окулистке бар
Көз оорулары
#61 21 Июнь 2014 - 19:33
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#62 21 Июнь 2014 - 20:50
Коз сага керек го, срогун соссуз турдо караш керек эле да!!!Анан эми окулисттин айтканын жакшылап тушунуп туруп аткар! Очкини да туура эмес тандасан керек да...Каяктасын деги,кандай докторго кайрылдын эле?Кесибин жакшы билбейт окшойт срогу откон дары берсе...Жаздырып алып озун эле сатып албайт белен?!Эч нерсе кылбай отура берсен коздон айрыласын да...Кыпкызыл демделген чайдын чамасын (бир аз муздатып туруп) бинтке(же марлиге) ороп,ооруган коздун устуно коюп жат.Бир аз болсо да жардам берет,анан комп.,тел.коп карасан козго зыян экенин эске алып кой!
#63 21 Июнь 2014 - 21:30
Коз эн назик жер дары эмес дарыгерге кайрылыныз.
Эмнеге врачка корунбой досторго ишендиниз досторунуз ол десе олосузбу не.Менимче сиз чыгашадан качып эл айткан дарыларды койгонсуз башында докторго корунуш керек эле АЗЫРДА КЕЧ ЭМЕС!!!
#64 21 Июнь 2014 - 21:33
Лично мен көзгө эч нерсе тамызбайм!
Корком. Көзүмдү сүйөм да тим эле.
Анын срогу өтүп кеткенин билип туруп тамызган мыкаачы экенсиз ээ. Өзүңүздүн көзүңүз го акыры. Кайдыгер болбой көрүнүңүз Алмаз (фамилиясы ким эле?) дегенге.

Билдирүүнү түзөткөн: Bellary_Ever_Swan: 21 Июнь 2014 - 21:34
Алыста…
#65 21 Июнь 2014 - 22:54
"jardam kerek", "Көз кызарса эмне кылуу керек?" жана "Эгер коз шишисе" темалары бириктирилди.
Көз оорулары тууралуу ушул темада талкуу кылсак.

#67 22 Июнь 2014 - 16:37
Окулистке көрүнүңүз тезирээк, жүрө берсеңиз ого бетер күчөтүп аласыз.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#68 27 Июль 2014 - 19:05
Менда кечке жумушта компютерде олтурганыма байланыштуу козум кызарып,ооруп чыгат.Ошондо бир эже байкап калып,уйго барганда пиязды аарчысан,козундон жаш акканча дедиле,анан уйго келип пиязды аарчып козумдон жашымды агызып олтура берем))).Негизи козубузго кайдыгер карабайлы.
4-5 лавр жалбырагын бир стакан сууга кайнатып алган соң, жылуулай 1/3 өлчөмүндө күнүнө үч маал ичсе көздүн көрүүсүн курчутат.
Көздүн алдындагы шишиктердин пайда болушу
Керелден кечке компьютерде отурган болсоңуз, албетте көздү эки эсе чарчатып, кечинде көзүңүз кызарып чыкса эртең менен алды шишип, жүзүңүздү ого бетер чарчаңкы, кубартып көрсөтөт. Мындан тышкары уйку канбаганда, катуу чарчаганда, начар тамактанганда, чылым чеккенден да пайда болот. Көздүн алдындагы шишиктен арылуу үчүн кечинде жатаарда атайын баштыкчага салынган колдонулган чайды жылуу бойдон көздүн астына коюу керек. Андан тышкары музду да талкалап алып койсо болот. Картошканы теркадан өткөрүп туруп, бир нече кат марлиге ороп көздүн тегерегине 5-10 мүнөт коюу зарыл. Эске салчу нерсе жогорку маскаларды колдонгондон соң атайын көздүн астына сүйкөй турган майды сүйкөңүз.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#69 27 Июль 2014 - 19:09
Адам баласынын жашоосунда көрүү органы эң негизги ролду ойнойт.
