ayka96 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 538 (0,14 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (415 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 13 Июнь 14
- Кароолор:
- 25 389
- Соңку аракети
- 11 Ноя 2023 05:50
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Август 3, 1995
- Кызыгуусу:
- Аалам мейкиндиги
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Күйөөсүнөн өч алыш үчүн өз баласын иттерге таштаган аял
Жазылган күн: 22 Янв 2017
АДАМДАР ЭМНЕ ЭЛЕ БОЛУП БАРА ЖАТАТ. АЙБАНДАНДА ӨТҮП КЕТИШТИГО. ӨЗ КАНЫНАН ЖАРАЛГАН 9 АЙ ИЧИНДЕ КӨТӨРҮП КЫЙНАЛЫП ТӨРӨП АНАН ЖОЛДОШУ БИР БРИЛЛИАНТ КӨЗДҮ КОМПЛЕК СӨЙКӨ ШАКЕК АЛЫП БЕРБЕЙ КОЙСО БАЛАСЫН ИТТЕРГЕ ЖЕМ КЫЛЫП ТАШТАГАН. ЭХ АРМАН ДҮЙНӨ.
Бирине зар дүйнө, бирине кор дүйнө.
-Кече оорууканада сменде элем. Бизде оор абалдагы ооруулуунун өзү болбогондуктан смен ар дайым тынч өтчү..... Түнкү саат экиден өткөндө сырттан ызы- чуу добуш келди. Иттердин арсылдап үргөнү, кыңшылап бакырганы жана эркек кишинин башкача үн менен бакырганын угуп медайым экөөбүз сыртка чуркадык. Добуш кароолчу Эркин аксакалдын үнүнө окшойт эле. Оюбузда бир гана суроо эмне болду, тынчылык бекен? Неге мындай башкача бакырды деген.
Кароолдун жаткан кичинекей бөлмөсүнө кандай чуркап барганыбызды да билбейм. Кирсек эч ким жок эле. Ошондо добуш бак жактан келип жатканын түшүнүп ошол жака чуркадык. Чоң өрүк астына жеткенибизде кароолдун карааны көрүндү. Караңгы болгону үчүн кол телефондун чырагы жанык болчу. Нуруну Эркин аксакалга туштадым. Анын бир колу кан, үстүндөгү кийген тону жана шымы жыртылып айрылып кеткен. Ондогон каракчы менен алышкан адамга окшойт эле. Коркуудан мен калтырап жаттым. Жакын жерде болсо дале иттердин үргөнү угулуп турат эле.
Тынчтыкпы? - деп суроо беришимди билем, эки аттап жаныма келди. Ошондо гана колунда бир нерсе бар экенин байкадым. Карасам.... карабаганым, көрбөгөнүм жакшы эле. Эркин аксакалдын колунда бар жогу тиштеп бир буту дээрлик тытылып салынган наристе бар эле. Врачмын, мындан да жаман ооруулуу болуп келген балдарды көргөнмүн десем жаңылышпайм. Бирок азыр көрүп турган көрүнүш коркунучтун өзү эле. Анча мынча адам карап тура алгыс эле. Кызым, караа текшерип көрчү балким тирүүдүр. Иттердин оозунан тартып алдым... Айланайын кызым жардам берчи деп аксакал наристени колума узатты.
Баланы колума алып ичкериге карап чуркадым. Наристенин үстүндөгү кийимдери да иттердин талаганынан тытылып кеткен. Балтыры жана желкесинен тызылдап кан токтобой агып жатты. Тез жардам бөлмөсүнө жетип келип жарыкты жандырганыбызда сыртта көргөнүбүз жөн гана көрүнүштөй болуп калды.
Адашпасам бул наристенин кыркы да чыга элек көрүнөт. Ит тиштебеген жери калбаптыр. Бел жагынан бир бөлүк эт дептердин барагындай болуп ачылып ичиндеги болгон омуртка жана майда нерв тамырлары көрүнүп турат эле. Жүрөк, өпкө, көкүрөк бөлүктөрү да тиш издери менен толо эле. Наристеде эч кандай жан барлыгы сезилбейи эле. Ошондой болсо да биринчи тез жардамды берүүгө аракет жасап жаттык. Медайымдарга эмне кылыш керек экендигин айтып жатам көзүмдөн аккан жаш токтобой жатты.
