Саламатсызбы!
Уулум Сулайманов Бакыт 29 жашта эки жылдан бери гемодиализ аппараты менен жашап келет. 2009-2010-жылдары Якутияда иштеп келген, 2013-жылдын 15-ноябрда эки бөйрөгү жабыркап калды,азап кайгы башыбызга түшүп, үйдө күлкү жок, үшкурүк үнү угулат. Баламды гемодиализге түшүрбөй операция жолу менен сактап калалы деп, үйдү сатууга койсок, сата албадык. 2015-жылы Турцияга бекер операцияга тизмеге илиндик. Ушул мүмкунчүлүктү колдон чыгарбайлы деп бир тууган эжем-Инаят, сиңдим-Айжамал топтогон акчаларын бизге берип Туцияга 2 билет сатып алдык. Бакытка атасы донор, Турциядан операция болуп келгендер 8000$ каражат сарпталат дешти. Каражат топтоо үчүн көп жерге кайрылдык, кайрымдуу боорукер жакшы адамдар сиңдим Наргиза, туугандар жардамдарын аяшпады, бирок керектүү сумманы чогулта албай жатабыз. 22-октябрда Бакыт атасы экөө колунда топтолгон 1000$ менен Анкарага учуп кетишти, убакыт өтө тар. Элиме кайрылам!
!! "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, Бакыттын өмүрүнө өмүр кошуп жардам бериңиздерди өтүнөбүз, биздин колубуздан эч нерсе келбей алсыз болуп турабыз. ЕЛСОМ электрондук капчык: 0550016212..... байланыш номурлары 077267525 жана 0703467695...
Көмөк көрсөтүү эсеби:
Банк KICB 1280016022516036 ( сом)
1280016022515935 (доллар)
1280016022516440 (рубль)
1280016022516339 (евро)
Баракча 1 - 1
Сулайманов Бакытка жардам керек
#3 28 Октябрь 2015 - 10:37
Элдер, жакынкы арада бул байкеге жардам берүү максатында концерт коюлат. Боло турган күнүн жана билет баасын дагы тактап жаза кетем!
#4 28 Октябрь 2015 - 11:43
Кайрымдуулук концерти 11-ноябрда саат 18:00дө Спорт Ордосунда болот. Концерт кызыктуу болот, сөзсүз келгиле! Тамашоучу балдар дагы чыгышат. Баасы болгону 200 сом!
#5 29 Октябрь 2015 - 13:16
Баракча 1 - 1