Жүрөгүмдүн эч бир тааныбаган сезимдерин жаңы-жаңыдан айырмалап,ажырата баштаган чагымда,айланамда шапар тээп шарактай турган,сырымды угуп,сырларынан бөлүшө турган,кайгыларымды да,сүйүнүчтөрүмдү да ара жолго тыштабаган,
чогу көтөрүп,чогу ортоктош боло алчу жүздөгөн курбу кыздарым,дос балдарым бар эле.Кызыгы,ошончо адамдардын кучагында болуп турсам дагы,эмнегедир өзүмдү бул түпсүз,учу-кыйырсыз ааламда,ээн талаа,эрме чөлдө калган жалгыз макулуктай сезе бердим.Башкасы не болсо болсун.Бирок,
жанымдагыларга сыртымдан сыр бербөөгө аракет кылдым.Ушундай абалым менен аларды менден алда канча алыстатып аламбы деп чоочулай бердим.Эми ал күндөрдө бактылуу белем,же бактысыз белем аны азыр да түшүнө албайм.Издегеним эмнегедир таптакыр башка нерсе эле.Эртең менен таң супада университетти карай бет алам.Түш оодуктап калганда досторубуз менен үйрүлүшүп шарактап отурмай.Кеч курун үйгө келип,түптүз бөлмө бет алып,керебетиме солк жыгылам.Өзүмө эмне болгонун ал учурда өзүм дагы жакшы түшүнө албай жаттым.Акылынан аздаган немелерче себепсиз көкүрөгүмдөгү уюган муштумдай ачуу бир нерсени кирпигимди суулап,көз жаштарым менен чыгарып жеңилдеп тим болом.Жаныма бирөө-жарым келип абалымды сурап,мени акылдан алып жаткан бети жок сезимдерди билгилери келсе да,мурдумду чүйрүп,кабагымды бүркөп,үн дебейм.
Акыркы күндөрү абалыма күндүр-түндүр боору ооруган жалгыз гана апакем.Ал күндөрдө басса-турса мени ойлоп,оор үшкүрүп,мен деп убайым тартып,жүрөгүн онго тилип жаткан апакемдин абалын мен дагы сезип калдым.Кантсе дагы эне да.Ар күнү келип эшигимди каккылагандай эле,бүгүн да эшигимди жылуу,мээрим толгон колдору менен каккылап кирип келип калды.Жарытылуу жооп алам го дегенсип,чачымдан сылап,ачуу жашка нымдалган жүзүмдөн сүйүп бирдемелерди кобурап жатты.
-Ээ,кызым!
Бизди укпас,кулагың көрбөс болду го.Садагаң кетейин,кызым!
Бир жериң ооруп жүрөбү,-деп мени жалооруй карап,ысык алаканын чекме басты.
-Жооок,апа!
,-дедим.
-Дене табың деле көтөрүлбөптүр.
Бирөө жарып капа кылбадыбы?Көңүлүңдү ооруткан сөздөрдү угуп жүрөсүңбү же?,-деп суроону тикесинен салып,карбаластай түштү.
-Ким мени капа кылып,мен кимди капа кылаар элем.Билесиз го мени,чымынга да зыяным тийбейт,-деп жылмайып алдым.
-Ким билет алтыным,бир кылмыштуулук кылып,жүзүн жашырып,көйгөйүмдү жалгыз өзүм чечем деп ошондон улам,санааң санга,ойлоруң онго бөлүнүп жаткандыр,-деп чымчылап тамашалай күлүп алды.
Мен дагы апакемди карап эмнегедир күлүп алдым.Узун колдорумду моюнуна ороп,катуу кучактап,анча-
мынча бырыш каптай баштаган апакемдин бетинен чолп эткизе өөп алдым.Сүлгүмдү,
тарагымды боорума кысып,душка карай бет алдым...
Өлтүрчү мени,апаке! ...
#1 30 Июль 2016 - 10:01
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#2 30 Июль 2016 - 10:13
Баштан откон окуябы же чыгармабы?
