тигиң жаныңдабы? Макул анда кийин чаламын. Айтмакчы бүгүнкү күн үчүн рахмат!
-Аллоо! Кимсиң?!
-Туут...туут. .туут...
Өчтү. Хаят титиреген колдору менен телефонун мыкчый кармап тура берди.
-Бүгүнкү күн!...
Өмүрдүн кээкер аралашкан ызалуу үнүн укканда чыйрыгып кетти.
-Туура эмес сүйлөп жатканын билесиң го, - деди Хаят Өмүргө жакындап.
-Жок! Билем дечүмүн сени. Билбейт окшойм Хаят!
-Өмүр? Бул эмне дегениң?
-Укканың! - деген Өмүр сыртка чыгып кетти.
Дагы Айдайдын алдына баратты. Негедир дайым ушундай. Хаят менен ортолорунда түшүнбөстүк пайда болсо же экөө уруша кетсе эле Айдайдын алдына келет. Баарын төкпөй айтып берип жеңилдеп алат. Ошол эле убакта Айдайдан да колдоо күтөт.
Эишигин алдында маанайы жок турган Өмүрдү көрдү.
-Кир.
-Эч нерсе сураба, - Өмүр үйгө кадам коюп жатып ушинтти.
-Билем..
-Интернетти каптаган нерсени сен да окудуңбу?
-Окудум, бирок ишенген жокмун.
-Мен да ишенбейт элем. Бирок...
-Эмне болду Өмүр?
-Ичкенге бир нерсең барбы үйдө?
Айдай Өмүрдү карап турду да:
-Олтуруп тур, - деп ашкана тарапка басып кетти.
Бир аздан соң колуна ичимдик менен кошо эки стакан көтөрүп келди.
-Сен да ичесиңби?
-А эмне болбойбу? - Айдай Өмүргө карап кашын серпип койду.
-Айдай, бүгүн ушул жерде калам... - Өмүр куюлган стакандагы ичимдикти көтөрүп жиберди.
-Макул, бул сенин да үйүң да.
Өмүр жылмайып Айдайды карап турду.
-Бүгүн ал адам чалды. Менин көзүмчө алды да... анан. Айдай Хаят мени алдап жүрөбү?
-Андай эмес экенин жакшы билесиң го.
-Билбейм, аябай катуу ишенчүмүн. Балким ага деген сүйүүм көзүмдү жаап башка чындыкты көрө албай келгендирмин. ..
Өмүр сүйлөй берди, алдындагы ичимдикти иче берди. Улам көздөрү коюланып ичимдикке магдырап мас болуп баратты. Маңдайында олтурган Айдай көзүнө башкача көрүндү. Көз албай тиктеп тура берди.
-Эмне болду? - Айдай күлүмсүрөдү.
-Сулуу кызсың, - деген Өмүр кыздын маңдайына түшкөн чачтарын алып кулагына кыстырып койду.
-Рахмат комплиментиңе.
-Жоок, мен чын айтып жатамын. Сага мен татыктуу боло албадым. Сага сенин сүйүүңө, сенин сезимдериңе. ..
-Өмүр...
Өмүр көздөрүн жумган абалда кызга улам жакындап келе берди. Ушунчалык жакын энтигип калышканда Өмүр көзүн ачты. Ушул убакта маңдайында Айдай эмес, деңиздей көздөрүн жалжылдатып Хаят турду. Өзүн ала качып тартып алайын дегенде Айдайдын эриндери жармашты. Өмүр туура эмес иш жасап жатканын акыркы ирмемде сезди, сезип турса да баш тарта албады. Айдайды токтотуп кала албады. Балким токтоткусу келбегендир. Бирок ошол Айдайга жакындаган түнү да көз алдында Хаят турду. Кудум анын көздөрү мунун жасап жаткан ишин четте карап тургандай...
Айдай көзүн ачса Өмүр эчак ойгоо жаткан экен. Шыпты тиктеп ойлуу жатыптыр.
-Кутман таң! - деди Айдай эркелей Өмүрдүн бетинен өөп.
-Кутман... Айдай мен кетүүм керек... - Өмүр ордунан туруп кыздын жүзүнө да карабастан жуунучу бөлмөгө жөнөп кетти.
Айдай анын бул мамилесине канчалык ызаланып турса да өзүн колго алды. "Бир аз, бир аз калды. Анан сен бүтүндөй меники болосуң!" - деди көз жашын жутуп.
