Мен дүйнөнү апам менен тааныгам
Бал тилдүү балалыгымды эстесем дароо апамдын түрк мешине бышкан кыпкызыл,жумшак наны,уялаштарым менен кубалашып ойногон айылдын чаң баскан көчөлөрү көз алдыма бүгүнкүдөй тартылат. Ах,чиркин,ошол энемдин этегине жармашкан кооз күндөргө кайра кайта алсам кана!
Балалыгымдын маанилүү каарманы-апам.
Апам мага сырымды толук сактаган сырдаш,абалымды айттырбай сезген жолдош,күйүмдүү курбу,алмашкыс баалуу кеңешчи. Ал турмуштун ысык-суугун жеңе билген,токтоо,
жумшак адам. Мен үйдүн улуусу болгондуктан чачымды тыкыйта өрүп,"бир туугандарыңа үлгү бол" деп акыл-насаатын айтып,улуттук бийден тарта өзү үйрөтүп,"
тартынчаак болбо" дечү. Апам үйрөткөн бий кыймылдары менен тойдон байгесиз кайтчу эмес элем. Мына ушинтип апам мага бий дүйнөсүнүн эшигин ачкан.
Таң эрте балдары менен ойноо апам үчүн күнүмдүк адат,чоң ырахат болчу. Шымымды кийем деп эки бутумду шымымдын бир бутуна салып эркелеп калган мени көрүп үй ичи апамдын булактай шыңгыр күлкүсүнө толуп калчу. Эс алуу күндөрү таята-чоң атамдардыкына айылдап келсем апам:
"Бытпылдык-
бытпылдык,
Беш бармакты көп кылдык.
Келет экен деп койсок,
Келбей койдун жеп койдук"-деп беш бармакты өзгөчө жакшы көрөрүмдү билип тамашалап тосуп алчу.
Окуучулук күндөрдө апам кээде катаал болчу. Ар бир жасаган тапшырмамды тактап текшерип,5 алганымдын себебине чейин сурачу. Кээде ойлорум чаржайыт болуп ыр жаттай албай убараланып жатканымда апамдын бир кыйкырыгы жетиштүү эле,кантип жаттап алганымды да билбей калчумун. Окууда активдуу болушума башкы себепкер болуп,таймаштарда ыр курап,сценарий түзгөнгө да үйрөттү. Кийинчерээк апамдан алган тажрыйбам менен райондук таймаштардын сценарийлерин жазып калганым бар.
Балалыгым кийем дегенди кийип,эл жебегенди жеген барчылыкта өттү,Кудайга шүгүр. Бирок,апам "кедейдин баласы күндө жаш,байдын баласы күндө мас"болбогула деп,мээнеттенип тапкан тамак даамдуу болорун үйрөтчү. Кышкысын үйдө төө буурчак сорттоп,жайында төө буурчак талааларында тер,чаң басып күн батчу. Кээде кечкисин уйдо төө буурчак сорттоп отуруп үргүлөп апамдын ийнеси тизебизге тийчу. Тапкан тыйыныбызды өзүбүзгө сарптап "кылган мээнетиңердин акыбети" дечу. Ошондон улам биз дагы бирибизден-
бирибиз өтүп эмгектенээр элек.
Бир жолу күндүн ысыгы мээ кайнаткан жай айларында курбуларым,
апалары менен талаада элек. Эртели-кеч иштеп чарчап,чаалыккандан улам уйкусурап жаттык. Апаларыбыз : "Аз калды,бир аз чыдасанар үйгө барып уктайсынар "-деп жатышты. Биз ага чыдабай кыздар менен чөбү бийигирээк жерге барып,кезек менен бирөөбүз чөптү кыймылдатып,
калганыбыз уктамай болдук. Жаңы эле сонун уйкуга киргенде "дүңк" этип жаныбызга таш түштү. Баарыбыз дыркырап качып,уйкуну унутуп,көзүбүз умачтай ачылды. Көрсө апам биздин куулугубузду сезип,качан бир эле чөптүн башы кыймылдап жатканын байкап таш менен уруптур. Апамдын ташы да түз тийчү. Ошентип төө буурчак талаасы күлкүгө бөлөндү.
