ххх
"Конокко"
келаткан италиялыкты үй кызматчысы тосуп алды да, кожоюндун бөлмөсүн көрсөтүп койду. Өзү коштоп кирген жок. Эшиктер бүт ачык экен. Эч кандай кайтаруу да жок. Мындайды күткөн эмес. "Мыйзамдагы ууру" деп ашыкча көкөлөтүп жиберишкен го. Өзүм эки жигит менен деле келип кармап кетсем болмок окшойт деп да ойлоп койду. Конок үйгө кирери менен күтүүсүз окуя болуп кетти. Ушунча бат болгондуктан,
эмне болгонуна түшүнбөй да калды. Эки буту көктү карап абада калкылдап асылып калды. Буттарынан коштой тарткан тузак жип кантип тартып кеткенин да билбеди. Токойдогу айбанаттарга коюлуучу мындай тузак үй ичинде коюлат деп ким ойлойт дейсиң. Койнундагы пистолети жерге түшүп калды. Бир нече секундда эсине келип, али эч нерсени көрбөсө да орус тилинде "Конокторду дайыма ушинтип тососуңарбы?
Тамашаңарга ырахмат" деди. Кимдир бирөөнү көргөнгө аракеттенип.
Эч ким жооп берген жок. "Э-эй мен ушинтип тура беремби? Толик" деди. Эми караңгы бурчтан үн чыкты. Өзү көрүнгөн жок.
- Сайрай бер. Сен кимсиң? Менден эмне керек?
- Мен сени конокко чакырып келгем. Таанышайын дегем. Арам ой жок. Глушитель тагылган
пистолеттин "чып" деген үнү чыкты да сол кулагы "тыз" дей түштү. Колу менен сыйпаса кан жая бериптир.
- Э-эй сен эмне жиндисиңби?
- Бул калп сүйлөгөнүң үчүн эскертүү. Чындыкты гана сүйлө. Азыр калп айтсаң, бир жумурткаңдан айрыласың. Балким, экөөнөн тең. Кана менден эмне керек?
Бул жолу талиялыктын калжаңы токтоп калды. Шаабайы сууй түштү.
- Эмне үнүң чыкпай калды? Жумурткаларың кымбат болсо керек?
- Жумурткаларын окко тосуп жүргөндөрдү көрдүң беле? -Үнүн пасыраак чыгарды.
- Балким жерге түшүрөөрсүң?
Сүйлөшөлү. Дагы экинчи кулагынын учу "тыз" деп "чып" эткен пистолеттин үнү дагы чыкты.
- Э-эй сен эмне...
- Суроолорго жооп бер? Эми кароолдо жумурткаларың турат. Бир чети Толиктин мергендигине таң калды. Экинчиден, чындыкты айтпаса болбосун түшүндү.
- Биздин кожоюнга
эмнеңден жакпай
калганыңды билбейм. Менин милдетим сени тирүү
ээрчитип барыш гана. Башка
эч нерсе билбейм.
- Канчооңор келдиңер? Берки кичине ойлоно калды. Жолдогу машинаны айтсабы, айтпасабы?
- Бир машина менен
төртөөбүз.
- Калп. Бир жолу мүмкүндүк берейин. Кайра айт.
- Эки машина менен.
Сегизибиз. Бир машина жолдо күтүп турат. Мен сени конокко чакырып
чыкмакмын.
- Мына мунуң туура. Далайды көргөн "Рыжый"
тигинин ойлоно калганынан улам калп айтканын билген.
- Ошентип, эч нерсе
билбейм де. Демек, сенин керегиң деле жок экен да.
- Э-эй кандайча?
- Бул жашоого дегеним да...
- Ж-о-о жок. Анча-мынча билем. Сен "Азият"
деген биздин кожоюндун жакын досун өлтүргөн экенсиң.
Азият... Азият... - ыкшып жөтөлүмүш болуп калды.
- Балким, жерге түшүрөөрсүң,
сүйлөөгө мүмкүн болбой жатат, - деди
кышылдай. Бул эптеп убакытты чойгону болчу. Эгер кечиксе машинадагылар экинчи машинаны көмөкк чакырып, үйгө чабуул коюшмак. Балким, алар эмгиче чабуулга киргендир. Анткени, бел курундагы "пейджер"
түт-түт деп басылды. Эгер баары жайында болсо бул "сотка"
менен чалып коймок. Үн деген жок. Демек, тигилер түшүндү.
