aqua-94mema Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 3 909 (0,98 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (912 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 03 Декабрь 13
- Кароолор:
- 78 740
- Соңку аракети
- 20 Ноя 2020 18:42
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 30 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 30, 1994
- Кызыгуусу:
- Китеп окуу,.
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- денизден 3 метрге бийик жерде .
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
Мен ачкан темалар
-
"Өчпөгөн үмүт " чыгармасында
Жазылган күн: 13 Апр 2015
Ар бир адам жашоого койгон ой-максаты бар. Негизги маселе – ошол максатына кандай жолдор менен жетет... Өз оюндагысын аткаруу үчүн башкы каармандар Айым жана Тимур көптөгөн кырсыктарга дуушар болушат. Анткени, адам баласы бардар турмушта азыр жана тезинен жашагысы келет. Ал эми ошол бакубат жашоого кандай жол менен келгени көп адамдарды ойлонтпойт. Эгерде жашоодо туура эмес иштерди кылсак, бирөөнүн убалына калып, өз көмөчүбүзгө күл тартсак – анда жер үстүндөгү сот, мыйзам жазалабаса да, төбөбүздө турган Кудайдын мыйзамы жаза берет...
Адам баласы ушуну унутпаса...
I
Тимур машинесин чоң жолдон оолак буруп, артта отурган кызга кайрылды:
– Ии, Айым, сүйлө, кайдан жүрүп ушундай жашоого туш келдиң?
– Мени кайдан билесиң? Токточу, көз айнегиңди алчы! Ай, сен Тимасыңбы?
– Ах!
Кыз эки колу менин бетин жаап, көпкө чейин унчукпай отуруп калды. Бала да үндөбөдү.
Мындан бир аз мурда кычыраган «BMW» маркасындагы кара көк машине шаардын белгилүү бир жерине токтогон. Нары жактагы 5-кабаттуу кирпич үйдүн алдында толук аял күтүп туруптур.Тимур айнекти түшүрүп:
– Мен жана телефон чалгам. Супер сулуу, болгондо да кыз керек! – деди
– Таң аткыча алам, деген сен белең, сааты 200 доллар, билесиң да? – кара толмоч аял эч буйдалбастан жооп узатты
– Алып келчи, көрөйүн!
Толмоч «мамашка» үйгө кирип кетип тез эле бир кызды жетелей басты.. Машинеден түшпөгөн Тимур тамекисин чычайта сойкунун кебете-кешпирине көз салды. Бойлуу, арык, чачын жайып койгон, кара көз айнек тагынган кызды «шеф жактырат» – деген ойго келди:
– Отур! – Ме, мамаша карма! – тигинин колуна жашыл кагаздарды карматты да:
– Товарга жооп бере албасаң, кайра келем! – деген бойдон «зуу» койду. «Мамашка» жооп айтканга да үлгүргөн жок. Бирок ичинен: «Кыз деген кыз» – баасын канча сурасаң, ошончо беришет» – деп сүйүнгөнүн жашыра албай акчасын санап кирди.
Машине шаарды аралап чыгып тоо жакты көздөй баратканын кыз билди да айдоочуга суроо берди:
– Кайда барабыз?-
– Ишиң эмне, же сен каалаган жагыңа барчу белең? – ызырынган Тимурдун жообун уккан кыз коркконунан унчукпай калды. Терезеден артта отурган кызды жакшылап карап келе жаткан айдоочу өзүнүн классташын тааныды. Шаардан чыгып жол боюна машинени токтотуп бала жанагы суроону кызга узатканы.
Бул шордуу кыздын аты Айым. Атасынын аракети менен шаарда университетте окуп жаткан. Атына жараша заты бар кыз тез арада эле факультеттин «чүрөктөөрүнүн» бири болуп калды. Балдар биринин артынан бири чуркап, кимисин жактырарын биле электе балакет окуяга туш болуп калбадыбы.