Апакемдин кең пейилдигинен улам үйүбүздөн конок үзүлчү эмес. Кезектеги конокко даярданып жатып мен үй шыпырган шыпыргы менен эшиктин алдын,короону кошо шыпырып кетипмин. Апам көрүп бир урушуп алды да колума акча берип,жаңы шыпыргы алып келүүгө дүкөнгө жөнөттү. Барсам дүкөндө шыпыргы жок экен,дүкөнчү байке да кызык адам экен менден: "шыпыргыны эмне кыласың,таттуулардан жебейсиңби?
"-деп сурады. Мен болсо баламын да баарын төкпөй-чачпай:
"үй шыпырган шыпыргыны булгап алдым,апам урушту,конок келсе уят,азыр конок келет,апам тасмаал даярдап жатат"-деп божурап бердим. Тигил байке: "Апей,тасмаал даярдап жатса,момпосуй алып барсан апаң сүйүнүп калат"-деп колума баштыктагы момпосуйду карматып койсо,сүйүнүп үйгө бардым. Апам көрүп аябай ачууланып,мени кайра дүкөнгө жөнөттү. Кайра барып момпосуйду өткөрүп акчасын алып келгем. Азыр да ар бир конок тоскону даярданып жатканыбызда эстеп күлөбүз.
Эне-бала деген керемет сезимдерди тартуулаган Аллахыма чексиз мактоолор болсун!
Апам экөөбүз жөнүндө айта берсем кеп көп. Ал-жол көрсөткүчүм,
алмашкыс байлыгым,кайталангыс,
асыл адамым,өмүрүмдү бүрдөткөн,гүлдөткөн Күнүм. Менин улуу сезимдеримди толук чагылдырууда залкар жазуучулардын калеми,улуу акындардын ырлары,атактуу обончулардын ыргактуу обондору да алсыз. Мендей жаман кызыңыздын бактысына бар болуңуз,оорубаңыз,
апакем!
Энелердин эрдигин даңазалай... сынак старт алды Суперстанда кезектеги сынак.
#102 08 Май 2016 - 23:14
"Эне ыйык, эне кымбат бул дүйнөдө,
Эне бакыт, эне жашоо ар үйдө"- дегендей апалар үйдүн куту, шам чырагы болот эмеспи.
Ошол сыяктуу эле биздин кутубуз, бактыбыз, байлыгыбыз, балбылдап жанган шам чырагыбыз- бул алтындан кымбат апакебайым.
Апам бир калыпта жүргөн, бир мүнөздүү адам, бирок күлүп-жайнаса демек чын жүрөгүнөн күлүп жатканын баамдасаңыз болот. Апамдын кабагы жаркылдай түшкөндө үйдүн ичи күлмүңдөй түшкөнсүп, байкем экөөбүздүн төгөрөгүбуз түгөл болуп кетет. А жаны кейип ооруй түшсө, биз да кошо ааламга батпай, дүйнөбүз аңтарыла түшкөнсүйт. Ошондуктан бул дүйнөдөгү эч бир эне оорубасынчы. .
Бойун түз алып, бир салмакта ишенимдүү баскан апамдын колунан келбеген иш жок болсо керек. Ууз болуп, не бир укмуш буюм жасап, үйдүн көркүн чыгарсаң, ушул өнөрүңдү аздектеп кете албаган көңдөй көрөнгөмдөн бир эсе уялып да кетем. Ал эми, эр кишиникиндей эрктүүлүк, намыскөйлүк менен айкалышкан мээримдүүлүгүңө таң беремин апаке. Мээримиң менен биз тоңсок жылытып, үзүлсөк улап келе жатасың. Кыштын ызгаар суугунда да колдоруң жылуу, жумшак.. Ушул кебезден жумшак колдоруң менен канча деген таттуу уйку камсыздап бердиң экен бизге..
Энеке, эстедиңби?
Жабышып кое бербей этегиңди,
Жүрөгүм үшүп жатат дегенимди..
А мен болсо унутпадым..
Жылмайып, колуң менен аяр сылап,
Жүрөгүмдү жылытып бергениңди. .
Дагы бир эстен чыкпас балалык күндөрүмдүн бири.. Апам печкага нан жабуу үчүн отту алоолонто жагып жаткан, мен болсо тай атамдын тизесине олтуруп алып сураган экенмин.. "Тай ата ушул түтүндүн баары асманга чыгып, булут пайда болобу" деп. Ошол суроо азыркы кезге чейин үйдүн күлкүлүү темасы..))
