А. Ш Атамбаев эмне учун Россиянын аскердик базасын чыгарабыз деп Орустарга тийшип койду? Атамбаевдин максаты эмне? Кыргыздарды чекеден тутуп эле кармап кетим жатышат менттер ТС кирип жыргап калабыз дедик эле эмне болду жыргап калдыкпы биздин чондор ушундай койгойлорду чечишпей эмне кылып олтурушат
Баракча 1 - 1
Мигранттарды ким ойлойт? Москвада Кыргыздары кысуу башталды
#2 10 Декабрь 2016 - 03:27
Атамбаевдин сөзү үчүн эмес андан мурунку Москва мэринин кыргыздарга карата айткан созунон кийин кучогон кысым. ТСга кирип ото жанылыш иш болгон. Безилдеп эле жатканбыз кирбеш керек деп, мына эми коргуло колдогондор.
Озбек менен тажиктер эмне ТСыз эле иштеп журушот? Бир жери кемип кеткен жок. Биз бажы биримдигинде болсок да биздин жер жемиштерди РФка киргизбей койгон учурлар коп болду быйыл. Ошол эле Озбекстан бажы биримдикте болбосо да Россия алардан миллионлогон тонна жер жемиштер импорт кылды. Орустар оздору сазга батып аран турат. Биз Грузияга окшоп Европаны тандообуз керек.
#3 12 Декабрь 2016 - 08:47
always-here (10 Декабрь 2016 - 03:27) жазган:
Атамбаевдин сөзү үчүн эмес андан мурунку Москва мэринин кыргыздарга карата айткан созунон кийин кучогон кысым. ТСга кирип ото жанылыш иш болгон. Безилдеп эле жатканбыз кирбеш керек деп, мына эми коргуло колдогондор.
Озбек менен тажиктер эмне ТСыз эле иштеп журушот? Бир жери кемип кеткен жок. Биз бажы биримдигинде болсок да биздин жер жемиштерди РФка киргизбей койгон учурлар коп болду быйыл. Ошол эле Озбекстан бажы биримдикте болбосо да Россия алардан миллионлогон тонна жер жемиштер импорт кылды. Орустар оздору сазга батып аран турат. Биз Грузияга окшоп Европаны тандообуз керек.
Биз Европаны тандай албайбыз, себеби тикелей тийишип турган чек арабыз жок. Бул деген коптогон чек ара маселелерин жаратат. Башкасын айтпайын, коп чек арадан откон продукция улам кымбаттай берет, бул Европага выгоднобу, белгисиз. Бир кошунабыз товарды откорбой кобуроок кармап койсо, жер-жемиш саткандардын банкрот болгону ошо болот. Россей балким(билбейм дагы, озгочо жашыруун политикасы эле болбосо) биздин соодагерлердин сертификат, продукциянын кагаз жузундогу катталуусу туура эместигинен откорбогондур. Европа бизден импорттоого макул болгон кундо деле ошол кагаздарды, документтерди туура даярдоо, кайсыл бир стандартка дал келтируу болбосо, алар деле албай коюшат.
Грузия жыргап жаткан жери жок. Грузия, Украина АКШнын козун карап турушчу эле, утур чегерилип турган жашыл капуста менен жан багышчу, Трамп келип заманасы куурулуп турган чак, кайда кандай кадам таштаарын билбей.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#5 20 Декабрь 2016 - 04:11
alibekova94 (20 Декабрь 2016 - 01:00) жазган:
Атамбаев бизге душман...
Туура, бул киши кыргыздын шоруна буткон неме экен (инсан деп жазууга кол, айтууга тил барбай калыптыр). Душманын да мынчалык кастык кылбаса керек эле. Анан да жок жерден 2,5-3 миллиард доллар карызды Роза апжеси экоо элдин мойнуна илип койгонучу проценти бар еще. Кай жерде алтын табылса жанталашып аукцион откоруп сатып жатышат. Кийинки муунду, эртенки кунду ойлогон эч ким жок. Эгер булар бугун уурдап-карактап байлык жыйып алса оз балдары-тукуму кенири жашашы мумкун башка олкодо болсо да. Эл эмне болсо ошол болсун деп элдин байлыгын оз билемдик менен тоноп жатышканы да ошондон, кой дээр кожо, ай дээр ажо жок болуп.
Мигранттар олкодо шарттын, жумуштун жоктугунан кыйналып жер кезип журот да башка элде мусаапыр болуп, 12 сааттан кыйналып иштеп, ошондо да жакшы соз уккан куну аз, кобунесе жеме угуп. Кочодо басса полициясы кыйнап, ыксыз текшерип. Эгер бизде да казактарга окшогон жашообуз болгондо мигранттар саны 10-20 эселеп кыскара тушмок. Болсо болсо 50-100 мин мигрант калып миллиондон. Бирок ал кун корунбойт го. Ошончо алтын-кумуш казып да завод-фабрика курган Окмот корунбойт, ошолорго жумшалчу акчага оздоруно суунун 2 бетине хан сарай салуу менен алек...
Билдирүүнү түзөткөн: Revolyutsiya: 20 Декабрь 2016 - 04:13
#6 20 Декабрь 2016 - 22:36
Кыскасы олгон баары
Билдирүүнү түзөткөн: ady-88: 20 Декабрь 2016 - 22:36
#7 20 Декабрь 2016 - 22:39
Жанылыктан окудум полицейди бир кыргыз бала текшеруу учурунда курал колдонуп каршылык корсотуптур,
качып кеткен экен ,изделуудо дейт ((кудай ай эми ушул эле жетишпей турду эле
#8 20 Декабрь 2016 - 22:40
Кыргыздарга эми корсотот булар коргулукту,
кудай гана уруп кетсин Кыргыздын келечегин талкалагандарды.
Журогумсун
Баракча 1 - 1