Адамга берилген чиркин гана өмүр, анын шаттыгын, айрым учурда жаштыгын бузуп, жөнсүз жаткан гүл өмүрдү үзгөн зөөкүрлүк бул дүйнөдө бар экенине ичтен сызып, жаның кашайып гана кала берет. Жан-денесине залал келтирип, адамды өкүртүп өлтүргөндөчү.
Анын гүлдөй өмүрүн, бакытын, кыялын жана максатын бузганда кандай болот? Бир адам бүткүл дүйнө менен кош айтышып жатканда кандай абалда калат экен?
Адамдар арасында ар кыл, түрлүү жүздү көрөсүң. Жүрөгү ачык, суудай тазасы менен, көңүлү бекик, зөөкүр адамды кездештирүүгө мүмкүн. Бирок адамдардын арасында бул тигиндей, мындан кач деп айтпаса керек. Ошонун айынан далай адамдар жан берип жатпайбы.
Бул окуя башталгандан бери калаада жансыз табылган денелер көбөйдү. Баарынын жүрөгү жарык, колу кесилген же зордук менен өлтүрүү белгилери бар. Бул боюнча же уламыш, же ушак кептин аягы тыйылган жок. "Түнү көчөгө чыкпоо керек, түнү маньяк келип, көчөдө көргөндүн баарынын жанын алып кетет экен" деп бирөөсү чыкса, экинчиси кеп арада "Токойдо акылынан айныган адам бар, бир болсо ошонун кылыгы" дей сөз кошо калат. Бирок өлүмдүн аягын изилдеп олтурсаң табышмактуу нерсени бир гана акылы бар, гений адам гана жасап, изин жашырып кете алчу.
Жансыз дене күндөн күнгө көбөйөт эле. Анын арасында эң көбү кыздар, аялдар жана келиндердин денеси. Бирде эмчеги кесилген, бирде бети жанчылган же болбосо жыныс мүчөсүнө залал келтирилген,
муунтуп өлтүрүлгөн.
Айтор аял заттуунун жансыз денеси далай чыкты. Буга таянып күч түзүмдөрү "Маньяк эркек киши экен" деген чечимге келишти. "Айымдарды зордуктап, жумушун аяктаган соң өлтүрүп кеткендерден тура" деди кылмыш изилдөө адистеринин башчысы бул окуя адатта мурундан кайталанып жаткандай жөндүү сөзү менен. Бирок балдар, жаш балдардын өлүмү, чоң кишилердин да өлүмү аялдар өлүмүнө тете болуп жаткан.
Бул шаар үчүн азыркы окуялар чоң трагедия. Качан өлүм күнү менин башыма келе калат деп жанын тиштеп, өмүрүн тилеп жашагандар бар. Көчөгө күндүзү же түнү болобу, баштыгына же чөнтөгүнө аш бычагы же маки болобу салып алып чыккандар арбыды.
Түнү кыймылды деле көрбөйсүң, эр жигити болсо да сестенип, көчөдөн башын кайрып, үйдө олтуруп калмай болушту. Башкармалык коргоо чарасын көргөнү менен, көз жылган учурда бир кишинин жаны чыгып, элди чыркыратканы токтогон жок.
Бирок кылмыш изилдөө адистеринин күчөткөн тартибинен улам шаар ичинде жансыз денеси табылгандар азайды. Бирок дайынсыз жоголгондор токтогон жок!
Бул катар өлүм акыры эмнеде? Кимдин максаты же жинди кыялы болушу мүмкүн? Адамдын гүлдөй өмүрүн алгандардын акыры кандай аяктайт? Канчага чейин улануусу мүмкүн? Денеси табылбай, көмүскөдө калган дагы канча жансыз дене бар болду экен? Суроолор калаа тургундары эле эмес, бүткүл бул окуяны билген дүйнө элдеринин башына келет болчу.
***
Адис бул жыл ичи көп окумай болду. Окууга берилүүсү анын адаттан тыш жөндөмүнөн бир аз басаар эле. Билимге алаксып жатып, ал буга чейин болгондун баарын унутуп, тынч жашоосуна кайтып, көңүлү тынчып гана калган. "Окуу семестри аяктаганы калды, студенттер,
эмне кылууну пландап жатасыңарбы?