Дагы бир күлкүлүү эмес, бирок, эсте калган окуя. Ушул окуядан кийин апамдын кадырын түшүнгөм десем да болот.. Анда мен мектеп босогосун аттай элек кичинекей кезим. Апам менен троллейбуста келе жатып түшүүгө камынып калдык. Эс тартканы эстесем азыркы Киевский, Тыныстанов көчөлөрдүн биринен түшкөн окшойбуз. Троллейбустан түшүп эле апамды таппай калдым. Кандайча, эмне болуп апамдан адашканымды билбейм, коркконуман үнүмдүн болушунча ыйлап жаттым, тегерегимде көздөрүн алайткан бир нече адам суроолорго мени байытып жиберишти. Бир убакта күйүгүп, каттуу тер баскан апам топту жарып маңдайымда пайда болду. Сүйүнүчтөн апамдын кучагына кептеле түштум. Ошондогу бактым ай.. Сөз жетпес менин бактым..
Жарала элек наристе Кудайдан сурайт экен: Билбейм, бул дүйнөгө эмне үчүн бара жатам?. деп. Кудайдын жообу: мен сага периште белек кылам, ал баардыгын түшүндурөт дейт..
- Периштемдин аты ким?
- Ал периштенин аты "АПА" деген экен. Анын сыңарындай ПЕРИШТЕЛЕРдин өмүрү узак болуп, аман болсун.
Апа деген атыңа даңтоо менен,
Жарашат го өзүңө мактоо деген.
Картайбачы, алсырабай апакем ай,
Милдетим бар эне сүтүн актоо деген.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#103 08 Май 2016 - 23:38
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам!
Апамды бир саамга эстей калсам, көз алдыма тээ апамын ичиндеги кызыл эт түйүлдүгүмөн ушул кезге чейинки жашоом көз алдыма кинодогудай тартылчу болду, ал киномдун башкы каарманы АПАМ десем жаңылышпайм. .. Сен канча жашаба, канча эрдик кылба, ыйлайсыңбы, күлөсүңбү, азапка батасыңбы же сүйүнөсүңбү, баарына, баарына "апа" деген өз ичине канчалаган күчтөрдү бекемдеп алып, мындай айтканда сенин өмүрүңдүн сап башында калкан болуп турат тура.
Бактылуу балалыгым жана апамдын тарбиясы
Мен эс тартканча үйдүн эркеси элем, эжем менен агам кыйла чоң болгондуктан, алар шаарлап кетишкен, 15 ке чыккыча апам менен айылчылачумун. Апам биз туура эмес иш кылсак же бир нерсе сындырып койсок, катуу урушуп же таяктачу эмес, бир эки сөз менен жеткирип коет, анан да бир жакшы сөзү бар "Бир тура эмес иш болсо, аны миң жемелеп, миң урушуп, канча кайгырсаң деле ордуна келбейт, ошон үчүн ойлонуш керек" дейт. Кулак мээбизди жеп, ар качан эле насаатын окуй бербейт, "Кыз балага нысап берсин, нысап болбосо бекер, акыл эсиңер менен болсоңор болду" деген сөздөрүнөн эле жаман эмес, татыктуу тарбия алдык, мен үчүн ушул эле сөздөр жетиштүү эле.
"Тазалык бул-аялдын фишкасы"
Кыз бала 90 пайыз апасынын кылган эткенин өзүнө сиңирип алат экен кээде "Апасы таза эмес эле же оо апасы кыйын да" деген сөздөрдү эл арасында угуп жүрбөйбүзбү. "Аял кишинин кандай экени анын тазалыгында" деген апам, абдан таза анан да буюмдарынын барын жаңыдай колдонот. Бизди да мына ошого көндүргөн экен, мурун билинбесе да азыр турмушумда көпчүлүк учурда билинип калат. Апам идиш-аякты аябай таза кармайт, кол жууган чөгүн-чайнектери, от жаккан печкеси өмүр бою жаркырап келет, апам өзү айткандай "каплект" иш кылат, мисалга нан боорсоко бир убакта камыр кылат, наны деле, боорсогу деле бүтө берет, мындайда абысын, келин -кесектер таң калып күлүп калышат, "Жеңемин иши бир убакта бүтө берет, биз шашпай бирин бүтүргүчө" -дешип.
