Отуздагы "отчетум" :) Ырларымды чогултуп,тема баштадым... Балким окурмандар табылып калаар д
#21 26 Ноябрь 2012 - 02:51
Эл шатырата кол чаап,USSR агам тердеп-тепчип ийилип таазим этип, сунслган гулдор кучагына батпай, толкунданып турган чагы тура)))))
Ушу USSRнын,Aruuнун, Kirgizshaaнын ырларын эргуу мн окуйсун го чиркин... Кайталангыс талант буларда.
Ушу USSRнын,Aruuнун, Kirgizshaaнын ырларын эргуу мн окуйсун го чиркин... Кайталангыс талант буларда.
#22 26 Ноябрь 2012 - 04:46
Жеке концертке курбу-курдаш,
дос дегендер куттук айтып ыры менен келчү эле го?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#23 26 Ноябрь 2012 - 06:13
#24 26 Ноябрь 2012 - 09:30
Рахмат достор,силер бар-биз бар. Анда мен уланта бердим.
Кыштын түнү ...
Жаттым үшүп
Жүрөгүмдө будуң -чаң бүлүк түшүп ...
"Сагындым сизди кичине " деген
Жылмайып айткан бир гана сөзүң
Жаратып толкун ...сезимге дем берген ....
Түн узун ...шашпайм ...
Уйкуга кол шилтеп
Кыялымда сейилдеймин сени менен ...
Кырч -кырч ...кар шыбыры угулат
Айлана аппак ...жомоктой таза туюлат ....
"Сагындым " деген бир гана сөзүң
Үмүттүн отун өчүрбөй улап ....
Сүйүүмдү жасайм ,жаш бала сымал
Ак кардан топтоп,
Карлардан курап ....
Сен ушул кышты
Жактыраарың билемин
Бир ошол үчүн мага да бул кыш
Негедир билбейм ....
Жагып бир турат ....
Сен сүйгөн мезгил -
Сүйүүдөй аппак ,керемет убак ....
Кыштын түнү ...
Жаттым үшүп
Жүрөгүмдө будуң -чаң бүлүк түшүп ...
"Сагындым сизди кичине " деген
Жылмайып айткан бир гана сөзүң
Жаратып толкун ...сезимге дем берген ....
Түн узун ...шашпайм ...
Уйкуга кол шилтеп
Кыялымда сейилдеймин сени менен ...
Кырч -кырч ...кар шыбыры угулат
Айлана аппак ...жомоктой таза туюлат ....
"Сагындым " деген бир гана сөзүң
Үмүттүн отун өчүрбөй улап ....
Сүйүүмдү жасайм ,жаш бала сымал
Ак кардан топтоп,
Карлардан курап ....
Сен ушул кышты
Жактыраарың билемин
Бир ошол үчүн мага да бул кыш
Негедир билбейм ....
Жагып бир турат ....
Сен сүйгөн мезгил -
Сүйүүдөй аппак ,керемет убак ....
#25 26 Ноябрь 2012 - 09:33
Күз даамданган ,
Күз түспөлдөш аруу жан ...
Күн нурундай мээримиңе
Тоңгон жүрөк жылынган ....
Сары -кызыл жалбырактай шуудураган
Саамайыңдан сылабадым ,
Жыттабадым эс -мас кылган
Күз жыттанган жытыңдан .....
Жан дүйнонү мемиреткен
Керемет бир каректериң ,
Тереңине чөгүп ,чумкуп
Аралашып жок болгум келет менин ...
Күмүш шыңгыр күлкүңдү канат кылып
Учуп безип кетким келет бул
дүйнөдөн ,
Сенин оттой жалыныңа
Айтчы ,
Кимдер гана тутанып
Кимдер гана өрттөй болуп күйбөгөн ?
Арнап аруу сезимдерин
Кимдер гана сени эңсеп сүйбөгөн ?
Күлгө айланган жандүйнөмдү карап
туруп
Аргасыздан ойлор келет ...
татыймынбы мен сага ?
Мына ошого күймөнөм ....
Күз жыттанган аруу кыз
Кетпе менин дүйнөмөн ...
Сага гана татый алчу
Сүйүүнү мен үйрөнөм !
Күз түспөлдөш аруу жан ...
Күн нурундай мээримиңе
Тоңгон жүрөк жылынган ....
Сары -кызыл жалбырактай шуудураган
Саамайыңдан сылабадым ,
Жыттабадым эс -мас кылган
Күз жыттанган жытыңдан .....