"Көрүү жана түшүнүү бактысы табигаттын берген белеги" деп улуу окумуштуу Эйнштейн бекеринен айтпаса керек. Дене түзүлүшүндөгү органдардын ичинен көздөн ажыроо - жашоо, тиричилик, жандуу табигаттан ажыроо дегенге барабар.
Көз ооруларынын түрлөрү жана пайда болушу
Көз алмасынын катмарына жараша көз ооруларынын ар кандай түрлөрү болот.
Тубаса жана пайда болгон көз оорулары. Азыркы учурда эң көп кездешкен көз оорулары:
1) Глоукома -ар бир жаран 35жаштан баштап көз дарыгерине кайрылып көз басымын текшертип турбаса, бара-бара азиздикке алып келет.
2) Жаракат (Травма) -Көзгө кичине эле сокку болсо, көз жаракат алат. Көбүнчө норкамандар, аракечтер көздүн мындай оорусуна көп учурайт. Себеби, алар мушташат, денеге катуу сокку алышат. Кээде турмушта ар кандай кырдаалдар болуп кетет. Эки аял урушуп кетип, бири экинчисинин көзүнө стакандагы сууну чачып жиберген. Натыйжада байкабай турган аялдын көзү жаракат алган. Мына ушул сыяктуу жаракатка учураган кезде дарыгерге дароо кайрылбаса, оору күчөп акыры коркунучту пайда кылат.
3) Рефракциянын бузулушу миопия жана гиперметропия оорулары.
Бул ооруларга көбүнчө жаш өспүрүмдөр кабылышат. Миопия-жакынды жакшы көрүп, алыскы аралыкты начар көргөндөр. Гиперметропия- жакынды да, алысты да начар көрүшөт. Бала бакчага барган балдар убагында дарыгерге текшерилбесе, мектеп жашында оорусун күчөтүп алат. Ошондуктан медициналык текшерүүдөн өз убагында өтүп турушса көз ооруларын алдын ала билишет да, операция кылбастан айыктырууга жеңилдиктер болот.
4) Катаракта-(патология хрусталика). Катарактанын бир нече түрлөрү болот. Тубаса, өтүшүп кеткен, карыган кезде пайда болгон катаракта. Мурда катаракта менен алтымыш жаштан кийинки улгайган адамдар кайрылышса, азыр жаштарда да пайда болуп, катаракта жашарып баратат.
5) Көз майынын кургашы (Синдром сухого глаза)
Дүйнө жүзүндөгү көз дарыгерлер учурда эң негизги көйгөйлүү ооруга айлана баштаган бул оорунун үстүндө иштеп жатышат. Көздүн майы азайып, кургай баштайт. Учурда айлана-чөйрөнүн таза эместиги, туура эмес тамактануу, компьютер, интернетке тынымсыз олтуруу, телевизорду жакындан көрүп, китепти көп окугандар бул ооруга чалдыгат. Талапка ылайык кеңселердин терезелери жабык, аба кирбейт, же чыкпайт жана кондиционерлер да бул оорунун жаралышына шарт түзөт. Ошондой эле химикаттар менен иштеген ширетүүчүлөр, эл ташуучу унааларды айдаган айдоочулар көздүн мындай оорусуна кабылышат. Көздүн булчуңдары талып, көзгө күч келет. Бул учурда көз дарыгерге кайрылып, көзгө тамыза турган дарыларды пайдаланбаса коркунуч алып келиши мүмкүн. Күнүгө компьютерде олтурган, китеп окуган адам "Сицтеин" дарысын тамызып турса, көздүн чарчоосун жоготуп, жакшы натыйжа берет. Бир күндө үч жолудан тамызып турса болот. Бирок, врачтардын көзөмөлүндө болуп турбаса, тынымы жок дары тамызган көз өмүр бою дарыга көз каранды болуп калышы мүмкүн.

#70 27 Июль 2014 - 19:10
Адамдын организминде витаминдер сөзсүз болушу керек. Кырк пайыз эт болсо, алтымыш пайызы жер-жемиш, таттуулар камтылат. Ар бир адам жумуштан үйүнө барганда көзгө көнүгүүлөрдү жасап, көздү акырын ушаласа, чарчоосу тарайт. Колуңуздун бармагы менен көздүн үстүн акырын басып, ылдый-өйдө массаж жасап, көздү сааттын жебеси менен ары-бери кыймылдатасыз.
Ушул эле эрежени үч-төрт ирээт кайталаңыз.
Көздүн жакшы көрүшү үчүн витаминдер,
анын ичинен А витамини организмден кем болбошу керек. А витамининде сабиз, көк алма, өрүк, арбуз, банан, ашкабак, жүгөрү камтылган. Бул азыктарды бир күндө бирден жеп туруу зарыл. Ошондой эле бетти жуугандан кийин демделген кызыл чайга пахтаны малып, көздүн үстүнө сүртсө да жакшы жыйынтык берет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#71 29 Июль 2014 - 18:52
Салам форумчулар.
Мен кичинемде комп коп ойночумун тундосу тан аткыча да олтура берет элем кобунчо козум кызарып. Азыр мынтип козум ооруп калды. Бир кундо 8 саат уктасам жакшыле эле журот анан кээ бир кундору уктабай же аз 4,же 5саат уктасам козум ачышып атат кызарып, ичинде зым жургон сыяктуу врачка коруно элекмин. 6 айдан бери ушундай болуп калды. Эчкимде мындай болбоду беле?
#72 06 Ноябрь 2014 - 14:04
Бул ыкма көз ооруларына оң таасирин тийгизет. Ал жаңы бышкан бадыраңдан жасалат. Ал үчүн 1/2 стакан бадыраң кабыгын, 1/2 стакан кайнак суу жана 1/2 чай кашык аш соодасын жакшылап аралаштырып аласыз да кебез же чүпүрөккө сиңирип алып көзүңүзгө коёсуз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#73 06 Ноябрь 2014 - 18:50
Кыш келди. Менин козум ооруй баштайт. Суукта жаш токтобой агат.
#74 26 Февраль 2015 - 22:18
Саламатсыздарбы достор? Көз жөнүндө тема издеп таппадым, туура эмес ачсам кечирим сурайм. Менин көзүм минус сегиз. Компьютерде күнүгө 8 сааттай отурам, жумушум ушундай. Көп отурсам жүрөгүм айлангансып,
көзүм тунаргансып кетип жатат. Көзүм көрбөй калабы деп корком. Сурайын дегеним, кандай витаминдер бар көзгө жана "Тенториум"
продукциясын билгендер барбы, дарыларын ичсе болобу?
#75 26 Февраль 2015 - 22:59
Балким жер-жемиш, жашылчалардын кайсынысы козго пайдасы бар экенин билип, кобуроок колдонсонуз жакшыраакбы дейм да. Химиялык дары, витаминдерге караганда.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#76 26 Февраль 2015 - 23:18
жумасына бир-эки жолу балык жеп турган жакшы/курамында А витамини бар!
#77 26 Февраль 2015 - 23:36
Жумуртка/сабиз/
ашкабак/боор/
молочной/мучной продуктыларды жеп турсаныз да коздун коруусун жакшыртат жана тез чарап калбайт козунуз.Анан атайын коз учун/козду эс алдыруучу конугуулор барго ошолорду жасап турун...
#78 27 Февраль 2015 - 10:29
"Көзгө кандай витаминдер пайдалуу?"
темасы менен бириктирилди.
#80 09 Март 2015 - 03:38
Коздун корууну тузотуу же алдын алуу учун, "Тренажерный очки" деген коз айнекти колдонсонор,
жакшы эле жардам берет. Бир жылдан бери колдонуп келем, (Коз жакшы эле корот негизи) алдын алуу максатта. Ото сонун пайдасы бар. Аны созсуз коз ооруганда эмес, козу тазаларделе колдонуп, коздун коруусуну сактап калса болот...