Өмүр үйгө келсе Хаят жок экен. Өзү да кийинип алып жумушуна кетти. Мына ушул күндөн экөөнүн ортосуна белгисиз дубал турду. Түшүнүксүз билинбеген парда тартылды. Экөө тең муну билип турса да батынып ошол түшүнбөстүктү жоюп салууга кол сунушпады. Хаяттын курсагы күндөн күнгө чоңоюп билинип баратты. Ошондуктан көбүнчөсү үйдө болуп, бир канча съемкалардан баш тарта баштаган. Өмүр болсо Хаяттын алдында жасаган туура эмес иши үчүн алгач өзүн күнөөлүү сезип жүрсө, бара - бара көнүмүш адаттай көрө баштаган. Көп убактысын Айдайдын жанында өткөрө баштады. Бир күнү булардын араң турган мамилесин үзгөн дагы бир окуя болду.
-Хаяяят! - деген Өмүрдүн ачуу кыйкырыгынан ашканада жүргөн Хаят чуркап келди.
-Бул эмне?! - Өмүр титиреген колдору менен телефонду Хаятка сунду. Эч нерсени түшүнбөгөн келинчеги телефонду алып андагы жазууну окуй баштады. Андагы маалыматта Хаяттын кара көйнөк кийип курсагын кармап, ары карап турган белгисиз эркекти кучактап турган сүрөтү бар экен. Сүрөттүн астындагы сөздөрдү окууга мүмкүн эмес.
-Ким? Бул кимдин иши? - деди Хаяттын көздөрүнөн жаштары төгүлүп.
-Эмне?! Ким бул?
Өмүр кантип келинчегин каруудан кармап алганын билбей калды.
-Өмүр ооруп жатат колум, - деди Хаят жалдырап.
-Бул да сага кем! - Өмүр Хаятты диванга каратып түртүп жиберди.
-Өмүр бул.. бул жалаа. Ишен ал мен эмесмин!
-Хаят! Токтот болду актанганды! Жүзүң даана көрүнүп турат! Тиги кара көйнөктү өзүм тиктирип бергем!
-Бирок бул мен эмес! Мен бул адамды тааныбайм дагы!
-Бала төрөлөөрү менен ажырашабыз! Баланы таштап кетесиң!
-Өмүүр!
-Жолобо мага! - деген Өмүр өзүнө жармаша чырылдап ыйлап жаткан жубайын ары түртүп ийди.
Хаят ыйлап жатты. Эч нерсеге түшүнгөн жок. Бул адам ким? Кайдан чыкты? Деги эле жашоосун мунун ордуна башка бирөө жашап жаткандай. Өмүргө таарынды. Өзүнө жасаган мамилесине, териштирбей туруп күнөө артканына, адилетсиз жалаа жапкан бул коомдон аялын коргоп кала албаганына таарынды.
"Хаят атаң оор абалда!" - деген кыска билдирүү келди Зелихадан. Хаят алапайын таппай калды. Биринчи эле телефонду кармаган колдору Өмүргө чалды. Узака кеткен чакыруудан соң Өмүр салкын көтөрдү телефонду.
-Алло? Эмне керек сага?
-Өмүр.. атам, атам оор абалда. Биз барышыбыз керек.
-Мен түштүккө кеттим, клип тартып жүрөбүз.
-Өмүр дейм!
-Өзүң бара бер. Бирок эсиңде болсун андан ары качып жоголуп кетем деп ойлобо! - деди да телефонду коюп салды.
Хаят шалдырап олтура кетти. Мына анын ишенген адамы! Мына ата энесинен кечип, баарын таштап баш байлап келгени... Шашыла туруп билет тез арада жакынкы рейске Стамбулга билет заказ кылды да камына баштады жолго.
Өмүр телефонду кармап ойлуу турду. Негедир жүрөгү башкача туйлап, азыр баарын таштап Хаяттын алдына баргысы келди. Бирок клипке тартылууга макулдугун берип тартуу иштери башталып калган.
Эртеси күнү Хаятка чалды эле телефону өчүрүлгөн. Көңүлү түпөйүл боло калды. Ошону менен тартуу иштерине алаксып кетти. Кеч кирип калганда кесиптеши телефонду көтөрүп өңү бозоро Өмүрдүн алдына келди.
-Өмүр муну карачы...
-Эмне болду дагы? - деген Өмүр дагы көңүл иренжиткен маалымат жазылган деп ойлоду.
-Окучу..
Жаңылыктар экен. Анда Аданага бара жаткан жолдо чоң кырсык болгону тууралуу экен. Адамдар түшкөн кичи автобус жолдо каршы тилкеге чыгып кетип маңдайында келе жаткан автоунааны сүзүп алыптыр. Орун алган кырсыкта белгилүү модель, актриса Хаят Жолдошбекова да бар экендиги баса белгилениптир.