Мен ойлоймун, каникулда өз пайдаңарга ылайыктуу жумуш менен алек болосуңар"
деди мугалими балдарына өзүнүн окуу жылындагы акыркы пайдалуу кебин баштагандай.
"Адис, сен эмне кылууну чечтиң?"-деди жанындагы досу акырын шыбырай кулагына. Адис ойлоно калды. Балким өз калаасына кайтат, ал жакта ата-энесинин жанында аста, өз турмушу менен болот. Жок, балким мурунку окуялары кайра кайталансачы?
Кайра баягы коркунуч кайтып келет?
-Билбейм, ойлонуп көрө элекмин.
Адис сууз жооп берди да, астын карады. Кагазда жазылган бир нече семестрдик жумуштарын алып, баштыгына салып баштаганда досу кошумча кеп баштады:
-Балким өз шаарыңа кетесиң, ал жакта жакшы. Эмне болсо да өз мекениң. Анын үстүнө сенин шаарыңдай болгон шаар жок. Тоонун түбүндө, айтылуу чоң көлдүн жээгиндеги бейиштей жер.
"Бейиштей жер" Адис көпкө ойлоно үн катпай туруп калды? "Бейиштей жерби? Ал жер мен үчүн тозоктун гана төрү эмеспи? Мен ал жерде көңүлүм жай алса кана" деди ичинен үшкүрүнүп, денеси сүлкүлдөй коркууга алдырып.
-Ооба, туура айтасың - деп гана койду досуна кайрылып.
-Билесиңби, биз биринчи курста окуп жүргөндө ал жака шеринеге барганыбызды?
Аябай мыкты болгон, сенин түнт жүргөнүңдү эсепке албаганда. Сен деги эмнеге ал шаарда өзүңдү жоготуп койгонуңду түшүнө албадым, досум-деди шашкалактай алды тарабына өтүп.
-Көп сүйлөп баштадың!
-Менби?...
-Мен кетишим керек. Жумуштарым бар!-деди Адис өзүнүн баштыгын жоонуна артып, алды-артын карабай шашкалактап.
Аудиториядан чыгып барды да, оор үшкүрүнүп, алдыны көздөй жөнөдү.
Ал окуялар мени шаарга кантип алып барат болду экен? Кантип аягымды ал жака таштай алам? Өз мекенимден качууга бул себеп, бирок ал журттун каргашасын чечүүдөн качканым туура бекен? Бир катар далай ойлор анын оюн каптап, өзүнүн жолун билбей, көчөдө алда-булда басып, нес абалга батып жүрдү.
***
Бул окуя мындайча башталган. Ал убакта Адис 17 жашта болчу. Эс тартып калган бала шаарындагы акыркы кызыктай окуялардын баарын сезип, туюп туруу касиетине ээ болду. Ал касиет кандай?
Адис 17 жашында, денеси ак келген, башы жулунган, же колунда тагы бар, жоонуна бычак сайылган, айтор зөөкүрлүк менен өлтүрүлгөн адамдардын арбагын көрө баштады. Бул Адисти коркууга салып, баарынан жардам сурап кайрылаар эле.
Ошол күнү түн жарымы болчу. Бейкапаар уктап жаткан бала түшүнөн чочуп ойгонду. Түшүндө бир нече топтолгон адамдар, ээн талаада Адиске колун сунуп, өкүрүп жатканын байкоого болот. "Куткар!
" деген алар. Атырыла турган Адис оор демалып, башынан тери куюлуп тура калды да эки жагын карады. Күндүзү чайыттай ачылган аба-ырайы түнү бузулуп, жаан жаап, катуу чагылган болуп жатыптыр. Адис үшкүрүндү. Чоңойду дегендин белгиси ушул туура. Кызыктай түштөр акыркы учурда көп кирчү болду. Түшүн дагы бир жолу эсине салды. Таң калып, кайра төшөккө жыгылууну ойлонуп турган учурда "Куткар!
" деди түшүндө угулган дабыш дагы бир жолу. Адис чочуп кетти, денеси титиреп, сүйлөөгө дарманы келбей, дароо агарып кетти. Эки жагын аста карады, жанында бир адам карап тургандай сезим байкалып. Кыздын ыйлаган үнү угулду. Адистин коркуусу андан өтө күч алган. "Апаке..."