Жан дүйнонү мемиреткен
Керемет бир каректериң ,
Тереңине чөгүп ,чумкуп
Аралашып жок болгум келет менин ...
Күмүш шыңгыр күлкүңдү канат кылып
Учуп безип кетким келет бул
дүйнөдөн ,
Сенин оттой жалыныңа
Айтчы ,
Кимдер гана тутанып
Кимдер гана өрттөй болуп күйбөгөн ?
Арнап аруу сезимдерин
Кимдер гана сени эңсеп сүйбөгөн ?
Күлгө айланган жандүйнөмдү карап
туруп
Аргасыздан ойлор келет ...
татыймынбы мен сага ?
Мына ошого күймөнөм ....
Күз жыттанган аруу кыз
Кетпе менин дүйнөмөн ...
Сага гана татый алчу
Сүйүүнү мен үйрөнөм !
#26 26 Ноябрь 2012 - 16:11
Саптарыңыз жакшы экен. Сиз "СССР" болсоңуз да ырларыңызды окуп жатканда реп окуп жаткандай эле болдум, Ё-ё деп.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#27 26 Ноябрь 2012 - 16:24
Уялып жерди карап
Албырган эки бетин , жалжылдап каректериң ,
Жылмайып карап турсаң
Мен үчүн бул дүйнөнүн жомоктой керемети ....
Аба ырайы кандай сенин ичиңде ?
Жандүйнөңдү аңтарамын көздөрүңө тигиле .
Эчнерсе эмес ...
Карегиңди окуганды үйрөнөм !
Жылмаюуңдун ноталарын жаттаймын ...
Күлкүңдүн кайрыгына төп келчү
Сага арнап ырлар жазып баштаймын.
Албырган эки бетин , жалжылдап каректериң ,
Жылмайып карап турсаң
Мен үчүн бул дүйнөнүн жомоктой керемети ....
Аба ырайы кандай сенин ичиңде ?
Жандүйнөңдү аңтарамын көздөрүңө тигиле .
Эчнерсе эмес ...
Карегиңди окуганды үйрөнөм !
Жылмаюуңдун ноталарын жаттаймын ...
Күлкүңдүн кайрыгына төп келчү
Сага арнап ырлар жазып баштаймын.
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 26 Ноябрь 2012 - 16:29
#28 26 Ноябрь 2012 - 16:28
Кыялкеч көңүлүмдү
Жароокер сенин күлкүң тушап жыкты ...
Айталбай жүдөп жүрөм
Ичиме катып улам
Жүрөктө сагынычты,ичте букту ...
Жылмаюуң эстен кетпей
Кыйкырсам үнүм жетпей ...
Мелтирейсиң
Душманга моюн сунбас бекем чептей ...
Бүт күчүм жумшап сага
Салсамбы миң бир түркүн тактикага ?
Турмуштук теорияны колдонуп практикада ?
Жашыруун ички дүйнөң
Айсбергдей көрүнбөгөн ,Арктикада ...
Сүрөтүң чиймелеймин
Эсептеп саамайыңдын ар бир талын.
Өзүмө түшүнбөймүн
А бирок ,сезип турам
Жүрөгүмдөн мойнума алам,
Жалгыз сенсин бар жыргалым ...
Арналып сага гана
Ар бир күлкүм,
Бакытымдын ар бир нуру
Түнү менен жазган сырым,ырларым ...
Мендеги жалгыз үмүт -
Жаңы гана бүчүр алган жаш көчөт ,
Суранаарым -
Бул көчөттү жаштайынан кыйбагын ...
Жашоодо бир илинчек -
Сага деген назик ,аруу ,таза жомок ,
Суранаарым
Бул жомокту үзө көрбө ,бузбагын ....
Жароокер сенин күлкүң тушап жыкты ...
Айталбай жүдөп жүрөм
Ичиме катып улам
Жүрөктө сагынычты,ичте букту ...
Жылмаюуң эстен кетпей
Кыйкырсам үнүм жетпей ...
Мелтирейсиң
Душманга моюн сунбас бекем чептей ...
Бүт күчүм жумшап сага
Салсамбы миң бир түркүн тактикага ?
Турмуштук теорияны колдонуп практикада ?
Жашыруун ички дүйнөң
Айсбергдей көрүнбөгөн ,Арктикада ...
Сүрөтүң чиймелеймин
Эсептеп саамайыңдын ар бир талын.