Бала кантип бул абалга түштү? Неге жапайылашып кеткен көчө иттеринин жемишине айланды? Кимдин баласы? Апасы кана? Кайда?- деген суроолор мээмди ээлеп алган. Бирок операция столунда жаткан бул тилсиз, бээ күнөө наристе жооп бере албайт эле. Клиникабыз жаңы болгондуктан көп аппараттар орнотула элек болчу. Бирок наристе жансыз го дейм, баарибир эмнедир кыла алчудай чогуу иштегендер менен наристенин жүрөгүн иштетүүгө аракет жасап жаттык. Тынбастан Алладан суранып жаттым. Эмне деп жатканымды билбейм, көзүм наристеде, жүрөгүм Алладан тиленип жатты. Хирургду чакырдык. Чоп чоң кырктан ашкан киши баланын абалын көрүп ыйлап жатты. "Бул абалда чоңдор да тирүү калышы күмөн эже деп " колдорун калтырак басты. Калтырабай! ... жараттарын тигип чыккыла, көп кан жоготкон! Калтыраба! Башкага катуу добуш менен айтылган буйрукту уккан соң хирург өзүнө келип, ит кажыган кичинекей буттардан чыгып турган кан тамырларды кымчыгыч менен кармап ишин баштады. Бир гана хирургка эмес жалпы баарына бакырып жаттым. Бир натыйжа чыгуусунан үмүт үзүлүп баратты. Медайым телефондо чакырган ИИБдин кызметкерлери да баланын абалына карай алышкан жок.
- Бир аз өзүнө келе албай туруп калган ИИБдин кызматкерлери эми баары бүттү, кеч калдык, сыртка чыгып туруңуздар биз ишибизди улантсак деп бизди сыртка чыгара баштады.
Бирок ошол учурда бир күтпөгөн укмуш болду. Оа бул чыныгы укмуш керемет болчу.(Мээримдүү Аллахка шүгүр) ымыркай мышыктын мыёлогонундай үн менен алсыз үн чыгарды. Аппарат менен жасалма дем алуу берилип жатканынанбы же токтогон жүрөктү иштеткенге аракет кылганыбызданбы, тынбай кудайдан суранып жатканыбызданбы кыскасы ал кандай күч экенин билбедим. Бирок баланы тигил дүйнөдөн кайтарды.
Баланын бардык жарааттары тигилип керектүү биринчи жардамды бердик. Бирок бул жерде алып калганга шартыбыз жок эле. Себеби оорууканабызда керектүү жабдыктар жок. Наристенин өмүрүн чоңураак, бардык жабдықтары бар клиникада гана сактап калса болот. Ал дем ала баштады, бирок абалы оор эле. Жетип келген тез жардам машинасында врач болсо да өзүм алар менен чогуу жөнөдүм.
Таң атканга чейин жети- сегиз тааныштарымды ойготуп, балага кан тапшырууга чакырдым. Кудайым өмүрүнө береке берсин (атын айтпайын) "Одноклассники" деги эки жигит бир ооз сөзүм менен келишип кан беришип кетишти. Ооруканага кайтканымда бул окуяны баары угушуптур. Өз түйшүгү өзүнө жетерлүү болуп ооруп жаткан ооруулуулар да бири коюп бири баланын абалын сурап жатышты.
Аябай катуу чарчасам да үйгө кайталбадым. ИИБге барып күбөлүк беришим керек эле. Кароолдун көрүнүшү бир абалда. Аппак сакалы титиреп, көздөрүнөн дале болсо жаш агып турду. Мен ар жыйырма минут сайын ымыркай жаткызылган оорууканага телефон чалып коллегаларымдан абалын сурап жаттым. Биз абал боюнча түшүнүк кат жазып бүткөнүбүзчө наристенин энеси да табылыптыр.
Мен ойлогом бул ымыркай жеңил ойлуулуктун мөмөсү болуп төрөлгөн, ошол себеп баланы сыртта калтырып иттерге жем кылып салынган деп. Адашкан экенмин. Баланы дүйнөгө келтирген айбан!(кечиресиздер)
- Бирөөнүн өмүрлүк жубайы, никедеги эле аялы экен. Эми эмне себептен бала мындай абалга туш болгону кызык болуп жатса керек. Бул жаш келиндин күйөөсү эл катары Россияга иштегени кеткен. Телефондо бир аз катуу сүйлөгөнү үчүн өчүн баласынан алган.
-ЭМНЕ ДЕДИ КҮЙӨӨҢ? Сүйлөбөйсүңбү М........ва?
Эшиктин бир аз ачылган жеринен байкап туруп, эне деген наамга татыктуу эмес, таш боор. Тогуз ай боюнда көтөрүп жүргөн баласы жөнүндө ойлоп да койбогон бул келинди колум менен муунтуп алганга даяр элем.
- Сүйлөбөйсүңбү! Эриң не деди? Талак бердиби?
Жок - деди шашпаай туруп.
- Уул төрөсөң " Бриллиант көздүү комплект алып берем"- деген эле. Эми болсо ошол убада кылганын алып бере албайт имиш. "Россияда кризис, бир аз чыда!"- деп шылтоо кылды.
Кийин эмне болгонун акылым албай калды. Келинге суроо берип жаткан жанагы тергөөчү жанагы келинди муштум менен жыга чаап, тээп салды. Тергөөчүлөрдүн айоосуз таш боор экенин укканмын, бирок азыр жинденип, көзү канга толгон тергөөчүнүн бул аракетин жактап, ага кошулушка даяр элем.
Ал түнү биздин клиникага барып, көздөрүнөн жаш агызган балага карап турган милицияга окшобойт эле. Эгер эки үч киши токтотуп калбаганда, тергөөчү жазага татыктуу болгон иблисти (келинди) өлтүрүп коюшу анык эле. Үйгө жол алдым. Өзүмө өзүм суроо берип жаттым. Бир бриллиант көздүү комплект Аллах берген эң кымбат болгон аманаттан артык беле? Эринин бир ооз сөзү үчүн, кыйналып төрөгөн уулунан кечип жиберүү мүмкүн беле? Мен да аял кишимин. Мен деле аялмын.
Жолдошума кээде эмнелерди айтпайм. Убада берген нерселерди экөөбүз тең унутуп калабыз. Бирок бир да жолу кайдагы бир буюмду деп өчүмдү мотурайган кара көздөрүмдөн албайм го! Дүйнөдө канчалаган балага зар инсандар бар. Балалуу болуу үчүн бар бриллиантын берүүгө даяр канча аялдар бар. Эринин сөзүнө капа болуп, баласын телефондо сүйлөшүп жаткан жерине таштап (көчөдөгү скамейкага) калтырып кеткен. Үйүнө кирип уктап калган аял мусулманбы?
Эң өкүнүчтүүсү ал мусулман эле. Мусулман эне эле. Эй Жараткан, напсинин кулуна айлангандарга инсап бер..... -
"Адашкандар".
Жазылган күн: 23 Июн 2016
Баарынан да баланын энесине кыйын болду. Баспаган жери, сурабаган кишиси калган жок. Ыргайдай болуп, сүйрөлүп араң эле басып калды, бечера. Эринин өлгөнүнө деле эки жылдан жаңы өтүптүр. Ошондон калган эки жетимчени жетилтем деп, эл ичинде эптеп тиричилик кылып атканында, карабайсыңбы!
Венера күнүгө эрте, таң заардан базарга чыкчу. Ысык-суукка какталып, адегенде майда-бачек сатып, а кийин орун-очок алып, соо¬дасын саал түзүктөп алган. Кечинде бутун тарта албай араң келген энесин алтыга толуп-толо элек Гүлзада менен экиден эми эле жаңы өткөн Эркинбеги тосуп алчу. Экөө эшиктин алдында эпейип туруп алышып, кечкурун жол карайт эле!.. Бир күнү келсе эле анан... каргадай болуп кызы жалгыз калыптыр! Бөбөгүн издеп, дикилдеп чуркап, ыйлай берип суй жыгылыптыр бечера. Эркинбек эшикке чыга калып эле заматта көздөн кайым болгон имиш.
Ушундай кеп-сөз шаарга эле эмес, алыскы райондорго да жетип заматта «дүң» дей түштү. Ошондон бери курган келиндин барбаган жери, сурабаган кишиси калган жок. Кимдин оозун ким тыят эле, эл ичинде үрөйдү учурган божомол, имиш-имиштер күчөдү. Кээ бирлери: «Балдарды уурдап, чет өлкөлөргө сатып аткандар бар имиш!» – десе, дагы бири: «Кара башын жесин, өгүнү бирөө ресторанда отуруп, тамактын ичинен баш бармак таап алыптыр!» – дейт. А турсун: «Баланы азгырык алып кетиптир! » – деп да ийишти. Айтор, ар кандай жоромолдор, «дейт-дейт» кептер ата-энелердин үрөйүн учуруп, балдарын сак-сактап эле кайтарып калышты. Капырай десең, кандай болгон күндө дагы, кенедей баланын көздү ачып-жумгуча көздөн кайым болушу адамды айран таң кылбай койбойт...