деди аста кайра алдын карай башын буруп. Бул заматта чагылган "корс" дей, ал жактан келген нур бөлмөнүн баарын агартып, жарыктантты.
Керебетинин туш жагында, бет маңдайында ак кийимчен, чачы узун келген, эки көзү оюлган кыз турат. "Куткар!
" деди дагы бир жолу катуу чыңырып кыз. Адис катуу чочуду бул жолкусу. Үн катпай, денеси бүт титиреп жатып калды, анан ээсинен кетип жыгылды.
Бул окуя анын өлгөндөр менен аралашуусуна башат болду. Деги ошол учурдан баштап көчөдө, үйдө болобу, айтор арбактар көзүнөн жашын агызып, адам чачы тик тургудай кейпилери менен Адистен жардам сурап кайрылаар эле.
Ошол алгачкы күндүн эртеси таңда Пэрим баласынын таңкы тамака кечиккенин билген соң себебин билүү үчүн бөлмөсүнө баш бакты.
-Уулум... Адис?-деди алгач эшигин каккылап, баласынан жооп күтө. Баласы жооп бербеген соң "Мен кирип жатам" деди да эшигин акырын ачты. Баласы түз түшкөн бойдон жатыптыр. Бирок эки көзү жогоруу көтөрүлүп, карегин жоготуп койгон.
-Адис?-деп абалын көргөн эне эки жака жулкуй салды да, баласынын алсыз жатканын көрүп "Бакыыыыт"
дей катуу кыйкырды. Сырт жактан ачуу чыңырган үндөн чочуй атасы Бакыт кирип келди.
-Балам, Адис-деди энеси дагы бир жолу баласын жулкуп, кучагына ала. Бакыт Адисти көтөрдү да машинасын көздөй жөнөдү.
Ошол күнү Адисти шаардагы ооруканалардын бирине алып келишти. Даарыгерлер эч кандай жыйынтык чыгара албай, бирок абалы жакшы экендигин байкаган соң жөн гана күтүүнү жана Перим менен Бакытты үйлөрүнө бара берүүсүн суранышты.
-Сен жумушуңа бар, мен балабыздын жанында болом-деди Перим Бакытты карай өзүнүн ый аралаш көзү менен.
-Сак болгула!-деди Бакыт, аялынын колун бекем кучактай, бетинен өбүп. Анан ооруканадан шашыла чыгып кетти.
***
-Адис, сен мага учурай кетесинби?
-Макул агай.
Адис ректордун бул чакыруусуна бир аз таң калды да эми университеттен чыгып кетип жаткан жеринен кайра артка кайрылды. "Мени эмнеге чакырып жатат экен?" деп ойлоду ичинен. "Балким Америкага гранттык орундарда окууга жөнөткөнү жатат?" -деп жылмайды ичинен өзүнүн аруу кыялдарын ортого салып. Ортодо өлкө герби турган, анын катарында бир нече мамлекеттик белгилери бар, андан келип, чоң жумуш столу, андагы бир нече жайылган документтер турган бөлмөгө кирди. Бул ректордун жумуш бөлмөсү болчу. Бир аз сүрдөндү, кантсе да ийгилик, билим, тарых менен курулган, уюшулган бөлмөлөр кимди болсо да сүрдөөгө салат тура. Анын үстүнө Гарвардда окуусун аяктап, бул жакта далай ийгиликти багынтып, профессор наамын алган ректордун атайын чакырылышы аны ары сүрдөөгө, ары суроолуу абалга салып турду.
-Угуп жатам агай-деди Адис орундуктан орун алып, папкасын тизесине койду да, аны бекем кучактай.
-Сенин Бейит шаарынан экениңди билебиз. Мен ошол боюнча, бизде дүйнөлүк студенттердин алмашуу программасы бар эмеспи. Жакында ал программа менен бизге Америкадан Мэйсон Миллер келгени жатат.
-Ого, кош келсин! Анан, менден кандай жардам?
-Мэйсон бизге бир жылга келет. Анын башталгыч 2 айында биз өлкөбүздүн кооз жерине алып барып келишибиз керек. Ал сен жака барса кандай болот? Сени менен чогуу бул каникулда чогуу эс алса. Ага шаарды, биздин маданиятты,
каада-салтты тааныштырасың.
Бул үчүн биз үй-бүлөңө, сага атайын гонорар бөлүп беребиз.
Адис шашпай ойлонду, анан:
-Эмнеге биз жака деп ойлойсуз?
-Силердин шаар бейиш сыяктуу. Көлдөрүңөр,
тоо, өзгөчө таза абадагы ажайып кооз шаарыңар бар. Инфраструктурасы да жакшы өнүккөн. Балким бул шаарда ал жүрүп, биздин өлкөнүн жакшы жактарын көрүп кетсе кандай болот? Андан башка көрсөтө турган эмнебиз бар? Жок, эч нерсе!-деди ректор эки колун эки жака кага, өкүнгөндөй.
"Биздин шаар бейиш сыяктуу? Чындап элеби, балким алар үчүн бейиш, бирок мен үчүн кандай? "
-Агай, биздин шаардагы акыркы кылмыштуулуктарды билсеңиз керек? Маалыматыңыз бар деп ойлойм.
Ректор үшкүрүнө артка көздөй креслосуна жата калды.
-Ооба, маалыматым бар, анын атайын адистер карап жатканы үчүн көңүлүм ток. Менин оюмча бул көйгөй жаратпаса керек биздин конок үчүн.
-Бул боюнча ойлонуп көрүш керек экен, бул аябай чоң жоопкерчилик
-Туура айтасың, бирок программада "Бейит"
шаары деп жазылып калган. Мейли эми көрөбүз го ал жагын дагы. Сен барсаң болот-деди ректор ордунан туруп Адиске колун сунуп. "Сендей студенттер менен сыймыктанам"
деди дагы бир жолу жылмайып Адисти жолуна узата.
"Мэйсон тургай өзүмдүн баргым жок ал жака" деди ичинен кабинеттен чыгып жатып.
Ошол күнү Адис кечке жуук шаарда жашаган квартирасына келди. Чөнтөгүнө жана өзүнө ыңгайлуу болсун деп шаарда турган Майрам эненин чакан эки бөлмөлүү үйүнүн бир бөлмөсүн ижарага алган эле. Майрам эне болсо ак көңүл, шайыр, боорукер аял. Анын өткөн чагы эмне болгону белгисиз бирок келечегин ойлоп жашаган аялдардан. Өткөн чагы дегеним баласынын бири да жанында жок. Кандай дебейсизби,
бул Адиске да табышмак болуп келет.
Бир күнү Адис Майрам эне катуу ооруп калганда бөлмөсүнө жылуу ичсин деп сорпо алып кирген. Бөлмөсүнүн төр жагында катар турган 1 бала жана 2 кыздын сүрөтү илинип турар эле.
-Сизди бат айыгып кетсин деп сорпо жасадым Майрам эне-деди Адис жанына олтура калып, чынысын Майрамдын алдына аста коюп. "Алыңыз, ичип алсаңыз чыйралып каласыз" деген жароокер карап Майрам энени. "Садагаң болоюн" дей Майрам титиреген колдору менен сорпосун оозуна такай жатты. Адис эки жагын аста карамай болуп, баягы Майрам эненин баш маңдайында турган сүрөткө дагы бир жолу көз чаптырды.
-Булар менин балдарым-деди Майрам эне Адисти карай. Адис дагы бир жолу ойлонду. "Таштап кеткен тура байкуш энени, аттиң балдар, энесинин ак сүтүнө түкүрүп кеткенин кара" деп ойлоду ичинен сүрөттөгү 2 кыз менен баланы жээрий.
-Түшүнүктүү - деп гана койду Адис башка сөз менен эненин жүрөгүн ооруткусу келбей. Бирок Майрам эне кеп баштады:
-Үчөөнүн сөгүн катары менен 5 жыл мурун жерге бергенмин. Алар азапты көтөрө алышкан жок, өздөрүнүн жанын кыйды. Бирок эне үчүн бул азапты көтөрүү кыйын тура. Алар бул боюнча ойлонгон да жок. Мен бул балдарым менен өз келечегимди курган болчумун. Булар менин алдыңкы жашоом эле, аларды окутуп, турмушка узатып, үйлөп өзүмдүн бактылуу жашоомду, чоң үй-бүлөмдү курам деген максатым болгон. Бирок ажал, адамдар мени бул максатымдан ажыратты. Көрсө максаттар бул сен койгондон кийин эле туруктуу болуп кала бербейт тура. Жашоонун өйдө-төмөнү,
жарк деп өчүүсү же жаңылануусу болот тура. 3 баламдын катар өлүмү менин кийинки жашоомду жарым-жартылай кылды. Мен өлдүм, сүйрөп жүргөн денем эле болбосо ичимде эч нерсем калган эмес. Бирок жаңылануу, кайра жаралуу деген нерсе да болот турбайбы. Азыр баардык адамзатты балам деп кабыл алып, аларга мээрим берип, алардын энеси болуп жашап жатамын. Сендей болгон балдар "Майрам эне" деп эле турса жалгыздыгымды сезбей элемин кагылайын...
-деди жасалма жылмайыңкысы менен. Адис андан ары уланткысы келбеди. Анткени адамдарды жоготуу, убакыт өткөндөн кийин аны кайра эстөө кандай экенин ал жакшы билет. Себеби далай адамдын ачуу чыңырыгын, өкүрүгүн ал далай угуп келген.
-Жер адамдары баарыбыз бир үй-бүлөбүз да эне, мен балаңыз, сиз менин апамсыз. Мен сизге биздин университетке жумушка орношуп алсаңыз деп сунуш берген болчумун го. Ойлонуп көрдүңүзбү?
Ал жакта мага окшогон балдарыңыздын миң келет-деди жылмайып, энени кучактай.
-Мейли, мейли, барайын анда ошол жумушка.
-Көрөсүз го, ал жакта сизди сөзсүз жумушка алат. Анын үстүнө сиздикиндей даамдуу тамакты университеттин далай ашпозчулары жасай албай жатпайбы. Ошол үчүн мен ал жактан тамактанбайм - деди Адис каткыра, энени дагы бир жолу шаңга сала.
Майрам эне Адистин ошол эки-үч сөзү үчүн кайра көңүлү көтөрүлүп, куунай түшөт эле. Ошол үчүн да Адис шаарга келген 3 жылдан бери алар бирге жашашып, бир үй-бүлө болуп калган. Адис бул окуядан кийин кайра Майрам эненин балдары тууралуу эч качан сурабай калган. Ошентсе да Адис Майрам эненин балдарынын табышмактуу өлүмү же мындай айтканда өз жанын кыюууларына дагы да ишенбей келген.
-Өз энеңерди мындай азапка кантип салдыңар? Карагылачы,
алынан тайып, өмүрүнүн маңызын жоготконун көргөн жоксуңарбы?
Тынч жашооңорду бузууга эмне себеп?-деди бирде эне жокто бөлмөсүнө кирип, төр жакта илинген 3 портретти карай. "Бири жан өмүрүн сактай албай жатканда, өз өмүрүңөрдү кара туманга айлантып, жаныңарды кыйган туура бекен?" -деп койду дагы бир жолу ичинен.
Бул сөздүн себеби Адис Майрам энеге чындап боору оруган. Шайыр, мээримге жүрөгү толгон эненин бул абалда калышы, анын бутун араң сүйрөшү жана кез-келген жерде балдарын эстеп көзүнө жаш алышы Адисти чындап капа кылган эле.
Майрам Адистин айткан сунушунан баш тарткан жок. Ал университетке ашпоозчу болуп кирди. Бул убакыттан тартып ал студенттердин сүйүктүү энесине айланды. "Майрам эне, бүгүн эмне тамактар менен толтурдуңуз?