Эстесем жылмаям.
Жүзүмө жылмаюуу тартуулаган учурлар көп эле болсо керек.
Алардын бири, мен бир жашка чыккан экем, апам эмизип отурса, 8.9 жаштагы эжем жаныбызда орустун кызы экөө өзү менен тең орус куурчагын алып келип калышат экен, а мен бир көргөндө эле апама качып ыйласам, апам "Коркот экен дагы көрсөтсөң" деген экен Биз муну угуп күлсөк, апам байкуш эстеген сайын өзүн-өзү жемелеп урушуп калат, "Өлүңкөрөйүн, дагы көрсөтсөң, коркот экен деп коем, жаш экемда, ошодон кийин эле ичиң өтүп калбадыбы садагаң болоюн" деп калат.
Апамдын мүнөзү.
Апамдын мүнөзүнө кээде таң калам, "каардуу" деген мүнөз апамдан айланып өтөт, жөнөкөйлүк эң жакшы сапаттарынын бири, эч адам ылгабаган, бир нерсеге жулунбаган аял. Баса, ушул убака чейин апамдын ажылдап бирөө менен урушканын көргөн эмесмин.
Мына ушундай алтын аялдын кызы экениме сыймыктансам, кээде ошол мыкты сапаттарынын анча-мынчасын тартпай калганыма өкүнүп кетем. Мына менин окурманым, мен ушундай алтын апамдын жаман кызы.
Албетте, ар кимдим өз апасы өзүнө алтын. Мына ошол алтын апалар бар болсунчу, бактылуу өмүр тартуулайлычы!

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...

#104 09 Май 2016 - 00:06
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам
Күлкүлүү окуяны биринчи темада жазып коюпмун бул бөлүктө кызык окуя жазып коеюн)
6-7 жашта болчум. Бир жолу жайлоодон, эртең менен туруп апама айран куйуп бериңизчи дедим. Боз үйдөбүз, апам чыгдан жака келип айран куюпатканда жанында тургам. Анан эле бир нерсе мени карап турганын көрдүм. "Апа могу эмне?" дедим. Апам чочуп эле мени көтөрүп, байкелеримди тышка чыгарып үйдөн алыс алып барып койду. Мени жарым метр аралыкта керегеге асылып алып тиктеп турган жылан экен. Улуу байкемди дароо эле ат мингизип айылга жиберди, бизди көчүргөнгө машина айдатып кел атаңа айтып деп. Ал күнү кечке чейин жылаан үйдөн чыкпай түндүккө чыгып оролуп алды. Кечке маал машина келди, үйдү жыйганы жатканда жылан оозу ачык каптагы талканга кирип кетти. Байкем барып оозун байлап айылга көчүп бараткан жолдон талканы менен кошо төгүп кеттик. Айылга келгендин эртеси күнү эртең мененки 7де катуу жер титиреди. Жайлоодо калгандардын үйлөрүн, малдарын тоодон кулаган чоң таштар басып, көп кырсыктар болду. Апам кийин айтып жүрдү: мени кичинемден ак чаар жылан коргоп жүрөт. Жайлоодон да бизди ошол жылан сактап, көчүрүп жиберген деп. Жыландар жөнүндө кызыктуу окуяларын көп айтып берчү эле...
Баардык жазгандарым апама болгон сыйым, сагынычым, эскерүүм, эстелигим деп билем.
Өзүм жөнүндө, апамдын эрке кызы болчумун. Менин кандай апанын кызы экеним форумда жүргөн турганымдан эле байкасаңар болот). Башка форумчунун да жүрүм турумунан ата-энесин көрө алабыз демекчимин.
Конкурсту жыйынтыктап, уюштуруучуларга жана мага добуш бергендерге ыраазычылык билдирем. Ушундай жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү үчүн рахматымды айтам.
Апалар дайым оорубасын, кайгырбасын, аман болушсун

Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#105 16 Май 2016 - 09:41
Апаларыбыз ар убак аман болсун!
Жалпы катышуучуларга раазычылык айтып теманы жабабыз.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев