bekbolot_04 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 29 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жылдыздар жана биз (7 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 29 Ноябрь 18
- Кароолор:
- 6 489
- Соңку аракети
29 Авг 2019 10:46
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 19 жашта
- Туулган күнү:
- Март 13, 2004
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: "Айымкан" тарыхый роман
Жазылган күн: 20 Апр 2019
Ооба, жазылат -
Темасы: "Айымкан" тарыхый роман
Жазылган күн: 17 Апр 2019
Жаныбек жарадар адамды алып келип, аны даарылап жатты. Жаркын "Муну эмне кыласың?" дегенине карабай
-Кантип таштап коем? Бул да Кудайдын бир пендеси да-деп Жаркындын оозун жап даарылады. Бир нече күн ээсин жоготуп жатты. Анан бир күн эсине келди. Эки жагын карады да бөтөн жерге келип калганын байкады. Денесинин бир топ бөлүгү жара экен. Ордунан турууга аракет кылып жатты. Эч нерсе эсинде жок. Акыркы эсинде калганы атасынын айтканы боюнча бир жерге барып, ал жердеги Керезкул аттуу байдын кызын көрүп келмек эле. Жакса аны колукту кылып алмак. Анык билгени ошол. Ии, ооба, дагы эстеди. Жолдо карышкырлар үйүрүнө туш болгон. Андан ары эстей албады. Демек, бир адам ал жерден куткарып алып келсе керек да. Көпкө ойлоно ордунан туруп, эки жагын каранды. Бир убакта сырттан Жаркын кирип келип денесинин үстүнкү бөлүгү туума жылаңач жаш жигитти көрүп, бетин жапкан бойдон чыгып кеттип дайынсыз болду. Бир кезде гана узун бойлуу, сакалын ак баскан киши келди да
-Тирүү калдың, Кудайга шүгүр! -деп
жылмайды.
-Амансызбы? -деп жарадар жигит Кадырбек сүйлөдү
-Аманчылык мырза, аманчылык-деп оор
үшкүргөн Жаныбек Кадырбеке жанындагы көрпөчөнү көрсөтө "отур" дегендей ишарат кылды. Кадырбек олтура кетти. Жаныбек
-Кел балам, сүйлө! Кай жактан келе
жаткансың? Кай жердин, кимдин кулунусуң?
-Токтогул ырчынын мекени жактан келе
жатам аба? Кенжебек дегендин уулу болом.
Жаныбек акырын гана башын ийкеди. Бир аздан соң сөзүн улай
-Биз жакта эмне кылып жүрдүң?
-Жолдон адаштым аба. Анан
карышкырлардын үйүрүнө туш болдум.
Сиздерге ыракмат! Кимиңиздер болсоңуздар да жанымды сактап калдыңыздар. Сиздерге карызмын-деп башын ийди. Жаныбек тек гана
-Кудай өзү сактады. Кудайга ыракмат-деп койду да үн жапты. Ошол бойдон экөө тең дым болуп көпкө турду. Бири-бирин тиктей көпкө турат. Анан Жаныбек бир убакта
-Жигит, биздин жерде толук сакайганча жүр. Жарадарсың, сени азыр кое бере албайм. Атың биздин аттар менен турат. Жемдеп турам, атың да, сен да сакай-деп ордунан туруп жөнөдү.
-Рахмат аба. Бул жакшылыктарыңызды бир күн келип кайтарармын- деп ордунан туура калды. Жаныбек
-Эс ал! -деп бир сырдуу боло чыга кетти.
Чыкса маркум Ажынын уулу Бекболот ачуулу атын чаптырып келе жатыптыр. Келип эле
-Жаныбек аба. Атам кайда? Кайда деп
жатам? Жооп бер-деп бакыра калды.
Жаныбек үн катпастан туура албай
-Атаңдан айрылдык балам. Сабырдуу бол! - деген гана сөзүн айтып туруп берди.
-Эмнеге? Эмнеге андай болот? Сен
күнөөлүсүң да ээ? Анын сен өлтүрдүң. Анан карышкыр кол салды деп кылмышыңды жаптың. Ошондойбу ыя? Сен атама өчөшүп бара жаткансың. Баары ошол сенин ХХХ (сөгүнгөн мааниде) кызыңдын айынан болду-
дегенде сөзүн бөлө бетине кан жалата бир салган Жаныбек
-Жап оозуңду келжиребей, акмак! Атаңды таштап кетип, эми сөөгү чириген убакта келип алып... Бул эмне кылганың ыя?-деп бетине катуу дагы бир ирет ура салды. Бекболоту ачуулана кетип кол көтөрүп жибергенде кокустан келген Кадырбек колун кармап калып кайрыды да артка түртүп жиберди.
-Жок, чоң мырза. Мунуң жарабайт! -деп
ачуулу сөз сүйлөдү эле ачуулана Бекболот дагы келип Кадырбекти урмакчы болду. Бирок ишке ашпай дагы бир сокку жеп көк кийип, сыздап турган апасынын жанына жатып калды. Апасы үстүнө жыгыла
-Бекболот, бул эмне кылганың? Оо,
Жараткан. Башыбызга эмне салдың?-деп ыйлап жиберди. Баягы күчтүү, эрктүү эненин эч нерсеси калбай бир жолу шалдырай түшүптүр. Аттиң десе, "жүгөнү болбосо амалдуу ат да адашат" дегениң туура бейм.
Жаныбек ачуулу келди да Бекболотко карай
-Каалаган жагыңа сапар тарт. Мен сени бул калк арасына кошо албайм. Таза аккан сууга, кан аралашпасын. Бул жерден кет! -деп жандуу сүйлөдү. Ажынын жубайынын көзү жашылдана
-Жаныбек, бул эмне дегениң? Балам байкуш кайда барат? Аны ким кошот ыя? -деп жалдырай тиктеди.
-Кечир жеңе. Бирок азыр эл башы мен. Мен чечем.
-Баламдын жашоосу сени кызыктырбайбы? Ал эми кантет? Кай жакта жашайт ыя?
Жаныбек дагы ачуулу
-Убагында эмне силер менин кызымдын
жашоосуна кызыктыңарбы ыя? Зордоо менен кызым жаш турмуш жолуна узатылды. Канча кордук көрүп жатат кызым. Ким билет?
-Кой антпе, анпе садагасы-деп ыйлап этегин кармаган жеңекесинен өзүн алып кача.
-Кызым үчүн баарыңан өч алам. Баарыңан- деп ачуулу үйүнө кирип кетти. Ажынын аялы уулу Бекболотту кучактай боздоп ыйлап кала берди. Баятан бери баарына күбө болуп
турган Кадырбек бул элде да өз элинен өткөн азаптуу күндөр бар туура деген ойдо кала берди.
* * *
-Касым аба, Касым аба-деп бакырган жигит Касымдын үйүнө чуркай келип
-Аба, Курманбек агам атын чаптырып кетип калды. Сизге моону берди деп колуна бир кагаз таштады. Кагаздын ичинде араб тамгасында мындай жазылган эле "Чоң ата, билем мен жаман иш кылдым. Бирок мен
муну Айымканга болгон сүйүүм урматына кылган элем. Ага болгон сүйүүмдү сиз мурун эле байкагансыз. Аны билем. Бирок мага сүйүү
эмес, атуулдук ар-намыс. Атага болгон
мээрим маанилүү. Мен эч качан атама
саткынчылык кыла албайм. Аны куткаруум керек. Өзүм камалсам да атамды куткарам. Анткени эми аны дагы бир инсан күтөт. Ал Айымкандын курсагындагы бала. Аман бол
чоң ата. Кези келсе көрүшөрбүз. Болбосо
жок" деп аяктаптыр. Касым муну окуп
сыртка чуркап чыга калды да небереси
Курманбекти издеп таппай калды.
* * *
Жыйналышта кай бир кызматкер туура калды да Вёдров Алексей Сергеевичке суроо узата
-Мырзам, тиги Кадыраалынын иши эмне болот ыя? Кандай жаза бересиз?
Вёдров үн катпастан тим турду да кайра озолоно кеп баштады
-Эч ушул кыргыз элине түшүнө албадым. Мейличи, камакта бир аз калсын. Анан борборго барганда тактап, сурап, анан иш жүргүзөлү жарайбы?-деп суроо узаткан адамды карады.
-Жарайт!-деп тиги мырза жол тартканда токтото
-Айтмакчы, тиги Кадыраалыны башка абака которгула. Ичкерки абака, сыртта турбасын! -деп чачынан ээгине чейин уланган коюу сакалын сылай колуна тамекисин алып буркурата тартып алды. Мырза башын ийип чыгып кетти.
Ошол убакта сыртта турган атасына Курманбек келип, атын шаар чекесине байлады да ичкери кирди. Аскерлер көздөн ыраак турган убакта атасына келди да
-Атаке...-дей акырын, шыбырай үн катты. Кадыраалы уулун карай:
-Балам, сен кайдан?-деп жай баракат сурап алды.
-Сени куткарышым керек ата. Бир аздан соң амалын тап шаар четине чык. Эч кимге билдирбе. Ошол жерде ат байланып турат-деп сөзүнүн аягында
-Мени кечир ата-деген гана сөзүн айтып колунан бекем кысты да кайра акырын кетип калды. "Балам" деп акырын үн чыгарган Кадыраалы башка эч нерсе кыла албай кала берди.
* * *
-Бизди кууганы кандай акың бар ыя? Сен ким элең бизди куугудай-деп ачуулу келген Ажынын аялын Жаныбек жөн туруп гана үнүн жапты да.
-Жеңеке, Ажыкем эми жок! Күнөөсү үчүн ушуну көрмөк. Бирок дагы да күнөөсүн тарта элек.
-Эч болбоду дегенде жаш мотурайгандарды ойло кагылайын. Алардын көзүнөн аккан жашты кантип карап чыдап жатасың? Алар да кеткиси келбейт. Биз кайда барат элек.
Жаныбек ачуулана
-Эмне менин кызым көз жаш төгүп ыйлап жатканда бир адам карадыбы? Кайра качып келгенде бириңер аны ойлодуңарбы? Жок, бул кайтар дүйнө жеңеке. Кыздарың бой жетейин деп калды. Жакшысы кетип калгыла. Мен кектиктин айынан алардын бактысын балталагым келбейт.
-Андай экен, кызыңды алып келип албайт белең?
Жаныбек үн катпады. Жеңесин таптай "Көрүшкөнчө" деп гана койду. Боз үйдөн чыкканда үйдүн жанында турган Жаркын
-Ий жеңеке, макул эми көрүшкөнчө- деп күлүмсүрөй, үстүнөн күлө сүйлөдү.
-Жырга эми Жаркын. Айымканды кор кылгандар баардыгы өз жазасын алып жатат. Эсиңде болсун, бул Айымкандын каргышы сага да келет. Сен да сыздайсың. Андыктан тобо кыл. Айымкан сенин балаң эмес. Бирок өзүңүн да балдарың бар. Тобо кыл Жаркын-деп жеңеси аста басып жолун улады.
Өз журтунан кеткиси келбей, бирок Кадыраалы бере турган бир үйүр малдын, ага кызыккан ач көз Ажынын айынан бул коктудан үйүн атына артып, балдарын чобуратып, башдары оогон тарапка кетип калышты.
* * *
Курманбек көпкө күттү. Бир убакта гана Кадыраалынын күйүп-быша чуркап бара жатканын көрдү да кубана эки-үч кадам алдыга басты. Бирок Кадыраалы коркуп, артынан кууп келе жаткан орустардан качып келе жатканын көрүп чочуй кетип Кадыраалыга көздөй чуркап жөнөдү. Барган сайын коркуп келе жатты. Тиги орустар
- Токто! Болбосо атып салабыз. Токто деп жатам!-деп куралын кармап Кадыраалыга көздөдү. Бирок, Кадыраалы аны угуп, бирок түшүнбөй дагы да чуркап келет. Курманбек аны угуп
-Атаке токто! Токто-деп бакыра калды. Кадыраалы үн катпады.
-Атып салат атаке, токто!-деп Курманбек күйүп-бышып бакыра чуркап келе жатты. Кадыраалы токтобогонуна байланыштуу айласы кеткен орус аскерлеринин бири куралынан от жардырды эле, куралдын огу келип Кадыраалынын артына тийди. Кадыраалы октун күчү менен көпкө турду да анан баласынын күйүп-бышып келе жатканын көрүп, демин чыгарды да жерге кулады. Курманбек алыстан бакырып келип
-Атаке, жок, жоооок!-деп бакырып үстүнө жыгылды. Оозунан кан чыгып жаткан Кадыраалы
-Балам мени кечир! Мен...
-Жок атаке, сүйлөбө. Мен чоң атамдарга сөз бергем. Сени балаң күтүп жатат. Курсактагы балаң. Мен сени алып барышым керек өлбө. Өлбө деп жатам! Атаке-деп бакырып жатты. Кадыраалынын жерге сулайып жатканын көрүп орустар бейкапар кайра артка кайтты. Курманбеги көз-жашын төгө
-Атаке, сен жашайсың. Сен парзыңан кутула элексиң. Сен мени үйлөшүң керек. Инимди үйлөшүң керек. Атакеңе топурак салышың керек. Ата, антпе. Таштап кетпе-деп бакырып жатты. Кадыраалы сүйлөгө алы келбей сулк жатат. Көпкө турбай атасын атына өңөрүп, жолдо келе жатты. Атасы баласына карай
-Балам, жол алыс. Менин сөгүм айылга барбайт. Андыктан жолдогу эски мечиттин жанына көм. Жарайбы?-деп акыркы кебин айта сүйлөдү.
-Жок атаке, сен өлбөйсүң. Биз айылга барабыз. Сени сакайтабыз- деп өзүн ишендире кетип жатты. Атка өңөрүлүп турган Кадыраалы бир убакта колун сулк таштай, акыркы демин чыгара жан берди. Курманбек атты жетелей кетип жатып аны сезди. Ооба, колу жерге сулайып түшкөнүн сезди. Атасынын жаны үзүлгөнүн сезди. Бирок жолду улай кетип жатты. Өкүрүп ыйлайт, бирок артына кылчайып карабады. Качан гана атасы айткан мечиттин жанына келгенде артын кылчайып карады. Атка өңөрүлө турган жансыз денени көрдү. Аны түшүрүп алып жерге олтурду да кучактай калды.
-Билбедим ата. Мындай болушун билбедим. Кечир-деп атасын кучактай ыйлап жатты. Айылына жеткиче сөөктү жерге берүү кечеңдеп калат эле. Айтор, денесин тазалай албаса да, ак шейшепке орой албаса да, Жаназа намазын окуй албаса да атасынын өтүнүчү менен жерге бермей болду. Мечиттин ичинен шайман алып чыгып, жер каза баштады. " Кечир ата. Кечир мени, акылсыз уулуңду кечир. Сокур сүйүүнүн айынан бул жолго барды. Өлүмүңө ошол акылсыз уул себепчи. Мени кечир" деп ойлуу казып жатып ачуу бакыра калды.
-Айымкан, сен кылдың. Сен!-деп катуу бакырып кыймылын тездетип жерди колу менен чукуй баштады.
-Сени өлтүрөм Айымкан. Сен кылдың. Сен!-деп ачуулу кек толгон көзүнөн аккан жашты аарчып алды да атасын жерге берди.
* * *
-Амансыңбы улуу тоом? Мен келдим. Сени сагынганымды жашыра албайм. Сага келип, мууңумду айтпай жүргөнүмө да көп болду. Сен менин эң жакынымсың- деп тоосуна келип жанындагы даракка жөлөндү да
-Чачымды сылачы, апам бербеген мээримди сен берчи. Сылачы чачымды-деп тоого карай жалбарды. Анын сөзүн уккандай сыдырым жел да чачын бир сылап өттү. Шамалдын сылаганына Айымкан ыраазы боло, көзүнөн бир тамчы жаш жыгарып жиберди.
-Оо, ыйык тоо. Оо Жараткан. Менин күнөөм эмне эле? Эмнеге менин жаш башыма мынча азап саласың? Эмне бир гана мен жаштайыман турмушка узап, жаштайыман бала көтөрүп, аны төрөшүм керек. Жок, мен дагы өз убагымда турмушка узап, өзүм теңдүү адамдын жары болгум келет да. Мейли, анысы да мейли. Эмнеге мен жесир аял атыгып, Кудаяр абанын баласына турмушка узашым керек. Мейли, Кадыраалы байым өлдү. Бирок, менин башымды бошотбойбу?
Айымкандын көзүнөн аккан жаш туура келип оозуна такалды. Аны аарчый салып, чыгып калган курсагын сылай калды да курсагындагы наристе балким, бир күн келип, мунун баарын оңдойт чыгар деп ойлонуп койду. Бирок Айымкан ал наристени "балам" деп айтууга даяр беле? Ал жагы белгисиз, Айымкандын алдыңкы жашоосу караңгы жолдо жөө жүрү эле.
Эми Айымкан эмне болот? Окшош күндөр өтө береби? Кандай окшош күндөр. Күнүгө зордук-зомбулук, кайынатанын каргышы, Курманбектин корс мамилеси, Кудаярдын уулуна кызды талашканы. Айтор, эмне кылууну билбейт. Качып кеткиси келет, бирок кызды кайра алып келип коюусунан коркот. Анын үстүнө бул томпойгон курсагы менен кайда бармак эле. Ойлонот, бирок эч амалын таба албады. Эми эмне болсо да анын жашоосу Касымдын колунда эле. Касым макул болсо үйүнө жол алат. А эгер уулу Кудаярдын сөзүнө кирсе анын баласы Ниязбеке турмушка узайт.
Бирок Айымкан буларды унуткусу келди. Канчалык ойлонсо да анын акыл-ээси али эч нерсеге жетмек эмес. Убакыт да бат эле өтүп кетет экен. Мына бул үйгө келгенине да 3 жылдай болуп калган.
* * *
-Эмне деп жатасың? Кандай акмаксың ыя? Иниңдин өлгөнүнө бир жыл болбой мынтип анын токолун алам дегениң эмне? Эч болбосо Кудайдан корк балам, тообо кыл! Иниңдин арбагын нааразы кылба?
Кудаяр жылмыңдай
-Эмне? Арбагы?-деп атасынын үстүнөн күлгөндөй карады да сөзүн улай
-Кайдагы арбагы? Ким билет Курманбегиң аны көмдүбү жокбу? Аның кай жерде жатат? Карышкырларга эт болдубу? Тырмактай неберең кантип көнмөк?
Бул сөзүнө Касым чочулай калды да ордунан ыргып турду
-Жаап оозуңду. Жараткан сени өзү кечирсин.
-Ата, сен...-деп бирок сөзүн оозунуп айта албады сыңары. Көп өтпөй артына кайтып кетти. Ачуусу менен эшигине чыккан Кудаярдын астынан Курманбек чыга калды.
-Эмне болду аба? Кайда кетип жатасың?
Кудаяр Курманбеке үн катпады. Башынан сылоого да жарабай өскүлөңкү сакалдуу, жүдөй түшкөн Курманбекти баштан аяк көз чаптырды да теңине албагандай кадамын улантты. Бир аз узаганда алыстан Айымкандын караны көрүндү. Кудаяр курсагы чыгып, чалынып-чулуна келе жаткан Айымканды келгиче күтүп турду. Бирок Айымканы жолдон бурулуп Жумакан жаткан боз үйгө көздөй кетти. Кудаяр да Айымканга көздөй жөнөдү. Жетип барып
-Каралдым, бул күндөр өтөт чыда-деп бетинен сылоого аракет жасады эле бирок Айымкан бетин тарта калды. Алыстан эле буларды карап, жини чачынын учуна чыккан Курманбек
-Аба!-деп ачуу бакырды да чуркап келди. Келип эле колунан кармап ыргыта салып
-Тарт колуңду!-деп тик көз карашы менен Кудаярды карады. Кудаяр үн катпай эки колун курунун баштыкчасына сала мурдун көтөрө Курманбекти карады. Ооба, Курманбек кызганган эле. Бирок азыр ал кызганыч заматта кайра жек көрүүгө айланды.
-Күнөөгө батба аба. Бул шуркуяга жолобо! Жолобо!-деп Айымканды карай
-Кир ичкери акмак!-деп түртө салды. Айымкан бир түртүмгө аалы жоктой бир аз арыраак жыгылып түштү. Ичкери жактан чыга калган Жумакан Айымканды кучактай
-Жок, тийбе! Балага тийбе. Мында Кадыраалынын баласы жатат. Аны капа кылып алба!-деп Айымканды корголой үстүнө жыгылды. Курманбек бул акылдан тайган энесин көрүп, жүрөгү чыдай албадыбы же бул окуялардын баарына Айымканды күнөөгө алдыбы? Айтор Айымканды билектен ала ортого алып чыкты да шилтей тоголотуп жиберди. Башындагы элечеги чечиле кеткен Айымкан турууга дарамети жетпей жерде жатат. Жумакан дароо келе калып үстүнө жыгылып
-Жок! Жок! Өлтүрбө! Ал төрөлүшү керек!-деп үн жаңырта бакырат. Бирок көзүндө от жанган уулу апасынын сөзүн укпастан Айымкандын чачынан алды да
-Эй акмак! Мына эмне кылганыңды билдиңби ыя? Эмне кылганыңды көрүп жатасыңбы? Сен адам өлтүрдүң! Менин атамды өлтүрдүң! Мына, тилегиңе жеттиңби? Жөнө эми үйүңө! Кет!-деп чачын тарта бакырды. Айымкан болсо үн ката албай Курманбекти көзүн алайта тиктеп, жалдырайт. Жумакан ортого түшүп, Айымканды корголоп башын чапкылап
-Баланы өлтүрбө! Ал атаңдын уулу. Менин уулум! Атаңдын тукуму-деп ыйлап, жалбарат. Бирок баласы көңүл бурбай колу менен чачын бекем кысып турат. Бирок ага да ачуусу таркабагандай бетине бир салып жиберди. Экинчи ирет кол шилтегенде чоң атасы бакыра калды. Бекем түйгөн муштумун жаза калды. Бирок артка кылчайып чоң атасын карай албады.
-Курманбек, эмне кылдың? Кое бер кызды!-деп буйрук менен бакырды. Курманбек үн катпай тура берди. Астындагы кыз жерде туйлап, чыңырып ыйлап жатат. Качан гана Касым бир жигитти карай ишарат кылганда кубаттуу жигит келип Курманбекти сүртүп жиберди. Жумаканы чырылдай Айымкандын бети-башын сылай
-Бала тирик! Бала тирик!-деп жан алы калбай жатты. Касым Курманбекти көздөй жөнөдү. Жете элек эле
-Эй, акмак! Бул кызда эмне күнөө? Эмне кылдың? Баарына күнөөлү сен. Сен менен маркум атаң. Бириң аял алып ажал чакырдың, сен болсо өз атаңды ажал колуна салып бердиң. Сендей уулдун бар болгону ... -деп оор үшкүрүнө сөзүн улай албай калды. Эмне кылууну билбей Курманбек көпкө турду. Касым да небересин жек көрүү менен карап алды да артка карай жол алды.
* * *
-Ээ Жараткан, бул күндү көрсөткөндөн көрө жанымды алып койсоң гана. Бул эмнең? Тагдыр сыноосубу? Же кылган күнөөм үчүн бул дүйнөнүн тозогубу? Эмнең айтчы? Ал күнөө үчүн азыр өзүм да азап чегип келем. Бирок мунусуна чыдай албайм. Байбичем да менин ким экенимди билбей өтүп кетти. Кадыраалы уулумдун артынан сапар тартты. Менин чыныгы жүзүмдү көрбөдү. Менин канкорлугумду, ага болгон кыянаттыгымды билбей өттү. Эми эмне кылам? Оо Жараткан. Өзүңдөн кечирим сурайм. Бирок мени кечире алар бекенсиң? Мендей пендеңди оо дүйнөгө кабыл ала алат бекенсиң? Эч болбосо тозогуңдан орун бере алат бекенсиң. Мен бул сырым менен кантип сенин астыңа барам? Бул калга малынган кол менен кантип астыңа бара алам? Кантип? Оо Жараткан өзүң кечир, өзүң жардам бер!-деп Касым молдо асманды карай көзүнөн жаш чыгарып тиленип алды. Аны бул сыр, ал күнөө ушул убака чейин канча азапка салды? Анын баарын эстеп утурлай Жараткандан кечирим сурап, олтурду. Касым молдо каткан бул сыр ачыка чыкса баары бүтөр эле. Бирок аны да сактап тура албайт болучу. Бул сыр менен оо дүйнөгө да кете албайт. Бул канга малынган кол кантип тасвих (диалект: таспи) кармап, намаз окуп жатканын да билбейт болучу. Кандай сыр болсо да Касым азырынча жашырууну туура көрдү. Биз да аны жашыралык. Бир күн келип баары бир ачыка чыгар.
1-китептин аягы. -
Темасы: "Айымкан" тарыхый роман
Жазылган күн: 9 Апр 2019
Мырзакул Айымкандын себине кошулуп берилген кул эле. Айымкан качып кеткенден кийин күнөөлү ал болуп чыга келди. Ал атты даярдап, жол көрсөтүп койгондугу үчүн күнөөлү болгон эле. Ал окуядан кийин Касымдын улуу баласы Түндүк өрөөнүндө орун алган Кудаяр аттуу кадыр-баркка ээ адам келди. Кабарды укканда эле шашыла келген экен. Кадыраалыны келе калып эле башына бир салды.
-Эй, акмак. Ушул беле кылганың ыя? Сен абийирибизди төгүп салдың. Кенедей кызды эптей албасаң "эркек" деген атыңдан кеч. Эркексиңби ыя? -деп намыска тиер сөздөрдү айтып алды. Кадыраалы үн катпай туруп берер эле. Ал баарына өзүн күнөөлөп жатты. Башында эле аны менен түн өткөрүп, жаш экенине карабай колукту кылып алуусу керек болучу. Эми баардыгы болуп бүткөндө башын мыкчый, баягы акылман адамдын кымындай жери калбай ойлуу туруп калды. Кудаяр кардуу
-Чакыр тиги кулуңду-деп атасы бар үйгө кирип кетти.
* * *
-Кадыраалыңды менден артык көрүп, аны өзүң менен алып мени түндүк тарапка жөнөтүп жибердиң. Мына Кадыраалың сага эмне кылып берди, ата?-деп кирер замат атасына суроолу тигилди.
-Амансыңбы балам? -деп атасы жай басып келди да таптай калды. Кудаяр үн катпай көпкө турду. Атасы
-Сен мени сагынбадыңбы балам?