", "Аиий, сиздин тамактын жыты биздин аудиторияга чейин барды" деп өз жагымдуу сөздөрүн ортого салып, Майрам энени кубантуу үчүн жанына келишет эле. Ага Майрам эне кубана "Айланайындар"
деп аларды ортого салып, өз-насаатын айтып, тамагы менен мээримин берип турган. Майрам эне бул жумушка киргенден бери чыйрала түштү. Таң эрте келип, студенттер менен алагды болуп, алар менен обор-чобор болуп жатып күндүн өткөнүн билбей калат. Анан түш оой Адис үйгө баргыча Майрам эне да үйүндө болуп калат. Мындай эки бөлмөлүү үй ушинтип мээримдүү жүрөк менен Адисти байланыштырган.
-Келдиңби садагасы? - деди Адис университеттен келгенде Майрам эне алдынан тосуп чыгып.
-Кандай олтурасыз? Жумуштан келип калдыңызбы?
-Ооба, бүгүн жуманын аягы эмеспи. Жумуш бат аяктап, үйгө келип олтурам.
Адис жылмайып, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Аны бүгүнкү окуялар көп ойлондуруп жатты. "Мен Бейитке кайра барамынбы?"
деди ичинен ал жактан качкандай сезим калтырып.
***
Бейит шаардык ооруканасы.
Түн жарымы болгонун айдын толуп, шаар тынчып, үйдөгү жарыктардын өчкөнүнөн билсе болот. Кичинекей шаарда анчалык деле жарыктык жок. Ортоңку узун көчөнүн фонарлары эле күйүп турбаса, жарыктандыруучу же ажайып кафелер, же жарнама тактайлары жок. Ошондуктан шаарда үрөң-бараң болуп, айдын жардамынан башка нерсе кечинде жүргөн адамдын көзүнө нур сала албайт. Айтылган ооруканада да тынчтык, электр энергиясын үнөмдөөнү максат кылган оорукана башкармалыгы бир нече бөлүктөрдү,
анын ичинде палаталардын жарыгын өчүрүүгө муктаж болушту. Ошондой караңгы палаталардын биринде ээси ооп, андан кийин өзүнө келе албай жаткан 17 жашар Адис жатат. Ооба, түн жарымы дегенде араң көзүн ырмады. Эки жагына башып буруп, көзүн ачуудан коркуп бир нече мүнөт жатты да, акыры көзүн ачууга батынды. "Мен кайдамын?"
деди ичинен белгисиз жайды бир сыйра көз чаптырып кыдырып чыккан соң. Акырын ордунан туруп, колунда сайылган бир нече уколь ийнелерин сууруп чыкты да жерге таштады. "Тык-тык"
деди эшиктен чыккан добуш, Адистин жүрөгүн селт эттире. Бирөө-жарым каккылады. Бирок Адис ачкан жок. Коркуп, артка карай кайра барды. Оор дем алып, өпкөсүнөн абасын араң чыгарып, чекесинен териси акты. Артка дагы бир нече кадам таштаганда эки далысына бир адамдын колу келип тийди. Ал Адистин далысын бекем мыкчый кармады. "Ухх" деди ичинен. Бул убакытта кулагы чыңырып баштады. Шыт эткен дабыш угулбай, чырылдап турган , "Өзгөчө кырдаал" деген сыяктуу сигнал үнү гана угулду. Алды-артын караганы даарманы келбей, кулагын кармай гана туруп калды. Мүмкүн болушунча кулагын жабып, жагымсыз үндөн арылууну каалады. Бирде кайра токтоп, кулагында тынчтык орноду. Бирок экинчи ирээт эшик каккыланды.
"Эшикти ачышың керек!"
деди жаныдагы узун ак көйнөк кийген кыз Адисти карай. Адис жанындагы кыздын сөлөкөтүн бир карады. Жүзү көрүнбөйт, ал эми колунан баштап бутуна чейинки ачык денесин караса агарып, ичинде каны жоктой. Ооба, анткени бул жансыз дене эмеспи.
-Эмнеге?-деди Адис кызга кайрыла суроо узатып.
-Ал жакта сени күтүп жатышат? Алар сага муктаж!-деди кыз дагы бир жолу каккыланып жаткан эшикти көрсөтүп. Адис акырын эшик тарапка басты, ал жака барган сайын кулагына ачуу чыңырык, ый-мууң, кайгы жана коркунуч үндөр угулат эле. Азаптуу үндөр... Адис эшикке жетип барды да, калгасына колун койду.
Түн жарымында баласын карап жаткан Пэрим анын ары-бери онтоп кыйналып жатканын ойгонгондо көрдү.
-Балам, Адис! Ойгон, ойгоно кой-деди чекесинен тери кетип, алагсырап жаткан баласын колуна ала кучактап. Эки-үч жолу жулккан соң бала катуу демин чыгарды да көзүн ачты.
-Адис... балам...
Пэрим көзүн асманды карата үнсүз жаткан, эриндери көгөрө түшкөн баласынын абалын көрүп коркууга алдырды да бети-башын сыйпалай, анын абалын билмекчи болду.
-Адис баары жакшыбы? Балам, эмне болду?-деди эне байкуш дагы бир жолу кабатыр алгандай баласынын эки жагын карана.
-Апа, ал жакта... Эшиктин ары жагында.
-Эмне болду балам? Ал жакта эмне экен?-деди баласынын сунган жагын карап эне.
-Мен адамдардан коркуп жатам! Коркуп жатам!-деди Адис апасын бекем кучактай. Баласынын жаңы эле көз ачып, түшүнүксүз суроо берип баштаганын энеси түшүнбөй жөн гана кучактап, жанында гана болуп туруп берди.
Бул күндү эч ким түшүнө алган жок. Даарыгерлер бала катуу психологиялык жабыр тартканын, жана аны урушбоого, урбоого чакырып, үй,-бүлөлүк зордук-зомбулукту анализдөө борборуна өткөрүп беришти. Анткени алар Адис атасы же энесинин зордук-зомбулугунан улам стресстик абалга түшүп, коркууга алдырган деген тыянакка келишти. Бул окуяны уккан коңшу тургундар "Балаңа жин кирип кеткен тура, молдого алып бар, көз ачыкка алып бар" дей өз пикирин билдирип, Адистин жин-шайтандар менен аралашуусун көп айтат эле.
Көп өтпөй эле Адисти ооруканадан чыгарды. Ал бардык адамга, жардамга келген психологко,
даарыгерге,
ата-энесине "Көзүмө арбактар көрүнүп жатат, мени куткаргыла,
алар мени тынч койбой жатат" деп айтаар эле. Бирок алар Адистин бул сөзүнө ишенсе гана, жөн гана үн катпастан "айыга элек" деген гана тактамасын колуна карматып гана кете берчү. Бул окуядан кийин Адис жергиликтүү жөнөкөй мектептерге да барбай калды. Аны шаардык атайын балдарды көзөмөлдөө жана психологиялык жетиштирүү атайын мектебине которуп ал жактан билимин улантып жаткан. Ал эми жанында жүргөн жансыздардын арбагы аны дагы да коштоп жүрөт. Акыркы учурда Адис аны изилдеп, алардан качуу жолдорун издеп баштады. Далай интернет айдыңын аңтарып, арбактар, шайтандар жөнүндө жаңылыктар,
макалалар, китептер болсо барын карап чыкты. Бирок өз окуясына окшогон бир да нерсени кездештире алган жок.
Адис менен өлгөн адамдарды байланыштырган нерсе эмне? Ал кандайча пайда болот?
Адистин акыркы учурда коомдук жайларда көбүрөөк жүрүшү байкалды. Анткени алыс же жакынкы эл жок жерде болобу, Адисти тиктей узун жана ак сөлөкөтү менен адамдар турган болот. Адис ал жака барбоого же билмексен болуп өтүп кетүүгө аракет жасайт. Эгерде арбактар Адистин аларды көрүү кудурети бар экенин байкаган болсо анда дароо жабыша калат да, аны менен 24 саат боюу бирге болот. Качан гана Адис китеп окуп, же чыгармачылык менен алектенген учурда андан алыстап, кайра бош убагында же түн жарымында келип, ал тургай түштөрүнө кирип кыйнайт. Алардын максаты белгисиз, бирок алар бир жака ымдайт, ал жака Адисти алып барууну каалайт.
Арбактар коомдук жайларда жүрөт эле, бирок кемде-кем. Алар адамдар менен аралашып, алар менен кошулуп, дүйнөнү карап, асманда учуп, кайра жерге түшө турган. Эң өкүнүчтүүсү алардын сөзсүз бирден жарааты бар. Ушул нерсе гана Адистин үрөйүн учуруп жатканы да. Себеби көзү оюлган, бычак сайылган, денеси канга маалынган арбактар баардык адамдын жанына жеткидей коркууга алдырса керек эле.