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#7 30 Июль 2016 - 12:37
...Секундалар мүнөттөрдү,
мүнөттөр сааттарды,сааттар күндөрдү арты-артынан кубалап,коёндой окшош күндөр биринин артынан бири өтүп жатты.Эмнегедир акыркы учурларда үйдөгү төрт дубалдын арасына өзүмдү көбүрөөк катчы болдум.Университетке да баргым келбей,досторум менен дагы жоолугушпай,
сабактарды арты-артынан калтырып,акчага ишенип,кара койлордун жүнүнөн жасалган жуурканымды үстүмө ороп,бүгүн да чүмкөнүп жатып алдым.Түш ооп калган чакта телефонума коңгуроо келип калды.Уйкудан көзүм ачылбай жатып,"дагы кимиси болуп кетти эми?..."-деп бежиренин өзүмө-өзүм сайрап алдым.Экинчи ирээт чалып жатты.Жөн-жай эле чалып жаткан неме болду бекен-деп телефонду карасам Сапар.Сапар биздин досторубуздун ана башчысы эле.Баарыбызды бир арага топтоп,арабызды жакындаткан шайыр,уюштуруучулук чебери күчтүү мырзалардын бири.Кыргызстандагы эң мыкты делген университеттердин биринде архитектуралык багытта билим алар эле.Телефонумду алдым.
-Ээ,чунак кыз!Дагы деле уктап жатасыңбы?Түш оободубу,түш! Алло...-деди.
Мен дагы эрке мышыктарча "ммм"деп мырылдап алдым.
-Кандайсың биздин сулуу кыз?Бүгүн баягы эски парктагы ордубузга чогулуп жатабыз.Чогулуп дейм да,тойс,чогултуп жатам.Саат 16:00 до машинам менен кош теректин көлөкөсүндө күтүп турам-деди.
-Кайсы жерде күтөм дейсиң,деп жорбоктоп калп эле суроо салдым.
-Ээ болду сөздү узатпай.Бирдигим аз,сасыбай тур эмди,-деп трубканы койду.
Ооба,Сапар чакырып жатса,барбай коюш мүмкүн эмес.Айныдың дегиче,кайда болбосун кекетип-мокотуп калчу жайы бар эле.Чачымды ары-бери сылагылап,жүрөгүмө жакын музыканы коюп,бир канча саам дубалдагы кара чекитти тиктеп түрдүү ойлорго чөмүлүп уйкумду ачтым.Ашканага кирип,муздаткычтан бирдемелерди шам-шум этип,"бул жүдөп калыптыр" деп сөзгө сөмтүк,кепке кемтик болбоюн деп,токочту оозума тиштеп алып,бир канча мүнөт кебетем менен алпурушуп,күзгүгө тигилдим.Сапардын унаасына болжогон убакта жетип бардым.Унаа менен тез эле достор тарапка закымдап бара калдык.Башкалар күлүп-жыргап, ойноп-чордоп жатышса,мен мурдагыдай эле адатымча телефонумду чукуламыш болуп,обочорооктогу отургучка жайланышып алдым.Ичимдеги ызгаардын үнүн угуп,боздогонун түшүнүп олтургам.Айланадагылар да мени мурдагыдай асан-кайгы тартып олтуру да деп көп деле капаарына алышпады.Ойго чөмүлүп кетип,жанымдагы орундукка келип олтурган кең далылуу,салабаттуу, кара көз жигитти эч эле байкабапмын. Качан гана анын "Салам" деген узактардан жаңырып келген үнүн укканга чейин."Сплам" -дедим мен дагы.
-Эмнеге жалгыздыктын жибин эшип олтурасың?деп суроо салды.-Эч ким сени түшүнбөй,сен эч кимди түшүнбөй,анан болсо өзүңдү-өзүң түшүнө албай жатасың,туурабы? -деп мыйыгынан жылмайып койду.
-Ооба,-дедим.
-Мен дагы жаныңа ошондуктан келдим.Экөөбүздүн абалыбыз окшош тура.Сенин досторуңдан алыстаарыңды көрөөр замат мен сыяктуу бирөө экен да деп жаныңа келип эч болбосо атыңды билейин деп келдим-деп күлүмсүрөй сүйлөп калды.
Ошол учурда биринчт жолу анын жүзүнө тигиле карадым.Негедир денем чымырап,бир муздак аба тулку боюмда үшүк сыяктуу тамандан жогору чыйрыктыра түштү.Жүзүмө нур чачкансып,ар нерсенин башынан бирди чулуп,болбогон нерселерди дөөрүй бергенимди кийин билип абдан күлдүм.Качан коштошуп,үйгө кантип жетип барганымды өзүм да билбейм.Көз байлап,таттуу уйкунун мекенине сапар тартканга чейин аны ойлоп уктап калдым ал күнү...

#8 30 Июль 2016 - 15:11
...Ал күндөн тарта,күндө көрүшө баштадык.Үйлөрү биздин үйдөн эки көчө узакта экен.Биздин көчөдө анын тууган-туушкандары жашаарын кийинчирээк билдим.Биз таанышкан алгачкы күнү мени үйгө чейин узатып келген соң,жеңесинин колунан чай ичип,мен жөнүндө алардан кеңири маалымат алып,жактырып калганын айтып бактылуу болуп абдан кубанган экен.Ошентип жүрүп арадан айлар өттү.Бара-бара биздин ортобуздагы мамилени үй-бүлөлөрүбүз да билип калышты.Эркек бир тууганым жок болгондуктан,
ата-энем Ринатты өздөрүнүн баласындай эле кабыл алышты.Мени дагы ата-энеси менен тааныштырып,
"апамдын буту ооруйт.Күзүндө буйруса тоюбуз.Тойго чейин,апама кышка кыям,салаттарды жазашып койчу"-деп суранып калды.Анын үйүндө бардык шарты бар,абдан оокаттуу адамдар экенин сезип,өзүмчө ушундай үйдө апакай тыпылдаган келин болом деп кыялданып бактылуу болуп алган күндөрүм да болду.Аз убакытта бири-бирибизге ушунчалык жакындаганыбызды айт.Шаардын ызы-чуусунан тажаганыбызда,
анын унаасына түшүп алып,эски аэропортко кирип алып мага машина айдатканды үйрөтчү.Каалоом күч болгонгобу,
бат эле машина айдаганды үйрөнүп алдым.Ал жумуштан чыгып болоор замат,мени үйдөн алып кетип,шаар кыдырып,тоого барып,кыялдарыбыз менен бөлүшүп,анан калса,кийин балалуу болсок атын мындай деп коём,кыздуу болсок бул ысымды беребиз,ал мага жакпады деп-түркүн түстүү кыялдарга чогу батчубуз.Бактылуулуктан көк булуттун үстүндөгү куштар менен тең тайлаша учуп,кээде муштумдай жүрөгүбүзгө батыра албаган миң түрлүү сезимдер дүйнөсүндө себепсиз көз жаштарыбызды кара жаныбызга бышактап да ыйлап бири-бирибизге белек кылаар элек.Балким,
сиз үчүн маанисиз,болбогон нерседир.Кээде бири-бирибизге абдан таарынат элек.Колдорубуз бири-бирине тийишпей турса да,жүрөгүбүз ажырагыс болуп калганын ал дагы,мен дагы экөөбүз тең сездик.Бир күнү ага таарынып,Нарынга таэжемдикине ата-энемден уруксат алып кетип калдым.Телефонумду өчүрүп койгом.А болбосо улам-улам күйгүзүп,мага чалып жатабы деп,алынбаган коңгуроонун чалууларын кат аркылуу окуп жаттым.Кеминде 30-32 жолу чалып акырында тажагандай.
Ага таарынганымдын себебин азыр эстесем,жүрөгүм кабынан чыгып,колдорум титиреп,муун- жүлүнүм зыркырап нес болуп олтуруп калам.Арабызда көрүшпөгөнүбүзгө он күндөн ашып кеткен.Мен аны коркутуп,канча күндөн бери менин кабарымды албаганына аны абдан коркуттум.Ал убакта анын иштери кызуу жүрүп,буту-бутуна тийбей иш теп ары-бери чуркап жүргөн чагы эле.Мени жаңы конуштагы таежемдин үйүнө таштап койчу-дедим. Анын мага келе албасын билип турсам дагы эмнегедир уруш чыгаргым келди."Алтыным, үйдөсүңбү,мен азыр сага такси жиберем,эки саатта бошоп калам,бир аз күтө турчу"дегенине ызааланып трубканы коё салдым.Жумуштан чыгып түптүз эле үйгө келген окшойт.Аны эмнегедир көргүм келбей таарынычым менен жүрөгүм жиреп жатты.Апам,атам менен кобурашып чай ичип,үйдөн чыгып кеткен окшойт,үйдө анын атырынын жыты калыптыр.Эмнегедир анын кучагында ошол жытты маашырлана жыттап эркелеп,тизесине жатып,кара көздөрүнө кадала тиктеп олтурган күндөрүмдү буруксуган жыт акылыма сала берди.
Түптүз бөлмөмө барып,алаксыйын деп китебимди окуп жатып,уктап калыпмын.Арадан эки күн өттү.Күндөгүдөй эле университетке карай бет алдым.Автобуста баратканымда телефонума коңгуроо келди.Карасам Ринат.Үнүн сагынганмынбы, айтор,шыр эле ала салдым.
-Алло,жаным! Алло,былтыйбачы эмди.Ушинтип таарына берип,мени инфаркт же инсульт кыласың го.Алло,алтыным! Жок дегенде бир жолу эле "Алло"деп койчу-деп эки мүнөттөй жалдырап жатты.Ангыча корпусума жетип калып,телефонду өчүрүп аялдамадан ары корпусту карай басып кеттим.
Кеч жакындап,күүгүм кирип калган маал.Үйдө баарыбыз бир дасторкон үстүндө кечки тамакка отураар чак.Аңгыча үйдүң коңгуроосу токтоосуз чалып калды.Апам тынччылык бекен деги,-деп эшикти ача калды.Мен аркы бөлмөдө элем.Үйгө шаша-буша карбаластай келген Ринаттын бөлөсү эле.Апама бир нерселерди кобурап ыйлап,эшиктен атып чыкты.Апам да дендароо болуп иреңи кубара түштү.Шыр эле атамды көздөй аптыга чуркап келди.Жарым үн менен атамдын кулагына бир нерсени шыбарады.Атам бөлмөнү жаңырта
-Ыя,качан,кайда, ким экен-деп колундагы кашыгын жерге тарс ыргытып,апамды четке итере түртүп "олдо балам жарыктык ай..."-деп чыгып кетти.Мага үн-сөз катпадан апам да бир бүктөм жоолугун башына салып кетип калды...

#11 30 Июль 2016 - 17:01
Ринт олуп калды окшойт....
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#12 30 Июль 2016 - 19:12
...Менин жүрөгүм оозума кептелип,калчылдап кылаарга айламды таппай,ары-бери айланып баса бердим.Бир учурда "Апа!"
деп бакырып,ачуу чаңырык менен мен дагы жылаңайлак алардын артынан жөнөдүм.Дарбазанын сыртында элеңдеп-тайсалдап,
ары жак,бери жакты карадым.Биздин үйдөн бир аз ылдыйраакта гүл саткан дүкөн бар эле.Каршысында чоң маркет.Ал жактагы үйүгүшкөн элдин караанын көрүп,жүрөгүм "дүр"эте түштү.Бир жамандык болгонун сездим.Ринаттын бөлөсү жөндөн-жөн эмнеге келмек эле.Атамдар да ал жакты көздөй шаша-буша бара жатыптыр.Бир аз жакындаганда атам аптыга чуркай баштады.Жерде узунунан солк жаткан бирөө бар экенин байкадым.Мен дагы таш-тикенге карабай жылаңайлак жакындай бердим.Атакем жерде жаткан кишини кучагына ала салды.Бир канча кадам дагы жакындай бердим.Бир убакта жүрөгүмө миңлерче жебе бир-бирден сайылып жаткандай эле боло түштү.Бутум жылбай,алсырап,
чаңырып боздоп ыйлап жете албай койдум.Жерде жаткан менин жанымдын жарымы Ринат экен.Ал дагы мени көргөн сындуу.Ал мага алсыз колун эптеп көтөрмүш болуп,жаңсап жатты.Же келбе дегениби,же кош бол!-дегениби,
айтор,азыр дагы түшүнүө албайм.Анын ал абалын көргөн жаным,канча элдин тарткылап,жанымдан жанымды алыс тутушканына карабастан,
бардыгын үстүмдөгү бул кайгылуу ачуунун күчү менен итере салып,жанына тизелей бөрк түштүм.Ринатты атамдан өз кучагыма алдым.Мага бир нерселерди айтам дегенсип оозун ачканда,оозунан кан жерге бошой түштү.Аза боюм диркиреп,ачуу үн менен "Жок,Ринат,
жооок!.."
-деп аптыгым буркурап боздоп жаттым.Мындай күндү эч кимдин башына салбасынчы эхх...Болоор болбос жылмайып,күлүмсүрөп,
болоор-болбос үнү менен,"Карачы,
эмне кылып салдым көйнөгүңдү?
-деп ынтыга түштү.Анын канына булганган көйнөгүмдү көргөзө салды.Бул көйнөктү туптуура бир ай,бир күн мурун туулган күнүмдө белек кылбады беле.Мен ансайын шолоктоп,"
Ата,ата жардам бериңизчи,атааа!
...Атооооу"
-деп ыййлап жаттым.Колун өйдө көтөрүп,көзүмдөгү жашты аарчыйын дегенсип,апакай колу унаанын ачкычы менен көтөрүлүп келе жатты.Бир оокумда,ал колу канга тойгон кара жерге "солк"эле дей түштү.Көрсө,
жетпей калган махабатым бул жарыкчылык менен ошол секундада коштошуп кете берген тура...
Көзүмдү үйдөн ачтым.Ал жактан эс-учумду жоготкон экенмин.Апам мени аяганбы,бейтапканага алып барып,тынчытуучу уколь сайдырып,апам мени менен алпурушуунун үстүндө экен.Кайра-кайра эсимди жогото бердим.Өзүмө келип көзүмдү ачып ачпай жатып,"Ринат, токтосоң,токточу" деп сүйлөнгөнүмдү сезип калдым.Андан бери эки ай канча күндү ый менен батырып,ый менен тосуп алдым.Байкуш апамдын эле шору.Мени ойлоп дагы бир жылга карыган өңдүү аз убакытта.
Бир күнү апама Ринаттын үйүнө баргым келгенин айттым."Койчу кызым,ансыз дагы энеси көз жашын тыя албай жатса,сен дагы аны боздотуп не кыласың"- деди.Апам башта минтип айныганы менен,жалынып жалбарганыма чыдай албай бир шарт менен макул болду."Барабыз, бирок,ал жерден ыйлап,апасынын жүрөгүн эзбейсиң" деди.Мен дагы дароо макул болдум.Апам экөөбүз бат эле Ринаттын үйүн көздөй жөнөп калдык.Барып бир канча саат эненин арманын уктук.Куруган дүйнө ай!Энелерди мынчалык эч ким боздотпосочу. Мен дагы өзүмдү эптеп карманып турдум.Ырыс апа,бир убакта"Каралдым кызым,-деди, -бири-бириңерди канчалык сүйөөрүңөрдү билебиз.Сенин канчалык кан жутуп боздогонуңду да билем.Бирок, сенден бир өтүнүчүм бар.Кулунум акыркы демин,сенин тизелериңде жатып,карагат көздөрүңө тигиле карап жан бербедиби.Кулунумдун акыркы эскерүүлөрүн, аманатын айтчы кызым!" деп ынтыгып ыйлай берди.Кантип айта алам?Апама карасам башын жерге салып ал дагы жашыгат.Мен дагы кайгыртпагыдай кылып түшүндүрүп берлим.Ага да болмок бнле,куруган эне жүрөгү ай.Кулунун жоктоп ыйлап мөңкүрөп турду.Мен дагы араң турган жаным,эненин ыйына ортоктош болуп кучактап боздоп алдым.
Бир аз басылып болгон соң,мындан ары бул дүйнөдө жашаш үчүн эч бир себептин калбаганына себеп болгон нерсени кепке салды Ырыс апа.
Ал күнү Ринат,менин көңүлүмдү алыш үчүн,кечирим сурап,бир чети белек кылайын дегенби,таң эрте унаа базарына барып мен жактырган маркадагы,мен жактырган түстөгү унааны өзүнүн топтогон акчаларына, жетпегенин досторунан карыз сурап унаа сатып алыптыр.Кубанычы коюнуна батпаган Ринат,үйүнө барып бөлөсүн алып,биздикине бет алыптыр.Бөлөсү "эми ушундай унаа менен,жеңеме, бир гүл албасак болбос деп гүл саткан дүкөнгө бөлөсү Нурэл кирип кетет.Ринат унаадан түшүп,тетиктерин, дөңгөлөктөрүн карап жаткан учурда,жогорку ылдамдык менен "Субару Легаси"үлгүсүндөгү унаа 4-5 метр ыргыта сүзүп,изин жашырып качкан экен...Көрсүз, бетсиз,бул дүйнөдө керек болсо жүрөгүнүн ачкычын өлүм алдында сунган,өзү өлгөнү жатса дагы,менин көз жаштарымды ойлогон,апакай көйнөгүмдү ойлогон сенчелик бирөө табылаар бекен?..Бул наалаты куруган дүйнөдө башкасы мени сенчелик сүйө аларбы?Биздин жашагандарыбыз убагында билбесек да чыныгы сүйүү тура.Мен бүгүн билип жатам.Сен сезээр бекенсиң?Билесиңби, жарыгым?Экөөбүз бири-бирибизге сөз бердик эле го.Кимибиз бул жалган менен кош айтышсак,башкабызды бейиштин босогосунда күтө турабыз деп.Азыр мен дагы билбей жашаган кайталангыс сезимдин чыныгы сүйүү болгонун,бейиштин босогосунда армандуу махабатым Ринатка түшүндүрмөк үчүн,төрт маал ар күнү жалбарып,дуба кылып Азрайил периштени күтүп жүрөм.
Ар дем алыш сенин мүрзөңө барып,жоопсуз суроолорум менен сырдашсу болдум алтыным.Бүгүн дагы жуманын аягы.Кайсы көйгөгүмдү кийип жаныңа барсам.Эриндериң сындуу кызыл көйнөгүмдүбү? Көздөрүң сындуу карасынбы?Же мени тыштап кетээрде кан колдорун менен соолутпа деп гүл тартып берген көйнөгүңдүбү? Ооба,сен тарткан кандуу көйнөгүмдү кийип сага барам...
-Апа мен Ринаттын жанынан келе жатам.Билесизби, бүгүн ал менен эмнелерди сүйлөштүм.Бүгүн буларды кобурадым:" Бир күнү,мен дагы бир күнү,аппак кепинди,үлпөт көйнөк кылып алып,сенин жаныңа келем.Капкара көздөрүң менен күтүп калчың эле.Көйнөктү айтсам,такыр чыдамың кетип жалбарып жалооруй күтүп жаткандырсың" ...
-Каралдым кызым,кан болгон көйнөгүңдү чечип башкасын эле кийип алчы.
-Апаа,апаке! Өлтүрчү мени,апаке! Мен дагы кара жерди кучактап,жанымдын жанына кан болгон көйнөгүм менен көр топуракты жазданып,жатып калайынчы!...

Билдирүүнү түзөткөн: izdeim_seni: 30 Июль 2016 - 19:56
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#14 30 Июль 2016 - 20:12
Эх,турмушун тушкур ай.Каяктагы жаман,ичкич,
ууру адамдар олбой,ушундай жакшы адамдар козу откондо жашоого там берем да....Автор сизге сабр.
#16 30 Июль 2016 - 21:21
Окунучтуу,бирок апакенди кыйнай бербе,олгондун артынан олмой жок.
#17 30 Июль 2016 - 21:35
Кайгылуу окуя экен.Аллахым сабыр берсин!Оз жанын озу кыю бул кечирилгис куноо,жаназа да окулбайт.
Ата энесин кыйнабай башка шаарга убактылуу кетуу керек.Убакыт озу дарыгер.

#18 30 Июль 2016 - 22:03
мынча ыйлатбаса.жаткан жери жайлуу болсун.озунузду колго алыныз сабыр тилейм бактылуу болун.
#19 30 Июль 2016 - 22:10
Текебер (гордый) болуштун,болор -болбос чымындай нерсени тоодой көруп ,жумалап таарыныштын кереги жок. Убагы келсе өкүнүп - өкүнүп кетебиз. Андыктан жакындарыбызга алтын сөздөрүбүздү көп-көп айтып , баркын билели...
Тема боюнча айтсам акылсыз кыз экенсиз.
Проблемаңыз болбосо деле апакеңизди ойго салып,жигитиңиздин жумушу көп экенин билип туруп таарынып, сүйлөбөй,анан ал кырсыктан көз жумса артынан өлөм деп...
Намаз окуңуз,сүйгөнүңүзгө куран түшүрүңүз,анын атына садака бериңиз...

#20 30 Июль 2016 - 22:15
Апаке мени өлтүрчү деп жазсаңыз ойлопмун күнөө иш кылган окшойт деп..
Унутпаң ата-энеңиз сизди бир жигит үчүн ыйлап ,өксуп,артынан өлсүн деп жарык дүйнөгө алып келбеген . Сиздин сыйыңызды көрүп ,балдарыңыздын жытын жыттайын деген алардын жакшы ниеттери бар
Апам бир жылга карыды деп ,апамдын агарган бир тал чачына арзыймынбы деп ойлонуңуз..