"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыке уулу
#62 25 Март 2013 - 11:33
ххх
"Конокко" келаткан италиялыкты үй кызматчысы тосуп алды да, кожоюндун бөлмөсүн көрсөтүп койду. Өзү коштоп кирген жок. Эшиктер бүт ачык экен. Эч кандай кайтаруу да жок. Мындайды күткөн эмес. "Мыйзамдагы ууру" деп ашыкча көкөлөтүп жиберишкен го. Өзүм эки жигит менен деле келип кармап кетсем болмок окшойт деп да ойлоп койду. Конок үйгө кирери менен күтүүсүз окуя болуп кетти. Ушунча бат болгондуктан, эмне болгонуна түшүнбөй да калды. Эки буту көктү карап абада калкылдап асылып калды. Буттарынан коштой тарткан тузак жип кантип тартып кеткенин да билбеди. Токойдогу айбанаттарга коюлуучу мындай тузак үй ичинде коюлат деп ким ойлойт дейсиң. Койнундагы пистолети жерге түшүп калды. Бир нече секундда эсине келип, али эч нерсени көрбөсө да орус тилинде "Конокторду дайыма ушинтип тососуңарбы? Тамашаңарга ырахмат" деди. Кимдир бирөөнү көргөнгө аракеттенип. Эч ким жооп берген жок. "Э-эй мен ушинтип тура беремби? Толик" деди. Эми караңгы бурчтан үн чыкты. Өзү көрүнгөн жок.
- Сайрай бер. Сен кимсиң? Менден эмне керек?
- Мен сени конокко чакырып келгем. Таанышайын дегем. Арам ой жок. Глушитель тагылган
пистолеттин "чып" деген үнү чыкты да сол кулагы "тыз" дей түштү. Колу менен сыйпаса кан жая бериптир.
- Э-эй сен эмне жиндисиңби?
- Бул калп сүйлөгөнүң үчүн эскертүү. Чындыкты гана сүйлө. Азыр калп айтсаң, бир жумурткаңдан айрыласың. Балким, экөөнөн тең. Кана менден эмне керек?
Бул жолу талиялыктын калжаңы токтоп калды. Шаабайы сууй түштү.
- Эмне үнүң чыкпай калды? Жумурткаларың кымбат болсо керек?
- Жумурткаларын окко тосуп жүргөндөрдү көрдүң беле? -Үнүн пасыраак чыгарды.
- Балким жерге түшүрөөрсүң? Сүйлөшөлү. Дагы экинчи кулагынын учу "тыз" деп "чып" эткен пистолеттин үнү дагы чыкты.
- Э-эй сен эмне...
- Суроолорго жооп бер? Эми кароолдо жумурткаларың турат. Бир чети Толиктин мергендигине таң калды. Экинчиден, чындыкты айтпаса болбосун түшүндү.
- Биздин кожоюнга
эмнеңден жакпай
калганыңды билбейм. Менин милдетим сени тирүү
ээрчитип барыш гана. Башка
эч нерсе билбейм.
- Канчооңор келдиңер? Берки кичине ойлоно калды. Жолдогу машинаны айтсабы, айтпасабы?
- Бир машина менен
төртөөбүз.
- Калп. Бир жолу мүмкүндүк берейин. Кайра айт.
- Эки машина менен.
Сегизибиз. Бир машина жолдо күтүп турат. Мен сени конокко чакырып
чыкмакмын.
- Мына мунуң туура. Далайды көргөн "Рыжый" тигинин ойлоно калганынан улам калп айтканын билген.
- Ошентип, эч нерсе
билбейм де. Демек, сенин керегиң деле жок экен да.
- Э-эй кандайча?
- Бул жашоого дегеним да...
- Ж-о-о жок. Анча-мынча билем. Сен "Азият" деген биздин кожоюндун жакын досун өлтүргөн экенсиң.
Азият... Азият... - ыкшып жөтөлүмүш болуп калды.
- Балким, жерге түшүрөөрсүң, сүйлөөгө мүмкүн болбой жатат, - деди
кышылдай. Бул эптеп убакытты чойгону болчу. Эгер кечиксе машинадагылар экинчи машинаны көмөкк чакырып, үйгө чабуул коюшмак. Балким, алар эмгиче чабуулга киргендир. Анткени, бел курундагы "пейджер" түт-түт деп басылды. Эгер баары жайында болсо бул "сотка" менен чалып коймок. Үн деген жок. Демек, тигилер түшүндү.

#63 25 Март 2013 - 11:45
- Сайрай бер. Жан керек десең жакшылап сайра. Балким, жагып калсаң тирүү каласың. Берки кара күчкө дагы ыкшый жөтөлдү.
- Болуптур, сүйлөгүң келбесе кош бол.
- Э-эй токто... токто... мени өлтүргөндө табар пайдаң эмне? Мен бир байкушмун. Бала-бакырам бар. Эптеп күн көрүп жүрөм. Ыйламсырап
жиберди. - Мен өлсөм балдарымды ким багат?
- Дөөрүбөй акылыңа келчи. Бул жерге "кайрымдуулук фондусуна" келген жоксуң да. Ишке өт.
- Ишке... ишке... а-а... - такыр акылынан айнып, коркконунан эмне жөнүндө сөз болуп жатканын унутуп калгандай түр көрсөттү.
- Азият... Азият жөнүндө.
- Ооба Азият. Ошол Азият биздин кожоюндун кенчин кайсыл бир тоолуу өлкөнүн тоолоруна каткан экен. Аны Азият эле билчү экен. Эми сен билесиң. Балким, кожоюнга чыныңды айтып, кенчти көрсөтүп берсең, сени сыйлашы да мүмкүн.
- Сыйлашы да мүмкүн де...
- Сыйлайт. Кожоюн кең пейил. Колу ачык адам. Сараңдардан эмес.
