aikow92 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 1 439 (0,34 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Суперстан (191 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 07 Февраль 13
- Кароолор:
- 36 007
- Соңку аракети
- 11 Май 2017 09:11
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 1, 1992
- Кызыгуусу:
- Белгисиз
- Жынысы:
- Белгисиз
- Калаасы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Кызыңарды аягыла...
Жазылган күн: 25 Окт 2015
Буга чейинки "Эгер кыргыздын аялы мал болбосо", "Апама менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт" деген колонкалардын автору Данияр Айтмандын блогу. (Бул автор Данияр Айтман дегенди тушундурот) -
Апама "менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт дедим
Жазылган күн: 28 Сен 2015
Мен башынан эле апама айтканмын: менин колуктум «келиндик милдетти» аткарбайт деп. Ошол сөзүмө бүгүнкү күндө бек турам.
Мен колуктума карата айтылган бирөөнүн сын-пикирин жактырбайм. Себеби, менин колуктум – менин жасаган негизги тандоом, менин эң чоң жеңишим, менин бакытым, менин ийгилигим. Колуктумду бирөө айыптап, аны капалантса – бул мен үчүн эң чоң ызалык. Автору - Данияр Айтман.
-
Эгер кыргыздын аялдары мал болбосо...
Жазылган күн: 24 Сен 2015
Бул жаман угулушу мүмкүн, бирок мен эркек болуп жаралганыма сүйүнөм. Анткени Кыргызстандагы аялдар малдан дагы арзан турушат, аларды эч ким баалабайт.
Кадимки бээ үчүн миң доллардан кем эмес акчаны төлөш керек. sapiens бээсин күндүзү эле эшиктен сүйрөп келип, короого байлап, көңүлүн алуу үчүн шириндик, жем берип койсоң болот.
Кыргызстанда жыл сайын миңдеген кыздарды ала качышат. Изилдөөчүлөрдүн баамында өлкөдөгү айымдардын көпчүлүгү ала качуу менен турмушка чыгышкан. Кордук, зомбулук көргөн аял коомчулукка жан дүйнөсүн арнаган партиот баланы тарбиялай алабы? Андай аял жапайы, кул жана малайларды гана тарбиялашы мүмкүн.
Кыз алакачууну токтотууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча кайсы бир партиянынпрогарммасынын биринчи катарында же алдыңкы катарына киргизилиппи? ,- деп суроосалдым. Улуттун көбөйүшүн шарттагандарды уурдаган браконьерлерди бычып же аздегенде 20 жылга эркинен ажыратуу керек.
Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – анда эмне үчүн бактысыз келинди көргөн туугандары, достору, коңшулары көрмөксөн болуп, тескери бурулушат. Эмне үчүн милиция адам уурдоолорду карабайт, жабырлануучуларды коргобойт. Эмне үчүн кыз ала качуу боюнча камалган адамдын мөөнөтү кой уурдаган адамдын мөөнөтүнөн аз.
Эгер кыргыз кызы мал болбосо – эмне үчүн ар бир жаш кыргыз кыздын, койчунун кызынан тартып шаардагы студент кызга чейинкилердин баркы кыздык белги менен ченелет.
Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – эмне үчүн жаңы келиндин кош бойлуу экендигин сурап, текшеришет? Эмне үчүн 20 жаштан өткөн турмушка чыга элек кыздарды кара далы катары санашат? Эмне үчүн 30 жаштагы өзүн өзү толук камсыздай алган кыздарды оорулуудай сөөмөй менен көрсөтүшөт? Ал сөзсүз түрдө түрү суук болсо да бир дөбөткө тийиши керекпи?
Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – эмне үчүн эркектердин уруп-согуу, кемсинтүү, көзгө чөп салуусуна карабай малай катары жашоосун өткөрүшөт?
Шаардагы каалаган кыргыздан “аял биринчи орундабы же ата-энеби деп сурап көрсөңөр. Ал “албетте ата-эне да. Алар жалгыз. Ал эми аялды алмаштырса болот” деп жооп берет.
12 жыл мурун европалык курсташтарым менен бирге бир залда кыргыз кыздарын ала качканы тууралуу даректүү тасма көргөндө мен уялдым. Мени менен чогуу окуган кыз келип “үйлөнөрдө эч качан кыз ала качпайм деп сөз берчи” дегенде уялганымдан денемди тер басып кетти.
Ошондон тартып кайсыл жерде болбоюн чет өлкөлүктөр менен Кыргызстан тууралуу сүйлөшкөндө мен Кыргызстан – бул аялдарды мал сыяктуу уурдаган өлкө экенин мойнума алып келем. -
"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Таабалды Эгембердиев каза тапты
Жазылган күн: 17 Май 2015
"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Таабалды Эгембердиев 64 жашында рак 00русунан каза тапты -
Карганбек Самаков коррупцияга шектелип камакка алынды
Жазылган күн: 16 Май 2015
ЖКнын депутаты Карганбек Самаков коррупцияга шектелип УКМК тарабынан камакка алынды. Маалыматты анын уулу да ырастады.