Жол ката ушуну ойлоп, Акшоола жаңы эле кабинетине кирген. Ага удаа эле баягы, баласын жоготкон келин да баш бакты.
– Келиңиз, – деди Акшоола илбериңки, – Ал-акыбалыңыз кандай, Венера?
Өзүнүн ал-акыбалынын өзү үчүн азыр анчалык деле маа¬ниси жоктой, Акшооланын суроосун жоопсуз калтырып, а бирок алда неден үмүт эткендей Венера аны үзүлө тиктеди. Анын эмне сурагысы келгенин түшүнгөн Акшоола эмнегедир тайсалдай түшүп, баш чайкады:
– Азырынча бизге кайрылгандар боло элек. А тиги... ички иштер органдары эмне дейт?
Үмүтүнүн эң акыркы билиги «жалп» өчкөндөй, Венеранын муун-жүүнү бошоп шалдая, эриндери диртилдеп, колдору да саал титирегенсип кетти. Эми элеки көздөрүндөгү каканактаган ысык жаш кайра эле каректерине сорулуп, ары сиңип кеткен өңдүү кургай түштү. Өгүнкүдөн да бир топ өзгөрүлүп, арыктап, жүдөп калыптыр, шордуу.
Отузга али толбой жатып, саамайларын ак басып кеткен келин бир аргасы ушул жерден табылчудай, акыркы күндөрү айланчыктап эле келе берет.
– Баламды кайдан табам?! – деди эми да Венера бет маңдай отурган Акшооланын колун кош колдой, мыкчый кармап:
– Айтчы, Акшоола, бирдеме дечи?! Унчукчу?! Ушу убайдан куткарчы?!
– Кайрат кылчы?! – деди Акшоола. А бирок келин аны укпагандай, боздоп ыйлап атты:
– Кагылып гана кетейин каралдым, ай! Карааныңды кайрылып кайра көрбөй, какбаш болуп кантип калам, катыгүн?! Сербейип кайда гана калдың экен, карааным?! Кай жазыгың үчүн Кудайым сени куу¬ратты экен, балам?! Эми эмне кылам?! Кайдан издейм, кайдан табам? Кимден сурайм, берекем?! Ушундан көрөкчө мени артыңдан кошо эле алып кетпейби, Жараткан?!
– Сабыр кылчы, алтыным. Үмүттү үзбөйлүчү, Кудай бар эмеспи?..
– Жок, жок! Мен Кудайдын бар экенине ишенбейм! Болбосо, анын калыстыгы канакей?! Эрбейип, экиге эми эле чыккан Эркинбегимди эмнеге энесинен ала качып, кууратты дейм да?! Айтчы, айткылачы?! . Балам!!! Балам ай, балам!!!
Венера улам өзүн жогото, буркан-шаркан түшүп ыйлап, түйүлгөн чачы далысы ылдый жайылып, өңү бузулуп, ансайын:
– Суу! Суу бергилечи! ! Өзөгүм өрттөнүп атат! Өчүргүлөчү мени! – деп өзүнүн көкүрөгүн өзү тытмалап, жерде оонап жатып калды. Адегенде аны жоошутууга аракет жасап атып, акыры чарчап суй жыгылганда Акшоола чуркап чыгып кесиптештерин чакырып, анан «тез жардамга» чалды.Венераны «тез жардам» алып кеткенден көп өтпөй эле, Акшооланын чөнтөк телефону чырылдады.
– Угуп атам, – чарчаңкы унчукту Акшоола.
– Алло! Акшоола Ашыракмановна! – телефон чалган аял опуза унчукту.
– Да, да? Мен сизди угуп атам.
– Угуп атсаңыз, анда мындай! – бейтааныш аял орой, өктөм үн катты, – Бүгүндөн кечикпей мага келип, кезигип кетишиңиз керек!
– Кечиресиз, а сиз кимсиз?
– Ким экенимди келсеңиз билесиз да! Адегенде келесизби, ошону айтыңыз!
Акшоолага анын ыксыз орой, өктөмдүгү жакпады:
– Анчалык зарыл жумушуңуз болсо, өзүңүз келип кетиңиз!