- Досун өлтүргөндү кайра сыйлайт де.
- Сыйлайт. Кенчти таап берсең, сыйлайт. Өлгөн дос кайра табылмак беле. Кенч табылса болду да.
- Мунуң да туура. Кенч табылса болду да. Эгер табылбай калсачы?
- Табылаар. Кенч кайсыл жерде жатса, ошол жердедир. Кайда кетмек.
- Балким, мен кенч жөнүндө эч нерсе билбесемчи? Италиялык үнсүз ойлонуп калды.
- Билбесең, билбейм дейсиң да. Чын эле билбесең күнөөлүү белең. Сөзсүз билүүгө милдеттүү эмессиң да.
- Кожоюнуң ошого
ишенеби? "Рыжый" тигинин сөздү көбөйтүп атайы убакытты созуп атканын билип турду. Ошондо да ой -тоону сүйлөшө берди. Так ушул маалда сырткы эки терезенин түбүнө койгон миналар жарылып кишилердин кыйкырган, онтогон үндөрү чыкты. Терезелер сынып күбүлүп түшү. Үй титиреп кетти. "Рыжый" убакытты текке өткөрбөй, терезелердин түбүнө мина коюп далай трюктарды жасап
даярданган. Жарылууну экөө тең угушту.
- Ого, сенин желдеттериң чабуулга өттү го дейм?
- Ооба. Ошондой. Мындай, сөзгө келбейлиби. Сен мени бошот. Экөөбүз ачык сүйлөшөлү. Болгон чындыкты айт. Мен кожоюнга айтып барайын. Балким, бир келишимге келербиз. Аңгыча сынган Tерезелерден да эшиктен да шарак-шурак секирип үчөө кирип келишти. "Рыжый" бир жолу ок чыгарганга араң үлгүрдү. Терезеден түшкөндөрдүн бири чимирилип келип
колундагы пистолетти ыргыта тепти. Экинчиси өзөртө урду. Көз ирмемде колдору артына кайрылып, кишен салынып калды. Салпактап илинген италиялыкты жерге түшүрүп бошотору менен жүгүрүп келип Рыжыйды ичке тээп-тээп алды да, али да сызылып кан чыккан кулактарын аяр кармап эми гана ооруганын билгенсип, сыздап алды.
- Даана карышкыр экен. Мен муну бүжүрөгөн чал экен деп ойлоптурмун -деп сөгүнүп-сөгүнүп алды да. -Алып жөнөгүлө. Тез кетпесек полиция келип калышы мүмкүн - деди шашыла. "Рыжый" жигиттеринин төртөөнү жайлаптыр. Үчөө минага жарылып өлүптүр. Бирине аткан огу туура чекесине тийген экен. Баарын машиналарга салышты да зуу коюшту. Катуу тепкиден эси оогон "Рыжый" эсине кожоюндун астына барганда, спирт жыттатканда келди.
Бет маңдайында көздөрүн жүлжүйтө тиктеп сакалчан бирөө туруптур. Жанында кулактарынын учтарына лейкопластырь
жабыштырган италиялык. Тигил башка тилде бир нерсе деди. "Рыжый" эч нерсе түшүнгөн жок. Жанындагысы которуп берди.
- Сенден бир гана нерсени сурап жатат. Азият билген кенчти билесиңби? - дейт.
- Жок. Билбейм. Азияттын каткан кенчи бар экенин да билчү эмесмин. Тигил экөө өз ара көпкө сүйлөшүштү. Кайра суроо узатты.
- Азиятты эмнеге өлтүрдүң?
- Ал менин жолумдан өттү. Бир топ жигиттеримди жайлады. Колунда "Бриллиант жылан" бар экен, ошону мага бербеди. Көрсө, шуркуя жаш катыны ойношу менен качканда, бүт кымбат мүлктөрүн алып кетиптир. "Бриллиант жыланды" да алып кеткен экен. Силерди "Бриллиант
жылан" Kызыктырса мени эмес, Азиятыңардын ошол шуркуясын издегиле. Мен эч нерсе билбейм. Тигил экөө дагы көпкө сүйлөшүштү. Анан кайра кайрылды.
- Бизди кызыктырганы катындардын бриллианты эмес. Азият силердин тоолорго каткан ири
көлөмдөгү наркотовар. Анткорлонбой чындыкты айт. Баары бир жашыра албайсың. Айттырып алабыз. Бул жолу үнүн сүрдүү чыгарды.
- А-а силердин жаныңарды койбогон башка иш экенин билгем. Туура, катын уурдай
качкан бриллиантка
кызыксаңар мени
куугунтуктабайт элеңер. Бирок, чынында эле наркотоварыңар жөнүндө эч нерсе билбейм. Билсем, жашырбай айтмакмын.
- Балким, бирөөгө дүңүнөн соодалап жибергендирсиң?
- Кудай акы эч нерсе
билбейм. Экөө дагы көпкө сүйлөшүштү.
- Балким мээңди тазаласак эсиңе бир нерселер түшпөсүн.
Эшик ачылып эки жигит, бир аял кирип келди да, буйрук күтүп туруп калышты. Жигиттердин бири менен тиктеше түшкөн "Рыжый" ичинен "тобоо, бул
өзүбүздүн казак же кыргыз го" деп ойлоду. Нечен оозун таптап сүйлөйүн деп
баратып, өзүн кармады. Боюна карап жана чимирилип келип колундагы пистолетин ыргыта тээп, өзүн өзөртө урган ушул жигит экенин билди. Бул Мырза эле.
- Буга баягы уколдон салыш керек - деди италиялык аялга кайрылып. Аял кайра чыгып кетти.

#64 25 Март 2013 - 12:33
"Кыйноо башталды"
деп ойлоду Рыжый. Колдору бош болчу. Жан чөнтөгүн сыйпалап жүз аарчысын алып чыкты да, кан болгон оозунун тегерегин, тер сызылган моюнун, чекесин аарчыды. Дарысы ордунда экенин билди. Италиялык кайра:
- Кыйналбай эле билгениңди айтсаңчы - деди. Рыжый анын сөзүнө көңүл бөлбөдү. Астынан жер көчүп, көзүнөн жаш сызылды.
- Боорум, сен кыргыз же казаксың го дейм - деди таза кыргыз тилинде Мырзага кайрылып. Мырзанын көздөрү бакырая түштү. Бирок, үн чыгарган жок. Тикчийе тиктеген Рыжый тигинин түшүнгөнүн
билди. Эми тескери карап, өзүнчө сүйлөнгөн адамча дагы кыргызчалап
- Сенден суранаарым, Сарыгул Бекберди уулу деп куран түшүрүп койчу -деди. Италиялык да, кожоюн да "Рыжый" кайсыл тилде, жигиттердин кимисине карап сүйлөп жатат, түшүнүшпөдү. Кожоюн тигилерге карап, англисче:
- Бул эмне деп жатат? - деди. Мырза өңүндө эч өзгөрүү жок. Рыжыйдын сүйлөгөндөрүн которуп берди.
- Сен казаксыңбы? - деди кожоюн.
- Жок. Кыргызмын. Кожоюн үнсүз ойлонуп калды. Аял колуна шприц кармап кайра кирди.
"Рыжый" дагы өзүнчө:
- Тагдыр мага өз жеримде өлүүнү буюрбаптыр. Ошондо да акыркы минутада, жанымда
тилимди түшүнөр кандашым болуп, өз эне тилимде сүйлөп өлгөнүмө тобоо дейин. Мендей жексурду тосуп ал тозок! деди да жүз аарчысынын учун тиштеди. Тиштери менен башы бир жагына "шылк" дей түштү. Беркилер эмне болуп кеткенине түшүнбөдү. Ушинтип буюккан жашоодо буюгуп жүрүп жылт эткен жылуу күнүнөн ызгаардуу суугу көп болгон бир селсаяк тирүүчүлүк менен кош айтышты. Көзүнө жаш албаса да, маркумдун акыркы суроосу катары ага атап куран түшүргөн бир гана адам болду.

#65 25 Март 2013 - 12:36
ххх
Фаризат уйкудан ойгонгондо Гонконгдо эмес Москванын мейманканасында жатканын эстеп сүйүнүп кетти. Чалкасынан түшө кандай иштерди жасашы керектигин талдап ойлоно баштады. Биринчи эсине Шаа түштү. Ойлогон оюн сүйлөй
элегинде билип койгон таң калычтуу таланты бар жигитке ишенсе болот беле же качып кетип туура кылдыбы? Эң коркунучтуусу Шаанын жанында туруп ойлонууга мүмкүн эместиги. Бүт ойлогонуңду, сүйлөбөсөң да тигил билип турса. Демек, Шааны жасалма сөз менен алдоо мүмкүн эмес. Деги эле анын жанында жүрүү коркунучтуу. Өткөн-кеткенди ойлосоң тигил бүт билип турса. Болбойт. Фаризат өзү үчүн Шаа өтө коркунучтуу деп чечим чыгарды да, андан кутулуп туура кылдым деген ойго токтоду. Дос кызына болсо сыртынан акмалап көчөдөн же дагы бир оңтойлуу жерден жолугушпаса телефонду угуп жатышканы белгилүү болду. Туруп жуунуп 4айынгандан кийин мейманкананын ашканасынан шашпай тамактанды. Андан соң чачтарачка кирип чачын жасалгалатты. Шаша турган иш да жок эле.

#66 25 Март 2013 - 12:38
Астыда дос кызынын артынан узакка аңдууга алуу турган. Түштөн кийин гана көзгө анча илинбегидей жөнөкөй кийинип алып көчөгө чыкты. Аз жылда көптөгөн
өзгөрүүлөргө жетишкен Москвага суктана Арбатты бир топко кыдырды. Түш оой дос кызынын дүкөнүнө барды. Ичине кирбеди, сыртынан караса досу байкеси экөө иштеп жатышкан экен. Бет
маңдайындагы кафеге кирип терезе тушуна отуруп, шашпай тамак ичкен кишиче байкоого ала баштады. Жарым саат өтпөй эле арыта пиво ичкен кишилерче отурган экөөнө көзү түштү. Жарым саатта бир кружка пивону эки эличе да ичишпеди. Бет маңдайдагы дүкөндөн көздөрүн алышпайт. Демек, дүкөн кайтарууда.
Астыртан көз жүгүртүп, Шаа көрүнөбү десе байкалбады. Отурган аңдуучулардын эч кимиси Фаризатка көңүл бөлгөн жок. Демек, булар анчалык деле чыгаан тыңчылардан эмес. Болбосо, Фаризаттын сүрөтү
колдорунда бар болуш керек. Фаризат дүкөндүн жанынан витринадагы рекламаны окумуш болуп ичин карап өткөндө эле таанып коюшса болмок.

#67 25 Март 2013 - 12:41
Бир жерде көбүрөөк отурса тигилер байкап калышы мүмкүн деп алысыраактан улам орун которуп акмалаганга өттү. Эки күн өткөндө Фаризат дос кызынын ар бир баскан изи эсепте экенине так көзү жетти. Тыңчылар ал түгүл үйүнө чейин узатып барып, таң аткыча көзөмөлгө алышаарына өзү күбө болду. Демек, бул аңдуучулардын кызыкканы Фаризат. Бир нерсеге башы катып турду. Азият өлгөндөн кийин мунун кимге кереги бар? Балким, Азияттан уурдай качкан дүйнө үчүн куугунтуктап жүрүшкөндүр?
Кайдан? Балким "Бриллиант жыланды" издегендерби?
Жок. Жылан жөнүндө Фаризаттын билишинче жан киши билчү эмес.
Мынчалык катуу куугунтукка алгандарды кызыктырган чоң иш бар экенин Фаризат түшүнүп турду. Азият менен жашап жүргөн жылдарын электен өткөзүп, эстөөгө аракеттенди. Кайсыл бир жылдары вертолет менен учуп, тажик менен кыргыздардын чегиндеги тоолорго барышкан. Төрт килейген жигит көп ящиктеги оор жүктөрдү кайдадыр аска арасына түнү менен ташып катышкан болчу. Фаризат эмне болгон ящиктер, кайда катып жатышат, кызыккан да эмес. Атайын Фаризатка деп тигилген чакан
чатырында кийме жылуу төшөктө бейкапар уктап чыккан. Тигилер Азият өзү баш болуп түнү менен уктабай иштешиптир. Эртеси Азият "сен бул жерди көргөн жоксуң. Эмне иш болгонун билбейсиң" , - деген үнүн каардуу чыгарып. Олуттуу иш болгондо дайым
ошентчү. "Ансыз да биз кайда жүрөбүз билбейм" деген Фаризат күлүп, эркелей "Мага сенин
жаныңда жүрсөм болду.

#68 25 Март 2013 - 21:09
Башка эч нерсе
кызыктырбайт" деп койгон. Азыр эмнегедир ошол "сырдуу ящиктер" эсине түштү. Анда-санда эстеп калар эле, "эмне болгон дүнүйөнү тоого катышты экен?" деп. Кийин баягы төрт жигиттин үчөө дайынсыз жоголуп, "Молдо" деген бирөө Ооганстанга
качып кеткенин уккан. Ошентип ал сырды Азият өзү гана билчү. Эң жаманы азыр Фаризат ал тоолордун кайда экендигин билбегендиги. Учкучтар менен Азият сүйлөшүп жатканда гана "Азыр биз Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы болгон тоо кыркаларына келдик" деп кандайдыр бир жердин атын атаганын угуп калган жайы бар. Азыр канчалык мээсин кычытса да
ал жердин атын эстей алмак эмес. Балким, ошондогу бийик аскалуу кууш
капчыгайга кимдир
бирөөлөр алпарса,
болжолдоп таанышы мүмкүн. Бирок, ага да толук
ишене бербейт. Болгону бир көргөнүн оңой менен унутпаган, эгер канча жылдан кийин болсо да көрсө кайра эстеген, көрүү эс тутуму жакшы. Ошондуктан гана "так ошол капчыгайга барсам тааныйт белем" деп ойлоп коөт. Капчыгайды тааныган менен ящиктер кайда катылганын билбейт. Көргөн эмес. Кечке жуук барып конушканда
жаратылыштын сулуулугуна суктанып гүл терип, карагай аралап жүрүп чарчап келип
тамактанган соң Азият "жатып эс ал" деп көрсөткөн чатырда уктап калган. Билгени ушул гана. Ошол тоо арасына катылган
кенчти издөөчүлөр гана Фаризаттын сары изине чөп салуулары мүмкүн. Себеби, Азият Фаризатты бир карыш жанынан чыгарбай, дайым кайда болсо бирге алып жүргөнүн дээрлик бардыгы
билишчү. Андай сырды бир билсе Фаризат гана билет
деп ойлоолору мыйзам ченемдүүлүк. "Демек, от менен ойногуча кайра бул
жерден алысыраак бир жакка жылт койсомбу?" деп да ойлоду. Маселен,
Алматыга барып телефон менен сүйлөшсө деле болот да.

#69 25 Март 2013 - 21:17
ххх
Шаанын түшүнө атасы кытай чал кирип: "Уулум, жанагы сулуу келинди бекер коө бердиң. Аны бек кармаш керек эле" деп нааразы болуп жатыптыр. "Ата аны
кайра табам" деп убада берип жатып ойгонуп кетти. Күн жаңы гана уясынан
көтөрүлө баштаган маал экен. Ордунан туруп, жуунуп келди да, малдаштокуна
отуруп бир саат медитация жасады.
Анан тамактанууга чыкты. Бул күндү өзүн Кытайга жолдомо менен жөнөткөн окуу жайдын kафедрасына отчөт тапшырууга жоготту. Кагаз иштери эки күндүк убактысын алды. Жетекчисинен жалдырап атып бир айга отпускага суранды. Калган илимий иштерин келип улантмакчы. Шаа Фаризатты көчөдөн кармап эч кандай талап койбой, коркутпай жай сүйлөшүүнү, эгер дагы качса же сүйлөшүүнү каалабаса "Өз эркиң, чоң кыз" деп жайына тынч коюуну чечти. Ошондуктан эртеси күнү Фаризатты байкаары менен артынан акмалай жолуга турган ылайыктуу учурду издей баштады. Фаризаттын сыртынан акмалап жүрүп мунун соо кыздардан эмес экенине көзү жетти. Фаризат дос кызына оңтойлуу жолугушуу издеп атканын, дос кызын аңдууга алгандар бар экенин билгенинен бери түшүндү.

#70 25 Март 2013 - 21:21
Түш жарымча ээрчип жүрүп тажап кетип, Фаризат трамвайга түшөрү менен артынан кошо кирип, элди аралай акырын келип жанаша турду да, жаңы эле оозун камдап "Чоң кыз, өткөндө эмнеге мени күтпөй кетип калдыңыз? Сиз жөнүндө жаман оюм жок болчу. Болгону чын дилден жардам бергим келген" деп так кулагына шыбырайын деп эңкейгенде,
Фаризат ойлоп бараткан ойго
күтүүсүз байланышка чыгып калды. "Кайдан да кара көзүм кашайганда "Бриллиант жыланды" көрө калдым эле. Оңбогон жексур жылан, сенин кесепетиңден көрбөгөн азаптарды көрдүм го. Тентибеген жерлерге тентидим го. Сага жетермин. Ар бир ташыңды быркыратып жанчып сууга агызбасам элеби" деп өзүнчө кыжырлана ойлонуп баратыптыр. Ушул байланышты алары менен Шаанын башынан чагылган жарк деп ток ургандай чагылуу болду да, кулагы чуулдап туна түштү.
Сендиректей түшүп
жанында шыкалып туруп келаткандарга сүйөнө трамвайдын сүйөнгүчүн кармай калды. Эгер жалгыз турса жыгылып кетмек беле, ким билсин. Канчага эси ооп турду билген жок. Эсине келгенде Фаризат эчак жок болуптур. Кейпи, түшүп кетсе керек. Өзүн шалдырап алсыз сезип калган экен. Тезирээк мейманканага жетүүгө шашылды.

#71 25 Март 2013 - 21:25
Жолду карата улам ойлойт. Эмне деген "кабар"
алдым. Чын эле мен издеген "Бриллиант жылан" ушул кыздабы? Кадыр атам ошон үчүн "кызды бекер колдон чыгардың"
деп капа болгонбу? - деп. Бөлмөсүнө кирээри менен даярданып, транска отурду. Белине кытай энеси берген бел боону ороп туруп артына эки кылычты тең асынып, мойнуна медальонун салынды. Чөгөлөй отуруп, көздөрүн жуумп күбүрөнө Кадыр атасы менен кытай энесин чакыра баштады. Алгач Кадыр атасы келди. Бирок, үнсүз, сүйлөбөй арыраак отуруп алды. Көптө барып кытай энеси келди. Адатынча оозуна тамеки чеккен мүштөгүн тиштеп алган экен. Кичинеге үнсүз турду да "Уулум, уккан "кабарың"
кашкайган чындык. Андан шекшинбей эле кой. Бирок, жеткен экенмин дебе. Али алдыдаг жол алыс. Ачакей жерлери да көп. Каягына түшөсүң биринчиден Теңирден, экинчиден, өзүңдөн болор" -деди да жок болуп кетти. Кадыр атасынын кабагы салыңкы, кичинеге үнсүз отурду да ал да жок болду. Бир жолун айтар бекен деп күтүп чыйпылдаган эле. Андай болбоду.
#72 25 Март 2013 - 21:51

#73 25 Март 2013 - 21:54
Транстан чыккандан кийин
жанагыдан да алсырап
калыптыр. Жаткан жерине
араң жөрмөлөп жетти.
Башы айланып, жүрөгү
кысылып чыкты. Мындай
абалга мурда түшүп көргөн
эмес. Кичине жатып
чыдабай, темтеңдеп ваннага
жетти да көпкө кусуп араң
эс алгансыды.
Эртең менен ойгонсо эч
нерсе билбей тырп этпей
уктаган экен. Күн эчак
көтөрүлүп калыптыр.