Өмүрдүн буттарынан күчү кетип олтура кетти.
-Өмүр! - жанында турган кесиптеши кармап калды.
#17 02 Февраль 2021 - 23:23
jindirak (02 Февраль 2021 - 00:59) жазган:
*******
Бишкектен Стамбулга бараткан учакта Өмүр. Же убакыт өтсөчү мындайда. Сыртты карап алып кудум учак жылбай эле бир ордунда каалгып тургандай сезилип кетти. "Кудай жалган болсунчу! Хаят аман болсо экен! Оо кудайым суранам балам менен аялымды сактай көр! Ылайым эле адашкан болушсун! " - деп тилеп баратты. Хаяттын жалжылдап тиктеген көздөрү көз алдына тартыла башын чулгуп алды. "Жок! Хаят аман! Менин жүрөгүм сезип жатат! Хаятым тирүү!"
Кырсык тууралуу укканда эле шашылыш Стамбулга билет издеп жатып, эртеси күнкүгө араң таап келе жаткан учуру. Аэропорттон өзүн тосуп алган бул жактагы таанышы Өмүрдү көрүп эле көзүндөгү жашын жашырып башын чайкады.
-Сейхан айт! Айт дейм! Хаят тирүү де?!
Өмүр жетип келип кантип Сейханды жакадан алганын сезген жок.
-Аданага кеттик! - ушул сөздөн башкасын айткан жок. Дагы жол, дагы аргасыздык, алдындагы бул чубалган жол түгөнчүдөй эмес. Аданага жетип Хаяттын үйүнө киришкенде эле короодогу топтошкон адамдардын кара кийимдери Өмүрдүн жүрөгүн жулкуп өттү.
Ичкериде ызылдап ыйлаган аялдын үнү...
Киргенде эле чоң залдын төрүндө Хаяттын бир аз күлүп түшкөн сүрөтү урунду. Чоң рамкага салынып чекесине кара лента тагылып турат.
-Жоооокккк?! ...
Өмүр чөгөлөп олтура калды.
-Хаятым! Хаяят!
Жин тийген адамдай үйдүн бөлмөлөрүн айланып Хаятты издей берди. Төрдө жайгашкан бөлмөдө кирип босогого жөлөнө көргөн көзүнө ишене албай турду. Кепинге оролгон эки адам жатат...
Зелиха, Хаяттын апасы жана эжелери ыйлай беришкенден көздөрү тоо болуп шишип кетиптир. Өмүр ошол жерге олтурган абалында жөрмөлөп Зелиханын алдына келе жатты.
-Айт, бул Хаят эмес э?! Менин Хаятым тирүү де?!
Өмүр кайталай берди ушул сөздү. Ишенген жок. Ишенгиси келбеди.
Хаят жолдо кырсыкка кабылып, өлдү дешкенде ансыз да оор жаткан атасы көтөрө албай үзүлүп кете берди. Ал эми Хаятты ооруканадан жакындары алып келишти. Кырсык чоң болгон үчүн Хаят келе жаткан унаанын эшиги кысылып өрт чыгып кеткен экен, келинди чыгарып алганга үлгүрбөй калышыптыр. Жүзү таанылгыс болуп, денесинин дээрлик 95 пайызы күйүп кетиптир...
Хаят менен атасын үйдөн алып чыгып баратышканда Өмүр кыйкырды.
-Бир көрүп алайынчы?! Жүзүн эле көрсөткүлө? !
Аны эч ким уккан жок. Бул көөдөндөн атылып чыгып жүрөктөрдү титиреткен айрылуунун озоңдогон ыйын эч ким уккусу келбеди. Угушса эч ким чыдап да тура албайт эле.
Ошентип бул жашоонун тирүүлүк аттуу асманынан Хаят аттуу бир жылдыз өчтү...
***********
-Ашкым!
-Хаятым!
-Мени сүйөсүңбү?
-Сүйөм!
