Nyrjamal.Teshebaeva Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 122 (0,34 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (1120 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 02 Июль 15
- Кароолор:
- 17 889
- Соңку аракети
- 13 Авг 2016 21:05
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 47 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 2, 1977
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 27 Ноя 2015
Жок, жок, антип деле ойлогон жокмун го. Озуно озу суроо берип, Толкунбек менен кандай ишенимде жашаганын билбей турду. "Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт" дегендей, ал мени менен аргасыз жашаган экен. Болбосо, менин катымды алары менен капастан бошогон туйгунга окшоп мынчалык шашпайт эле го. Бирок Толкунбек журогумдо, Жайнагул деп жашаганы менен мени да кыйган жок. Ал менин озуно болгон махабатымды сыйладыбы же, атам Эсен менен апам Аккыздын арбагын ойлодубу, билбейм. Зыйнат кайра баштан баягы "Россия" мейманканасында коргон тушун эстеп кетти. Атам, тууруна кондуруп ал деп колума туйгун кондурду эле. Бул кандай керемет туш болуп кетти. Балким, Жайнагул Толкунбекти кабыл албай, кайра келеби!? Кокустан тушум туш келип калса, аны кайра кабыл алаар-албасын ойлоп, оз журогун озу текшерип коруп, анын конулун калтырып кокурокко туртуп, текебердик кылууга алсыз экенин мойнуна алып, Толкунбек азыр эле кайра кирип келуучудой болгон шоокум кыялын кытыгылап, озунон озу делооруп турду. Ушул маалда эшиктин звоногу ойдо жок жерден шынгырап, Зыйнаттын таттуу кыялын бузуп жиберди.. Тундун бир окумунда кантип ойдо жок жерден киши келет деп ойлобогон келиндин оюна чындап эле Толкунбек келип калгандай болуп калтырап кетти. Ордунан туруп светти куйгузом деп баратып, столго чалынып мудурулуп кетти. Алактаган Зыйнат жарыкты куйгузуп, эчтеке ойлобой туруп эле дароо эшикти ачып жиберди. Коридордун суттой жарыгынан коздору уяла тушту. Анын укканы да, коргону да лифтиге жугуруп кирип кеткен кандайдыр бир аялдын карааны болду. Ошол замат козго илешпей ылдый шуу коюп тушуп кеткен лифт жакты анкая тиктеп туруп, каалаганы жабайын деп баратып, эшиктин тубундо оролгон бир нерсе жатканын коруп, журогу болк деп кетенчиктей тушту. Корконунанбы же чочуганынанбы, кыйкырып жибере жаздап барып, оз оозун озу алаканы менен баса калды. Коруп эле бала экенин дароо билди. -
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 27 Ноя 2015
-Антип айтпа. Сенден доолоттуу, сенден даражалуу, бактылуу ким бар экен. Али келечегин алдыда. "Ургачынын чырагы кырк" дегендей, омурдун узаак жолунда коргонундон коро элегин коп. Эми бул жерде эле болосунбу?
-Ошко барып келем го. Ал жерде таяке-таженем бар. Карыган байкуштардын ал-абалын билип учурашып, бир аз туруп келем. Ата ордуна ата, эне ордуна эне болгон кишилер.
-Колунда балдары барбы?
-Жок, апа,. Менин тынчым ошонучун кетип жатпайбы. Тажене коп эле торогон экен. "Баланын тууларына суйунбой, турарына суйун" дегендей, токтобосо ушул экен да.
-Ой, бечералар ай! Энкейип калган кезде жалгыздык кыйын да.
-Эрдин кесе тиштеп башын чайкады.
Салия апанын кандай аял экенин мурда анчалык баамдап билбеген Зыйнат, бул жонокой казак аялдын журогуно да, пейлине да эми тушунуп, эми билип турган кези. "Адам оз жамандыгын олгончо билбейт, киши жамандыгын кирип чыкканча билет" деген ушул экен да деп ойлоп олтурду Зыйнат.....
* * * * *
Бул туну Салия менен тээ тундун бир окумуна чейин суйлошуп олтуруп жатты. Жаздыкка башы тийери менен баякы санаанын артынан санаа, ойдун артынан ойлор агып, тошогунун тынчы кетип, уйкусу качат. "Ойлобой суйлогон онтобой ооруга жолугат" дегендей, Толкунбек менен келечек тагдырым кандай болоорун ойлобой, тобокел менен жашаган экенмин. Жалгыз Толкунбек деп жашап, Толкунбек деп иштеп, Толкунбек деп алыс-жакынга карабай, эч кимге назар салбай журуп, жанга куйоор жакыным жок, жалгыз калаар чекке жетип калган турбаймынбы деген ой санасында сапырылат. -Кызык, ал менен ысыгыма куйуп, суугума тонуп, туболук жар болот деп ишенип жашадым бекемин? -
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 27 Ноя 2015
Эртеси Зыйнаттын дабышы чыкпаганынан, уктап жатабы, же эртелеп бир жакка чыгып кеттиби деген ойдо, Салия апа телефон чалса Зыйнат уйундо экен.
-Кутмандуу танын менен, чырагым. Уйдосунбу? Саат он эки болуп калды. Копко уктадын го!
-Ооруп калыптырмын, апа.! Буткон боюм оор тартып, ден-соолугум соо эмес деги.
-Акырын туруп кел, балам, суттогон чайды сагынган чыгар деп колдон каймак, сут, навайдан ысык нан алып келдим.
-Макул апа, азыр барам.
Зыйнат киргенде Салия тиктей берип сурады.
-Капырай онун кантет, жыргап эс алган турун жок го, балам. "Апараз" болгон жерин оорубайбы деги?
-Кескен жерим жакшы эле. Жол жургондуку болсо керек, эмне учундур озумдон озум чарчап, буткон боюм талыкшып кыйналып чыктым.
-Ооба, кебетенден корунуп турат.
Копту коргон кыракы аял конулундо Зыйнаттын санаадан сабыркап, куйоосун эстеп уктабай чыкканын билип, жаны кейип турду. Чай устундо аркы-беркини суйлошуп олтурушуп, Зыйнат минтти::
-Жедеп Толкунбекке конуп калыптырмын. Жалгыздык кыйын экен.
-Кой антип сабыркабай кайраттуу бол. Сендей кыздар куйоого чыкпай ойноп-кулуп дан салып журушпойбу.
Зыйнат Салия апанын созуно кулуп минтти::
-Ой, апаке, мени жаш деп турасызбы, жарыктык. "Кыпкка чыкса да кыз дейби" дегендей отуз жаш оюнчук эмес да. Уй-булоо кутуп, келечек жашоонун туболуктуу фундаментин туптой турган мезгил ушул курак да. Менин курбу-курдаштарымдын копчулугу ат чабым алыс узап кетишти. "Кара кыздын агынан эмес, багынан" деген ошол тура. -
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 27 Ноя 2015
Ал ошол бойдон чырым этип кирпик какпай, тунду уйкусуз откорду. Эстебейин десе да болбой ойлогон оюнун баары Толкунбектин айланасынан алыстай албай койду. Бир кезде ордунан туруп оз одеялын Толкунбектин одеялы менен алмаштырып жамынды да, жакасын оодо тартып мурдуна алып барып жыттаган бойдон буулугуп ыйлап жиберди. Зыйнат жалгыз эле сурот искусствосун суйуп ардактабастан поэзияга да шыктуулук жайы бар болуучу. Ал букулдап коодондогу кок тутунду бир аз чыгарып женилдеп алып, мейманканада жатканда жазган ыр саптарын эстей баштады. Кандай эле? Аа, эстедим деди эки колун тобосуно алып, шыпты тиктей берип кынкылдап::
ТУН ЗАРЫГАМ, КАЙГЫ ЧОГОМ,
ТАН АЛДЫНДА ЧЫРЫМ ЭТЕМ,
МЕНИ МУНГА САЛГАН ЖАРЫМ,
КАНТИП УКТАП ЖАТТЫ ЭКЕН,
АК ЖАЗДЫККА БАШЫН КОЮП,
ЖЕ УЙКУГА МАС БЕКЕН,?