Мынчалык көпкө уктачу эмес
эле. Кечээки күндү эстеди.
Өзүнө өзү ишене албай
турду. Чын эле ушундай окуя
болдубу же түш көрдүмбү?
Башы кеңгиреп бир чети
баарын түшүндө көргөнсүйт.
Кандай да болбосун кайра
Фаризатты табышы керек.
Оюна жанагы Фаризатты
аңдуучулар да "Бриллиант
жыланды" издегендер болсо
керек деген ой кылт дей
түштү. Кеңги башым муну
эмне түшүнбөдүм. Балким,
эмгиче Фаризатты кармап
кетишкендир.
жанагыдан да алсырап
калыптыр. Жаткан жерине
араң жөрмөлөп жетти.
Башы айланып, жүрөгү
кысылып чыкты. Мындай
абалга мурда түшүп көргөн
эмес. Кичине жатып
чыдабай, темтеңдеп ваннага
жетти да көпкө кусуп араң
эс алгансыды.
Эртең менен ойгонсо эч
нерсе билбей тырп этпей
уктаган экен. Күн эчак
көтөрүлүп калыптыр.
Мынчалык көпкө уктачу эмес
эле. Кечээки күндү эстеди.
Өзүнө өзү ишене албай
турду. Чын эле ушундай окуя
болдубу же түш көрдүмбү?
Башы кеңгиреп бир чети
баарын түшүндө көргөнсүйт.
Кандай да болбосун кайра
Фаризатты табышы керек.
Оюна жанагы Фаризатты
аңдуучулар да "Бриллиант
жыланды" издегендер болсо
керек деген ой кылт дей
түштү. Кеңги башым муну
эмне түшүнбөдүм. Балким,
эмгиче Фаризатты кармап
кетишкендир.
#74 25 Март 2013 - 21:59
Муну эстегенде эшикке
октой атып чыкты. Кантип
кийингенин да билген жок.
Чала-була жуунумуш болуп
койду. Биринчи эле
жолуккан так#### отуруп,
Фаризаттын дос кызынын
дүкөнүнө учуп-күйүп
жөнөдү.
октой атып чыкты. Кантип
кийингенин да билген жок.
Чала-була жуунумуш болуп
койду. Биринчи эле
жолуккан так#### отуруп,
Фаризаттын дос кызынын
дүкөнүнө учуп-күйүп
жөнөдү.
#75 25 Март 2013 - 22:01
ххх
Фаризатты да, берки байкоочуларды да бат эле таап алды. Ушул күнү Фаризаттын дос кызы базарга чыкты. Жемиш саткан катарларды аралап баратканда, артынан Фаризат жакындай баштады. Ал түгүл бир жерден топурап түртүшкөн
кезекте экөө сүйлөшкөндөй да болду. Анан Фаризат өзүнчө бөлүнүп жөн салды базар аралаган адамдарча кыдырып, базардан чыга бергенде кайдан жайдан төрт килейген жигит пайда боло калды да, Фаризатты тегеректей калышып, бир паста машинага отургузушуп жөнөп кетишти. Тигил машина жакындаганда эле
ишти түшүнгөн Шаа такси кармоого шашылган.
- Тетигил машинанын артынан калба. Өтө жакын да барба. Биздин аңдыганыбызды, артында куугун барын билбеши керек, - деди таксистке. Ал суроолуу тиктеп койду эле:
- Акысын оюңдагыдай, ашыгы менен төлөйм, - деди
да 50 долларды таштап койду.
- Эгер иш көбөйсө, дагы болот, - деди ишенимдүү.

#76 25 Март 2013 - 22:19
ххх
Фаризат дос кызы базарга чыкканда кубанып кеткен. Эми эбин таап сүйлөшөм деп ойлой артынан жөнөдү. Канчалык куу болгону менен тигил аңдуучулар дос кызынын кол сумкасына микрофон орнотуп койгонун ойлогон жок. Эл көп, кезекке туруп түртүшкөн жерге келгенде шыбырай:
- Башыңды эч жакка бурбай, астыңды карап тура бер. Сени аңдып жүрүшөт. Мен Фаризатмын, - деди. Дос кызы деле оңой куу эмес болчу. Эч жакты карабай астын гана тиктеген
калыбында:
- Фаризат деги амансыңбы? Өгүнү аэропорттон ырас качып кеттиң. Болбосо, аңдыгандар бар экен. "Мени сенин таанышың жеткирди" ,- деди.
Убакыт тар болчу. Фаризат "негизги ишти сүйлөшүп кете берейин", - деп шашты.
- Азиятты кимдер, эмнеге өлтүргөнүн уккан жоксуңбу?
- Жок. Аны биз кайдан укмак элек.
- Болуптур. Сен алысыраак бир таанышыңды тап. Өзүң ал үйгө бара элегиңде мага телефонун бер. Телефон номерди дүкөнүңдүн жанындагы телефон
автоматтан бир жакка чалымыш болуп жашыл карандаш менен жазып кой. Жакшысы өзүң эмес, байкең барып жазсын. Билгизбей жазсын. Анан мен ошол жерден номерди алам да, эртеси, туура саат 12.00дө болжошкон жерге чалам, - деди шаша.