Өмүр ойгонуп кетти. Көздөрүн ачып эле жанын сыйпалап эмелки эле түшүндө өщүнө күлө багып жанында жаткан Хаятын таппай калды. Бир тарабы жүрөгүндөй муздак болгон керебетте жатты. Жада калса ушул керебетке,жаздыкка да анын, чачтарынын жыты сиңип калыптыр. Өмүр ошол жытты көпкө жыттап жатты. Көзүнөн салаалап аккан ыссык ачуу жаштар жаздыкка тамчылап сиңип баратты
Хаят! Жашоосуна сүйүү, арзуу болуп кирип, арман менен чыгып кетти. Маңдайында чагылгандай жарк эте кандай пайда болсо, ошондой болуп бат эле жоголду. Баягы узун, кайгы менен коштолгон түн... Өмүр дагы эле ишенбеген абалда жүрөт. Күнүгө жүз, жок миң жолу балким андан да көп Хаяттын сүрөттөрү менен видеолорун көрүп чыгат. Күлмүңдөгөн кош каректери балбылдап күйүп өзүн жароокер тигиле карап турганын эстегенде, тим эле ичине от түшкөнсүп куйкаланып жалындап кетет. Анан да жумуштан келгенде жаш баладай чуркап келип мойнуна асылып алганычы. Жаңы таанышкандагы, үйлөнгөндөгү, кош бойлуу болгондогу Хаятты эстеди. Кучагында мемиреп уктап жатканы, тамак берип жатып колун ээгине таяна өзүн мээрими төгүлө, берилип карап олтургандары. .. Анан эле көзүн жумуп уктап турса ушунун баары жок! Кудум түш сымал, же болбосо кино сымал гана эсинде эскирген элестер тартылып калды. Элестет бир адам сага ушунчалык жакын болуп туруп, жашооңдогу болгон орунду ээлеп, унутулгус көз ирмемдерди тартуулап, анан эле бир күнү жок болуп кетсе. Элестет сен эми ошол адамды мурункудай бооруңа баса албайсың, көздөрүнө тоюп карап тиктей албайсың, түн бир убакка чейин сүйлөшүп олтура албайсың, уруша албайсың, кыйкыра албайсың, керек болсо жөн гана алыстан тиктей албайсың.... Кандай оор, кандай азап бул айрылуу. Өмүр акыркы күндөрү өзүнүн Хаятка жасаган адилетсиздиктери үчүн өзүн жемелеп жашап калды.
Бул кабар бүтүн шоу бизнести бир дүрбөтүп өткөн окуя болду. Такталган да, такталбаган да маалыматтар интернет бетин каптап, Хаяттын сүрөттөрү жайнап кетти. Жапжаш, сулуу көргөн көздү кубандырган кыздын бул дүйнөдөн өтүп кетиши аянычтуу эле. Андан бери бир ай өттү, Өмүрдүн жашоосунда күн кудум Хаят менен кошо батып кеткендей алга жылбайт. Атасы менен апасы, эжелери да келип аны тургузууга аракет жасашты бирок майнап чыккан жок.
-Силер! Уктуңарбы? Силер аны өлтүрдүңөр! Кайда барса да артынан сөз кылып талкууга алган коом, кабыл албаган силер, периште экенин билип туруп каралаган мен анын өмүрүн жедик. Периште болчу! Чын эле периште, биздин мындай ыпластыктарыбызга, кара ниеттүүлүгүбүзгө чыдабай учуп кетти.
-Балам.. биз сенин эле бактыңды кааладык эле.
-Апа мен бактылуу болчумун!
-Мындай болуп кетерин эч ким билбеди да...
-А эмне билгенде гана жакшы сүйлөйт белеңер?
-Өмүр, балам тирүүлүк улана берет. Өлгөндүн артынан өлмөк белек. Жашоону улантуу керек да.
-Жок! Мен Хаятсыз жашоомду улай албайт экем...
Апасы аргасыз артына кайтты. Хаят өлгөндөн бери күндө ушинтип уулуна келип кетет. Бирок Өмүр эч эле бул жашоого көнбөй жатты. Терезелерин да жаап, сырт дүйнө менен бүтүндөй байланышын үзүп салгандай жата берди.
Айдай Өмүрдүн үйүнө келип эшигин түртсө ачык экен. Күңүрт бөлмөнүн ичи ачкыл жыттанып, түтүн каптап кетиптир. Буюмдар, кийимдер ар кайжерде чачылып жатат.
-Өмүүр?
Айдай бөлмөгө баш багып дубал менен бир болгон экрандан Хаяттын сүрөттөрүн тиктеп олтурган Өмүрдү көрдү.
-Кандайсың? - деди жанына олтуруп.
-Билбеймин, - деген Өмүр экрандан көзүн албай жооп берди.
Чачтары үксүйүп, сакалдары да өсүп, арыктап жүдөп кетиптир. Айдайдын боору ооруп кетти. Кандай жигит эле...
-Эшигиң ачык калыптыр...
-Тура берсин ошентип.
Жашоого ушунчалык кызыгуусун жоготуптур, кайдыгерлик менен гана жашап жаткандай.
-Айдай,
-Ооу
-Хаятты мен өлтүрдүм!
-Өмүр, тентек болбочу...
-Чын. Ал менин акмактыгыма, менин кыянатыма түтпөй кетти. Менин кордугумду көтөрө албай кетти.
-Өмүр бул деген ...
-Айдай, мен анын алдындагы күнөөм үчүн өзүмдү кечире албай жатамын.
-Өмүр баары жакшы болот, ишенип кой.
Айдай Өмүрдү кучактады. Өмүр болсо жөн гана туруп берди. Айдай бир аз үйдү ирээтке келтирип жыйнап, ашканага өтүп тамак жасап коюп кирсе Өмүр дагы эле ошол калыбынан жазбай Хаяттын сүрөтү менен сүйлөшүп жаткандай аябай берилүү менен тиктеп олтуруптур.
-Мен кетейин, тамак жасап койдум ичип ал. Дагы бир нерсе керек болсо чаларсың...
-Хаят... - деди Өмүр.
-Эмне? - Айдай бери бурулду.
-Мага Хаят керек десемчи? Аны таап келе аласыңбы?
-Өмүр?
-Өзүң айтпадыңбы бир нерсе керек болсо чал деп? Мага Хаяттан башка эч ким, эч нерсе керек эмес. Хаятсыз башка нерсе тыйынга да татыбайт!
Өмүрдүн жаагынан ылдый кулаган жаштарын колдору менен аарчыган Айдай алдына маңдайына тизелей олтура кетти.
-Баары жакшы болот, чыдап кой.
-Жок, жок. Менде Хаятсыз эч нерсе жакшы болбойт эми...
Өмүр ансайын жаш баладай ыйлай берди.
#18 02 Февраль 2021 - 23:24
jindirak (02 Февраль 2021 - 15:21) жазган:
******
-Өмүрдүн абалы абдан оор, - деди Айдай Жанарды карап.
-Албетте, жаныңдын жарымынан, кала берсе бүгүн эртең төрөлөт деген баласынан да айрылып жатса...
-Эмне кылсам да жашоого кайтара албай жатамын, - Айдай башын мыкчып олтурду.
-Өмүр эми жашоого кайтпайт. Кайтса да мурункудай болбойт.
-Болот, болгону убакыт керек! - деди Айдай өжөрлөнүп.
-Айдай бул убакыт менен даарыланып калуучу дарт эмес. Бул Өмүрдүн өзөгүн бүтүн өмүр өрттөй турган күйүт. Өкүнүч, орду толгус жоготуу. Сен муну түшүнбөй болушуң керек.
-Жоготууну мен түшүнбөймүнбү э? - деди Айдай.
-Керек болсо мендей эч ким түшүнбөйт, жоготуу, тарттырып жиберүү канчалык оор болоорун!
Айдайдын көздөрүнөн тамчылар кулады.
-Айдай сен калаганыңа жеттиң го.
-Түшүнбөдүм. ..
-Сен Хаятты, курсагындагы баланы жок кылууну кааладың эле. Мына ошондой болду.
-Сен эмне мени күнөөлөп жатасыңбы? - деген Айдай калчылдап кетти.
-Жок, болгону сен каалагандай болду деп жатам.
-Мен мындай болуусун каалабагам. Ооба аны Өмүрдүн жашоосунан кетирем дегем, бирок мындай жол менен эмес.
-Сен Хаяттын аз жашоосунда Өмүр менен бактылуу болуусуна тоскоол болдуң. Анын бир аз болсо да бактылуу жашап алуусуна каршы турдуң. Демек сенин да күнөөң бар. Хаят периште болчу. Аны Өмүргө сен шайтан кылып көрсөттүң. Сенин буйругуң менен анын жашоосун тозокко айлантышты. .. Сен Өмүрдүн жүрөгүнө Хаяттын сүйүүсүнө күмөн салдың, сен экөөнүн ортосун алыстаттың, буздуң! Айдай сен да күнөөлүүсүң!
-Жетишет болду! Мага мындай мамиле кылууңа жол бербейм! - деген Айдай эшикти тарс эттире жаап чыгып кетти.
Жолдо баратканда жол боюндагы тез татымдар жасалчу чакан жерден өтүп баратып ал жактан чыгып жаткан жытка жүрөгү айланып кетти. Жол боюндагы олтургучка олтура калды. Жүрөгүнүн дүкүлдөп алган. Оюна келген биринчи ойдон апкаарып, колдорун майда калтырак басып чыкты. Шашыла туруп даарыканадан тест көтөрүп чыгып үйүнө жөнөдү. Эми үйгө жетүүсү да тозок. Кадамдары тушалып калгандай жол арбыбай койду.
Үйгө келди да тестти салды. Эми күтүү керек. Ушул күтүүгө мажбур болгон эки мүнөт өмүрүндөгү эң узака созулган күтүү болду окшойт. Титиреген колдору менен тестти алды бир колу менен жабылган көзүн акырын ачып карады. Эки сызык!
"Оо кудай! Эки сызык! Мен...мен кош бойлуумун. Бул бала Өмүрдүн баласы! Оо кудай рахмат, рахмат сага! Ыраазымын! " - деп жалбара сүйлөп жаткан Айдай ыйлап да жатты.
Ошол эле күнү кечинде Өмүрдүн үйүнө келди. Эшиги бек экен. Коңгуроону басты. Узактан кийин гана ачты Өмүр. Жуунуп, сакал мурутун алып алган экен. Босогодо турган жеринен Айдай мойнуна асылды.
-Айдай! - деди Өмүр көңүлсүз кыздын артылган колдорун мойнунан алып.
-Мен...мен кош бойлуумун!
Өмүр Айдайды чакчая тиктеп турду.
Карагаттай капкара көздөрү жанып, жашка толуп өзүнөн алда нени үмүт кылгандай тиктеп турат.
-Мен... Айдай.
-Эмне кубанган жоксуңбу? - деди Айдайдын араң турган көзүндөгү жашы ирмеле тоголонуп.
-Жоок, жок мен кубандым!
Өмүр Айдайды кучагына алды.
-Кечирчи, мен али өзүмө толук келе албай. Анан шок абалда болуп. Кантип кубанбайм. Кубандым...
Өмүр Айдайды кучактап турган жеринде сүйлөй берди.
Алар үйлөнүштү! Ооба Өмүр менен Айдай үйлөндү. Айдай чексиз бактылуу эле. Көптөн күткөн, кыялданган, атүгүл үмүтүн үзүп койгон арзуусуна жетти. Ал эми Өмүр. Ал өзү да өзүн билбеген абалда жүрөт. Хаяттын ордун, анын күйүтүн кантип басаарын билбей жүргөндө Айдайдын кош бойлуу болгону түн түшкөн жашоосуна кандайдыр бир шоола бергендей, тумандуу, туңгуюк келечекке жетелеген үмүттөй сезилди.
*******
Калифорния шаары.
-Көзүн ачты! - деди медайым ары жака докторду чакырганы чуркап баратып.
Бир айдан бери комада жаткан кыз көзүн ачып, айланасын жатыркап тиктеп жатты.
Аңгыча көз айнек тагынган доктор менен жаш медайым, жана кара сакалдуу киши маңдайында пайда болушту.
-Сыла! Кымбаттуум! - деди сакалчан киши колдорун өөп жанына олтура.
-Өзүңүздү кандай сезип жатасыз мэм?
Бакырайган көздөрүн ирмегилеп алган кыз, бир убакта барып гана:
-Силер кимсиңер? - деди.
#19 03 Февраль 2021 - 09:01
#20 03 Февраль 2021 - 21:20
jindirak (03 Февраль 2021 - 20:41) жазган:
Бир ай мурун....
Мына Хаяттын ишенген адамы! Бүтүн баарын таштап, ийгиликтерине кол шилтеп, ата энесинен да кечип туруп башын байлап келе берген сүйүүсү! Ушуну кылмак беле?! Бишкектен Стамбулга жеткиче учакта көз жашын төгүп келди. Канчалык карманайын десе да болчудай эмес, бир жыл мурун Стамбулдан кетип бара жатып кандай бактылуу эле? Ошондо мынтип көзүндө жаш, көкүрөгүндө арман менен кайтам деп ойлобосо керек эле...
Кыргызстанда жүргөндө ар бир кадамын аңдып жүргөн Шахиндин адамы Хаят Стамбулга учканда кошо, бир учакта келе жатты.
-Шеф
-Угуп жатам!
-Хаят Стамбулга кайтып жатат.
-Кечки рейсте конобуз.
-Түшүндүм!
Телефонду койгон Шахиндин жүрөгү толкуп алды. "Хаят келе жатат!" - деди кубанып. Кыз кеткенден бери бир жыл өтүптүр. Ушул убакыт аралыгында аны жөн гана артынан койгон адамы аркылуу күзөтүп жүрдү. Нечен ирет өзү барып колдон тарта жетелеп кеткиси келди. Бирок... Дайым таш боор, бир сырдуу жүргөн Шахин Хаятка мынте албайт эле. Бул кызга өз катуулугун көрсөтө албайт болчу. Кызда анын бул катуулугун жумшартчу, таш боордугун ээритчү бир өзгөчө касиет бар сымал. Кала берсе Хаят Өмүрдүн мыйзамдуу жубайы! Ошондо деле кимсин Шахин Йылдырым мыйзамга баш ийип, анын эрежелери менен жашап калыптырбы? ! Бул мыйзамдар Шахин үчүн жазылбаганы баарына маалым. Эгер ал кааласа Хаятты бир саатка жеткирбей тигинисинин кучагынан сууруп келмек, же болбосо экөөнү кошуп жок кылмак. Бирок андайга барган жок. Эмне ойлоп, кандай амал кылаарын билбесе да Хаятты кайтарып алам деп жүргөн. Болгону бир аз убакыт керек деген. Мына эми өзү эле Стамбулга келе жатат. Өз каналдары аркылуу анын эмнеге келе жатканын да бир саатка жетпей билди. Атасы катуу ооруп төшөктө экен. Мына кеп, Хаятты ошол атасы менен Шахинден бөлөк башка бирөө кайтара алмак эмес...
Ансыз да Өмүргө ызаа болуп турган Хаят траптан түшкөндө эле өзүнө тааныш деңиз жыттанган Стамбулдун шамалы жүзүн аймалап сылап өткөндө көзүнөн жаш сызылып кетти. Кудум өз мекени Хаят менен ушинтип эркелетип көрүшкөндөй. Ансайын эреркеп мууну бошоп кетти кыздын. Курсагын аяр кармап, көздөрүн жумган калыбында куса болгон мекенинин абасынан терең терең жутуп дем алып алды. Ар бир адам үчүн өз мекенинен өткөн жакшы жер бар бекен?! Аэропорттон чыкканда эле Зелиха даярдап койгон унаа менен Аданага жол алган. Унаага олтуруп жатып жол боюндагы терезелери караңгылатылган унаада өзүнөн көзүн албай сагынычтуу тиктеп турган Шахинди байкаган жок. Сагыныптыр кызды. Ушунчалык сагыныптыр. Анан калса Хаятка кош бойлуу болгон аябай жарашып калыптыр. Курсагын кармап аярлай унаага түшүп кетти. Артында болсо Шахин бара жатты. Узун жолдо Хаяттар баратканда жол боюнда жаш кыз кол тосту.
-Токтот!
-Хаят ханым мага сизди гана жеткирүү тапшырылган, - деди айдоочусу негедир токтогусу келбей кыйылып.
-Ээн жерде турат, кош бойлуу да экен. Жөн өтүп кете албайбыз.
Жол четине чыгып токтогон унаага чуркап келген кызды алып алышты.
-Ысымыңыз ким?
-Сыла, - деди кыз жылмайып.
Хаят кыздын чыгып калган курсагын карап койду. Жупуну кийинген, кала берсе көздөрү да жашка толуп кызарып кетиптир.
-Аданага кимге баратасың?
-Эжем бар, күйөөмдөн качып, - деген кыз улутунуп алды.
-Ата энем жок, эжемдин колунда өстүм. Кийин күйөөмдү катуу сүйүп калып, эжемдин кой дегенине болбой качып кетип турмушка чыккам. Эми болсо мынтип, - Сыла андан аркы сөзүн улай албай мукактанды.
-Баары жакшы болот, - деген Хаят жанында бараткан кыздын колун бекем кармап койду. Тагдырдын тамашасыбы же бул жөн гана кокустук беле, Хаят кызды өзүнө окшотту. Өзү да бир кездерде Өмүрдү сүйүп, баарына кол шилтеп кетпеди беле? Эми болсо жаралуу эликтей, жанчылган дүйнөсү менен келе жатат.
Аданага жете бергендеги жолдо каршы тилкеге чыгып кеткен кичи автобус оодарылып келип туура эле Хаят бараткан унааны келип сүздү. Тарс эткен үн менен кошо удаа эле түтүн каптап, кичи автобус унааны кыйла сүрүп барып жолдун чекесине чыгарып салды. Бул окуя ушунчалык бат, көз ирмемчклик убакытта болуп өттү. Арт жакта анча алыс эмес аралыкта келе жаткан Шахин унаадан чуркап түшүп Хаят олтурган унаага жетип келди. Сүрлүп келип жол жээгиндеги чоң ташка урунган унаанын эшиктери кыйшайып жармашып ачылгыс болуп турат. Шахин болгон күчү менен унаанын терезесин ургулап жатты. Анткени дагы бир аз турса унаа жарылып кетиши мүмкүн. Кыйкырып жатып терезени талкалап, Хаятты ошол жерден аярлап сүйрөп чыкты. Араң дем алып жатыптыр. Айдоочу ошол жерде мерт кетиптир. Арткы орундукта Хаятка катарлаш олтурган белгисиз кыз да өлүптүр. Шахин дароо Хаятты өз унаасына көтөрүп жөнөдү. Жол ээн болгонлуктан анын үстүнө кырсык кечки убакта болгону үчүн жолдон өткөн унаалар сейрек болчу. Эң жакынкы ооруканага жеткирип келип Хаятты аппаратка улашты. Хаяттын абалы чынында оор болчу. Курсагындагы бала жаңы гана жети айдан өткөн экен, аны операция жолу менен алышты. Бала жашай албайт дешкен дарыгерлер курсагын кесип алганда ыйлап жаткан баланы көрүп көздөрүнө жаш алышты. Дароо баланы да кислородко жаткырышты. Кыз экен. Хаят менен Өмүр кыялданган кыз. ..