АЛ ОЙГОНОБУ,
МЕНИ ОЙЛОНОБУ?
Зыйнаттын коз жашы жаагы ылдый агып, жаздыгына тып-тып таамп жатканын ал озу да билбей калды. Анын оюна Толкунбектин Жайнагулго болгон кусалыгы таркабай, куну-туну менен биринен бири болуно албай эзилишип жаткандай болгон элес, коз алдына тартыла берип жатты. Ушундай ойду ойлоп, ушундай элестерди элестеткен сайын ичи оттой жанат. Зыйнат Толкунбек менен экинчи жолу бирге жашагыс болуп, биротоло кетип жатканда да мынчалык кара кийип, кан жутарын ойлобогон жаш журок, эми минтип жандуйносу жабыркап, коргон куну , сургон омуру бир тутам болуп, бардыгы конулсуз да, корксуз болдуда калды. -
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 27 Ноя 2015
Эми минтип зангыраган уч болмо тамда жалгыз калат деген айтканга оной болгону менен жашоого оор да, - деп ойлоп дымып олтурган аял, тынымдан кийин Зыйнатка минтти::
-Баары бир кеткени менен сени кыйбайт экен куйоон. Жакшы корот тура. Машинага олтуруп жатып каргылдана суйлоп, баласын таштап кетип жаткан энеден бетер "Кыргыз менен казака эле эмес, тогороктун торт бурчуна белгилуу болгон бир таланттуу кыргыз кызы аранарда жалгыз калып жатат. Бул тагдыр деген татаал нерсе тура, апа. "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, ошол кол тийбес алтындын башын аттап кетип баратам. "Зыйнатты силерге, силерди Кудайга тапшырдым" . "Каралашып, коз сала жургуло" -деди коз жашын кылгыртып, машинанын эшигин тарс жаап жоноп кетти куйоон.
Зыйнат коншусунун созун дем тартпай угуп олтуруп минтип ойлоду. "Канткен менен мени кыйган эмес экен. Бала деген балакет эрди-катындын данакери тура. Бир эле балам болгондо эмне. -Озогу орттоно ушкуруп алды. Ичтейин ачып Салия менен да ончулуктуу суйлошподу, соз жаныртып эч нерсе да сурабады. Тек гана мууну бошоп, озунон озу ыйлагысы келип, опкосу кооп, коншусунун чыгып кетишин каалап, кыртышы эч нерсе суйбой, озунчо жалгыз калууну каалап турду.
Зыйнаттын соз суйлобой, уйкусу келгенсип ургулоп олтурганын коруп, Салия ордунан турду.
-Мен кетейин. "Жол азабы, кор азабы" дегендей, булут минип, муз буркуп, асман менен аркырап "айрыпулан" минип учсан да, жол деген жол. Анын устуно "апараз" болгон турбайсынбы. Эмнеси болсо да Кудай сактаптыр. Жатып эс ал эми, эч нерсе ойлобо, чырагым. Анан кечки тамакты биздикинен ич....
Баякы "Россия" мейманканасында коргон тушунон кийин озун озу соротуп, озун озу алдап, Толкунбек жонундо ойлогон ою ордунан чыкпай калгандыктанбы, же болбосом жанга баткан дулой тынчтыктанбы, айтоор, уйкуга мас болуп турган Зыйнаттын башы жаздыка тийери менен бироо уйкусун урдап кеткенсип козу ачылды да кетти.
Комментарийлер
Topchubai
26 Июл 2015 - 15:44Topchubai
23 Июл 2015 - 18:47Topchubai
20 Июл 2015 - 14:39Nyrjamal.Teshebaeva
02 Июл 2015 - 13:56