Бейтааныш аялдын бейадеп мамилесине саал кыжалаттанганы менен, бат эле кайра эсинен чыгарып таштап, ишке алаксыгысы келди. «Ушунчалык эле зарыл иши болсо, келип кетээр», – деди өзүн тынчытып. Анткен менен көңүлү эч нерсеге чаппай, эмнегедир эле ой-санаасы алагдылана берди. Күнүмдүк эле жумуштары ага башкача бир татаалдай сезилди. Анын үстүнө Венеранын жапжаш туруп ак аралаган саамайлары менен салаалаган көз жашы, эсин жоготуп жерде оонаган элеси көз алдына кайра-кайра тартылып туруп алды.
Телефону кайра дагы чырылдады:
– Алло! Сиз эмне, киши менен кишиче сүйлөшкөндү билбейсизби? ! Таштабыңыз, трубканы! !!
– Кечиресиз, сиз кимсиз?! Сизге эмне керек?!
– Айтмакчы, күйөөңүздүн аты Ынакпы?! – бейтааныш аял анын суроосуна кайра суроо менен жооп кылып, жыландын башын аста кылтыйтып койду эле, кепке саал какай түшкөн Акшоола:
– Болуптур! – деди. – Дарегиңизди айтыңыз. Бирок бүгүнкүгө эмес, жолугушууну башка күнгө болжойлу.
– Жок! Жок! – Алиги аял шашып, чок баскандай ыргып-секирип кетти:
– Башка күнү кеч болуп калат!
Чындыгында эле аялдын чый-пыйы чыкканына себеп, жөн бар болчу. Анткени, Акшоолага бүгүн кезикпесе, канча бир күндөн берки ойлоп тапкан айла-амалы таш кабат эле. Анысын өзү дагы байкабай, сыртка айтып албадыбы. А бирок амалкөйлүккө салып, кептин этегин кайра бат эле башка нукка буруп кетти:
– Эртең кечигип каласыз, айым!
– Кечигип? Эмнеден?
Аял жоопту ансайын машакаттана, маалката табышмактап, ананкыга узартып койду:
– Ал жеке сиздин жана сиздин сүйүктүү эриңиздин кызыкчылыгына байланыштуу!
– Кызык экен...
– Анан калса, оңой менен да таптырбайт экенсиз! Эче күндөн бери ишиңизге, үйүңүзгө чалып издей берип, чар¬чоодон суй жыгылдым...
Аялдын атын, дарегин жазып алгандан кийин да: «Бу Лилия деген ким эле?» – деп көпкө убараланып, а бирок жадымынан такыр таппай койду. Чындыгында бул ысымдын өзү да Акшоолага жаңылык болчу. Лилияга анын үйүнүн, ишинин түгүл, чөнтөк телефонунун номерин ким берди десең? Атыгүл ал Ынакты да билет имиш. Каяктан?.. Анткен менен ага азырынча баары табышмак эле. Андан кийин эси-дарты алагды болуп, ою такыр чогулбай койду. «А балким, бул Самагандын экинчи аялыдыр? – деди бир ою, – Жок, жок, анда алардын чыр-чатагына Ынак экөөбүздүн кандай тиешебиз бар?» -
Мен динге ишенбейм Жалгыз Жаратканга ишенем
Жазылган күн: 28 Май 2016
Салам достор. Бул теманы ачуумдун себеби төмөндөгүчө: Фейсбук сайтында ""МЕН ДИНГЕ ИШЕНБЕЙМ МЕН ЖАЛГЫЗ ГАНА ЖАРАТКАНГА ИШЕНЕМ"" --деген тема аябай көпчүлүктүн көнүл борборунда болуп аябай талкууга өтүп жатат. Сиздердин оюнуздар кандай? Жана кимдин көз карашы кандай?мүмкүн болсо өз ойлорунарды жазып кетсенер. -
КТРК жумушчулары
Жазылган күн: 12 Апр 2016
Ищем жениха для Заремы Рысбековой.
Ушул журналисти ким тааныйт?азыр бүт социалдык тармакта кызуу талкуу жүрүп жататко.сиздердин оюнуздар кандай? -
ОЙЛОН ОЙГОН
Жазылган күн: 15 Фев 2016
Ушул китепти мен суперстандан көргөндөй болгон элем бирок азыр таппай жатам жардам бериниздерччи.
Комментарийлер
suluukg
20 Ноя 2016 - 23:32Begimkyz
05 Сен 2014 - 15:14