ТАНДОО КЫЙЫН
(1-бөлүм)
Мен үй бүлөөдө эки бир туугандын улуусумун. Ата энебиз союз тарагандан кийин таанышып, баш кошушкан экен. Көп өтпөй мен андан соң сиңдим Алина төрөлөт. Арабызда үч жаш айырма болсо да эгиздердей ээрчишип, сырдашып жакын өстүк. Каныбыз бир же бир ата эненин кызы болгон үчүн эмес, экөөбүздүн жүрөгүбүз өзгөчө жакын эле. Табитибиз, өң- келбетибиз да окшош. Окшош кийинип, эгиз козудай ээрчишип жүрүп бой жеттик.
Мен мектепти бүтүп, өзүм каалап жүргөн жогорку окуу жайлардын биринде студент аталдым. Мектепти алтын медаль менен аяктап, жогорку окуу жайын да кызыл диплом менен бүтүрөм, жакшы окуйм деп максат коюп алганмын.
Ошентип алгачкы студенттик күндөр башталды. Жакшы окудум. Ата энеме жардам болсун деп иштеп да жүрдүм. Зымырап бат эле тогуз ай өтүп кетти. Биринчи курсту өз күчүм менен эң жакшы баага бүтүрүп, айылга ата энеме келдим. Атам "менин кызым" деп сыймыктанып,
апам "туңгучум,
сыймыгым"
деп чарк айланып жүрөт. Өз өзүмө ыраазы боло, өмүр бою биз менен сыймыктана тургандай жашайм деп тилек кылып койдум. Арадан эки ай өтүп шаарга келчү күнүм келди. Апам энелик милдетин кылып "жигит жандаба, суйлөшпө, сүйүүнү ойлобо. Жакшы оку..." деп бир топ жакшы акылын айтып жөнөттү.
Шаарга келип, окуума жакын жерден үч курбум менен батирге көчүп кирип алдык.
Студенттик күндөр өзүнчө бир алтын доор болот эмеспи, окуп да иштеп да жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде биздин тайпага медицина факултетинен которулуп жаңы бала келди. Биз менен таанышып, сүйлөшпөй жалгыз жүрө берген үчүн "жаңы бала" деп тергеп алдык. Фамилиясы айтылганы менен аты аталган жок. Өзү да айтпай, он күн бизге кошула албай эң арткы орундукта жалгыз олтуруп жүрдү.
Бир күн башымдын катуу ооруганынан сабактан суранып үйгө бара жатсам, артымдан жетип келип;
-Акырын басчы, чарчаттыңго деп катарлаш басып калды.
- Мен сени ээрчип кел дедимби, өз жолуң менен акырын баса бер?! деп ачуум менен бир тийдим. Ал үнсүз ээрчип келе берди. Үйгө жеткенде, колундагы кичинекей баштыгын колума карматып кетип калды. Үйгө кирип карасам күрүч, лимон, жана айран экен. Көрүп күлкүм келди, бир чети айткан сөзүмө өкүнүп турдум. Көп узабай телефонума "Азыр лимон чай ич. Андан соң күрүчтү кайнатып, бышкан соң айран кошуп ичип дароо оронуп жат. Эртең сабака келбе, ооруп жатат деп коём" деген билдирүү келди. Бул сөздөрү апамды эстетти. Бирок акылы оордундабы бул баланын, жада калса атымды билбей, таанышпай жатып бул эмнеси деп таң калып эле айтканын кылып жатып калдым. Эртеси сабака да барбай койдум. Чынында ооруп жатып калдым. Эки күндөн кийин ошол эле номерден "эшикти ачсаң" деген билдирүү. "Жок" деп жазып алып, бул акылы соо адам эмес окшойт деп ойлоп, коркуп да кеттим. Ал каткырып күлгөн быйтыкча жиберип койду. Корктум, бирок эшикти ачтым. Эч ким жок. Кагаз баштык коюп кетиптир. Ичинде кичинекей банкада малинадан жасалган варенья, эки даана ачуу калемпир, эки даана көк алма жана бир тилим эт бар экен. Бирөөгө айтсам күлкүлүү болсо керек. Адатта мындай азыкты ата энелер гана алып беретда. Ата энемди сагынганга эрээркеп ыйлагым да келди. Бир эле убакта ый да, күлкү да бар. Аны көңүлүмө жакын алганым менен бул кылыгын колдобой турдум. Анткени жигиттердин кыздарга жөн эле акча корото берүүсүн жактырбайт элем. Телефонума дагы билдирүү келди; "Малина чай ичип, этти кайнатып калемпирден ачуу салып ичсең эртең окууга жүгүрүп келесиң."
деп. А мен "сага рахмат. Бирок эми эч нерсе алып келбе. Ата энеңдин оку, ач калбай тамак же деп берген акчасын тааныбаган бирөөгө коротушуңду каалабайм."
деп жазып жибердим. Жооп жазган жок.
Эртеси сабака барсам, группалаштарым;
-Эмне келбей жатасың? деп сурап калышты. Карасам ал жок, башка баары бар. Аны сурагандан тартындым. Эсептесем төрт күн сабака келбептирмин.
Ичтен
"ооруп калганымды айтам дебеди беле, айтпай койгонбу? Тааныбай туруп ишенип, жок дегенде кураторго кабар берип койбогон мен акмакмын. Эми мугалимдерге эмне деп айтам...?" деп кабатырланып ойлоно баштаганда,
мугалим -Капарова ден соолугуң жакшыбы? деп калды. Рахмат агай, жакшы болуп калдым деп тунжурап олтуруп калдым. Кийинки эки мугалим да ушул суроону берди. Кудайга шүгүр жок дегенде мугалимдерге айтыптыр деп тынч алып калдым. Бирок өзүн көрбөгөнгө кабатыр алып, улам арткы орундукту карап коём. Сурайын десем ал эч ким менен сүйлөшчү эмес...
Эртеси келип, баары менен учурашып, жаныма келип олтурду да, - Эми оорубай жүр деп кичинекей шоколад берди. Башка бирөө болсо албайт элем. Ушул беш күн ичинде ага көнө түшүпмүн. Бул ирет рахмат деп эле алдым. Сабак бүткөн соң,
- Жүр кеттик деп жаныма келип калды.
- Каяка?
- Үйгө.
- Мен китепканага барам.
- Анда кеттик.
- Камкордугуңа рахмат. Сен да мен сыяктуу студентсиң.
Сага да акча керек. А акча табуу оңой эмес. Аз болсо да муну ал деп беш жүз сом сунсам. Ал;
- Ишенесиңби ушул сөздү айтарыңды билгенмин. Бирок сенден акча албайм.. деди.
-Анда бүгүн мен тамак алып берем деп кафеден тамактандык.
Чыгып китепканадан бир нече китеп алып, үйгө жөнөдүк. Коштошоор мезгилде;
- Эй Темиров кеч болсо да сурайынчы, атың ким? десем,
-Нурдин деп жылмайып койду.
- Сен жакшы бала экенсиң, кел дос болобуз деп колумду сунсам,
- Дос болууну каалабайм деп дарактын кызыл сары түстөгү жалбырагын карматып кетип калды.
Артынан "өзүнчө бой көтөргөнүн,
эми дос бол десең да болбойм, жакшы оюмду муздаттың!
" деп сүйлөнүп үйгө кирип кеттим.
Ошондой окшош күндөр менен арадан эки ай өтүп, мезгилдердин эң ыймандуусу болгон кыш келди. Экөөбүз ар дайым чогу жүргөндүктөн көргөндөр бизди кыз жигит деп ойлоп калышчу. Группалаштар да кыз жигит деп айта беришет. Мен эле ичтен "Дос болууну да каалабай койгон, кайдагы кыз жигит..." деп үнсүз тим болом...
(Уландысы бар)
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1