Өзүмө түшүнбөймүн
А бирок ,сезип турам
Жүрөгүмдөн мойнума алам,
Жалгыз сенсин бар жыргалым ...
Арналып сага гана
Ар бир күлкүм,
Бакытымдын ар бир нуру
Түнү менен жазган сырым,ырларым ...
Мендеги жалгыз үмүт -
Жаңы гана бүчүр алган жаш көчөт ,
Суранаарым -
Бул көчөттү жаштайынан кыйбагын ...
Жашоодо бир илинчек -
Сага деген назик ,аруу ,таза жомок ,
Суранаарым
Бул жомокту үзө көрбө ,бузбагын ....
#29 26 Ноябрь 2012 - 17:00
К. Акматовдун "Архатын"
окуп атып, Суперди бир айланып койгону кире калсам эле ушул ырларга туш болуп, баш көтөрбөй окуп, кеткен убактыма өкүнмөк тургай кайра ыраазы болуп, анан "туптуура бир жылдан бери ыр жазбай койдум" дегенине авторду "кыйраткан экенсиң!..
" деп жемелегим келип, бирок "бардык ырларымды жыйнап жатам" дегенине ичим жылып, дагы көп нерседен үмүттөнүп турган кезим...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#30 26 Ноябрь 2012 - 17:31
Тизилген тамгалар
Күлсө дагы,ыйласа да
Колдонулчу кашаалар...
Ар бир тамга, ар символдо
Билинбеген нашаа бар...(USSR)
Бир ыр сап курай албагангабы, же бу коро албастык кылчу белемби, деги ыр сабынан алыс элем. Негедир баш которбой окудум. Тузук окшойсун...
же нашаан бар...
Күлсө дагы,ыйласа да
Колдонулчу кашаалар...
Ар бир тамга, ар символдо
Билинбеген нашаа бар...(USSR)
Бир ыр сап курай албагангабы, же бу коро албастык кылчу белемби, деги ыр сабынан алыс элем. Негедир баш которбой окудум. Тузук окшойсун...
же нашаан бар...
#31 26 Ноябрь 2012 - 18:01
#32 26 Ноябрь 2012 - 18:53
Талантынызга таазим! Байлыгыныз коп экен,бизге болушуп жатканынызга абдан кубанычтабыз,
калеминиздин сыясы тугонбосун!
Если у вас хватает времени лезть в мою личную жизнь,значит у вас просто нет собственной!
!!
#33 26 Ноябрь 2012 - 21:36
Боз мунарык ...жашоо өзү боз туман
Камырындай бул турмуштун жуурулам ....
Издер көп ...жамгыр жууган ...кар баскан
Адамдар көп ...эстен чыккан унутулган ...
Көпөлөктөй шам чыракты тегеренген
Кайсы күнү жүрөгүңө тутулгам ?
Күтөм сени ...ичимден миң түйшөлүп
Чыккым келбейт бул ырахат -туткундан ....
Ушул суукта күйөбү от ,
Сага деген сезимимден -учкундан ?
Камырындай бул турмуштун жуурулам ....
Издер көп ...жамгыр жууган ...кар баскан
Адамдар көп ...эстен чыккан унутулган ...
Көпөлөктөй шам чыракты тегеренген
Кайсы күнү жүрөгүңө тутулгам ?
Күтөм сени ...ичимден миң түйшөлүп
Чыккым келбейт бул ырахат -туткундан ....
Ушул суукта күйөбү от ,
Сага деген сезимимден -учкундан ?
#34 27 Ноябрь 2012 - 10:10
#35 27 Ноябрь 2012 - 19:26
Деп өзүнчө ыр саптарын курупсуң
Стратег баурым, деги не деп турусуң?
Наркомандын кайф учурун сындырган
Уруксатсыз бу жоругуң курусун!
Стратег баурым, деги не деп турусуң?
Наркомандын кайф учурун сындырган
Уруксатсыз бу жоругуң курусун!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#36 27 Ноябрь 2012 - 19:41
Оо илгертен бери УССР дегендин ырларын ар жерден окуп калчу элем. Издетип убара кылбай жеке концертинизди берип атканыныз жакшы болбодубу.