-Кантип ата? Сени кантип сагынайын. Элим деп жүрүп өз балаңды куудуң. Сени деп Кокондуктарга жалданып иштеп абийир топтодум. Эми орустардын эшигин шыпырып күн көрөм. Сен менин өз элимде калуума тосколдук болдуң. Өз элимди мен эмес уулуң Кадыраалы башкарат. Калган жети уулуңду сен көрбөдүң атаке. Көрбөдүң. Эми уулуң эл башкардыбы ыя? Жадакалса бир токолду араң эптей албады.
-Уулум, силер эл башкарганы татыктуу эмес элеңер. Көзүңөр байлыктан башка эч нерсени көрбөдү. Тартып-алуу, тоноо, бул силердин максатыңар эле. Коргондун жарым элин жайына кое албадыңар. Анан Кадыраалы элине мээрим менен биригүүгө чакырды. Чачылган элди жыйды го...
-Анан эмне кылды? Кайра ичти, ойноп-күлдү. Курманбеги үчүн той берди. Токол алды. Жыкканыңды чачты. Азыр бир кокту эл менен калдыңар. Ушулбу мактаган адамыңыз?
-Кудаяр-деп Касым жондуу бакырды.
-Эмне ата? Сен бизди жакшы көрбөдүң ата. Сен Кадыраалыны жакшы көрдүң. Сен аны бизден артык көрдүң. Ошентип үч балаңдан айрылдың, төрт балаң сага такыр жат. Кадыраалың сени көтөрө алдыбы? Жок! Ал сени жер менен жексен кылат. Ошондо эстейсиң бизди. Ошондо-деп көзүндө шоргойлой турчу жашты чыгарбоого аракет жасай сүйлөдү. Ошол убакта астына бети-башы көгөргөн Айымкандын себине келген кызматчы Мырзакулду салып Кадыраалы келди.
-Мына тиги-деген Кадыраалы Мырзакулду астына түртө жыгытты. Кудаяр Мырзакулдун бетине бир берип алды да канжарын алып коркута моюнуна такады
-Ай акмак, эгеңдин жашоосун бузуга кандай акың бар ыя? Кандай акың бар? Сен кимсиң жайыттагы аттарды өз эркиң менен алып, токол кызды качыргыдай кимсиң ыя? Азыр сени кан кустурайынбы же... -деген сөзүн бөлө
-Байым мен эмес. Ант ичем мен эмес. Мен ал күнү жайытка барбаганмын. Ант ичем өлтүрбө-деп бакыра калды. Касым да
-Кудаяр ал канжарыңды. Ал деп жатам-деп бакыра калды.
-Бул кылса Жараткан өзү жазалайт. Андан көрө кыздын ишин бүтүрөлү. Биз сени Ажыныкына барып келүү үчүн чакырдык. Кантсең да улуусуң. Бир чечимге келдик. Кызды калтырасыңар. Болду баарын токтоткула.
Кадыраалы жан талаша
-Атаке, эмне? Мен аны кое бербейм. Ал менин аялым. Ал менин токолум. Аны ойлобо дагы...
Касым сөзүн бөлө бакырды
-Ал сенин аялың эмес
Кудаяр суроолу түрү менен
-Кандайча, эмнеге?
-Кыз менен түн өткөрө эле. Айымкан сенин аялың эмес. Кызды таштап, баардык кызга берген малдарды кайтарып алып келгиле. Эсиңерде болсун. Тынчтык менен гана чечишкиле. Кулдарын да ала кеткиле-деп буйрук кылды да сыртка чыгып кетти.
* * *
-Эмне болду Гүлкан эже?
-Жаркын, Айымканга жолугайын дегем. Кирсем болобу?
Жаркын мурдун чүйрүй
-Кел, кириңиз-деп жол көрсөттү да өзү сыртка чыгып кетти. Боз үй четинде ойлуу олтурган Айымканды көрүп жанына бара салды да
-Айымкан кызым... -деп акырын үн катты.
-Гүлкан чоң апа... -деп Айымкан кучагына кире калды. Айымкан Жаркындан ала албаган мээримди бул аялдан алчуу. Ага өз энесиндей мээрим көрсөтөр эле. Гүлкан бул Айымканды качырды болуп күнөөлөнгөн Мырзакулдун энеси. Ал кыздын чекесинен өптү да
-Айымкан, балам Мырзакулум аманбы?-деп көзүнөн жаш чыгара суроо узатты.
-Аман чоң апа. Аман. Аларга колумдан келишинче жардам берем. Бирок Жумакан эжем кыйнап салат. Кайырбү (кул болуп кеткен кыз) эжемди ур-токмоко алат. Мырзакул агам болсо жылкы кайтарат. Мен ага тамак ташып берип жаттым. Аны билип калып Жумакан эже урушту. Карлыгач энем болсо "Ал ачка жүрсө боло берет" дейт-деп баарын айтып берди.
-Кой кызым, атын айта көрбө. Ал сенин кайын энең да-деп кучагына кыса калды да
-Эх балам. Кудайым өзү сени колдосун. Акмак атаң менен энеңди кечир. Кечиргин...-деп өз баласынын камын ойлой
-Түшүмө Мырзакул агаң кирип калыптыр. Жүрөгүм да бир нерсени сезгендей. Иши кылса тынч болсо болду балам. Силерди Кудайга тапшырдым-деп көз жашын аарчый ыйлап алды.
* * *
-Токто, Кудаяр ага-деп Кадыраалы Кудаярды чакырды да
-Кудаяр ага, мен Айымканды кое бере албайм. Аны эптеп алып кел. Ал сенин колуңдан келет. Аларды коркутуп, үркүтүп кызды алып келели. Болбосо Жаныбек да чечкиндүү. Оңой менен кайра бере койбос.
-Эмнеге? Ал жаш кызды эмне кыласың?
-Мен тукумумду көбөйтсөм дейм. Курманбегим менен туруп калбайм го..
-Жакшысы токтот. Себеби алар чоңойгондо өзүңө жаман. Дал биздин атабыздай жана биздей болуп-деп жолун улады.
* * *
-Эй Ажы аба? Чык үйүңдөн. Кандай немесиң ыя? Кандай? Кыз бердиң эмне? Кайра кулуңа качырганың эмне? Баардыгына жооп бересиң. Бул кылганың үчүн айылыңга от коюп, мал-алыңды тоноп, элиңди кул кылам сенин-деп зардуу бакырды Кудаяр. Ажы үйүнөн чыкса бир топ кол чогултуп, согуш баштап жиберчүүдөй келиптир. Ажы чыккандан кийин атынан түшүп камчысын сүдөрөп барды да алдына ачуусу менен ыргытты. Ажы жыгыла калып
-Кагылайын Кудаяр. Ачууга алдырба. Биздин кыз жаңылыштык кылыптыр. Камчыңды кайтарып ал-деп жалынып жиберип этегин кармай калды. Кудаяр Ажынын намысына тийүү үчүн калпагын алды да жерге чапты. Ажы анысына да тим болуп үн катпай башын жерге салып туруп берди.
-Эми кеч-деди Кудаяр чечкиндүү.
-Муну кыз берерде ойлон карыя. Балагатка жете элек кызды зордоп бердиң. Эми өзүңдөн көр. Баардык чыгымды төлөйсүң. Ал үчүн болсо көп керек. Элиңдин баардык малы да арзыбайт
-Кудаяр кыз ичкериде. Алып кеткиле.
Кудаяр жылмайды да
-Эй акмак, кызыңды али келин кыла элекпиз. Кызың таза... Нике кыйылган жок. Өзүңө буюрусун ошол кызың. Биз урушууга келдик-деп жерде жаткан камчыны көзү менен көрсөттү.
-Жок, каралдым ачууга алдырба. Кыз кетет. Кайра кайтат...-деп чый-пыйы чыкан Ажы бакыра калды. Кудаяр көпкө турду.
-Эмне? Кыз кайра кайтпайт деп кепилдик бере аласыңбы?
-Кудаяр, нике кыйсын. Кыз төрөсүн. Ошондо ал жака бүлө болуп байланып калат. Биздин кыз жаштык кылып коюптур. Кечир эми... -деп жалдырап жиберди. Кудаяр үн каткан жок. Анын максаты кызды алып кетүү эмес беле
* * *
Ажы кирип келди. Жаныбек кыздын жанында үн катпай туруптур. Келе калып эле
-Кандай немесиң ыя? Кызың үчүн элиңди курмандыка чалгың келип жатабы? Биз сенин элиңбиз. Тентип келгениңде аялың менен сени батырдык. Же эмне өз элинен айдалган адам деп айдап салалыбы? Колубуздан келишинче аракет кылдык. Жардам бердик. Бир туугандан да артык көрдүк. Кылган жакшылыка рахматың ушулбу ыя?
-Ажы аба. Мен кызымды бербейм.
-Эй, акмак. Сен кызыңды берип бүткөнсүң. Кызың турмушка чыккан. Бересиң!-деп чечкиндүү бакырды
-Жок, кызымды бербейм-деген Жаныбек кызын карап алды да Ажыны тике карады. Ажы мыйыгынан
-Макул бербе. Бирок...
-Эмне бирок?