Ал мындайча болот. Кышкы сессия башталып, зачет алганы кубанып, тапшыра албагандары кантип, эмне кылып баа койдуруштун азабын чегип жүрүшөт. Айым чындыгында тырышчаак болгону менен кийинки убакта кино, кафеге чакыргандар көп болуп, сабакка көңүлү солгундап калган. Ошонун кедери эми тийди. Байыркы тарыхтан сабак берген Бексултан агай «зачет» койгон жок. Айым:
– Агай, коюп берсеңиз, кийинки сессияда жалаң беш менен окуйм, суранам, агай – деп жалдырады.
Бексултан агай болсо кагаздарын жыйыштырып жатып:
– Мен сенин эмдиги сессияга жетериңе да көзүм жетпейт – деп кыздын келишкен мүчөсүнө сук арта карады.
– Эгерде «зачет» керек болсо кечинде үйгө кел, жайбаракат сүйлөшөбүз.
Айым ойлонбостон макул болду. Жигиттер менен көп кезигип алардын мүнөздөрүн анча-мынча байкап калган кыз, агайы эмнени каалап турганын сезди. Бирок жаман оюнда боз балдарды кантип алдап, сызга отургузуп кетсе, Бексултанды да ошондой кылмакчы болгон. Турмушту анча биле элек кыз баарын өз алдынча бүтүрмөй болду. Эртеси эч кимге айтпай агайы айткан дарек боюнча барды. Бексултан агай эшикти өзү ачты. Үйүндө андан башка киши жок, анын үстүнө бул жерде киши жашабаганы билинип эле турду. Айым бул атайын «свидание» үчүн даярдалган квартира экенин баамдады. Бир бөлмөдө эки кишилик керебет жана күзгүдөн башка буюм аттуу жок экен. Ортосундагы столго дасторкон салынып жашылча-жемиш жана коньяк, вино турат.
– Кир, отур, эч уялба! – Бексултан кызды дасторконго чакырды.
– Эмне ичесиң, коньяк, вино?
– Агай, Сиз мени зачет тапшырганы чакырбадыңыз беле?
– Ооба, азыр кичине эс алып анан зачет аламын, баса, шаарга менин жакын досум да келип калыптыр. Сенден «зачетту» экөөлөп алабыз – деп мыйыгынан күлүп койду.
Айым кептин төркүнүн түшүндү да агайын алдамак болуп:
– Анда мен сууга түшүп чыгайын – деди кебелбей
– Азамат, сени түшүнүктүү кыз деп ойлогондой эле бар экенсин, сүлгү ваннада илинип турат
Бексултандын арам оюн кыз илгерлетпей түшүнгөнүн ал ичинен башкача баамдады:
– Далай мугалимге ушинтип «зачет» тапшырып жүргөн экенси да, шуркуя…
Студенткасын ваннага киргизип ийип эки алаканын ушалап көңүлү жайдары.
Аңгыча коңгуроо шыңгырап калды. Эшикти ачкан Бексултан:
– О, дос кел, кир! – босогодо турган кишиге кол бере учурашты.
– Мен билбеген кайдагы бир даректи айтып, кишини адаштырасң да. Үйүңө чакыра албасаң мен жайгашкан мейманканада эле жайбаракат отурмакпыз, айырмасы кайсы?
– Койчу, Саке, мен сага айтпадымбы, – сени жыргатам, эс алдырам, жаш кыздардын компаниясында отурабыз – деп, качанкыга дейре эле эки аяштын этегине жармаша беребиз? Кел, жаштыгыбызды бир эскерип коелу, солкулдаган бийкечтер менен!
– Кайдагы бийкечтер, экөөбүздү карыганда кайсы теке сүзүп кыздар менен отурабыз?
– Ээ дос, карыдык дебе, өмүр өтүп баратат, балдар чоойду, кээде-кээде ушинтип бир жыргап алыш керек, бул дүйнөдөн сопу момун болуп эч ким өткөн эмес да, туурабы? Кел, тамакка кара!
– Колумду чайкайын.
– Ал жакта бир сулуу сени келет деп даярданып жатат, колуңду аш үйдөн эле жууп алчы!
Бирөө университетте, бирөө «сельхоздо» окуганы менен бир отуруштан таанышып Сагынбек менен Бексултан студент кездеринен бери дос болуп калышкан. Ал кезде тартип деген бар эле, окууга да абдан чоң көңүл бөлүнүп, мугалимдер азыркыдай акча, белек алмак түгүл, студенттердин жашоо-турмушун жатаканага чейин келип көрүп-билип, ал эми кураторлор түнү менен ошол жерде күзөттө болоор эле. Ошол доордун тарбиясын алган бул экөө минтип бат эле бузуку замандын шарданы менен жашап калышты. Антпеске арга жок. Көбү ушул шылтоону айтып, бири-бирин сөөмөйү менен көрсөтүп, келечегибизге өзүбүз балта чаап күн көрүп келе жатабыз. Эки дос жайыл дасторкондун четинде жаштыгын эскерип, азыр ким кайда иштеп, эмне болуп аткандарын айтып отурушту.
– Бери кара, менде момундай бир сонун кыз бар, бүгүн мага «зачет» тапшырганы келди, ошону сага камдап жаткам. Суйсалат да, чиркин!
– Өзү сук артып жатса, анда эмне мага дейси? – Сакен досун карады.
Канчалык кетенчиктесе да Сагынбек досунун айткандарына бир чети кошулуп да отурду. Мурда-кийин мындай ыплас иштерге барып көрбөгөн неме тигинин сөздөрүн актангандай кабылдады.
– Эми, дос, сен айылда жүрөсүң, ал жерде минтип кен-кесири чер жазып, эс ала албайсың, меники го башка. Менде бардык шарттар бар! Ха-ха-ха! Аяш да эчтекени билбей калат!
Экөөнүн каткырыгы таш жарып, чечекейлери чеч болуп отурушат. Ошентсе да досу жаш кыздарды азгырып «зачет» коюп берем деп алдаган жашоосун Сагынбек ичинен жактыра бербегени менен ачык айта албады.
Айым сууну агызып коюп, агайын кантип алдап качып кетиштин амалын аткарууга ордунан турду. Мындайды ал далай жолу балдар менен барган жеринде жасаган. Ваннын эшигин чала-була ачымыш болуп, халатын кийип алып чөк түшүп отуруп калат. Суунун акканын угушкан тигилер ана келет-жок, мына келет-жок – болуп отуруп акыры ваннага барат. Караса, Айым жерде сулап жатат. Жүрөгү түшкөн балдар кызды эптеп эсине келтирип, ач кулактан-тынч кулак – деп Айымды кетиргиче шашкан болушат. Кийин кезиккенде:
– Кээде жүрөгүм ошентип кармап калат-деп актанып койчу.
Ошол жоругун бүгүн да жасады. Ваннага кирип келген Бексултан кызды көтөрө калып бети-башын чапкылап кирет:
– Ай кыз, ай кыз! Сага эмне болду?
Өз кызын тааныган Сакен эмне деерин билбей оозу ачылат.
– Ой, Беки, бул менин кызым да, ненди урайын акмак, алмончоктой кызымды мага салып бермек экенсиң да, канчасын ушинтип шерменде кылдың эле?
– Э, Саке, мен аны кайдан билиптирмин, кызың өзү мага келген, эмне кылып окуп жүргөнүн сен билбесең, мен кайдан билем!
Экөө кыжылдаша түштү, ал тургай Сагынбек тигини бир-эки жолу муштап да жиберди. Муну уккан Айымдын жүрөгү дүкүлдөп жарылып кете жаздады.
– Өлдүм! Өлдүм! Атам Бексултан агайдын досу экенин кайдан билдим. Ал деген бул факультетке сессия алдында жаңы эле келбеди беле! Өлдүм! Атам өлтүрөөт! Эмне кылам!? – Үчөө ар бири жан далбас уруп жабалактап, мындай күтүүсүз окуя бардыгынын чучугуна жетти. Сагынбек кызын колдон тарта:
– Бетпак, атаңдай болгон киши менен эмне кылып жүрөсүң бул жерде? – деп өзү эле шалактап, колго келбей жаткан кызды жаактан ары чапкылап кирди. Заары бетине чыккан досун көргөн Бексултан арачага түшкөндөн тартынды. Айымдын чачтары чайпала башы ары-бери толгонуп үзүлүп кетчүдөй сезилет.
– Аай, башым! Ата, чаппа, мен эчтеке кылган жокмун! – Айым ордунан эптеп туруп сыртты көздөй жылаңайлак, жылаң баш чуркады.
Сагынбек эми Бексултанга жулунду. Каны бетине тепкен досун көргөндө мугалим сөрөй эми чындап коркуп кетти:
– Саке! Эсиңе кел, кызыңа тийген жокмун, көрдүң го, сен келгенде ал ваннада эмес беле!
Көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган Сагынбек ачуунун күүсү менен досун төштөн ары бир урду эле, коньяк ичип кызып калган тиги кетенчиктеп барып столдун бурчуна башы менен тийип кулап түштү. Столдун буту кызыл жаян канга боелду. Эки жагын каранган Сагынбек эсин жыя албай күшүлдөп тышка жөнөдү. Көп кабаттуу үйдүн короосунда:
– Айым! Чык бери! Тапсам өз колум менен өлтүрөм! – деп кыйкырып ары-бери чуркап жүргөн кишини көргөндөр андан качып,терезеден көрүп калган кээ-бири милийса да чакырып жиберди.
Шаардын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринин короосуна уңулдаган милийсанын, «Тез жардамдын» машинелери жетип келди. Ошол жерде кимдир бирөөнү кыйкырып издеген кишини, бир квартирада каза болгон адамды жана халатчан бутунда тапичкеси жок кызды ар кайсы машинеге бөлүп салып кетишти.
Ошентип, Сагынбек кокустуктан киши өлтүрүп алып 8 жылга кесилип кетти. Кызы окуудан чыгарылып калган. Айыл ичи уу-дуу кепке толду. Болгон иштин чоо-жайын билген аялы кызы менен ачык сүйлөшүп, анын сөзүнө ишенип-ишенбей, жулмалап сабап да жиберген. Өз канынан жаралган баласына байкуш эне кантип ишенбейт, а бирок иш башкача болуп жатпайбы. Айым актыгын кантип далидешти билбей, энесинин көзүн карай албай, же үйгө же сыртка батпай жүргөндө тээ Ат-Башыда турган таяэжеси келип алып кетти. Баягы очор-бачар үй-бүлөнүн оту бир заматта өчүп, атасы түрмөдө, кызы талаада калды. Антип айтканым, Айым эжесиникинен эки айдан кийин эле качып кеткен. Ал айылдагылар тааныбаса да: «Шаарда сойкулук кылган кыз экен, атасы кармап калып, ойношун өлтүрүп кесилип кетиптир, мындай шуркуядан алыс болуш керек» – деген айы кеп тарап кеткен. Ал жерден таяэжесин уятка калтырбайын деп, түн жамынып колунда болгон акчасын берип шаарга такси менен качкан.
Айым шаарга эптеп келип жатаканага барды. Андагы чогуу окугандардын баары тескери карашып байкамаксан болушат. Кийимдерин жыйнап, төшөнчүсүн өткөрүп, барар жери жок болсо да түштөн кийин Айым жатаканадан чыгып кетти. Болгон окуя ректорго жетер замат башкаларга сес болсун деп окуудан чыгарылган, Бексултанды болсо кокустуктан каза тапты дешкени менен мугалимдер да, студенттер да эмне болгонун билишет… Университеттин жаман атагы жазмакер журналисттер жана гезиттер аркылуу журтка тарап кетти. -
"Жол азабы -көр азабы "
Жазылган күн: 10 Апр 2015
Салам ! Тема айтып тургандай баардык эле форумчу узак жолдо журсо керек .эми айтайын дегеним ошол жолдо жургондо зериккенде эмне менен алек болосунар ?.мисалы: мен Оштон Бишкеке жол тартканда кечке телефонумдагы mortal kombat2 ни ойноп келгенмин . ал эми биринчи Москвага учканда "кутулбогон байлык " деген китепти окуп убакыт откоргонмун . эми суроо : киминер узак жолдо кантип убакытты женесинер ? -
"Акылмандын каухар ташы"
Жазылган күн: 10 Апр 2015
Мамбеталынын айткандары
ҮЧ УУЛ
Күндөрдүн биринде карыядан:
- Ээ, аксакал, уулуңуз чоңоюп жатабы? – дептир.
- Кайсы уулду айтасың, менде уул жок, туяк гана бар. Мен силерге үч уул жөнүндө айтып берейин. Бирөө бар атадан арта туулган, бирөө бар атага жете туулган. Бирөө бар атадан кете туулган.
Атандан арта туулган уул жалгыз эле ата-энесине жарыгы тийбей, Ата Журтунун намысына жараган уул, элдин багына төрөлгөн уул. Атага жете туулган уул —. ата конушун ардактаган уул, ата салтын ыйык туткан уул. Атадан кете туулган уул — жат элдин жорук-жосунун күткөн уул, ата эненин шоруна бүткөн уул, эл намысына көлөкө түшүргөн уул, мындайдан барынан жогу.
ЖАШОО КИМГЕ ЖЕҢИЛ, КИМГЕ ООР?
Мамбеталыга бирөөлөр минткен экен:
- Айтыңызчы, аксакал, кай бирөөлөр бакытка баруучу жолду таап алып, тез эле манчыркап, тез эле түтөп жатат. Ал эми кай бирөөлөр таз кейпинен ашпай жүрөт.
Бул собол карыянын өзүнө да тиешелүү эле, анткени ал мурдагысынан жүдөөңкү жүрүп калган. Карыя жер карап туруп, үн катат:
- Намыс-арды коюп, бирөөлөрдүн колтугуна кирип, күнүмдүк олжого жана мансапка кумар туткандар бар. Буларга утурумдук жашоо бейиш өңдөнгөн менен түбөлүгү кейиш. Ал эми абийрине чаң жугузбай, азыноолак тапкан-ташынганына каниет этип жашагандарга күнүмдүгү куурал өңдөнгөн менен түбөлүгү жыргал. Бакытка барчу кыска жол жок, анын акыр жагында сормо саз жатат.
ӨМҮР КАЙ МААЛДА КЫСКАРАТ?
Акылман бул суроого төмөнкүчө жооп кайырган:
- Өмүрдү муунай тургандардын ичинен жойкундуусу булар: бут көтөрө алгыс курсак бар да шагын көтөрө алгыс бутак бар. Булар жарыкчылык менен эртерээк коштошот.
Эл ишенбес чунак бар да эзелтен тарпка ынак бар, куурай башын сындырбаган тумсак бар. Булар тирүү болуп санда жок да өлүү болуп көрдө жок. Жамандын жанында өткөн өмүр — уйпаланган гүл, ылайлаган булак, кыроо чалган шибер.
КЫЗ КАНТКЕНДЕ БАКТЫЛУУ БОЛОТ?
Ашкере жасана кийинип, боек шыбанган аял карыядан муну сурайт:
- Айтыңызчы, кызым канткенде бактылуу болот?
Карыя бир көзүн жумаар-жуммаксан этип, аялдын тула боюна көз токтотуп алган соң дегени бул:
- Эгер акылы жетик, дили зирек кыз болсо, ага карапайым жүрүп, табыят берген өңдү жерибешин каалар элем. Эгер сырга бек кыз болсо, элге тили менен байкалбай, дили менен, кыял-жоругу, жаракөрлүгү менен алынсын. Эгер намыска бек кыз болсо, уургачы узанаар өнөрдү бүт үйрөнсүн да кир чалбаган актыгын кадырын сактасын. -
"Чыңгыз жана Бүбүсайра"
Жазылган күн: 9 Апр 2015
Жаш жазуучу Ч.Айтматов жана белгилүү балерина Б. Бейшеналиеванын сүйүү байаны
“Менин жашоомду жарыкка
бөлөгөн ал аял кыргыз
искусствосунун жылдызы, атактуу
бийчи Бүбүсайра Бейшаналиева”.
Чыңгыз Айтматов.
(Ч.Айтматов, М.Шаханов.
“Плачь охотника над пропастью”
китебинен).
Катышуучулар:
Чыңгыз.
Бүбүсайра.
Эшмат Ташматов — жазуучу.
Ташмат Эшматов — жазуучу.
Асан Үсөнов — партиялык кызматкер.
Алмакан.
Асел.
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
БИРИНЧИ САХНА
Кеч күздөгү Ысык-Көл. Күн батып, күүгүм түшөөр маал болуп калган. Айлана ээн. Көлдүн муздак илеби уруп атты. Тээ алыста жээкти бойлоп бир караан илкий басып жалгыз келатты. Улам токтоп, жок жоготконсуп көл тарапка кунт кое тигилет да, анан кайрадан жээкти бойлой жолун улайт. Капысынан көлдүн ортосу тең жарыла берип, үстүндө жалгыз аккуу пайда болду. Жомоктогудай болгон бул ажайып канаттуу “кяк”, “кяк” эткире кусалуу үн чыгарып, томсоргон көлдүн үстүндө жападан-жалгыз сүзүп жүрдү. Жээктеги жалгыз караан жогун тапкан эмече токтой калып, муздак көлдүн үстүндө сүзгөн аккууну тиктеп селейип катып турду.
Аккуу улам көл жээгинен алыстап, тээтиги каракөк тартып түнөргөн мейкиндикти көздөй жалгыз сүзүп баратты. Анан, көл жээгиндеги жалгыз караандын көз алдында аккуунун силуэти үлбүрөгөн ак көйнөкчөн бийчиге айланды. Көлдүн үстүндө көйнөгүнүн этек — жеңин муздак жел аймалап бийчи алыстап олтуруп, горизонтко жеткенде, же аккуу экени белгисиз, же аялзаты экени белгисиз бүрүл-бүрүл караанга айланды. Анан, түнөргөн көлдүн түбүнө чөктүбү, же күүгүм баскан буурул асманга учуп кеттиби, айтор караан көздөн кайым болду. Бир гана күүгүмдө ээнсиреген көл, жээгинде жетимсиреген жалгыз киши калды…
Киши. (Кусалуу күбүрөнүп) Не могу поверить! .. До сих пор не могу… (Улутунду) Неужели?! Неужели?! О, боже!.. (Көзү каканактап жашка толду. Бир аздан соң кайрадан илкий басып, жээкти бойлой сапарын улады.
Киши ошо бойдон көл жээктеп кетип калат беле ким билет, эгерде анын бет маңдайынан утурлап татынакай жаш кыз чыкпаганда.
Кыз көл жээктеп келаткан караанды атайлап күтүп, кыска пальтосунун жакасын көтөрүп, муздак шамалдан ичиркене бүрүшүп, ары-бери басып турган. Кыязы бул жерде көптөн бери турса керек. Киши кыздын жанына жете бергенде кыз иймене үн салды:
Кыз. (Иймениңки) Чыңгыз агай… саламатсызбы? ..
Чыңгыз. (Али өз оюнун туткунунан чыга элек болчу) Саламатчылык… И-и, кызым, эмне турасың бу жерде, жалгыз, күүгүмдө?
Кыз. (Ого бетер ийменип) Тиги… Сизди күтүп аткам, агай…
Чыңгыз. (Суроолуу тигилди) Хорошо… Эмне сурооң бар эле?
Кыз. (Ийменгенинен жазбай мукактанып калды) Суроом деле жок… Мен… сизге… бир нерсе окутайын дедим эле… Эгер убактыңыз болсо… (Толкундана, колтугуна кыскан папканы шашкалактап ача баштады) Мына муну… окуп бере албайсызбы? (Топ кагазды Чыңгызга узатты).
Чыңгыз. (Кол жазмага бир сыйра көз жүгүртүп) Бул эмне?
Кыз. (Толкундана, жүзү албыра түштү) Киносценарий…
Чыңгыз. Киносценарий? .. Интересно… (Биринчи баракты жүзүнө жакындата окуду) “Чыңгыз менен Бүбүсайра”…
(Кыз уялганынан башын жерден көтөрө албай, оордунда каккан казыктай болуп турду).
Чыңгыз. (Кыздын уялып турганын байкап, жайгара үн катты) Кызык экен… А бул киносценарий кимдики?
Кыз. (Зорго үн катты) Өзүмдүкү эле…
Чыңгыз. (Ого бетер кызыга) Жакшы… Жакшы экен, кызым… Сен эми мындай кыл… Мен мунун бүгүн окуп чыгайын… Эртең ушу маалда экөөбүз ушу жерден жолугабыз, жарайбы?
Кыз. (Толкундана) Макул агай…
Чыңгыз. Баса, атың ким?
Кыз. (Ого бетер толкундана) Атым-м… Асел.
Чыңгыз. Асел?..
Асел. (Уялганы ого бетер күчөп) О…оба…
Чыңгыз. Бул да кызык экен… (Кетүүгө камынды).
(Пауза).
Асел. (Өзүн колго алып) Агай… Сизди узатып койсом болобу?..
Чыңгыз. Узатып?.. Убактың болсо, өзүң бил…
(Экөө көлдү бойлоп кетип баратышты).
ЭКИНЧИ САХНА
Эртеси. Дал кечээки маал. -
биздин форум олкодо ким кыз жандуу жана жигит жандуу
Жазылган күн: 3 Апр 2015
Ушундай тема таппадым бир жылдан бери Админ эже эгер болсо кошуп коерсуз . (эскертуу бербениз э )
Тема мындай ким форумда ар кимди жакшы коро берет билебиз .
Мисалы:Ванкувер аке мурун Космом космосум деп журчуу эле акыркы бир айда Админим деп калды . ошол сыяктуу( оюн кулку темасына туура эле ачылды окшойтго .)
Желмогуз брат аке дагы Ангелим,Ангелхооным деп жатат . мен бир аз мисал кылып тушундуро алдым окшойт .
Достору
-
elya2404 -
omur2105 -
vassabi -
Nursss_Rea... -
4elovek1 -
meri6ka -
timur555 -
Angel92 -
jasko -
_niyaz_ -
no_comment -
xiwnik2014 -
Sarabanda -
Baky006 -
Ali.12 -
buiga -
Dromer -
kupipro100 -
azamat4ik -
kara_kulzha -
Adilet2014 -
Melis2014 -
Jazka0494 -
naiman90 -
VANCOUVER -
Aikoo2014 -
Niet. -
Saribulak -
Sheke -
Kanat8427 -
zakanastya -
Delfinchik -
akman -
Bermet_Kas... -
danik0101 -
egiz-jigit -
Dinaraa -
Elxan1987 -
maksel2009 -
Isken.der -
Sheke-brat -
Ali94 -
Imperator93 -
kyla490 -
nurchik05 -
Asalim-99 -
Syun17 -
aman12345 -
DESPASITO
Показать 50 случайных друзей 73 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
KgEka
03 Фев 2017 - 22:57KgEka
03 Фев 2017 - 13:11sayana
24 Ноя 2015 - 22:09sayana
22 Ноя 2015 - 03:22Kanat8427
18 Окт 2014 - 00:31aqua-94mema
20 Авг 2014 - 23:48belka
20 Авг 2014 - 23:44aqua-94mema
09 Авг 2014 - 04:29