Шахин ушул учурдагы абалдан пайдаланып Хаяттын ооруканага түшкөндөгүн жашырды. Өз күчү жана колундагы бийлиги менен Хаят биринчи түшкөн ооруканадагы кабыл алган даарыгерлердин баарынын оозун жаап эскертти. Хаяттын документи менен сумкасын кырсык болгон жерге жигиттери аркылуу жеткирип анда жаткан Сыланын документин алды. Унаа жарылып бүтүндөй өрттөнүп кеткен экен. Кичи автобуста да жабыркаган адамдар бар. Баарын ооруканага жеткирип, унаадагыларды моргко экспертизага өткөрүп беришти. Ошондо да күйгөн кыздын денесин Хаят деген тыянак чыгарууга эксперттер менен келишти...
Өзү болсо эч нерсе билбегендей Хаятты жерге берүү зыйнатына катышып, кейиген, кайгырган адамдын образын кийди. Өмүр келип чуу салып, кыйкырып жатканын четтен карап туруп мыйыгынан жылмайып алган...
Он беш күн жаткан Хаятты атайын уланган аппараты менен кошо учакка салып Түркиядан чыгып кетти. Албетте өзү да, Хаят да такыр башка документ менен чыгышты. Шахин Йылдырым эмес Демир Айдын жана жубайы Сыла Айдын болуп.
*******
-Сыла! Кымбаттуум!
-Силер кимсиңер? - кыз көздөрүн ирмеп алды.
-Кудайга миң мертебе шүгүр! - деп алды жанында олтурган сакалчан киши.
-Сыла? Мен.Сыламынбы? - кыз булардын ким экени эмес , атүгүл өзүнүн ким экенин да билбейт экен.
-Баары жакшы! Негизгиси көзүңүздү ачтыңыз, жашоого кайтып келишиңиз менен! - деди ак чачтуу көз айнекчен адам. Негедир акцент менен сүйлөйт экен.
-Мен киммин? Кайдамын? Мага эмне болду?
-Асылым, баары жакшы! - колдорун кармаган сакалчан эркекти жатыркагандай карап, колдорун тартып алды.
-Мен.. мен сенин жолдошуңмун Сыла.
-Жолдошум?
Кыз бир нерсени эстегенге аракет кыла көздөрүн жумду. Бирок эсине эч нерсе келген жок. Кудум мээсин бирөө тазалап өчүрүп салгандай.
-Сыла, сен чоң кырсыкка кабылдың. Жаратканга шүгүр аман калдың. Сен да, кызыбыз да.
-Кызыбыз? - кыздын көздөрү бакырая ансайын таң калды.
-Менин кызым барбы?
-Ооба, кичинекей.
Жолдошу Сыланын(Хаяттын жаңы ысымы) маңдайынан сүйдү. Кыз өзүн алыстатты.
-Баары ордуна түшөт сүйүктүүм! - Демир сыртка чыгып кетти.
-Доктор айтсаңыз анын эскерүүсү калыбынп келүүсү мүмкүнбү?
-Демир мырза калыбына келүсүү мүмкүн акырындык менен. Ага убакыт керек. Балким толук келбей да калат.
-Доктор, анын эскерүүлөрүн унуттуруучу дары берсек болобу? Дегеним калыбына келбөөсү керек. Анткени артыбызда өтмүштө чоң жоготууларыбыз бар, жубайым эстесе кайра көтөрө албайт деп корком, - деди Демир кейиген адамдай.
-Мен сизге мыкты психологтун дарегин берем, ал сиздерге жардам бере алат, - доктор кагазга дарек жазып Демирге сунду.
-Рахмат сизге.
-Жубайыңызга мүмкүн болушунча өткөн нерселерди эстетпөөгө аракет кылыңыз.
Же болбосо бактылуу ирмемдерди гана айтып бериңиз.
-Албетте.