-Сен кыргызсың! Азыр сен кызыңды бербедиң дейли. Кудаяр оңой адамдан эмес. Элиңди чап, тоноп албайбы? Ушунча наристенин, ушунча аялзатынын, ушунча эркектин, элиңдин убалына каласың. Азыр бербесең Кудаяр сени да кызыңды да өлтүрөт. Ушуну калап жатасыңбы ыя? Кааласаң макул бербе. Эгер сен бербей, алар бул калкты кыра турган болсо сен өзүңдү азыр кыргыздын уулу деп эсептебей эле кой. Уктуңбу! -деп корс сүйлөп чыгып кетти.
-Атаке, ыйлабачы. Мен турмушка чыгам. Мен кайра кетем-деп жалооруй караган Айымканды карады да жанына олтура кетти. Оюнда "Оо, Жараткан кызым үчүн өз элимдин убалына калгым келбейт. Качан кыргыз өз элине кыянаттык кылган? Оо, Жараткан мени кечир. Кызым сенин жашооңду талкаладым. Кызым кечир. Атаң сени эркелетпейт. Бирок ал сени жакшы көрөт" деп жатты. Анан
-Кызым мени кечир!
-Эч нерсе эмес ата.
-Билесиңби? Мен сага бир нерсени айтып коеюн. Сенин апаң каза болгон. Сен жаш убагыңда эле. Жаркын сага өгөй апа-деп сөзүн шаша айтты да жерге карай калды.
-Билем ата
Жаныбек таң кала
-Кандайча?
-Сен кээде сүйлөгөндө өз сөзүңдү билбей каласың. Жаркын апам мага өгөй болсо да мени багып чоңойтту. Ал менип апам-деп жайдары күлдү. Жаныбек ансайын буулуга "Оо Жараткан, кордук, турмуш менин кызымды зирек кылып коюптур. Ал жашоону тааныптыр" деп ыйлап жиберди.
-Атаке, сизден бир нерсе суранайын. Мырзакул акем менен Кайырбү эжемди алып калгыла. Мен баарын өзүм кылам. Мага алардын кереги жок. Калсын суранам-деп жалбарып суранды.
Ошентип кайра кыз армандуу кайын журтуна жөнөдү. Эки кулду калтырып коюшту. Атка тетири минген Айымкан ата-энесин бир карай "Апа, ата. Сиздер аман болсоңуздар мага андан башка эч нерсенин кереги жок. Сиздерди акыркы жолу көрүп алсам дегем. Көрдүм. Мен өлсөм ата, апа эч ыйлабаңыздар" деп ойлуу жөнөп кетти.
* * *
Жаныбек түшүнөн чочуп ойгонду. Тердеп кетиптир. Түшүн эстеди. Ооба, жаш кызын дөңгөчтөй болгон Кадыраалы баса калып журмалап жатыптыр. Ыйлоону жаман көргөн киши оозун баса калып бакырып-бакырып ыйлап алды. "Кызым мени кечир. Кечир мени" деп ичинен кайталай ыйлап жатты.
* * *
Вёдоров Алексей Сергеевич түштүк тараптан кыргыз келиптир дегенин угуп бир аз турду да кайра
-Эмне себептен? Ким экен? -деп суроолу карады. Сары орус жигит сөзүн улай
-Сапаркул деген мырзам. Эмнеге келгенин биле албадым. Алексей көпкө узабай
-Макул жолугайлык. Кирсин-деп ишарат кыла чыгып кетүүсүн сурады. Сары жигит дароо эле Сапаркулду алдына салып келди. Боз үйдө жашап күн көргөн адам төрт бөлмөлү орустардын кабыл алуу жана башкаруу имаратын таң кала карап алды. Кирип эле ал абалды сурай калды. Вёдров түшүнбөгөндөй түрү менен сары жигитти карады. Тиги кыргызча билген котормочу сары жигит
-Амансызбы деп жатат мырзам-деп которуп берди. Орус Вёдров жооп кайтарбай эле сакалын сылай
-Эмне? -деп үн катты. Котормочу жигит кошумчалай
-Эмне себептен келдиң? -деп Сапаркулга карады.
-Улурматуу орус бийи, мен Кадыраалы дегендин үстүнөн доо кылганы келдим.
Сары жигит бол сөзүн да которуп берди. Вёдров
-Эмнеге? Эмне кылды?
-Ал биздин элди бөлүп жарып, уруштуруп, тоноп жатат. Ал тургай токол да алып алды.
Сары жигит которуп келип "токол" дегенге келди да суроолу
-Ал эмне?
-Эмне эмне? -деп суроо менен жооп берди. Сары жигит
-Баягы "тукол" дегениң?
-Токол мырза. Ал экинчи аял.
Сары жигит эми түшүндү да Вёдровго карай
-Мырзам Кадыраалы деген элди чаташтырып, уруш чыгарып, тоноп, ал тургай экинчи аял да алыптыр. Ошого доо арыз менен келиптир.
-Эки аял алуу кыргыздын салты эмеспи. Тек гой-деп Вёдров Сапаркулду тиктеди. Сары жирит дагы которуп берди.
-Жок ал жаш кызды алып алды. Чамамда сегиз-тогуз жашар. Ага кошуп кул да иштетип көп калды
Сары жигиттин котормосун уккан Вёдров таң калды. Анткени эрте турмушка узатуу менен кул элөөчүлүктү орустар жойбоду беле
* * *
Айымкан шалдырай жатты. Ордунан турууга да дарманы жок. Же ыйлай албай да калган. Бир убакта кызматчы келин көшөгөнү ачты да
-Айымкан, суу ичип алсаң боло-деп үн катты. Айымкан үн катпайт. Ордунан турууга дарамети жетпеди эле келин жөлөй тургузуп оозуна суу куйду. Кечеги окуядан кийин байкуш кыз бир топ жабыркады. Кайра жаткызган келин "байкуш кыз" деп боору оруй чыгып кетти.
Курманбек болсо баягы чыккан тоосуна барды да бакырып-бакырып алды.
-Аааааа, аааа-дей бакырган Курманбек ар нерсеге өзүн уруп жатты. Ачуусун эмнеден чыгарууну билбеген Курманбек ачуусун баса албай кайра айылга түштү. Жинденгенин байкаган Кадыраалы жанына чакырды да
-Сага эмне болгон? -деп суроо узатты.
Курманбек "Эмне болуш керек ата? Чынында бул суроону сага мен берейин. Сага эмне болгон ата? Кай жерден жаңылдык. Айымканды мынча кор кылдың? Көзүң эмнени көрдү? Элиңди да азапка салдың. Сен өз балаңды азаптадык. Анын сүйүүсүн сен өзүңкү кылдың. Сен менин сүйүүмдү жок кылдың. Сени жек көрөм ата. Жек көрөм" деп ичинен кайталап жатты. Бирок аны сыртка айта алабы? Анысы белгисиз эле.
* * *
Ажы ууга чыкты. Жанына бир нече жигит алып алган экен. Бир нече кийик, түлкү колго түшүрдү. Кубана
-Оо бүгүн үйгө салмактуу кайтат экенбиз да ыя?-деп жигиттерине карай каткырып алды. Ошол замат эле коёндун бөжөгүн от жагып аны кактай бышырууга камданып жатышты. Жигиттер отун алганы кеткен эле. Ажы өзү жалгыз от жагып коендун терисин шылып жатты. Арттан шытыраган үн угулду. Ажы артын карай эч нерсе көрбөдү. Кайра өз ишин улады. Дагы бир кырылдаган үн угулду эле артын карай канжарын бекем кармады. Көрсө ал үйүр бара жаткан карышкырларга туш келген экен. Көп өтпөй эле төрт карышкыр төрт жактан асыла калып, тытып баштады. Бир нече ирет канжарын шилтеп бир карышкырды жарадар кылды да алы кетип туруп калды. Анан качан гана бири келип боюнунан тиштегенде озунан кан атып кетти.
Ошол күнү Ажынын сөгүн айласыздан өз жерине алып келип жерге берүү үчүн камылга көрүштү. Баары Жаныбектин башына жүктөлүп, Ажыны жерге беришти. Жаныбек эми бир кокту элдин башы болуп калды.
* * *
-Эмне болуп калыптырмын ата?
-Ачуулуусуң- деген Кадыраалы баласын карады.
-Барган сары өзгөрүп бара жатасың. Билбейм, атам мени үйлөбөй өзү үйлөнүп алды деп жатасыңбы ыя?-деп мыйыгынан күлүп алды.
-Жок антпей-деп Курманбек жооп узатар замат башын жерге салды.
-Сени да, моореки атты да үйлөндүрүп коёюун ээ-деп каткыра күлдү да. Өз атын сылай
-Ушул тулпарды айгырлыка койсом деп турам. Жайытка кое берип коебуз. Айтор бул дагы кыйналды сыягы. Сени да быйыл үйлөбөсөм болбой калды. Барган сары чоңоюп бара жатасың.
Курманбек үн катпады. Атын чаптырып бир убакта Кудаярдын баласы Ныязбек келди да Кадыраалынын таптай
-Арбаңыз ага-деп учураша калды.
-Оой Ныябек, чоң жигит болуп калыпсың го. Кайсы шамал айдады сени. Атаң айтырып койбоптур да.
-Жакын арада той болгон. Силерге тийип, чоң атамды көрүп кетейин деп келдим-деп Курманбеке карай
-Кандайсың Курманбек баатыр-деп Курманбекти кучактай калды.
-Жакшы Ниязбек ага өзүң-деп көңүлү көтөрүлө түшкөн жигит кучактай учурашты. Ал жайды сурашып көп узабай Кадыраалы
-Ниязбек чоң атаң намаз окуп жаткан. Бүтүп калган чыгар. Жүрү кирели-деп алып кирип кетти.
* * *
Кара түн. Айлуу кечте Ниязбек менен Курманбек олтурду. От жалындай күйүп жаткан. Ниязбек утуру кактала калган этин оозуна аптыга сала жеп алат да. Кайра жалынган тосо калып жатты. Ооба, Курманбек дагы да ойлуу. Алдындагы жалындай күйгөн отту тиктей эле өз ордунан жылбай, катыган бойдон турат. Ниязбек аны далай ирет байкады. Бирок үн ката албады. Анан көпкө узабай кайра
-Сага эмне болгон иничек? Ичиңде оор дарт бар экени шексиз. Айтчы мага. Эмне болду?
Курманбек айткысы келбеди.
-Тек гана-деп жооп узатты.
-Бул кебетең андай дебей жатат ко. Айта бер. Эч кимге айтпайм. Өңүңдө бирөөнү жактырып калдың го ыя? -деп жылмая карады. Курманбек эми айтууга камданды. Баары бир бир күнү айтмак да
-Ооба ага, жактырып калдым. Биринчи жолу мындай нерсеге туш болуп жатам. Жашоом барган сары кыйындашып баратат. Ичимдеги сыр баардык жеримди жеп, мени жок кылчуудай.
-Ошондуктан сырыңды мага айтып ал. Болбосо мен эртең сапарга чыгам. Сенин сырдашың менден башка эч ким боло албас-деп дагы бир ирет жылмайды да кулак төшөгөндөй түр көрсөттү.
-Жактырып калдым. Сыягы ал да мени жактырат. Ооба, жактырат. Аны жүрөгүм сезет.
-Ким экен ал? -деп суроо узатты. "Ал менин атамдын токолу" деп айта албаган Курманбек
-Ал өтө акылдуу, татына, элпек, эң башкысы сабырдуу, чыдамдуу кыз. Мен аны жакшы көрүп калдым ага. Ооба, жакшы көрүп калдым.
-Ии, анан. Агама айт. Батыраак үйлөн да иничек.
-Жок. Биз бирге боло албайбыз. Биз эч качан бирге боло албайбыз.
-Агамдын душмандарынын кызын жакшы көрүп калган жоксуңбу ыя? -деп салмактуу каткырды эле сөзүн каталай
-Жок, бирок...
-Аны сүйөсүңбү?
Курманбек акырын баш ийкеди.
-Анда иним аракет кыл. Аракет кылсаң сүйүүңө жетесиң.
-Эми кеч ага. Мен үчүн ал эч болбосо бактылуу болсо болор эле. Ошол мага жетиштүү. Андан башканын кереги жок.
Ниязбек желкесин таптады да
-Анда аны бактылуу кыл! Ал үчүн жаныңды бер. Ошондо ак сүйүңдүн чын экени тастыкталат. Баарына даяр бол! -деп дем бере калды эле Курманбек бир күч менен аба жута өзүн соротуп алды.
* * *
Арадан ай айланбай Вёдров Алексей Сергеевичке түштүк тараптан кат келди. Сары жигит катты алып кирип
-Мырзам, түштүк тараптан Кадыраалынын уулу Курманбек дегенден кат келиптир.
Вёдров көпкө ойлонбой
-Тааныштай ысым-деп сары жигитти карады.
-Ооба мырзам. Садыркул үстүнөн арыз жазган адам. Кадыраалы, баягы Кудаярдын иниси.
-Ии, эстедим. Алып келчи. Арабча жазылганбы?
-Жок мырзам. Илимдүү жигит көрүнөт крилл тамгалары менен жазыптыр. Орус тилинде-деп катты суна койду. Окуй баштады. Башында мындай жазылыптыр "Орус эли тарабынан, нече элибиз ар кыл душмандарга багынып бере алган жок. Албетте буга орус элинин колдоосу негиз болду. Сиздердин мыйзам менен биз кат таанып, ынтымака чакырылып, биригип, кээ бир салттарыбыздан да айрылдык. Буга албетте кээ бир кыргыз эли каршы чыкты. Анткени алар өз ата-бабасы калтырган салтты таштагылары келбеди. Канчалык бобосун баары бир ал салттар адам өмүрүнө зыян келтирет деп ойлойм. Айрыкча жаш кызды аялдыка алуу, кызга кошуп кул берүү салттары. Сиздер аракет кылсаңыздар да бул салт дээрлик жок болуп кеткен жок. Алардын ичинде менин атакем да бар. Оштук Садыркул абам доо менен кайрылганы бизге дагы жетти. Мен да анын арызын колдойм. Улурматуу мырзам. Сизден суранарым... Атамдын жубайы болгон Айымкан деген айымчаны бул никеден ажыратып, аны сабаттуулука жетелеп, ата-энесине тапшырсаңыздар. .. ". Бирок катты аягына чейин окубай эле жапты да сары жигитке кармата калды.
-Калмырза элчиге айт! Даярдансын. Түштүк тарапка жол артабыз-деп колу менен жаңсай "чыгып кет" деп ишарат кылды.
* * *
-Сен аны ошол күнү эле өчөштүрүп алгансың балам. Камчысын ачуулу бүктөй кеткен. Ушуну кылмак балам!-деп Касым баласын карады
-Акмак десе, көрсөтөм мен ага. Келе берсин ошол Вёдор. Эмне кыла алмак эле?
-Эй акмак. Сен орустарды эмне деп жатасың? Алар оңой эмес. Баарыбир каршы чыга албайбыз.
Ошол убак Карлыгач кирип келди да баласын кучактай калды.
-Айланайын балам, өмүрү менен берсин. Дагы көп балалуу бол. Түшүнбөгөн Кадыраалы апасын суроолу карады
-Ой Айымкан кош бойлуу балам. Балалуу болосуң! Жумакан текшерди -деп кучактай калды. Сүйүнүчү койнуна батпаган Кадыраалы бакырып апасын кучактап жиберди. Курманбек болсо чочугандай боз үйдөн атып чыкты.
-Оо, Жараткан. Өзүңө бир мертебе шүгүр! -деп касым да Теңирге ыраазы боло калды.
Жумакан: "О, Жараткан. Башыма кандай оор сыноону салып жатканыңды билип жатасыңбы? Күйөөмө болгон кызганыч мени жаман адамга айлантты. Мен... Ооба, бизге бир гана бала бердиң. Бирок... Ооба, ал үйлөнүп балалуу болусу абзел. Бирок анын колуктусу менин душманымдай. Билем, бүгүн жаман күн. Мен анын кош бойлуу экенин текшердим. Эми аны төрөтүү да менде. Бирок мен кантип? Кантип ал баланы жарык дүйнөгө алып келем. Жек көрүү, кызганыч ичимде кайнап турган убакта аларга бир нерсе кылып алуудан корком. Мага сабыр бере көр. Оо, Жараткан. Сабып бер!-деп өзүн бекем кармап боз үйгө кирди. Кадыралы кубана кымыздан жута коюп олтуруптур. Жумакан кирип эле
-Байым-деп үн катты. Кадыраалы Жумаканды келе калып кучактап жиберди
-Рахмат сага Жумакан-деп бекем кысты. Дагы да сөзүн улай
- Сен уруксат берип, эми мен кайра ата болууга камданып жатам. Биздин балабыз болот, ал сенин да балаң. Ал төрөлөт. Дагы көп бала төрөлөт. Курманбек инилүү болот-деп ары-берини айтып кубанычы койнуна батпайт. Жумаканы болсо бир да сөзүнө көңүл бурбайт. Анын ой-санаасы бийиктерде учуп жүрөт. Көптөн бери көрө элек жылуу кучак, жыттай элек Кадыраалынын жагымдуу жыты. Булардын баарына мас болуп. Өлсөм да арманым жок дечүүдөй турат. Кадыраалы да Жумаканды кыса кучактап сүйүнүчтөн ыйлап жиберчүүдөй турат. Жумакан болсо ыйлагысы келет. Бирок карманат. Айтор ар кимдин оюу ар кандай болуп турган чагы. Айымкан болсо дагы деле ата-энеси менен сүйлөшүп убара.
-Мына, атаке, мен балалуу болом. Кенедей 15 жашымда бала жытын жыттайм атаке. Бирок бул бала мага канча көз жаш алып келди, канча көз жаш алып келет? Канча кордук көрсөттү. Алдыда канча кордук көрсөтөт. Билбедим ата. Баладан да кайыл элем, болгону сиздер менен болсом. Мен бул баланы жек көрөм. Ага кантип эне боло алам. Аны кантип тарбиялап, мээрим төгүп чоңойтом. Аны кантип балам дейм? Кантип? Кантип мен өмүр бою жек көргөн адамым менен бирге бала чоңойтуп жашай алам? Кантип ата? -деп бакыра ыйлап жиберди.
* * *
-Арстан азыр бул жерден кеттиң дейли. Кийин кайда барасың? Кайда? -деп суроо узатты. Арстан ачуулана
-Анан эмне кылам? Ажы абам каза болгондон бери бул калктын башын кармап кала алдыңбы? Баары кетти. Баары чачырады. Жакында дагы кетет. Бул коктуда жалгыз сен каласың. Сен... -деп сыртка чыгып кетип калды. Жаныбек башын мыкчый олтура кетти. Ажы өлгөндөн кийин бул калк бир жерге баш кое албай ар кимиси ар жака тарады. Жаныбектин айласы куруп, эмне кылышты билбей турган чагы эле. Адатынча атын минип алып дагы токойго сапар тартты. Жолдо кетип бара жатып, үйүр карышкыр бир нерсени тыткылап жатканы көрүп атын чаптырып жанына барды. Жетсе бир жигитти тыткылап жаткан экен. Жаныбек аттан түшө калып эки карышкырды сулайта чапты, калган экөөнү бычактай калып жигитти карады. Али жаны бар, бирок ээсин жоготкон экен. Жырткыч карышкырлар бир-эки жерин тиштегилеп жиибериптир. Атка өңөрдү да, чаптырып айылга жөнөдү.
* * *
Тоо койнунда армандуу көз-жаш төгүп олтурган Курманбекти көздөй кичинекей жигит чуркап келе жатты. Алыстан эле
-Курманбек байке... -деп бакыра калат. Жанына келерде Курманбеги көз жашын аарчыды да
-Эмне болду? -суроолу карады.
Өпкөсүнө аба толуп калган бала дем ала көпкө турбай
-Тиги.. тиги жакта-деп сөзү бөлүнүп кетти
-Эмне болду тиги жакта?
Кабар айткан бала эми эс ала түшүп,
-Кадыраалы абамды орустар байлап алып, алып кетип жатышат-деп айта салды да
-Бол, байке. Чоң апам чакырды. Аябай жинденди-деп шаштыра калды. Курманбек бир аз корко түштү.
-Эмне?... -деп көпкө турду да анан айылга чуркаган бойдон түшүп кетти. Ичинен "Мен эмне кылып койдум? Өз атамды орус элине салып бердим. Атамды ташбөлмөсүнө мен каматып койдум. Мен эмне кылып койдум?" деп бакыра-бакыра ыйлап жиберди. Качан гана үйүнө жеткенде апасы чуркай келип
-Акмак, уул деген да сенсиңби? Эмне кылдың? Эмнеге?-деп бакыра баласын тыткылай ыйлап жиберди. Баласы күнөөлү башын жерге салып үн катпайт.
-Ошол кыз үчүн ушул жолго бардыңбы ыя? Эмне аны атаңдан да артык көрдүңбү? Атасын орустарга салып берет деген эмнеси? -деп баласын эми допузалаганда өттү. Бой жетип калган жигит анысын сезип койбой, үнсүз түз турат. Көп узабай эле Касымдын буюругу менен баласын ургулап жаткан Жумаканды эки жигит келип ажыратып салды. Касым молдо Курманбекти жанына ишарат кылып чакырды. Жанына келгенде жай гана
-Курманбек, эмне кылып койдуң балам? -деп суроо узатты
-Чоң ата, мен.... Мен мындай болорун билбегем?
-Анан кандай кылмакчы элең? Өз атасын өлүмгө түрттү деген эмне?
-Чоң ата... -деп сүйлөгөндө Касым оозун жапты да
-Эссиз, Жумакан бир балалуу болду деп кайгырыппыз. Көрсө ал маңкурт бала төрөгөн тура-деп акырын гана үйүнө кирип кетти. Курманбек элдердин көз карашына чыдай албай чуркаган бойдон тоо тарапка жөнөдү. Тоого чыгып бакырып-бакырып алды. "Эмне кылып койдум мен?" деп утурлай кайталап жатты. Башын мыкчый, ар жакты бир карап жатты.
Уландысы бар... Бекболот Абдуллаев -
Темасы: "Айымкан" тарыхый роман
Жазылган күн: 9 Апр 2019
Кадыраалы боз үйгө кирип бир сыйра тегерете көз салып алды. Үйдүн бурчунда көшөгө тартылып турганын көрүп, мыйыгынан жылмая чыныда турган кымызды бир көтөрүп ичти да көшөгө тарапка жөнөдү. Көшөгө ичинде эч ким жоктой. Үн да сөлөкөт да жок. Бул кымындай кыздан кайсы сөлөкөт, кайсы үн чыга калсын. Жай, кериле баскан Кадыраалы көшөгөгө жеткенде аны түрө салып, ичиндеги кичинекей айымчаны көрүп, бир тартып көшөгөсүн жула калып, кыздын жанына олтура кетти. Кыз үнсүз эле назик колдорун укалай олтурат.
Кадыраалы жүзү жерди карап турган кызды өзүнө тартмакчы болуп, жүзүн кармай каратты эле кыз
-Ай, бай аба, ооруп кетти! -деп бакырып жиберди. Кадыраалы андан ашык аракет кыла албай башын мыкчып
-Оо, Жараткан. Мен эмне кылып койдум. Бул али жаш турбайбы. Али чүрпө турбайбы? Эми эмне кылам-деп башы ката олтуруп калды. Кыз ыйлап жиберди эле колундагы оролгон көшөгөнү кызга ата салып сыртка чыгып кетти. Нары-бери басып "Эми эмне кылам? Ал чүрпө экен" деп кайталап жатты. Муну байкаган апасы Карлыгач менен Касыммолдо чыга келди.
-Ай бала эмне болду? Кир ичкери! -деп буйрук кыла сүйлөдү.
-Апаке, ал чүрпө экен. Ал азыр жаш экен. Мен кантип ага колумду тийгизе алам? Кантип? Мен...
-Жап жагыңды акмак! Муну аларда ойлобойсуңбу ыя? Аларда ойлош керек. Эми кеч. Кир ичкери-деп сөзүн бөлө бакыра калды.
-Бирок апа, кыздын убалы...
-Ушуну алдын ойлогон жоксуңбу ыя? Кир ичкери-деп зардуу бакырды эле Касым молдо озун жаба
-Карлыгач! Токтот кебиңди. Кыздын убалы эмне болот. Ал али чүрпө. Болду токтот! Кызды кайра кайтарабыз.
-Ай эмне дейсиң атасы? Кантип? Элдин бетин кантип карайбыз?
Атаке, жок мен аны бере албайм. Макул, балагатка жеткиче ага колумду тийгизбейм. Бирок, антпе ата!-деп Кадыраалы да жалдырап жиберди.
-Макул, ойлоп көрөм. Бар сен башка жай тап жат!-деп баласына буйрук берип кирип кетти.
Эртеси макулдугун берип, кыз балагатка жетмейин ага тийбей турган болду. Бирок бул, үчөөнүн гана ортосундагы сыр эле. Калган эч ким билбейт болчу.
* * *
-"Атаке, билесиңби? Кызың сени сагынды. Сенин караныңы көргүсү келди. Сени жакшы көрдү. А сен эмне кылдың? Кантип мени мындай адамдардын колуна салып бердиң? Өз кызыңды кантип мындай адамдарга ыраа көрдүң. Билесиңби ата, мен ыйлабайм. Анткени, мен азап чексем да, бирок силер мага капа болгон жоксуңар. Мен ошого ыйлабайм" -деп көздөн акка тамчысын аарчый салды да
-Жок, атаке, санаркаба. Мен ыйлаган жокмун. Мен жөн гана... Билесизби? Алар жакшы адамдар. Бирок Жумакан эжем мени кыйнап жиберди. Апаке, сиз мени иш кылбайсың дечүүңүз. Колуман келсе да келбесе да иш кыла албайсың дээр элеңиз. Бирок мен ошого да ыраазы элем. Кана эми сиздерди дагы бир көрө аласам, апаке. Сиздин кучагыңызда бир болсо да уктасам. Апаке, мен тумушка чыктым. Бирок менин күйөм... Ооба ал Кадыраалы бай абам. Ал менин жолдошум апаке. Ал менин жолдошум. Ата, эмне мени өз теңдүү адамыма турмушка берген жоксуздар? Эмнеге? Эмнеге мени эрте турмушка узатып жибергенсиздер? Эмне менден тажагансыздарбы? Мына апаке сиздерди көрбөгөнүмө да бир жылдын жүзү болду. Сиздерди сагындым, апа, ата-деп ичиндеги көптөн бери сакталган бугун чыгара ыйлап жиберди. Ыйласын, баарыбир бир күнү жарылмак. Ээн талаада, ушул тоону жанында жарылганы дурустур. Айтор бул үйгө келгенден бери ак-караны ылгап, далай азап чегип, бир аз чыйрала түштү. Бирок бул үйдө да көп адам каршы чыгып, кызды жайына койбогону өкүндүрөт эле. Баарын жыйыа жүрөр. Бир күнү баардыгына жооп берер. Баарынын жазасын берер. Айтор ойлонгуча Курманбек келди. Кыздын жанына олтура кетти да
-Арбаңыз Айымкан жеңеке...
-Бар болуңуз мырзам!
Курманбек үн ката албады. Көпкө Айымканды карады да
-Мени кечириңиз. Баарын мен кылдым окшойт.
-Көнүмүш адат болуп калбадыбы? Баарыбир күнөөкөр мен болмокмун. Апаңыз баары бир мени жазаламак-деп туруп бара жатып, колунан Курманбек берген сүлгүнү түшүрүп жиберди. Курманбек сүлгүнү кармай тааныды да
-Бул...
-Ооба, сүлгү-деп бир сүйлөдү
-Бул мен берген...-деп такала туруп калды.
-Эмнеге муну сактап жүрөсүз?
Кыз унчукпай колунан ала калып кетип калды. Үйүнө келсе Жумакан ачуулана
-Кайда жүрөсүң ыя?-дей бакыра калды.
-Тоодо эже, сейилдеп.
-Иий, сейилдеген имиш. Кир ичкери сени күйөөң чакырып жатат. Мэ моорекини-деп колундагы чаначты карматып киргизип жиберди. Кирсе Кадыраалы жана бир нече киши болуп каткыра күлө, кымыздан жута калышып, баарлашып олтурушуптур. Айымканды көргөн мырзалар таң кала калып Кадыраалыны тиктей туруп калышты
-Эмне тигилип? -деп Кадыраалы кызгангандай түр көрсөттү.
-Ой Каке мунуң жаш ко?
-Ой жаш болсо эмне болуптур ыя? Илгери ата-бабаларыбыз допусун атып, кулабаса токол кылып алчуу эмес беле-деп жай каткырды. Мырзалардын бири баш кийимин чече калып Айымканга туштап атты эле Айымкан колундагы кымызы менен аңтарылып түшүп калды. Мырзалар бугу аткандай каткыра "мына Кадыраалынын токолу" деп каткыра күлүп, Кадыраалыны шылдыңга алып жиберишти.
-Жумакан-деп жандуу бакырган Кадыраалы экинчи ирээт бакырды эле Жумаканы анысын да укпай калды. Үчүнчү бакырганда жетип келген Жумаканга чынысын ата салып
-Алып чыгып кет тигиниңди-деп корс сүйлөй кымызга маалынып жаткан Айымканды көрсөттү. Жумакан үн катпай кызды алып чыгып кетти. Жанындагылар дагы да күлкүсүн тыя албай
-Оо, моореки бай, эки аялы бар. Анысынын бириси назик жандуу торпок. Ушул эки аялдууну кебетесин кара. Оозундагы нанды алдыргандай- деп шылдыңдай күлүп жиберди эле Кадыраалы
-Азыр көрсөтөм сага деп муштуму менен кан жалата бир салды. Ортодо чыр-чатак чыгып кетип качан гана Касым молдо кирмейинче басылышпады. Анан келген коноктор кетип жатышып тилдүүсү
-Муну кара, токол алып көөп кеткен экен да. Көрсөтөм мен сага... Мунуң үчүн жооп бересиң. Чү-деп атын буруп чапкылап жөнөп кетишти.
* * *
Бул жагдай үчүн дагы да Айымкан күнөөлү болуп чыга келип мунусунда Кадыраалынын ур-токмогуна кабылды. Курманбек баарын карап турса да үн ката албады. Бир күнү
-Суранам кетип калчы. Сени көрүп мен чыдай албай жатам.
Айымкан суроолу
-Кантип мырзам? Мен кантип кетем?
-Туура күн чыгыш тарапка, ошол жерден жаңгак токоюу бар. Андан ары да бир кыр ашасыз. Суранам Айымкан кетип кал!
-Жок мырзам мен кете албайм. Мен... Мен корком.
-Анан эмне кыласың? Атакем менен кантип жашайсың?
Айымкан ойлоно калды. Балким ал үйүнө кетип калаттыр. Төкпөй-чачпай баарын айтып берер. Ошондо атасы кызына боору оруп, аны алып калаттыр. Айтор качып кетүү мүмкүнчүлүгү мындан артык болбостур. Ошол себеп кыз макул болуп, башын ийди. Аны алдыда кандай азап күтүп турса да, ал жолдо карга-кузгунга жем болсо да бул жерден кетүүсү керек эле.
* * *
Алыстан караан көрүндү. Ооба, ал Айымкан. Айымкан келе жатты. Жаркын аны көрө чочуп кетти. Атын чаптыра келе жатканын көрүп алыстан эле.
-Ай кыз, эмне кылдың ыя? Кайдан ыя? Кайт артыңа, кайт-деп жатам деп бакыра калды. Кыз үн катпастан атын бастырып келе жатты. Жакын калганда
-Не келдиң? Кет, Айымкан. Кайт артыңа! Келбе! Күйөөсүз келем деген не? Кайт! -деп бакырып чаң-тополоң салып жиберди. Кыз дагы да үн катпай келет. Атын жетелей артка бурган Жаркын атын дагы "Чү" деп жулкуй артка айдады.
-Кет деп жатам сага. Кет! -деп зардуу бакырды эле кызы
-Апа! Барбайм! Мен ага жубай болбойм, апа! -деп жан кирип, чыйрала түшкөн кыз бакырды.
-Эмне? Барасың. Сен атаң экөөбүздү көргө тыккың келип жатабы? Ай эмне келдиң? Эмнеге?-деп кызды аттан тартып алып жулкулдатып жиберди. Кыз
-Апаке, апаке-деп чырылдап ыйлап жүрөт. Жаркын кызды токмоко ала баштаганда Ажы чыга келди да
-Айымкан! Кир ичкери-деп колу менен өз үйүнө көздөй жол көрсөттү. Жаркын акырын ордунан тура, Айымканды булкуй Ажыны көздөй түртүп жиберди. Ажынын үйүнө киргенде колуна бекем кыскан камчысын сол колуна которду да турган жеринен салып жиберди. Камчынын уусу кызды чыңыртты. "Ажы аба" деп чырылдаганына карабай ур-токмоко алып жаткан Ажы эч токточудай эмес. Качан гана Жаныбек кирип колунан кармап жулкуп жибергенде гана токтоп калды.
-Жетишет аба! Мындан аары чыдай албайм.
-Тарт колуңду акмак. Кыз тарбиялаганың ушулбу ыя? Тарт деп жатам! -деп жондуу бакырды эле камчыны колунан суруп жиберди. Камчынын бир бөлүгүндөгү шиштүү тактайчасы Ажынын колун шыла суурулду. Шыркыраган кан кетти эле Ажы колун кармай олтуруп калды. Жерде кан ###### жаткан кызын көтөрүп алып сыртка чыгып кетти. Ажы колун кармай
-Көрсөтөм мен сага! Журтуңдан чыгарам сени-деп өзүнө бекем туруп калды.
Айымканды көтөрүп чыгып Жаркынга берди да "Кызымды жуунтуп тазала"деп буйрук кылды. Жаркын эч нерсе дебей, эч нерсе кылбай туруп калды эле
-Энеңдин катыны. Эмне туурасын, ыя? -деа бакыра калганда гана колунан алып боз үйгө алып кирип кетти. Жуундуруп жатып, оозун кармай
-Ай кыз. Эмне күйөөң сага колун тийгизбедиби ыя? Сага... Сени менен жатпадыбы?
Кыз акырын башын ийкей "жок" деди. Акырын башын кармай олтурган Жаркын
-Эмне кылып койдуң сен ыя? Эмне кылдың?-деп бакыра беш алты чап жиберди. -
Темасы: "Avlu" түрк сериалы
Жазылган күн: 9 Фев 2019
Башкы ролдордо:
Нурсель Кёсе / Nursel Köse - Кудрет
Озтюрк
Кенан Эдже / Kenan Ece - Мурат Унал
Демет Эвгар / Demet Evgar - Дениз Демир
Рючхан Чалышкур / Rüçhan Çalışkur -
Нильнюн Демир
Джерен Морай / Ceren Moray - Азра Кайя
Теоман Кумбараджибаши / Teoman
Kumbaracıbaşı - Хакан Демир
Шебнем Донмез / Şebnem Dönmez - Нихал
Унал
Чагдаш Онур Озтюрк / Çağdaş Onur Öztürk
- Октай Боран
Дениз Барут / Deniz Barut - Мелис Эрсой
Онурьяй Эврентан Атасалихи / Onuryay
Evrentan Atasalihi - Озлем Балабан
Эслем Акар / Eslem Akar - Эджем Демир
Айча Дамгаджи / Ayça Damgacı - Хасрет
Шенгюль
Шейла Халис / Şeyla Halis - Жале Шахин
Комментарийлер
bekbolot_04 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?