Адистин арбактар жанында жүрөгүнүн белгиси алар жакындаганда дем алуусу оорлошуп, кулагына чыйылдаган үн угулчу. Бул учурда Адис кулагын жабып, же оор дем алса арбактар анын кудретин билип, жанына келчү да ошол бойдон калчуу.
Бул далай кайталанды,
жана Адис аны чечүү жолдорун. Арбактардан арылуу жолдорун көпкө изилдеп, бирок эч кандай майнап тапкан жок. Бир гана нерсе калган, алар көрсөткөн жерге баруу, балким ал жакта чындык жатат, эмнеге Адистин мындай жөндөмгө ээ болгону же арбактар дүйнөсү менен аралашып калганынын сыры алар көрсөткөн жакта айтылат чыгар.
***
-Сенин башка мектепте которулуп кеткениң мени капалантып жатат-деди Жамал Адис менен бирге сейилге чыккан учурда. Адис мектептен соң өзүнүн велосипедин алып Жамалды айландырып келүүгө келген.
-Даарыгерлер мени акылынан айнып калды деп жатышат. Бирок менде баары жакшы. Сен кабатыр алба Жамал!-деди Адис аны сүйүү толгон көзү менен карап.
-Сенин бир нерселерди көрөт дегениң чынбы? Алар эмнелер, демондор, жырткычтар.
..?
Адис басып бара жаткан жеринен токтоду. Кулагы дагы бир жолу чыңырады. Ооба, арбактар жанында жүрөт.
-Жамал, бул боюнча биз анан сүйлөшөбүз,
азыр үйүңө барышың керек!-деди Адис Жамалды түз карап, эки жагын караганы даарманы келбей. Бул убакта Адистин дем алуусу оорлоду. Өз демин баягылар билбесин дем акырын чыгарып, үнүн араң чыгара сүйлөдү.
-Баары жакшыбы?-деди Жамал Адиске кабатыр ала.
-Ооба, мен кеттим?
-Кайда?
-Үйгө баруум керек, кеч болуп калды. Сен да үйүңө бар!-деди да Адис өз унаасына түшүп, чаптырган бойдон кетти. Жамал Адистин башында жакын досу болуп жүргөн, кийин балалык сезимдер алардын кыз-жигит болуп жүрүүгө алып келди. Жамал ошол шаардагы карапайым гана үй-бүлөөнүн кызы болгон. Анын сары чачы, көл сыяктуу тунук көздөрү бар эле. "Сенин чөгүп кетчүү көздөрүңө, чөгүп өлсөм арманым болбос беле" деген Адис убагында ага жылмая карап. Бул сөз, ошол убактагы көз караштар Жамалдын "Менин жигитим болгуң келеби?" деген суроого салган.
-Андай болбойт да, мен сага "Менин кызым болчу" деп айтышым керек. Сен айтпа антип.
-Анда айтпайсыңбы?
Адис жерге дароо тизелеп олтурган да:
-Менин кызым болосуңбу?
Болгону ушул сөз аларды байлап, балалык, таттуу сүйүүлөрүнүн башаты болду. Ошол сүйүүсү менен сейилге чыкканынын себеби да арбактар. Адис аларды дагы бир жолу көрүүдөн коркту. Үйүнө шашып жатты, бирок үйүнө кетчүү жол туура таштанды жыйноочу аймактын бет маңдайынан өтөт эле. Велосипед менен түз келип, анан ал жерге келгенде дароо тормозду тебип токтоду. Түз маңдайында колуна куурчагын бекем кучактай, кара көйнөк кийген кыз турат. Адисти карап үнсүз жылмайды, Адистин дем алуусу дагы начарлаап, өзүн жогото баштады.
Баракча 1 - 1
"Жоолукчан" мистикалык повесть
#2 11 Июль 2022 - 17:35
Уландысын кутооом.
Билдирүүнү түзөткөн: belka: 11 Июль 2022 - 17:36
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
Баракча 1 - 1