Буюрса "нашаага" тоёт экенбиз
Анан, тез-тез жазып турасыз деген умуттомун, наркомагдарды кууратпай
Буюрса "нашаага" тоёт экенбиз
Анан, тез-тез жазып турасыз деген умуттомун, наркомагдарды кууратпай
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 27 Ноябрь 2012 - 19:42
#37 27 Ноябрь 2012 - 20:10
Бузулган жандүнүйөм
Эскилиги жедеп жетип
Кыйч-куйч эткен эшик сымал жандүйнөм ...
Келди дагы ! сүйүү деген куруучу -
Мен ошого сүйүнөм ...
Жасап берет не бир түркүн гүлдесте
Сезимдердин күйүп бүткөн күлүнөн !
Эскилиги жедеп жетип
Кыйч-куйч эткен эшик сымал жандүйнөм ...
Келди дагы ! сүйүү деген куруучу -
Мен ошого сүйүнөм ...
Жасап берет не бир түркүн гүлдесте
Сезимдердин күйүп бүткөн күлүнөн !
#38 27 Ноябрь 2012 - 20:13
Токточу,ойготпочу түштөрүмдөн
Ачпагын көздөрүндү, көтөрбө кирпигиңди ....
Байланып жип-аркансыз
Аруузат ушул жанга,жүрөгүм, илиндиңби?
Карап коюп кар аралаш
Маанайына эшиктин
Ачпа көзүң,тыңша мени
Шыбырымды эшиткин...
Кайда жүрдүң? Мынча күттүм ....
Эмне мынча кечиктиң ???
Ачпагын көздөрүндү, көтөрбө кирпигиңди ....
Байланып жип-аркансыз
Аруузат ушул жанга,жүрөгүм, илиндиңби?
Карап коюп кар аралаш
Маанайына эшиктин
Ачпа көзүң,тыңша мени
Шыбырымды эшиткин...
Кайда жүрдүң? Мынча күттүм ....
Эмне мынча кечиктиң ???
#39 27 Ноябрь 2012 - 20:17
Сагынган жүрөк саналуу жүрөт
Эстесем сени жаз келип жандүйнөмө
Бакытка толкуп жылмайып күлөт ...
Жылаажын коңгур үнүң
Жалжылдап каректериң -
Жашоомдо кубат берчү Ай жана Күнүм !
Жолугуп көрүшүүгө
Чайналып эрким жетпей
Кулап бир көчүп барат
Эскирген дүйнөм бүтүн ...
Сен учкан бийиктикке
Канатым күчү жетпей
Алсыздыкка моюн сунуп турам бүгүн ....
Эстесем сени жаз келип жандүйнөмө
Бакытка толкуп жылмайып күлөт ...
Жылаажын коңгур үнүң
Жалжылдап каректериң -
Жашоомдо кубат берчү Ай жана Күнүм !
Жолугуп көрүшүүгө
Чайналып эрким жетпей
Кулап бир көчүп барат
Эскирген дүйнөм бүтүн ...
Сен учкан бийиктикке
Канатым күчү жетпей
Алсыздыкка моюн сунуп турам бүгүн ....
#40 27 Ноябрь 2012 - 20:19
Кыргыз деп соккон жүрөк
Кыргыз деп түтөп күйөт,
Ардактап ак калпакты
Кийип алып көчөдө бара жатсам,
Сөөмөй менен мага кезеп
Бир "киргизбай" шылдыңдап "жыргап" күлөт!
Ойлоду го өз ичинде-
"Тоодон түшкөн кеңкелес! "
Күл, күлө түш маскарапоз көргөнсүп
Дилин саткан сен маңкуртсуң, жарым эс!
Өкүнүчтүү! !!
Кээде туруп ызаланам, сөгүнөм
Кездемедей жан дүнүйөм- сөгүлөм,
Ниети таза ак калпагын кыргыз уулу
Жамандыкка гана кийип
Калганына өкүнөм....
Кыргыз деп түтөп күйөт,
Ардактап ак калпакты
Кийип алып көчөдө бара жатсам,
Сөөмөй менен мага кезеп
Бир "киргизбай" шылдыңдап "жыргап" күлөт!
Ойлоду го өз ичинде-
"Тоодон түшкөн кеңкелес! "
Күл, күлө түш маскарапоз көргөнсүп
Дилин саткан сен маңкуртсуң, жарым эс!
Өкүнүчтүү! !!
Кээде туруп ызаланам, сөгүнөм
Кездемедей жан дүнүйөм- сөгүлөм,
Ниети таза ак калпагын кыргыз уулу
Жамандыкка гана кийип
Калганына өкүнөм....