#77 25 Март 2013 - 22:32
Анан кезектен чыгып, өзүнчө бөлүнүп басып кетти. Аңдыгандар анын үнүн бүт угуп, акмалап калганын шекшиген да жок. Төрт жигит тегеректей калып, дары жыттатып уктата салып, машинага салып жөнөгөндө каршылык кылууга да үлгүрбөдү. Фаризатты уурдагандар шаар сыртына курулган дачаларды аралай келип бир чоң үйдүн короосуна кирип кетишти. Кейпи тигилердин келатканын үйдөгүлөр күтүп турушса керек, машина жакындаганда эле дарбаза ачылды. Шаа таксини коe берип жиберип жөө акмалаганга өттү. Фаризат чукул арада бул үйдөн чыга койбосун билди.Үй сыртынан үч метрден да бийик дубал менен айланта курчалыптыр.
Кейпи, подвалын кошпогондо эки кабат болсо керек.Жетиштүү адамдын турагы экени салыныш архитектурасынан эле көрүнүп турат
#78 25 Март 2013 - 22:35
Үйдүн чатырчасы кызыл черепица менен жабылып, чатырчанын астынан балкон чыгарылыптыр.
Шаа өзүн байкатпаш үчүн алыстан акмалады.Күндүзү үйгө жолоого мүмкүн эмес. Аргасыз кечти күтүүгө туура келет. Арадан жарым саат өтпөй үйгө дагы бир "Жип" анан "Мерседес"
келип короосуна кирип кетишти.Бул жерде бир чоң иш бар деп ойлоп койду, Шаа. Кичинеден кийин үйдүн чатырчасындагы балкондон бери сакчы коюлганын көргөндө чын эле иштин тамаша эмес экенине ишенди. Кайдагы бир кылмышкерлерге өзүн аралаштырбай кете берсемби? - деп нечен ойлонсо да Фаризаттагы "Бриллиант жыландын"
кабары аргасыз бул кызды куткарып, сырдын чын-төгүнүн билүүгө тартып турду. Дайыма ички туюму менен да эсептешип жүрүп көнгөндүктөн бул жолу да үйдүн ичине ушул түнү "баш багып" көрүүнү туура тапты.
#79 25 Март 2013 - 22:37
ххх
Мырза адаттагыдай эле түштөн кийинки убактысын өткөрүш үчүн машыгуучу залга баратса, астынан чогуу машыгып жүргөн жигиттердин бирөө жолугуп калды да:
-Мырза, менин сага кеңешим, бүгүн бул залга кирбей эле кой,- деди. Мырза түшүнгөн жок.
- Эмнеге? Иштебей
калыптырбы? деди.
- Жок бүгүн залда
"Жырткыч" атка конгон шефтин жигити эки өнөгү менен машыгып жатышат. Алар кезектеги тапшырмадан жаңы эле кайтып келишти. Эми алар кайра кеткиче залга
жолобой эле кой.
- Эмнеге?
-"Жырткыч" өзү жигиттери менен машыгып жатканда
башкалардын залда
болушун каалабайт.
Байкабай бирөө жарым кирсе сабап, кубалап чыгат. Каршылашам дегендер болсо мертинтип да коет.
Кожоюн болсо "Жырткычка" эч нерсе дебейт. Эгер тынч жашагың келсе залга барбай
эле кой.

#80 25 Март 2013 - 22:39
Мырза ойлонуп
калды.Кантсе экен. Ансыз да акыркы күндөрдө жумуш жок, эригип жүргөн.
Телевизор көргүсү келбейт. Газета окубайт. Киши өлтүрүү жана согуш
ыкмаларынан бөлөк
китептерди да окуй
албайт.Бир мыкты билгени жана тажабай жасай берээри күнүгө он сааттан кем эмес машыгуу. Бир жумадан бери бийиктиктен жерге секирип түшүүгө машыгып жаткан. Азыр он метр бийиктиктен жерге түшкөндө алгач бутунун учтары менен түшүп, анан согончогун жерге тийгизип, денесин солкулдатып пружинача кармоо менен ашыкча дабыш да чыгарбай, өзүнө да күч келтирбей эки секундага жетпей басып кетүүгө үйрөнүп жүргөн. "Мейли, бүгүн барбай эле коөюнчу" деди да, кайра өз бөлмөсүнө кетти. Китепканада кечке ар нерселерди барактап отурду. Кечке өзүн коeрго жер таппады. Эмнеге спорт залга барган жокмун, балким "Жырткыч" деле анчалык ачуулуу эместир. Ашыкча апыртып жатышкандыр. Согушчандардын, жалданма башкесерлердин,
телохранителдердин
арасында мындай
апыртуулар көп эле болот эмеспи, - деп ойлой, эртең эмнеси болсо да бир башбагып көрүүнү чечти. Эртеси спортзалга кирсе үч
эркек машыкпай эле бурчта карта ойноп, тамеки чегип, ичип отурушуптур. Мырза
үнсүз чечинип, өз ишине киришти. Аңгыча бурчта отургандардын бири: